Дилазык: Даонун акылман кеңештери

  • 24.06.2020
  • 4754

Бул акылман кеңештердин куру дегенде бирөөсүн болсо да күнүмдүк турмушуңузда колдонууга аракет кылыңыз. Маанай чөгүп, турмуш кыйынчылыгына тушугуп, баш катып отурсаңыз, дал ушул кеңештердин бирин ойлонбостон тандап алыңыз; маселенин чечилишинин жообун таба аласыз. Көрүнөө жерге илип коюп да кайталап окуңуз.

1. Бардык нерсе өзгөрүлмө, ошондуктан эч нерсени аягына чыгып бүткөн нерсе деп айта албайм. Өзгөрүүлөрдүн алгачкы белгилерин аныктап, тааныганды үйрөнгүлө. Эмоцияга алдырбагыла.

2. Ар бир нерсе карама-каршылыктардан турат, ошондуктан мен өз пикиримди айтууга шашылбайм.

3. Жан дүйнөмдөгү Энергия Ааламдан келет. Бирок аны өнүктүрүп-өстүрүү менин мойнумда. Терең дем алгыла, ызы-чуулуу, адамдар көп жүргөн жана жакшы желдетилбеген жерлерден алыс болгула.

4. Мен “Инь” жана “Ян” түшүнүгүн пайдаланып ойлонууга өзүмдү машыктырам. Карама-каршы эки пикирдин бирин тандоого туура келсе, шашпай, баарын таразалап ойлоном (Инь), бирок тандап алган соң, өз чечимиме бекем турам. (Янь)

5. Ар кандай кырдаалдарга туш келгенде, ага каршы чыккандан мурда, анын шарттарына ыңгайлашууга аракет жасайм.

6. Кылар ишимди, кандай жыйынтык чыгат деп сарсанаа болбостон жасайм. Оюмда коюлган милдетти кантип аткарам дегенден башка эч нерсе болбойт.

7. Мен ашыкча эч нерсе жасабайм, бардык нерселердин тең ортосун издейм.

8. Өз жашоомдогу негизги максат – өзүмдү өнүктүрүп, алга жылуу экенин унутпайм.

9. Аракет жасоодон мурда өз күчүмө баа берем. Баарын унутуп, алдыга жулунбайм: жасаган ишим эмне жыйынтыкка алып келиши мүмкүн экенин шашпай салмактайм.

10. Тагдыр буйругуна баш ийем, өзгөртө албас нерселерди сабырдуулук менен кабыл алам.

11. Мен кайсы иш болбосун шашпай, кунт коюу менен жасайм. Башка адамдар дүрбөлөңгө түшсө, кошо дүрбөбөй, сылык жана бир калыпта эч өзгөрүүсүз кала берем.

12. Бардык нерсенин өз убагы бар: мен өзүмдүн чыдамкайлык сапатымды чыйралтып, күтө билүү жөндөмүмдү өнүктүрөм.

13. Мен өз ордумду билем, текеберчиликтен качып, жупуну жүрүүгө аракетимди токтотпоймун.

14. Мен ар бир сөзүмдү ойлонуп сүйлөйм. Ушак айтпайм, анткендиги айланамдагылардын мага болгон сыйы, ишеними мен үчүн кымбат.

15. Кары адамдарга болгон мамилемди өзгөрттүм. Өзүмдөн улууларга жардам кылуу бул жөн гана жакшы иш жасоонун бири эмес. Бул, адамгерчиликтүү болуу дегенди түшүндүрөт.

16. Мен досторду тандоодо өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылам.

17. Мен сугалак эмесмин, болгон нерсеге ыраазымын. Ач көздүк туура жолуңдан чыгарып, гармония тууралуу унуткарат.

18. Мен жупуну жашап, көңүл ачууларды тыкыр тандоого аракет кылам. Мен китепти кошунама жаккан үчүн эле окубайм.

19. Мен өзүмдүн байкагычтыгымды дайыма машыктырам. Бирок байкоо салуу – бул соттоо эмес.

20. Мен өз денемди жакшы көрөм жана ага кам көрөм. Түшкү тамакты жебей койбойм, көрүнгөн жерде тамактанбайм. Өз денемдин абалын тыңдап, ага күч келтирбейм жана машыгууларга аны кыйноо үчүн эмес, ага ыракат тартылоо үчүн барам.

Которогон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз