Адамдын башка мүмкүнчүлүктөрү болуп турганына карабастан алардан баш тартып, дайыма бир киши менен кумарга батуусу махабат делет.
♦ ♦ ♦
Ичимде жалынын сезген жаңы жашоо, алыста бир жерде, мүмкүн кол жеткис өлкөдө болчу. Бирок аракеттенген сайын ага жакындаганымды, такыр болбоду дегенде эски жашоомду өтмүшкө таштаганымды сезүүдөмүн.
♦ ♦ ♦
Мага жалган айтышыңды каалаймын. Себеби адам жоготуудан корккон үчүн гана жалган сүйлөйт.
♦ ♦ ♦
Менин оюмча жазуучулуктун сыры кайдан келери белгилүү болбогон илхамда эмес, көк беттик жана сабырдуулукта.
♦ ♦ ♦
Тикенсиз – махабат гүлүнүн жытын искей албайсың.
♦ ♦ ♦
Эч бир нерсе жашоодой таң калычтуу эмес. Жазуудан башка...
♦ ♦ ♦
Ар бир акылдуу адам жашоонун кереметтигин, максаты бактылуу болуу экендигин билет деди атам үч сулуу кызга карап. "Бирок жалгыз гана келесоолор бактылуу болушат". Муну кантип түшүнсө болот?
♦ ♦ ♦
Адам өзүн билгенчелик өзүн тааныйт, андан соң канчалык аракет жасабасын бир чекке келип такалат жана эч токтотууга мүмкүн болбогондой сүйлөнө баштайт.
♦ ♦ ♦
Сааттар батыштагыдай дүйнөгө жетишүүнүн эмес, Аллахка жетишүүнүн ортомчусу.
♦ ♦ ♦
Канчалык катуу сүйсөңүз сүйүңүз, адам сүйгөн адамынын жүзүн узак убакка көрбөсө акырындап унутаарын түшүндүм...
♦ ♦ ♦
Напольен болууну кыялданууну каалаган адам менен, өзүн Напольен сезген адам ортосундагы айырмачылык – бактылуу кыялкеч менен бактысыз шизофрен ортосундагы айырмадай.
♦ ♦ ♦
Адамдын үйү – курсагы тойгон, жүрөгү соккон жер.
♦ ♦ ♦
Көпчүлүк убакта жакындарыбыз жаныбызда болгондугу үчүн баалуу сапаттарын көрбөй, терс мүнөздөрүн көрөбүз.
♦ ♦ ♦
Чынында эң керемет сүйүү, таануу эмес, эч көрбөгөн адамга болгон сезим. Мисалы, көзү азиз адамдардын сүйүүсү чыныгы сезим.
♦ ♦ ♦
Жазуучунун жашоосунда уккусу келген эң маанилүү сөз, апасынан: “Жазган чыгармаларың сенден да акылдуу, сенден да жарык” - деген сөз угуу.
♦ ♦ ♦
Өзүбүз болгонду үйрөнгөндө гана өзүбүздү сүйө алабыз.
♦ ♦ ♦
Адам шаар ортосундагы көпчүлүктө жалгыз боло алат жана шаарды шаар кылып турган нерсе да көпчүлүк арасында адамдын мээсиндеги кызыктай көрүнүштү сактай алуу сыйкыры.
♦ ♦ ♦
Өзү өзүнө буюм топтогон, аларды бир бурчка чогулткан ар бир көз каранды адамдын артында бир көңүл калуу, терең кайгы, ачыктоо – оорго турган руханий жара. Кызык, менин дартым эмне?
♦ ♦ ♦
Мышыкты жакшы көрбөгөн аял эркегин бактылуу кыла албайт.
♦ ♦ ♦
Жыгылуу – башкалардын жогорулугун көрүп аларга окшошууга аракет кылуу.
Түрк тилинен которгон Мээрим САЙДИЛКАН