Бала чалдын акылман ойлорунан

  • 05.08.2020
  • 4573

Лао-цзы, байыркы кытай философу, аны даосизмдин негиздөөчүсү деп эсептешет. Уламыштарда ал энесинен туулганда эле чоң кишинин акыл-эси менен туулганын айтышат. Аны бала чал деп коюшчу экен. Анда эмесе анын ушул күнгө чейин күчүн жоготпогон бир нече санат кептеринен сунуш кылалы.

Дээринде болсо окубай эле билет, карабай эле көрөт, жасабай эле жетет.

♦ ♦ ♦

Күрөшпөгөн адам жыгылбайт.

♦ ♦ ♦

Силерди ачууңарга тие билген адам башкарат.

♦ ♦ ♦

Жаратылыш шашылбайт, бирок баардыгына үлгүрөт.

♦ ♦ ♦

Билген адам сүйлөбөйт. Көп сүйлөгөн адам эч нерсе билбейт.

♦ ♦ ♦

Өз оюңардан сак болгула – ой кылык-жоруктун башталышы.

♦ ♦ ♦

Өзүмдөгү “Мен” деген балээден кутулганда гана кыялымда болгум келген адам боло алам.

♦ ♦ ♦

Аң-сезим – бул бриллиант, анын тазалыгы адам жашоосунун тазалыгын аныктайт.

♦ ♦ ♦

Иретке салууну будуң-чаң баштала электе жасоо керек.

♦ ♦ ♦

Адамдарды жетектейм десең, алардын артынан ээрчи.

♦ ♦ ♦

Эртең баштайм деген, эч качан баштабайт.

♦ ♦ ♦

Акылдуу адам күндө билимин толуктап турса, акылман күндө ашык нерседен тазаланып турат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз