ЖООДО ЖОК ЭЛГЕ
Чогулсак өңчөй кыргыз өтө шокпуз,
Көкүрөк көктү тиреп өтө токпуз.
Көптүрүп оозубузду сүйлөй келсек,
Көп элди байкелеткен көкжал топпуз.
Көөдөнү түктүүлөргө туш келгенде,
Көбүбүз - “үйдө баатыр, жоодо жокпуз”...
Жүргөн көп ар-намысын тебелетип,
Жүнбаштын катынына жемелетип.
“Каңк” этип каяша айтаар уулдар аз,
Калаасын алгандарга эгелешип.
Жактырат андан көрө жашаганды,
Жатындаш эки-экиден тебелешип.
Канчага азуулууга жем болосуң?
Качан сен айбаттууга тең болосуң?
Кайраты касташканын жалтандырган,
Каадалуу качан кыргыз эл болосуң?
Калкым деп кан жөткүргөн балдарыңа
Кашайгыр качан арка-бел болосуң?
1991-ж.
Кытмырлык кыйырга таркалып,
Каргаша капшытка чаң салып,
Кан жутуп кары-жаш карайлап,
Калкыңдын тагдыры калчанып,
Турганда кайда элең, кайда элең,
Туу жыгар журтумдун урпагы?
Балдардын баштары жарылып,
Чалдардын сапары камыгып,
Зар какшап зайыптар, энелер,
Жоолуктун каркасын салынып,
Калганда кайда элең, кайда элең,
Калкымдын айгашка тулпары?
Кыздардын намысы тепселип,
Кыйланын өзөгү өрттөнүп,
Кыркылып кырчындай өмүрлөр,
Кыргыздын бөйрөгү бөксөрүп,
Эңсеси кеткенде кайда элең...
Элимдин эстүүсү, шумкары?
Жаңырып эскирген жарабыз,
Жабыркап элчилик чамабыз,
Наамарттын намысын окуган,
Нааданга булганып арабыз,
Кадыр түн күткөндөй биз сени
Күттүк го, күйөрман агабыз.
Ынтымак ылаңга чалынып,
Ызага турсак да малынып,
Акыры түгөлдөп алат деп,
Атыңа жүрөбүз жалынып.
Ай нурун төшөнүп асманда,
Жатсаң да атак-даңк жамынып,
Кайрылып келерсиң бир күнү,
Каарылуу кыргызды сагынып...
ШАГЫМ СЫНДЫ
Чыгыштан чыгаандыгы ашып-ташкан,
Чыйырсыз татаал өмүр жолун баскан,
Эл көрдүм бизден эптүү, бизден эстүү,
Илимде ийне менен кудук казган.
Батыштан бизден арбын, бизден балбан,
Бабасы сазга таштан тамдар салган,
Эл көрдүм ырысы мол ынтымактуу,
Эрки бек, эч бир жоодон жалтанбаган.
Кылымды кылымдарга жалгаштырып,
Кыйырын кирдетпеген чаң бастырып,
Кыйын эл жашайт экен түштүк жакта,
Кыр-кырда кылыч-найза алмаштырып.
Кыдырып кыйла сапар чыгып келдим,
Кыйла журт кыраандыгын угуп келдим.
Кыргыздан кор эл таппай жер бетинен,
Кыйналып кыйын шагым сынып келдим.
Көп жерден көз жашымды төгүп келдим,
Көңүлүм караңгылап чөгүп келдим.
Менден кор эркек таппай эч бир элден,
Мезгилсиз денем сууп өлүп келдим.
1992-жыл
Дагы мерчемсиз мертинди белим.
Дагы сынды сыпаттуу кебим.
Кирнелүү көздөн калкалай албадым,
Киндик кан тамган атамын жерин.
Алдырып тындым жалгыз уулумдун
Жайкалган талаа, сыймалуу төрүн.
Дагы кашайды кашайма көзүм,
Дагы өксүдү каадалуу сөзүм.
Жүдөтүп какатып ар-намысымды,
Жүрөк муздатты ызалуу сезим.
Өбөктөй турган журтум жогунан,
Өчүп келатам өзүмдөн өзүм.
Аллага жетпеди окшойт жалбарганың,
Ааламдан өттү көп жыл арбалганың.
Күнкорлук күм-жам болсун дегендериң,
Жер казып, жемиш багып, мал кармагын.
Келатат кылыч сууруп кыйын күндөр,
Кыргызым алды-алдыңдан тал кармагын!
Алланын сакалын жангансып,
Ааламда сен жалгыз калгансып.
Кутурдуң мынчалык куурагыр,
Куранды кул жумшап алгансып.
Ыманга залакаң тийбесин,
Ылаңдуу арамза, аттан түш!
Бак карап нур жалгап өткөнсүп,
Башыңа кут шоола сепкенсип.
Оюңа келгенди жасадың,
Опол тоо сен болуп кеткенсип.
Өзгөгө залакаң тийбесин,
Жубармек, арамза, аттан түш!
"Түркүк" - деп дүйнөгө өзүңдү,
Түкүрдүң мазактап сезимди.
Ылгабай ак менен караны
Ыйлаттың жетимди-жесирди.
Калкыма залакаң тийбесин,
Кашайгыр, арамза, аттан түш!
1998-жыл
Мен сенин көңүлүңө жакпай турган
Иш жасап алсам, жасап алгандырмын.
Өзүмдүн намысымды жактай турган,
Өзгөчө өжөрлүктү салгандырмын.
А балким көөдөнүмө батпай турган,
Ызаны көтөрө албай калгандырмын.
Баатырым, өзүмдөн ал кезегиңди.
Башкага кара чапан кийгизбегин,
- Оштуктар табамын! - деп эсебиңди!
Журтума залакаңды тийгизбегин.
Оозуман купулуңа толбой турган,
Сөз чыкса - чыкса чыгып кетсе керек.
Оолукма кылдарыңды толгой турган,
Ортодон сөйрүк сөздөр өтсө керек.
Жаныңды жай алдырып койбой турган,
Каңырыш чучугуңа жетсе керек.
Каарыңды төксөң мага төгө бергин.
Мээнеткеч, момун элге тил тийгизбе.
Кармашка камылгаңды көрө бергин.
Колуңдан келсе, мага күн тийгизбе!
Кез-кезде көчө-көйдөн учурашсак,
Кейкейип салам айтпай өткөндүрмүн.
Кежирим кармап калса кучунаштап,
Алкынып атаандашып кеткендирмин.
Ошого кадыр-баркың ысыраптап,
Очогун ойрондотпо өткөн күндүн.
Кегиңди кетпес болсо менден алып,
Келжиреп журтка каргыш салбай жүргүн.
Оозуңдан ак, же кара ит чыгарып,
Ошумдун балакетин албай жүргүн!
Таанып ал, тааныбасаң мына мени,
Жашыруун жан эмесмин аты-жөнү.
Урпагы маңкурт болуп келе жаткан,
Өтүшкөн маңкурт болуп ата-теги.
Малга бай, арга жарды, мансапка ынак,
Мен болом – маңкурттардын маңкуртбети.
Кабынан качып турган желиндери,
Кара-көк, кызыл-сары эриндери.
Ырга бат, ычкыры элпек, шыпты кашка,
Кылыктуу кыркма чач кыз-келиндери.
Журту эмес жубайына ээлиги жок,
Мен болом – маңкурттардын маңкуртбеги.
Олжосу оозунгандын ыйык жери,
Орус сийдик жыттанган тунук көлү.
Кадыры кандек, бульдог итчелик жок,
Карыбы баш калаанын бакыр эли.
Кайратын жубан кылган касташканы,
Мен болом – маңкурттардын маңкуртбеги.
Арданба "сиңдим", - десем иним сени,
"Кемпир", - деп кемсинте бер сен да мени.
Каадалан, каадаланба кандуу жолдо,
Калктанбыз – катын намыс эркектери.
Сен болсоң — Маңкуртаалы же Маңкуртбай
Мен болом –маңкурттардын маңкуртбеги..
1991-жыл
ТАГДЫРЫМА
Өкчөдүң өөдө-төмөн, оңду-солду,
Өрттөдүң өрүшүмдү кестиң жолду,
Өзүмчө чыйыр таап кетээримде,
Чырмадың чылбыр менен буту-колду,
Ааламга адам болуп жаралганы,
Аркалап келатамын азап-шорду.
Билбедим агын-көгүн чырайыңдын,
Туйбадым барын-жогун ырайыңдын.
Өзүңдөн тирүүлүктө тийген энчим,
Түрмөгү түгөнбөгөн убайымдын.
Тыйбаган "акты" "кара" демейиңди,
Калп окшойт калыстыгы кудайыңдын.
Баш урдум, тагдырлыгын танган жокмун,
Бактыңа канып маңдай жарган жокмун.
Жамандык жаадырсаң да айлап-жылдап,
Майыштым, бирок сынып калган жокмун.
Өмүрдү кызмат, перзент, кадыр-баркты,
Өзүңдөн кайыр сурап алган жокмун.
Кайыптан тапкан жокмун алган жарды,
Карч урдум бардыгы үчүн кара жанды.
Көз нурум, көп үмүтүм, күлгүн кезим,
Көөнөрүп белде калды, жолдо калды.
Жакшы эле кыйып келдиң ырысымды,
Же дагы тарткыза элек шоруң барбы?
Өзөктүн өртү күйүп-жана электе,
Өмүргө мезгил кишен сала электе,
Алып кал акың болсо кечикпестен.
Акылдан, алдан-күчтөн кала электе.
Бактысын мен деп жүргөн сары катын,
Башына кара жоолук сала электе.
1987-жыл