Орхан Памук: Бактылуу болуу уятпы?

  • 11.02.2024
  • 4953

Мен бул жөнүндө көп ойлончумун. Азыр деле көп ойлойм. Ал тургай дайыма бактылуу боло билген адамдар – кара ниет, кеңкелес деп көп айтам. Бирок кээде ойлойм: “Жок, бактылуу болуш – бул уят эмес, акылдуулуктун белгиси”.

Биз, төрт жашар кызым Рюй менен деңизге бара жатканда, мен дүйнөдөгү эң бактылуу адамга айланам. Бактылуу адам жер бетинде жүргөндө баарынан эмнени көп каалайт? Албетте, жер бетинде мындан ары да бактылуу калууну. Ошондуктан, ал бир жолу таап алып, жоготпой сактап келе жаткан каада-салтты кармануу канчалык маанилүү экенин билет. Биз да дайыма бул эрежени сактап келебиз.

1. Адегенде мен ага мындай дейм: “Бүгүн саат баланчада көлгө барабыз”.  Андан кийин Рюй убакытты ылдамдатууга аракет кыла баштайт. Бирок анын убакыт тууралуу түшүнүгү өзгөчө. Мисалы, капысынан жаныма келет да минтет:

– Чыгууга убакыт боло элекпи?

– Жок.

– А беш мүнөттөн кийин убактысы болобу?

– Жок, убактысы эки жарым сааттан кийин.

Беш мүнөткө жетпей кайра келип, эч нерсе менен кабары жоктой сурашы ыктымал:

– Ата, а биз азыр деңизге барабызбы?

А кээде мени түз эле жарга такап, ишенимдүү түрдө мындай деши да мүмкүн:

– Эмне, кеттикпи?

2. Акыры, эч качан келбечүдөй сезилген белгиленген убакыт да келет. Рюй сууга түшчү кийимин кийип, төрт дөңгөлөктүү “Сафа” маркасындагы кол арабага барып олтурат. Мен анын тизесине сүлгү жана сууга түшчү кийимдерим салынган себетти коём да, көнүмүш кыймыл менен пляжды карай түртүп жөнөйм.

3. Жээкке түшө бериштеги жалпак таштар төшөлгөн тепкич менен ылдый түшө баштаганда Рюй кыйкыра баштайт: “Аа-аа!”. Кол араба тепкичтерден секире баштаганда анын үнү “Аа-Аа-Аа!” деп чыгат. Тизилген таштар Рюйду ырдоого мажбур кылат! Экөөбүздүн тең көңүлүбүз көтөрүлүп каткырып күлөбүз.

4. Ылдый жакта, тепкич бүтөр замат кичинекей ээн пляж жатат. Ар бир барган сайын мен кол арабаны тепкичтин жанына калтырып кетерде Рюй бир эле суроосун кайталайт: “А бул жерде уурулар жокпу?”

5. Биз кийимибизди тез чечип, таштардын үстүнө ыргытып салабыз да, тизебизге чейин сууга киребиз. Ошондо мен ага айтам:

– Сен ушул жерден алыс кетпей түшө тур, тереңге барба. Мен бир аз сүзүп келейин, анан чогуу ойнойбуз. Макулбу?

– Макул.

6. Мен бүт ойлорумду артка калтырып тереңди көздөй сүзүп жөнөйм. Анан токтоп, жээкте калган Рюйду карайм, алыстан анын сууга кийген кийими кызарып, кичинекей кызыл так болуп көрүнөт, мен аны аябай жакшы көрөрүмдү ойлойм. Деңизде жатып алып каткырып күлгүм келет. Ал жээкте шапшынып ойноп жүрөт.

7. Мен кайра сүзүп келем. Жээкке чыгам, анан башталат: а) тепкилешебиз; б) суу чачышабыз; в) оозума суу толтуруп, фонтан кылып чыгарам; г) кумда жатып алып сүзүп бара жаткан адамды туурайбыз; д) деңизге таш ыргытабыз; е) жээктеги үңкүргө келип кыйкырып, андан чыккан жаңырыкты тыңшайбыз: ж) сүзгөндү үйрөтөм: коркпо, буттарыңды кыймылдат, – ушинтип мурда ойноп жүргөн жана дагы эле ойной берер көңүлдүү оюндарыбызды ойнойбуз.

8. «Эриндериң көгөрүп, үшүп кеттиң». – «Жок, үшүй элекмин». – «Үшүдүң, болду чыгалык». Бул талаш бир аз убакытка созулуп, аргументтерибиз түгөнөт, анан жээкке чыгабыз, мен Рюйдун сууга кийген кийимин чечип, денесин сүлгү менен аарчыйм…

9. Ал капыстан колуман жулунуп чыгып, жылаңач, каткырган боюнча ээн пляж менен качып жөнөйт. Мен жылаң аяк аны кубалап жөнөйм, пляждын шагылы таманыма өтүп чолоңдоп жүгүрө албай келе жатканымды көрүп Рюй ого бетер боору эзилип каткырат. “Мен азыр батинкемди кийип алып жетем” – дейм. Ал кыйкырып, каткырып жатканда айтканымды жасайм.

10. Мен Рюйду кол арабага салып алып кайра келе жатканда, экөөбүз тең чарчаганыбызга карабай ыраазы болгонубузду сезебиз. Жашоо тууралуу, арт жакта калган деңиз тууралуу ойлонуп, унчукпай келе беребиз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз