Виктор Гюгонун акылман ой, учкул сөздөрү

  • 04.12.2023
  • 4092
  • Тагдыр бир эшигин жапмайынча, экинчисин ачпайт.
  • Акыл – алгандан байыйт. Жүрөк – бергенден байыйт.
  • Кузгундун сынган канатын дарыласаң, анын тырмактары менен кылганына жооптуу болосуң.
  • Күнөөлүү адам кылганын моюнуна алганда, өзүндөгү сактай турган жападан жалгыз нерсе – өз ар-намысын сактап калганы.
  • Ар бир адамдын үч мүнөздөмөсү бар: биринчисин ага башка адамдар беришет, экинчиси, өзүнө берген баа, үчүнчүсү, чыныгы мүнөздөмөсү.
  • Улуу акылмандуулуктун алдында башымды ийем, таза жүрөктүн алдында тизе бүгөм.
  • Күлкү – бул күн: ал адамдын жүзүндөгү музду эритет.
  • Илим алдыга жылган сайын, өзүнүн мурдагы кылгандарын жокко чыгарат.
  • Өзүңө болгон ишеничти жок кылууга аракет кылган адамдардан кол үзгүлө. Бул майда адамдарга мүнөздүү касиет. Улуу адамдар тескерисинче, сени улуу адам боло аласың деп шыктандырышат!
  • Кээ бир ойлор – ошол эле сыйынуунун өзү. Жан-дүйнөң денеңдин кандай абалда экенине карабай, тизелегиси келген көз ирмемдер болот.
  • Кудай мышыкты адамдын жанында сылап турганга жолборсу болсун деп жаратыптыр.
  • Башкалардын жүргөн-турганына, кылган ишине, ага эч кандай тиешеси жок адамдар кийлигишкендей, эч ким кийлигише албайт.
  • Майды көп чачсаң отту өчүргөн сыяктуу эле, сезимдин көптүгү ойду өлтүрөт.
  • Оттун баары эле жарык бербейт. Анткени жарык – бул чындык, а от алдамчы болушу мүмкүн. Аны жарык берип жатат деп ойлоп алсаң, а ал күйгүзүп күлгө айлантат.
  • Ак көңүл болуш оңой, акыйкат болуу кыйын нерсе.
  • Душмандын сайган бычагына чыдаса болот, бирок жакын адамыңдын төөнөгүч менен сайганы жаныңды кашайтат.
  • Кылычты сындырышың мүмкүн, бирок идеяны өлтүрө албайсың.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз