Дооронбек Садырбаев: Самын

  • 05.02.2024
  • 3907

АҢГЕМЕ

Азык-түлүк менен кошо бир бурчунда күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү майда-чуйда буюмдарды саткан чоң дүкөн биз жашаган үйдүн жанына жайгашкандыктан, аерге Букеш өзү барып же үйдөгү бала-чаканы жибере коюп жүрчү да, өзүм сейрек каттай турганмын.

Баягыда Букеш телефон чалып: «Кызматтан кеч кайтам, балдарга сүт, чай-чамерек алып коё аласыңбы?» — дегенинен эртерээк келип дүкөнгө түштүм. Айткандарынын баарын алып жаңыдан чыгып келатканымда дүкөндүн берки, темир-тезек сатчу бөлүмүндө котолошуп турган жоон топ кишиге көзүм түшүп калды. «Ии... Табылбас бирдеке келген го, албасам да аялыма айта бараармын» деген ой менен кезек күтүп турушкан жигиттердин катарына кошулдум. Киши кызыга турган деле эчтеке жоктой. Бирок прилавканын ары жагында гана...

Капырай, көргөзмөгө илинген сүрөттөн жаңы эле түшө калгансыган жакшынакай кыз элпектик менен аердегилердин узаткан тыйындарын эсептеп, эки-үч тоголок туз, балтанын сабы, мык суургуч же самын узатат да, жароокер жылмаюусун андан кийинкиге бурат. Э-ээй... Эмне эле кезекте жалаң жигиттер турушат десе, береги кыздын жамалына «аркандалып» алышкан тура. Аңгыча:

- Мен сизден кийин болоюн,— деп жаш жигит мени жөөлөп туруп калды, эки көзү кызда. Барган сайын кезек күткөндөрдүн катары өсө берди. Баарынын тиктегени жанагы кыз. Ырас эле турган турпаты, кыймыл-аракети, өң-түсү бир көргөндүн көөнүн тойгузуп, шилекейин агызаар, кер маралдай керилген сулуунун сулуусу экен...

- Сизге эмне керек, агай?

«Капырай, үнүнүн жагымдуулугучу... Ушундай да телегейи тегиз...» Ал экөөбүздүн көзүбүз урунуша түшкөндө, жүрөгүм ойдолоп кабынан чыгып кете жаздады... Оозума «алхамдуу» кирбей жалдырап карап тура бериптирмин. Кыз көзүн күлмүңдөтүп, мага эмне керектигин кайра сурады.

- Самын! — дедим апкаарыган бойдон. — Самын, кир самын...

- Канчаны?

- Ыя?.. Бирдеке дегендей болдуңузбу? Кажылдабай тургулачы!

- Канча самын аласыз?

- Бешти. Ылаажы болсо ар бирин өзүнчө ороп берсеңиз, кошуналарыбыз ала кел дешти эле...

Кыз жароокер калыбынан жазбастан айтканымды аткарды.

- Карындаш дагы... — деп келатканымда менден кийин тургандар уюлгуй түшүп мени кезектен чыгарып салышты.

- Мунун куусун көр!

- Тим койсо, кечке тургусу бар!

- Кана башкаларга жолтоо болбой жолуңа түш!

«Ка-ап, дидаарын тоё карай албадым да... Ушул жашка келгени мындайды учурата элек болчумун... Деги адамдан жаралган неме болду бекен?.. Кош садага, эртең дагы келем, эртең да самын сатып алам, ошондо онду албасамбы» — деп жолума түштүм...

- Мынча самынды эмне кыласың? — деди Букеш алып келгендеримди иргеп жатып. — Үйдө үч тоголок кир самын турбайбы...

Мен бир азга сөз таба албай мукактанып турдум да:

- Кереги тийип калабы деп алып койдум эле, үйдө бар экенин кайдан билдим,— деп кутулдум.

*     *     *

...Эртеси кызматтан Букеш экөөбүз тең кайттык.

- Каякка? — деп сурадым, анын каякадыр камынып жатканын көргөндө.

- Дүкөнгө нан алып келгени.

- Мен эле барып келейин?

- Кудай жалгасын,— аялым кубанып кетти. — Кез-кезде ушинтип каралашып турсаң.

Бир саттаан кийин эки бөлкө нан, мык суургуч, балтанын сабы, он тоголок кир самын көтөрүп келгенимди көргөн Букеш каткыра күлдү.

- Бул эмнең? Же сен быйыл самынга жут болот экен деп уктуңбу?

- Антип эч ким айткан жок! — дедим шек алдырбай. — Бирок, самын керектүү буюм. Илгери согуш маалында бир кесим самын бир кило нан менен, жарым кило майдан кымбат болгон дешет.

- Азыр кудайга шүгүр, тынччылык ко.

- Ошентсе да, залалы тиймек беле?

*     *     *

- Жок, өзүм эле барам,— деди аялым тор баштыкты талашып. —Үйгө самын батпай кетти.

- Эми алып келбейм, ишенип кой,— деп убада кылдым. — Мен сага каралашайын деп атпаймынбы.

Дүкөндөн чыгып, «беш самынымды каерге катып кетсем экен» — деп ойлонуп турганымда, түз эле мени карай келаткан далдактаган Орозбектин карааны көрүндү. Колундагы сеткага үч тоголок самын салып алыптыр.

Ал учурашууга келбей, энтиге:

- Айланайын, аялым ушул жакка келатат, момуну ала турчу! — деп сеткасын колума кармата коюп, эчтеке көрбөгөн, эчтеке билбеген кишидей кайкайып басып жөнөдү.

- Ай, Орозбек! Мен муну эмне кылам?

- Эмне кылсаң, ошо кыл! Баш-аягы менен сага бердим.

Сетка-меткасы менен ал, сурабайм! — деп Орозбек менден оолак качты.

Самын салынган эки сетканы кармап, эмне кыларымды билбей келатканымда академияда иштеген таанышым Жалил оропара келип калды. Анын колунда да сетка, элеңдеп эле эки жагына каранат. Чекеси нымшып алыптыр...

- Ай, Жалил,— деп үнүмдү чыгардым.

- Ыя?.. Өх.. Сен белең? Ой, ырас жолукпадыңбы!

Ал мени көргөндө аялы эркек төрөгөндөй сүйүнүп кетти.

- Алдагы сеткаңды мага бергени турасыңбы? — дедим мен да үрөйүм учуп.

- Айланайын, бул жакшылыгыңды унутпай калайын... Тээтигинде аяшың келатат окшойт. Ме, акысына муну ал! — деп Жалил мени ооз ачырбастан сеткасы менен кошо колума үч сом акчаны кармата коюп, көздөн кайым болду...

*     *     *

Сегиз сеткага 91 тоголок кир самын салып, үч балта сап, алты мык суургуч, чөнтөктө 35 сом акча менен үйгө кирип келгенимде аялымдын өңү бузула түштү.

- Бул эмне? — деди ал көзүн алайтып.

- Көрбөй турасыңбы?.. Самын...

- Самын экенин көрүп турам, бирок муну эмне кылабыз?

- Кантип эмне кылабыз? Кир жууйбуз,— дедим үнүмдү өкүм чыгарып, колум менен кир жууганды туурап.

- Ыя? Аа... ырас айтасың... кир жууйбуз,— деп аялым мени жоошута сүйлөп. — Кана буларды биерге коюп, тамак бышканча газета окуп отура тур,— деп мени төркү бөлмөдөгү диванга отургузуп коюп, өзү ичкериге, кабинетке кирип кетти.

Бир аздан кийин анын мага угузбоого аракет кылып телефондун трубкасына бирдемелерди шыбырап жатканын кулагым чалып, жакындап барсам:

- Айланайындар, батыраак келе көргүлө! — деди ыйламсырап. — Мурда мындайы жок эле... 8-микрорайон, 29-үй, 12-квартирада турабыз...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз