Фридрих Ницше: Эркек эмне үчүн эки нерсени каалайт?

  • 10.06.2021
  • 5151

Фридрих Вильгельм Ницше (1844-1900), немис ойчулу, композитор, акын, өз алдынча философия илиминин негиздөөчүсү.

Аялга бара турган болсоң, колуңда камчың болсун.

♦ ♦ ♦

Биз билген нерселерибизди башкалар менен бөлүшөр замат, андан кызыгыбыз солгундай түшөт.

♦ ♦ ♦

Сен жакшы көргөн нерселердин бардыгы - сенин көңүлүңдү кайт кылды. Буга көнүп деле бүттүң, «сүйүү менен чындыкка» деп атаган акыркы сүйүүң «көңүл калууга кеткен сүйүү» болуп калышы мүмкүн.

♦ ♦ ♦

«Таза ар-намыс» деп аталган нерсе, жеткен калптын даражасы болуп саналат.

♦ ♦ ♦

Өлүм бар жерде, күндүн чыгышы менен жалбырактардын күбүлүшү бар жерде чындык жашайт, жашоо бар жерде бийлик үчүн өзүн өзү курмандыкка чалуу бар. 

♦ ♦ ♦

Адам гана тартылуу күчүнүн багытына каршылык көрсөтө алат, ал дайыма жогору жакка жыгылгысы келет.

♦ ♦ ♦

Жашоонун жакшы көрүнүшү үчүн жакшы ойнош керек, ал эми бул үчүн мыкты актёрлор талап кылынат.

♦ ♦ ♦

Көпчүлүк ичкен жерде, бардык булактар ууланып калган.

♦ ♦ ♦

Бейиттер бар жерде гана төрөлүү бар.

♦ ♦ ♦

Эгерде силер бийиктикке чыккыңар келсе, өз бутуңар менен баскыла! Бирөөлөрдүн көтөрүп алышына макул болбогула, башка бирөөнүн жонуна, башына минбегиле!

♦ ♦ ♦

Музыкасыз жашоонүн өзү ката болмок.

♦ ♦ ♦

Мамлекет бүткөн жерде гана артык баш эмес, бирок, керектүү адам пайда болот: кай жерде ким керек болсо, ошол жерде анын бир гана жана кайталангыс ыры жаңырат.

♦ ♦ ♦

Жашоодон коркпос үчүн, өлүмдүн анча деле алыс эмес экенин түшүнө жүрүү керек.

♦ ♦ ♦

Желмогуз менен салгылашып жаткан адам, өзү желмогузга айланып кетпеши үчүн кам көрүшү керек. Эгерсе сен туңгуюкка көпкө чейин карап турсаң, ал да сени карап турган болот.

♦ ♦ ♦

Жердин өз кабыгы бар, ошол кабыкка дарт жуккан. Мисалы, ал дарттын бири «адам» деп аталат.

♦ ♦ ♦

Адам өз ишенимине бекем бойдон калып, өзүн-өзү жоготпошу үчүн өзүн таза жана ыйык сүйүү менен сүйө билүүгө үйрөнүшү керек.

♦ ♦ ♦

Биз өзүбүзгө караганда, башкаларга кыйла чын ниет менен мамиле кылабыз.

♦ ♦ ♦

Сулуулуктун үнү өтө акырын чыгат: аны кулагы менен жүрөгү ачык адамдар гана уга алышат.

♦ ♦ ♦

Баатырдык бул – өлүмгө өзүн-өзү салып бере турган эрктин өз каалоосу.

♦ ♦ ♦

Сүйүүгө жана дос болууга жөндөмсүз адам, мүмкүн өзүнүн акыркы мүмкүнчүлүгүн - никелешүү жолун тандайт.

♦ ♦ ♦

Тагдыр бизди жаш балача колубуздан каалаган жагына жетелеп, керек кезде таяктап, биротоло мүңкүрөтө элек, эгерде ошол абалга келип калган кезибизде, аны, тагдырды, сүйө билүүгө аракеттенишибиз керек.

♦ ♦ ♦

«Тигил жакта», «чын дүйнө» деген түшүнүктөр жалгыз гана ушул дүйнөнүн баасын кемитүү үчүн ойлоп табылган.

♦ ♦ ♦

«Өз жакыныңды сүй» - дегени: «Өз жакыныңдын тынчын албай, жайына кой» деген сөз. Дал ушул нерсе ак ниеттүүлөр үчүн бардыгынан оор.

♦ ♦ ♦

Бизге толук бойдон ишеним арткан адамдар, ошонусу менен өздөрүнө болгон биздин ишенимди жараттык деп ойлошот. Бул туура эмес бүтүм, анткени, белек берүү менен адамдын ишенимин алууга болбойт.

♦ ♦ ♦

Нике: муну мен эки адамдын бирдиктүү түрдө курган эрки деп айтат элем. Нике бул - өз ара сыйлашуу жана ошол эркке моюн сунуу.

♦ ♦ ♦

Адамда кандай өзгөрүү болсо, даракта да ошондой өзгөрүү болот. Ал канчалык жарыкка умтулуп, бийиктеген сайын, анын тамырлары төмөн, жердин тереңине кетет. Ал эми тереңдикте караңгылык менен кара ниеттик бар.

♦ ♦ ♦

Коркунучсуз тайыздыктын үстүндө бейкут жаткан сулуулук бар.

♦ ♦ ♦

Мени өлтүрбөгөн нерсе, мени күч-кубаттуу кылат.

♦ ♦ ♦

Үйүр сенин аркаңдан ээрчип баратса да, анда кызыгарлык эч нерсе жок.

♦ ♦ ♦

Каар менен гана эмес, күлкү менен да өлтүрүп койгондор бар.

♦ ♦ ♦

Карасанатай болуш үчүн көпчүлүк адамдар ашкере акылсыздык кылышат.

♦ ♦ ♦

Биздин парзыбыз бул – башкалардын бизге карата болгон укугу.

♦ ♦ ♦

Аялдын көөдөнүндө кулчулук менен залимдик узак мезгил жашынып келген. Ошондуктан аял досчулукка жөндөмсүз: ал бир гана сүйүүнү билет.

♦ ♦ ♦

Жыгылып бараткан адамды түртүп кой.

♦ ♦ ♦

Эркекке караганда аял балдарды жакшы түшүнөт, бирок, аялга караганда эркек балага көбүрөк окшош.

♦ ♦ ♦

Дили таза адам кимдир-бирөө мага милдеттүү деп ойлошу кыйын, ал эми дилинде мандеми бар адам мен бирөөгө милдеттүүмүн деп ойлошу кыйын.

♦ ♦ ♦

Менин жан дүйнө деңизимдин тереңинде тынчтык. Бирок, ал кандай желмогузду жашырып жатканын эч ким капарына да албайт.

♦ ♦ ♦

Алдамчылардан сактанып калбоо үчүн, мен өзүмдү алдоого мүмкүндүк берем.

♦ ♦ ♦

«Эмне үчүн» жашап жүрөм деген адам, кандай болбосун «кантип» деген нерсени алып чыга алат.

♦ ♦ ♦

«Ырахат» деген сөздү айткан адам – ырахаттануу жөнүндө ойлойт; «сезим» деген сөздү айткан адам сезимталдуулук жөнүндө ойлойт; «дене» дегендер төмөн жактагыны ойлойт, дене - мына ошентип отуруп, жакшы нерсенин үчилтиги арамдыкка басырылган.

♦ ♦ ♦

Дин менен азыркы учурдагы илимдин ортосунда туугандык да, достук да, кастык да жок: алар ар башка планетада турушат.

♦ ♦ ♦

Эрдик коркунучту жүрөгү менен сезген, туңгуюктун кырында туруп, көзүндөгү сыймыкты жоготпогон адамда гана болот.

♦ ♦ ♦

Мага жашоо мындай бир сырын ачты: «Бери кара, - деди ал, - ким өзүн-өзү дайыма жеңе алган болсо - мен ошомун».

♦ ♦ ♦

Адам - бардык нерседен ашып кете турган жандык.

♦ ♦ ♦

Өзүнө өзү моюн суна албаган адамга буйрук беришет.

♦ ♦ ♦

Таанып-билүүнү жакшы көргөн адамдар! Силер ошо сүйүүңөр менен буга чейин таанып-билүү үчүн эмне жасадыңар? Ууру менен киши өлтүргүчтүн жан дүйнөсүндө эмне барын билүү үчүн ууру кылып, киши өлтүрдүңөрбү?

♦ ♦ ♦

Мораль бул - жаратылыштын алдында адамдын барктуу көрүнүүгө кылган далалаты.

♦ ♦ ♦

Бийлей турган жылдызды төрөө абалына келиш үчүн, жан дүйнөдө будуң-чаңды алып жүрүү керек.

♦ ♦ ♦

Эркектин бактысы – «Мен каалайм», ал эми аялдын бактысы – «Ал каалайт» деп аталат.

♦ ♦ ♦

Жеңүүчүнүн эч бири кокустукка ишенбейт.

♦ ♦ ♦

Эгерде сиз аракет кылууну чечсеңиз анда - күдүктөнүүнүн эшигин жаап коюңуз.

♦ ♦ ♦

Мындан ары чыга турган бир да тепкичиң калбаса, анда сен өз башыңды тээп чыгууга үйрөнүшүң керек: болбосо бийиктикке кантип чыга алмак элең?

♦ ♦ ♦

Өзү жөнүндө көп айта берүү - өзүн-өзү жашыруунун бир амалы.

♦ ♦ ♦

Сүйүү үчүн жасалган нерсе, жакшылык менен жамандыктын алкагынан сырткары турат.

♦ ♦ ♦

Биздин эң улуу окуябыз – биздин эң эле катуу ызы-чуубуз эмес, акырын угулган сааттын чыкылдагы.

♦ ♦ ♦

Сизди азаптан куткаруунун эки жолу бар: ал - өлүмдүн тез келиши жана сүйүүнүн узакка созулушу.

♦ ♦ ♦

Адамдын «мени» канчалык эркин жана күчтүү болсо, анын сүйүүсү ошончолук катаал.

♦ ♦ ♦

Чыныгы эркек эки нерсени каалайт – коркунучту жана оюнду. Ошондуктан ал эч коркунучтуу оюнчук катары аялды издейт.

Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз