Шри Раджниш Ошо: Атанын керээзи

Мен сага жыйырма төрт сааттан кийин келип жооп берем

Гурджиев тогуз жашка чыкканда атасы өлүп жетим калыптыр. Атасы жакыр адам эле. Өлөрүндө ал баласын чакырып мындай керээз айтат:

— Мен сага мураска эч байлык калтыра алган жокмун. Мен жакыр жашадым, атам да жакыр болчу, бирок ал мага бир нерсе үйрөткөн, колумда топтогон байлыгым жок болсо да ошол нерсе мени дүйнөдөгү элдердин бардыгынан бай кылды. Мен эми аны сага калтыргым келет.

Бул бир айтылган кеңеш. Сен азыр жашсың, азырынча аны пайдалана албашың мүмкүн, бирок унутпай эсиңе түйүп ал. Убагы келгенде колдонорсуң. Кеңеш өтө эле жөнөкөй. Мен азыр аны сага айтам, а сен мага кайталап айтып бер, көңүлүм тынч өлөйүн. Бул кеңеш балким кылымдардан бери атадан балага калып келаткандыр. Анда эмесе угуп тур да, кайра кайталап айт:

Эгерде кимдир-бирөө сага тийишип, жаман сөз айтып, шылдың кылып жиниңе тийсе, сен ага жөн жай эле мындай деп айт: “Мен сенин айтайын деген оюңду түшүндүм, жооп берейин дейм, бирок мен атама берген убадам бар, ошондуктан мен сага 24 саат өткөндөн кийин гана жооп бере алам. Сенин мага жиниң келип жатканын билем, мен аны жакшы түшүнөм. Мен сага 24 сааттан кийин келип жооп берип кетем.” Бардык иштерде ушул эрежени колдон. Эч качан дароо жооп бербе. 24 сааттык тынымды сакта.

Тогуз жашар уулу атасынын айтканын кайталады, атасы өлдү, бирок мындай унутулгус абалда берген убада анын эсинде түбөлүккө калды.

Гурджиев, тогуз жашар жаш бала болсо да атасынын кеңешин өз турмушунда колдоно баштады. Эгерде бирөөлөр аны тилдеп, жинине тийсе ал:

— Мен 24 сааттан кийин сага сөзсүз жооп берем, анткени мен өлүм алдында жаткан атама ушундай сөз бергем. Азыр сага жооп бере албайм.

Кээде аны уруп да коюшчу, ал болсо мындай деп жооп берчү:

— 24 сааттан кийин келип жооп берем, анткени атамдын өлөр алдында мага калтырган керээзи ушундай.

Кийин ал өз окуучуларына айтчу болгон:

— Бул жөнөкөй кеңеш мени таптакыр өзгөрттү. Бирөө мени сабап жатса да, мен ага эч кандай жооп бере албайм. Төшүмдү тосуп, туруп бергенден башка аргам жок. Жыйырма төрт саат өтмөйүнчө каяша да кыла албайт элем. Бул жүрүп-жүрүп көнүмүш адатка айланды. Мени сабырдуулукка үйрөттү. Мени тилдеп, согуп жаткан убакта ачууга алдырсам, мен деле аларчылап оюма келген сөздү айтмакмын, мушташканга чейин бармакмын. Албетте, ойлонулбай жасаган иштерге жол бермекмин.

Бирок атама берген убада мени 24 саат өтмөйүнчө жооп беришиме жол бербегендиктен, ал убактын ичинде менин ачуум тарап, болуп өткөн окуяда ким күнөөлүү, иттик кимден кетти деген суроолорго жооп издечүмүн. Эгерде жаңылыштык менден кеткен болсо, мен ага барып кемчилигимди көргөзүп бергени үчүн рахматымды айтчумун.

Эгерде ал жөндөн-жөн эле көрө албастык кылып же дагы бир мага белгисиз себептер менен мага асылган болсо... андай адам менен сүйлөшүүнүн да кереги жок, ит үрө берет, кербен жүрө берет эмеспи. Бокко таш ыргытсаң бетиңе чачырайт, андай адамдарга барып убакыт коротуунун зарылчылыгы да жок эле.

Ошентип 24 сааттан кийин баардыгы өз ордуна келчү, анын сабырдуулугу, акыл токтотуп туура чечим кабыл алганы, байкагычтыгы Гурджиевди жаңы доордун мыкты адамдарынын катарына кошту. Атасынын керээзи анын өсүшүнө пайдубал катары кызмат кылды.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз