Валентин Распутин: Акыркы мөөнөт

  • 19.06.2020
  • 4781

ПОВЕСТЬ

1

Карылыгы жеткен Анна орус мешинин жанындагы ичке темир керебетте өлүмүн күтүп жатты, анын ооматы бүтүп, өмүрүнүн өтөөсүнө чыгар мезгили келгенсиди: кемпир сексенге чыгып калган. Ал көпкө чейин күүлүү-күчтүү, алынан тайыбай кыбырап басып жүрчү, бирок үч жыл мурда шайы кетип, айласыздан төшөк таяп жатууга аргасыз болгон. Жайында оорусу бир аз жеңилдегенсиген, сыртка жылып чыгып бир маал күнгө кактанып олтурчу, кээде жыла-жыла басып, көчөнүн ар жагында жашаган курбусу Миронихага чейин барып келчү, бирок күзүндө биринчи кар жаардын астында караманча алы калбай, эртең менен небереси Нинкадан калган күлтүктү сыртка чыгып төгүүгө да дарманы жетпей калды. Эки-үч жолу катары менен чыга бериштеги тепкичтен чалынып жыгылган соң, ага сыртка чыгууга таптакыр тыюу салышты, эми ага керебеттен буттарын ылдый салаңдатып, бир азга олтуруп, кайра кыйшайып жаткандан бөлөк, бул жашоодо эрмеги калган жок.

Ал өз өмүрүндө көп эле төрөдү, төрөгөндү жакшы көрчү, Бирок өлүп-өлүп олтуруп, өлгөндөн калган беш баласы бар эле. Мындай болушуна адегенде алардын үй-бүлөсүнө өлүм сасык күзөн тоокканага кандай кирсе дал ошондой кирип, үйүр болуп алганы себеп болсо, кийин согуш башталды. Бирок кудайга шүгүр, беш баласы калды: үч кыз жана эки уул. Бир кызы райондун борборунда, экинчи кызы шаарда, а үчүнчү кызы аябай эле алыс кеткен, – Киевде жашачу. Улуу уулу армиядан кийин Түндүктө калып, кийин ал дагы шаарга көчүп келген, алардын ичинен шаарга бир гана кичүүсү Михаил барган жок, кемпир анын үй-бүлөсүнө өлүмтүгүн артып, жүдөтпөстүн аракетин кылып, өмүрүнүн акыркы күндөрүн ошолор менен чогуу өткөзүп жаткан.

Бул жолу ал кыштан чыга алчудай эмес. Жайында алы кетип акыбалы начарлай баштагандан тартып, нечен жолу эси-учун жоготуп, Нинка жүгүрүп барып ээрчитип келген айылдын фельдшери жасаган уколдору гана аны аркы дүйнөдөн бери кайтарып алып жаткан. Ал эсине келген сайын онтолоп, көзүнөн жашын кылгыртып, өзүнүкүнө окшобогон чыйылдаган ичке үн менен:

– Мен силерге канча айтам: мени өз жайыма койгула, тынчыраак кете берейин. Силердин фельдшериңер болбосо мен азыр кайда-а болот элем –деп күңкүлдөчү. Анан Нинкага үйрөтө баштачу:  – Сен мындан кийин ага барба, барбай эле кой, макулбу. Апаң жумшаса, мончого барып жашына тур да, бир аздан кийин келип: ал үйүндө жок экен деп кой. Сен ушинтип айтсаң – мен сага тап-таттуу болгон сонун момпосуй алып берем.

Сентябрдын башында башка бир балээси жабышты: аны уйку баса баштады. Кара баскан немедей ичпей да, жебей да, уктаганы уктаган. Тарткыласаң – эптеп көзүн ачымыш болот, тунарган көздөрүн ирмеп-ирмеп алып, эч нерсени түшүнбөй кайра уйкуга кетет. Аны такай тарткылап турушчу – өлүү-тирүүсүн билүү үчүн . Барган сайын арыктап, эти менен эле териси калды, керсары тартты – дем алганы эле болбосо, бечаранын өлгөн адамдан эч айырмасы жок.

Кемпирдин абалы начарлап караманча эле болбой калганда, Михаил почтого барып агасы менен эжелерине телеграмма берди – келишсин деп, Энесин түрткүлөп ойготуп, балдарына кабар жибергенин эскертти.

Эртеси эле, эртең менен кемпирдин улуу кызы Варвара жетип келди. Райондун борборунан бери болгону элүү чакырым, бул тарапка келе жаткан машине менен жетип алуу ага өтө деле кыйынчылык жаратпайт болчу.

Варвара дарбазадан баш багып, короодон эч ким көзүнө чалдыкпаган соң ошол жерден эле озондоп коё берди:

– Апакем менин, жаным апам! Михаил сыртка атып чыкты:

– Токто ай, ыйлаба! Ал али тирүү, уктап жатат. Жок дегенде көчөдө кыйкырбай үйгө кир, азыр бүт айылды чогултасың.

Варвара аны караганга да жараган жок, үйгө жулунуп кирип, кемпир жаткан керебеттин жанына тизелерин жерге дүңк эткизе чөгөлөй калды да, башын өйдө-төмөн шылкылдатып кайра бакырды:

– Апакем, менин апакем!

Кемпирдин жүзүнөн бир да кыймыл байкалган жок, ал баштагысындай эле ойгонбой уктай берди. Михаил апасынын шимирилген жаагын алаканы менен акырын чапкылаганда гана кемпир көздөрүн кыймылдатып ачымыш болду, бирок ача алган жок.

– Апа, – деди Михаил, – Варвара келди, көзүңдү ачсаң.

– Апакебай, – деди Варвара ыйын токтотууга аракет кылып. –  Бул мен, сенин улуу кызыңмын. Мен сени көрөйүн деп келсем, сен эмнеге көзүңдү ачпайсың. Апакебай!

Кемпирдин кирпиктери таразанын табактары сыяктуу өйдө-ылдый кыймылдап барып, жумулган боюнча ачылбай токтоп калды. Варвара ордунан туруп, столдун жанына ыңгайлашып отуруп, ыйлаганын улантты. Ал улам башы менен үстөлдү сүзгүлөп, көзүнүн жашын көлдөтүп көпкө чейин басылбай шолоктоп жатты. Анын жанында беш жашар Нинка айланып жүрдү, ал эңкейип, Варваранын көздөрүн карап, эмне үчүн анын көз жашы жерге чейин агып түшпөй жатканына таң калып жаткан; Нинканы ал жерден кубалап салышты, бирок ал митайым, кайра акырын жылып келип столго чыгып алды.

Кечинде, кудай жалгап, жумасына эки жолу гана жүрчү “Ракетанын” келе турган күнүнө туш болушкан шаардыктар, – Илья менен Люся да келип калышты. Михаил экөөнү пристандан тосуп алып, аларды туулуп-өсүшкөн үйүнө ээрчитип жөнөдү. Люся менен Илья тар, солкулдап турган тактай аллея менен, Михаил кургап катып калган чоң топурактуу өңгүл-дөңгүл жолдо тигил экөөнү жандай басып, унчукпай келатышты. Алдынан чыккан айылдаштары Люся менен Ильяга баш ийкеп учурашып, тигилер өтүп кетишкен соң, артынан кызыгуу менен узата карап калышат. Терезелерден кемпирлер менен балдар аларга сонуркай көз салышып, кээ бир кемпирлердин чокунганы көзгө урунат. Варвара бир туугандарын көргөндө чыдай албай эреркеп кетти:

– Апакебиз, ... биздин Апакебиз ... а-а-а!

– Бакырбай коё тур, – деп аны дагы токтотту Михаил. –  Үлгүрөсүң.

Бардыгы кемпирдин керебетинин жанына чогулушту, – Михаилдин аялы Надя, да, кызы Нинка да кыбырап ушул жерде эле.

Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүбү же өлүмдүн башталышыбы, – айтор кемпир кыймылдабай созулат. Варвара онтолоп жиберди:

– Үзүлдү окшойт.

Ага эч ким каяша кылган жок, баары чочулашып бири-бирин карап калышты. Люся карбаластап, алаканын кемпирдин оозуна такап, дем алганын сезе албады.

– Күзгү, – деди ал ойлоно калып. –  Күзгү бергилечи.

Надя столго тез жетип, анда жаткан күзгүнүн сыныгын этеги менен сүртө калып Люсяга бере салды; тиги күзгүнүн сыныгын кемпирдин каны качып кубарган эриндерине жакын бир мүнөтчө кармап турду. Күзгүнүн бети буулана түшүптүр.

– Дем алып жатат, – деп жеңилдей түштү ал. –  Апабыз тирүү.

Варвара чала угуп алгансып, кайра ыйлап кирди, Люся да көзүнө жаш алып артка жылды. Эми күзгү Нинканын колуна тийди. Ал адегенде эмне болор экен деп өзү үйлөп көрдү, кызыктуу эч нерсе көрө албаган соң, ыңгайын келтирип туруп Люсяны туурап күзгүнү чоң энесинин оозуна такады. Михаил анын кылганын көрө калып, бардыгынын көзүнчө бир чаап бөлмөдөн сыртка чыгарып жиберди.

Варвара үшкүрүнүп койду:

– Ах, апакебайым, биздин апакебиз.

Аңгыча, Надя кирип, тамакты бул бөлмөгө алып келиш керекпи же ашканадан ичесиңерби деп сурап калды. Апасынын тынчын албай ашканага эле барабыз деп чечишти алар бир ооздон.

Баары келип үстөлгө олтурушкан соң, Михаил атайын сатып алып койгон бир бөтөлкө арак менен бир бөтөлкө портвейнди алып келип үстөлгө коюп, Илья менен өзүнө арак, эжелери менен аялына портвейн куйду.

– Татьяна бүгүн келе албай калды окшойт, – деди ал. –  Азырынча аны күтпөй эле коёлук.

– Бүгүн келе албайт, ооба ошондой, – деп макул болду Илья. –  Эгерде, телеграмманы кечээ күнү алса, бүгүн учак менен шаарга жетсе, андан районго келет. Балким ал, азыр райондо олтурат болуш керек, түнү менен кайдагы машине чыксын, ооба ошондой.

– Балким шаардадыр.

– Эмнеси болсо да эртең келет.

– Эртең сөзсүз келип калат.

– Эртең келсе үлгүрөт.

–  Михаил кожоюн катары рюмканы колуна алды:

– Келгиле анда, жолукканыбыз үчүн алалык.

– А кагыша берсе болобу? – деп чочулады Варвара.

– Болот, биз эскерип жаткан жокпуз да.

– Антип айтпагылачы.

– А, эми айтсаң да, айтпасаң да…

– Көптөн бери минтип чогуу олтура элекпиз, – деди көңүлсүз олтурган Люся капыстан. –  Татьяна эле жок. Татьяна келсе эле, эч ким эч кайда кетпегенсийт. Эсиңердеби? Мурда дайыма ушул жерде бирге тамак иччү эмес белек, дасторконду тиги бөлмөгө коноктор келгенде эле жайчубуз. Мен ал тургай мурдагы олтурган ордумда олтурам. А Варвара өз ордунда эмес, Илья, сен дагы.

– Кайдан! –  кетпегендей дейсиң да! –  деп таарынычын айта баштады Михаил. –  Бир кеткен боюнча орду түбү менен жоголдуңар го. Варвара эле анда мында келип калат, анда да картошка же дагы бир нерсе керек болуп калганда эле келет. А силер бул дүйнө жок сыяктуусуңар.

– Варварага жакын.

– А силер тим эле Москвадан келчүдөй болосуңар да, – деп кергиштей кетти Варвара. –  Пароходко түшсөңөр көп болсо бир күндүк жол. Силердей туугандын кереги жок деп эле айтпайсыңарбы. Шаардык болуп алгандан кийин, айылдыктарды теңиңерге алмак белеңер!

– Сен Варвара, антип айтпа, антип айтышка акың жок, – деди чычалай түшкөн Люся. –  Айылдыкпы, шаардыкпы, айырмасы эмне? Бир аз ойлонуп сүйлөсөң.

– Албетте, Варваранын сүйлөгөнгө акысы жок да. Варвара качан эле киши болуп калыптыр. Аны менен сүйлөшкөндө эмне? Мени жок деп койсоңор да болот. Сиңдилеримдин да, инилеримдин да мага окшогон эжеси жок. А сен айтчы: буга чейин сен канча жолу келдиң? Варвара киши эмес экен, Варвара энесин көргөнгө келбейт экен, а сен өзүң канча жолу келип кеттиң, салыштырып көрчү, Варваранын үй-бүлөсү сенин үй-бүлөңдөн чоң го. Эми ким күнөөлүү – Варвара күнөөлүү, ким жаман – Варвара жаман.

– Көптөн бери келе элексиң – айтканда эмне! –  деп Варварага кошула кетти Михаил. –  Сен акыркы жолу келгенде Нинка төрөлө элек болчу. А Илья акыркы жолу Түндүктөн келгенде келип кеткен. Надя Нинканы эмчектен чыгарып жаткан болчу. Эсиңдеби, эмчегине горчица сүйкөп жатканда күлбөдүң беле.

Илья эсимде деп башын ийкеп койду.

– Шарт болгон жок, ошондуктан келе алган жокмун, – деди таарынычтуу үн менен Люся.

– Кааласаң бир убакыт тапмаксың да, – деп ишенген жок Варвара.

– Ал эмне дегениң, тапмаксың да деп... Шарт болгон жок деп жатпаймынбы.  Эмгек өргүүмдө ден-соолугумду чыңап албасам, жыл бою оорудан башым арылбайт, ооруканадан башым чыкпай калат.

– Егоркада эмне көп, Егоркада шылтоо көп.

– Кайдагы бир Егорка менен шылтоолордун эмне тиешеси бар?

– А, эми айтылган кеп да. Силерге сөз айтса да болбойт. Кыйын болуп калбадыңарбы.

– Болду эми, – деди Михаил. –  Кеттик эмесе, дагы бирден алалы. Ачып кетмей да болду.

– Жетет ай, – деп эскертти Варвара. –  Силерге, эркектерге  ичиш эле керек. Апам өлүм алдында жатат, а булар шаракташат. Бир аздан кийин ырдайбыз деп жүрбөгүлө.

– Ырдайбыз деп жаткан эч ким жок. Ал эми ичсе болот. Качан ичишти, канча ичишти эч кимден сурабайбыз. Кичинекей бала эмеспиз.

– Ой, силерге эми айла жок да.

Мына ушинтип алар маркум атасы элүү жыл мурда жасаган жыгач столду тегеректешип,  ар нерсени сүйлөшүп олтурушту. Ар кай жакта жашап жүрүшүп булар бири-бирине деле окшобой калышкан экен.

Варвара былтыртан баштап алтымыштын короосун көздөй жаңы эле баш бакканына карабай, кебетесине карасаң алардын апасындай эле болуп калыптыр, ал өз жашынан улгайыңкы көрүнчү, анын үстүнө алардын тукумдагы жалгыз эби жогу жана толугу ошол болчу. Энесин жазбай тарткан да ошол эле: ал дагы удаа-удаа көп төрөдү, бирок ал төрөп жаткан убакта балдарды өлүмдөн сактап калышты үйрөнүп калышкан, кудайга шүгүр,  баштагыдай согуш да жок эле, – ошондуктан төрөгөн балдарынын баары аман-эсен болчу, бир уулу гана түрмөдө олтурган. Варвара балдарынан оңгулуктуу жакшылык деле көргөн жок: балдарын чоңойтом деп жүрүп алар менен кандай жаңжалдашса, балдары чоңойгондо да ошончо жаңжалдашты, бечара. Алардын айынан курбалдаштарына салыштырмалуу эрте карыды.

Варварадан кийинкиси Илья, андан кийин Люся, Михаил жана эң кенжеси – Киевден келе турган Татьяна болчу.

Ильяны армияга чейин кичинекей боюна карап кодогой Илья деп коюшчу, айылда  башка узун бойлуу Илья жок болсо деле бул каймана ат ага жабышкан бойдон калган эле.

Түндүктө он жылдан ашык жүргөндөн кийин анын чачы түшүп, башы сууга бышырылып, аачылган жумурткадай тасырайып, күн тийгенде жакшы жышылган мискейдей жалтырап турар эле. Түндүктө жүргөндө ал үйлөндү, анысы ийгиликтүү болду дешке деле ооз барбайт, жаңы алганда бою эл катары, кадимкидей эле кыз болчу, кийинчерээк көлөмү өсүп олтуруп бир жарым Ильядай зор аял болду го чиркин, ошондон улам ал эрдемсий баштаган, – ал тургай Ильянын андан көп жабыр тартып калары тууралуу ушак-айың айылга чейин жеткен.

Люсянын деле жашы кырктан өтүп калган эле, бирок ал жаш көрүнчү: сүрөттөгүдөй сулуу, таза, бырышы жок жылмакай жүзү албырып, жарашыктуу кийинээр эле. Люся айылдан согуш аяктаган жылы эле кеткен болчу, анан ошончо жылдан бери шаардыктардай кийинип, шаардыктардай баскан-турганды үйрөнбөй эмне, кудай уруптурбу. Анын үстүнө, баласы жок болгондон кийин эмне түйшүк тартып жатыптыр? Кудай Люсяга бала көрүү бактысын буюрбаптыр.

А Михаил Ильяга такыр окшобойт, – коюу чачтары тармалдашып, бапсайган сакалынын тармалы бири-бирине улашкан шакекчелердей көрүнчү. Анын өңү кара тору тартып турчу, бирок анын каралыгы жаратылышынан, тукумунан эмес эле, ал ысык-суукта: жайкысын дарыяда карагай жүктөп, кышкысын токойдо карагай кыйып, жыл бою ачык абада иштегендигинен улам күн менен шамалга тотугуп, жүзү карасур тартып турчу.

Өлүп бара жаткан апасына жолтоо болбойлу дешип, анын шылтоосу менен  чогулушкан көп жылдан бери көрүшө элек бир туугандар өздөрүнүн туулуп өскөн үйүндө ушинтип узун ашкана үстөлүн тегеректеп, сүйлөшүп олтурушту. Эң кенжеси Татьяна эле жетпей жаткан. Михаил менен Иьянын ичкилиги түгөнө элек болчу, а аялдар өздөрүнүн рюмкаларын жыйнап салышты, бирок столдон туруп кетишкен жок, – бүгүнкү насиптерине буюрган бир туугандары менен бир дасторкондо бирге чайлашып олтуруп сүйлөшкөн сөздөрдүн таасирлеринен чыга алышпай, эртеңки күндүн алып келер жамандыгынан чочулашып, болбурап, орундарынан козголо албай олтурушту.

– Кап, атаңдын көрү, Володькага да телеграмма урсам болмок экен, – деди Михаил. –  Азыр биз менен чогуу отурмак. Кандай болуп калды экен, көргүм келип кетти.

– Ал кайда? – деп калды Илья.

– Армияда. Экинчи жыл болду. Жайында өргүүгө келмек, бирок тартипти бузгандыктан, – жибербей коюшса керек. Анын бөлүмүндөгү солдат күзөт ордун таштап кетип, мени анын командири катары жазалашты деп кат жазыптыр. Балким өзү да бирдеме кылып жибергендир, ит билеби, ал тез эле да. Сен кандай деп ойлойсуң чоң энесине жиберишеби?

– Жибериш керек.

– Кечээ эле телеграмма бербей, жинди болуптурмун да. Кантип жибербей койбогудай кылып жазсам? Кантсе да небере деген уулу эмес да.

– Ачык эле жаз: чоң энең катуу ооруп калды, тез кел де, – деп кеңеш берди Варвара.

Надя баласын так маңдайынан көрүү бактысынан ажыраганын билгенде ичи өрттөнүп турду.

– Мен буга айткам ушундай кыл деп, бул бирөөнүн айтканын укмак беле?

– Эми кичине күтө тургула да, – деп үн катты Люся.

– Күтө турган туура, ооба ошондой. Антпесе, баарын бүлдүрүп алышыңар мүмкүн. Болгондон кийин эле угузган туура: ушундай, эми ушундай болуп калды деп.

– Алда катыгүн-ай, – деп үшкүрдү Варвара. –  Мындай болорун ким ойлоптур. Жалгыз энебиз болсо.

– А сага канчоо керек эле? – мыйыгынан күлдү Илья. Варвара таарына түштү:

– Сен эмне өгөй немедей болуп! Кайра-кайра тийишесиң. Мени бир жиндидей көрөсүң.  А мен сенден жинди эмесмин, тийишкениңди кой.

– Мен сени жинди деген жокмун. Эмне эле үрпөңдөйсүң?

– Ооба, ойлогон жоксуң.

Люся Надянын кулагына шыбырады:

– Тигүүчү машинаңар барбы?

– Бар, бирок тигеби билбейм. Көптөн бери кармай элекмин.

– Бүгүн издеп көрсөм менде кашайып кара көйнөк деген таптакыр жок экен, – деп түшүндүрүп кирди Люся. –  Дүкөнгө жүгүрүп кирип материал алып, бычканга араң үлгүрдүм. Ошону тиге коюш керек.

– Бүгүн тигип бүтпөйсүз го.

– Бүтөм, бат эле тигем. Анан баары жатканда ушул ашканада эле тиге коём.

– Макул, алып келип берейин. Карап көрөсүз да.

Жатаардын астында бардыгы кайрадан энесинин жанына, анын ахыбалын билүү үчүн чогулушту. Люся тамырын издеп жатып эптеп тапты, – ал араң эле согуп жатыптыр. Михаил чыдабай кетип апасынын ийнинен тартты, ошол учурда бардыгы энесинин көөдөнүнөн чыккан онтоо десе онтоого окшобогон, коркуроо десе коркуроого окшобогон, энесинен эмес эле башка бирөөдөн, өз билген ишин аткарып жаткан өлүмдүн өзүнөн чыгып жаткансыган бир шумдуктай үндү угушту. Михаилди тез артка тартып алышты, бирок жанагы үн бардыгын катуу чочутуп салды, ал тургай Нинка да Надянын этегине жабышып тынчый түштү.

– Жок дегенде таңга жетсе экен, – деп бырылдады Варвара.

Жатууга камына башташты. Үй бүт айылдардагыдай чоң,  экиге бөлүнгөн болчу: бир жагында кемпир, экинчи бөлүгүндө Михаил үй-бүлөсү менен жатышчу. Надя Михаил экөөнө төшөктү жерге салып, керебетти Люсяга бошотуп берди. Варварага бүктөмө керебетти коюп, кемпирди карап жатканга апасынын жанына калтырышты. Ильяга да ошол бөлмөдө жерге төшөк салып бермекчи болушту эле, бирок ал мончого жатам деп болбой койду. Михаилдин огороддун четиндеги мончосу ышы жок, ным да жыттанбай таптаза болчу. Михаилге астына салып жатканга түктүү тон, жазданып жатканга купайке, үстүнө жамынганга кебез төшөк беришти, ал аларды кучактап алып, бир нерсе болсо ойготуп койгула деди да, сыртка чыгып кетти.

Кемпир жаткан бөлмөдө электр жарыгын өчүрүшүп, чырак жандырып коюшту. Аны таң атканча өчүрбөй, билигин кичирейтип коюну чечишти.

Надя тигүүчү машинаны алып келип, жанагы тамак ичкен үстөлдүн үстүнө коюп берди, Люся чүпүрөктүн кесиндисин алып тигип көрдү. Машина дурус тигет экен.

– Жатып эс ал, – деди Люся Надяга. –   Бүгүн түнү эмне болуп кетери белгисиз. Ушундай кезде жатып уктап ал.

Надя кетти. Андан Михил шыбырап бир нерсе сурады, ал да шыбырап бир нерсе деп жооп берди.

Люсяга машинени тиге баштаганда анын таркылдаган үнү ушунчалык катуу угулду дейсиң, тим эле бирөө курал алып атып жаткандай туюлуп, өзү чочуп кетти. Эмне болуп кетти деп коркуп кеткен Варвара жүгүрүп чыгып, Люсяны көрүп  жүрөгү бир аз ылдыйлады:

– Оо жараткан кудайым! Эмне болуп кетти деп коркконумчу. Бүткөн боюм титиреп кетти. Сага эмне жин тийдиби?

Люся жооп бербей тиккенин улантты.

– Эмне аза көйнөк тигип жатасыңбы?

– Түшүнбөйм: эмне бул жөнүндө сөзсүз эле сураш керек беле?

– Ой, эмне, мен жаман сөз айттымбы?

– Эч нерсе.

– Тиге бер. Мен сага эч нерсе дебейм. Бир аз олтуруп кетем. Тоскоол болбойм.

Варвара олтургучту жылдырып Люсянын каптал жагынан орун алды. Ал чечине элек болчу, жаңы эле байпагын балтырындагы кыпчыткычынан бошоткон экен, байпагы тизесинен ылдый салбырап кабат жыйылып калыптыр.

Кайдадыр бир дарыяда үзүл-кезил чыккан пароходдун кыйкырыгы угулду. Ал токтоп-токтоп кайра-кайра кыйкырып жатты. Варвара башын көтөрүп тыңшап калды, эмне үн экенин түшүнө албай чеке-башы тырыша түштү.

– Бул эмнеге кыйкырып жатат?

– Билбейм. Бирөөгө сигнал берип жатса керек.

– Сигнал бергенге башка жер таппай калгансып... Жүрөгүм түшүп калды.

Ал дагы бир аз олтурду да, илең-салаң болуп араң турду:

– Кеттим. Сен дагы көпкө олтурасыңбы?

– Тигип бүтмөйүнчө.

– Бүгүн жатпай эле койсок болмок, жатпаш керек эле, – деди Варвара башын чайкап. –  Сүйлөшүп олтура берсек көңүлдүүрөөк болмок. Жүрөгүм бир жамандыкты сезип жатат – бул жакшылыкка эмес.

Ал тиги бөлмөгө кирип кетти, Бирок Люсяны чочутуп капыстан кайра келип дубалга жөлөнүп туруп калды.

– Эмне болду? – деп сурады Люся.

– Мага ошондой сезилип жатабы, билбейм, жүрсөң, сен карап көрчү. Жүрү, жүрү бассаң эми, карап көрчү.

Люся ишенген жок, бирок ишенбейм деп айта албай койду, аны ээрчип энесине барды. Ал анын билегинен кармады, бирок ага артында турган Варваранын кышылдап ышкырык сыяктуу үн чыгарып дем алып жатканынан башка эч нерсе уга алган жок: и-а,и-а, й-а... Аны ал жерден кубалашка туура келди, ошондо гана, анда да дароо эле эмес, Люсяга, бир нече чакырым алыстан, билинер билинбес соккон кан тамырдын алсыз соккону угулгансыды. Ага тамырдын согушу баштагыдан начарлап, бирде согуп, бирде сокпой солгундап бара жаткандай сезилди.

– Сен жата бер, – деди ал эжекесине боору ооруп. 

– Тигип бүткөнчө мен карап турам, андан кийин сени ойготуп коём.

– Ой, жатканда уктай алат дейсиңби? – деп бала сыяктуу бышактады Варвара. –  Ильянын куусун карабайсыңбы, сыртта жыргап эч нерсе менен иши жок уктап жатат, а бул жерде эмне болсо ошо болсун. Мен кантип уктайм? Санаам санга бөлүнүп жатса. Сени менен эле олтура берейинчи.

– Кааласаң олтура бер.

– Мен тынч олтурам.

Ал кайра жанагы ордуна келип олтурду, үшкүрүп, кездемени кармалап көрдү, Люсянын кандай тиккенин байкап отурду.

– Бул көйнөгүңдү баары бүткөндө  ала кетесиңби?

– А эмне болду?

– Алып кетпесең мен алып калсамбы дегем.

– А сага мунун эмне кереги бар? Баары бир бул сага батпайт да.

– Мага эмес. Кызым чоңоюп калды. Ага чак болот.

– А эмне кызыңдын киерге көйнөгү жокпу?

– Ошо, жок десе да болот. Көйнөктөрү бар, эскирип калды да. А жаштар жасанганды жакшы көрүшөт эмеспи.

– Кара көйнөк менен жасанмак беле?

– Ал көп деле тандабайт. Жаанда кийе берсе болот. Жаанда гүлдүүнү кийип чыкпайт да.

Люся убадасын берди:

–  Кетип бара жатканда берем.

– Тай эжең берди деп айтам, – деди сүйүнүп кеткен Варвара.

– Айтсаң айт.

Сөздөрү бүтүп, Люся тиккенин токтоткондо Михаилдер жаткан бөлмөдөн кимдир бирөөнүн коңуругу угулду. Варвара тыңшап калды:

– Ким бул? 

– Коңурук катуулай баштаганда ал жиндене кетти:

 – Уятсыз. Уктай турган убакытты тапкан экен. Бу адамдарда уят деген неме жок тура. Дагы баласымын деп коёт. Ал унчукпай калды да, анан жалооруп жиберди:

– Жүрү, дагы бир жолу карап коёлучу, Мен жалгыз коркуп жатам.

Кемпир баягыдай эле жаткан: тирүүсү же өлгөнү билинбейт. Дене бою өлүп, бир гана көп жылдан бери тынбай согуп келе жаткан жүрөгү ошол күүлөнгөнү боюнча токтой албай, барган сайын солгундап кыймылдамыш болуп жаткансыйт. Бирок ал деле көпкө чыдай албасы көрүнүп турат. Балким, таң атканда баары бүтөттүр. 

Люся көйнөгүн тигип бүткүчө Варвара жаткан жок. Андан кийин Люся аны өзүнүн ордуна жаткызып, апасынын жанына кетти. Антпесе Варвара баары бир аны уктатмак эмес.

2

Өз кезегин алган таң супа салып, жердин бети акырындан агара баштады, бирок күн чыга электе эле дарыя тараптан коюу, көзгө сайса көрүнгүс жөө туман каптап кирип, айланада турган нерселердин бардыгын жутуп алды. Калың тумандын ичинен айылдагы уйлардын мөөрөгөндөрү, короздордун кыска кыйкырыктары, адамдардын бири-бири менен үзүл-кесил сүйлөшкөндөрү суудан секирип чыгып, кайра кирген балыктын куйругунан чыккансыган кыска жана басыңкы үндүү угулат, – ушунун баарын муздак ак бубак каптап алып, сунган колуңдан нары эч нерсе көрүнбөйт. Ансыз да жарык аз кезде, жөө туман ак таңдын өмүрүнүн бир үзүмүн уурдап, сокурлардай карайлоого мажбур кылды.

Кемпирдин үйүндө эң биринчи болуп Надя турду. Мурда аны уй саарда дайыма кайын энеси ойгото турган, Надя кээде кайын энеси керебетине олтуруп алып аны чакырмайынча, ойгоо болсо да турбай жата берчү. Мына азыр да көнүмүш адаты менен, азыр аны эч ким чакырбасын билсе дагы, кемпирдин кыйкырышын күтүп жатты. Албетте, ал кыйкырган жок, бирок саан маалы келип, желиндери чатырап ооруган уйдун тынымсыз мөөрөгөнү аны турууга мажбур кылды. Эсинен кайын энеси чыкпай, анын кандай абалда жатканын билбей, жаман кабар уккандан чочулаган Надя акырын кийинип, дабыш чыгарбай, жыла басып сыртка чыкты да, короого кирип мыкта илинип турган сүт сааган чакасын алды.

Андан кийин эрте ойгонуп көнгөн Варвара турду. Ал Надядан башкалары уктап жатышкандарын көрүп, жерде салынган төшөктө уктап жаткан Михаил ойгонсун деген ой менен, кайра-кайра катуу-катуу үшкүрүп, жөтөлүп көрдү. Бирок анын козголо турган түрү жок. Варвара тигинин ойгонбосуна көзү жеткенде, кайрадан үшкүрдү, бирок бул жолу атайылап эмес эле, өзү да үшкүрүп жибергенин байкабай калды; ал булардын баарын бирөө дубалап уктатып салганбы деп ойлой коюп, оюнан өзү коркуп кетти. Ал акырын туруп, жыла басып кемпир жаткан бөлмөнү көздөй жөнөдү да эшиктин алдына барып тык токтоду. Эшиктин ачып-жаап кире тургандай каалгасы жок эле. Ал ошол каалгасы жок эшиктен күңүрт тартып турган бөлмөгө киргенден коркуп, акырын баш багып көз жүгүрттү. Кемпирдин бети керебеттин кырынан көрүнгөн жок, бирок бир дене – өлүүбү же тирүүбү төшөктүн алдында жаткан, жакын барып караганга Варвара батына алган жок, ал ошол жерден кайра артка кайтты. Ал убакыт бар кезде короого чыгып, барчу жерине эрте барып алууну ойлоду.

Сырттан Варвара менен Надя чогуу кирди; Надя ашканага кирип сүтүн чыпкалай баштады, Варвара кетпей анын жанында карап турду. Үстөлдө кийим тигүүчү машине дагы эле турган. Надя шыбырап сурады:

– Түндө көйнөгүн тиктиби?

– Тикти, – Варвара да шыбырады. –  Майда-чүйдө жери калды окшойт.

Ал мындан ары чыдай албай:

– Жүрү, аны ойготуп көрөлүчү, Чыдай албай калдым – деп жалооруп жиберди.

– Азыр, сүттү чыгарып коёюн.

Варвара жип менен байланып калгансып Надянын артынан үйдүн кире беришине  чейин ээрчип барып, кайра келди, жанараак ал жакта Надянын колуна батпай калган банкадагы сүттү, Варвара көтөрө келгенди ойлобой бош келген экен, ошондуктан алар ал жакка дагы бир жолу барышты.

Акыры Надя иштерин бүтүрүп, колун суулукка аарчып, кемпир жаткан бөлмөгө баштап кирди. Люся уктап жатыптыр, анын уктап жатканы билинип турду, ал эми кемпир тууралуу минтип айтышка эч кимдин оозу бармак эмес. Надя кайын энесин карады да, дароо көзүн ала качты, а Варвара карагандан да коркуп, Люсяны жулкулдатып ойгото баштады. Люся чочуп ойгонуп, ордунан секирип турду, жасалма керебет анын буту тийип четке жылып кетти.

– Эмне? – деди Люся. –  Эмне болду? Варвара ыйлаганга даярданып калды:

– Билбейм. Өзүм да билбейм. Сен карачы.

Өзүнө келген Люся чачтарын колу менен сылап-түзөп алды да, олтургучтун жанында жаткан халатын алып кийип, энесинин жанына барды. Ал энесинин алсыз, арык колдорунан жашоонун белгилерин ажыратып көрө баштаган эле, жаңыдан эле анын билегинен алып өйдө көтөрүп бара жатып, бирок капилеттен түшүрүп жиберип теңселе түштү: кемпир күтүүсүздөн аянычтуу онтолоп барып унчукпай катып калды. Варвара бакырып жиберди:

– Апакем, апакем менин! Көзүңдү аччы, апаке!

Уйкусу ачыла элек Михаил дамбалчан жүгүрүп кирди.

– Жаның жай алдыбы? Ох, апа, апакебайым… Володькага телеграмма жибериш керек.

– Сен эмне!? –  Надя аны токтотту. –  Сен эмне деп жатасың?

Люся, энесинин тамырын кармап көрүп эс ала түштү:

– Тирүү.

– Тирүүбү!? –  Михаил Варвараны карап ачуулана кетти: – Сен эмне жинди болуп, ал өлүп калгансып бакырасың? Бар сыртка чык – Нинканы ойготосуң!

Жөндөн-жөн эле ызы-чуу кыласың да.

– Тынч! –  деп буюра сүйлөдү Люся. –  Баарыңар ары баргыла.

Өзү Надя картошка кууругуча жаңы көйнөгүнө шаардан ала келген топчуларын тагып, бүчүлүктөрүн бүтүргөнгө үлгүрдү.

Варвара көзүнүн жашын чала-була аарчып, ыйлактап барып мончодогу уктап жаткан Ильяны түрткүлөп ойготту:

– Апабыз тирүү, апабыз тирүү.

– Тирүү болсо эмне ойготосуң? – деп, ал жактырбай кобуранды:

– Сага айткым келди. Сени сүйүндүрөйүн дегем.

– Уйкум канганда деле айтсаң болмок да, таң агара электе ойготосуң,

– Кайдагы таң, түш болуп баратат, сыртта туман басып турат.

Туман көпкө чейин, саат он бирлерде кандайдыр бир күч өйдө айдап кеткиче каптап турду. Күн жаркырап чыга калганда айлананын кабагы ачылып, жыргап, күлүп жибергендей болду. Сентябрь келип калса да күздүн белгилери алигиче жок эле, картошканын сабагы дагы эле жапжашыл боюнча турган, токойдогу айрым бир бутактар гана күндүн нуруна какталып, жаңы бышып бара жаткандай сыяктуу, бариктери саргыч тартып, четинен күбүлө баштаган болчу.

Акыркы жылдары жай менен күз орундарын алмашып алгандай: июнь, июль айларында күндө көз ачтырбай жаан жаап, андан кийин октябрь айына чейин күн чоктогу көмөч казандай кызарып турат, кызарганы го жакшы, Бирок өз убагында болбой жатпайбы. Картөшкөнү качан казышты билбейсиң: мурдагы эсеп менен казууга убакыт жеткенсийт, казайын дейсиң, Бирок аба-ырайы жакшы болуп турганда картөшкө дагы бир аз кабыгы катып, чоңоё түшсө деп ойлойсуң, – жайында сууга чыланып жатса кайдан чоңойду дейсиң. Казбай күтө турсаң аба-ырайы бузулуп калса, эзилген муздак ылайдын арасынан эр болсоң терип көр. Кайдан табарын, кайдан жоготорун эч бир жан билбейт. Чөп чабыкта деле ошол: эрте чаап салып, тынбай жааган жамгыр кургатпай, чөбүн чиритип жибергени бар, жамгыр басылганда чабам деп, күчүн аракка чыгарып жүрүп, жыйнай албай калганы бар.

Аба-ырайы да акылынан ажырап, алжып калган кемпирдей болуп, эмнеден кийин эмне келерин унутуп чаташтыра баштагансыйт. Эл муну дарыянын баарын ар кай жеринен тосуп, көлгө айлантып салышканынан көрүп жүрүшөт, ким билет, балким анын да чындыгы бардыр.

Надя жаңы эле казып келген картөшкөнү кууруп келип, аны менен кошо чуңкур табакка салып, туздалган сары козу карын койду, козу карынды көргөндө Люсянын көздөрү жайнай түштү:

– Козу карын! Кадимки сары козу карын! Ой, мен бул дүйнөдө сары козу карын бар экенин да унутуп коюптурмун, – жүз жыл болду го жей элегиме. Көргөн көзүмө ишенбей турам.

– Сары козу карын – ооба, бул ошондой,  Илья да таңдайын такылдатып жиберди.

– Бул силерге жөн эле болбогон нерсе эмес. Сары козу карын менен бирдеме болгондо... –  Ооба, ошондой!

– Кечээ эмне берген жок элең? – деди Михаил Надяны жемелеп.

– Ичкилик менен сонун болмок. А мындай жегендин кызыгы деле жок.

Надя, конокторунун ойдогусун тапканына кубанып, жүзү албыра түштү да, түшүндүрө кетти:

– Кечээ эле алып чыксамбы деп ойлогом, бирок тузу жакшы сиңе элекпи дедим, туздаганыма  аз эле күн болгон. А эртең менен барып ооз тийип көрсөм, жакшы эле болуп калгансыйт. Дасторконго коё берейин, каалагандар болсо жешет да деп ойлодум. Жагып жатса, тартынбай алып жеп олтургула.

– Тыякта дагы калдыбы?

– Бир аз бар. Тергенге убакыт жок, терген киши да жок. Элдин баары терип келип жатканда, кошо барсам деп ойлоп коём, ана-мына деп көр тирлик менен алпурушуп жүрүп эле чыгынбай калам. Быйыл жайында эптеп эки жолу бардым, анда да алыс бара алган жокмун.

– Биздин үйдөгүлөрдүн ичинен Татьяна сары козу карын тергенди жакшы көрчү, – деп эскерди Люся. –  Ал анын кай жерлерде көп өсөрүн жакшы билчү. Бир жолу аны жаныма алып баргам, кичинекей эле кыз болчу, мен тегерегимди карап, кайдан издейм деп ойлонгуча, ал заматтын ортосунда чакасын толтуруп алыптыр. Андан “кайдан тердиң?” —десем, ал “Ушул эле жерден” – дейт. “Эмнеге сен көргөндү мен көрбөйм?” – десем, “Билбейм” – дейт. “Сен мурда эле терип бир жерге катып койгонсуң го, мага далилдеш үчүн” – дегем. Ал таарынып, кетип калган. Ошентип, экөөбүз эки бөлөк келгенбиз. Ал бир чака толтуруп келген, а меники чаканын белине да жеткен эмес эле.

– Ал тергенде тандап терчү, – деп түшүндүрө баштады Михаил. –  Кичинекейлерин тербей таштап кетет, а эртеси келгенде ал чоңоюп калат. Бир көргөн жерин адашпай таап барчу. Аны менен мен көп бардым. А мага эмне, эртерээк терип, үйгө кетиш керек да, көзүмө көрүнгөнүн тере баштайм. Бир жолу кичинекейин үзүп ала коём деп, балээсине кала жаздагам. Мен болсо карагайдын түбүндө өсчү козу карындарды тергенди жактырчумун, алар топ-топ болуп бир жерде өсүшөт, идишиң заматта толот.

– Баарыбыздан Илья көп чогултчу, – деп күлдү Люся. –  Чакасынын белинен өйдө чөптөн жулуп толтуруп алат да, үстүнө бир эки катар козу карын салып койчу. Чакасы топтолтура болуп эле жатып калчу.

– Андайлар да болгон, ооба, ошондой, – деп жыргап койду Илья.

– А апам бизди Өйдө-сууга жапайы пияз терип келгиле деп жибергендери эсиңердеби? Ал жерде бир саз бар эле го, пияз саздагы өңгүл-дөңгүл жердин үстүнө өсчү эмес беле. Капты кургак жерге жайып коюп, дөңчөдөн дөңчөгө секирип жүрчүбүз. Кимдин тергени көп деп жарышчубуз, кээде бири-бирибизден уурдайт элек. Сарымсакты ошол Өйдө-суунун тушундагы аралга сүзүп барып терип келчүбүз...

– Карагайлуу, – деп эсине салды Михаил.

– Ооба, Карагайлуу. Ал жер колхоздун чабындысы эмес беле, чөп чабыктын убагында айылдын баары ошол жерде боло турган. Ал жакка сүзүп барган учурлар эсимде: күн ысык, жөргөмүштөр тызылдатып чагат, чачыңа, коюнуңа чөптүн кыпындары шыкалып калар эле...

– Жөргөмүш эмес, көгөн дебейсиңби, – деп бурк этти Варвара. –  Жөргөмүш бурч-бурчтарга желе тартат, алар чакпайт.

– Балким көгөндүр. Бирок  анын аты баары бир башка, аны биз жакта эле ошентип коюшат. А биздин чабындыбыз башка аралчада болчу… кандай аталчу эле, азыр эстейм. Жанагы, жыгачка окшогон ат болчу..

– Кызыл карагай.

– Ооба, ошондой болчу. Ал жакта карагат деген шумдук көп эле! –  шагы ийилип турчу. Жей берип тилиң көпкөк болуп, ачышып, тишиң камалып калчу. Мөмөсү тим эле бармактын башындай болуп, даамы да сонун эле. Бир саатта чакаң толчу. Азыр деле көп болсо керек ээ?

– Ж-о-о-к, кайдан! –  деп колун шилтеди Надя. –  Эч нерсе жок. Леспромхоз болгону баарын кыркып бүтүрүштү. Кечке издесең андан-мындан болуп, бир аз терип жейсиң...

– Ой, кандай өкүнүчтүү!

– А черемуха кандай көп эле! –  алар да бүттү. Мал тебелеп салды, адамдар эч нерсени аябай калышты.

– Бул эмне кылганыңар?

– Ким билсин эмне болуп баратканын! Көзүнө көрүнгөндүн баарын улуп-жулуп кетишчү болду, сабагын көрсө сабагы менен, түбү менен жулуп кетет.

– А сары козу карындар бар дедиңби? – деп тактай кетти Люся.

– Бул жылы жакшы болду. Элдер жакшы эле жыйнап алышты.

– Жок дегенде сары козу карынга барыш керек экен.

– Козу карынга барсаң болмок, телеграмма урдурбай келсең, – деп тийише кетти Варвара.

Люсянын ага жини келип кетти:

– Варвара, сени менен сүйлөшүп болбойт ко. Ким эмне десе деле, сага жакпай, беттен аласың. Улуу болсоң эле кагып-силке берсең болобу? Бир сөздү жөн өткөзбөй эле кергиштей бергендин эмне кереги бар?..

– Ой, эч ким сага кергиштеген жок, мага эмне асыласың.

– Мен эми буга асыла баштаптырмын да!

– Анан менби?

– Тамактан алгыла, – деп сөзгө аралашты Надя. –  Картөшкө муздап калмай болду. Муздап калса даамсыз болуп калат. Сары козу карынды кечке мактап жатып жебей койдуңуздар го. Алыңыздар, түшкү тамакка чейин дагы көп бар.

– Татьяна келе турган маал болуп калды. Камданалы.

– Ии. Түшкө чейин келип калат, ошондой.

– Райондо болсо андан эрте келет.

– Биз менен чогуу жаткандан жийиркенип, чоочун бирөөнүкүнө жатып калса керек да, – деп алдын ала күңкүлдөдү Варвара.

– Ал силердин даректи билеби?

– Мен аны кайдан билейин? Ал бизге же жазбаса.

– Ал анда кантип табат?

– Мурда ушул жерде болгон да, эсинде бардыр.

– Жок, Татьяна, эгерде районго келип түнөсө сөзсүз келет, – деди Михаил. 

– Татьяна бой көтөргөндү билбейт. Жөнөкөй жүрөт.

– Мурда жөнөкөй болчу, эми кандай болуп калганын ким билет, – деди өз оюнан кайткысы келбеген Варвара. –  Канча жылдан бери келе элек.

– Ал баарыбыздан алыс турат, ал жерден келиш оңой дейсиңби.

– Аны ким алыс кет дептир? Сөзсүз эле аскер адамы болгусу келсе, алар азыр бардык жерде бар, жакыныраак жерден кызмат тапса деле болмок. Томолой жетим сыяктуу бир кеткен боюнча, кайда туулганын, кандай тууганы бар экенин унутуп, атам тааныбаган жерде темселеп жүрөт.

Люся айласыздан башын чайкады:

– Биздин Варвара менен талашпай эле койгон жакшы. Аныкы дайыма туура.

– Чындыкты айткан кишини жактырбайсыңар да.

– Көрдүңөрбү. –  Люся үстөлдөн туруп, ыраазычылыгын билдирди:

– Рахмат, Надя. Сары козу карыныңды ырахаттанып жедим.

– Коюңузчу, сиз көп деле жебей койдуңуз го, рахмат айтчу деле эч нерсе жок.

– Ой жок, мага ошол эле жетиштүү. Ашказаным мындай тамакка көнбөй калыптыр, сиңире албай калам деп коркуп жатпаймынбы.

– Сары козу карын ичти албайт, – деди Варвара. –  Ашказанга анын зыяны жок. Мен муну жакшы билем, балдарымдын ичин сары козу карын бир да жолу алган жок. Ал бул жолу кергиштеп тийишпей сүйлөөгө аракеттенди. Ал Люсянын эмне үчүн аны жатырбай булкулдап кеткенине түшүнгөн жок, анан инилеринен:

– Буга эмне болду? – деп сурады.

– Ким билет.

– Дудук эле болуш керек.

– А сен аны менен шаардыктарча, интеллигентче сүйлөш, корсулдабай, – деп шылдыңдай сүйлөдү Илья.

– Шаарда өмүрүмдө бир жолу болсом, мен шаардыктарча сүйлөгөндү атамдын башына билмек белем, ал деле айылда эле туулуп, айылда эле өскөн, мени менен бир жолу айылдыктарча сүйлөшүп койсо өлөбү.

– Балким ал унутуп калгандыр.

– Ал унутса, мен үйрөнө албасам – эмне, эми таптакыр эле сүйлөбөй эле коёюнбу?

Чай ичишкенден кийин Михаил менен Илья сыртка тамеки чеккени чыгышты.

Күн сапарын улантып, тумандуу асманды аралап, уламдан улам арылайт, адамдын көзү көгүлтүр тартып, тарам-тарам болуп созулган сулуу асмандын чексиз түбүнө жетпей адашып, анын жакыныраак жеринен токтоп, эс ала тургандай таяныч издейт.

Күндүн нуруна оронуп эркелеген токой, жашыл түскө боёнуп, төртүнчү капталын дарыяга калтырып, үч капталы менен айылдан нары көздөй кеңейе баштады.

Короодо тамекисин чегип турушкан бир туугандарын көз алдында айылдын күндө болуп жүрчү турмушунун бир үзүмү тартылды: бирөөлөрдүн буйругу менен эмес, өз билгендериндей, кереги жок болсо дагы, жөндөн-жөн эле кукулукташкан  тооктордун үндөрү, жаш балапандарын чыйпылдашкандары, күндүн жылуусу жонунан өтүп, тосулган кашаанын казыгына жөлөнүп ырахатка батып оонап жаткан камандын чаңырыгы угулат.

Үйдөн уйкулуу көзүн ушалап Нинка чыкты; көзүнө тийген күндү кичинекей алаканы менен тосуп бир аз турду да, көзү жарыкка көнө түшкөндө зыңкыйта жыйылган жарылган отундардын үстүнө чыгып олтурду. Бир аз олтургандан кийин аркасынан өтүп кетем деген тоокту колдорун серпип кубалайм деп, жыйылган отундун четинен байкоосуздан сыйгаланып, кичинекей жылаңач көтөнү менен жерге шыпырылып түштү.

Михаил ага карап кыйкырды:

– Нинка, билип кой, азыр кармап алып, кулагыңды жерге жеткиче чоём. Мен сага канча айтам, алдагы отундан алыс ойно, куласа басып калат! Нинка жашынып алып, ызалуу үнү менен актана баштады:

– Тооктор чокуп жатпайбы.

– Сага тоокту көргөзөм азыр.

Айыл таңкы жуунуп тарануудан кийин жай ала түштү: жумушка кетчүүлөрү кетишти, кожойкелер малдарын жайлап коюшуп, үй ичиндеги ызы-чуусуз тынч тиричиликтерине киришти, а көчөлөрдү шаңга бөлөшкөн майда балдар алигиче уйкуларынан туруша элек – анда-мында гана көнүмүш үндөр: анда-мында малдардын маарап-мөөрөгөндөрү, дарбазанын кыйчылдап ачылганы, кайсы бир адамдардын дабыштары угулганы болбосо, көчө тынч, – ал эми угулуп жаткан үндөр бирөөлөрдүн тыңдап, угушу үчүн эмес, бул жерде жашоо токтобой, тирүүчүлүк өкүм сүрүп жатканынан кабар берип турушу үчүн болчу. Бул тынчтык, дабыштарды да, ар кандай кыймылдарды да жоошутуп, чайыттай ачык асмандан төгүлүп турган жылуулук менен жуурулушуп, өсүп турган дарактарды муздак түндөн кийин унчукпай, жылуу мээримине бөлөп, бийиктикти карай умтултуп, көкөлөтүп өстүрүп турду.

– Апабыз ак көңүл, бирөөгө жамандыгы жок адам эмеспи, – деди Михаил, эркелетип жылуу кучагына азгырып тартып турган тынчтыкка көңүлү эргип. –  Анын пейилине жараша күндүн мемиреп турганын карачы. Ар кимге эле мындай боло бербейт.

– Аба-ырайы сонун болуп турат, ооба, ошондой, – деп ага кошулду Илья.

– Эмнеси болсо да дүкөндө бар кезинде агынан алып коюшубуз керек. Эртең айлык келсе, талап кетишет, анан издеп олтур.

– Арактыбы?

– Ооба. Агынан. А жанагы кызылын мен жакшы көрбөйм. Анын бары жогу мага баары бир. Аны ичкендин эртеси башым сынып ооруйт. Ичкендин эртесин ойлогондо Ильянын бети-башы тырыша түштү.

– Керээлден кечке кыйналып жүрөсүң, ооба, ошондой. –  Баары бир, аялдарга да алыш керек деп ойлойм.

– Бир аз алсак жетет. Көп алып алганда эмне? Азыр аялдар деле аны көп ичпей калышкан. Көбүнчө алар деле биз ичкенди ичип калышкан, ооба, ошондой.

– Бул жактан да тең укуктуу болобуз дешкениби?

– Ооба.

Алар бири-бирин жакшы түшүнүшүп жылмайып коюшту, бирок тең укуктуулук жөнүндө көңүлдүү аңгемени улантуучу мезгил эмес эле, ошондуктан ал сөздү токтотушту. Илья суроо узатты:

– Канча арак алалы?

– Билбейм, – деп ийинин куушурду Михаил. –  Бир жашик алыш керек го. Эгерде, көзү жумулуп кетсе айылдын теңи келет. Айылдын теңи сөзсүз болот. Жетпей калса уят болобуз, апабыз сараң эмес болчу.

– Бир жашик керек болсо алалы, ооба, ошондой.

– Сенде канча акча бар?

– Элүү сом бар.

– Мен азыр Надядан алам. Жетет.

– Аялдардан сурайлыбы?

– Варварадан миң сурасаң да анда акча жок. Люсядан сураса болот, анын акчасы көп болуш керек. Берсин да ал деле. Аны деле багып алган эмес, өзү төрөгөн, бөлүп салсак таарынып калышы да мүмкүн.

– Азыр эле бара берелиби?

– А кимди күтмөк элек? Мен азыр Надяга барып келейин, анан кеттик. Жок, бүгүндөн калбай алыш керек, эртең айлыкты алып келишет, сөзсүз жок калат. Мен билем да, бизде дайыма ошондой. Кичине кечиктиңби, суу иче бер. Башка убак болсо да жөн эле, а бизде ушундай болуп жаткандан кийин, шерменде болобуз. Апабызды татыктуу узатышыбыз керек. Ал биз үчүн эмнелерди гана көрбөдү. Михаил ордунан биринчи козголуп, мындан ары эмне кылыштын болжолун айтты: 

– Кел мындай кылалы, бизде бир аз акча бар болуш керек, мен Надяга барайын, сен Люсяга барып айт, үй ээси катары менин сураганым туура эмес болуп калат. Биз өз убагында ойлондук. Алыш керек, күткөнгө болбойт.

Көп өтпөй алар ичкиликке болгондо да, аны көп, бир киши көтөрүп кете албагандай санда алганы жатышкандарына делебелери козголуп жөнөп калышты. Дүкөн анча деле алыс эмес эле, айлыктын алдында эч ким жок ээн болгондуктан, ал жерде көпкө кармалышкан жок, бири-бирине тийишип шыңгыраган бөтөлкөлөрдү жашиги менен көтөрүп келишип кампага киргизишти.

– Мына, – деди санаасы тынган Михаил, – эми бул ордунда турганда көңүлүбүз ток. Тура берсин, мындан зыян жок. А тиги, портвейнди каалаган убакта алса болот, аны сураган киши деле жок, жыйылып турат.

Аңгыча үйдөн бакырып ыйлаган Нинканын үнү чыкты, Михаил эшикти ачып кызына кыйкырайын деп ойлогон, бирок аны үч аял тегеректеп алыптыр, ал токтоп тыңшап калды.

– Ал өзү-ү, –деди Нинка үнүн басаңдатпай.

– Ким? Өзү дегениң ким? – деди кызды сооротууга аракет кылган Люся.

– Мен эмес а-а. Ал өзү-ү…

– Ой, айтпайсыңбы ким ал? Сен сүйлөгөндү билесиңби?

– Ал биринчи көзүн ачты, мени өзү көрдү…

– Анан эмне болду?

– «Өзү көйдү», – деп анын тилин туурады Надя. –  А мен эмне анын чемоданына жабышып ача албай жатканыңды көрдүм? Сага ким уруксат берди? Ал жактан эмне издедиң?

– Ал мага өзү көргөздү! –  деп кыйкырды Нинка. –  Көрбөй эле айта бересиңби.

– Апаң менен ушинтип сүйлөшкөндү кимден үйрөндүң? Карасаң муну, азыр апаң менен кантип сүйлөшкөндү үйрөтпөсөмбү.

– Токтой турсаң, Надя, – Люся аны токтотуп, кайрадан Нинкага эңкейип сурады

– Ал каякты көргөздү?

– Кайда… кайда… Керебеттин астын. Надя түшүндүрө кетти:

– Апам момпосуй алдырып, чемоданына салып коюп, Нинкага берип турат.

– Ал сага кантип көргөздү? – деп сурагын улантты Люся. –  Кана жакшылап айтып берчи. Кантип көргөздү? Бол айт?

– Мен аны карадым, ал мени караган жок, анан көзүн ачып ал дагы карай баштады. Анан көргөздү.

– Ал сүйлөгөн жокпу?

– Жок.

– Ой, кудайым-ай, – деп катуу үшкүрүп алды Варвара. –  Кандай адам болор экен?

– Бул калп айтчу эмес эле, – Михаил  Нинкага болуша кетти. –  Анын мындай өнөрүн көрө элекпиз. Балким, апам чынында эле көзүн ачкандыр. Нинка ошол кезде жанына барып көрүп калгандыр.

Бүгүнкү күн башка күндөрдөй болбой, боюна бир сыр катылган сыяктуу, ал сыр балким кемпирдин пейилине жарашадыр, – жумшак, назик күн так айылдын, айрыкча кемпирдин үйүнүн үстүнө тегиз нурун чачып жадырап төгүлүп турду. Чак түш болоюн деп калса да ошол калыбынан жазбай, бирөөнүн тынчтыгын сактагандай, мемирейт. Таңдан бери, асман ылдыйлап төмөн түшүп, күтүүдөн, бир аз ойго баткансыйт. Сентябрь айындагы күндөрдү да жаш деп айтууга болбойт, жаздан бери алар көп эле окуялардын күбөсү болушкан, а бул күндүн билбеген эч нерсеси жоктой, балким кемпирге жардам бергиси келип, аны тыгылып чыга албай калган катаал абалынан байкатпай ары же бери түртүп койгусу келип жаткандыр.

Михаил менен Илья аракты киргизип коюшуп, эми эмне кылаарды билбей жүрүштү: башка иштер бул ишке салыштырганда жарыбаган бир нерседей сезилип, ар бир мүнөт алардын жан-дүйнөсүн аралап өтүп жаткан сыяктуу, жандарын коёрго жер таппай кайсалакташат. Татьянаны кеп кылышты, эмдигиче он жолу келип кетсе болмок, ал алигиче жок дешти. Михаил Иьянын качан жумушка чыгарын сурады, ал бир нече күнгө суранып келгенин айтты – сөздөрү кургак, көңүлсүз чыгып, андан ары уланбай өчүп калып жатты.

Бир туугандар азыркы шартта бардыгына маанилүү нерсе күтүү экенин түшүнүп турушту, бирок күтүүнү да түрлүү өткөзсө болот эмеспи, алар барган сайын кандай олтурабыз, убакытты бекер өткөзүп жаткан жокпузбу? – деп тынчсыздана башташты. Өлүм алдында жаткан апасы жөнүндөгү ой эстеринен чыккан жок, бирок ошол эле ой аларды катуу кыйнай баштады: жасачу нерселердин баардыгын жасап коюшту, – бири кабар берди, экинчиси кечикпей келди, аракты чогуу алып коюшту, – эми калган нерселердин бардыгы апасына же башка бир белгисиз нерсеге байланыштуу болчу. Эми алар эмне кыла алышат эле, – чынында эле, жатканга даяр эмес кишинин мүрзөсүн казышмак беле!

Алар дайыма иш үстүндө болушчу, а азыр кыларга иштери жок, анткени чоң кайгы босогодо турганда, башка иштер менен алек болуу жаман жоруктардын катарына кирчү, ал эми кайгынын өзү азыр келе албай күттүрүп жаткан.

– Карасаң, – деп кайрадан сөз баштады Михаил. –  Түбөлүккө жашабасын билебиз, кетерине аз калганын да билебиз. Ойлоп көрсөк моюн сунуп көнүп калышыбыз керек эле, бирок баары бир жүрөк ачышат.

– Башкача да болмок беле, – деп койду Илья. –  Энебиз да.

– Энебиз… бул туура. Атабыз жок эле, эми апабыз бизди таштап кетип жатат, болду, мындан ары жетимбиз. Кичинекей эмеспиз, бирок жетим калдык. Айталы, апабыздын колунан эчактан бери эч нерсе келбей калган эле, Бирок ал бар үчүн көңүлүбүз ток болчу, аны узатмайынча бизге кезек келбейт деп ойлочубуз, ал бизди өлүмдөн коргоп турчу. Эми кезек бизге келди деп ойлой бер.

– Ал жөнүндө ойлоп эмне кереги бар? Ойлойсуңбу, ойлобойсуңбу баары бир…

– Кереги деле жок дечи, ошондо деле. Ачык жерде тургансып, бардыгы сени тикирейип карап жатышкансыйт. Михаил тармал чачын өйдө силкип алды да бир топко унчукпай калды.

– Балдарымды айтсам... Чоң энеси барда аларды наристе сыяктуу көрөсүң, а өзүңдү дагы эле жаш сезесиң, мына эми ал өлүп калса, балдар сени көчүгүңдөн алдыга түрткүлөй башташат. Алар, иттин балдары, өсүп бара жатышпайбы, токтото албайсың аларды.

Михаил сүйлөп бүтө электе Надя жүгүрүп чыкты, башкача бир үн менен аларды карап:

– Эркектер, тез келгиле. Болгула - деп кыйкырды

– Ой эмне болду?

– Апам…

Алар жеткиче кемпир кайра эсин жоготуп коюптур, ага чейин ал бир нерселерди сүйлөгөн экен, бирок эмне деп сүйлөгөнүн түшүнө албай калышыптыр, Люся менен Варвара жүгүрүп келишкенде көздөрү ала-чакмактап барып кайра жумулуптур. Анын ички дүйнөсүндө бир нерсе өзгөрө баштады, өзгөрүш анын жүзүнөн байкалып турду: коркунучтун изи да калбай, акыркы калган күчүн жыйнап, көздөрү жумулуу боюнча кимдир бирөөгө көз кысып жаткансыйт.

Алар энесин тегеректеп, эмнени ойлошорун, эмнеден үмүт кылышарын билишпей, аны коркуп карап турушту, бирок ал коркуу мурда шаарда жана айылда боло жүрчү коркууларга такыр окшош эмес эле, анткени ал баарынан коркунучтуу болчу жана өлүмдүн өзүнөн чыккан эле, эми ал мында тургандардын жүзүн байкап, экинчи унутпай эсине сактап жаткандай туюлду.

Болуп жаткан нерсени көрүп туруунун өзү коркунучтуу да: качандыр бир убактарда бул баарынын башына келмек, ошондуктан, алардын ою боюнча бул бир көрсөң өмүр бою эстен кетпей турган, аны таптакыр көргүлөрү келбеген, ошентсе да аны карабай таштап, бурулуп басып кете албай турган нерсенин дал өзү эле.

Андан тышкары, ал алардын энесине келип, ошону менен эле өзүнүн кылган ишине алымсынбай, аларга да ашыкча көңүл буруп кетишин каалашкан жок. Ошондуктан алар орундарынан жылбай турушту.

Кемпирдин көздөрүнө бир нерсе урунуп жаткансып тез-тез ирмеп алып, аны ачууга аракет көргөнсүдү, Бирок көздөрү дароо ачылбай, кыйналып барып ачылымыш болду, кирпиктери жарыкка жан далбастап жармашып, аны кармай албай шыпырылып барып кайра жабылды. Бир нече мүнөт тынч туруп, кайрадан кыймылга кирди, акырындап ачыла баштады, бул жолу анын күчү көбүрөөк эле, анан ал алсыз жарыктан бир нерсени көргөнсүдү, ал нерсе да өтө чабал жана тунарган элес сыяктуу эле; кемпирдин жүзүндө айла кетүү менен катуу оорудан жаралган сезимдердин күрөшү жүрүп жатты, ал көзүн ирмеп ал сезимдерди кууп салгысы келип, бирок кууй алган жок, анан көзү акырындап барып жумулуп калды, балким өзү да... Бирок кемпирдин көзүнө көрүнүп жаткан нерсе, аны коё бергиси келбей, – ага анын алигиче бул жашоону таштай электигин эсине салып, ал азыр өзүнүн кайда экенин, акыл-эсинин ордунда экенин текшерип алууга чакырып жаткансыды; кемпир болгон күчүн жумшап акырындап көзүн ачты, ооба – ал тегеректеп турган балдарын тааныды, – ал эми унчукпай коё албайт эле, анын көөдөнүнөн алсыз үндөр чыга баштады, Бирок ал үндөр адамдын үнүнө караганда тооктун кукулуктаганына көбүрөөк жакын  болчу.

Варвара алаканын шак чаап алды да, кыйкырып жибере жаздап, колу менен тамагын баса калды.

Кемпир жашоого болгон акыркы күчүн жумшап күрөшүп жаткандай, көздөрү аргасыздан жумулуп, өпкөсүн кагып, жамынган төшөгүнөн бери кыймылга келип барып басаңдады, бирок дем алганын токтоткон жок.

Алар, ушул кемпирдин уул-кыздары экендиктерин, дүйнөдөгү эң кымбат адамынан ажырап жатышкандарын, ажал тартуулаган тоодой кайгы аларды жакын арада таштап кетпесин өзгөчө бир курч сезим менен сезишип, аны да аяп, өздөрүн да ого бетер аяп турушту.

Анан да, алардын ар бири, апасынын акыркы саатында анын уул-кызы катары жанында болушуп, өз милдеттеринен кутулуп жатышкандарына, ошонусу менен бул жашоодо энесинин астында гана эмес, адамдардан жогорку турган бир улуу күчтүн алдында өтө маанилүү парзын аткарып жатышкандарына корстон болушуп, кандайдыр бир мурда болуп көрбөгөн ачуу сезимди баштарынан өткөзүп жатышкан. Бул коркуу менен жоготуунун аралашмасы эле, баарыдан да алардын тынчын алган кыйналып өлүп бара жаткан апасын карап туруп, адамдар көрүүгө тыюу салынган нерсени байкабай көрүп алышкандай сезим болчу, баарынан да бул нерсенин тез эле аякташын каалап жатышкандарына өздөрү ишенбей турушту.

Кемпир дагы эле дем алып жатты.

Илья чыдай албай Михаилге бир нерсе деп шыбырады, кемпир ушул шыбырды уга койгонсуп кайрадан көзүн ачып, балдарын айланта карады. Ал ыйлагысы келип, бирок ыйлай алган жок, көзүнүн жашы эчак соолуп калган эле. Анын ордун Варвара толуктады, ал үнүн катуу чыгарып ыйлап жиберди,  үнү кемпирге кадимкидей дем берип, эсин жоготпой турду; ал сүйлөгөнгө дарманы жок эле, ошентсе да эң жакшы көрүп оозунан түшүрбөй жүргөн аттарды араң-араң угуза айтканын угушту.

– Лю-ся, – деп жатты ал кыйналуу менен. –  Илька. Вар-ва-ра.

– Биз бул жердебиз, апа, – деди Люся жооткотуп. –  Жатыңыз. Биз жаныңдабыз.

– Апакеба-ай-а! –  деп бакырды жашын тыя албаган Варвара.

Балдарынын үнү кемпирди акыркы жолу кубанычка бөлөп жаткан, ал кубанычы анын кыйналуусун унуттуруп салгандай болду. Ал аларды тиктеген боюнча кайдадыр бир тереңдикти көздөй улам арылап чөгүп бара жатты.

Капыстан аны бир нерсе токтоткондой, эсине келе калып, көздөрү менен бирөөнү издеп кирди. Варваранын ыйы ага тоскоол болуп жатканын сезе коюшуп, аны токтотушту.

– Таньчора, – деди кемпир шыбырап.

Апасы Татьянаны ушинтип эркелетерин эстешип, бир туугандар биринен сала бири жооп берүүгө ашыгышты:

– Ал келе элек.

– Мына-мына келип калат.

– Жетейин деп калды.

Кемпир түшүндүм дегенсип башын ийкемиш болду. Жүзүндөгү санаркоонун изи жоголуп, көздөрүн жумду. Ал кайрадан алыстап кетти.

Алар Варвараны калтырышып сыртка чыгышты, ал дагы эле ыйлап олтурду, анын ыйлаганы эч кимге тоскоол болгон жок, Тескерисинче, ал басылып калса өздөрүн кайда коюшарын билишпей жаман болушмак.

3

Муну шумдук дейбизби же башка бир нерсеби аны эми эч ким айтып бере албайт, бирок балдарын көргөндөн кийин кемпир жакшы боло баштады. Ал дагы эки-үч ирет эсин жоготуп, түпсүз караңгылыкка кулап барып, кайра келип, онтолоп жатып көзүн ачты: балдарын чын эле көрүп жатабы же көзүнө көрүнүп жатабы? – дегенсип жалдырайт. Балдарынын бири сөзсүз жанында болуп, ал көзүн ачар замат калгандарын чакырып чогула калып жатышты, — ал аларды таанып, аларга эреркеп ыйлагысы келип, бирок ыйлай албады. Акыркы жолу эсине келгенде бул аракети оңунан чыгып, өзүнүн чыккысы келбей жатып аргасыз, кыйналып-кысталып жатып чыккан, араң-араң эле угулган алсыз үнүн уккансыды.

Акырындап кемпир өзүнө келе баштады, андагы өмүрүнө керектүү нерселер биринин артынан бири калыбына келип, жашоо үчүн күрөшүн улантууга бел байлай баштады. Кечке жуук ал кадимкидей боло албаса да, Надяны чакырып андан тамак сураганга жарап калды:

– Мага кичинекей Нинкага бышыргандай ботко бышырып берсең. Акшак ботко. Суюк болсо.

– Буудайдын акшагынанбы?

– Ооба. Ошондон. Тамакты нымдагандай. Суюк кылып.

Үй бир заматта кымгуут боло түштү. Кудай жалгап, Надяда буудайдын акшагы бар  экен, бирок эртең мененки бойдон от жагылбай меш муздап калыптыр, электр плиткасына эле бышыра коёлук дешип, кампадан издеп жүрүп таап келишсе, кашайып жарыкты алигиче бере элек болуп чыкты.

Михаилди короодогу кемегеге от жакканга жөнөтүштү. Люся менен Варвара талаша кетишти. Варваранын боткону чөңкө казанга бышыралы дегенине Люся каршы чыкты. Анын ою боюнча көп бышырып эскиртип алгандан көрө, аз-аздан улам жаңы бышырып берген дурус экен; А Илья Михаилдин жанында кубанганын жашыра албай кудуңдап жүрдү:

– Көрдүңбү? Апабыз кандай?

– Бул биздин тукумубуздан, – деп коштоп койду Михаил. –  Биздин тукумду көргө тыга коюш оңой эмес.

– Ботко жейм дегенин айтсаң, – ии, ошондой. Көрдүңбү? Чынында, мен бүттү го дегем. А аны карабайсыңбы: ботко жейм, ботко бышыргыла дегенин айтпайсыңбы! Курсагы ачыптыр да. Муну кара!

– Кемпирлер негизи узак жашашат. Канчалык карыса ошончолук көп жашайт – ушуну билип кой. Кан-сөлү жок, териси менен сөөгү калса да жатып калышпайт. Күчтү кайдан алышат, ким билсин.

Илья дагы эле кубанычын жашыра албай кудуңдайт:

– А биздин апабызчы! Мындай болот деп ким ойлоптур! Экөөбүз аны көмгөнгө даярданып арак камдап жүрөбүз, ал болсо: “Токтой тургула, – дейт, – менин кымбаттуу уул-кыздарым, мен дейт, ботко жегим келет, мага ботко бергиле, боткосуз мага болбойт” деп жатпайбы. Ал жыргап күлүп, кайталап жатты: “Ботко бергиле, мен боткомду жеп бүтө элекмин”

– Алы кетип калды, – деп койду Михаил олуттуу. 

– Анан эмне, канча күндөн бери оозуна бир күкүм да албаса. Ким болсо да дарманы кетпейби.

Кашык-табактарын ала чуркашкан аялдар кичинекей мискей менен бир ботко бышырбай эле, үчөөлөп алыстан келчү меймандарга чоң сый тамак даярдап жатышкансып мештин тегерегинде карбаластап жүрүштү. Алар аз келгенсип бутка чалынып Нинка да ушул жерде кыбырап жүрөт. Надя аны кайра-кайра кубалап кетире албай койду. Нинка бир маанилүү, адаттан тышкары окуя болуп жатканын түшүнүп, мындан аркы болчу нерселерди өткөзүп жибергенден коркуп жаткандай. Варвара тердеп алган, боюнда барсынып челкейген курсагын колу менен кармап алып улам кемпирге чуркап барып:

– Чыдай тур апа, азыр бышып калат, аз калды, –дейт да, кайра мештин жанына келип чебелектейт.

Боткону Люся аякты кемпирдин оозуна такап алып, бооруна түшүрбөй ичире баштады. Кемпир аз-аздан этияттап ууртап, улам эс алып ичип жатты: бир-эки ууртап эс алат, кайра ууртайт, кайра тынат. Бечаранын кыйналып жатып ичкени көп болсо эмчектеги баланын бир тоё эмгениндей эле болгонсуду, ошого эле анын шайы кете түштү, болду, ары алпаргыла дегенсип аякты колу менен түртүп, демин баса албай бир топко кыйналды:

– Ой, тим эле оор жумуш жасагансып, демим кыстыгат. Ашказаным түйүнчөктөй түйүлүп калса керек. Эми аны кайда чоёсуң?

– Эчтеке эмес апа, – деди Люся . –  Ушундай кылуу керек. Азыр ашказанды кыйнаганга болбойт. Жегениң сиңсин, анан кайра бир аз ичебиз.

– Түйүнчөктөй эле болуп калса керек, ашказаным, – деп кайталады кемпир. –  Ойлогом, бүттү, кет-тик  Анна Степанна, кеттик жаңы үйгө. Жаңгак табып менен кеттик дегем.

Анын дем алуусу калыбына келе баштады, көздөрү кайдадыр бир жогору жакты карап алып сүйлөп жаткандыктан, жөөлүп жаткандай таасир калтырып жатты.

– А мен, уятсыз, аны алдап артка кайттым, а эми аны шылдыңдап, ашказанымды боткого шыкап жатам. Ойлоп көрчү, менин ботком менен анын иши канча эле.

Аба жетпей, тамагы кычышып жөтөлө баштады. Люся шашып калды:

– Апа, азыр көп сүйлөгөнгө болбойт, алың кетип калат. Ансыз деле дарманың аз.

– Эмне унчукпай жатайынбы?  – деди кемпир, чымырканып. –  Канча жылдан бери көрө элек балдарымды көрүп жатсам, кантип сүйлөбөй коём?

Жанында казганактап турган балдарын бир сыйра сыймыктануу менен карап алды да көңүлү жай, сөзүн улады:

– Мени капталга бирөө сайгандай болду: көзүңдү ач, балдарың келди. Жок, дедим, балдарымды бир көрүп калайын, андан кийин өлсөм мейли, – башка арманым жок.

Бирок ал дагы эле кыйналып жаткан. Балдарын көрүп кубанычы койнуна батпай, жүрөгү кабынан чыкчудай туйлап, каны бетине тээп, колу-буттарына жан кирип, токтобой сүйлөгүсү келип жатса да, көөдөнүндөгү бир ысык сезим чыга албай барып кекиртегине кептелип тура калгансып, аргасыздан сүйлөй албай токтоп калды.

Балдары анын жанында, анын кылдан ичке нерсеге илинип турган өмүрүн байкоосуздан өздөрүнүн орунсуз сөздөрү менен үзүп алгандан коркушуп, аны аяп унчукпай карап турушту. Кемпир кичинекей башын улам бир баласына буруп, аларды таанып жатты: бул Илья, бул Варвара, а бул Люся, бирок көзү баштагыдан да начарлаганбы, же болбосо жаш толуп калганбы, айтор көздөрү тунарып аларды жакшылап көрө албай, өзүнө нааразы болуп жатты.

Бир кезде болуп жаткан нерсенин бардыгы анын түшү же болбосо жөөлүп жатсам керек деген ой башына келе калды, ошондон улам көзүм тумандап жатса керек деп койду.

Чыныгы абалын баалап билүү үчүн унчукпай өзүн тыңшап калды.

Батып бара жаткан күндүн нуру терезеден бөлмөгө тийип, жарык болуп турган. Кемпирдин башы терезе тарапты карап жаткан эле, күндүн нуру анын бутуна тийип, андан ары анын артындагы дубалга этият жармашып, ал жактан кайра куюлуп түшүп кемпирдин аркы капталында жылытып жаткандай сезилет. Кемпир күндү эми гана көрдү, аны көрүп сүйүнүп кетти; көп күндөн бери эсин жоготуп караңгылыктын кучагында жаткандыктан, күндүн нурунан жан-дүйнөсүнө жылуулук кирип, каны да ысый түшкөнсүдү. Демек, бул түшү эмес. Түшүңдө күн жылытпайт да муздатпайт.

Бир учурда күтүүсүздөн кулагына шыңгыраган жагымдуу үн жаңырып, кандай пайда болсо ошондой эле тез жок болуп кетти. Кемпир бул үндү кайдан укканын эстөөгө аракет кыла баштады, бул үн анын жаш кезинде эсинде калган үн деп чечти, – ошол кезде бул үндү көп уккандыктан аны өмүр бою унутпай эсинде калыптыр. Ал үн алдамак эмес, ал тирүү болчу.

– Оо жараткан, – деп шыбырады кемпир. –  Жаратканым.

Ал бүт эркин жыйнап, көзүн ачты. Балдары дагы эле жарданып аны карап турушкан, бирок кемпирге алар мурдагыдан жакын келишкендей туюлду. Эми ал аларды даанараак көрүп жаткан. Четте, каалгага жакын жерде Ильянын жанында өзүн чоочундай сезип Надя туруптур.

Кемпир Ильянын кебетесине ал Түндүктөн келгенде эле көнө албай койгон. Ага анын бети, чачы жок башына коошпой, өзүнүн жүзүн бирөөгө сатып же картадан уттуруп жиберип, ордуна тартылган сүрөттү кадап алгандай көрүнгөн. Токтолуп кала турган жашка эбак эле келсе да, бир орунга тура албай, кайсалактаган адам болуптур, – анын жашап жүргөн жери анын табиятына туура келбестиги же ал шартка Ильянын алигиче көнө электиги көрүнүп турат.

Кемпир Иьяны көпкө чейин көзүн албай, чарчаганча тигилип карады. Ал бул бейтааныш адамдан өзүнө тааныш, өзү төрөп, өзү чоңойтуп өстүргөн Иьяны издеп, аны бир көрсө, бирде кайра жоготуп жиберип жатты. Ал бирде бар, бирде жок эле. Ушунча жылдан бери көптөгөн бөтөн адамдар менен бирге жүрүп, алардын ал мурда көрүп билбеген кыял жоруктарын, кыймыл аракеттерин, адаттарын өз боюна сиңирип алгандыктан, бир чоң балык Ильяны кичинекей чабак сыяктуу сугунуп алып, эми ал экөө бир денеде жашап жатышкандай таасир калтырат; кемпир бул өзүнүн Ильясы экенине бир ишенип, бир ишене албай турду. Азыр аны кокус бирөө чакырса дароо жооп бербей, мени чакырып жатабы дегенсип ар жак бер жагына тегеренип каранарына шек жок. Кемпир анын барган жеринде орун алып, жакшы жашап кеткенине ишенген жок. Айылда эле жашай берсе болмок...

Люся жөнүндө минтип ойлогонго такыр болбойт, ал турган турпаты менен шаардык болчу, аны кайсы бир шаардык неме төрөбөй эле жаңылыштык болгондон бир кемпирден  төрөлүп, кийин аны апасы таап алып кеткен сыяктуу болчу. Илья андай эмес. Ал шаардыктарга да, айылдыктарга да, өзүнө да, чоочунга да окшошчу эмес. Ильянын жүзүндө кайгыруунун белгиси жок, жайдары эле, Бирок кемпир эмнегедир аны карап аяп турду, аны эмне себептен аяп жатканын өзү да билген да жок, түшүнө да алган жок.

Кемпир бир аз талыган көздөрүн эс алдырып алып аяк жагында олтурган Варвараны көрдү. Ал энесинин караганын көрүп астыга жүткүндү. “Апакебай! Мен сенин улуу кызыңмын. Сени көрөйүн деп келсем, көзүңдү ачпайсың” – деп кечээ эмне кыларын билбей кыйкырып ыйлап жаткан эле.

Мына эми кемпир улуу кызын көрдү, Варвара тилегине жетти. Улуу кызын көрдү да, кемпирдин жүзү кыймылга келди: ал ага билинер билинбес башын ийкеди да, үшкүрүп койду; баш ийкегени, ага бактылуу карылыкты тилегени эле, себеби бактылуу карылык жеткенге мүмкүн болчу жалгыз жакшылык эле, а үшкүргөнү – андай болбосуна көзү жеткени болчу. Варвараны карап алып ыйлагысы келди да, өзүн карманды. Өзүнө эми эч нерсенин кереги жок болчу, көрөрүн көрдү, ичерин ичти, а Варваранын алдында далай өмүр сүрчү жылдар жатат, азап-тозогунан арылса, кандай гана жакшы болмок.

Михаилди өзүнөн да жакшы билсе да, аны да өткөзүп жиберген жок. Ал анын бир туугандары менен чогуу турганда өзүн кандай кармарын билгиси келди. Ал “биринчи уул кудайга, экинчи уулуң падышага, ал эми үчүнчү уулуң өзүңдү бакканга”— деген макалды дайыма эстеп жүрчү. Кудай менен падышага жакшы эле берди. Аны санасаң – ыйдан башка арга жок. А тирүүлөрү кол арага жарап, боорун жерден алгандан баштап эле четинен, жаңы тууган иттин көзүн ачкан күчүктөрүн бирөөлөр алып кеткен сыяктуу, шаарды көздөй биринин артынан бири кете башташкан. Жалгыз Михаил эч жакка кетпей жанында калды, ал аны өзү үчүн, карып өлгүчө жакшылап карап, туулуп өскөн журтун таштабай жанымда болсун, деп төрөгөм – деп айтканга толук акысы бар болчу, анткени башка жакка барып жашоо анын түшүнө да кирчү эмес. Ал Михаилди башка балдарынан жакшы деле көрчү эмес, ага бардык балдары бирдей болчу; болгону тагдыр анын маңдайына Михаил менен бирге турууну, а калгандарын ар жай сайын зарыгып күтүүнү буюруптур...

Армияда кызмат кылган үч жылын эсептебегенде, Михаил дайыма энеси менен болду, анын колунда болуп, үйлөндү, жайланды, очор-бачар болуп балдарынын атасы болду, башка эркектер сыяктуу эле үй-бүлөсүнүн түйшүгүн тартып, анын көз алдында акырындап улгая баштаган. Андагы болуп жаткан өзгөрүштөр көз алдында өтүп, көнүмүш болгондуктан ага билинчү эмес. Кечээки Михаил бүгүн деле ошол эле Михаил болчу.  Ильяныкы башка кеп: түндүккө чачы менен кетип, келгенде тасырайып чачы жок келди – сокур киши да көрөт айырмасын. Ал тургай ай сайын келип, кетип турган Варварадан да энеси өзгөрүүлөрдү байкачу: толуп кетти, кемпирлерден бетер кереги барбы, кереги жокпу наалымайы көбөйө баштады, ыйлактайт, чачына ак аралап калган болот. Илья, Люся, Варвара, Таньчора энесинин жанынан, жылдар өткөн сайын кандай өзгөрүлүп бара жаткандарын көргөзүш үчүн эле кетишкенсийт, алар өздөрүнүн келиши менен жылдардын токтобой өтүп жатканын эскертип жатышкансыйт: акыркы жолугушуубуздан бери баланча жыл өттү, тигил, бул окуялар болду; алардын ар бир келишинде кемпир бир нече жылды артка калтырган болуп чыкчу.

Ойлоп көрсө, аны ошолор өздөрү менен алып келип жүргөн жылдар карытыптыр да, болбосо өзүнүн кетер сааты келгиче жылбай бир орунда тура бермек экен. Ал кездерде ал аны кайдан билиптир? Ал тажабай күтүп жүрдү, айрыкча жер таянып төшөккө жатып калгандан бери зарыга күттү, алар болсо акыркы убактарда такыр эле каттабай калышты. Ар биринин өз үй-бүлөсү, өз турмуштары бар. Жаштары да келип калды; жылдар аларды да аяган жок, — кетилтти. Кемпир алардын шартын жакшы түшүнчү.

Кемпир Люсяга көз кырын салып, ага байкатпай караштын айласын издеди. Ал өзүнүн кебетесин Люсяга көргөзгөндөн уяла турган, карабайсыңбы, карылыктын азабынан дарманы жок, эти качып, териси шалбырайт. Анын ою боюнча Люся деле андан уялат болуш керек, – көрбөйсүңбү, ал кандай татынакай, акылдуу, билимдүү, ал тургай сүйлөгөнү да бул жактын катындарыныкындай эмес, ошол эле сөздөрдү айтып жаткансыйт, бирок түшүнүү үчүн бардык күчүңдү салып аракеттенишиң керек. Эмне сурасаң да жообу даяр: жер кыдырып, он киши көрчүнү жалгыз өзү көргөн. А кемпир өз жашоосунда эмне көрдү? Күн менен түн, жумуш анан уйку. Дөңгөлөктүн ичиндеги тыйын чычкан сыяктуу бир жерде чимирилип жүрүп өмүрү өттү, айланасындагылар деле андан ашып кетишкен жок, алар деле мындан башкача болорун деле билишпей бир ордунда чимирилип келе жатышат.

Кемпирге Люсянын ага түшүнүксүз, бардыгы жаңыча, балким өлүшкөндөрү да бул жердегилердикине окшошпогон бөлөк бир жашоолору бардай сезилчү. Ага өз мүнөзүн өзгөрткөнгө эми кеч болуп калды дечи, тагдыры кандай өлүм берсе ошондой өлө берет, ыйлагысы келсе ыйлайт, бардыгы эскиче, – ошентсе да Люсянын көзүнчө ашык бир нерсе жасагандан кысынып турду, ашык бир нерсени айтып же жасап алып кызын таарынтып алгысы келген жок.

Ал балдарын, – алардын элестерин түбөлүккө эсине сактап калгысы келгенсип, караган сайын карагысы келип, көзү тойбой, сугалактык менен карап жатты.

– Тынч ал, апа, – деди ага Люся. –  Тынчтанып, эс ал.

– Келдиңерби, – кемпир алакандары менен жүзүн жаап ыйлап жиберди.

– Келдик, апа, келдик, – деди, көңүлү ачык Илья бакылдап. –  Баары жакшы.

Варвара селт этип кетти, шыбырап, аны токтотконго шашты:

– Акырын, кыйкырбай сүйлө, эмне көрбөй турасыңбы?

– Келдиңерби, – деди, бир аз тынчтана түшкөн кемпир кайталап. –  Зарыга күттүм.  Ал муну көп жылдан бери сырдаш болгон курбусу менен сүйлөшүп жаткан сыяктуу, жан-дүйнөнү козгогон жылуу сезим менен айта баштады, бир аз токтоп көзүн жумган боюнча, үнүн өзгөртпөй сөзүн улантты:

– Эсиме келип эч нерсе түшүнбөйм десең, бул менминби же мен эмесминби. Колу-бутумдун бары-жогу билинбейт. Жалгыз жаным, ал да адашып жүргөн. Өлдүм болуш керек, ошон үчүн айланам караңгы деп ойлодум. Кудайга ыраазымын, кыйноом бүттү дедим. Жаңы эле ушинтип ойлогондо айланам күндүзгүдөй жаркырай түштү. Көзүм кандай ачылганын өзүм да билбейм. 

Ал көзүн ачты, бирок эч кимди караган жок, көзүн жарыкка көндүрүп жатты.

– Мына азыркыдай, мындан да жарыгыраак болчу. Ким мени шылдыңдап жатат? – деп ойлодум. А силерди көргөнүмө ишенген жокмун. Баарыңар турасыңар, Таньчора эле жок...Жатып алып ойлоп жаттым: “Сыягы адам өлгөндөн кийин бир мүмкүнчүлүгүн берет го: дагы бир жолу көрүп алсын, артына эмне калтырды, жүрөгүн ким үчүн арнап, ким үчүн азапка салчу эле деп”.

– Апаке, сен азаматсың, ооба, ошондой – деди дагы эле таң калуусун жашыра албай, кудуңдаган Илья, – Жанараак эле үн, сөзсүз жаттың эле, а эми карачы, жазып алып окугандай урдуруп жатасың.

– Чынында эле, көп сүйлөбө апа, сага азыр болбойт, – деп эскертти кайрадан Люся, бирок бир нерседен чочугандай үнүн мурдагыдан жумшагыраак чыгарып.

– Мейли, сүйлөй алса, сүйлөй берсин. Мен анын бат эле оңоло түшкөнүн айтып жатам, ооба, ошондой.

– Бардыгы силер үчүн, – деп түшүндүрдү кемпир. Силер үчүн кайра келдим. Мен тигил жакка барып калгам. Өлдүмбү, өлгөн жокмунбу, силерди көрбөй таштап кете албадым: Кайра артка тарттым. Анын үлбүрөгөн жиптей ичке үнү, бир угулуп бир угулбай калып жатты. –  Кудайым жар болуп, бир азга адам кебетемде калышыма күч берди. Силерди коркпой жанымда бир аз олтурушсун деди.

– Демек, кудай жардам кылган экен да? Сенин ой жүгүртүүң кызык экен, апа.

– Кудай анан силер. Кайсы эне балдарын көргөндө кубат албайт? Аны айтканда эмне! Андайдын далайын көргөм. Мен да кетеримде силер менен бир-эки ооз сөз болсо да сүйлөшкүм келди. Буту-колум кыймылдабай калса да акыркы күчүмдү тилимден чыгарайын дедим. Ал эми айтайын дегенимди өзү эле айтат. Баштап койсом болду, чарчагыча басылбайт. А башташ чынында кыйыныраак. Адегенде бир бийик жерге чыгып, анан ылдый түшкөн сыяктуу. Анын үстүнө күйүгүп калып жатам.

Кемпир дубалдагы батып бара жаткан күндүн нурун көпкө чейин тиктеп турду: ал күндүзгү агаргыча куйкалаган ысык деминен кайтып, бир аз кызарып, салкындай түшкөн эле. Кемпирдин жүзүндө кары адамдар айрыкча сезе билишкен, кечки убак тартуулаган ажайып тынчтыктын ачык жана терең изи орун алды. Ал өзүн да, балдарын да унутуп салгандай, эч нерсени, жада калса өзүнүн дем алган дабышын да укпай, кандайдыр бир башка күчтөрдүн жардамы менен дем алып жаткансыйт. Ал дубалдагы күндүн жарыгынан башка нерсени көргөн жок, аңгыча жарык кичирейип барып анын каректерине куюлуп кирди. Анан аны өз бийлигине алып, – ал мурдагыдай жашоо үчүн жармашпай, а башка бир күчтүн камкордугуна бөлөнүп, тунук, сезимтал, сергек жашоо менен жашап жаткансыды.

Алар ордуларынан козголушкан жок, кетип калган болбойт эле. Өз ара сүйлөшүү да орунсуз болчу, – алар бири-бирин карабоого аракет кылышып, энесин күтүп, унчукпай турушту.

– Мени азыр да бирөө колуна көтөрүп тургандай, – деди ал, тигилерге көңүл бөлбөй. –  Бут алдымда таканчыктап турчу катуу жер жоктой. А Бирок дайыма эле ошондой болуп жүргөнсүп коркконум жок.

Ал дагы бир аз сүйлөбөй кыймылсыз жатты да, анан көзүн ачты. Эми кабагынан  кадимки эле оорудан чарчаган адамдын кыйналуусу көрүндү, бирок балдарын көргөндө ооруган жеринин баары унутулуп, эненин жылуу мээримине аралашкан кубанычтуу сезим пайда болду. Кемпирде кайрадан шек саноо пайда болду, Ал Люсяны карап акырын сурады:

– Силер качан келдиңер эле?

– Илья экөөбүз кечээ келгенбиз. Кемпир дароо сүйлөбөй күтүп туруп, анан суроо узатты:

– Мага бирдеме ала келдиңерби?

– Аябай шашып калбадыкпы, апа, убакыт аз болуп дүкөнгө кайрыла алган жокпуз, – деп уялып кетти Люся. –  Араң, араң үлгүрдүк. Пароход кетчү маал чукул эле.

– Мен өзүмө сурабайм, – деди кемпир. –  Мага эч нерсенин кереги жок. Мен тиги Нинкама, татынакай кичине кызыма бир нерсе барбы дегем. Ал Варваранын жанында турган Нинкага колун созуп жете алган жок. Нинка коркуп, артына кетенчиктеди. Кемпир ага таарынган жок.

– Чемоданга катып коюп бирден берип коём. Өзүм да сүйүнүп, ал да сүйүнүп калат. Көнүп да алды. “Чоң эне карап көрбөйлүбү, тиякта эмне бар?”, –деп шыйпаңдап келип калат. Мен “эч нерсе жок” – дейм. Ал айланып, жанымдан чыкпайт, секетиң кетейин. Мен эч нерсе түшүнбөгөнсүп, ага теңелип ойной берем. Ал менин кичинекей эрмегим го, чоң энесинин эркеси го... аны менен ойноп алып жыргап калам. Карыганда өзүң деле бала болуп калат турбайсыңбы.

– Эртең менен дүкөнгө барып бир нерсе сатып берем, – деп убада кылды Люся.

– Тим эле коюңуз, – деди Надя уялгансып. –  Ал эмне ачка жүрүптүрбү? Жеп эле жатат. Жөн эле чоң энесине ошентип эркелей берет.

– Сатып бер, сатып бер, – деди кемпир. –  Бирок ага баарын бербе, бир-экини берип калганын мага бер, катып коём. Мени берип атат деп ойлосун. Кетеримде бир тойгузуп кетейин. Люся бир нерсени эстей койду:

– Апа мен сага жүзүм берип жибердим эле, жедиң беле?

– Жанагы жашыл немеби?

– Ооба. Жүзүм деген ошо.

– Ой койчу ошону. Ортосунун баары эле данек экен, аны терип жегенге чыдамым жетпей койду. Нинкага бердим. Ал данеги менен эле катыратып жеп алды. Жакса жей берсин деп тим койдум. А мага анын эмне кереги бар? Мен жээримди жедим, ичээримди ичтим. Мага кудайым кандай кубаныч бергенин көрдүңбү, – өлөрдө силерди кайра бир көргөздү. Мага мындан артык бакыт барбы?

Ал кайра ыйлады, – бул жашсыз, үнсүз, жан-дүйнөсүн жеңилдеткен ый болчу, – ал жаш чыкпаган кургак көздөрүн алаканы менен сүртүп бат эле басылды.

– Эч нерсе эмес, апа, – деди Люся. –  Эми айыгып кетесиң, баары жакшы болот.

Кемпир жооп берген жок, ал дубалдагы күндүн жарыгында жүрүшкөн чымындарды тиктеп калды, анын болгон турпатында жана көз карашында эч бир адам көрсө да түшүнбөгөн нерсени көрүп жана эстеп калуу мүмкүнчүлүгү ага гана берилип жаткан сыяктуу бир табышмактуу сыр катылып жаткандай эле. Үйдүн ичи тыптынч болуп турду, сырттан да добуш угулган жок. Бул жолу кемпир бир аз эле унчукпай турду да, анан дубалдагы жарыктан көзүн албаган боюнча, ошол сырдын түйүнүн чечип, билип келген адамдын үнү менен сүйлөй баштады:

– А мен Варвара, кечээ кантип бакырып ыйлаганыңды уктум. Сенин үнүң болчу, сенин үнүңдү тааныдым. Бирок мен өлгөндөн кийин ыйлап жатат го деп ойлогом. Ооба. Мен эсимди жогото электе эле: “Мен өлсөм, Варвара келип бакырып ыйлап койсо эле болду. Мага ошол эле жетет” деп ойлоп койгом. Сенин жоктоп ыйлаарыңа ишенгем. Анан эле сенин ыйлаганыңды угуп жатпаймынбы. Ошондуктан өлгөндөн кийин угуп жатам деп ойлободумбу”.

Варвара, таң калганынан сүйлөй да ыйлай да албай оозу ачылган боюнча селейе түшүп, башын ийкегилеп койду.

Илья  Михаилдин жанына келип таң калгандай шыбырады:

– Апабыз шумдуктуудай аял. Сен кандай дейсиң?

– Өлгөндөн кийин угат, укпайт деп ким айталат? Эч ким айта албайт. –  деп кошумчалап койду кемпир, – көздөрүңдү жапкан менен кулактарың ачык калып жатпайбы.

– Эмне жөнүндө айтып жатасың апа? – деп сурады Илья үнүн бек чыгарып. Эмнени эле кобурап жатасың?

– Эмне жөнүндөбү? – деди Кемпир Иьянын үнү чыккан жакты карап, бирок ага жооп бергенден уялды.

 – Мен силерди көргөнүмө жетине албай, тантырап ар кайсыны сүйлөп жатпаймынбы. Эмне деп жатканымды өзүм да билбейм. Менин сөзүмө көңүл бурбай эле койгула. Таптакыр алжып калдым.

– Коюңузчу апа! Биз эмне сиздин жакшы болуп калганыңызга кубанган жок деп жатасызбы? Болду, тезирээк айыгыңыз, ооба, ошондой. Үйдө отура бергенде эмне! Баарыбыз чогуубуз менен конокко барабыз. Барбайм десеңиз, колубузга көтөрүп кетебиз. Сени колуна көтөрүп ала тургандар бар.

– Дагы бир аз ичиңиз. –  Люся аяктагы боткону алып апасына жакын келди. –  Эми жесең болот, жанагы жегениң сиңип кетти, ашказаның эми иштей баштады.

Кемпир башын көтөрүүгө аракеттенди, Люся ага жардам кылып башынан жөлөдү. Бул жолу ал мурдагыдан көбүрөөк ичти да, өзүнө таңгалып койду:

– Карагылачы! Аңга төгүп жибергендей эле кетти. Элде бекер айтылбайт да: Арык толсом дейт, семиз болсом дейт.

– Абдан жакшы, апа. Анан да бир аз ичебиз.

– Ой, башка батпайт.

– Эчтеке эмес, батырабыз.

– Таньчора келгиче турсам эле болду, – деди кемпир. –  Ал эмне кечикти? Жолдон бир нерсе болдубу?

– Келет апа, тынчсызданбай эле кой. Жол алыс эмеспи. Сөзсүз келет.

Кемпир өтүнүчүн айтты:

– Өзүңөр да бир аз кетпей мени менен боло тургула. Таньчора келсе мен силерди көпкө кармабайм. Билем: силер көпкө жүрө албайсыңар.

– Азырынча эч кимибиздин кетебиз деген оюбуз жок, апа.

– Ошенткиле, бир аз күн чыдагыла, мен көп деле тажатпайм. Акырын силерди карап унчукпай жата берем. А азыр көптөн бери көрбөгөнгө сагынып калган турбаймынбы, ошондуктан жаагым тынбай жатпайбы. Сүйүнгөнүмдөн өзүмдү токтото албай жатпаймынбы. Өз ишиңерди жасай бергиле, мен силерди көрүп турганыма эле териме батпай кубанып жатам. Мага ошол эле жетет.

– Апа, ошентип кантип айтып жатасың? Минтип айтканың уят эмеспи апа! Кантип эле сен бизди тажатмак элең? Бизге антип актануунун кереги жок – ушуну түшүнсөң, апа.

– Антип айтпа, апа, – деп Варвара да Люсяга кошулду, – антип айтпа, сен антип айтсаң мен эмне болуп кетеримди өзүм да билбейм.

Илья да чыдабай кетти:

– Ай, апам ай, ...апам...

Кемпир бактысын жашыра албай, жан-дүйнөсү ашып-ташып турду:

– Көзүмдү ачсам: бардыгыңар жанымдасыңар. Атаганат, канатым болсо учуп, жетчү жериме чейин жетип, мактанбайт белем. Оо жаратканым...

Акырындап кеч кире баштады, бирок үйдүн ичи али жарык болчу: батып бара жаткан күндүн жарык нуру, кемпир жаткан терезеден тийип турду. Жарык шыпка чейин жетип, андан чагылышкан нур бөлмөнүн ичине тарап жаткан. Бул жердеги бардык нерселер кемпирдин балдарына жакшы тааныш, бардыгы жүрөктөрүнө жакын эле, азыр алар да кемпир сүйлөсө кубатташып, токтоп калса кайрат беришип, байкатпастан сүйөп-таяп, эркелетип жатышкандай туюлду. Үйдүн эскилиги жетип, ушул кезге чейин кемпир экөө бири-бирине өбөк-жөлөк болуп келген үчүн эле тургандай, кемпирдин көзү өткөн соң, анын баштагыдай аман-соо ордунан козголбой калышын элестетүү өтө кыйын болчу. Апасынын көңүлүн оорутпас үчүн, үйдүн полун  этият басыш керек эле, кемпирдин балдарына айткандарын үйдүн дубалдары, бурчтары өздөрүнө сиңирип алып жатты.

Үйдөгү аба да алардын бала чагындагыдай эле; ал аларды качанкы бир өткөн кездерге кайра барууга азгырат, Бирок кемпир сыяктуу эле, алардын да артка барууга дармандары жетпейт болчу.

Терезелери эбак жапырайып, терезечелерге айланган. Эшиктен кирүү үчүн башыңды ийүүгө туура келет. Алар шыбалбаган, актап койгон устун дубалдарды унута башташкан. Шыптын устунунда бешикти илгенге ылайыкталган шакекче салаңдайт, мурда бешик эч качан бош болчу эмес, бири чоңоюп кетсе экинчиси төрөлүп турчу.

Терезенин эки жагында, кашектеги эки тактада жыш жабыштырылган сүрөттөр илинип турат. Бул жерде: Илья менен Михаилдин армияда кызмат кылып жүргөндө жиберген сүрөттөрү; Ильнын түндүктө жүргөндө машиненин рулунда олтурганы; Варваранын күйөөсү менен кулап кетчүдөн бетер үстөлдүн кырын бекем кармап, түптүз болуп, чекчейип туруп түшүшкөн сүрөтү; Люсянын башын эңкейтип, жаагын алаканына таяп олтурганы; Люсянын курортко барганда бир шумдуктай бактардын арасында турганы; айылдан кете электе Татьянанын сүрөткө түшкөндөн коркуп, алайып түшкөн сүрөтү, – бардыгы ушул жерде эле.

Оң жактагы бурчтагы кечээтен бери иконанын алдында турган чыракты жандырышты. Түндө анын пайдасы тийди, ага чейин ал ошол жерде айлап, жылдап тура берчү, кемпир өйдө карабай чокуна берер эле. Анын оң жагында, кемпирге жакын терезенин жанында мурдагы жылы леспромхоздон алып келген плакат илинип турат. Анын алдында: “Канчалык көп дарак олтургузсаң, ошончолук көп жашайсың” – деген жазуу бадыраят. Андагы тартылган жашыл токойду, чымындар коно берип саргайтып бүтүшкөн эле, андагы бала деле бул жылдары картайгансып калыптыр, бирок ага көнүп алышкандыктан аны сыйрып алып салуу эч кимдин оюна да келчү эмес.

Балдарынын азырынча аны таштап кетпесине көзү жеткен кемпир көңүлү жайланып, аларга жайбаракат, айтар сөзүнөн адашпай, орду менен сүйлөй баштады. Ал азырынча сүйлөгөндөн чарчай элек болчу, бирок өзүн көзөмөлдөй баштаган: эс алыш керек болсо, – эс алып, кийин айта турганын кийинкиге калтырып, ал-күчүн болбогон сөздөргө коротпой, сарамжалдуу пайдаланганды үйрөндү.

Күн батып, үйдө, үйдө эле эмес сыртта дагы көз байланып бардык нерселерди караңгы түн өз кучагына ала баштады.

Люся энесинин төшөгүн оңдой баштаган, жамынган төшөктү өйдө кылып жатып эле капыстан өңү өзгөрө түштү:

– Михаил, бери келчи.

– Эмне болуп кетти?

Кемпир эч нерсе түшүнбөй, бир чети чочуп, бир чети уялып бутун ары жылдырды.

– Карачы муну, – деди Люся, жини келип.

– Кайда карайын?

– Биякты кара, Мобуну көрдүңбү.

– Эмнени көрүшүм керек?

– Кантип эмнени көрүшүң керек? Дагы сурап коёт! Апам кандай шейшепте жатканын көрбөй турасыңбы? Кирин карачы, капкара болуп. Бир жылдан бери алмаштыра элек окшойсуңар. Карыган, оорулуу энеңди ушинтип багасыңбы? Деги уятың барбы?

– Аны мага эмнеге айтасың? Мен эмне – шейшепти билип коюптурмунбу?

– Карап койсоң болмок да? Жууп кой деп айтканга жарайт элең да? Же ошентип айткан кыйынбы? Же энеңдин кандай абалда жатканы сага баары бирби? Сен деген бул үйдүн кожоюнусуң да.

Люся Надянын кирерге жер таппай кыпкызыл болуп уялып кеткенин караган да жок.

– Люся! Люся! –  деп аны токтотту кемпир, Люся ага бурулуп карады. Кемпир колун алсыз шилтеп койду:

– Олда, катыгүн, ай. Ошого да ошончо кыйкырасыңбы, менден бир сурап койсоң боло? Шейшеби да куруп кетсинчи! Мага ак шейшептин эмне кереги бар? Өмүр бою шейшепсиз эле жатып, өлбөй эле келе жатам. Аны эми эле чыгарып жатпайсыңарбы: алдыңарга аппак немени салып, ой аны кайра-кайра жууп атып, колдон кол калабы.

– Апа, мен сени менен эмес Михаил менен сүйлөшүп жатам.

– А мен сага айтып жатам го, Михаилге айтып эмне кыласың? Сени менен кыйкырышкандай менде дарман барбы? Надя мага шейшебиңди алмаштырам, алмаштырам дей берип, көңүлүмө көк талкандай тийди. Ага мени жайыма жөн кой, кыймылдай турган алым жок, деп какшап жатып өзүм болбой койгом. Өлгөндө деле жуунтуп аласыңар, ансыз табытка да жаткызышпайт.

– Ал жөнүндө мага эмне айтып жатасың?

– Мына эмесе! Айтпашым керекпи.  Кемпир таарынгансып унчукпай калды, бирок көпкө чыдай алган жок:

– Коркуп кеткенимчи, эмдигиче эсиме келе албай жатам. Дагы эмнени көрө койду, балакет басып булгап салган турбаймынбы деп ойлободумбу. Азыр өзүмө ишене албай калдым. Жаш баладан да жаманмын. Эмне кылып жатканымды билбей калып жатам.

– Сен билбесең уулуң билиш керек эле да, өзүн да, сени да – деди дагы эле ачуусун баса албай жаткан Люся. Ошон үчүн уулуң да. Кантип сен, биздин  апабыз ушундай шейшепте жаттың. Уялбай басып жүргөнүнө таң калам. Ушундай боло берет деп ойлошот окшойт. Бул акмакчылык!

Жанатан бери дубалга жөлөнүп унчукпай турган Надя акырын жылып сыртка чыгып кетти. Ыңгайсыз абалга калган Михаил бурк этип койду:

– Эми, ушу шейшепти көрө калдыңбы?

–  Анын көзүнчө бекер айттың Люся, бекер айттың, – деп башын чайкады кемпир. Бул жерде анын күнөөсү жок. Канча жолу асылып айтты. А мен кыймылдагандан эриктим. Тургандан корктум.

–  Мен ага эч нерсе деген жокмун го.

–  Ага айтпаганың менен ошого тийип жатпайбы. Мен ал карайт да, Михаилдин бул жерде эмне тиешеси бар?..

Варвара үшкүрүп койду:

– Ой кокуй ай... эмне деп айтышты да билбей калдым.

– Билбейсиңби – унчукпа да, – деди Илья ага шылдыңдай карап. –  Башыңа чоң азап түшкөнсүп!

– А мен сага эч нерсе деген жокмун.

– Мен да сага эч нерсе деген жокмун.

Бул жагымсыз сүйлөшүүнү башка нукка буруу үчүн кемпир балдарына:

– Эсиме келбей жатканымда Мирониха келип алымды сурадыбы? – деген суроо узатты.

– Келгендей болгон жок, – деди Михаил.

– Укса эле келет. Менин баш көтөрүп сүйлөгөнүмдү укса сөзсүз келип, бир нерселерди кобурап берет. Ал жок болсо, эмне кылмакмын билбейм. Өмүр бою коңшу болдук. Көрүшүп, сүйлөшүп турбасак көңүлүбүз ачылбайт. Ал келет, укса эле жүгүрүп жетип келет. “Сен кызга, ажалдын алы жетпей жатабы?” – дейт ал, анын тамашасы өлгөнчө калбайт. Терезеден карап көргүлөчү, балким келип калдыбы?

Варвара туруп терезеден сыртты карады.

– Жок, көрүнбөйт.

– Бир жакка кеткен го. Дегеле бир орунда тура албайт. Мейли, буту соо кезде басып алсын. Жатканга дагы үлгүрөт. Мен деле ага барайын дейм, эми кайдан... Басып бүтпөдүмбү.

– Апа, – деп анын сөзүн бөлдү Илья, Михаилди карап көзүн кысып койду. 

– Апа, Михаил экөөбүз сенин ден-соолугуң үчүн бир аз сеп этип койсок болобу, кандай дейсиң?

– Ай ушу эркектер, ай, эркектер, – деди, Варваранын жаны кашайып. – 

Дегеле анысыз жашай албайсыңарбы?

– Жашай албайбыз – ооба, ошондой – деди  Илья  жалжая күлүп.

– Ичкиңер келсе иче койгула, – деп уруксат берди кемпир. –  Бирок сыртка барып ичкиле. Мен аны көрөйүн деген көзүм жок.

– А, биз ага макулбуз, –  сыртка десең сыртка деле барабыз. Биз сиздин жакшы болгонуңузга кубанып жатпайбызбы, мындан ары оорубаңыз, ооба, ошондой.

– Иче бергиле, мен үчүн болбосо, жин-шайтандар үчүн деле ичкиле. Ошолорго көбүрөөк жагат.

– Коюңузчу, ошо кантип болсун: шайтандар үчүн деп…

– Ошолор үчүн эле. Анын эмнесине кызыгып ичесиңер дейм да? Мага ат башындай алтын берсе да оозума албайт болчумун. Анысы аз келгенсип ага акча коротушат. Эмне? Мен ичпегиле десем ичпей калмак белеңер... Кайдан.

Ичкиңер келсе иче койгула, бирок боюңарга чактап, чени менен ичкиле. Мен сенин ичкениңди көрө элекмин, ичкенде кандай болоруңду билбейм. А Михаил ичкенде жаман, бул мас болду дегиче байкуш Надянын шору, кайда барып жашынарын таппай калат.

Көңүлү көтөрүлө түшкөн Михаил тамашалап:

 – Апа, болушунча жамандадың го – деп кутулду

– А мен эч качан калп айтып көргөн эмесмин.

– Макул апа,  табит үчүн эле бир аз алабыз.

–  Мен Надяга таарынбайм – деп сөзүн улантты кемпир, эркектер сыртка чыгып кеткенде. Ал Люсяны карап айтып жаткандыктан, бир гана ошого сүйлөп жаткансыды.

– Ал менин өзүм тууган балам, а бул келиним, ал мага жаман бир нерсе кылды деп айта албайм. Мени караш үчүн да чыдамкайлык керек. Ал мага бир да жолу үн көтөрүп, каяша айткан жок. Жөн эле адамды жаманатты кыла бергенде болобу. Суусадым десем суу берет, грелкага ысык суу куюп бер десем анысын алып келет. Суук түшкөндө грелкасыз менде жашоо жок, каным такыр муздап бара жатабы билбейм. Муздайм да турам. Эптеп эле жаным бар.

– Жылуу жамынып жатыш керек, – деп билген адамдай кеңеш берди Варвара.

– Жамынбай койду дейсиңби, Надя ансыз деле болгон жууркандары үстүмө жабат, кыймылдай албай калам. Үстүмдө жабуу очоёт, а буттарым муздап, кара таш. Анан Надяны чакырам, ал сыртта жүрсө ага Нинканы жүгүртөм. Ал келип суу ысытып, буттарыма грелка коюп берет. Кадимкидей жеңилдей түшөт. Надя болбосо эчак эле жок болмокмун, – аны да түшүнүү керек. Михаил соо кезде адам, мас болгондо эч кимге тынчтык бербейт. Мага да тийишет, ага таптакыр эле асылып алат. Көзүнө чалдыкпай бир жакка качып кеткиң келет.

– Кантип тийишет? – Люсянын өңү бузула түштү.

Кантип…Ошентип эле. Бир оозуна тийдиби, жыгылып калмайынча ичем дей берет. Ме, деп эле куюп берип туруш керек ага. Ал байкуш кайдан алат? Дүкөнгө барып кел деп Надяны кыйнай баштайт. «Сен ошол жакта иштейсиң, сага берет” – дейт. Ал ошол жакта пол жууса эле ага “ме, ала гой” деп бирөө даярдап туруптурбу. Өзү деле ойлобойбу. Жок, ага бир айтасыңбы, миң айтасыңбы, баары бир, өзүнүн айтканынан жазбайт. Мен кой балам десем, балээсине калам: “Апа, сен тынч жата бербейсиңби, сенин эмне ишиң бар?”—деп кыйкырат. Анан мен эмне кыла алам. Унчукпай жатып калам. Мен ал мас болуп келгенде коркчу болдум. Нинканы алып жатам, ал ичип келгенде.

– Ошондойбу, – Люсянын өңү бузулуп сурдана баштады.

– Уят-сыятты билбей калган турбайбы, – Эшик жакты карап Варвара да ачууланып кирди, – тууган энесине кантип ушундай мамиле кылат я? Таптакыр эле жинди болоюн деп калса керек!

– А кээде жаныма келип олтуруп алат: “Апа, кел сүйлөшөлү”—дейт. Ээ, айланайындар, тилин чайнап араң сүйлөп жатса мен аны менен эмнени сүйлөшөм. Унчукпай койсом таарынып кирет: “Сен эмне, мени менен сүйлөшкүң келбейби? Мен сени ичирип, жедирип багып жатсам, сен мени менен сүйлөшкөндөн жийиркенип жатасыңбы?” Мен эмнеден жийиркенмек элем? Соо кезде келип сүйлөшпөйбү, сүйлөшкүсү эле келип жатса. Жабышат да жабышат!

– Мен аны менен өзүм сүйлөшөм, – деп убада кылды Люся. Карасаң айтканын: “ичирип, жедирип жатам” – деп, милдет кылып. Анын милдет кылганы эле жетишпей жатты эле.

– Сен ал соо кезде айт, ичип алганда баары бир укпайт. Ал эмне айтканыңды түшүнбөйт, бирок жини келери бышык. Ичкенде жаман мас болот... катуу мас болот. Анын ичкенин бир да киши жактырбайт. Арак ичпесе андан жакшы киши жок, таптакыр башка адам. Арак адамды бузат турбайбы.

– Ичкиликти ташташ керек, – деди Варвара. Кемпир ага макулмун дегендей башын ийкеп, кере дем алып алды. 

– А ичиш керек деп ким айтып жатыптыр? Азыр ичсе да акылын жоготпогон адамдын баасы алтынга тете. Ал эми такыр оозуна албаган адамды көтөрүп алып элге акча төлөтүп көргөзүш керек, көрдүңөрбү бул ушундай укмуш деп. А биздикине оозуна тийсе болду, андан кийин тешик челектей болуп, канча куйсаң да толтура албайсың.

– Мен Михаилди ушунчалыкка жетип калды деп түк ойлобоптурмун, – деп таң калып жатты Люся.

– Ошондой эле болуп калды, – деп Варвара энесинин сөзүн бекемдеп койду –Апам калп айтмак беле.

– Мен эмнеге калп айтмак элем? – деп таарына кетти кемпир. –  Өз баламды бекер жерден эле жамандай бермек белем?

– Мен ошону айтып жатпаймынбы, апа.

– А биздин апакебиз эмнегедир ошол кордукка чыдап жүрөт. Ал муну шылдың кылып жатса да, болушуп жатканын карабайсыңбы: “Арак ичпесе андан жакшы киши жок” деп. Ошентип жүрүп таптакыр токтой албай ичип кетсе, көрөм анан. Бир күнү үйүңдөн кууп чыгат.

– Ал мени кубалаган жок, жөн эле айткан болбойт.

– Кубалабаса, эми кубалайт, дайыма ушинтип болуша берсең. Ага деле аз калды.

– Биздин тукумубузда энесин үйдөн кууп чыккандар эч качан болгон эмес.

– А биздин тукумубузда энесине сенин уулуңдай жаман мамиле кылган да эч ким болбосо керек.

– Эч ким болгон эмес, – деди Варвара аны менен макул болуп. –  Ушунча жашка келгиче мен мындай сөздөрдү уккан эмесмин. Бул кайдан чыккан машаяк дейм да.

– Мына силер нааразы болуп жатасыңар, – кемпир бир аз ойлонуп, үнүн акырын чыгарып сүйлөй баштады.

– Нааразы болуп жатасыңар, а мени менен жашап көрсөңөр билмексиңер. Мени карап, багыш деле оңой эмес, мен аны түшүнбөйт дейсиңерби? Бирде мага тиги керек, бирде дагы бир башка нерсе керек, алып келишет, кээде ушундай бир жөтөлөм дейсиң: эшикке басып чыга албай төшөккө жатып калам. Жанымда дайым бирөө болот. Карайт, тазалайт дегендей. Анысыз да өзүлөрүнүн түйшүктөрү толтура.  Өзүм да кыйналбай, башкаларды да кыйнабай  кудайым эрте эле алып кетсе деп тиленем. Эмне кылам, ажал келмейинче адам өлбөйт экен. Ичпесе унчукпайт, чыдайт, а мас адам өзү эмне кылып, эмне айтып жатканын билбей калары белгилүү эмеспи.

Адегенде таарынам, анан кайра ойлойм: Эмнеге, кимге таарынам? Кудайың кылса, кубарыңдын акысы барбы, чекеме ушуну жазса, чыдабаска аргаң жок. Чыда, чыдаш керек дейм. Кемпирдин көңүлү кайра жайланып, кудай эсине түшкөндө өзүн жеңилдеп калгандай сезди. Ал үшкүрүп алып, тигилерден:

– Ага унчукпай эле койгула. Мейли. Мен да тынчыраак өлөйүн. Өлгөндөн кийин деле бирөөлөрдүн мен жөнүндө жаман сөз айтышпасына көзүм жетсе, өлүмүм да жеңил болот. Кандай дейсиңер?  Бири-бириңер менен урушуп жатканыңарды көрүү мен үчүн эң оор нерсе. Силерди кайраштырып коюп өлсөм, эки дүйнөдө жакшылык көрөмбү. Мен го өлүп жатып алам, а силердин жашооңор али алдыда. Бири-бириңердикине конокко келип, сыйлашып жүргөнгө эмне жетсин. Бир ата, бир энеден туулган бир туугансыңар. Кичүүңөр улууңарды урматтап, улууңар кичүүңөрдү ызаттап ынтымактуу болгула. Бат-бат жолугушуп, бири-бириңерге өбөк-жөлөк болуп жүргүлө. Бул жерге да келип жүргүлө. Ата конушуңар ушул жер. Мен да ушул жерде болом. Башка кайда бармак элем. Эскерип, ушул жерде чогуу олтурсаңар, силерди көрүп жатам деп  бир белги берермин. Балким, чымчык болуп сайрармын – деп сурана кетти.

Үйгө акырын басып Надя кирди да, босогодо туруп калды. Надяны көрүшүп, аны карап калышты. Надя басып келип, кара жумуштан чарчаган колдорун тизесине коюп,  кемпирдин керебетинин жанында турган олтургучка олтура кетти.

Ал тез өзгөрүлчү: жумушка келгенде бүт дитин коюп, тыным албай жүгүрүп жүрүп иштейт, анан бир паска көчүк басып олтура калса, кайра туруп, жүгүрүүнүн убактысын өткөзүп жибербейин дегенсип көздөрү ачык боюнча уйкуга кетет.

– Үйүңдү жыйнап бүттүңбү? –деп сурады кемпир Надяны сөзгө тартыш үчүн.

– Ооба, уйду анан кошуп келем.

– Эркектер кайда жүрүшөт?

– Алар мончодо олтурушат.

– Мас болуп алышпаса эле болду.

– Коноктордун көзүнчө, чактап ичээр.

– Ал жалгыз эмес да. Коногу жанында олтурбайбы. 

Надя келген себебин айтты:

– Тамакты кайдан ичелик бул жергеби же ашканагабы? Баарын даярдап койдум.

– Бул жерге эле олтургула, – деди кемпир. –  Жалгыз калмак белем. Үлгүрөөрмүн жалгыз жатканга.

– Жарыкты күйгүзөйүн.

– Күйгүзө бер, ким кой демек. Караңгыда тамак желмек беле?

– Эркектерди чакырайынбы?

– Аларды жин-шайтандары тойгузуп койду дейсиңби? – деди кемпир келеке аралаш. –  Арактан башка эмне ичип жатат дейсиң. Аракка курсак тоюбу. Чакырып кой, келсе келишсин, келгилери келбесе өздөрү билишет да.

– Аларды анан чакырсамбы деп ойлогом.

– Кайра кайра убара боло бересиңби? Анысыз деле чарчадың, күнү бою жүгүрүп жүрөсүң.

– Кел, Надя, жардам берейин, – деди Люся, – бул жанагы шейшептин чырынан кийин өзүн анын алдында ыңгайсыз сезип, бир аз болсо да аны жибитүүгө аракеттенип жаткандагысы эле.

– Отура бериңиз, өзүм эле жетишем. Мен азыр жылытып келе коёюн, эмдигиче муздай түштү окшойт, Мен бат эле болом, олтура бериңиздер.

Люся отурган жеринен турган жок.

Эркектердин жүзү албырып чыгыптыр, ошону үчүн да бири-бирине  огоо бетер окшошуп калышыптыр. Сырттан келген киши да алардын бир тууган экенин дароо байкамак: бөлүнүп чыгып турган бет сөөктөрүн, чекесине жайыла өскөн түктүү каштарын карап туруп алардын кантип бир туугандар экендигин кантип танмак элең. Экөөнүн тең моюндарынан бери кызарып чыгыптыр, а Ильянын таз башына кан тээп чыккандыктан, күйүп турган чоктой болуп кеткен экен.

Алар күү менен столго отурушту; Михаил үнүн бекем чыгарып энесине:

– Кандай апа, ахыбалың жакшыбы? – деп кайрылды.

– А жакшы болбогондо кандай болмок эле? – деди Илья ага жооп кылып: мончодо алар бири-бири менен жатыгышып, тил табышып алганы байкалып турду. 

– Биздин апабыз азамат. Ажалын алдап, адаштырып салбадыбы.

– Ажалды алдай албайсың... –  Кемпир тигилерди жактырбай бир паска унчукпай карап туруп, шашпай жооп берди.

– Алдадың апа, алдадың, аны танба. Эң туура кылдың. Сен жок, өлөргө киши табылбай калыптырбы?  Табылат, ооба ошондой. Дүйнөдө жакшы адамдар көп.

– Дал ошондой, – деп каткырды Михаил.

– А сен уятсыз, сүйлөбөй эле койчу, – Варвара Михаилдин сүйлөшүн эле аңдып тургансып ага атырылып бир тийди.

– Эмне болуп кетти?

– “Сен учукпай отуя бейбейсиңби, ченин ичиң эмине”, – деп, эч нерсени түшүнбөгөн Илья бала кездеги ойноп жүрчү сөздөрүн эске түшүрүп, Варваранын сөздөрүн тамашага айланткысы келди.

– Уяты жок! – Варвара кайрадан атырылып, Люсянын кубаттоосун күткөндөй ага карады.

Люся сөздүн учугун өзүнө алышка туура келди:

– Михаил, мен сенин ордуңда болсом, чынында эле унчукпай калмакмын. Ал Михаилдин көзүнө тике карап, ар бир сөзүн бөлүп-бөлүп дааналап айтып жатты. 

– Апама жасаган мамилең адамгерчиликке жатпайт. Эсиңде болсун, биз ага катуу айтып, кордото койбойбуз!

– Силер эмне, меңдубана жеп алдыңарбы? Ким кордоп жатыптыр?

– Сен. Сенден башка аны ким кылмак эле? Көрсө сен көп ичет экенсиң, ичкенде апамдын жанын койбой тийишет экенсиң.

– Эмне, эмне?! Мен сага эмне дедим апа? Булар эмне деп жатышат?!

– Люся, Люся, – ыйламсырады кемпир. –  Сен ушундай белең? Мен сага айтпадым беле, сенден суранбадым беле. Урушпагыла, мени аясаңар боло.

– Макул апа, болду унчукпайм, – деди Люся. –  Михаил эсиңде болсун, бул сөз ушул бойдон калбайт. Кийин сүйлөшөбүз.

– А мен ага эмне кылыптырмын? Түшүнбөй калдым. Сен эмне дедиң?

– Сени менен шашпай сүйлөшөбүз.

– Михаил, апамды капа кылба, – деди Илья. –  Энени капа кылган болбойт.

Михаил Илья менен талашкан жок:

– Сен туура айтасың. Апасын эч ким капа кылбаш керек. Күнөө болот. Мен апама эч качан жаман сөз айтпайм.

– Апабыз бизге жашоо бербедиби.

– Сен муну жакшы айттың. 

Михаилдин көзүнөн жаш кылгыра түштү.

– Мен аларды жакшы түшүнүп жатам. Мени келесоо деп жатышса керек. Ал эжелерин карай башын ийкеди. Сен алар мага эмне асылып жатат дебейсиңби? Анткени алардын жиндери келип жатат: мен аларга телеграмма уруп, тынчтарын алдым, иштеринен калтырдым, анан эле апам өлбөй калбадыбы. Мен аларды алдап, бекер эле чакырып алгандай болуп калдым. Түшү-нө-өм.

– Сен эмне деп тантырап жатканыңды билесиңби? Же таптакыр эле башың иштебей калганбы? – деп чыдабай кыйкырып жиберди Люся. –  Уялсаң боло?!

– Михаил, антип айтканга да болбойт, – деди кайрадан сөзгө аралашкан Илья.

– Болбосо, анда айтпайм, – деп ага макул болду Михаил. –  Сен менин агамсың, сени сыйлашым керек.

– Кеп анда эмес.

– Мен түшүнөм: кеп анда эмес.

Надя келип сорпо куя баштады. Баары бир экиге бөлүнүштү: адегенде эркектер ичишти. Алар туруп кеткенден кийин Варвара менен Люся отурушту. Кемпирге аякка бир аз сорпо куюп беришти. Тамак ичип жатканда унчугушкан жок. Эркектер тамагын ичип болуп, чыракты ала кетишти. Алар сыртка чыкканда кемпир катуу үшкүрүп алды:

– Алардын арагы дагы эле түгөнө элекпи? Жаратканым сактай көр. Эмне кылып жатышат?! Эмне кылып жатышат?!

4

Кемпир дагы бир таңды тосту.

Ал эрте эле ойгонуп, жарыктын киришин көпкө чейин күтүп жатты: анткени жарык кирсе өйдө болуп, олтуруп көрсөмбү деп ойлогон, – жата берип жамбашы талып, бели ооруп чыкты, Бирок жарык белгисиз бир жакка житип кеткенсип, кудум Иса пайгамбардын туулган түнүндөгүдөй караңгы эле: кемпир караңгыда кулап түшсө кыйкырганга үлгүрбөй каларын ойлоп коркту. Акырындап таңга жакын турган терезе караңгылыктан арылып, кемпирдин көздөрү улам арылап көрүп, аңгыча экинчи терезе да көзүн ачып, эми бөлмөгө эки тараптан, күндүн нуру али жете элек муздак, күүгүм таң агылып кире баштады.

Кемпир үйдүн ичи жарык болгуча күтүп жатты, анан уктап жаткан Люсяны бир карап койду да, акырын башын көтөрүп артты көздөй жылып, бир азга демин жыйып, колу менен балтырынан этият жөлөп, буттарын жерге түшүрдү. Кемпирдин башы айланып кетти, жыгыла жаздап баратып, керебеттин кырын кармай калып оңолду. Эптеп олтуруп алганына таң калып, башын чайкап койду. Каркайып сөөгү эле калыптыр, өзүнүн эти жок ичке сандарын карагысы келбей төшөктүн учу менен жаап койду. Ал отуруп алганына кубанып жатты. Көптөн бери турбай жатып уюп, уктап калган булчуң эттери чымырап, жан кире баштады. Кечээ күнү керээлден кечке жатып алып, башын кыймылдата албай, ары-бери чанагынан чыкчудай айлантып жатып чарчаган көздөрү, азыр тике маңдайын түз караганга кубанып, кадимкидей эс ала түштү. Көп өтпөй жылаң аяк буттары муздай баштаганын сезди, төшөктүн бир учун ылдый түшүрүп кымтыланды, – жаны бар экен, кан жетпей жатпайбы, деп ойлоп койду.

Күн эртең менен терезеден үйгө түз тийчү эмес, бирок анын чыкканын кемпир анысыз деле билди: айланасындагы аба бирөө сырттан үйлөп жаткансып термеле түштү. Ал башын көтөрүп, бүт асманды ээлеп, жылаң аяк адам гана баскыдай тунук, ичке шаты аркылуу, жогортодон көңүлдүү ыргак менен төгүлүп түшүп, азырынча жерге жете элек күндүн нурун көрдү. Кемпирдин жан-дүйнөсүн жылуулук аралап, ал акырын шыбырады: – Оо, Жараткан...

Аңгыча уйдун мөөрөгөнү угулду, ал адатынча Надяны ойготмокчу болуп барып, кайра кыйкырган жок, мейли өзү туруп көнсүн, а мен баары бир бул дүйнөдө көпкө кармалбайм деп ойлоп койду. Анын үстүнө Люсяны да ойготуп жибермек; Люся өзүнүн шаарында кеч турганга көнүп алган, уктай берсин, шашканда кайда бармак эле.

Надянын туруп кийингенин укту, анан эшик ачылды да, кайра жабылып, үйдүн ичи тынчып калды, Бирок кемпир үйдүн ичи бир аздан кийин эле, мештин үстүндөгү чөөгүндөй шарактап кайнап чыгарын билчү.

Айткандай эле бирөөнүн дабышы угулду – ал  Нинка эле. Ал азыр эшикке чыкпайт, күлтүк анын керебетинин алдында болчу. Кемпир эңкейип, катуурак шыбырап Нинканы чакырып алды. Ал уйкусу ачылбай көздөрүн чала-була ачып келип күлтүгүнө олтуруп сийди да, көнүмүш адаты менен керебетке тырмышып чыгып келип аны кучактап көкүрөгүнө башын жөлөп эркелей кетти, ал мурда деле ушундай кылчу, бирок бүгүн кемпир кубанганынан бакырып ыйлап жибергенге даяр эле, жашоосундагы анын чекесине жазылган дагы бир эбегейсиз зор бакыт аны таштай элек болчу. Нинка уйкусу ачыла элек болсо да кайда экенин унуткан жок, ал уйку-соонун ортосунда кобурап койду:

– Эми сен өлсөң, мен дайыма ушул жерде уктайм.

– Уктай кой, уктай кой , – кемпир азыр эң бактылуу адамдардын бири эле, ал небересин төшөгү менен кымтылап жаап койду.

 – Бул жерде, мештин жанында жылуу уктайсың, мына кыш да келип калды. Бул жерде сен Исанын боорунда коргоосунда болосуң, эч жамандык көрбөйсүң. Кичинекейим, каралдым менин! Чоң кишидей баарын түшүнөт...

Үйдүн ичи Нинка уктап калгандан кийин кайра тынчый түштү. Бирок барган сайын көчө кыймылга кирип, кемпир кулак төшөп тыңшай баштады. Ал кимдин ую мөөрөгөнүн үнүнөн таанып, ким эрте туруп бадага кошконун, ким бүгүн уктап калып уйчуга айдай кет деп суранып кыйкыргандарын таанып жатты. Ал Мирониханын ую качан мөөрөйт деп күтүп жаткан, уюнан кийин анын уюн ашатып сөккөнү угулчу. Сааганда бир орунда туруп бербеген уй да уйбу? Улам отургучун жылдырып, саап бүткүчө короонун ичин кыдырып жүрүү, тамагы айрылганча чаңыруу Миронихага жагабы? Башка уйга алмашып алыш эмне кыйынбы? Же Мирониханын өзү анысыз жашай албайбы?

Жок, Мирониханын да, анын уюнун да үнү бүгүнкү күнгө жетпей калышкансып таптакыр угулган жок. Балким чынында эле ошондой болсочу? Кечээ да аны көргөнү келбептир, ал кайда жүрөт? Жалгыз жашаса, өлүп калса анын өлгөнүн ким билет? Кемпир башын өйдө көтөрүп терезеден Мирониханын үйү жакты карамак болду, бирок ага үйүнүн чатырынан ылдый көрүнгөн жок, башын өйдө кылыштан жыгылып калам деп коркту.

Көчөнү карап жатып кемпир Варваранын качан киргенин көрбөй калган экен, анын үнү жанынан чыкканда селт этип чочуп кетти.

– Олтуруп алдыңбы? – мындайды күтпөгөн Варвара таң калып. Кемпир мактангансып койду:

– Көрүп жатпайсыңбы, олтурам.

– А сага олтурганга болобу?

– Кимден уруксат сурайын? Олтуруп алдым, олтурам. Кемпир ал үчүн олтурган кандай маанилүү экендигин түшүнбөгөн Варварага таарына түшкөн.

–Абайла, жыгылып кетпе.

– Коркпой эле кой. Эмне үчүн жыгылышым керек? Жыгылсам сен айтпасаң да жыгылмакмын. Олтурам го.

– Нинка келип, ошого ордуңду бошотуп бергенсиң го?

– Нинка келе электе эле олтургам. Ага тийишпе.

Варваранын уйкулуу көздөрү жакшы ачылбай, чачтары таралбай түйдөктөшкөн боюнча жүргөн. Оозун чоң ачып эстеп койду:

– Түшүмдө бир нерселерди көрүп жаттым эле, эстей албай калдым. Бир жаман нерсе болчу.

– Эстей албай калсаң анын жаман экенин кайдан билесиң?

– Жагымсыз нерсе көргөнсүп ойгондум. Сени ойлой коюп жүгүрүп келбедимби.

– Азырынча кудайга шүгүр, жакшы элемин. –  Кемпир тынчсыздана кетти:

– Андан көрө кийинип алып Миронихага барып келчи. Бир нерсе болбоптурбу? Ал байкуш жапжалгыз эмеспи. Өлүп калса эч ким көрбөй, көздөрүн жалтыратып жата берет да.

–  Ал эмнеге өлмөк эле?

– Эмнеге дейсиң да! Эмнеге өлчү эле? Андан бирөө сурамак беле? Канча тың болсо да, канчага чейин жүгүрүп жүрмөк эле? Жүзгө чыгат дейсиңби? Бүгүн ал кургурдун уюнун да үнү угулбайт. Ойгонгондон бери тыңшап жатам. Ал уюн айдап, кайра үйүнө жеткиче айылдын теңин ойготчу, а бүгүн жымжырт болуп добушу угулбайт. Өзүм басып жүрсөм эптеп жылып барып билет элем, эми кайдан...

– Макул, кийинип, жуунгандан кийин барып келем.

– Барып кел. Ал экөөбүз өмүр бою кошуна болдук, бир кесим нанды бөлүп жеп, кубаныч-кайгыбызды бирге көрдүк, бир туугандай эле болуп калбадыкпы. Санаам тынбай жатпайбы, эмне болуп кетти деп.

Люся жана Варвара кете электе эле ойгонсо керек, бирок ал чыгып кеткенден кийин кыймылдап көзүн ачты.

– Бакылдашып жатып сага уйку бербей койдукпу, – деди кемпир күнөөлүү. –  Уйкуң канбаса дагы жатып уктап ал, мен сүйлөбөй тынч олтурам. Тигилерге да акырын болгула деп айтам.

– Уйкум канды.  Люсянын беттеринде, бырышы да  шишиги да жок жылмакай эле. –  Мен бүгүн жакшы уктадым.

– Түш көрдүңбү?

– Жок.

– А Варвара, жаман түш көрүп эстей албай койдум дейт. Мен аны Мирониханы көрүп кел деп жибердим – а балким түшү ошол байкуш жөнүндө болуп жүрбөсүн? Таньчора да эмнегедир кечикти. Эмне ойлорду да билбейм.

– Келет, тынчсызданба. Бүгүн сөзсүз келиш керек.

– Кечээ деле ушинтип айтпадыңар беле, анан кана? Түн бою кирпик каккан жокмун. Уктап калып Таньчорам келип эшикти каккыласа укпай калбайлык деп ойлодум. Жатып алып тыңшап жатам, тыңшап жатам. Кечинде ары-бери жүргөндөр көп болду. Анан Михаил келди. Ыңкылдап-мыңкылдап жатып араң уктады. Ал өзү дейсиңби ичкен арагы мыңкылдатып жатат да, кебетеси, итапкан эле ичишкен окшойт. Ошентип жатып кудай жалгап уктап калды. Кайрадан ойгоо жалгыз мен эле калдым. Такылдаткан да, түрсүлдөткөн да жан болгон жок. Жымжырт, өзүмдүн дем алганымды тыңшап жаттым. Таңдын атмагы азап болду, бир түн мага бир жылга созулгансыды. Оюма эмнелер гана келбеди дейсиң? Апам менен сүйлөшүп, жакында барарымды айттым. Таньчораны аман-эсен жеткиз деп кудайдан тиледим. Бүгүн келип калса экен, эртең балким аны көрө албай калам. Мен көрүп жатпаймынбы, азыр мен өз жашоом менен жашаган жокмун, кудай мага силерге жолугуп сүйлөшүп алсын деп ашыкча өмүр бербедиби. Мунун да бүтөр убагы бар, болбой коймок беле, сөзсүз бар.

Люся төшөгүнөн козголбой жатып, кемпир ашыкча өмүр жөнүндө сөз кыла баштаганда туруп кийине баштады. Кемпир көптөн бери мынча сүйлөбөй буулугуп калган экен, мүмкүнчүлүк болгондо токтобой сүйлөгүсү келип жатты.

– Ой бир таң атсачы, – бул түндүн бүтөрүнө үмүтүм үзүлө баштабадыбы. Балким, мындан ары күн чыкпай, жалаң түн болуп калганбы, мен аны билбей калгандырмын деп да ойлоп кеттим. Уйкум жок болсо да, баары бир көзүм жабышып жумула калат десең. Уйку өлүмгө жакын эмеспи. Уктасам эле ошол боюнча ойгонбоочудай болуп, жанталашып көзүмдү жумбоого аракет кылам. Же уктаган киши эмес, же ойгоо жаткан киши эмес, кыйналып чыктым. Анан короздор кыйкырып, таңдын атканынан кабар беришти. Таңга жеттим окшойт дедим. Жарык киргенде өйдө болуп, отурбасам болчудай эмес, жамбашым талып, эти качкан сөөктөрүм теримди тешип чыкчудай сыздатканын айтпа.

– Бүгүн олтуруп калдың, буюрса эртең басып кетесиң, – деди төшөгүн жыйнап жаткан Люся. –  Туруп басасың, анан ашык баш өмүр менен жашап жатам деп айтпай каласың.

 – Ашыкча экени чындык, –деп кемпир өзүнүкүн берген жок. Люся аны менен талашкан жок, жыйма керебетин ары жөлөп коюп, сыланып терезенин жанына барды.

Күн жакшы башталды, аба күндүн тунук нуруна толуп, айылдын үстүндө жаркырап күлүп тургансыйт. Айылдын ар бир үйү, ар бир көчөсү кычыгына чейин алаканга салгандай даана көрүнөт. Дарыя өзүнө келип тийген күндүн нурун, майда учкундарга айлантып тоо таянып өскөн токойлорду карай чачыратып, анын бул мезгилге айкалыша бербеген жапжашыл ыраңын ого бетер өңүнө чыгаргансыйт. Бардык жерде мемиреген тынчтык өкүм сүрүп, жаркырайт. Айылдын айрым бир жериндеги карайган көлөкөлөрдү, ага чалынып калгандан чочулагансып иттер да айланып өтүп жатышты.

Айылды кечээ эле жөө туман басып карайлатып турганы, а бүгүн эмне ачык жана тынч болуп турганын эч ким түшүндүрүп да, айтып да бере албайт эле. Люся кечээки сөз кылып жатышкан сары козу карынды эстеп, бүгүн аны чогултуу үчүн токойго барууга эң ыңгайлуу күн деп ойлоду. Апасы эле жакшы турса болду.

Люсянын оюн эшиктен кире элек жатып укмуштуудай кубанычтуу кабар айтып сүйүнчүлөп келгенсиген Варваранын кубанычтуу үнү бузду:

– Эстедим, апа, эстедим!

– Эмнени эстедиң?

– Түшүмдү эстедим. Чын эле жаман түш экен. Мен сага айтпадым беле, жаман түш болчу деп – так ошондой экен. Мен билгем.

– Атпайсыңбы эми? – деп шаштырды кемпир.

– Көп аялдар олтуруптурбуз, бирөөнү да тааныбайм, баары чоочун. Олтуруп алып, чүчпара түйүп жатыптырбыз. Анан эмне менен түйүп жатат деп ойлойсуз?

– Мен сенин түшүңдү кайдан билейин – аны менден сурайсыңбы?

– Ылай.

– Эмне дейсиң?

– Ылай менен. Ылайды тебелеп олтурабыз да, эттин ордуна жерден эңкейип ылай алып, ошону менен  түйүп жатыптырбыз. Ага аябай кубанып жатыптырбыз. Сүйүнгөнүбүздөн каткырып жатыптырбыз. А мен аларга минтип коём: “Силер эмнеге жаман ылайды алып жатасыңар, даамсыз болуп калбайбы, мына менин алдымдагы ылай майлуураак экен, ушундан алгыла”. Алар менин алдымдан ала башташты. Эстегенде бүткөн боюм титиреп кетип жатат.

– Андан ары эмне болду?

– Билбейм, калганы эсимде жок. А чүчпараларды азыр алдымда тургандай көрүп турам: табанын бетинде баары бирдей аппак болуп тизилип турат – жаман түш, дароо эле айтпадымбы, жаман түш. Варвара коркконсуп башын чайкап сурады:

– Жоругулачы? Олда, азаптуу күн ай! Мындай түш көрөрүмдү билсем уктабай койбойт белем.

– Көргөн түшүңдү элге жарыя кылбай эле койбойт белең – деди жактыра бербеген Люся.

– Көргөн түшүмдү да көргөн жокмун деп айтайынбы?

– Өзүңдүн түйгөн чүчпараңды өзүң жей бербейт белең. Сенин түшүңдүн азыр апама кереги жок экендигин чын эле түшүнбөйсүңбү? Ал ансыз деле ашыкча өмүр менен жашап жатам деп башы тегеренип олтурат, а сен кайдагы бир түшүңдү айтасың. Зиректигиңди айтайын тимеле, камкордугуңа баракелде!

Люся жинденип сыртка чыгып кетти, катуу жабылган каалга кыйчылдап келип толук жабылбай ачык боюнча калды.

– Ары түртүп койчу, – деп суранды кемпир, бирок Варвара түшүнбөй калды, даттанып кобурай берди:

– Эмне айтсаң да жактырышпайт! Качан болсо Варвара күнөөлүү, эми түш көргөнгө да акым жок экен да. Аны кантип көрбөй коём, уктап жатсам өзү кирип жатса. Мен атайлап чакырып алып жатыптырмынбы. Же эмне такыр эле уктабай коёюнбу?

– А сен айткандарынын баарын уга бербе.

– Кантип укпай коём, маңдайыңа туруп алып айтып жатышса? Дүлөй эмесмин да.

– Ох, Варвара, Варвара! Деги кимди тартып ушундай жумшак болуп калдың билбейм, – деп аны аяп кетти кемпир, анан эстей калып сөзүн башка жакка бурду:

 – Сага Миронихага барып кел дебедим беле, ага бардыңбы?

– Бара элекмин.

– Эмдигиче эмне кылып жүрөсүң?

– Азыр барам.

– Барып келчи, Варвара, барып кел. Ал эртең менентен бери оюман кетпей койду. Ага эмне болду? Жолдун аркы өйүзүнө бат эле барып келесиң. Тирүү болсо келип кетсин де. Аны көрбөгөнүмө көп болду. Варвара сыртка жөнөгөндө анын артынан:

– Эшикти жаба кет, шамал үйлөп, буттарым муздап чыкты – деп кыйкырып калды.

Көптөн бери олтурбагандыктан бели ооруп чыкты, жатайын десе Нинка керебеттин так ортосуна жатып алыптыр, Нинканы кыймылдаткысы келген жок.

Белинин сыздап чыдатпай ооруганына карабай, кемпир эки бүктөлүп, колдору менен курсагын басып олтурду, эми ооруган жери бир аз басылгансып калды. Ал дагы бир азга олтурду, бирок минтип үч бүктөлүп көпкө олтура албайт эле, бул дагы коркунучтуу деп ойлоду, – алдыга жүткүнгөн боюнча жер сүзүп жыгылып калышы мүмкүн болчу, – ал кайрадан белин түзөп, чайпалып барып ордуна олтуруп, үшкүрүп койду.

– Апаке, угуп атасыңбы, апаке Миронихаң үйүндө жок экен, – деп кыйкырды Варвара терезеден. –  Надя анын ылдыйкы көчөгө жүгүрүп бара жатканын көрүптүр.

– Муну карабайсыңбы, – кемпир, бир аз унчукпай туруп, күңкүлдөп койду:

– Дагы бир жакка жүгүрүп кеткен экен да. Ой, деги бул кайдан жүрүп ушундай тынымы жок болуп алган дейм да?

–  Дагы эле отурасыңбы? – деп сурады Варвара.

– Отурам, отурам.

Аркы бөлмөдөн онтологон Михаил чалынып-чулунуп далиске чыгып, шалдыратып чөмүч менен суу ичти. Бул үйдө өзүнөн башка киши жоктой, эшикти аңырайтып ачык таштады. Кемпир бүрүшө түштү, бирок Михаилге кыйкыргысы келген жок, акырын эңкейип бутун төшөккө ороду. Сырттан келген суук баары бир ага октой тийип жаткан. Башкалар үчүн ал суук деле эместир, а кемпирге ызгаар аяздын дал өзү эле.

Ал бүрүшүп, унчукпай калды.

– Түшүңө ылай кирсе – бул андай деле жамандыкка эмес, – деп койду, өзүнүн айтканына толук көзү жетпей.

Күн өйдө көтөрүлүп, эркин, ыкчам жыла баштады. 

5

Михаил бир чөмүч сууну толтура сузуп жутуп жиберип, бир аз болсо да демин басты. Суу кекиртегинен өтүп жатканда анын муздак, жагымдуу илебин сезип жаткан, бирок бир аздан соң кайрадан жүрөгү айланып, кускусу келип чыкты. Ичкен суусу курсагында чулкулдап, суу эмей эле жугунду ичкенсийт. Суудан дагы ичкиси келип баратып, кайра айныды, – баары бир курсагына ашыкча жүк болуп, табарсыкты толтургандан башка андан эч пайда жок эле. Ал сыртка чыкты. Ага азыр ачык тийген, жаңыдан жылып келе жаткан күн да жагымсыз болчу, андан көрө жаан-чачын болуп турса, жок дегенде анын шыбырты кишини алаксытмак. Албетте , ысыкта абал оңой менен калыбына келбеси ага жакшы белгилүү. Ал майкечен жана жылаң аяк жүрсө да үй менен сырттын айырмасын сезген жок, ага кайда болсо да баары бирдей кунарсыз көрүндү.

Тепкичке олтуруп бара жатып секирип тура калды: кечээки күн оюна түшүп кампада күтүп турган  арак көз алдына тартыла түштү. Эртеден бери ал жөнүндө бир да жолу эстебегени таң калыштуу эле, – бул эми көнүмүш адаттан болду окшойт: аларда мынчалык көп арак эзели болуп көргөн эмес, анын үстүнө көп жылдан бери ичкендин эртеси үйдө бир тамчы да арак калбай кала турган. Ал дагы бир паска ойлонуп турду; кечээ Илья экөө чынында эле бир жащик аракты кампага киргизишкени эсинде, анан да бир олтурушта эмне кылышса да анын баарын иче алышпайт болчу, бирок буга өзү да ишене албай турду...

Кампага кирип, бурчтагы үйүлүп жаткан эски-уску чүпүрөк-сапырактарды акырын калтырган колдору менен көтөрүп, жүзү жадырай түштү, – кампанын күңүрт жарыгында өзгөчө жарык чыгарып ооздору чапталган бөтөлкөлөр тизилип турган. Жащиктин үч көзөнөкчөсү гана бош калганы болбосо, калган уячалардагы бөтөлкөлөр дүкөндөгүдөн кем эмес койкоюшуп турган болчу.

Карабайсыңбы, таң аткыча козголбой турушканын. Михаил бир бөтөлкөнү алып, карбаластап шымынын чөнтөгүнө шолоду.

Кайра келип, жана туруп кеткен оруна келип отурду. Дагы эле окшуп, кускусу келип турган, бирок денеси өзүнө тааныш даамдын келишин күтүп кадимкидей чыйрала түштү. Укмуш, сезип жатканын кара! Эми бир аз олтуруп “баш оорусунун” алдында амалданып койсо да болот, – анын оорутканына чыдабай тыбырчылаган кишидей түр көрсөтүп, бирок ошол эле убакта анын мына-мына күм-жам болуп жок болорун билип турасың. Жырткыч айбандын камоосунда турсаң да, жакындап калган эркиндигиңди сезгенде коркууну унутасың. Адамдын жаратылышы ушундай турбайбы. Уктаардын алдында өлгүдөй чарчаганыңды эстөөнүн кереги жок болсо да, аны так ошол убакта эстейт эмессиңби. Бул да бир амал. Болор болбос нерсе болсо да амал.

Ал дагы биртике олтурмак, чер жазаар алдында өзүн бир аз удургутуп алайын деди эле, бирок огород жактан келе жаткан Надянын үнүн уга калды, аны менен жолугуунун кереги жок деп чечти. Дагы үлгүрөт да. Анын эмне деп айтарын анысыз деле жакшы билет. Үйгө кирип бутун кийип чыксамбы деп, бирок чөнтөгүндөгү бөтөлкө менен бут кийим кийиш ыңгайсыз болорун ойлоду, анын үстүнө Надяга да, эжелерине да көрүнгүсү келген жок, ошондуктан үйгө кирбей, жылаң аяк боюнча эртеден бери эле барам деп камынган тарапка, – мончодогу Ильяга жөнөдү.

Илья эч нерсе менен иши жок уктап жатыптыр. Кайран неме, түн бир оокумга чейин иштеп кыйналган немедей козголуп койбойт. Михаил анын жанындагы кечээ сырттан көтөрүп келишкен жапыз дөңгөчкө олтуруп, бөтөлкөнү тооккананын артына койду. Алар тоок салган үкөктү кышкысын мончого киргизип коюшчу, кээде керек учурда аны үстөл катары колдонушчу. Кечээ да ушул жерде ичишкен. Эки бош бөтөлкө үкөктүн үстүндө турган, ал эми үчүнчүсү, тооккананын эшиги жабык болсо дагы, анын ичинде тоголонуп жатат, аны ал жакка кайсы тешиктен тыгып жиберишкенин ким билсин. Бош бөтөлкөнү бирөө көрсө эмне деп ойлору белгилүү эмеспи. Аны тооктор бошотушкан жок да. Михаил аны алып салууну ойлоду, бирок аны алуу үчүн Ильянын үстүнөн аттап өтүш керек, колун шилтеп ал оюнан айныды: жата берсин, шашпай алып коермун.

– Илья! –  деди тигини ийининен тарткылап. Бул анын бүгүнкү айткан биринчи сөзү болчу, андыктан үнү каргылданып чыкты. Ичи өрттөнүп, ичегиси ысып, ар бир муунунан бери майда титирек басып, тили эпке келбей колдоюп жатканын карачы, сөздү да тыңгылыктуу айталбайсың. Михаил жөтөлүп тамагын оңдоп алды да кайрадан үнүн катты:

– Илья, угуп жатасыңбы!

Илья көзүн ачпай тыңшап калды.

– Тур, кечке уктайсыңбы.

– Эрте го, – көзүн ачпай, кыймылдабай жаткан Илья бурк этти да, түнкүсүн жаткыра албай, эртең менен тургуза албаган наристе баладан бетер, жабышкан көздөрүн ача албай, кайрадан уйкуга кетти.

– Кайдан эрте. Түш болду!

– Силердин уйкуңар кайда кеткен? Кечээ Варвара, бүгүн сен. Качан жатканыбызды ким билет.

– Кандайсың? – деди анын кобураганына көңүл бурбаган Михаил.

– Билбейм. Тирүү сыяктуумун, – деди акыры көзүн ачкан Илья.

– А  менин денемди эт туурагычтан өткөрүп салгандай. Колум кайда, бутум кайда сезбей калыптырмын. Улам эс алып олтуруп араң жеттим.

– Кечээ көбүрөөк кетип калыптырбыз, – ооба, ошондой.

– Мен ойгоно электе эле бүттүм дедим. Жата албай койдум. Турсам башым айланат. Окшуганымды сурабай эле кой. А сен эч нерсе болбогонсуп уктап жатасың. Тобо-о!

– Мен эртең менен укташым керек, – ооба, ошондой. Түшкө чейин болсо да уктай берип, анан эч нерсе болбогонсуп туруп кетем. Мени эч ким ойготпосо эле болду.

– Кандай жакшы! –  деп Михаил ага суктанып койду. –  Организмиң башкачабы? Экөөбүз жатындаш тууганбыз го.

– Бир тууганбы же башкабы ага баары бир да.

– Ошондойбу. Дагы жакшы агынан ичкенибиз. Кызылынан ичсек таптакыр эле турбай калмакпыз. Сени билбейм, мен тура алмак эмесмин. Өзүмдү жакшы билем го.

– Кызыл винодон мен деле ошентем.

– Сатып алган холера, оору.

– Эмне дейсиң?

– Ооруну өзүбүз сатып алабыз дейм. –  Михаил чыкыйын сөөмөйү менен сайып койду. –  Акча төлөдүк да.

– Муну сен туура айттың.

– Мындан беш жыл мурда мындай эмес болчумун. Ичесиңби, ичпейсиңби баары бир эле, эртең менен эч нерсе көрбөгөнсүп туруп кетчүмүн. Азыр жатканда эле эртең менен кантип турар экенмин?—деп корко баштайм. Бул иттин тамагын ыстакандап ичесиң, кайра тамчылап чыгат. Өзүңдү он жолу сыкмайынча тазалана албайсың. Ушинтип жүрүп өмүрүң өтө берет экен да.

– Мындай анекдот бар, – деп эстей койду Илья.  Энеси кызын атасын таап кел деп жиберет, – ооба, ошондой. «Бар, – дейт, – сыраканага барып, атаңды ээрчитип кел, ал кайра телтейип мас болуп алды да”. Ал ошоякта болбогондо кайда болмок эле? Кызы барып: “Ата жүрү үйгө, апам чакырып жатат” дейт. Атасы алдындагы куюлган аракты кызына берет: “Ме, ич муну” Кызы ичпейм дейт. Атасы: “Ич деп жатам!” деп стаканды анын оозуна такайт. Кызы айла жок бир ууртайт да, какап кетип кайра түкүрөт: “Фу, ачуу турбайбы, ичпейм” десе атасы айтат дейт: “Энең экөөң мени биякта бал жеп жүрөт деп ойлодуңар беле?”

– Туура айтыптыр, – деп каткырды Михаил. –  Алар да бизди бал жеп жатышат деп ойлоп жатышса керек. Биз биякта жыргап жаткансып.

– Бул анекдотту мурда уктуң беле?

– Жок. Уккан эмесмин. Жакшы анекдот экен. Жашоодон алыныптыр.  Михаил унчукпай тигинин айткандарын башын ийкеп угуп турду да, анан мындан ары созо беришти туура көргөн жок.

– Кел эмесе, Илья, – деди аракты тооккананын артынан алып чыгып. –  Эмнеси болсо да дарыланыш керек.

– Алып келдиң беле. –  Ильянын үнү бир башкача чыкты, анын же чочуп кеткенин же сүйүнүп кеткенин билиш кыйын эле.

– Жанынан өтүп келе жатып ала келдим. Кайра барып жүрмөк белем.

– Балким коё туралыбы? Азыр ичпей эле койбойлубу?

– Сен өзүң бил, а мен ичпесем болбойт. Кечке чейин өлүп калам. Араң эле дем алып жатам. Анан апамдын ордуна мени коёбуз деп убара болуп жүрбөгүлө.

– Апам кандай болуп калыптыр?

– Билбейм, Илья, айта албайм. Ага кирген жокмун. Жакшы эле болуш керек. Бирдеме болсо аялдар чуркап келип айтышмак да.

– Туура айтасың, эчак эле жетишмек.

– Эмне, куяйынбы? – деп сурады Михаил бөтөлкөнү ачып.

– Куй – мейли. Компания үчүн.

– Туура.

– Артынан жегидей бирдеме жокпу?

– Жок. Кааласаң өзүң барып кел, а мен барбайм. Койчу ошолорду! Алар бизди бал ичип жатат деп ойлошот.

– Менин ал жерде калдыратып жүргөнүм болбойт го.

– А сен эмне, бөтөн адам белең? Керектүүсүн ал да келе бер.

– Мейли эмесе, мындай деле иче беребиз.

– Албетте , болот. Ичсең да өлөсүң, ичпесең да өлөсүң, өлгөнгө жараша, ичип өлгөн жакшы, – деп келме келтиргенсип тез-тез айтып, стаканын көңтөрүп жиберди да, көздөрүн жуумп, оозунан кирген жагымдуу жылуулук ашказанга жеткенче күтүп туруп, анан гана идишин тооккананын үстүнө койду. Алар бизди бал ичип жатат деп ойлошот, – деп ойдолоктогон жасалма үн менен өзүнүн көңүлүнө төп келген сөздү кайталап койду.

Илья төшөктө олтуруп, бети-башын тырыштырып Михаилдин ичкенин байкап турган.

– Кандай? 

– Кетти. Кайда бармак эле? Тез алыш керек, антпесе тамактан өтпөй артка кетет. Биринчисин антип зордобосо болбойт.

Андан кийин Илья алды. Ичип жиберип, бирөө менен коштошуп жаткан сыяктуу алаканы менен оозун желпиди. Анын ушундай адаты бар экен. Кечээ анысын көргөндө Михаил бир топко көңүлү көтөрүлүп күлгөн эле, эки-үч жолу агасына кошулуп анын кыймылын кайталап көрдү, бирок андан кызыктуу деле эч нерсе тапкан жок. Анын үстүнө анын куюлган аракты элден биринчи алып жибермей адаты бар эле, ал ичине бирдеме киргенден кийин андай нерселерди унутуп калчу. Балким ал Илья үчүн маанилүүдүр.

Михаил андан сураган жок, аны сурап эмне кылмак эле.

Мончо жакшылап караган кишиге ашканага көбүрөөк окшошчу, бул тооккана турган үчүн эле ошондой көрүнгөн жери жок. Ал чындыгында эле мончо эмес болчу. Огороддо турган мончо мындан үч жыл мурда өрттөнүп кеткен. Ошондон кийин Михаил чет жакта турган кампаны мончого ылайыкташтырып койгон. Же бууга олтурчу текчелери жок, суу ысыткан атайын жасалган мештин ордуна жөнөкөй эле темир меш – мончо деген аты эле бар эле. Бирок ушул деле керекке жарап жаткан. Бууга олтургусу келгенде Михаил кошунасы Ивандын мончосуна барып түшүп келчү.

Жаңы мончо салганга ошол боюнча чыгынган жок, анын үстүнө жалгыз кишиге мончо салыш тамаша эмес да. Жакшы жери, мончо өрттөнгөн жерге үч жыл удаасы менен картөшкө айдашып, картөшкөсү укмуштуудай чоң чыгып, жыргатып жатат. Элдин картөшкөсү араң буурчактай болгондо, Надя бул жерден казып тамак жасап калган болот. Элдин жаман айтпай жакшы жок дегени туптуура. Эл бекер айтпайт да.

Михаил терезе жакта олтурган, мончону карай танкадай түптүз качырып келе жаткан Варвараны убагында көрө койду. Ал сөгүнүп алып бөтөлкөнү ары жылдырып ката койду. Варвара босогодон аттап кирип, көздөрүн жүлжүйтүп туруп калды, көчөдөн киргенге мончонун ичи караңгы болуп жаткан, бирок жарык жетишүү болчу, ал сырттагыдай көзгө урбай, бөлмөнүн ичине тегиз жайылган жарык эле.

– Бул сенсиңби? – деди Варвара  Михаилди көрүп.

– Жок, мен эмесмин. Бул Исус Христос.

– Жөн сүйлөчү! Сенин бул жерде экениңди мен кайдан билиптирмин. Илья жалгыз го дегем. Ага апамдын олтуруп калганын айтайын деп келгем.

– Олтурабы?

– Ооба, олтурат. Көрүп алып өз көзүмө ишенген жокмун. Кире калсам терезени карап олтуруптур. Буттарын ылдый салаңдатып алыптыр...

– Башын өйдө каратыптырбы?!

– Илья, сен шылдыңдаба, кереги жок, – деди жемелей кетти Варвара. –  Апабыз жөнүндө антип айтпа. Ал чоочун бирөө эмес, өзүбүздүн апабыз.

– Шылдыңдады дегенди кайдан чыгарып жатасың?

– Жүргүлө өз көзүңөр менен көргүлө. Мындай болот деп ким ойлоптур? 

Варвара бир туугандар да ал сыяктуу апасын көрүп кубанып калышын каалап турган, ал дагы кайталады:

– Жүргүлө, жүргүлө, барып көргүлө. Болбосо Варвара дагы ойлоп тапты деп айтасыңар.

– А караганда эмне, олтура берсин, – деди мончодон чыккысы келбеген Михаил. –  Аны тажата берген болбойт. Жыгылып калбасын, жакшы карагыла.

– Жок-жок, ал жакшы эле олтурат.

– Биз ананыраак барабыз, – деп убада кылды Илья.

Варвара эки жагын шектүү карап, бирок эч нерсе көрүнбөгөндүктөн унчукпай артына бурула бергенде, аны Михаил токтотту:

– Надя үйдөбү?

– Үйдө. Баарыбыз Люся, апам бардыгыбыз үйдөбүз.

– Апам да үйдөбү?

– Баргылачы ары! –  Варвара тигилердин тамашалап жатканын түшүндү. –  Силерге күлгөнгө  шылтоо болсо эле болду. Кеттим.

– Бар, бар. Апамды жакшылап кайтар. Бир жакка чуркап кетип издеп жүрбөйлүк.

Варвара мончонун чыга беришинен коркуп жатып араң түштү, – ал жер бийик болчу, чыгып түшкөнгө жок дегенде дүмүр коюп коюну да ойлошпоптур. Андан ары кайда барышты билбей токтоп калды. Бир туугандары менен жолугушуу анын кубанычын азайта алган жок жана ал ага тынчтык бербей жаткан. Эгерде, бир туугандары аны менен кошо апасына барышканда иш башкача болмок: ал да алар менен кошо барып, алардын кечээ эле турбай эс-учу жок жаткан апасы сопсоо кишидей олтуруп алганын көрүшүп таң калышканын өз көзү менен көрмөк. Бирок бир туугандары мончодон чыкпай коюшту, аларга апасынан мончо кымбат окшобойбу. Варвара эми эмне кылышты билбей турду. Ал өзүнүн чүчпара тууралуу түшүн эстеп, кайрадан тынчсыздана баштады. Жакшы түш эмес, ой, жакшы түш эмес. Кимге айтсам, ким жакшы жоруйт болду экен? Люся менен сүйлөшө албайсың – жанараак мага кандай бурк эткенин көрдүм го, Надянын болсо бир мүнөт да колу бошобой жүгүрүп оокатын кылып жүрөт. Варвара турган жеринде дагы бир аз айланчыктап турду да, анан көчөгө жөнөдү, – ал жакта эл бар эмеспи.

Варвара босогону аттап чыгар замат, Михаил катып койгон бөтөлкөсүн алып чыгып тооккананын үстүнө тарс эткизе койду. Ал бул жерге келгенден бери көңүлү көтөрүлүп, бети-башына кан жүгүрүп, көздөрү тириле түшкөн.

– Мына ушундай, Илья, – деди ал куйганга камынып. –  Иш оңунан кете баштады окшойт. Алып жиберелик. Узап кетсе жеткире албай убара болобуз.

Мен закүскө жок иче албайм, – деди Илья ичкенден баш тартып. –  Жок дегенде жыттаганга бир үзүм нан болсо да мейли эле. –  Ооба, ошондой. Анын үстүнө ачкарын ичкен болбогон иш. Бир экини-алганда эле даяр болосуң. Эч кызыгы жок.

Огороддон пияз жулуп келейинби?

 Пиязды малып жегендей туз да жок. Аның жарабайт.

 Закүскө болсо жакшы болмок дечи, – деп макул болду Михаил. –  Күтө туралык – айла жок! Тиякка азыр такыр баргым келген жок. Кайрадан башташат. Надя бир жакка чыгып кетсе жүгүрүп барып келем.

– Сен ичкиң келсе иче бер.

– Күтө турам, кайда шашып жаттык эле. Жалгыз ичкенди жаман көрөм. Жалгыз ичип да байкап көргөм. Жалгыз ичпей эле койгон жакшы. Бат эле мас болуп каласың.

– Таптакыр эле ичпей койсо жакшы деп жатышпайбы.

 Ошентип айтышат, Илья, антип айтышканын мен дагы уккам. Эл эмне гана дебейт. Айткандар айта беришсин. Албетте, ичкиси келбегендер ичпей эле коюшсун, а буга көнүп алгандар, билбейм...Михаил башын чайкап койду. Билбейм, билбейм. Баары бир ичкиң келет – мен ошентип ойлойм. Аны ташташ кыйын. Мисалы мен өзүмө ишенбейм. Жаш кезимде канча жолу таштадым, болбойт экен. Андан кийин элге шылдың болбой эле жөн жүрө берейин дедим. Таштайм деп аракет да кылбай калдым. Албетте, башка иштердей эле ичкенди да билиш керек. Биз суу ичкендей эле ичип жатпайбызбы.

– Аның туура, ичкенди билиш керек.

– Сен көп ичесиңби?

– Машине айдаганда ичпейм. Шаарда бул жагынан тартип катуу, – ооба, ошондой. Аялым да такыр ичпейт. А аялым жок, жөө жүрсөм сөзсүз ичем, ичкенде да кекиртегимден чыкканча ичем.

Михаил бөтөлкөнү карап койду:

– Балким ичээрсиң? Закүскөнү анан көбүрөөк жеп коёсуң.

– Жок иче албайм. Сен мени карабай ала бер.

– Мейли анда, бир аз алып коёюн, антпесе кайра кыйнала баштадым. –  Ал чындап эле стаканга бир аз арак куюп, токтобостон бир ачуу ууну ичип жаткансып шашкалактап оозуна куюп жиберди.

– Мына, эми иш башка, – деди ал демин катуу чыгарып. Мына эми кадимкидей жеңилдей түштүм. Айтышат го: балыктын сорпосун ичерде ич, балыктын сорпосун ичкенден кийин ич, балык сорпону эскергенде ич деп. Ичесиңби, эч нерседен тартынбай ичиш керек.

– Азыр балыктын сорпосу болгондо сонун болмок, – ооба, ошондой.

– А эмне үчүн ичебиз? – Михаил бул терең ойлуу суроого эмне дээр экен дегенсип Ильяны карады. Илья унчуккан жок.

– Мына, күйүттөн, же кубанычтан же дагы башка бир нерседен ичип калдык деп айтышат. Жок, булар анча деле маанилүү себептер эмес. Көнүмүш адат бул адамдын экинчи натурасы деп да коюшат. Туура, нанга да көнүп алганбыз, ансыз тамак жегендей болбойбуз, Бирок ал адатка көнүшкө да бир себеп болуш керек да. Билем, кайсы жагыма карабайын күнөөм толтура: кээде үйдө аялым менен чатакташам, кээ бирде акыркы акчаны ичип салам, жумушка чыкпай коймоюм да бар, айылда ар кимге асылып арак сурайм, – мунун баары ойлоп көрсөм уят иш, башыңды өйдө кылып элдин бетин карай албай калган күндөр болот. А Бирок башка жагынан алганда ичип жаткан маалда бардыгын унутуп, жеңилдегенсип  каласың. Бир жагынан карасаң жаман, экинчи жагынан карасаң сонун. Кайрадан ишке чыгып, күнөөңдү актоого киришесиң. Бир күн иштейсиң, эки күн иштейсиң, бешинчи күн иштейсиң, үч кишинин ишин бүтүрөсүң, күчтү кайдан аласың, өзүңө да белгисиз. Акырындап өзүңө келе баштайсың, кылган кылыктарың унутула баштайт, уят болгонуң эстен чыгып, жашооң калыбына келгенсийт. Ичпей койсоң эле болгону. Бир жагынан жашооң жеңилдегенсийт, экинчи жагынан күндөн-күнгө кыйын боло баштайт. Бук болуп, бугуң ичиңе батпай буулуга баштайсың. Михаил колун шилтеп койду, анан бир күнү кайрадан ичесиң. Чыдай алган жоксуң. Кайрадан баары башынан башталат. Демек, чарчагансың. Организм эс алгысы келет. Аны мен ичкен жокмун, организм ичип жатат. Ага нан менен бирге арак да керек болду, анткени суроо-талап пайда болду. Сен кандай деп ойлойсуң? Мен туура айтамбы?

– Суроо-талап – бул туптуура, –деп макул болду Илья – жөндөмүбүзгө жана суроо-талапка жараша ичебиз. Ичишибизче ичебиз.

– А кантип ичпей коёсуң? – деп сөзүн улантты Михаил. –  Бир күн, эки күн, макул бир жума бою ичпей кой – чыдаса болот. Анан өлгүчө ичпей коёсуңбу? Ойлоп көрчү. Күндөрүңдүн баары окшош. Жумушта, үйдө тыным жок, жанталашып, жүгүрөсүң, же жумушуң бүтсөчү, тигини жасаш керек, муну жасаш керек...А ичсең – эч кимге карыз эмессиң, ишиңдин баары өзүнө-өзү бүтөт. Ден-соолугуң да мыкты, ичип жатканда кандай сонун, анан кандай жинди жакшы нерседен качат я? Ичкилик – жаңы иче баштаганда дайыма майрам. Болгону, ченеми менен ичиш керек...туурабы?

– Эгерде, ченемин билгенибизде, ичкенде жасагандарыбыздын жарымын да жасабайт элек.

– Албетте, жасамак эмеспиз. Бирок башка жагынан алсак, айтчы сен азыр мени болду ичпе, ушул ичкениң эле жетет десең, мен эле болсом ичпей коёмунбу? Балким чынында эле жетиштүүдүр, мына жеңилдеп оорубай калдым, эмкиси ашык экени белгилүү дечи. Баары бир дагы  ичишим керек, менин жаратылышым ушундай. Өзүнүкүн алмайынча, аны токтотом деп убара болбо. Ал үнөмдөгөндү, жарымын жасап, жарымын бүтүрбөй таштаганды жактырбайт, ага курсагы толгуча, суусуну кангыча ичиш керек. Иштегенде да, ичкенде да ошондой, ортодо калмай жок. Өзүң билесиң.

– Сеники айына канча болуп жатат?

– Айынабы? Ичкиликти айтып жатасыңбы? Илья күлүп жиберди:

– Сен ичкиликти бухгалтериясыз эле ичесиң, мен аны билем. Мен сени канча табасың деп сурап жатам, айына канча акча аласың?

– Маянамбы… Ар кандай, Илья. Билгиң келсе маяна мурдагыдай эмес.

Механизаторлордуку жакшы эле, а биздей болгон жөнөкөй

жумушчулардыкын азайтып салышты. Мен жаңы иштеп жүргөндө мындан эки эсе көп алчумун. Мурда эки-үч баржаны жүктөп коёсуң да, чалкалап жата берчүсүң. Бирок ал кезде азыркыдай эмес, жумуш бир топ эле оор болчу. Карагайды тоголотуп барып жүктөчүбүз. Азыр эмне, кран деген бар. Илип бер – чыгарып кой, чыгып кетип үстүңөн басып калбаса эле болду. Адамдардын ордуна машинелер иштей баштады.

– Техника менен оңой да.

– Оңою, оңой дечи, аны ким талашат. Бир топ эле жеңил. Көп деле кыйналбайбыз. –  Михаил бир аз ойлонуп туруп анан капилеттен эле ошол мезгилдерди сагынгандай үн катты: – Баары бир ошол кез кызык эле. Ошол эле баржаларды алалычы. Мен баржада иштегенди жакшы көрчүмүн, анын айлыгынын көптүгүнөн эмес, жөн гана ошол иштин өзү жакчу. Эки суткалап жээктен кетчү эмес элек. Жүктөп болмоюнча кетмей жок. Балдар үйдөн тамак алып келип беришер эле, олтуруп жеп алып кайра жумушка киришесиң. Бир кумары бар эле, кеттик, кеттик, бол, бол. Күчтү кайдан алчубуз? Жумушка чындап жан-дүйнөбүз менен берилчү элек, азыркыдай эптеп күн өтсө болду деген жок болчу.

– Анда жаш болчусуң да.

– Жаш болчумун дечи… А колхоздо кандай жашаганыбызды эстечи.

Мен канча акча алганыбызды айткан жокмун. Кээде таптакыр эле эч нерсе алчу эмеспиз, эсиңдеби? Мен кандай ынтымактуу жашаганыбызды, жакшы менен жаманды тең бөлүшкөнүбүздү айтып жатам. А азыр ар ким өз-өзүнчө жашайбыз. Билесиңби, азыр айылда өзүбүздүн адамдар башка жактарга кетишип, башкалар бизге келип жашап жүрүшөт. Айылдагылардын көбүн тааныбайм. Өзүм да башка жактан келгенсип, өз айылыма чоочун сыяктуумун.

Үйдүн эшиги кыйчылдап ачылганы угулуп, Михаил башын көтөрүп карап калды. Сыртка чыккан Надя эмес, Нинка экен. Ал айланасын карап эч ким жок экенин көрүп, жүгүрүп барып жыйылып турган жарылган отундун аркасына кирип кетти. Анын бери чыгышын күтүп туруп, Михаил каалганы ачып, башын чыгарып аны өзүнө чакырды:

– Нинка, бери кел.

– Эмне-ге? – деп коркуп кетти кыз. Ал мончодон аны бирөө чакырат деп күткөн эмес.

– Кел, келегой кызым, келсең айтам.

– Мен экинчи мындай кыл-ба-йм.

– Бери кел деп жатпаймынбы, жиниме тийбей бас бери. Тегерегин карап, бышылдап ыйлачудай болуп Нинка мончого кирди.

– Сага канча айтыш керек, тил алчаак бол деп. Чакырганда жүгүрүп келсең буттарың үзүлөбү?

– Мен экинчи ант-пе-йм.

– Ант-пе-йм. Ошентип айтканды эле билесиң. Айтып атып чарчадым, азыр сабап коёюнбу, экинчи эсиңден кеткис болсун. А Илья байкең карап турсун, таяк жеген сага жагат бекен же жокпу. Бир жериң кычышып калган го ээ. Азыр ал жериңдин кычуусун кандырып коёюн.

 Нинка катуурак бышылдай баштады.

– Эмне унчукпайсың, жооп бер?

– Апама сени арак ичип жатат деп айтам, – деп бат-бат сүйлөп,  Ника сыртка качып чыкканга даярданды.

– Мен сага азыр айтканды көргөзөм – деп жинденди Михаил, апаңды тааныбай каласың! Сага эмне атаңдын айыбын чуку деп үйрөтүштү беле? Апасына айтат имиш. Карасаң мунун айтканын! –  деп Ильяга даттана кетти. Бешиктен бели чыга элек жатып айткан сөзүн кара.

– Өзүң эмне урушасың.

– Сени менен эч ким урушкан жок, – унчукпа. Бирок ушундай кылыгың үчүн жакшылап окутуп коюш керек болчу.

– Мейли эми, кызды коё бер, – деди Илья Нинкага болушуп. –  Мындан кийин антпейт.

– Антпейсиңби?

– Антпейм, – деп Нинка ылдам убада берди да, башын көтөрүп, көздөрүн ойноктотуп, сыдыра карап, көргөндөрүнүн баарын эсине сактап жатты.

– Коё тур, мунун кыйынын кантейин. “Антпейм” деп эле оңой кутулгусу бар мунун. Сен жанагы “Таң атабы, же атпайбы мага баары бир, иши кылып кыйкырсам болду” – деген короздой болуп турасың. Ушундайбы? Шашпай тур. Ойногонго дагы үлгүрөсүң. Мен азыр сазайыңды колуңа бермекмин, Илья байкең болбосо. Ага рахмат айт. Бар азыр байкең экөөбүзгө закүскө кылгандай бир нерсе алып келип бер. Түшүндүңбү?

– Түшүндүм.

– Балекетти да түшүнгөн жоксуң сен.

– Апама айтсам алып берет да.

– Кайра эле апаңбы? Апаңсыз эч нерсе кыла албайсыңбы? Унут аны. Таптакыр унут. Сен эч кимге көргөзбөй алып кел. Апаң эмес башкалар да көрбөсүн. Эми түшүндүңбү?

– Эми түшүндүм.

Акырын барып эч кимге көргөзбөй алып кел. Алып келсең мен сага бул бөтөлкөнү берем. Михаил бош бөтөлкөнү четке жылдырып койду.

Э-э, – деди Нинка бөтөлкөнү карап. –  Берип коюп кайра алып аласың да.

– Албайм, албайм. Бол жүгүр.

– А баягында алып алгансың.

– Анда алсам, эми албайм. Азыр менин өзүмдүкү бар. Мына Илья байкең турбайбы, кайра албайм.

– Мен күбө болом, – деп төшүн какты Илья.

Нинка макул болду.

– Болбойсуңбу, дагы эмне болду? Бар чурка.

– Мага экөө керек, – Нинка экинчи бош бөтөлкөнү көрө койгон экен.

– Макул экөөнү тең берем. Бол эми, батыраак барып кел. –  Михаил экинчи бөтөлкөнү кошуп койду.

Нинка көйнөгүнүн этегине ороп, бир бөлкө көтөрүп келди. Анткени үстөлдүн жанынан Надя жолотпой кууп чыккан, ал эми кире бериштеги эртең мененки тамакка деп даярдап койгон бөлкөнү алуу оңой болчу.

Нан, эч нерсе жоктон көрө жакшы дечи, бирок бул азыраак болчу. Михаил бул жерде – мончонун чатырчасынын алдында, эки-үч тоок тууп жүргөнүн эстей койду. Нинка сойлоп барып беш жумуртканы уясы менен алып түштү. Сыягы ал жумурткалар жаздан бери жаткан окшойт, шашкалактап бирөөнү чагып туруп жутуп жиберген Михаилдин көздөрүнөн жаш куюлуп, кусуп жиберди. Бул закүскөдөн кийин аны оозун кайра арак менен чайкашка туура келди. Көпкө чейин сөгүнүп, жумурткага экинчи кол тийгизкен жок.

Жумуртканы алып келгени үчүн Нинкага тооккананын ичинде кулап жаткан бөтөлкөнү алып беришти, ал эми тузга барып келгени үчүн ичилип бүтө элек бөтөлкөнү бермей болушту.

Кыз бөтөлкөнүн бошошун күтүп мончодон алыс кетпей ойноп жүрдү. Ага азыр үйгө кирүүнүн эч кызыгы жок болучу, анткени Надянын уй жалап кеткенсип жок болуп кеткен бөлкөнү издеп ызы-чууга түшүп жүргөнү бул жакка чейин угулуп жаткан. Ал эч нерсе көрүп билбегендей күнөөсүз, тунук көздөрүн бакырайтып, эркектерди шынаарлап, аларды караан тутуп, алардан алыстабай айланчыктайт. Эми алардын тагдырлары бири-бирине байланышып калгандыктан, Нинка алардын сырын ачпасына Михаилдин көзү жетип турду.

Көп өтпөй ага бөтөлкөнү бошотуп беришти, ал аны алып кайра эле жыйылган отундардын артына кирип кетти. Огороддо бир аз ойноп жүрүп, адатынча тегеренип ойногон боюнча үйгө бет алды. Сыягы, курсагы ачкан окшобойбу.

Ичтерине бир нерсе барганга эркектердин сөздөрү көңүлдүү чыга баштады. Бир гана жолу Илья эрте эле иче башташканына актанууга аракет кылганда, өздөрүн бир аз ыңгайсыз сезишти:

– Анан эмне кылмак элек? Апамдын жанында кыймылдабай отуруштун кажети жок деп эсептейм, ооба, ошондой. Көрүп жатпайсыңбы, буюрса ал баш көтөрүп олтуруп калды. Басып кетиши да мүмкүн.

– Ал андай кыла алат, – деп башын ийкеди Михаил.

Айтасаң, а! Мындай болот деп такыр ойлогон эмесмин. Мына-мына үзүлчүдөй болуп жатпады беле. Бир күч ага жардамга келгендей болду да!

– Апабыз азамат!

– Чын, ал ажалын алдап жолго салды.

– Мен сага ымандай сырымды айтайын, Илья. Туура эмес эле болуп калды. Андан көрө өлүп калса болмок. Өзүнө да жакшы, бизге да жакшы. Мен жашырбай эле айта берейин, бири-бирибизден сырыбызды жашырганда эмне? Баары бир, бүгүн болбосо эртең өлөт. А азыр баарыбыз чогуубуз, даярданып алдык. Даярданып алгандан кийин ишти аягына чейин бүтүрүш керек эле да. Мен ага ишендим, силер мага ишендиңер, анан эмне болду?

– Сен эмне деп жатасың? – деди ага каршы болгон Илья. –  Ажалы жеткенде өлөт да, өлөм десе эле өлүп калмак беле.

– Албетте, аны өлсөң да өлөсүң деп кыйнаган эч ким жок дечи, бирок мен жагдайды айтып жатам. Мына, силер бүгүн эртең ар кимиңер үйүңөргө тарап кетесиңер. Ал көпкө узабайт, баары бир кетет. Менин сөзүмдү эстеп кой. Жөндөн жок эле мындай болгон жок, жөндөн жөн эле эч нерсе болбойт. Мен кайра силерге телеграмма урушум керек, а силердин келгенге бүгүнкүдөй маанайыңар болбойт. Бирөөңөр келесиңер, бирөөңөр келгиңер келбейт. Мындан он эсе жаман болот.

– Кантип келбей коймок элек?

– Эми ар кандай болот да. Мына, Татьяна деле келбей жатпайбы...

– Татьяна – ооба, ошондой. Ал анын айыгарын билген немедей шашпай жүрөт.

– Кептин баары аны билбесе деле шашпай жүргөнүндө болуп жатпайбы. Ал бүгүн да келбей калса апам жинди болуп кетет. Таньчорасын сурай берип тажатып бүттү: бирде аны түшүндө көрөт, бирде дагы бир нерселерди айтат. Сен бирге жашабагандан кийин билбейсиң да.

– Ал келет. Телеграмманы алып келбей койсо, аны эмне деп айтыш керек.

– Келери чын болсо, ичпейлиби. Жакшылап тосуп алалы да. Карындашыбыз да.

– Ичебиз – ооба, ошондой, ичпегенде кайда бармак элек?

Ал келбесе да ичебиз, – деди Михаил. –  Баары бир ичебиз, Илья. Экөөбүздүн башка аргабыз жок.

– Анан эмне кылмак элек? – деп аны колдой кетти Илья. –  Эми аны төгүп салмак белек.

– Экөөбүзгө аны ким төктүрөт экен? Бул оңой иш эмес.

– Эми кааласак да каалабасак да ичиш керек.

– Сен кызык сүйлөйт экенсиң, Илья. «Каалабасаң да» деп. Маселени андай койгонго болбойт. Эмне үчүн каалабайбыз? Керекпи ичиш керек. Биз эмне күндө эле жолугуп жаттык беле? Балким ушундай милдеттеме албайлыбы?

– Алса алып коюбуз. Эмне үчүн болбосун?

– Мынакей, бул башка кеп.

Сөздөрүнүн нугу экөөнө тең жагымдуу жакка бурулду, Албетте  бул алардын көңүлүн көтөрдү. Мындай маанайды бекемдеш үчүн  тез арада ичиш керек эле, – болгондо да арак жакын эле жерде, башыңан ылдый куюнсаң да болчудай санда, акчасы эчак төлөнүп күтүп турган. Михаил бутума бир нерсе кийип келейин деген шылтоо менен кампага дагы бир кирип чыгууга бел байлады. Согончокторун кызартып ал чыгып кетти, Илья эртеден бери турбай оонап жаткан төшөнчүсүн тоголоктоп жыйнап коюп короого чыкты.

Михаил өтүгүнө жеткен жок, ал эмнегедир адегенде кампага кире калган. Кирип барып көзү караңгылай түштү, кимдир бирөө жащиктеги арактын теңин көтөрүп кетиптир. Анан кайдагы өтүк? Михаил дароо эле жеңилдеп калган жащикти көтөрүп мончону көздөй жүгүрдү: сактап кала турган нерсени эмитен сактап калбаса, бир мүнөт кечиксе мындан да куру калышы мүмкүн эле.

Мончого барып алып көпкө чейин сөгүндү. Аракты өздөрүнүн эле кишилери катып коюшканы турган иш дечи, бирок аны алардан кайра сурап алыш оңой эмес эле. Тамагына бычак такап: кана тап деп коркута турган учур эмес болчу. Аракты башка себеп менен алышкан, анын үстүнө акчасын чогултуп төлөшкөн эле да. Албетте , ага эркектердин укугу көбүрөөк дечи, бирок ал укук соо кезде эле бар, ичип алышкан эркектердин укугу талаштуу маселе. Ошондуктан, эми эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, эки жакты абайлап карап, ыңгайлуу учурду күтүшкө туура келет.

Алар жаңы эле бөтөлкөнү ачканы жатканда ыйлап алган Нинка босогодон кире элек жатып даттанды:

– Апам жаман.

– Сенин апаңды асып салса да аздык кылат, – деди жини алигиче тарай элек Михаил.

– Ал сага эмне кылды? – деп сурады, Нинкдан Илья.

– Ал мени нанды уурдадың деди. Өзү эчтеке көрбөсө деле, өзүм көрдүм деп жатат.

– Ал сени жөн эле эмне кылар экен деп жатат, мойнуңа алба, – деп үйрөттү Михаил.

– Ошентип айттым. Ишенбесең атам менен Илья байкеден сура дедим.

 А муну бекер айтыпсың. Бизди аралаштырбай эле койсоң болмок. Түшүнсөң азыр бизде эч кадыр-барк деген неме жок. Бизден пайда аз. Бул жерден сен жаңылышыптырсың.

– Ал жаман, – деди Нинка бултуюп.

– Эми эмне кыл дейсиң. Ага менин доом сеникинен да көп

– Ал силерди ичип алышты, эми көпкө чейин токтошпойт деди, – деп уккандарын айта баштады Нинка. –  Ата сени болсо аракеч деди, бардыгын баштаган сен деп айтты.

– Баланын көзүнчө эмне деп айтышканын уктуңбу, – деп башын чайкады Михаил. –  Түшүнүктөрү жок: айтса болобу, болбойбу, ойлонбойбу… А сен аны укпа, – деди ал Нинкага. Алар сүйлөй беришет. Сен кимге ишенесиң ошолоргобу же бизгеби?

– Силерге.

– Ошондой. Биз менен болсоң, эч кимге тийгизбейбиз. Аларды укпай эле кой.

Эркектер кайрадан иче башташты. Нинка атасынын болушканына кубанып, алыс кетпей алардын жанында ойной баштады. Атасынын колундагы стаканды алып жыттап көрүп мурдун чүйүрдү, анан бош стаканды алып жыттап мурдун кайра чүйүрдү, алардын сөздөрүнө аралашып кошо сүйлөп, бөтөлкөдөгү арактын кандай тез түгөнүп бара жатканын кетирбей байкап жатты. Аны аяган Михаил жанынан кубалаган жок. Аны кубалабай койгону туура болуптур.

Нинка:

– Ата, а төгүлбөгөн бөтөлкөлөрдү дүкөн алабы? – деп сурап алды.  Ал бул суроосун беш-алты жолу бергиче Илья менен кызуу сөзгө кирип алган Михаил  таңазарына алган жок.

– А кайсы төгүлбөгөн бөтөлкөлөрдү? – деп сурады ал бир кезде.

Төгүлбөгөн бөтөлкөчү. Мен төксөм да төгүлбөй койбодубу.

А эмнени төгө албай жүрөсүң? – деп кызыкты Михаил ал дагы эле түшүнбөй.

– А винону.

– Кайсы винону?

– Мени нан уурдады деп айтпасын да, көрбөгөндөн кийин ууру деп айтпасын.

– А кайсы винону төгөйүн дедиң эле? – Михаил эңкейип Нинканы коркутуп албайын деп аны акырын колунан кармады.

–  Кандай, кандай! Момундай. Бирок бөтөлкөсүнүн оозу ачылбайт экен...

– Кайдан алдың аны? –  деп Михаил менен Илья бири-бирин карап калышты.

Нинка бүгүн атасынан эч нерсе жашырбай тургандай маанайда эле, ошондуктан ал төкпөй чачпай билгенин айта баштады.

– Сен мага өзүң бердиң, – деди ал. А андан мен өзүм алдым. Мени жөн эле ууру дебесин да. Көргөн жокпу – айтпасын.

– Ал бөтөлкөлөр азыр каякта, жанагы сен алган бөтөлкөлөр кайда?

– Унга катып койгом.

– Каяка дейсиң?

– Унга. Кампага катып коюптур. Аларды апам каткан. Мен аны таба албайт деп ойлогон да, а мен таап алдым. Тиякта бир тор бар экен, ошого салып коюптур. Дагы калган.

– Түшүнүктүү –деп барк этти Михаил. Эми баары түшүнүктүү, Төгүлбөй койду дейсиңби?  А төгүп салсаң эмне болот эле я? – ал онтолоп жиберди. Каяка төгөйүн дедиң эле? Жергеби? – ал сурап жатып, арактын кайдагы бир жугундудан бетер төгүлүп, чириген тактайга сиңип жок болуп кете жаздаганын ойлогондо ыйлап жибере жаздады.

– Жок. Мен унга төгөйүн дегем. Апам төгүлгөн сууну көрбөсүн дегем.

 Михаил мындан ары чыдабай кетти. Нинкага сөөмөйүн кезеп аны зекий сүйлөдү:

– Ал бөтөлкөлөр жөнүндө бир да тирүү жан билбесин. Түшүндүңбү?

– Түшүндүм.

– Жакшы түшүндүңбү?

– Ооба.

– Бирөөгө айтчы болсоң, ойда жаман болот.

– Төгүлбөгөн бөтөлкөнү баары бир алышпайт. Ичип бүткөн бөтөлкөлөрдү алышат. Түшүндүңбү? – деп кошумчалап койду Илья.

– Түшүндүм.

– Кандай гана тез түшүнөсүң? Тим эле мактангың келет, менин кызым кандай акылдуу. Эми бар ойно. Бар, бар. Эркектердин арасында сенин кылар ишиң жок. Бирок менин айтканымды унутпа. Бир да адам билбесин. Бөтөлкө өткөзгөндү эмне кыласың. Куурчагың менен ойно.

Ал Нинканы сыртка чыгарып каалганы жапты.

А чынында эле бул кичинекей акмак дүкөнгө алып барып салса эмне болот эле. Бала да. Төгүлбөй койду дегенин карабайсыңбы! А тигилер он эки тыйын берип кудай деп алып коюшмак. Аларга эмне. Акмактын кылганын карабайсыңбы, таап алганын айтпайсыңбы.

Ал убакта Нинка короонун ортосуна барып калган. Ал жерден карматпасына көзү жеткен соң мончону карап кыйкырды:

 Атам дагы жаман.

Ал энесине жөнөдү.

6

Люся эртең менен ахыбалын билиш үчүн кемпирдин жанында дагы бир аз олтурду да, ага токойго барарын айтып, даярдана баштады. Нинка туруп кеткенден кийин кемпир ордуна жатып үргүлөп уктай баштаптыр, бирок шырп этип, шыбырт чыккан сайын көздөрүн ачып сак жаткан экен. Бүгүн ал кечээкиден бир топ эле жакшы болуп калыптыр, коркпой эле кете берсе болчудай.

Люся токойго барууну анча деле каалаган жок, бирок андан башка эмне иш кыларын биле албай турду. Анан эмне, керээлден кечке жылбай-чычпай үйдө олтура бермек беле. Адегенде ойлонбой эле Надяны кошо барып келели деп жаткан, анан өзү аны барбай эле кой деп кайра айныта баштады, анткени, биринчиден, аны менен бир нерселерди сүйлөшүү керек эле, а Люсянын аны менен сүйлөшүүгө көңүлү чаппай турган, экинчиден, апасын Варварага таштап кетүү ага кооптуу көрүндү, – өзү жардамга муктаж адамды жалгыз таштаса эмне болуп кетерин ким билет. Эркектерге болсо ишенүүгө болбой калды, алардын өздөрүнө көз салып, апасынын үстүнө кирип, анын тынчын алышынан сактаныш керек. Апасы мастарды көргөндө жини кайнап турчу, тигилердин мас экенин көрсө абалы кескин начарлап кетиши толук ыктымал эле.

Люся көпкө чейин камынды. Ал токойдо жүргөнгө ылайыктуу, ошол эле убакта көргөн адамдын көзүн кубандыргандай кийинүүнү каалап турган. Албетте , ал бирөөлөргө көрүнүш үчүн кийинип жаткан жок, токойдон бир да адамга жолукпай келиши деле толук ыктымал эле, ал нечен жылдан бери кайда жүрбөсүн жарашыктуу жана таза кийинүүнү өзүнө эреже катары кабыл алып, аны адатка айлантып алган болчу. Жакшынакай кийинип жүрсө маанайы, ал эмес иштери да оңолот. Ал кырсыктын да көзү барына ишенчү, бирөөгө келерден мурда ал адамдын өзүн кандай алып жүргөнүн, анын эмнеге татырын, ал тургай сырткы көрүнүшүнө көңүлүн бурат деп ойлочу. Өзүнүн күчүнө ишенген ийгиликтүү адамга ал көпчүлүк учурларда батынып келе албайт.

Надядан жарашыктуу кара кофта табылды, дагы эмне кийерин билбей турду. Надя өзүнүн көлбөйгөн кенен шымы менен өтүгүн алып келди, бирок алар Люсяга жаккан жок. Шаардын сыртына эс алууларга чыкканда кийүү үчүн атайын сатып алган туристтин батинкеси менен шымы болгондо сонун болмок экен, бирок токойго козу карынга барам деп ким ойлоптур. Биякка келерде оюнда таптакыр башка нерсе болчу. Ал керектүү кийими жок болгондон кийин барбай эле койсомбу деп ойлой баштаган кезде көчөдөн келе жаткан Варваранын үнүн укту, анын күн бою жанында жүрүп өзүнүн ыйлактоосу менен тажатарын элестете коюп, Надядан суранып анын кийип жүргөн кедасын чечтирип алды. Мейли үйдө калганча ошол кеданы кийип, кете бергени жакшы.

Ал үйдө калгысы келбей жаткан, бирөөлөр  менен сүйлөшүп, – аны аягысы да, жооткоткусу да келген жок. Ал бир туугандары менен кандаш жакындыкты сезип, аларга эң жакын адам катары мээримин төгүп, төгүлүп-чачылып, аларды көргөнүнө маңдайы жарылгыча кубанып кетпеди, алар менен жакындыгын акылы менен билсе дагы, жүрөгү менен сезе албады, ошол себептүү бир четинен, ал өзүнүн мындай кара өзгөй, таш боор болуп калганына ыраазы болбой жатса, экинчи жагынан, бир туугандары менен апасынын аны бекер, ооба, бекер эле чакырып алышканына нааразы эле. Ал бул жакта дагы канча күн турат, эч ким билбейт. Экиби, үчпү же төрт күнбү? А балким андан да көптүр?

Айылдыктарга жолугуп калбас үчүн Люся көчөгө түшпөй, огородду аралап өткөн кыска жолго салып, айылга жакын турган биринчи эле тоону көздөй бет алды. Ал үйдөн чыкканда эле токойду шашпай аралап, таза абада эс алууну чечкен. Шаарда кээ бир дем алыш күндөрүн ушул максатка жетүү үчүн арнап, көптөгөн километрлерди басып өтчү. А бул жерде токой мына, эшигиңдин алдында, тур да жөнөп кет. Машине издейм, тамак-аш камдайм деп убараланып машакат чекпейсиң, мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланбай коюу кечиримсиз күнөө эле. А козу карынчы! Козу карын бул бир шылтоо сыяктуу, айылдыктар токойго ишсиз чыгышпайт эмеспи. Көрсө терип алат, жок болсо, ага кайгырмай жок.

Ал дөңсөөнүн кырына чыгып, эс алып олтура кетти. Ага бул жер мурдагыдан жапыз, тайпагыраак болуп калгандай көрүндү. Балким мага ушундай сезилип жаткандыр, өзүмдүн жашым алга илгерилеп, көз караштарым өзгөргөндөн улам, мурда чоң көрүнүп жүргөн нерселерди, эми кадимки өзүндөй көрө баштасам керек деп ойлоп койду.

Жок, бел чындыгында эле жапыздагандай. Люся бала кезде бул кырдан тиги кыйшайып жыгыла жаздап турган илгерки тосмодон калган эки мамыга чейин жылгаяк тээп түшүп жүрүшкөнүн эстей койду. Азыр болжолдоп көрсө ал мамыларга чейин жетчүдөй эмес. А тосмолор кайда кетти, аларды эмнеге бузуп салышты? А-а, бул жерлер азыр айдалбаса, эч нерсе себишпесе, анда аны коруп эмне кылышмак эле? Төрт тарабы тең ачык, мал каалашынча жайылат экен да. Жогорку жана Ылдыйкы суудагы тосмолор деле ушул сыяктуу эле бузулуп, жайыт болуп калса керек.

Карап олтуруп белдин эмнеге жапыздай түшкөнүн эми түшүндү. Чоку кичинекей болгону менен тик болуп, машинелер өтө алчу эмес. Ошондуктан бульдозер алып келишип түрттүрүп салышкан көрүнөт. Андан бери, кырдын сол жагындагы азыр нугу араң эле билинип турган сай илгери үч адамдын бою бойлогондой терең болор эле, жазгысын ага кызыл топурактын өңүнө боёлуп, аңкылдап аккан суу анын кырынан ашып этектеги огороддорду кызыл жаян кылып жайпап кетчү. Сайдын суу жеп кеткен кырларына урунган суунун шары жаңырып күлдүр-шалдыр болуп турчу. Апалар балдарын сыртка коё берерде адегенде эле ошол сайдан алыс ойногула деп, андан кийин гана бири-бириңердин көзүңөрдү чукуп салбагыла деп эскертишчү. Чындыгында эле бул сай балдар үчүн көз көргөндөн тышкары, дагы бир табышмактуу коркунучту ичине жашырып тургандай сезилчү. Бул аймакта балдар узун-туурасынан бери аралап, ойнобогон коркунучтуу жерлер аз болчу, бирок бул сайга жакындабоого аракет кылышчу. Качандыр бир убактарда кимдир бирөө бул сайдын түбү жок, ал түз эле тозокко алып баруучу жолго тутумдаш экен деген сөз чыгарып жиберген экен. Ал сөз бардыгынын эсинде болчу. Балким ишенишчү деле эместир Бирок эстеринен чыгарышчу эмес.

Мына эми сайды түрттүрүп, топуракка толтуруп таптап салышыптыр, аны менен кошо баягы сайга байланыштуу коркунучтарды да артка кайткыс кылып көмүп салышкан экен. Жер бетине дагы бир сырдуулугу менен кандайдыр бир коркунуч аралашкан сыйга татыган жай жок болуптур, – дегеле андай жерлер барган сайын азайып бара жатпайбы. Ал сайдан дагы арыраак, азыр чалкан басып кара-көк тартып турган жерде колхоздун силос көмгөн чуңкуру болор эле, сай кирип суу ташкындаганда ал чуңкурга толуп, каңылжаарды жарган кычкыл жыт айылды каптап кетчү.

Анын эсине дагы бир окуя келди. Окуя өткөн жерге жакын барыш үчүн ал алдыга жылды. Тоонун этегиндеги жолдун оң тарабында, бир гектарга жетип жетпеген кичинекей аянтча бар эле, Люся ал жерди айдап, бир нерсе себишкенин көргөн эмес, айдаган менен ал жер таштак, арык жер болгондуктан жыргатып түшүм ала алышмак эмес. Күздөн баштап ал жерге колхоз саман үйчү. Ал үймөк самандар кыштата балдардын сүйүктүү жайына айланар эле. Алар керээли кечке ошол жактан чыгышпай, үймөктү оюп киришип, кыштын суугун сезишпей, жасап алышкан уяларына кирип чыгып, жашынмак ойношуп, чаң салып жүрүшөр эле. Кечкисин караңгы киргенде улуу балдар даяр үңкүрлөргө жүргөн кыздарын ээрчитип келишип баш калкалашчу.

Бирок караңгыдан аларга пайда деле аз болчу, анткени үймөктүн жанындагы өскөн чоң кайыңдын бутактарында ошол уяларды жасаган эле балдар короз кыйкырып, таң агарып аткыча олтуруп алышын, ким кайсы кызды ээрчитип келгенин, алардын эмне кылышкандарын ийне-жибине чейин көрүшүп шыкаалап олтурушчу. Шыкаалагандары аз келгенсип кээ бир ашынган тентектери жашынып олтурушкан түгөйлөрдүн үстүнө кар ыргытып качышчу, – бул айылдык балдардын башынан келе жаткан ушундай жагымдуу бир эрмеги эле! Мындай ишке барыш үчүн жанынан аша кечкен кайраттуулук жана ылдам чуркоого узун шыйрактар керек болчу, болбосо тынчын алып жаткан жигит кармап алса жини менен аябай бир жерин майып кылып салышы толук мүмкүн эле.

Бул эскерүүлөр Люсяда толкундануусун эле эмес, кызыгууга окшогон сезимдерин да ойготту: ушунчалык көп убакыт өткөндүктөн, бул качандыр бир убактарда, ага чейин, анын жашоосунда эмес, башка бир бөтөн адамдардын башынан, өткөнсүйт. Ал эскерүүлөр чакырыксыз, өзүнөн-өзү, көз кыры тийип кеткен нерселерге жооп иретинде келип жатты.

Тоону  көздөй кеткен машине жүргөн узун чоң жол бийик бетке жеткенде оңго кайрылат, тоону айланып өтүү оңой эмес эле. Люся түз кеткен эски жолго салды, ал эки жээгин калың чөп басып, жалгыз аяк жолго айланыптыр. Люся жолдун таманында өскөн бийик чөптү алаканы менен сыдырды, чөптүн эбак бышып үзүлө албай турган майда, кургак уругу анын алаканын кытыгылап барып, акырын шуудураган боюнча чөп менен куюлуп жерге түштү. Улам өйдөлөгөн сайын токой суюлуп бара жатты, кадам сайын кыйылган дарактардын эски, жаңы дүмүрлөрү дүмпүйүшөт, жолдун жээгинде кыйылган боюнча албай таштап кетишкен четинен чирий баштаган карагайдын учтары караят. Аёсуз кыйылган дарактардын ордун бийик, чалды-куйду уйгак аралаш өскөн чөп басып, анын арасынан тарбайып чыгып калышкан кургак бутактар көрүнөт. Мурда мындай бутактарды айылдыктар отунга деп жыйып алышчу эле, а азыр отундун да эч кимге кереги жок болуп калбадыбы.

Люся кечээ жээкти бойлой баржага жүктөгөндөн калган карагайлар тоодой болуп жыйылып жатканын көргөн. Ар бир үйдүн жанында жок дегенде бир кургак карагай жатат. Азыр эмне, илгеркидей атайын, дем алыш күндөрү кол арага жарап калган балдарды,  шамдагай, шайыр жигиттерди чогултуп алышып ашар кылып, отун жармай деген калган, бензин араа менен сокур ит бок жалагыча араалап салып басып кетишет; Люся жарылган отундарды жыйганды жакшы көрчү, көзгө жагымдуу, жибектей жука кабыгы бар, таарылган кызыл карагайдын жаракаларын бир кылка, тептегиз кылып жыйгандан кандайдыр бир жан жыргаткан ырахат ала турган. Отунду камдоо сезону да дайыма бир учурда, жазында болчу, анткени жарылган отун жайлата кургап калчу, а азыр кыйылып кургап жаткан карагайды каалаган убагында таарып ала беришет.

“Ошол ашарларда баары бир жакшы нерсе болор эле, – Люся ошол учурларды муңаю менен эстей кетти. –  Ашарга келген элдин көңүлү ар дайым көтөрүңкү болчу. Ага чакырылбай калгандар өздөрүн элден чыгып калгандай көрүп, капа болушчу”.

Жумуш араалар менен балтанын шаңдуу ыргактары, жан-дили менен иштеген ашарчылардын бири-бирин чымчылап сүйлөгөн азил-тамашалары менен коштолуп, ынтымак-ырашкерчиликтин өкүмү жүрүп турчу. Алдыда күтүп турган кожойкенин даамдуу тамагына мейилдери ачылып, аны убагынан калбай даярдоо үчүн үйүнө эртелеп жиберишчү.

Бул кыштан кийинки токойдогу жумуштун алгачкы башталышы эле, ал бир топ эле оор жумуш болсо дагы, бардыгы аны жакшы көрүшчү. Жаркырап тийген жаздын күнү, жаздын келиши менен жан кирип бара жаткан жердин, токойдун адамды мас кылчудай жагымдуу жыты жаш балдардын да, жаш эместердин да жан-дүйнөсүндөгү наристеникиндей аруу сезимдерин козгоп, аны туткундап алып, буттарын тарта албай чарчагыча коё берчү эмес.

Жаңырган жаратылыш менен бирге сезимдер да жаңырып, кандайдыр бир айтып бере алгыс жолдор менен адамдын тээ алыс калган таза, сезимтал мезгили менен, адамдардын көздөрү курч, кулактары шырп эткенди дабыштарды ажырата билген илгерки турмуштары менен байланыштырып жаткандай туюлчу; байыркы инстинкт түшүнүксүз көшөрүү менен адамдарды айланасына жаңы көз караш менен карап, жыттагылап, бут алдынан, абадан унутулуп калган, бирок жок болуп кете элек белгисиз нерсени издөөгө мажбурлачу.

Суу ордуна кайыңдын ширесин ичишчү, дене аны этияттык менен дары катары кабыл алып, бүт ыкласы менен анын жардамы тиерине ишенчү. Ширени балдар чогултушчу, кайра эле ошолор пияздын башына окшогон оозго салар замат кант сыяктуу эриген кемирчектерди казып келишчү; ичти ысыткан сейрек болуучу чаңкоону кандыруу үчүн эмес, жөн эле бири-биринен артта калбайлык дешип, бети-башын тырыштырып пихтанын жашыл ширесин сорушчу.

Албетте, карагайдын сагызын чайнабай калган күн, Кызыл жумуртка майрамын жумурткасыз тоскондой эле болчу, аны чоң кишилер да чайначу, анан бүйлөлөрүнө жабышкан сагызды тазалап түкүрүп салышып, сөгүнүп алып тамекилерин тарта башташчу.

Тоо этегине жеткенде дароо эле түз талаа созулуп жаткан. Люся ачык жерге чыгып, туш тарабын аңырая карап токтой калды: ал эмне, чын эле адашып кеткенби? Айылдан үч кадам жерден кантип адашат эле? Албетте , жок: мына бул Касаловка – Ылдыйкы сууга барчу жолдогу сол жактагы талаа ушинтип аталчу, а тиги бир жагында эски кырмандын урап калган дубалы көрүнүп турган Жакынкы шалбаа, анын ар жагында Мунара, андан ары оң жактагы жолго салсаң Алыскы шалбаа. Жер суунун бул аталыштарын ал, мындан бир аз мурун эле айылдын маңдайындагы аралдын атын эстеп айта албай койсо да, бул жолу күндө айтып жүргөндөй эле оңой эстеди. Люся өзүнө таң калып койду: деги эмне болуп баратам? Ага бул аталыштарды бул жерде ыргалып өскөн чөптөр же билинер билинбес беттен эркелетип сылай жүрүп турган жел, ушул жердин абасында калкып учуп жүргөн аттардан алып кулагына шыбырашып, ал болсо аны жөн гана кайталап жаткансыды.          

Люся жол менен алдында жайылып жаткан жерлерди бирде таанып, бирде тааныбай алдыга карай жай басып бара жатты. Жогортодон карасаң, мына Касаловка, Жакынкы шалбаа, тигине Мунара. А жакындап келсең, көзгө бөтөн, каралбай калган кеберсиген кең талаанын абалына, көргөн көздөрүң ишенгиси келбейт.

Тоого кеткен жалгыз аяк жол кайрадан машинелер жүрчү чоң жолду кесип өтүп, жердин бетин чиймелеп, туш тарапка соймолоңдойт. Талаа бир чети кою өскөн бай теректер өскөн токойго такалып, андан бери орто ченинде өзүнчө өзгөчөлөнгөн кызыл карагайлар заңкайышат. Ар кай жерде өскөн камыштар желге ыргалышат. Талаа менен токойдун чеги бири-бирине кирип, ажырагыс болуп жармашып калгансыйт. Бул мезгилге мүнөздүү дандын жыты небак кеткен; токойдун бассаң былкылдаган жумшак топурагы менен каралбай калган талаанын думуктурган кургак жыты жыттанат.

Люся солго бурулуп, талааны аралап жөнөдү. Бул жерди али дың жерге айланды деп айтышка болбойт эле, соконун изи алигиче кетпей өңгүл-дөңгүл болуп, топурагы биротоло катып калбай дагы эле болсо эгиндин себилишин күтүп зарыккан немедей бозорот, бирок жаңыдан бой көтөрүп келе жаткан балатынын жанына уюгун салып алышкан кумурскалар мындан ары алардын уюгун эч ким келип бузбасына бекем ишенип алышкандай.

Бул жерден колхоздун кеткенине канча жыл болду экен? Жетиби, сегизби же тогузбу? Люся аны даана билбейт, бирок болжол менен ошонун тегерегинде болчу. Колхоз эч жакка кеткен жок, ал турган жеринде эрип жок болду, ага тиешелүү бир канча машинелер менен бир аз шаймандарды гана алып кетишкен. Талааны алып кете албайсың – мына, ал ушул жерде эле жатат, эл да эч жакка кеткен жок, ата-бабаларын сөөктөрү коюлуп, жашоого ылайыктуу бардык шарттарын түзүп алышкан, ой-чуңкурунан бери тааныш, киндик кандары тамган туулган жерин таштап, кайдагы бир белгисиз жактарга көчүп кетиш оңой эмес да. Кийинчерээк келишкен үч үй-бүлө көчүп кетишти эле, анын бири кайра кайтып келди. Колхоз Чапаев деп аталчу, Люся кайрадан учурда эч кимге кереги жок бул аталыштын эч кыйналбай эле эсине келе калганына таң калды. Эгерде ал бул жерге келбегенде, мурда  ушул жерде болгон нерселердин бирин да эстемек эмес. Айтмакчы, Люся айылдан кеткенден кийин колхоздун атын бир канча жолу өзгөртүшкөндөй болгон. Бирок ал башка аттарын билчү эмес, билгиси да жок эле.

Анысыз да иши жакшы жүрбөгөн Чапаев колхозунун тагдырына эки жактан балта чабылды. Биринчиси, айылга жакын жерде леспромхоз негизделди. Ал дароо эле бай ишканалардын катарына кирди, – ал жерде иштегендер маянаны айына эки жолу, аны да өз убагында алышчу, колхозчуларга бул жомоктогудай эле нерсе болчу, андыктан жаштар колхоздон чыгып, ал жакка агылып кете башташты. Ал үчүн аларга башка жакка журт которуп кетиштин да кажети жок эле. Колхоздун эң мыкты механизатору ал жакка караганда үч эсе аз алчу, анан аны колхоздо кармап калууга канчалык кыйын экенин ойлоп көр. Кармап калууга аракет да кылышчу, кыйкырып мыйзамдар менен коркутуп дегендей, бирок баары бир ал жакшы жыйынтык берчү эмес.

Бир кырсык менен кармашып жатканда, экинчи балээ жармашты, – колхоздорду ирилештирүү башталды, Чапаевколхозун мындан элүү километр алыс турган тайгадагы өзүнө окшогон жарыбаган колхозго кошуп салышты. Эми, жаштар эле эмес дээрлик айылдыктар леспромхозго кире качышты. Бара-бара мал бакканга киши чыкпай калды. Тиги колхоз уйларды алып кетти, ал эми талааларды дагы эки жылча ыйлап-сыктап, өздөрүндө жетишпесе да тигил колхоздун адамдарын алып келип иштетип жүрүштү. Акыры калган техника менен шаймандарды алып кетишип жандары тынды. А талаалар ошол бойдон каралбай калды. Мына ошол жетим калган талаалар ушул.

Люся дагы бир жолу айланасын карап койду, ага капыстан бул жерлердин азыркы абалына өзүнүн да тиешеси бардай, убагында аны сактап калуу үчүн аракет кылмак тургай, ал жөнүндө ойлобогонун да эстегенде, өзүн күнөөлүү адамдай сезип, жүрөгү сайгылаша түштү. “Бул кайдан чыккан ой – деп ал актанууга өттү. Менин бул жерде эмне тиешем бар эле. Менин айылдан кеткеним качан. Азыр мен биякта чоочун адаммын. Бул жерди таштап токойдо иштеп кеткен адамдарда мындай сезим күчтүүрөөк болушу керек эле, мейли ошолор ойлоп, эгерде уяттары болсо ошолор кыйналышсын, а мен эмне, бүгүн бул жерге күтүүсүз эле келип калдым, мындан ары келемби, жокпу бир кудай билет”.

Эмнеси болсо да Люсянын токойго келе жаткандагы көтөрүңкү маанайы бузулду, анын кантип, эмнеден бузулганын өзү да түшүнгөн жок. Үйдө эле кала бербегенине өкүндү, бирок артка да кайра кетем десе да кете алмак эмес: аны бир нерсе эркинен тышкары алдыга жетелеп, ал ага унчукпай баш ийип кадамын алдыга таштап бара жатты.

Ал эски чектин жанында, күн менен жамгырдан жыпжылмакай болуп жыгылып жаткан даракты алыстан көрүп, ага барып бир аз эс алууну ойлогон, бирок эмнегедир жанынан өтүп кетиптир, эмне болуп, качан өтүп кеткенин да билбейт. Ал артына кайрылып, кайра барууну ойлоду, Бирок дароо эле ал жакка кайра барбасын билди, ал азыр өзүнүн каалаганын кыла албайт болчу. Бул ой Люсяга капыстан келди. Ал бул каралбай, багылбай калган жерди көп жылдан бери биринчи жолу көргөндүктөн, сезимдери азыркыдан ачуу, аябай эле ачуу болушу керек эле деп ойлоду. Бирок андай ачуу сезим же болбосо жан-дүйнөсүн кыйнаган ооруну сезген жок, – анын ордуна, аны эсине сактап, аны акыркы сөзүн айтчу акыйкат сот катары санап, анын чечимин күтүп жаткан жер аркылуу берилген, акырындап чочулоого өткөн кандайдыр бир абдыроо бар эле, анткени ал, Люся бул жерлерге мурда деле келип жүргөн, ал тургай иштеп да кеткен болчу. “Ал тургай иштеп кеткем” – бул сөздү актануу катары кайталады да, таң калуу менен бул сөздөрдүн артында эмнелер бар экенин сезе баштады.

Алар аны токтоп, айлансын дагы бир сыйра айлантып карашка мажбурлап жатты, – ал тегерегине шашпай көз жүгүртө баштады, көзү жеткен жерине чейинки жерлерди, ага көмкөрүлгөн көк асманды, андан тээ ылдый жакта күндүн нуруна чагылышып кайырмактын капрон жибиндей ийрелеңдеп агып жаткан дарыяны каректери менен аңтарып карап чыкты, бирок эмнени издеп жатканын өзү да билген жок. Ал турган жерден нарыраак Ылдыйкы сууга бир учу шынаадай кадалган кичинекей аянтча боло турган. Бир ордунда тура албай толкунданып алган эс-тутуму башка элестердин ичинен ал аянтчаны таап чыкты. Люся ал чөп баскан аянтчаны, бир мүнөт кечигип калса таба албай калчудай шашкалактай баштады. Аянтчага бул жерден жол кетери эсине түшүп, бирок ал жол ага алыстай көрүнүп, токойду аралап түз жөнөдү. Ал дароо аянтчага кирип барбай, акырын барып сыртынан акмалап, адашкан, адашпаганын текшерип, анын кандай болуп калганын байкап көргүсү келди, жол менен барса өзүнүн купуя сырын ачып алчудай сезилди.

Аны сыртынан, ар бир кадамын көз жаздымынан чыгарбай бирөө аңдып жүргөндөй жаман сезим ээлеп, ачык жер менен баспай, андан жашынууга аракет кылып жатты. Мына, Люся акыры алдынан көптөн күткөн аянтчаны көрдү. Тик качырып баргандан тартынып, дарактын артынан шыкаалай баштады. Жазы эски чек сакталып калыптыр, Бирок ал азыр дарактары кыйылып, атайын салган жолго көбүрөөк окшош эле; анын катып, чөп басып калган кыртышы, дарактардын уруктарын өстүрбөй кармап турган, анткени менен тоо этектеп, моюн бербеген жаш байтеректер тамыр жая баштаптыр. Ал турган жерден бир аз ылдыйраак чөлдөгү алдамчы элес сыяктуу, – картөшкө себилген огород көрүндү. Кимдир бирөө семиз жерге кызыккан окшобойбу. Картөшкөнүн жалбырагы күндүн ысыгында айылдагыга караганда тезирээк куураптыр, бирок толук түшүп бүтө электей, анын жалбырактары түшкөн кыска сабактары сороюп, түбүндө эч нерсе жок куурайдай сезилет.

Люсяны бул жерге алып келген окуя ач-жылаңач, согуштан кийинки жылдарда болгон. Кырк алтынчы же кырк жетинчи жыл болуш керек. Жазгы себүүнүн алдында Люсяны дал ушул аянтты малалоо үчүн жиберишкен болчу. Жакында жамгыр жаап кеткендиктен, малага суу топурак жабышып, суу болгон теридей сүйрөлөт. Жер кургагыча коё турушса болмок, бирок күткөнгө болбойт беле, же жөн эле күткүлөрү келишкен эмеспи ким билсин. Анысы аз келгенсип былтыр бул жерди эс алдыруу үчүн айдап салып эч нерсе себишпегендиктен, былтыркыдан калган өскөн узун чөп маланын тиштерине оролуп, улам токтоп тазалашка туура келип жатты. Люсяга тийген карылыгы жетип кабыргасы көрүнгөн, өзүнүн көлөкөсүнө окшогон чобур ат эле. Ал буттарын сүйрөп маланы араң сүйрөп жүрдү.

Кайрадан, бүгүн Люсяга канча жолу кайталангандай капилеттен керектүү сөз кулагына жаңыра түштү. Игренька. Атты Игренька деп коюшчу, кулагында алигиче жаңырып турган бул сөз менен анын эскерүүлөрү толук жана ачыгыраак боло баштады.

Люсянын көз алдына маңдайында ак жылдызча кашкасы бар, ак жал сары тору,– ушунчалык арыктагандыктан туюктарынан бери кургап калгансыган чобур ат, анын артында эптеп бир нерселерди ийнине илип алган, бир буту менен маланын үстүн басып, экинчи буту менен оромпой тепкенсип секирген илбийген кыз даана тартыла түштү. Аркасында толкун сыяктуу ийрелеңдеген калып жаткан из.

Игреньканын далысы буттары кыймылдаса кошо кетип жаткан: алдыга — артка, алдыга – артка. Ылдый карай тартымыш болот, а жогорку чекке жеткиче он жолу эс алып жатып араң жетет. Ат буттарын көтөргөн сайын ичин тартып, кырылдап жатты. Люся эми аны кыйнабай өз жайына койду, маланы ал чарчап жүрбөй калганда тазалап, бир аз эс алганда божу менен капталга акырын чаап жылдырып коёт. Игренька ордунан дароо жыла албай күчүн топтоп чымырканып араң козголуп жатты. Улам жыгылып калчудай чайпалып барып оңолот: өйдө көздөй тартып бара жатканда көзүн жуумп алат, жогорку чекке чейин канча калганын көрбөйүн дейт окшойт, бечара. Анда кыз да ат менен кошо кыйналган, илешкен чөп, малага жабышкан ылай, анын алын кетирип, ал дагы Игренькадай эле акыркы күчүн жумшап араң кыймылдап жүргөн, ошол кездеги абалын кайрадан башынан өткөзүп жаткансып Люся өзүн аяп кетти. Ал өзүн ушунчалык катуу чарчаганын жана алсыз экенин сезип, аянтчага чыкпай, турган жеринде олтуруп калды.

Бир кезде Игренька чалыштап барып, бутун тарта албай жыгылды. Люсянын эси чыгып коркуп кетти. Ал божудан тарткылап эч натыйжа чыгара албагандан кийин, ооздуктан кармап аттын башын өйдө көтөрүүгө аракет кылды, – ат башын жулкуп, жерге такай коюп жатты.

Люся Игренькага кыйкырып жатты, – ал ага жинденгенинен эмес, коркконунан кыйкырып жаткан. Коркконунан анын кабырылган курсагын тепкилеп да жиберди, ал тепкенде титиреп эле койгону болбосо турайын деп ойлоп да койгон жок. Айланасын карап, кишинин караанын көрө албады,  жанталашып капталынан кучактап алып тарткылады, бирок анын шалбыраган терисин жөн эле жулмалап жаткан. Ошондон кийин Люся айылды көздөй жүгүргөн.

Кудай жалгап апасы үйдө экен. Экөө тез эле Игреньканын жанына жүгүрүп жетишти. Ал астыңкы буттарын бүгүп жатыптыр, Люся айылга кеткенде турганга аракет кылып, ары-бери туйлап тегерегиндеги бир топ жерди таптап салыптыр. Ал өзүнө жылып келе жаткан ажалдын суук илебин сезип, жанталашып турганга аракет кылып, тура албасына көзү жеткенде тагдырдын башка салганына баш ийип, айдалган жерден чыккан жылуу илебине акыркы жолу магдырап бара жаткансыйт. Апасы чөгөлөй олтура калып, анын жонуп койгондой ичке мойнунан сылай баштады.

 Игреня, – деди ал аны эркелетип. –  Сен эмнени ойлоп жатасың, Игреня? Ой жиндим, ой, жиндим. Мына чөп чыга баштады, а сен өлөм дейсиң. Эми ашып кетсе бир жума чыдасаң, көккө тоюп каласың. Чыда, Игреня, чыдап кой. Кыштан деги чыгып алдың, эми бир аз эле калды. Оо, кудай... күтө тургандай деле убакыт калган жок, эми бир кайратыңды жыйып чыдап койсоң болду. Кыш эмес согушка чыдап, согуштан аман-эсен чыкпадың беле?

Согуш жылдарында леспромхоздун канча карагайын тарттың? Анын баарына кыңк этпей чыдадың. Ага караганда бул жумуш да жумушпу?  Кайрат кылсаң эле бүтөт, мына мен деле канчадан бери кайрат менен эле жүрбөймүнбү. Ат ага куштун тумшугундай ичке тумшугун созуп, анын алаканын жыттады.

– Эч нерсе жок, – деп чочуп кеткен апасы. –  Менде эч нерсе жок, Игренья, эч нерсе албай калган турбаймынбы, курган жаным. Ой, мээм жок да, мээм жок. Ат болсо да, бул билип жатпайбы. Игреня, кантип билбей калсын. –  Ал аттын тумшугунан сылап, көзүнө түшкөн көкүлүн ары силкип койду.– Мунун акылы адамдыкындай эле. Мурдагы жылы  Игренька шыйрагына карагай тийип сынып, аны союшмай болгондо, үч буттап тайгага кире качкан. Буту айыкканча кишиге көрүнбөй жашынып жүрүп сыныгы бүткөндө келген болчу. Анан көпкө чейин аксап жүрдү. Мен сени эч кимге бербей суу ташып, сүт ташып жүрбөдүмбү. Бутун кайра оорутуп албасын деп аяп челекти толтурчу эмесмин.

Ат башын көтөрүп күнөөлүү немедей кишенеп жиберди.

Апасы аны мойнунан сылады, анын эркелеткенине жооп кылгансып ал кайрадан кишенеп, алдыңкы буттары менен жерди чапчыганга аракеттенди. – 

– Азыр Игреня – деди апасы шашкалактап жан жиптерин чечип жатып. –  Азыр турабыз, Болду жата бербей тур.

Игренька башын көтөрө албай, алсыздыгына ыза болгонсуп, денесин калтырак басып чыкты.

Апасы жүгөндөн тартканда, ал алдыңкы буттарын алдыга силкип таштады, алыс таштап алгандыктан тура албай, кайра өзүнө жакындатып денесинин бардык булчуңдарын түйүп, дагы бир аракет жасап, кайрадан тура албай калды. Ал башын апасынан ары буруп аянычтуу кишенеди: көрдүңөр го аракет кылдым, тура ала турган эмесмин дегенсийт. Апасы аны кайрадан соорото баштады:

– Токтой тур, Игреня, токтой тур, кичине эс ал. Дароо турба. Муну кара дароо эле туруп кеткиси бар. Өйдө болуп баш көтөргөнүң эле канча... Азыр эс алып алып туруп кетесиң. Эч нерсе эмес, шашпа. Ой, Игреня, ой Игреня.

Люсянын малалаган жерине көз жүгүртүп аны жемелей кетти:

– Туурасынан тартпайт белең, тик өйдө эттүү ат араң тартат, анан ушул байкуш кантип жыгылбасын.

– Анан шаштырып жатышса эмне…

– Шаштырышса эмне экен? Акырындан кыймылдай бербейт белең, аркаңдан бирөө кубалап алдыбы?  Узунунан айдайсыңбы, туурасынанбы айырмасы кайсы? Ошол эле жер да, көбөйүп же азайып калмак беле?

Люсяга тизгинди берип  өзү аттын капталына чыгып, аны алаканы менен жонго чаап, көчүгүнөн өйдө жөлөп көтөргөнгө аракет кылды. Игренька алдыңкы буттарын алдыга сунуп, жер таянып, бардык күчү менен арткы буттарын түзөп туруп кетти. Ал кайра жыгылып кетчүдөй ыргалып турду, апасы аттын соорусунан кучактап алып кубанычын ичине жашыра албай кобурап жатты:

– Мына, мынакей. Мен сага айттым беле. Өлөйүн дедиң беле, – бул кылганың күнөө эмеспи? Бирөө укса дизентир деп ойлобойбу. А сени дизентир деп ким айтат, Игреня? Оо кудай, сен кантип дизентир болмоксуң? Чиркей менен бир чапса жыгылып каласың. Болгон алың ошол. Эми сенин колуңан эмне иш келет? Кеттик дизентир, кеттик.

Ал чылбырдан алып аны жетелеп жөнөдү. Чайпалып алып ат ордунан жылды да, ошол замат кайрадан жыгылып калчудай чочуп токтой калды. Анан апасынын жетегинде кыбырап бара жатты.

…Люся ордунан туруп, күбүндү да, дагы бир жолу талаанын ортосундагы огородго көз жүгүрттү, ал жанагы окуя азыр эмес, тээ илгери, жыйырма жыл мурда болгонуна ишенгиси келип жаткансыды. Көз алдына бүгүнкү күндөгүдөй тартылган Игренька менен болгон окуяны артка калтырып, ал акырын басып жанагы түшүп келген тоону көздөй бара жатты. Ал бир нерсени жакшы түшүнө албай калган сыяктуу; ал бул жерге ошол учурда кандай татаал жана оор болгонун эстеш үчүн эле келбестен, кандайдыр бир өзү таанып билбеген тереңге катылган сезимди аңтарган ойго жетеленип келгенсийт. Люся кайдагы бир тааныш эмес, өжөр сезимдин жетегинде калганына өзүнө нааразы болуп жатты, ал ойдон кутулуу үчүн басыгын ылдамдатты.

“Ал тургай иштеп кеткем”— ал бул аянтчаны издөөгө мажбурлаган ушул сөздү мындан жарым саат мурда кандай айтса дал ошондой калыпта, капилеттен эле эсине келе калды.

Ооба, ал башкалардай эле иштеген. Чөп чапкан, аны тырмаган жана мала тартып, отоо отогон, түшүм жыйнашкан, – ошондой кол жетишпеген кыйын учурда колхоздун жумушу эмне аз беле? “Жер да айдагансың” – деп кошуп койду кимдир бирөө. Чындыгында эле жер да айдаган, аны кантип унутуп калдым? Бирок эки эле күн чыккан, анткени сокону борозко салып кармаганга жараган менен, аны бороздон борозко көтөрүп которууга алы жетпей койгон. Ал кичинекей, алсыз болуп чоңойду, ошондуктан жумушка өз курбуларынан кеч, – согуштан кийинки жылдары чыккан. Апасы ага чейин аны аяп, Танька менен, азыркы киевдик Татьяна менен калтырып койчу.

“Татьяна жок дегенде бүгүн келсе экен” – деп Люся оюнун башка нерсеге бурулганына сүйүнүп кетти. Ал келмейинче апам тынчтык бербейт. Таньчора, Таньчора дей берип тажатып бүттү. Андан тышкары... Апам азыр өзүнүн Таньчорасын эле күтүп жаткансыйт.

Токой бүтүп, Люся кайрадан тоо таянган талаага туш келди. Бул айланасы ачык жерде күн айрыкча ачуу тийип, ысып калган аба, абай салып караган кишиге төбөсү күнгө тийип, шыңгыр этип ичке, угулар угулбас үн чыгарып, ал жогортодон келген жападан жалгыз үн сыяктанат. Токойдун нары жагында асман ашыкпай бир калыпта ылдый агылат;  асман бийик, жеңил бирок анын көгү оңуп кеткенсип, бозомтук тартып анын тереңдиги көп сезилбей, сырдуу келбетинде чарчоонун белгилери байкалат.

Люся талааны аралай сол жактагы дарыяны көздөй кеткен жолго салмак болду. Ал тегерегинин баары алаканга салгандай ачык болсо да, бирөөдөн жашынгансып, кадамын этияттап таштап жыла басып келе жатты. Жакын эле жерде жол болуш керек, Люся айланып калса да, жолго салмай болду, – билген жолдун алыстыгы жок эмеспи. Бул жерде ал корко турган эч нерсе жок экенин жакшы билчү, ошентсе да кайдан-жайдан келгени белгисиз, аны бирөө артынан аңдып жүрөт деген шек саноо кетпей койду, бул жөн эле алдыда эмне болорун сезүү эмес эле, ал кандайдыр бир өткөн учур менен, кандайдыр бир унутулган эскерүү менен байланышып, ошон үчүн ал жоопту азыр берүүгө тийиш сыяктуу сезим болчу.

Ага бүгүн токойго чыгуу менен, ал кимдир бирөөнүн салган тузагына жеңил ойлуулук менен макул болгондой, аны биякка азгырып алып келишкендей, бирок артка кайра кайтууга жол жоктой, – демек, аны бул токойго алып келишкен максаттарын токтоосуз ушул жерден ишке ашыруучудай сезилип, коркконунан ал учурдун келишин колдон келишинче узарткысы келип, уламдан-улам аларды алыс жактарга ээрчитип бара жатты. Ал акыры жолду тапты, бирок андан ага жеңил деле болуп кеткен жок. Жолго түшүп алып, айылга буту үзүлгүчө чуркап кеткиси келди, бирок мындай азгырыкка көнбөй, жолдун бекемдигин сынагансып жай, шашпай салмактуу басып тоо тарапка жөнөдү. Жок, ал чуркайм десе да чуркай албайт болчу, көптөн бери чуркабай жүрүп, чуркаганды унутуп койгон эле. Жол киши баспай топурак-таш басып, абасы да кургап калган сыяктуу болчу, Люся күйүгүп калды.

Талаага салсамбы деп ойлоп койду, бирок жолдон чыккан жок, бирөөнүн эркине баш ийгенсип, анын эркинен чыга албай, эки жагына бир да кадам таштай албай кете берди; Люся эми гана башында бул жолго бекер түшкөнүн түшүндү, бул жол эми ага көзгө көрүнбөгөн тунук дубал менен тосулган узун коридор сыяктуу эле, ал коридор аны таптакыр ал баргысы келбеген жерлерге алып бара жаткан. Жолдогу урчук таштар кедасынан өтүп бутун өйкөй баштады, бирок ага деле көңүл бурган жок, ал кандайдыр бир таң каларлык ачык жана коркунучтуу селейүүнүн бийлигинде эле: сөзсүз азыр бир нерсе болгону турат, ал эмне болду экен? Ал бара жатып тык токтоду. Жолдун ортосунда кирпи сыяктанып томпоюп жаткан кумурсканын уюгун көрдү. Бул кыймылдуу дөбөчөнүн эмне үчүн жолдун так ортосунда турганына түшүнө албай, чочуп кетти. Люся мындан кантип өтөт? Эми эмне кылыш керек? Же кайра артка кетсе болобу? Ал артына бурулуп карап, жаркырап көздү уялткан күндөн башка эч нерсе көрө алган жок. Ал эки колун эки жакка канат сыяктуу жайып, кумурсканын уюгун тебелебей четинен абайлап басып өтүп кетти. Люся кубанып калды. Кубанганынан күлүп да жиберди. “Эмне эле болуп жатам!? –  деп тынчтандыра баштады ал өзүн. Эмнеден корктум? Бул жердин ар бир ташын, ой-чуңкурун жакшы билип туруп эмнеден коркуп жатам? Кызык! Таза аба жутам деп сейилдеп чыгып алып жаш баладай коркконумду кара! Мунун баары нервден. Нервди дарылаш керек болуптур. Бул жерде мага чоочун, мен билбеген эч нерсе жок, анан эмнеден корком?

Азыр тиги бош жаткан жерге жетип сары козу карын терем да, кайра айылга жөнөйм. Жинди эле экенмин да!” Анын көңүлү көтөрүлө түштү, токойго бир аз эле калган.

Аңгыча, анын бул ишеничтүү ахыбалына  макул болбогондой, абаны алыскы жана ичке, өчүп жок болуп бараткан, бирок дагы эле угулуп жаткан, жанынын бардыгынча чыккан ачуу кыйкырык жарып өттү:

– Минька-а-а!

Люся селт эте түштү; ал бул үндү тааныды, ал өзүнүн кыйкырыгы болчу. Ал мойнунда бирөө олтургансып, башын солго жай буруп карады: черёмуха мурдагы эле ордунда, талаанын ортосунда турган экен. Качандыр бир убакта, кимдир бирөө анын жаңы өсүп келе жаткан бир бутагын аяп, сокону буруп, айдабай таштаган экен, анан ал бутак жылдан жылга тамырын жайып айдоо жердин кичинекей бир аянтчасын ээлеп, мөмө бере баштаган эле.

Люся ушул жерлерде жашап, бүгүн анын эркин бүт бийлеп алган белгисиз күчтүн таасири менен бара жаткан жолунан чыгып, ошол бадалдарды көздөй кадам таштаганын өзү да сезбей калды. Буга таң калган жок Люся, ал бүгүн өзүнө ээ эмес экендигин жакшы түшүндү.

Жакын барганда черёмуханын таланып-талкаланганын көрдү. Кесилген, сынган кургак бутактар туш келди чачылып жатат, анда-мында соо калган түшө элек сейрек жалбырактарын желге дирилдеген бутактарында жөргөмүш желе тартып, араң жан немедей көрүнөт: эң мыкты бутактарын сындырып алышкан экен. Бадалдын четки, кол жеткен ийилчээк бутактары калып, а ортосундагы бутактардын кол жетпеген узун бутактары белинен сынып, андан калган киши бою келген жылаңач бутактардын сыныктары сороёт. Кээ бир бутактарда бирин-серин мөмөлөр калыптыр. Люся бир уучтай мөмөнү терип алып оозуна салды, – алар жумшак, муздак эле, баштагыдай эле жалбыз даамданат, көп жылдардын түпкүрүнөн кайрылып, кулагында жаңырган кыйкырык Люсяга кайрадан келе калды, ал андан коркконсуп турду. Ал тегерегин чочулай карады – эч ким көрүнгөн жок, эмнеси болсо да Ылдыйкы суу тараптан караганда көрүнбөй турган жерге, бадалдын арасына кирип жашынды.

...Бул согуш бүткөн жылы болгон эле, – жашоо төрт жылдык каргыш алган жылдардан алигиче эсине келе албай, жамандыктар дагы эле өз өкүмүн жүргүзүп жаткан: ачарчылык, талап-тоноолор, соттор, төгүлгөн көз жаштар көнүмүш иштер эле. Эки жылдан бери жайкысын дарыянын түндүк жагындагы түрмөдөн качып чыгышкан власовчулар, тайгадагы кичинекей айылдарга мурда көрүп билбеген коркунучтарды алып келип жатышкан: бир жерде дүкөндү уурдап, бир жерде карактап-тоноп, бир жерде аялдарды зордукташып, дагы бир жерде бир үй-бүлөнү бычактап өлтүрүп кетишип тынчтык беришпей, элдин үшүн алган түркүн сөздөр айыл аралап, эл ичи тынч эмес болчу. Айылдын эркектери түнкүсүн кароолдорду коюп жатышты, бирок власовчулар күтпөгөн жерден кол салышып, кылар иштерин жайбаракат бүтүрүп алышып, жолдоруна түшчү.

Бир жолу дарыянын төмөн жагындагы айылдардын биринен эки власовчуну колго түшүрүшкөн; аларды райондун борборуна алып бара жатышканда аларды көрүү үчүн айылдан жан киши калбай көчөгө чыгышты. Аларды бири-бирине далыларын тийиштирип таңып, арабага салып алып өтүштү. Чачтары, сакалдары өсүп жүдөшкөн кебетелери чарчаңкы кылмышкерлер, элди жутуп ийчүдөй, жек көрүүгө толгон көз караштары менен карашып, эл ичинен алардын даректерине айтылган каргыш сөздөргө жана аларды коштоп бара жаткан жоокерлердин башчысынын эл алдында көзгө көрүнүп койгусу келип, аларды зекиген сөздөрүнө жооп бербей, үн сөзсүз кетип бара жатышты. Власовчулар адатта жайдын башталышында качышчу, анан алар жөнүндөгү имиш-имиштер акырындап басаңдап, айылдын турмушу кайрадан көнүмүш агымына түшчү; аялдар коркушса да токойго чыгышып, дарыянын аркы өйүзүнө өтүшүп, качкындар үчүн да кенелер сыяктуу эле кооптуу, өзгөчө зыян кылчу бир белгилүү мөөнөттөрү бардан бетер, андан кийин алардан чочубай эле койсо болчудай көрүшүп, колхоздун жумушунбу же болбосо, жер-жемиш, козу карын теришеби, айтор жумуштарын бүткөрө беришер эле.

Август айынын орто ченинде, власовчулар жөнүндө кеп сөз азайып, алар унутула баштаганда апасы Михаил менен Люсяны ушул черёмухага жиберген эле. Ал муну жазында, андан кийин мөмөсү быша жаздап калганда келип көрүп кеткен экен. Бул жылы башка черёмухалар анча жакшы мөмө байлаган эмес, а бул жерде ал шагы ийилип укмуш байлаганын көрүп ал таң калыптыр. Бийик өскөн эгиндин арасынан мөмөсүн көтөрө албай, шагы ийилип жерге чейин салаңдап тургандыктан, аны мөмөсү бышкыча эч кимдин көзүнө чалдыкпай ошол эле боюнча турган болчу.

Аны терген өзүнчө эле жыргал эле. Михаил адатта мындай бир кыймылды миң жолу кайталаган майда, тажатма жумушту жакшы көрчү эмес, бирок бул жолу ал да кызуусуна кирип тере баштады. Черёмуханын узунан келген чоң-чоң, жалбырагы жок, таза, оор, мөмөсү, кол тие электе алаканга күбүлүп толо калып жатты. Михаил чакасын улам жылдырып терди, а Люся кичинекей челекти ыңгайлуу кылып жипке байлап мойнуна илип алып, курсагына такалган жүк салмактуу боло баштагыча терип жүрдү. Ал толгондо чакага көңтөрүп жиберсең, чаканын төрттөн бирине чейин жете түшөт. Эки саатка жетпеген убакыттын ичинде алып барган идиштерин толтура кылып терип алышты, ал эми териле элек мөмө дагы бир ушунча, а балким андан да көп калды. Алар үйүнө барып, идиштерин бошотуп кайра келүүнү чечишти, антишпесе бул жолду көрүп алышкандан кийин, аны башка бирөөлөр келип бир заматта, эртеңкиге калтырбай терип кетчүдөй туюлду.

Түштөн кийин күн ысып чыкты; үйгө барып, кайра келе жатканда Михаил ысыганынан ыкшыйып баса албай артта келе жаткан. Люся аны күтпөй, эгиндин арасындагы салынган арыктын жээги менен түз бадалдарга жете жаздап калган эле, ашып кетсе жыйырма кадам басса ал черёмухага жетмек.

Аңгыча бадалдын арасы кыймылдап, андан тааныш эмес, кулакчалары төбөсүнө байланган кышкы тумакчан коркунучтуу адам, ошол кышкы тумакты жайдын чилдесинде кийгени үчүн ого бетер коркунучтуу көрүнүп, секирип тура калды. Бул күтүүсүздөн болгондуктан, Люся качкандын ордуна, ордунан жыла албай каккан казыктай болуп, кыймылдай албай туруп калды. Ал адам өзүнүн жагымсыз, туталанган жана бир убакта эле кубанычтуу күлкүсү менен күлүп койду да, сөөмөйү менен аны өзүнө чакырды. Люся аны бир сыйра карап чыкканга үлгүрдү: ал орто бойлуу, чымыр, бетин кырылбай кара сакал баскан, көздөрү күйүп турган адам экен.

Ал мына ушул жерде, дал ушул жерде өтүкчөн, буттарын талтайта коюп алып, эми мышык  олжосун колдон чыгарбасына көзү жетип, чычканды жээрден мурда кандай эрмектеп ойносо, дал ошол сыяктуу аны эрмектеп, жеңиши толук жана даамдуу болушун көздөп, ага жетээрдин алдында турган чоң майрамга өзүн камдап жатты. 

Люся кайрадан ошол кезде башынан өткөн коркунучтуу учурга туш болгонсуп, денеси титиреп чыкты. Ал айланасын бир сыйра карап алды да, бадалдан талаага чыга качты, бирок ал азыр баары бир качып кете албасын эстеди, аны коё беришпейт болчу.

Тиги киши күлүп, аны сөөмөйү менен өзүнө чакырып жатты. Люся артка кетенчиктеди. Ал таарынган кишидей бети-башын тырыштырып, бул эмне деген амалың! — дегенсип алакандарын жайды. Анан чочутуп албайын дегенсип аны көздөй акырын жыла баштады: анын толкунданып бир жагына кыйшая түшкөн жүзүндө, ызырынган жылмаюунун издери бар эле.

Люся эсине келе калып, жолго чыгып айылды көздөй качып жөнөдү. Эгиндин арасында чөпкө чалынып, жумшак жерде өтүгү менен жакшы жүгүрө албай калган тиги киши бир аз буйдала түшүп, анын артынан түштү, – ал анын артынан бышылдап-кышылдап дем алып келе жатканын угуп, коркконунан жаны чыга жаздап, улам колундагы чакасы менен абаны айландыра жиреп безип келе жатты. Жүрөгү кабынан чыкчудай дүк-дүк согот. Акыркы көз ирмемде артынан жетип кармаган колдон жулунуп чыгып, колундагы чакасы ыргып калдыраган боюнча жолдун четине түштү.

–Минька –а-а!

Дал ошол учурда алды жактан келе жаткан инисинин караанын көрдү. Ал эч нерсеге түшүнбөй элейе түшүп токтой калды да, бирок ошо замат эле эжесинин астын тосо жүгүрдү. Тиги киши Михаилди көрүп, тайсалдай түштү, ал бул жерден кыздан башка кишини жолуктурам деп эч ойлогон эмес көрүнөт. Люся инисинин жанынан: артымдан кач деп кыйкырып токтобой жүгүрүп өттү, бирок бурулуп караса ал тигинин астынан тосуп туруп калыптыр. Ал убакта тиги киши алдына сары ооз балапан турганын көрүп, аны көздөй шылдың кылгансып акырын жыла басып келе жаткан экен.

– Минька-а! Кач! Кач ! Минька-а-а! –  Люся бир ордуна туралбай туйлап, кыйкырып жатты. Михаил жерден таш алып сокконго даяр турду. Тигил киши олтура калды да, секиргенге даярданып тез ордунан өйдө обдулду. Михаил коркуп артка чегинди. Тигил адам күлүп койду. Ал Михаилди кайрадан коркутууга аракет кылды, бирок бул жолу Михаил ордунан козголгон жок; колундагы ташты бекем мыкчып, аны күтүп турду. Киши бул жолу чындап секирди, – секирип бирок башка жакка бурулуп кетти: атайы эле жыгылчудай болуп баратып, кичинекей балага теңелгиси келбеген немедей бир бутуна шашпай таянып турду да, талааны аралаган боюнча Ылдыйкы суу тарапка жүгүрүп кетти.

Кыйкырык кандай күтүүсүз пайда болсо, ошондой эле тездик менен жок болуп кетти. Люся эскерүүлөрдүн бүткөнүнө көзү жетти, эми алдыга коркпой бара берсе болмок, ал ордунан сүйрөлө басып, атайылап келе жаткан тарапка, – сары козу карын өсчү ачык жерди көздөй жөнөдү. Ал сары козу жөнүндө сактануунун бир аз да болсо мүмкүнчүлүгү катары ойлоду: жок дегенде бир сары козу карын үзүп алса эле, баары жакшы болоруна үмүттөнсө болот. А негизи эмне болушу мүмкүн? Эмнеден коркуп жатат? Белгисиз. Эч нерсе белгисиз. Ал бул жерде жүрүп корккону жөнүндө ойлонуунун өзү кооптуу эле, ага анын ойлогон оюн бирөөлөр угуп алып, башкача түшүнүп алуулары мүмкүн дегендей ой кылт эте түштү.

Ал аябай чарчаган адамдай, буттары чалыштап, араң басып бара жатты, бирок ал баскандан чарчаган жок, көп болсо эртеден бери 3-4 чакырым баскандыр, аны чарчаткан андан маанилүүрөөк бир нерсе болчу, балким, сүйлөшүп алышкансып кадам сайын эсине түшүп жаткан оор эскерүүлөрдөн улам болуш керек, анткени ал ошол учурдагы башынан кечирген оор сезимдерди кайрадан башынан өткөзүп, ал окуяларга кайрадан аралашып жаткан. Бул нерселер кандайдыр бир күчтүн жашыруун максаттарын ишке ашыруусу үчүн болуп жаткандай.

Люся ушул жерлерде жоготууга болбой турган бир маанилүү нерсесин жоготуп, ал жөнүндө унутуп калгандай, Бирок мурда, качандыр бир убакта болуп өткөн окуялар дайынсыз жок болуп кетпей, сырттан байкоо салышып, анын жан дүйнөсүндө ал окуяларды бүгүнкү кайталоолордон кийин кандай өзгөрүүлөр болгонуна көз жүгүртүшүп: ага эмне кошулуп, эмнеси кемиди, таасир бердиби же жоопсуз калдыбы, мына ошолорду билиш үчүн артынан калбай ээрчип алышкансыйт: оң жагынан ачкасынан бутун араң тартып, ылайда мала сүйрөгөн Игренька илээлесе, сол жагынан черёмуханын арасынан кышкы тумак кийген коркунучтуу киши секирип чыга калат. Люся токтоп калды. Жок. Бул жерде корко турган эч нерсе жок, ал жалгыз. Бул баягы кишинин жайында кийген кышкы тумагындай эле, эч нерсеге коошпогон коркунуч, бул бекер эле жерден чыккан тынчсыздануу: жөн гана телеграмма алгандан кийин апасынан ажырап калууну күткөн мээси, жөн жерден тынчын алгандары үчүн өч алып жатат.

Ал тегерегин көпкө чейин айланта карап турду. Чынында эле эч ким жок эле: күн чайыттай ачык, мемиреп тыптынч. Бирок өтө эле тынч, күн да чаңкайып катуу тийип, өзүңдү коопсуз сезе албайсың. Жалгыз экениң чын, ошентсе да сени тааныбаган, сыртыңдан байкап аңдып турган жымжырттык ушул жаркырашы менен көңүлүн бир гана сага бургансыйт. Ал жашынгандай жер жок, аны бардык жерден көрүп турушат. Жок, бул жерден эртерээк кетиши керек. “Кетиш керек, кетиш керек”—деп кайталап жатты. Айылдан бул жерге эмнеге келди? Аны биякка ким чакырды? Ал бул жерлерде эмнени унутуптур?

“Эмнени унутуптур?—анын ою ушул сөзгө чап жармашты. Эмнени унутуптур... Мына, акыры эзелки бир таарынычын ачыкка чыгара албай, эртеден бери анын ой боюна койбой, эки жакка ашык кадам таштатпай, Люсяны мурдагы жашап өткөн айылдагы жашоосунун эң көрүнүктүү, эсте каларлык окуялар болуп өткөн жерлерге алып келип жатканын жалгыз себеби: Люсяны ушул жерлерде өткөн турмушу жөнүндө унутуп калганын моюнуна алдыруу экен.

Чындыгында эле, шаарда жашаган акыркы жылдары ал бардыгын унуткан эле, – жазында чогулуп алып отун жарышкандарын, Игренька жыгылган талааны, черёмуханын жанында болгон окуяны да, башка дагы мурда болуп өткөн көп-көп нерселерди караманча унутуп койгон. Ал качандыр бир убакта жер айдап, мала тартканын да унутуптур... Ооба жер айдап, мала тарткан, – ойлоп көр! Керектүүсүн ылгап алып калбай бардыгын эсинен чыгарып салганын карабайсыңбы, курбуларынын кимиси эле соко кармап жер айдады дейсиң, муну менен сыймыктанса болот да. Айылы жөнүндө көптөн бери ойлобой, ал жөнүндөгү эскерүүлөр кереги жок буюмдарды түйүнчөккө ороп, бут баспаган, кол жетпеген бурчка ыргытып жиберген сыяктуу, кыймылсыз жатып, чаң басып, көгөрүп бара жаткан экен.

Мына эми, бүгүн алар кайрадан жанданышты. Люсяга кечиккен уят сезими келди, ага дайыма: эстей жүр, эстей жүр, унутпа... деп какшап айтып жатышса да, – ал алардын айткандарын түшүнбөптүр. Ал дайыма бир нерседен коркконсуп жүрчү. Мына эми ал коркунучтар жоголду, анын ордунда оор, адамдын көңүлүн карайлаткан чоң боштук пайда болду, аны эми эч бир күч толтура албачудай сезилди.

Люся өзүнүн дагы эле кыймылдап, буттарын шилтегенге кайдан күч таап жатканына таң калып койду. Талаанын айланасындагы токой өз ордунда мелтирейт. Күн дагы жана ага сезилгендей жалындап тийген жок. Айланасындагы нерселер эми аны менен иши жоктой, өз иштери менен алек болушуп, анын бул дүйнөдө бар экенин да унутуп коюшкансыйт. Ал эми өзү менен өзү болуп кетип бара жаткан.

Акыры жүрүп олтуруп ачык жерге жетип, анын четине токтоду. Ал жер тынч жана жарык эле. Асман тиреп өскөн кызыл карагайдын сабагынан жулунган ийне жалбырактар кою абада айланып-тегеренип  кубалашып ойногон боюнча жерге түшүп жатты: алардын билинер-билинбес шылдыр таза үндөрү бирде оңдон, бирде солдон чыгат. Бир дарактан экинчи даракка тартылган жөргөмүштүн желелери агарып, созулуп чыккан түтүн сыяктуу жел менен кошо ыргалышат, кээ бир жерде ак так, кээ бир жерде  узун тилке болуп түшкөн күндүн нуру жер бетиндеги сайманын элесин берет. Тээ, токойдун тереңинен тоңкулдактын карагайдын бетин тумшугу менен чукулап тарсылдатканы угула калат.

Андан ары барганга Люся батына алган жок. “Мен дагы келем” – деп кимдир бирөөнүн алдында актанып, убада берип жатты, бирок ал бул жерге экинчи келбесин, келбеске болгон аракетин кыларын жакшы билип турган. Шашкалактап кайра артына бурулду. “Тез бас, тез” –деп өзүн шаштырып, ылдамдай басып келе жатты. Айылга кире бергенде гана демин басып, эс ала түштү.

Кечинде, бул күндө болуп өткөн окуялардан кийин Люся сыртка чыгып, башка эч жерден көрө албаган жылдыздуу тунук чоң асманды көргөндө, кайрадан бир башкача боло түштү. Ал үйгө киргиче шашты.

7

Акыры, кемпирдин күткөн Миронихасы да келди.

Кемпир камгактай болуп, кенедей да салмагы жок сыяктанат, керебеттин тору бир аз болсо дагы ылдый ийилбей ошо боюнча турат; кемпирдин көздөрү эле күзөттө калып, кыймылсыз суналып жаткан денеси өзүнүкү эместей. Ага тийиштин да кажети жок эле: кемпир көптөн бери жалгыз жаткан, ал денесинен адашып калып, өзүн таба албай жаткансыйт. Түшкө жуук көчөдөн тийген күн үйдү жарык кылды, кемпир күндүн чарчап-чаалыкпаган көңүлдүү нурунан жылуулук алып, ошол эле убакта негедир көңүлү чөгө түштү, – бакырып ыйлагысы келди.

Мирониха кемпирдин балдары келгенин билчү, үйдүн жымжырт болуп турганына таң калгансып, короонун тосмосуна жакын келип акырын үйгө көз жүгүрттү да жалгыз олтурган кемпирди көрө калып жүгүрүп кирип, алакандарын шак эткизе, бакылдап коё берди:

– Э ботом! Алжыган кемпир тирүүсүңбү?

Кемпир Мирониханын келгенине жан-алы калбай сүйүнүп, көзүнөн жаш тегеренип кетти, ордунан обдулуп тура калгысы келип барып, өзүнүн алсыздыгын эстеп, Мирониханын сунган колунан кармап тим болду.

– Көрүп жатпайсыңбы, тирүүмүн. Баш көтөргөнүмө эки күн болду. Сага айтышкан жок беле?

Мирониха кемпирдин оң колунан кармап өйдө көтөрүп баратып түшүрүп жиберди, бирок каруусу таптакыр кете элек колу анын экинчи, сол колун өзү таап, назик сылап кирди.

– Сага эмне ажалдын алы жетпей жатабы? – Мирониха керебеттин четине олтуруп, аны карай эңкейди. –  Мен сага кошок кошкону камынып келбедим беле, ак көңүл бечарам жөнөп кетти го деп ойлогом, а сен эч нерсе билбегенсип мында жатасың. Кандай зыянкеч болсоң, дале ошол бойдон калыпсың. Сени көргүм да келбей калды.

– Ой селки, мен сени күтүп жатканымды билбейсиңби, – анын азил сөзүнө кубана  жооп берди кемпир, – сен жок жалгыз кантип жатмак элем, сени күтүп жүрбөймүнбү. Экөөбүз бир көргө жатсакпы деп жатам.

Алжыган кемпир, сени ошол жерден эле жөн жаткызмак белем, тепкилеп айлаңды кетирем. Тырмактарымдын курчтугун билесиңби, аны өмүр бою жер тырмап курчутуп келе жатам.

– А сенден аны күтсө болот, аны кыларың бышык.

– Ошо. Сен мени күтпө, бара бер. Мен деле барып калам, бирок сага кошулбайм. Сени менен чогуу жаткыча бир жаман чал таап албаймынбы.

– Алжыба. Сен мени өзүңдүн жомокторуң менен тажатып жибердиң.

– Так сен мени тажаттың. Көңүлүмө көк талкандай тийдиң. Эртерээк өлсөң болот эле. Сенден кутулат элем.

– Өлсөм ыйлап жүрбө.

 Ыйласам ыйлармын. Сени аяганымдан дейсиңби?

– Аның да чын, – деп макул боло кетти кемпир, Мирониханы токтоткусу келип, байкабай ашык сүйлөп кудайга жакпаган сөздөр ооздон чыгып кеткенден чочулады. Мирониха менен күнөөгө малынуу тез эле, ал эмне сүйлөп жатканын өзү да билбей калат. Жаш кезинде Миронихага теңелиш кыйын эле, ал кимдин болсо да оозун жап кылчу, азыр деле тили кургап кала элек, кээде кулак уккусу келбеген балит сөздү айтса да какап калбайт.

Мирониха акыркы жылдары эле жайыраак жүрүп калды, болбосо аябай эле тынчы жок болчу, бир жерди кырк жолу тешсе да көрчү эмес, бир ордуна олтура албай учуп күйүп жүрөр эле. Бутум ооруйт дегени менен азыр деле ага жетиш үчүн жаштар артынан чуркаш керек, ошондо да жетер жетпеси белгисиз. Иштебеген иши, кылбаган жумушу калган жок, анткен менен өзүн сактай билчү, ыгы менен иштечү; аны кемпир менен салыштыра албайсың: Мирониха толук, кыймылдуу, а негизгиси – жатып калбай басып жүрөт, кайда кааласа, жүгүрүп жетип барат. Кыска, кесилген кара колдору кандай иш болсо да аткарганга даяр; бети жайыгынан келип, кара тору; үнү кыркырак, Бирок анын кыркыраган үнү жаңы эле кызый баштаганда аны менен айтышкан кишинин үнү эчак эле чыкпай калмак. Ал кемпирден болгону төрт жаш кичүү болсо да, кебетесин карасаң дагы төрт, балким андан да көп жаш кичүүдөй көрүнөт. 

Мирониханын келиши менен кемпирдин көңүлү ачылып калды: көздөрүнө жан кирип, каректериндеги агыш күрөң шакекчелери көрүнүп, жүзүндө кызыгуу пайда болду – Мирониха эмне жаңылык менен келди экен, эмнени айтып берет? Канчадан бери көрүшө элек, а жашоо деген токтобой өтүп жатат, жашоо кандай узун, кандай кенен, бардык шаарлардагы, бардык айылдардагы, бардык адамдарга жетет, анан да баардыгына тегиз жеткеничи.

Былтыркыга чейин кемпирдин керебетинин жанындагы үстөлдө радио турчу, анын кичинекей топчудай болгон дөңгөлөкчөсүн өзү айландырчу: бир жеринде ырдап жатат, бир жеринде ыйлап жатат, үчүнчүсүндө башка тилде бирдемени жобурайт, төртүнчүсүндө адам түшүнбөгөн дагы бир башкача тилде какшап бирдемелерди айтат, какшай берет, какшай берет. Кемпир эски ырларды укканды жакшы көрчү, кээде аны чогуу угуу үчүн Нинканы Миронихага жиберип аны чакыртып алчу, бирок эски ырларды аз берчү, көбүнчө ызы-чуу болгон ыр сымагы жок нерселерди беришер эле. Илгерки эски ырларды укканда ага канат бүткөнсүп асманга көтөрүлүп, каалгып учуп, өзү жөнүндө, дүйнө жүзүндөгү жаны жанатка жетпей арабөк калган бардык адамдар жөнүндө ойлоп, үнүн чыгарбай ыйлап алар эле. Ошол кезде ал өлгөндөн коркпой калчу, ага бул ырларды кайсы бир жактарда маркумдарды акыркы сапарга узатарда ырдашып, табытты жерге берген соң денесинен бошогон жанды, тиги дүйнөдө да, дал ушундай эле эски ырлар менен тосуп алышат болуш керек деген ой башына келчү.

Былтыр радио бузулуп, кемпирдин жалгыз эрмеги Мирониха менен ар нерселерди сүйлөшүп олтуруу болуп калган.

 Сен эмне көпкө чейин келбей жүрдүң? – деди кемпир ага таарынгансып. –  Чыдабай Варвараны да барып кайда жүргөнүн карап кел деп жибердим. А сендей жел тамандын кайда жүргөнүн киши билбейт. Деги сен үйүңдө олтурасыңбы? Эртерээк эле эки бутуңду кудай алса экен.

– Анысыз да баспай калды, – керебетти кыймылдатып, эңкейип кемпирдин бетине жакындады Мирониха. –  Мына сенин жаныңда бакылдап олтурам, а бутумдун сыздап ооруганын айтпа, канча күндөн бери уюм жок, ал кара баскырды издеп жүрүп суй жыгыла чарчадым. Жайытка кеткен боюнча жок, ал шүмшүк.

– Ошондой! Эртеден бери тыңшайм, тыңшайм, а сенин добушуң угулбайт. Ал каякка кетиптир?

– Кайда экенин билсем айтмакмын да, өзүм билбей жатпаймынбы. Кыдырбаган жерим, карабаган колотум калган жок. Бул өлөт алгырды биринчи жолу издеп жүрөт дейсиңби, далай издетпедиби. Кээде темселеп жүрүп өзү келип калчу эле. Бул жолу эмнегедир санаам тынчыбай койду. Голубевдердин торпогун аюу жарып кеткенин уктуң беле?

– Эч нерсе уккан эмесмин, – деди кемпир үнүн көтөрүп. –  Менден эмне сурайсың, уктуңбу, уккан жоксуңбу деп, мен кайдан укмак элем, мага аны ким айтып коюптур? – Голубевдердин торпогун аюу жарып кетиптирби?

Миронихага ким теңеле алат: жүрөгүңдөн бери козгогон жаңылыкты андан башка ким алып келет? Ал Мирониханы бекер жерден күткөн жок да, – ал анын кур келбесин билген. Кемпир Мирониханы голубевдердин торпогуна кол салууга аюуну кантип тукурганын, анан аюу кантип кол салганын айта баштачудай, аны кунт коюп тыңшап калды.

– Жарып кетти, жарып кетти, – деп айтканын бекемдеди Мирониха. Голубев ую карып, сүт чыкпай калды деп торпогун тукум кылганы калтырыптыр. Мына эми калтырды. Мурда күнү он башы Генка токойдон келе жатыптыр, бир жерден кызыл-жаян канды көрүп, чочуп кетет. “Эмне балээ болуп кетти экен? Бул жакшы белги эмес” – деп ойлоп тегерегин жакшылап караса бадалдын арасында торпоктун өлүгү жаткан экен. Үстүн топуракты шилеп көөмп салыптыр. Оңбогон аюу канын соруп алып, этин сасысын деп көмүп коюптур. Акылын карабайсыңбы. Гена аны көрөр замат, артын карабай качып жөнөптүр. Айылга кантип киргенин өзү да билбейт. Ал кайрадан кемпирге эңкейип, үнүн акырын чыгарып шыбырады:

– Кечээ Генканын аялы дарыяга барып керээлдин кечке анын шымын жууду дейт, бүгүн да кайра барып чайкап жатыптыр, ылдый жактагы айылдын катындары суу алыш үчүн биздин өйүзгө келип жатышыптыр.

– А сен шылдыңдаба, – деди кемпир аны жактырбагансып. –  Өзүң ойлоп таап аласың да, анан аны шылдыңдап коёсуң. Өзүң ошентсең болмок.

 Мен болсом, ал жерден кетпейт болчумун. Аюу келгенче ошол жерде жылбай-чычпай күтмөкмүн. Ал келип торпокту жейм дегенде, баса калып тепкилемекмин: сен акмак Голубевдердин торпогунда эмнең бар? Ал  басалбаган кемпир эмей эле, ажалдын өзү келген экен деп ойломок. Мен ага көргүлүктү көрсөтмөкмүн, түгөйү анын көчүгүн бир айда да тазалап бүтмөк эмес.

– Сенин жомокторуң түгөнбөйт го, угуп жатып тажап бүттүм. Сен эмне адамча сүйлөгөндү унутуп калгансыңбы? Кайсы жерде жарыптыр, ошону айтпайсыңбы?

– Сен, алжыган кемпир, өзүң айтырбай жатпайсыңбы. Эмдигиче он жолу айтып бермекмин. Өйдөкү суудан дарыяга бурулган бурулуш эсиңдеби?

– Кантип унутуп калайын? Эсиме жара чыгыптырбы, акылымдан такыр эле айный элекмин го.

– Так ошол жерден, айылдын эле жанынан жайлаптыр. Минтип олтурса айылга деле кирип келет го. Азыр тайгада тамагы түгөндү, аны чээнине айдап да киргизе албайсың. Анан айылдын тегерегинде темселеп жүрөт да.

– Ошентет, ошентет – деп башын ийкеди кемпир. Ал белгилүү да, ошентет.

– Мен өзүмдүн шүмшүгүмдү кайдан издейм билбейм. Ал эмне бир айга чейин келбейин дегенби? Ансыз да кайгырып жатып бүттүм, Тирүүбү же бир жерде өлүп калдыбы...Эркектер кырдын ар жагында эки уй жүрөт дешти, ага барышка менде бут кайда. Баштагыдай жаш болсом, жүгүрүп барып келбейт белем. Таягым менен тоонун этегине  жетпей эле тоңкоюп калам го.

– Ай селки, сен кырды ашып барбай эле кой, ал жакта өлүп калсаң сен жок мен кантем?

– Сен жөнүндө эле ойлоп жүрөйүн, – деп моюн берген жок Мирониха. –  Мен уйга кайгырып жатсам, а сен өзүңдү айтып мээмди айлантасың.

– Уюңдан ансыз деле сүт чыкпай калды го.

– Алжыган кемпир, сен сүткө кайгырба. Мага уй аман болсо болду, аюу жарып кетпесе экен деп сарсанаа болуп жатам. Болбосо эмне? Тирүү болсо, каалашынча жүрө берсин.

– Ой! Уйдун сага эмне кереги бар дейм да. Өзүң араң жүргөндө анын убарасы канча. Азап тартып жүргөндү жакшы көрөт экенсиң. Чөптү жалдап чаптырасың, аны тарттырып жыйнаганда кайра киши жалдайсың. Чөп жетпей калса, сатып аласың. Чөп саласың, богун чыгартасың, бадага кошосуң, керээли кечке ошонун артынан жүрөсүң. Же үйүңдө толтура киши сүт ичебиз деп күтүп олтурушабы? Өзүң көп болсо 1 литр сүт ичээрсиң, Надяга келсең кантип куюп бербесин. Ал шүмшүгүңдү сатып жиберип, акчасын чөнтөгүңө салып коюп, байдын катынындай чалкалап жата бербейсиңби. Мен сенин ордуңда болсом бирөөгө бекер эле берип салмакмын, анын азабын тартып жүрбөй.

– О-о-о, – шылдың кылгандай үнүн созду Мирониха. –  Мунун айтканын кара. Уйду сатып жиберип акчасын чөнтөгүмө салат экенмин да. Кызык эле катынсың да. Өмүр бою уй менен келе жатсам, анан кантип аны сатам. Андан көрө өлүп эле калбаймынбы. Мага анын сүтүнүн деле кереги жок, короомдо мөөрөп турса болду. Уйду сатып ийгендей мен эмне жинди болуптурмунбу?

– Уюуң экөөң эмне болсоң ошо бол, сага айткан кайран сөз.

Мындай сөз алардын ортосунда биринчи жолу болуп жаткан жок, кемпир ичинен Мирониханын айтканын туура көрчү: уйга, анын азабын тартканга көнүп алган киши, ал жок болсо андан да жаман кыйналат. Айткандай эле, уй кармабаган катын да катынбы? Кемпир өзү деле каруусу кеткиче эртели-кеч чакасын таштабай уюн өзү саап жүрчү, кийинчерээк балдары саадырбай коюшкан, Мирониха менен сөз талашканы, көбүнчө ага тымызын ичи күйгөнүнөн эле: Карабайсыңбы Мирониха уюунун артынан калбай жүгүрүп жүрөт, а мен ок тийгенсип очорулуп ордуман туралбай олтурам. Мирониха уюун сатып жиберсе, ал кааласа, каалабаса да экөөнүн абалы теңелмек, кемпирдин көңүлү бир аз жайланып калмак. Ал өзүнүн алсыздыгына көзү жетип баш ийген, бирок ушундай абалында да жалгыз болбой жанында бир курбусунун, болгондо да өмүр бою чогуу келе жаткан Мирониханын жанында болушун каалар эле.

Кемпир Миронихага айтпай обдулуп олтурууга камынды, бул жолу ал эртең мененкиге караганда ишенимдүү кыймылдап, көп кыйналбай  олтурууга жетишти. Мирониха көрмөксөн, билмексен болуп ага жардамдашкан жок, андай кылса кемпирдин көңүлүнө кетмек. Эми алар катар отурушту, кемпир мурдагыдан да арыктап, алы калбай калыптыр, канатын эми бир күүлөсө эле учуп кете берчүдөй. Мирониха ага көз жүгүртүп алып, аны аяп жүрөгү сыздай түштү:  

– Сөөгүң эле калыптыр да, байкушум.

– Кантмек элем, – башын ийкеп койду кемпир, ал өзүнүн кебетесин карабай эле, кандай болуп калганын билип жаткан.

– Балдарың келиптир. Алар эмне деп жатышат?

– Эмне дешмек эле… Көргөнү келишти да.

– Алжыган кемпирди өлсө көмөлү дешсе керек.

– Көмүшсүн, – энесин көмбөгөндө кимди көмүшөт, – деди ал жайбаракат, сырттан бирөө менен сүйлөшүп жаткансып, терезеден көзүн алган жок.

– Жата бербе. Алар сени качан кудай алат деп канчага чейин жүрө беришсинби?

– Аларга күтүп деле кереги жок, – ал Миронихага бурулуп, баарына макул болуп, тагдырына моюн сунгансыган адамдай сүйлөдү. Жыгылгандан коркуп керебеттин кырын кармап алды.

– Мен аларды көпкө кармабайм. Алардын да өз үй-жайлары бар, жалгыз энеси болсом таштап кете алышпайт да. Мени түшүнбөйт дейсиңби? Таньчораны бир көрсөм болду. Таньчорам келсе арманым жок кете берем. Кудайым мага жеңил өлүм берет, сезип жатам.

Алар менен коштошом да, көзүмдү жуумп кете берем. Варвара келип эңкейип карап, менин кеткенимди билет. Калгандары ошондон билишет. Мен Таньчорамды бир көрсөм болду. Кечигип жатат го, жолдо бир нерсе болуп кармалып жатса керек. Кечээ эртең келет дешти эле, бүгүн дагы эртең келет деп калышыптыр. Эмне болду деп ойлоп алып, ордумда жата албай калдым. Жол алыс, кырсыгы жок аман келсе экен деп кудайдан тилеп жатам.

– Шашпай коё тур, Үлгүрөрсүң. Таньчораң келип калат. Жөн эле кыйнала бергенде эмне? Ал жакта балким учагы учпай жаткандыр. Азыркылар учак менен жүрүп калышпадыбы. Бизде учуп жатат, мен угуп жатам, а балким алардын асманы ачылбай жаткандыр, балким учагы жетишпей калдыбы. Эч кимди күтүп олтура бербей бири-бирибиздикине чуркап кете берген экөөбүздүкүндөй жакын жер эмес да.

– Аларды көп күттүрбөйм – деп кайталады кемпир башын чайкап. Жок, жок, күтүшпөйт. Көпкө күттүргөнгө болбойт. Жакшы эмес. Ансыз да мөөнөтүмдөн ашык жашап жатам. Балдарымдын келгенин билип кудайым дагы бирөөнүн үлүшүнөн бир аз жашоо берди, аларды көрүп, сени менен да акыркы жолу сүйлөшүп алсын деди окшойт. Болду эми кетиш керек. Эми көп болсо дагы бир күн чыдармын, анан даярдана башташ керек. Убагы жетти. Балдарым коштошуп ыйлап алышсын, келгенге жараша бекер убара болушпай. Кандай болсо да энесимин го. Бир аз болсо да боору оорушар. Мен өзүмдүн энем өлгөндө жаш деле эмес болчумун, басыла албай бир далайга солкулдап ыйлагам. Башкача болмок беле?  А сен Мирониха балдарга жардам кыл, мени жакшылап узатышып кой. Мени зыянкеч деп жүрбөйсүңбү, андай деле эмесмин. Эч качан бирөөгө жамандык кылган жокмун.

– Сага сүйлөгөнгө да болбойт.

– Сүйлөй бер, – жумшара кетти кемпир. –  Мага баары бир. Сен мени таарынтып алдым деп жатасыңбы? Экөөбүз бири-бирибизге мындан жаман сөздөрдү деле айтышып жүрчү элек го. Анан эми таарынганым калыптырбы? Сен жок мен эмне кылат элем? Мен сени кечээтен бери күтүп жатам. Сен эртең да кел, дагы сүйлөшүп олтуралы. Көп эле жашагансыдык, а бири-бирибизге айтылбаган сөзүбүз дагы эле толтура. Сен жок ал жактан кантээр экенмин. Сагынам го.

– Алжыба, балким мен сенден биринчи кетермин.

Мунун кара! Менден биринчи кеткиси бар. Сүйлөсөң да ойлонуп сүйлө. Жанатан бери менин эмне дегенимди деги уктуңбу? Мен тамашалап жаткан жерим жок, мен боло турган нерсени айтып жатам. Сен мени адаштырба.

– Адаштырган жокмун.

– Анда талашпай тур.

 Кой анда, – Мирониха туруп кемпирдин үстүнөн эңкейип терезени карады, – мен жүгүрүп барып, тиги шүмшүктү карап келе коёюн, балким келип калдыбы. Бат эле кайра келем. Дагы бир аз олтуруп кетем. Жалгыз бир аз жата тур.

– Бар, барып кел. Барба деп этегиңден кармап калмак белем.

– Тез эле келем, ошол бойдон жоголуп кетет дебе.

– Бар, бар, актана бербе.

Кемпир кайрадан жалгыз калды, эмнегедир ичи уйгу-туйгу болуп, көзүнөн жашы кылгырып барып токтоду, ичинен келме келтирип алды. Кемпирдин жанындагы терезеден төгүлүп турган күндүн нуру, ал буттарын сунуп, ага тосо бергенде каркайып чыгып турганына карабай, анын сөөктөрүн жумшак сылап, жылыта баштаганда жылуулук бутунун башынан өйдө көтөрүлүп, магдыратып, жыргалга бөлөй баштады, ал кайрадан жашып алды.

Ал керебетке таканчыктап турган колун көтөрүп көрдү, кокус жыгылсам Миронуха келгиче күнгө кактанып жата турам деп ойлоп койду. Бирок ал жыгылган жок, жыгылары оюна да келбей, терезеден көчөдөгү жаркырап турган, түшкө жакындап калган күндү, анын үстүндөгү күндүн нурунан өңү өчүп бара жаткан бийик асманды көзү чалды. Аны суктандырган асманда турган күндүн, тээ жалындап күйгөн оттуу шардын өзү эмес, а анын жер бетине түшүп, аны жылытып жаткан нурлары эле; мына эки күндөн бери кемпир, жарык менен жылуулуктан бөлөк дагы башка бир нерсе бар экенин эстей албай, таба албай кыйналып жаткан.

Ал корккон жок: боло турган нерсе, баары бир болот, а азырынча тынчсызданганга али эрте окшобойбу. Кемпир өлгөндөн кийин бул жөнүндө эле эмес, мындан башка да тирүү кезде билүүгө болбой турган купуя сырларды билерине ишенчү жана акыры түбөлүктүү сырды, – анын кандай жашап өткөнүн жана мындан ары эмне болорун көргөзүшөрүн билчү. Ал бул жөнүндө ойлогондон коркчу, ошентсе да баары бир акыркы жылдары күн, жер, чөптөр, канаттуулар жөнүндө, дарактар, жамгыр жана кар,– адамдын айланасында жашаган бардык нерселер тууралуу, ага – адамга, өмүр берип, ага өзүнүн жардамын аябай, сооротуп, колдоп, аны акыркы сапарга камдаганы жөнүндө бат-бат ойлочу болгон.

Кемпир өзүнөн кийин кала турган нерселерди ойлогондо көңүлү жайлана түшчү: алардын кайталанып, өзүнө чакырган үндөрүн угуу үчүн, – сулуулук менен ишенимди жоголуп кетүүдөн сактап, жашоо менен өлүмгө бирдей чакырган үндү угуу үчүн сөзсүз эле бул жерде болуунун кажети жок эле.

Аңгыча Мирониха кирип келип керебетке кемпирдин жанына талп этип олтура кетти, чочуп кеткен кемпир терезеден бери бурулуп, өзүнө келип, Мирониханы көрдү. Мирониха колун шилтеп койду, кемпир ал өзүнүн жоголгон ую жөнүндө айтканы жатат деп болжоду. Ал дагы эле келбесе керек. Ал кайда жүрөт болду экен? Кемпир ушулар тууралуу ойлоп, аңгеменин нугу ошол жакка буруларын күтүп, өзүн ошол сөздөргө камдай баштаган, – Миронихага жооп бериш керек да, анан эмне моло таштай катып, сүйлөбөй олтура бермек беле.

Мирониха үн катты:

– Мончоңордо бирдеме болуп жатат, кемпирчем.

– Мончодобу, анда эмне болуптур? – кемпир мончосун элестетип, анын кайда турганын эстеди, анда эмне болушу мүмкүн экенин түшүнө берген жок.

–  Ой, биякка жүгүрүп келе жатсам, мага бирде бир капталы, бирде тиги капталы менен бурулат, – деди Мирониха жөн сүйлөбөй, – анда бирөөлөр жашап жатабы, эмне испидиция келди беле?

– Ой селки, кайдагы испидиция, эмнени айтып жатасың? Аякка менин балдарым жүрүшсө керек да.

– Баары ошояктабы?

– Кайдан баары болсун? Люся таң атпай токойго кеткен, а Варвара айылда бирөөнүкүндө олтурса керек. Эркектер, Илья менен Михаил ошол жерде го.

– Ой аларың эмне күндүз жуунушабы? – Мирониха  сыйыртмакты акырындан тартып келе жаткан.

– Жуунуппу?! Сен, селки жаш баланын сөзүн сүйлөйсүң да! –  деп таарына кетти кемпир. –  Кайдан жуунушсун, экинчи күн болду ал жака киришкенине. Жуунушпаса да мейман болуп жатышат. Тамактарын жуушат да, көпкө чейин жуубаса жүн басып, нан өтпөй калат турбайбы.

– Шарап ичип жатышабы?

– Жок, аларга Надя чылапчынга суу жылытып берген, ошону ыстакандап ичип жыргап олтурушат. Аябай даамдуу экен, – кубангандарын сураба. Сен эмне билбейсиңби: кудай акча бериптир, шайтан тешик бериптир, анан мына, кудайдын берген акчалары, шайтандын берген тешигине кирип жок болуп жатат.

Кемпирдин билгенинин баарын сурап билип алган Мирониха кошумчалап койду:

– Ой, ал жакта экөө эле эмес, Мен Степка Харчевниковдун үнүн эшиткендей болдум.

– Степка Харчевников дейсиңби?

– Ооба ошонун эле үнү.

– Анын эмнесине таң каласың?! Степка эмнеден тартынат! Анын да оозу кургабайт экен  го?

– Ал айканың чын.

– Ушунча да ичишеби? Бул балакет баскырдын эмне кызыгы бар дейм да? Өздөрүнүн ден-соолугун эле талкалап жатышпайбы. Илгери качан ушундай болчу эле?

– Алжыба. Илгеркини айтып эмне кыласың!

– Эсиңдеби, тегирменчи Данил иччү эле го, аны ичет деп айылдагылар адам катары санашчу эмес. Аракеч, болду башка сөз жок.  Данила-аракеч деп коюшчу эмес беле. Айылда жалгыз ичкен ошо эле. Эми бир гана Голубев ичпейт, аны киши деп эсептешпейт, шылдыңдашат.

– Бул айтканың туура, курбум. Бир-экөөнү байлап алып сабап койсо, балким башкалары коюп калышат беле. Ай деген ажо жок, кой деген кожо жок, кутуруп атышпайбы. Каалагандарын жасашат. Кээ бирөөнүн үрүп чыгар ити жок, анан байманасы ташыган көпөстөй ичип-жеп жыргап жүрөт. Ичкенде думана болуп айылды кыдырып кетишет экен, дагы кайдан чыга калат деп. Бутуна тура албай калса да, дагы эле аз.

– Жок, мен тиги радио бузула электе укчумун, – колу менен кичинекей үстөлдү көргөздү, – аракеч болбогула деп эле айтып жатышат. Аякта аракты мактаган деле жок.

– Айтканда эмне? Аны ким угуп жатыптыр? Аларга айтыштын кереги жок, аларды жазалаш керек, ошондо балким бир тыянак болмок. Башкалардан да өзүңкүнөн да, аны аяйсыңбы, же аябайсыңбы бардыгынан суроо керек.

– Туура айтасың, туура айтасың селки. Антпесе сезишпейт, бул акмактар.

– А мен сага эмне деп жатам.

– Илгери күнөө кылгандан коркушчу эле, эми кудайдан да коркушпайт.

– Уят-сыят деген калбай калбадыбы, азыркы заманда.

– Уятты унуткандары чын, – кемпир үшкүрүп койду да унчукпай калды. Тиги менин уулумду карабайсыңбы. Бир ичсе эсинен тангыча ичет, эртең менен туруп, тырк-пырк, аракечтерин чогултуп алып кайра башташат. Анан уялбай олтуруп алышып кечээ ким эмне кылгандарын айтып мактанышып, каткырып күлүп олтурушканын айтпайсыңбы. Өлгөнүңдө күлгүрлөр, мактана турган жорук жасап коюшкансып. Дени-карды соо адам алар жасаганды жасаса уятынан жерге кирип кетмек.

– Аларга уяттан көрө, арактан өлгөн артык.

– Уят десе эсиме түшүп жатат. Кемпир эсине келе калган, өткөн бир учурдагы окуянын тааныш жаңырыктары топтолгуча тыным алды да, сөзүн улантты:

– Бул ачарчылык жылдарында болгон, – деп баштады ал өзүнүн сөзүн. –  Варвара анда эки кыздуу болуп калган, Илька да чоңоюп калган: бул жерден жулуп, тигил жерден алып жашоолору өтүп жатты. Люся оорулуу болуп чоңойду, буту-колдору чийдей болуп ичке, өңү кубарып караган кишинин боору ачыйт, бул жолу ал күйгөн шамдай эрип бара жатты. Берейин десем тамак жок, эмнемди берем? Минька жүгүрүп басып алган эле, а Таньчора жаңы эмгектей баштаган, же басып калды беле, айтор билбейм. Баары ачка, тамак сурашып ыйлашат. Аларга эмне берет элем? Эмне кылаарды билбей, сай-сөөгүм сыздайт. Муну эми сага айтканда эмне, өзүң деле жакшы билесиң да, өзүң дагы эки баланы чоңойтподуңбу. –  Кемпир сөзүн бир азга токтотуп, унутуп кала электе сурап алууну чечти:

– Балдарың келебиз дейби?

– Кат жок.

– Балким каты жок эле келип калышар?

– Билбейм, Өлүп калсам келишер.

– Ошол. Мен сага эле айтып жатам: булар үчүн көрбөгөн азапты көрдүм го о-ё-ёй! Өзүм колхоздун жүгүн тартып, бир жерге жеткизем, үйгө анда-мында бир келем. Согушта өлгөн Витям ал убакта райондо окучу, андан эч жардам жок эле. Николай атасы менен жүрчү. А мен булар менен жалгызмын. Бирөөнү колго алсаң, экинчиси бакырат. Өчөшкөнсүп ошо жылы уюбуз да кысыр калган, сүт жок, союп салайын десең аяйсың, анын үстүнө тукумун үзүп алсаң кайра сатып алыш кайда?

Сен Зорьканы билесиң го, жакшы уй эле, эстесем эмдигиче ичим күйөт. Ал кезде Зорьканы колхозго өткөзүп бергенбиз, аны эрим өзү жетелеп барып бергенде, озондоп ыйлаганымды айтпа! А Зорька үйдү көпкө унутпай келип жүрдү, кээде туз берип, кээде жугунду берем. Ал жакта кайдан курсагы тойсун. Уйлар көп, сүрмө топ болуп чөп-чар баарына тегиз тиймек беле. Анан ачкасынан деле келет да, ал кургур. Кечинде саап алышкандан кийин токойго айдап ийишет, желимчи чымын байкуштун желинине жабышып, туйлатып жанын койбойт. Зорька мөөрөп үйгө келет. Ага боорум ооруп дарбазаны ачып киргизип жиберем. Түтөтүп желимчини кубалайм, желинин жууп тазалайм, ал желини кир болуп жүргөндү жаман көрчү. Бир жолу желинин жууп жатып, саап көрөйүнчү деп ойлодум. Саасам бар экен. Анан, кемпирче, мен Зорьканы саап ала баштадым. Тияктагылар аягына чейин саашпайт тура. Күнүгө ошентип бир банке сүт саап, балдарыма чайга кошуп берсем жыргап эле калышты. Бир күнү биздин Зорьканы, эми биздики эмес – колхоздун Зорькасын саап жаткам, аңгыча эле дарбазанын каалгасы ачылгансыды. Мен уйду саардан мурда эшикти жаап алчумун. Башымды буруп карасам – Люся. Көздөрүн алайтып мени карап жалдырап эле калыптыр. Көз карашы жаныма бата түшкөндөй болду. Ал чоңоюп калган, Зорька биздин уй эместигин биле турган. Отурган ордумдан козголо албай катып калдым. Оо кудай, мындан көрө биринчи жолу сааганда эле өлүп калсамчы дедим. Ошондогу уялганымды айтпа, жердин катуусунан эле кире албай калгансыдым. Көпкө чейин Люсянын көзүн карай албай жүрдүм. Азыр деле ойлоп коём: ал унуттубу же дагы эле унутпай жүрөбү. Мага ал окуяны унутпай, мени жаман көрүп жүргөндөй сезилет. Балким ошон үчүн мени менен жашабай кетип калгандыр.

– Ой, койчу. Ал кайдан эстесин. Бала эле боюнча эле да.

– Бала болсо деле унута койбос.

– А унутпаса эмне экен? Сен Зорькаңдын эмчегин жууп жүргөндө, алар ачкасынан өлүп калышса жакшы болмок беле? Же ал кезде ачкадан өлгөндөр аз беле? Сен балдарыңды сактап калдың.

– Ал айтканың туура дечи, бирок менин кылыгым да жакшы эмес эле. Уят өлүмдөн катуу эмеспи. Өмүрүмдө ууру кылган эмесмин, анан бул кылганым ууру кылгандан да жаман болбодубу.

– Өзөгү карарган карга таш чокуйт дейт. Мезгил ошондой болчу. Болду. Аны эстеп эмне кыласың.

Кемпир унчукпай макул болгонсуп калды. Толкунданганын басып, адегенде башын жаздыкка коюп, анан буттарын керебетке чыгарып жата кетти. Мирониха ага жакын жылып олтурду да эңкейип терезени карады.

– Көрүнбөйбү? – деди кемпир.

– Көрүнбөйт. Келсе жилигин чакпасам, шүмшүктүн. Ал эмне менин чыдамым таштай катуу деп ойлойбу?

– Сен аны келе электе эле коркутпа. Балким сенден коркконунан келбей жаткандыр.

–  Ал шүмшүккө коркконду көргөзөм. Аюудан коркпой менден коркот экен да. Бул жолу ага жедирбей келсе экен, мен ага көргүлүктү көрсөтөйүн. Мээнин баарын жеп бүттү, анын айынан жинди болуп киши катарынан чыкмай болдум.

Кемпир Мирониханын акыркы сөзүнөн кармады:

– Сен киши болбой калдым дейсиңби? Бул мен киши болбой калдым, жата берип сасып, чирийин деп калдым.

– Алжыба, кемпирчем.

– Мына, сен жаныма келип олтурдуң эле, сырттан көчөнүн жытын алып келдиң. А мен көчөгө чыкпаганым канча болду, канчадан бери турбай жатам. –  Миронихага карабай, акырын кобурап койду:

–  Жашарыбызды жашап бүттүк.

– Сен ошондой ойлойсуңбу?

– А бизге мынча жашоонун кереги бар беле? Эбак эле өлүп калсак жакшы болмок. Сен азыр уюңду издеп убара чекпейт элең, а мен жатып алып Мирониха жанымда дагы бир аз олтурса экен, ал кетип калып көңүлүм кайра дагы чөкпөсө экен деп тура албай жатмак эмесмин. Мени сага кудайым өзү бериптир Мирониха. Ооба, ооба, Өзү берген. Сен жок жашоом кандай болмок? Кемпир көзүн жуумп өзүнүн сөзүн кубаттап башын ийкеп койду.

Ал ошо боюнча көзүн ачкан жок, ал өзү менен өзү болуп, бул дүйнөнүн бар экенин унутуп койгондой тунжурап калды, же үргүлөп кеткени же көңүлдү жай кылган түбөлүктүү жымжырттыкка ыктап, акыл-эси асманга алып-учуп бара жатканы белгисиз эле.

Анын жанынан чыкпай олтурган Мирониха, бири-бирин жоктобой экөө бир күндө, бир эле саатта өлүшсө сонун болмок экен деп кыялдана кетти.  

Ал Варвара келгиче, дагы бир топко кемпирдин жанында козголбой карап олтурду.

8

– Степан, кайын энеңди кантип жинди кылып алдаганыңды айтып берчи, – деп, Михаил Илья экөө менен мончодогу ачуу-таттуу отурушка келип кошулган узун бойлуу, сары чач Степан Харчевниковдон сурана баштады:

– Ильяга айтып берсең, ал уга элек, – Михаил башын төмөн салып, денесин бүлкүлдөтүп күлүп жатты. –  Башта, Степан, токтобо.

Нинка жыйнап кеткенден кийин мончодо кайрадан бош бөтөлкөлөр пайда боло баштаган. Закүскө маселеси эми жеңил чечилип жатты, Михаилге азыр аялы эле эмес шайтандын чоңу келсе да коркпой калган, ал үйгө эки жолу кирип, ал тургай мискейдеги сорпону да ала келди, кашыгы жок, мискейи менен эле көтөрө калып согуп жатышкан. Нинка унга каткан бөтөлкөлөрдү да алып келип мештин ичине, от тамызгы калагансып, жыйнап койду, ал жерде катылган  арак бар экендигин бир да жан ойломок эмес, жашикти болсо көмкөрүп, олтургуч кылып алышты. Ал дагы эле жылаң аяк жүргөн, бутун кийишке “андан да маанилүү” иштер турганда аны кийип эмне кылмак эле, а үшүгөн бутун Ильянын төшөгүнө сойлотуп жылытып алып жатты. Азыр Илья тоокканада күзөттө туруп, парадды башкарып жаткан.

– Степан, айтпайсыңбы эми, – деп жабышып алды, Михаил.

– Илья келди дегенди угуп учураша кетейин дегем, – жанатан бери чогуу ичип отурушса да, Степан өзүнүн келген себебин түшүндүрүп кирди. Эмнеси болсо да бир жылкы балдарбыз, чогуу ойноп, чогуу өстүк. Ильяга жолукпай коюу, мен үчүн мүмкүн эмес эле деген оюн билгизгиси келгенсип, Степан кулачын кенен жайып койду. Анын үнү күркүрөп катуу чыккан менен сөз байлыгы аз болчу, ошондуктан колдору менен жаңсап сүйлөчү.

– Анан келип калдым, адегенде түз эле үйгө кирейин деп бара жаткам, мончо жакты караган да эмесмин. Мен маданиятсыз адаммын. Кирип бара жатып байкай калдым, биякта эмне чогулуш? – деп ойлодум.

– Келгениң туура болду, – деп башын ийкеп койду Илья. –  Өзүң билесиң да, апабыз ооруп жатпайбы, алыс кете албайсың. Кокус бирдеме болсо, жанында бололу деп ушул жерде олтурабыз. 

– Ооба, Степан, сенин келгениң жакшы болду, – деп кубаттап койду Михаил. –  Ичип жатканбыз, дагы ичебиз. Коркпо жетет, –тиги меш толтура, бардыгы тең аппак, туптунук.

– Сага жетмек тургай ашып кетпесин, – деп ага тийише кетти Степан – мас болуп калба.

– Степан, сен эмне деп жатасың? Сен келдиң, мен сени коноктоп жатам. Сен менин агам Ильянын жолдошу болгондон кийин, байкемдей көрүп сыйлайм, чогуу бир айылда жашап жүрөбүз. Экөөбүз бир да жолу жаман-жакшы айтышкан жокпуз, кээде чогуу ичип да калабыз. Анан эмнеге мага жаман сөз айтасың, мен эмне, мас болуп калыптырмынбы. Жок Степан, мен өзүмдүн алымды жакшы билем. Макул, ашык ичип мас болуп калдым дейли, кимдин кандай иши бар? Мына экөөңөр көптөн бери жолугуша элексиңер, силер менен сүйлөшүп олтуруу мага деле кызык. А сен мени жат деп кубалап жаткандайсың. Эмне, силер менен чогуу олтурганга болбойбу?

 Олтура бер, бул жердин кожоюну өзүңсүң да, – сенин эмне кылышыңды мен билмек белем?

– Степан андан көрө, кайненең менен болгон окуяны айтып бербейсиңби, –деп кайрадан суранды Михаил.

 – Лиза жеңени кантип алдадың.

– Аны айтканда эмне! Айылдын баары эле билет!

– Айылдын баары билген менен Илья билбейт. Ал шаардан келди. Ага деле айтып бер.

– Айтып берсем деле болот, тилим тешилмек беле, – деп макул болду Степан көп көңүлдөнбөй, анан бөтөлкөнү карап көзүн жымыңдатып кысып койду. –  Адегенде тигинден тамчылатып кой, тамакты суулап алайын. Алып жиберишкенден кийин Степан сураттырбай аңгемесин баштады:

–Андай болсо, Илья угуп тур.

–Угуп жатам, ооба, ошондой.

– Чыныда айта турган деле эч нерсе жок. Буларга мунун эмнеси кызык билбейм. Бул окуя, кадимкидей эле үй-бүлөдө боло жүрчү окуя. Бул быйыл жайында болгон. Генка Суслов экөөбүз ичкенбиз, бирок бүгүнкүдөй мончодо эмес, анын огородунда болчу, аялы аны картөшкө түптөгөнгө жибериптир. Экөөбүз картөшкө түптөй баштадык. Бөтөлкөнү мен ала келгем, кышында андан чөп алып карыз болуп калгам. Акчасын берсем албай коёт го деп ойлодум. Андан көрө жарым литрликтен экини алайын деп, алып алгам. Үйүнө келсем картөшкө отогону кетти дешти. Огороддо болсо, огороддо болсун, мага баары бир да. Мен ошол жакка жөнөдүм. Генка менин жарым бөтөлкөмдү көргөндө эле кетменин ыргытты. Менин эмнеге келгенимди дароо түшүндү. Албетте , картөшкө түптөгөн жакшыбы же ичкен жакшыбы? Степан алакандарын жайып койду да, жийиркенген немедей аны жерге силкип койду. Ал бул кыймылы менен тандоодо эч кандай кыйынчылык болбогонун билгизгиси келген эле. Ал барган сайын кызып, кубануу менен сүйлөп жатты.

– Анан олтурабыз. Ыстаканды кошунанын баласы жүгүрүп барып алып келип берди, Генка жакын эле жерде өсүп турган бадыраңдан эки жолу барып чөнтөгүнө толтура үзүп келди. Кыскасы, бардыгы бар. Ыстаканды бири-бирибизге топтой кубалап жатабыз. Маданиятсыз адамдарбыз. Маданиятыбыз жок, а баары бир жакшы. Мен бул ишке башынан эле даярданып келгем, атайын эле ичейин деп чыккам, а Генканын чынында максаты башка эле, ал картөшкө түптөйм деп чыккан. Мейли, картөшкө тура турсун. Эки бөтөлкөнү бүтүрдүк. Генка: “Азыр дагы бир аз түптөй коёюн, эртең катындар бакырып жүрбөсүн, анан айылга чогуу кетебиз”—деп калды. Мейли, түптөй берсин. Мен олтура турам дедим. Ал мага кайра кайрылып: “Бекер олтура бербей, солдун ортосундагы тикенектерди жула бербейсиңби, батыраак бүтөбүз”— деп калды. Туруп карасам, тикенек эмес, картөшкө көрүнбөйт, эч нерсе калтырбай чаап бара жаткан экен, кайран эргул. Мен ага: “Эртең мындай ишиң үчүн, төбөңдөгү чачыңды кетмендеп жүрүшпөсүн”—дедим. Ал мени менен макул болду. “Кеттик анда, кечинде күн салкындаганда келип бүтүрүп салам”. Айылга жөнөдүк, менин дагы акчам бар болчу. Чалынып кеткенсип, токтой калды да, шашпай, мактана кетти: “Андан ары эмне болгону таптакыр эсимде жок”.

– Кээде ошондой болот, – деп башын артка чалкалатып күлүп койду Михаил, сен андан ары эмне болгонун айт. Илья, сен жакшылап ук.

 Андан арыбы! Андан аркысы белгилүү да. Ойгонсом, атом бомбасынан аман калгандай эле болуп калыптырмын, көзүмдү ачалбай жатып ойлодум, – бүгүн кайсы күн? Генка экөөбүз картөшкө түптөгөн күнбү же анын эртесиби? Үйдөмүнбү же башка жакта жатамынбы? Мейли, деп көзүмдү акырын ачсам аялым жанымда жатыптыр. Мен аны дароо тааныдым. Башка керебетте балдар жатышат, – алар да меники. Тиги бурчтан кайын энем жаман көзү менен мени теше тиктеп калды. Кой, туруш керек дедим. Жаңы эле ордуман козголгондо кайын энем жаткан ордунан мышыктай секирип түштү. Мен ага көңүл бурган жокмун, анан кийин билип жатпаймынбы, ал эмнеге менден биринчи сыртка чыкканын. Ал чыйкан, мага бир жакшылык кылайын деп ойлобойт го чиркин, биринчи күндө эле экөөбүздүн ортобузда партизандык согуш жүрүп келе жатат, эркине койсоң, башымды балталап салып, чокунуп да койбой басып кетмек. Маданиятсыз адам.

Туруп алып Генкага келдим, анын кечээтен бери кантип жашап жатканын билейин дегем. Генканын катыны мени дарбазадан ары өткөзпөй Генка үйдө жок деп койду. Мен анын үйдө экенин, тигинин калп айтып жатканын билип турдум, ал мени кетсин деп үйүнө кирбей күтүп турду. “Генкаңды мага десең камап сал, мага эмне! Ага эле жаман. Ал сени жыттап баш жазмак беле, түшүнүш керек да”— деп ойлодум да кете бердим.

– Муну сен жакшы айтыптырсың, Степан – деп таңданып койду Михаил. –  Сонун айтыптырсың. Азамат.

 – Андан кийин Петька Сорокинге бардым. Ал өмүр бою ичпеген немедей жактырбай койду. “Жок ичпейм, – дейт, – акчам да жок” Мени карыз алып бербей кетет ойлоду. Эмне болсо да үйгө барыш керек болду. Жертөлөбүздө самогон болуш керек деп ойлодум. Катыным жумушуна кетип, үйдө кайын энем эле калды болуш керек. Келсем чынында эле ошондой экен: ал эшиктин алдында отургучта өзүнүн камыр ачыткан челегине болгон салмагын салып олтуруп алып, ийик ийирип олтуруптур. Ал менин кайда барарымды, мен ойлой электе эле билип алыптыр да. Ал эмнеси болсо дагы мага жамандык кылыш үчүн эле жашап жүрөт, анын мындан башка иши жок. Мейли, дедим. Ушул жерден караманча эле жылбай калмак белең. Мен эптеп кирип алсам эле болду, андан кийин кран менен да чыгара албайсың. Өзүм болсо эч нерсени билмексен болуп калдым, сен куулансаң мен да кууланганды билем деп ойлодум. Сыртка чыгып күтүп жатам, күтүп жатам. Канчага чейин күтүш керек? Башым мына-мына экиге бөлүнгөнү турат. Чыдабай кетип чалгынга бардым, – ал дагы эле байлап койгонсуп ордунан жылбай олтурат. Мен ага сылык кайрылдым: “Апакебай, кечке эле ийик ийрип чарчадың го, бир аз басып эс алып албайсыңбы”. Ал өзүнүн маданиятсыздыгын көргөзүп “Мага ушул жерде жакшы” деп кагып салды.

Сага мындан дагы жакшыраак болуш үчүн эмне кылсам экен деп ойлоно баштадым. Аны эмне кылыш керек? Бул жерден өлсө да кетпесин билип турдум. Ийик-мийиги менен бир жерге көтөрүп барып таштайын десең, союп жаткандай бакырып чыгары бышык. Чыдабай кетип, бир жерине туура эмес тийип алсаң, кутулгус балээге кабылышың мүмкүн.  Мейли, олтура тур деп ойлодум. Отурган ордуңан жылбай калсаң эмне, карыган мастан. –  Степан сөөмөйүн кезеп койду. – Такыр айлам кеткенде, кантип эле мен эле болсом бир нерсе ойлоп таппай калайын деп ойлодум, мындай болбойт. Жөн эле багынып бермек белем? Мага ушунусу эле жетпей жатты эле...

Мен короодон күрөктү алып Иванга жөнөдүм. Сен билесиң да, биз баракта жашайт эмеспизби, бир башында биз, экинчи башында Ивандар турушат. Подвалдарыбыз да жанаша, ортосун болбогон эле бир жука дубал бөлүп турат, былтыр эле урап кетчүдөй болуп калганда эки тактай менен бекиткенбиз. Иванга ортодогу дубалды карап көрөйүн дедим эле деген шылтоо менен кирип кеттим. Аякта эмне, – бир эки күрөк алганда тешик даяр болду. Сойлоп кирип карадым, мына мен жете албай жаткан бир банке дары. Закүскө деген каалашыңча. Мага башка эмне керек?  Тыңшасам кайын энем баягы жерде жылбай бышылдап олтурат. Отура бер, жок дегенде эч кимди киргизбей кайтарып турганга жара деп ойлоп койдум. Шашкан жокмун. –  Степан көздөрүн көңүлдүү жымыңдатып койду. –  Качан мен: “Өрөөндөрдү, адырларды аралап...”—деп ырдай баштаганда ал аз жерден жинди болуп кете жаздады. Отурган ордунан ыргып туруп, ийигин шарактатып жок болду.

Илья каткырып алды да, Степанды жылмая карап, андан түшүнбөй калгандыктан эмес, өзүнө жана Степанга жертөлөгө кирген учур тартуулаган жагымдуу кезди узарткысы келгендей суроо узатты:

– Ошол жерден эле ичтиңби?

– Ошол жерден, ошол жерден, – Ильянын көңүлүн ачканына кубанган Михаил Степандан мурда жооп берди. Мунун ойлоп таппаганы жок. Ал үстүндө жылбай кайтарып олтурат, а бул курттай болуп дубалды тешип, жертөлөдөн жертөлөгө кирип жүргөнүн карабайсыңбы. Мына ошону үчүн мен Степанды аябай сыйлайм да.

– А эмне үчүн ырдадың, ырдабай эле жыргап аягына чейин ичип жата бербейт белең?

– Жөн эле. Степан өзүнө ыраазы болгондой мылжыйып күлүп.

Ал канча жылдан бери жашап жүрүп, жертөлөдөн чыккан ырды уга элек эмеспи, угуп алсын дедим. Маданиятсыз адам. Ушуну сага айтып коеюн дедим.

– Кылбаганыңар жок экен да, — бир чети таң кала, бир чети булардын жашоосуна ичи күйгөндөй башын чайкады Илья.

– Эмнеси болсо да жашаш керек да. Ушинтип жашап жатабыз. Кээде ошентип алаксыбасак да болбойт тура.

– Анан жертөлөдөн чыкканда кайын энең эмне деди?

– Эмне демек эле. Андан кийин эмне дегени мага баары бир да.

– Аялыңчы?

– А аялыма Илья, муздак кандуулук менен мамиле кылам. Ага аркы-беркиге кириштире койбойм. Анын акылы ордунда, түн уйкудан ойготсоң да өзүнүн ордун билет. Эркек деген эркек да, анын айтканы аялы үчүн мыйзам болгону жакшы. Степан дагы эле болсо жанатан бери козголо түшкөн делебесин баса албай турду. –  Албетте, ал таптакыр эле мени менен иши жок деп калп айта албайм. Бөтөнчө өзүң билгендей, ичкенден кийин. Кээде ал өзүнүн оюн көзүмө эле, көзүмдү ача албай жатсам кулагыма ачык эле, болгондо да “Колуңду көтөр!” деген сыяктуу, катуу айтмайы бар. Ага деле эркек катары айтар жообум бар, куру сөздөргө убакыт кетирбей ага түшүнүктүү тилде түшүндүрүп коём, андан кийин кайра баары ордуна келип калат.

– Жок, Степан, – ар сөзүн таптап айтып, Михаил аны менен макул эмес экендигин билдирди. Катын деген катындан тышкары аял да. Аны сабаган болбойт. Сенин катыныңбы, же менин катынымбы меники менен сеникинен тышкары, ал өкмөткө да тиешелүү айым. Ал сотко бериши мүмкүн.

– А мен сага сабадым деп айттымбы, – деп тыржыйып койду Степан. –  Сен Михаил, туура эмес түшүнүп алдың. Уруп эмне кереги бар? Сабаган деген – акыркы чара. Атуу сыяктуу. Эгер катының сени түшүнүп турса, мен дагы аны түшүнөм. Мен деле таш доорунан келген жокмун, мен деле мамлекеттин адамымын. Аялым экөөбүз деле биздин мамлекеттин эл каттоосундабыз.

– Сен муну аябай туура айттың. Мунуңа толук кошулам. Михаил, экөөбүздүн катындарыбыз мамлекеттик деңгээлден алганда алар – аялдар. Ал жөнүндө мага айтпай эле койсоң болот. Менин деле бир аз болсо да билимим бар, гезит-журналдарды окуйм.

– Сенин окууруңду жакшы билем, Степан, окуйсуң.

– Мен үч гезитке жазылгам, –деди Степан Ильяга карап. Илья унчукпай башын ийкеп койду. Тигинин узун сөзү аны тажата баштагандай.

– Бир кичинекей гезит райондуку, эки чоң гезит борбордон, бирөө “Правда”. Калтырбай окуйм. Кээ бирлер жазыларын жазылып алышат да, ачып окушпайт, чарбасында кагаз керек болсо колдонушат. А мен башынан аягына чейин окуп бүтмөйүн эч кимге тийгизбейм. “Правда” күндө чыгат, мен баары бир калтырбай окуйм, эл аралык жана ички жаңылыктарды окуп, кай жерде эмне болуп жатканын, кайда бийлик алмашып, кай жерде иш таштоолор болуп жатканын дайыма билем.

– Сен туура айтасың – Михаил сөзгө аралашканга аракет кылды. –  Төңкөрүштөр болот, иш таштоолор. Мен дагы билем. Биздин өлкөбүздө катындар, катындан тышкары алар айымдар. Катын деп айтканга да болбойт. Аларга бул сөккөн сыяктуу, сый-ла-бас-тык катары угулушу мүмкүн.  Өзүнө оор келген сөздөрдү муунга бөлүп, улам токтоп айтып, аягына чейин туура айтканына көзү жеткенде кошумчалап койду. –  Сен, Степан, башка өлкөлөр менен чаташтырба, биз экөөбүз биздин өлкөдө жашайбыз.

– А мен башка өлкөдө экенбиз деп жатпаймынбы.

– Жок, жок, Степан чаташтырба.

Степан Михаилди карай башын жаңсап: болду, Михаил даяр болуп калды, эмне сүйлөгөнүн билбей калды дегенсип Ильяга акырын көз кысып койду. Михаилдин башы уламдан-улам ылдый салаңдап олтуруп, тизесине жөлөнүп калды. Степан ага жооп берген жок, – ага бир мүнөтчө эле унчукпай коюу жетиштүү болчу, кулагына эч үн угулбаган соң ал тынчып калмак, аны мүшөктөй кылып төшөккө оодарып салып экөө эч тоскоолсуз отурушун улантышмак. Степан эңкейип жарым-жартылай ичилген бөтөлкөнү ичиндегиси аман-эсен ордунда турабы, жокпу дегенсип, үңүлө карады. Ким билсин, – түрдүү курт-кумурска сыяктуу немелер жүрүшпөйбү, ичип кетиши мүмкүн да. Ал ачылган бөтөлкөнү түгөтпөй ичкенди жактырчу эмес, ага бул бир жырткычты катуу жарадар кылып, өлтүрбөй кыйнап таштап койгон менен барабар болчу; өлтүрөйүн деп чечтиңби, өлтүр. Созо берүүнүн кажети жок. Ал Ильянын көз карашын кармап, ага бечара бөтөлкөнү кыйнаганды токтотпойлубу деп ишарат кылмакчы болду эле, бирок ал карабай койду.

Илья деле ичкен арагы менен дайынсыз сөздөрдөн чарчап, жыгылчудай болуп араң турган. Бирок Михаилге караганда өзүн жоготпой кармап жатты. Ичпей токтотуп койчу бактылуу көз ирмемди эбак эле өткөзүп жиберген, ага эми өкүнгөндөн пайда жок эле. Башка эмне кылат? Билишсе үйрөтүшсүн эмне кылыш керектигин.

 Степан келе электе Илья апасын көргөнү барган, – ал уктап жатыптыр, анын киргенин билген жок, балким, көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан болуп акырын карап жаткандыр, Степан аны менен сүйлөшүүгө туура келбегенине сүйүнүп кетти, анткени эмне айтарын билген эмес; ал ойлонбой сандырактап сүйлөгүдөй өтө деле мас эмес эле. Арактын ага алы жетпей, бирок ага эртеңки күнү көрсөтчү азабына күч топтоп камданып жаткан сыяктанат. Степан келгенде көңүлү көтөрүлө түшкөн, эми болсо биринчи жолугушуудан козголо түшкөн делебеси басаңдап, жанатадан берки алгачкы суроолор берилип, жооптор угулуп, бирок эскерүүлөргө жете элек болгондуктан деми бир аз сууй түшкөн эле. Ал кайрадан өзүн чарчаңкы сезип, тегерегинде болуп жаткан нерселерге көңүл кош болуп, бул адамдар менен, анын ичинде Степан менен да көптөн бери олтуруп, бири-биринен тажаган немедей сезип турган. Ал көзүн ирмесе эле уйкуга кетчүдөй, шалдырап араң чыдап олтурду, бирок Михаилдин уктап калганын аны бир аз чыйралтты. Ал эки бир тууганды тең кулатып салдым деп ойлобосун деп Степандан арданды, ошондуктан ал өзүн бекем кармап сыр берген жок.

Түштөн кийин капталдан тийген күн мончонун кичинекей терезесин таап алды, мончонун ичи ысып, демди кыстыктыра баштады. А эшикти ачкылары келген жок, эч кимдин – тооктун да, иттин да, кишилердин да киришин каалашпады. Ошондуктан чыдоого туура келди. Степан тердеп чыкты, Ильянын жалтыраган такыр башында да шүүдүрүм сыяктуу тамчылар пайда болду, бир гана Михаилге мээ кайнаткан ысыкпы же сөөккө жеткен суукпу баары бир болчу. Степан Михаил менен болгон аңгемесин эстеп таарынган немедей кобурап койду:

– Чынын айтканда, айымдар катын экенин унутуп бара жатышат. Аны менен киного эле барбайсың да, аны менен жашаш керек. Жашоодо мага катын көбүрөөк керек. Ал бардык ишти өзү бүтүрөт, эрим качан жумуштан келип бир чака суу алып келип берет деп күтүп олтурбайт. Ал баарын өзү жасай алат, бардык нерсе колунан келет. Чыдамкай да болушат, майда-чүйдө нерселерге баш оорутуп да жүрбөйт. Үй-бүлөдө көп эле нерселер боло берет, сөзсүз эле ошонун баарын айылдын баары, эгерде шаарда болсо шаардын баары билиш керекпи? “Мен аялмын, мен айыммын”, – деп туурап койду. Анын эркек эмес экенин баары эле көрүп турушат да я? А дегенде сени колго көтөрүп жүрүш үчүн бирдеме кыл, анан айт көтөр деп. Сен деле мендей эле кишисиң, болгону жынысың бөлөк, биздин айырмабыз адамдын денесинде жүргөн битке деле жакшы белгилүү, ургаачыбыз деп милдет кылбай эле коюшсун. Албетте , биз аларсыз жашай албасыбыз белгилүү дечи, жашоонун мыйзамы ошондой. Алар эмне бизсиз жашай алышабы? Илья сен кандай деп ойлойсуң?  Аларга бизсиз таптакыр эле жашай алышпайт, алардын жаратылышы ошондой. Андан тышкары эркектин катындан башка да жумуштары толтура, алардыкы жокко эсе десең да болот.

– Бул туура, ооба, ошондой, – деп кыска жооп берди Илья. Аялга эркек көбүрөөк керек деген ой ага аябай жакты, ал анын көңүлүн бир топ көтөрдү, жүзүндө эч ким биле элек бир жашыруун ишти ийгиликтүү бүтүрүп койгонсуп тыңсынган жылмаюу пайда болду. Степан эркинен тышкарыбы же атайылап элеби, көз карашын бөтөлкөгө буруп, жана өзү айтып жаткан эркектердин жумуштарынын негизгисинин бири, ушул арак ичүү экенин эскерткиси келди.

– Өткөн жылы шаарга бардым, – деп улантты ал сөзүн. –  Ал жердеги айымбыз дегендерди көрбөдүмбү. Чын, ал жерден бир да катын көрө албай койдум, көзгө толумдуу бири да жок. Жакында аларды байыркы замандагы мамонттору сыяктуу издеп таппай калабыз го. Алар келе жатканда эле алардын турпатынан бала тууган, чарбасын камчы салдырбай бүтүргөн катын экендиги көрүнөт, көргөндө көзүң сүйүнөт. А тиги айымдарың, бөтөнчө жаштары бардыгы бир заводдон чыккан куурчактардай чыкчыйышып, бири-биринен айырмалай албайсың. Аларды эне туубай эле, фабрикадан чыгарышкандай...

– ГОСТ менен чыгаргандай, – деп кошумчалап койду Илья.

– Кандай дейсиң?

– ГОСТ менен дейм, мамлекеттик стандарт боюнча.

– Туура, так ошону менен. Болгону бирөөнү жакшыраак жасаган, бирин анча эмес, башка айырмасы жок. Анан мактанышып басышкандарын кантейин: карагылачы, мен кандаймын. Буттарымды көргүлө, мына оң бутум, мына бул болсо сол бутум дешип, башкалардыкы бут эмей эле балдак тагып алышкансып. Менин көчүгүмдү көрүп алгыла, – биякка-тиякка, биякка-тиякка, көрчү, кандай көркөмдүү, – аларың  адамга бул бөлүгү эмне үчүн берилгендигин билишпегендей. Көчүк дегенди катыш керек, алар көйрөңдөнөбүз деп жатышып таптакыр чечинип, жылаңач жүрүшкөнгө да даяр. Чачымды карагылачы, көзүмдү көргүлөчү: мен силерди тиктесем да көрбөйм, а силер мени карагыла, суктангыла. Алардын жашоодогу максаттары, демек, элге көрүнүш керек, эл жок жерде кантип жашап жүрүшкөнүн билбейм. Эч нерсе боло электе: ой менин нервим, нерв системам деп жатып калышат. Анын колдору да нерв, буттары да нерв, жанагы бут өсүп чыгып жаткан жери да нерв. Жалаң эле нерв. Мен төрт күн бажамдыкында жашадым, аныкы да ошол сыяктуу айымдардан экен. Бир нерсе жакпай калдыбы, дароо эле ооруканага жөнөйт. Мен алардыкында жүргөндө күндө эртең менен барып жатты. “Эмнең ооруп жатат?” – деп кызыгып көрдүм. “Нерв системасынын бузулушунан” дейт. А тактап айтканда эмнең ооруп жатат? –десем, “Жалпы жонунан абалым начар, силер аны түшүнбөйсүңөр” – дейт. Мен кайдан түшүнөйүн... аныкы эч кандай алы кеткендик эмес, алсыздык. Кыларга иши жок, обу жоктонуп, өз билгенин кылып жатканын көрүп турам. Мына айымдар кандай болот. Кеп анын айым же айым эместигинде деле эмес, кеп анын эч нерсе жасай албаганында, бир да жумуш кыла алышпайт. Жакында төрөгөндү да унутушат го. Билбейм...Степан башын чайкап койду. – А эгер согуш чыгып калсачы? Анда андай айымдардан пайда болобу? Жашын төгүп жатып өлүп тынышабы? Мурдагы согушта жеңиштин жарымы катындардыкы болчу. А азыр катындар калбай бара жатат. Айтсаң Илья.

– Эмнени айтмак элем, сеники туура.

– Мына бул айтып жатпайбы – Степан үч бүктөлүп жаткан Михаилге башын жаңсады – аларды катындар деп айтпаш керек деп жатпайбы, бул алардын намысын козгойт имиш, орой, одоно угулат экен. Мунун эмнеси орой? Бул сөз эмне үчүн жаман? Мени карапайым эркексиң десе мен эмне үчүн арданбайм? Мага тескерисинче кишисиң десе жаман угулат, мен тим эле үй-чарбасында карапайым эркектин ишин аткара албай кала тургансып. Карапайым эркекминби, демек карапайым эркекмин – мага башка эмненин кереги бар? Катындар деле ошондой. Таарынгандарын кара! Мына силердин энеңер – Анна жеңе, өмүр бою катындардын ишин кылды, ал эч кимге таарынган жок катын деп айтты деп. Ошондой катын болуп алышсынчы кыйын болушса. Ал жөнүндө бир да адам жаман айта албайт, айтканга да акысы жок. Аны жаман дешке оозуң да барбайт. Степан чакап калгансып көз ирмемге сүйлөбөй токтой калды, башына капыстан сонун ой келди:

 Кел Илья, силердин энеңер үчүн ичели, – ал тапкан акылына мергенчи аткан огу таамай тийип, асмандан кулап келе жаткан паранданы көргөндө кандай кубанса, ал да дал ошондой кубанып жатты.

 Кел Илья, силердин энеңер үчүн алалы. Анна жеңе үчүн ичпей кою күнөө болот.

– Бул аябай эле туура – күтүүсүздөн Михаилдин үнү чыкты. Михаил башын тизесинен өйдө көтөрүп, адис мергенчидей таамай мээлеген көз караш менен ортодо турган бөтөлкөгө кадала карады да, милдеттүү жасай турган ишин жаса деп буйрук беришин күттү.

– Апа үч-чүн сөз-сүз ичиш керек, – деп, сөздү ырастады ал. –  Куй, Илья.

– Биз сени уктап жаткан го дегенбиз, – деди аны карап калган Степан.

– Мен балким уктап жаткандырмын, бирок апам үчүн уктап жатсам да ичем. Мына ушундай Степан. Биз апам үчүн ичебиз деп алганбыз, Ильядан сурасаң айтып берет. Михаил чайпалып жатып, кыркырап күлүп койду. –  А биз унутуп коюптурбуз. Степан сен туура эстеттиң. Абдан туура. А биз унутуптурбуз. Унуттук, ошо менен иш бүттү. Бизден эмнени сурайсың?  Жөн эле ичип олтурабыз, ким үчүн ичээрге кишибиз жоктон бетер. Бул бизден кеткен жаңылыштык болду. Биз анын тирүүлүгүнө  ичебиз деп ойлогон эмеспиз. Илья айттар.

– Болду эми, аны токтот! –  деп анын сөзүн бөлдү Илья. Михаил токтой калып, Ильяны жаман көзү менен жүлжүйүп карап алып жай сүйлөдү:

– Эгер жетишет десең, жетишет. Жакпай калдымбы.

– Апаңар аябай жакшы киши, – деп кошулду Степан, Михаилди алаксытып.

– Өлгөн жок, – эми көңүлсүз жана мактанып атканы же даттанып жатканы билинбей түшүнүксүз сүйлөдү Михаил. Тирүү. Мага ишенбесеңер өзүңөр барып көргүлө. Ал стаканга колун сунганда, аны жыгылып калат деп чочуп кеткен Степан өзүнүн стаканын бере коюп, өзүнө тооккананын үстүндөгү куюлган аракты алды.

– Апам үчүн калтырбай алабыз! –  деп талап кыла сүйлөгөн Михаил адатынча биринчи алып жиберип, стаканды Ильяны карай тоголотуп жиберди. Илья аны алып коюп, Степан экөө унчукпай кагыштырып, алып жиберишти.

– Сен кичинекей болчусуң, унутуп калышың мүмкүн, – деп Степан Михаилге кайрылды. Михаил аны уккан жок, ал олтурган жашигинде кайрадан үч бүктөлүп калган болчу. Степан Ильяга бурулду.

 Илья, эсиңдеби, апаңар мына бул Михаил үчүн кандай өч алганын? Кантип унутуп калмак элең? Эсиңде болуш керек. Денис Агаповский, тиги дүйнөдө жазасын алгыр, силердин Минькаңарды колхоздун буурчагына барган жеринен көрүп калып, далысына туз менен атпады беле. Эсиңдеби, Денис, ошол айбан, ошондо корукчу эмес беле. Анан Минька ага кабылып калып жатпайбы, кашайып. Жонунан тамтык жок оюлуп, карагандан коркосуң. Апаң да жөн жаткан жок, эки жезке туз дүрмөттөп алып, түз эле Дениске барып кош ооз мылтыкты тигиге такап туруп удаа-удаа бастырган экен, анан ал туздалган көчүгү менен же олтура албай, же жата албай көпкө чейин азабын жеген. Эсиңдеби?

– Эсимде, ооба, ошондой, – деп жылмайды Илья. – Аны соттоп жибере жаздаган, эптеп жатып басышкан.

– Мен болсом аларга сотту көрсөтмөкмүн! Денис үчүн соттошмок да ээ! Ошол эле жетпей жатты эле.

– Эмнени эле кобурап жатасыңар? – деди Михаил тигилердин сүйлөшкөндөрүн угуп, андан көрө ырдагыла!

– Оңой менен жыгылбайт экенсиң, Миша, – деп таң калды Степан. –  Кайсы ырды ырдайлы? Балким, аюулар көчүгү менен жердин огуна сөйкөнгөнү жөнүндөгү ырдыбы. Жакшы ыр. Так экөөбүз жөнүндө чыгарышкандай.

– Жо-ок – деди Михаил. Башкасын. Орус эл ырынан. Ал башын салмактата көтөрүп, созуп кирди:

– Бизге куюп беришсе болду, токтолбостон ичмекпиз...

Аңгыча башы ылдый шылк дей түшүп тизесине тийди. Михаил боздоп барып токтоду:

– Бизге куйбай коюшту, анда нени ичебиз...

– Муну кара, эмнеге ишарат кылып жатканын – Степан мыйыгынан жылмайды. Михаил ошол эле сөздөрдү кайра кайталап жаткан, ал ырдын башка сөздөрүн билбейт деле окшойт, анан бирөө сүйрөп жаткызгансып, жашиктен төшөктүн үстүнө жылбышып барып жатып калды. Илья менен Степан аны жыргап карап жатышты. Степан Ильяга карады:

– Чын эле ырдабайлыбы.

– Кел, ырдаса ырдайлы, атасынын көрү, эс алганга жараша музыка менен эс алалы. Акыркы ичкен арак аны чечкиндүүлүгүн арттырып, көздөрү жалжылдап жылт-жулт эткен учкундар пайда болду.

– Бирок азыр радиодон ырдап жүрүшкөн ырларды ырдабайбыз, –деди Степан. –  Мен ал ырларды жактырбайм. Алар кандайдыр бир... алар ырдап жатканда, кандай десем, бирөө жаш баланы ойнотуп жаткансып, кытыгыңды келтирет. Балдар ырдашкан бир ыр бар эле го: – “А ким укса бул ырды, билип алсын, ал жинди”—деген. Бул ырлар да ошондой. Кел өзүбүздүн жан-дүйнөңдү козгогон ырлардан ырдайлы.

– Балким, сенин сүйүктүү ырыңды ырдасакпы?

– Кайсынысын?

– Жанагы, жертөлөдө ырдаганыңчы. Степан күлүп жиберди.

– А эмнеси бар экен, ошондон баштаса да болот. Степандын колунун жаңсоосу менен алардын  “Өрөөндөрдү, адырларды аралап...”деген ынтымактуу чыккан кыркырак аралашкан коңур үндөрү жаңырды.

9

Бир энесинен башкалары Татьянаны күтүшкөн жок. Келгиси келсе эмдигиче келмек, Америкада жашабайт да, Америкадан деле үч күндө жетип келмек. Көп болсо колум бошобой калды, үйдө жок болуп, кабарды кеч алдым, – деген сыяктуу ар кандай шылтоолор жазылган кат келет болуш керек. Кызык, энесинин өлүү-тирүүсүн билбей туруп, апасы жөнүндө эмне деп сурап жазар экен? Баары бир бирдеме деп сураш керек да, анан эмне, туугандарынын ал-ахыбалын сурап, аларга жалындуу саламын жазып, апасы жөнүндө бир ооз да сурабай коймок беле. Бирок бул анын көйгөйү, келгенди каалабаса, абалдан өзү билгендей чыга берсин. Ага дагы эмне болушу мүмкүн? Албетте , билбей-көрбөй аны жаман көрө берген да болбойт. Азырынча ушу белгилүү: ал бул жерде жок, кабар эмес ал жөнүндө шыбыш да жок.

Кемпир гана аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Ал терезеден угулган ар бир дабышка кулак төшөп, каалга ачылган сайын кыймылдабай тыңшай калат. Ал кызынын оюнкарак мүнөзү бар экени эсинде жок болсо да, ага Таньчорасы үйгө келгенде акырын жыла басып келип аны байкатпай басып калчудай сезилди, ошондуктан ал анын жашырынып кирип келгенин көрбөй калбайын деп эшиктен көзүн албай карап жатты.

Кудайга шүгүр, азырынча кемпирдин көзү жакшы болчу, ошентсе да бир жерди кайра-кайра тиктей бергенден улам, суюлуп бүтүп бара жаткан кирпиктерине оор бир нерсе жабышып алгансып ылдый тартат. Бирок кемпир көзүн аяйын деген ниети жок, аяганда эми сайма саймак беле, тирмийип каалганы караганынан жазбайт. Таньчорасын бир көрүп алса арман жок эле, ага башка эч нерсенин кереги жок болчу. Көздөрү талып жаш ага баштаганда да аны толук жаппай улам бир көзүн жүлжүйтүп бир эле убакта эс алдырып да, көрүп да жатты. Зарыга күтүп, саргайткан убакыт канчалык көп өткөн сайын, күтүүгө ошончолук убакыт кыскарып бара жатты. Кемпир Таньчоранын келер күнү бүгүнкү күн менен аяктарын, бул ага берилген акыркы мөөнөт экендигин, эртеңден баштап экөөнүн жолу эки айрылышка түшөрүн жакшы түшүнүп турду. Эртеңки күнү эмне болорун кемпир билген жок, билгиси да келбейт: азырынча үмүтү үзүлгөн жок, ал Таньчорасы келгенге үлгүрөт, аны акыркы жолу көрүп калуу бактысынан ажыратпайт деп үмүттөнүп жана ишенип турду. Азыр келбесе анан келет, дагы да болсо убакыт бар, өзүңдү жей бербе, – келет, келбегенде каякка барат эле деп өзүн сооротот.

Түштөн бир топ ооп калган бир мезгилде эмнегедир кемпирдин жүрөгү туйлап, тез-тез сого баштады, ал аны Таньчорам жакындап калган экен деп жоруду. Кемпир боюн түзөп, жашара түшкөнсүдү, кызынын көзүнө алсыз, эч нерсеге жарабай калгандай көрүнгүсү келбей аны жок дегенде олтуруп тоскусу келди; ал кызы мына эми кирип келчүдөй карбаластап жатып, боюн токтото албай аз эле жерден керебеттен кулап кете да жаздады. Өзүн олдоксондугу үчүн жемелегенге да чамасы жетпей, ордуна оңдонуп жата албай жатып, жанталашып моюнун буруп, көзүн эшиктен ала албай жатты, курган кемпир. Чындап эле бирөөнүн келе жаткан дабышы угулуп, эшик пардоо кыймылдап, үйгө Варвара кирди. Үмүтү үзүлбөгөн кемпирдин оюна Варвара Таньчоранын келгенин айтканы келди го деген ой кеткен, бирок Варвара аны шылдың кылгансып айылда анын түшүн ким эмне деп жоруганын кобурап айта баштаса болобу. Ай, эми аны эмне кылып алмак элең, Варвара баягы эле Варвара да. Кемпир аны уккан жок, дагы эле эки кулагы эшик тарапта эле: мына кайрадан дабыш чыкты, бирөөнүн үнү чыккансыйт...мына-мына, эшикке жакындады... азыр... Бирок эч ким кирген жок.

Ал көпкө чейин маал-маалы менен өзүн жоготуп, өзүнүн ордуна Таньчоранын келер келбеси ага баары бирдей болгон башка бирөөнү жаткызышып кетишкенсип, сыртка кулак төшөгөнүн унута калып, – кайра эсине келип, мурдагыдан да сагыраак болууга тырышып жатты. Оозу-мурдуна чейин шоколадка шыбалып, чамбыл-ала болгон Нинка ары-бери кирип чыгып жаны тынбай жүгүрүүдө, үйдүн тактай полун оор салмагы менен кыйчылдата басып Варвара бир нерселерди кобурайт, кемпир алардын тынчтыкты бузуп, өзүнө керектүү үндү убагында угушуна тоскоол болуп жаткандарына жини келип жатты. Андан кийин тоодон Люся кайтып келди. Ал кемпирдин ал-жайын сурады эле, аны менен да көп сүйлөшкүсү келбей, анын тезирээк жанынан кетишин каалап турду. Люся да кудай жалгап көп кармалган жок, тез эле берки бөлмөгө чыгып, Михаилдин керебетине барып кыйшайды, – көп баспаган неменин буттары ооруп калса керек.

Кемпирдин бели ооруп, чыдап олтура албай калды, чарчап, башы ооруп кулактары чуулдап чыкты. Кубаныч менен кайгы ар дайым айттырбай келерин, күткөн нерсе оңой менен келбеси эсине түштү. Зарыгып күтүп, Таньчоранын кечигишине өзү себепкер болуп жатканын ойлоп, өзүн тилдеп алды. Жиндини кудайга жалын десе, жерди сүзгүлөп жатып чекесин томуйтат деген туура деп койду, ичинен. Таньчора ага байкатпай келип, анын кыймылдабай жатканын көргөндөн ал эмне болуп кетет эле? Андан кемпирдин бир жери кемип калбайт эле го. Балким, эмдигиче келип калмак, кемпир да сүйүктүү кызын көрүп санаасы тынмак. Шашылыштын кереги жок, баары бир боло турган нерсени сааты жетип, убагы келмейинче болтура албайсың. Эми аны айтканда эмне...Эч нерсе колуңдан келбегенден кийин жат да, жабышып. Ал тынч алып жатып калды. Эми ага оюна эч нерсе албай, бүткүл боюн бош таштап, алдыда боло турган кубанычты тосуп алышка даяр болушу гана керек эле.

Кемпир өзүнүн тилин алды да, жатып калды. Эми эч нерсе жөнүндө ойлонбосо, күтүүдөн жанынын ооруганынан ката калып, бүтүн денесин таштай жана жакынкы сүйүнүч үчүн өзүн аяй алагды болсо...  Ал керебетинде ыңгайланып өз салмагын сездирбегендей болушу үчүн оңдонуп жатты да, кайдадыр бир алыска билдирбей алып-учуп кете турган жагымдуу жымжырттыктын кучагына өзүн таштап жиберүүгө камданды.

Күн алигиче терезеден кете элек болчу, анын алтындай сары нурлары өтө жарык эмес болсо да, жылуу эле, кемпир ага кактанып, өзүн бирде билсе бирде билбей, өмүрүнүн акыркы күндөрүндө ага эмне керек экенин бирде түшүнсө, бирде түшүнө албай магдырай баштады. Ал эртеден бери канча жолу, көзү илинип, үргүлөп баратса да, эми азыр бөтөнчө, өзүнүн куш уйкуда жатканын түшүнүп турса да мүнөт сайын көзүн ачып ойгонууга даяр болчу; дүкүлдөп соккон жүрөгү эти жок, арык денесин солкулдатып, кароолдо турган; анын сезимтал кагышы кемпирдин катуу укташына жол бербей турган эле.

Ошондуктан, анын жанында Таньчора пайда болгондо, кемпир аны чын эле көрүп жатканына ишенген жок; анын акыл-эси ага анын көзү жумулуу экендигин, ага Таньчоранын чындап эле көрүнүшү мүмкүн эмес экендигин айтып турду. Бирок бул түш эмес болчу, анткени ал чындыгында уктаган эмес, ал уйку-соонун ортосунда жаткан, – бул жанатан берки курулай күтүүсү, анын чарчаган башын таштап кетип бара жатып, көз алдына тартып жаткан бир элес эле, андыктан кемпир ордунан козголгон жок.

Ошол эле көз байлаган күүгүмдүн ичинде жүргөнсүп, уйку-соонун ортосунда жаткан кемпир кайрадан Таньчора жөнүндө ойлоду да, анан бир нерсени түшүндү, – бул көз алдында пайда болгон Таньчорасынын жагымдуу элеси ага кайдандыр бир жактардан, аны жооткотуу үчүн келип жаткан экен. Анан ал Таньчоранын эмне үчүн кечигип жатканынын себебин издей баштап, аны да тапты. Бул жөнөкөй эле болчу.

Таньчора жалгыз эмес, күйөөсү менен чыкса керек, ага аны ээрчитип келиштин кереги жок эле. Анын күйөөсү аскер адамы, ал эми кудай аскер адамын көп жактыра бербейт, ал анын Таньчоранын эри экенин, ал кемпирди көргөнү шашып келе жатканын байкабай калса керек. Анан билип калып коё бергенде, баары бир кармалып, кеч болуп калды да, эч арга жок, эми аны түзөй албайсың. Бул жерде Таньчоранын күнөөсү жок, бардыгы анын күйөөсүнүн айынан. Эми алар жакындап калышты болуш керек.

Ал жеңилдей түштү, жан дүйнөсүн ныгыра басып турган оор жүктөн арылгандай, өйдө көтөрүлүп, башка үндөр оңой менен жетпеген бийиктикти көздөй дагы бир жолу серпилип алды.

Ал Таньчораны көрбөгөнүнө көп болгон, андан бери канча убакыт өттү, эсинде жок. Ал жылдарды саначу деле эмес, ага үч жыл өтөбү же беш же он жыл өтөбү баары бир болчу, анын энелик сезими менен өлчөгөн өзүнүн убакыт ченеми боло турган: үйдө баарынан көпкө чейин болбогон Таньчора эле. Ал келип кеткенден кийин Люся келген, андан кийин Түндүктөн Илья келип бир көрүнүп кеткен, а Варвараны койчу, ал ай сайын келип кетет, а Таньчора ошондон бери бир да басып келген жок. Бир жолу күйөөсүн башка жакка которуп жатканын, ал жакка бара жатканда айылга жакын эле жерден өтүшөрүн, ошондо сөзсүз кайрыла кетишерин жазган эле. Кемпир анда тың басып жүргөн убагы, кызы келет дегенде ушул убакка чейин көзүн көрө элек күйөө баласын татыктуу тосуп алуу үчүн далбалактап камдана баштаган. Күн сайын таң эрте туруп алып, короосун шыпырып, үйүн тазалап жууп, тамак-ашын камдады. Надяга дүкөндөн эки бөтөлкө вино алдырып, Михаилден жашырып көпкө чейин башына жаздап уктап жүрдү. Кийин аны баары бир Михаилге беришке туура келди, анткени Таньчора ошол боюнча келбей калган. Анын күйөөсүн чынында эле которуптур, бирок мурда белгилеген жакка эмес, азыркы иштеп жаткан Киевке жиберишиптир. Дагы бир жолу анын күйөөсүн Киевден чет өлкөлөрдүн бирине котормокчу болуп жатышканын, ал жакка кетээрдин алдында ага эмгек өргүүсүн беришерин, ошондо келип кетишерин жазган эле. Бирок бул жолу аны эч жакка которбой, Киевде калтырышыптыр, эмгек өргүүсүн да бербей коюшуптур. Кемпир Таньчораны кайрадан көрбөй калганына өкүнсө да, алардын тили бөлөк чоочун өлкөгө барбай калышканына сүйүнгөн.

Ушуга чейин күндөр ушинтип уланып жаткан.

Таньчора көп деле жазчу эмес, бирок анын каттары кемпирдин өзүнүн колуна тийчү. Ошол кызы эле катты анын атына жазар эле, четтери кызыл-көк тилкелер менен кооздолгон конвертти сыймыктануу менен  колуна алып, кубанычы коюнуна батпай, кудуңдап Таньчорасы эмне деп жазганын билүүгө куштарланып, бирок конвертти дароо ачпай, аны айлантып, тегерентип, күндүн жарыгына салып, басылган мөөрүн, тартылган сүрөттөрүн  шашпай карап чыкчу да, анан барып конвертти айрып албай акырын чапталган жерин сыйрып алып, эки бүктөлгөн баракты сууруп алчу. Ал окуй алчу эмес, анда эмне жазылганын жан-дүйнөсү менен сезгиси келгенсип, эртеден кечке чейин окубай көтөрүп жүрө берчү, анан аны окуй турган учур да келип жетчү; ал аны Надяга, анан Михаилге, сырттан бирөө кирип калса ага да кайталатып окута берер эле, ал бир эле катты ар ким ар кандай окуп салат деп коркчу. Анан бардыгынын окугандары сөзмө-сөз туура чыкканда эс алып калчу да, кубанычын түшүндө Таньчора менен сүйлөшүп узарткысы келгенсип, катты башына жаздап уйкуга кетчү.

Люся менен Ильядан келген каттардын кемпирге анчалык таасири жок болчу. Алардан келген каттарды окутса бир жолу окутуп укчу, болбосо бирөө окуп, эмне жөнүндө жазгандарын бир-эки сөз менен айтып берчү. Кемпир ошол укканына ыраазы болуп олтургандан башка аргасы жок болчу. Ал катта жазылгандардын бардыгын ага толук айтып беришпегендерин сезчү. Аны алар айткылары келбегендиктен эмес, жөн гана унутуп коюшкандарынан, демек, кемпирге айтчу маанилүү деле кабар жок болгондуктан ошентишет да деп ойлочу. Люся адатта энеме жакшылап көз салгыла деп талап коюп жазса, Илья дайым: – Апам эмне оокат кылып жүрөт? Же болбосо: – апамдын иштери кандай? – деген сыяктуу шашкалактап чиймелей салган кыска саптары менен чектелчү. Люсядан кээде узун жазылган каттар да келип калчу, көбүнчө мындай каттар Люся бир топко чейин кабарсыз жоголуп кеткенден кийин келчү. Ал каттарында энесине карата айтылган: “Апама айтып койгула, дары канча жашка чыкса да жардам берет”— бул кемпирдин карылыкка эч дары жок – дегенине жообу катары болсо, – же болбосо “Апамды жылуу кийинткиле”—деп энеси кышында жайкы кийимдерди кийип жүрсө болбосун билбечүдөн бетер жазган саптары каттын басымдуу бөлүгүн ээлөөчү. Илья жок дегенде андай көрсөтмөлөрдү бергенден алыс эле. Кемпирге мындай нерселердин кереги жок болчу, ага алардын кандай жашап жатышкандары, алардын суукта үшүбөй эмне кийим кийип жүрүшкөндөрү, же уй, же чочко багышпаса, жок дегенде тоок кармашпаса эмне жеп, эмне ичип жүрүшкөндөрүн билиши керек эле; кемпир шаардыктардын ачка жүрүшпөгөнүнө көзү жетип турса да, баары бир үйлөрүндө кармаган чарбасы жок кантип жашап жүрүшкөнүн түшүнө алчу эмес. Люся менен Илья өздөрү жөнүндө аз жазышкандыктан, кемпир Надяны бир нерсени окубай таштап кеткендей көрүп, өзүнүн суроолору менен тажата баштачу, а Надя катта жазылбаган нерселерге эмне деп жооп берерин билбей кызыктай абалда калар эле: чынында эле өзү билбегенден кийин ал эмне деп жооп бермек? Анан эмне, бир жылда бир алакандай кат жазган Ильянын атынан бирдемелерди ойлоп таап айтсынбы? Илья менен Люсянын каттарын кемпирге окуп бериш Надя үчүн өзүнчө эле бир азап. Михаил болсо энесинин эмне деп жазыптыр деген суроолоруна: жөн эле... башка эч нерсе деле жок, – деп, тетир бурулуп басып кетчү. Кайра эле Надя кемпир менен жалгыз калчу.

Таньчоранын каттары деле кемчиликсиз эмес эле, бирок кемпирдин ага болгон мамилеси таптакыр башка болгондуктан аны кечирип койчу. Анын каттары кемпирдин бир өзүнө арналып жазылчу: Таньчора ал үчүн жазганга олтуруп, ал үчүн жазчу, ал каттар жолдон жоголуп кетпес үчүн Таньчора анын атын өзүнүн сулуу кол жазмасы менен келиштире жазып, маанилүү мөөр бастырып жиберчү. Таньчора айтайын дегенин бирөөлөр аркылуу эмес, кемпирдин өзүнө, ал маңдайында олтургансып, түз кайрылып айтчу, ал “апама айткыла” деп жазчу эмес, ал: “менин апам” деп жазар эле, “менин апам” деген эркелеп-эркелетип айткан сөздү укканда кемпирдин эт жүрөгү элжиреп, эзилип кете жаздачу, бул сөздөрдөн анын денесине муздак ийне тийгенсип дүүлүгө түшкөнүн сезчү.

Кемпир Таньчора үйдө жүргөндө бул сөздөрдү айтканы эсинде жок – жок, ал аны унуткан жок, ал анын антип айтканын мурда уккан эмес: мындай сөздү таптакыр акыл-эсин жоготкон эне да унутмак эмес. Демек, ал сөздү ал ошол чоочун жерде жүргөндө тапты; кемпир ээрдин кыймылдатып ага кайрылган “менин апам!” деген сөздү кайталай кобуранып, ушул сөздөн ушунчалык жетимсиреп, куса болуп, кыйналып-кысталган кызынын абалын жүрөгүнүн толтосу менен сезип, үнүн чыгарбай ыйлап алар эле да, анан бир аздан кийин эсине келе калгансып, эмнеге ыйлап жатам деп, бул көз жашынын пайда болгон себебин таба албай ойлонуп отуруп калчу. Кызын сагынып ыйлоо бул башка эле, ал эми кызынын белгисиз тагдырына санаркап, үмүтсүздүккө берилүүдөн чыккан көз жаштын даамы аябагандай ачуу болчу. Үмүт – кудайдан, анткени үмүт тартынчаак, уялчаак, ак көңүл, ал эми санааркап коркуу шайтандан, ошондуктан ал жабышып кетпеген одоно-орой нерсе деп ойлочу кемпир, – анда эмне үчүн шайтандын жетегинде болушум керек? Же анын кандай экенин, ким экендигин билбейминби?

Бул ойлорунан кийин кемпир жеңилдей түшчү да, эриндерин кыймылдатып ошол эле сөздү кайталап айтканда, эми Таньчоранын назик үнүнө толгон эркелетүүсүн гана уга баштачу. Анан бул сөздөр кемпирдин оозу менен эмес, Таньчоранын өзү келип сүйлөп жаткансып, анын үнү жакындан жана даана чыгып барып, кайрадан акырындап барып жок болуп кетчү. Бирок кемпирдин көңүлү бул сыйкырдуу күч-кубатка ээ сөздөрдөн улам, көпкө чейин көтөрүңкү жүрөр эле; ал бир топко чейин өзүн эң чоң күнөө кылган кишидей чын дили менен тилдеп, анын жазгандарын туура эмес кабыл алган караңгылыгы үчүн кызынын караанына жалынып, андан кечирим сурай турган.

Таньчоранын эжелерине караганда көбүрөөк эркелетип өстүргөнүн өзүнөн артык ким билсин. Кемпир Люся менен Варвара жөнүндө эч жаман сөз айта албайт эле, – алардын бир дагы жаман иштерге барганын уккан да, көргөн да эмес, бирок Таньчорасын баары бир тигилерден жакшы көрчү. Канткен менен Таньчорасы анын көкүрөк күчүгү эле, ошондуктан ага көбүрөөк көңүл бөлчү, анын үстүнө анын артында эркелетер майда балдар жок болгондуктан, аны өзүнөн алыстаткысы келчү эмес. Ага чейин бири тамталаңдап жаңы баса баштаганда экинчиси төрөлүп, улуусуна көңүл бурулбай кала турган, ыйлайбы, жыгылабы, эптеп курсагын тойгузуп койсо томполоңдошуп өздөрү менен өздөрү болуп жүрө беришчү, аларсыз эле кичинекейин караганга чамасы араң жетчү. Таньчоранын артынан кубалап шаштырган эч ким жок болгондуктан, ал энесин этегине эрмешип, жанынан чыкпай жармашып апыке, апыке деп жүрүп чоңойду. “Апыке” – ага муну ким үйрөттү болду экен дейм да? Айылда энесин минтип чакыргандар деле жок болчу – балким, сырттан келген бирөөлөрдөн угуп калганбы же түшүндө бирөө үйрөтүп кетти бекен? Кийин чоңойгондо башкалардай эле апа дегенге өттү, Бирок эстей калганда “апыкелеп” жармаша калып, күлүп калар эле. Аны кубаламыш болгону менен анын кылыгы кемпирдин көңүлүнө төп келчү. А эми болсо “Менин апам!” “Апыкеден” кийин бул сөздөн тынчы кете тургандай кемпирдин эмне себеби бар дейсиң? Сарсанаага батардан мурда бир аз ойлонуш керек эле да.

Бирок Таньчоранын балдарынын эң кенжеси болгону эч нерсени чечпейт болчу. Кенжелерден да ар түрдүү адамдар чыгат. Канчалык мээрим төгүп, бүт өмүрүңдү арнасаң да, эмгегиңди баалабай, чычкан богунча да көрбөй, далысын салып кеткендер азбы? Турмушта ар кандай адамдар болот эмеспи. Бирок Таньчоранын мүнөзү башынан эле энесине жакын болчу. Мүнөз жөнүндө айтса аны даана тарткан Люся, – намыскөй, айткан-дегенин бербеген көк эле, анын бул мүнөзү үйдөгү үчөөнүкүнө татычу. Кыз кезинде эле бир нерсеге ачуусу келсе үч күн эч ким менен сүйлөшпөй тултуюп жүрөр эле, эч нерсе менен жибите алчуу эмессиң. Азыр анын ал мүнөзү калдыбы, кемпир билчү эмес, – балким, эмдигиче кагылып-согулуп, ал мүнөзү жумшаргандыр, турмуш деген бардык нерсеге үйрөтөт эмеспи. Терс кыял менен жашоо оор экенин билими бар да, эбак эле түшүнгөнсүйт, анысы көрүнүп эле турбайбы. Өзүнөн сурагысы келген жок, сурасаң – “жакшы” – деп койсо – каалаганыңдай түшүнө бер. Баары ошентип кутулушат, бир гана Варвара май-көлдүн ичинде, эч кайгы билбей жашаса деле арыз муңун айта берери бышык. Кудайга тобо, карабайсыңбы бир карында эле жатышкан, жатындаш бир туугандардын кыялдарынын бири-бирине таптакыр окшошпогондорун. Варвара кыз кезинен эле бирде Люсяга, бирде балдарга таарынып, ал тургай чымын конуп кетсе да даттанып бырылдап ыйлап жүрөр эле. Былжырап жүүнү бош болуп өстү, ушу күнгө чейин жүүнү бош боюнча жүрөт кургур, ыргыткан таштын баары анын башына тиет, ал баарына жем болгонго даяр.

Таньчора эжелеринин бирине да окшошчу эмес. Ал экөөнүн ортосунда өзүнүн жумшак, көңүлдүү жана адамгерчиликтүү мүнөзү менен өзгөчөлөнүп турчу; ал бат таарынып, кайра бат эле жазылып кетчү, бирөөгө капаланса, анысын тез эле эсинен чыгарчу, ал эми кокус ыйлап калса... ошондойлор жөнүндө “бир тамчы жашы жерге түшкүчө экинчиси кургап калат” деп айтышса керек. Ал элдин арасында жүргөндү жакшы көрчү, карысыбы, жашыбы ага баары бир эле, эч тартынбай алар менен тамашалашып сүйлөшчү, аны менен бирге болуу бардыгына бирдей жагымдуу эле. Жаштардын оюну Таньчорасыз өтчү эмес; ал үйдө кармалып кечигип калса, кыздар аны издеп келип ээрчитип кетишчү, ал алардын үстүнөн үстөмдүк кылганы үчүн эмес, тескерисинче, ал жок болгондо аларга көңүлсүз болчу, жигиттердин тийишкендерине эч кимиси татыктуу жооп таба алышпай калышканда, ал биринен-бири өткөн жоопторду катыра берип, жигиттердин оозун жап кылчу, же болбосо сельсоветтин короосундагы жаткан устунда отурушкан жеринен акырын көрүнбөй бөлүнүп кетип бара жаткан кыз-жигитке карай башын ийкеп, көз кысып койгону эле жаштардын дуулдаган күлкүсүн жаратып, тынч уйкуда жаткан айылдын тынчтыгын бузуп жиберер эле. Баштала элек жатып өчүп, устундун тегерегиндеги чөпкө чалынып, андан алыс кете албаган ырларды эмес, күчтүү үндөр коштоп айылдын бул башынан тиги башына чейин кубанычка же кайгыга салып, жаңыртып турган ырларды анысыз эч ким баштай алчу эмес.

Апасына ал мындай дечү: “Кел, апа, башыңды бери кыл”, апасы анын ак чач баскан башынын кычышкан жерлерин маки менен сыдыртканды жакшы көрөрүн билер эле, кээ бир кемпирлер эле билбесе, баштын кычышкан жерлерин кычуусун кандыра сыдырганды Таньчорадай эч ким жасай алчу эмес, ал кычышкан жерди адашпай таап, бир тал чачка зыян кылбастан ишин бүтүрчү. Кыздарынын ичинен муну Таньчорадан башкалары жасаганы болгон жок. Ал макиси менен чачтын арасын аралатып, “Сен азаматсың апа” – деп көтөрө чалып мактай кетчү. “Сен чын эле айтып жатасыңбы?” – деп таңданымыш болуп койчу апасы. “Сен мени төрөдүң, ошон үчүн мен жашап жүрөм, сен жок болсоң мени ким төрөйт эле. Жарык дүйнөгө келбей калмакмын!” Таньчора күлүп-жайнап, анын чачынан назик сылап өрүп берчү. “Койчу нары! Бирдемелерди эле келжиреп сүйлөй бересиң, эмне сүйлөгөнүңдү өзүң да билбейсиң” – деп, калп таарынымыш болчу кемпир. “Эмне үчүн билбейм, билем эле. Сен чынында эле азаматсың, сен баарынан жакшысың. Айтсаң биз, сенин балдарың жакшыбызбы?” “Жаман деп айтпайм, кудайга шүгүр”. “Көрдүңбү, сен жакшы болгон үчүн биздей жакшы балдарды төрөп, чоңойтуп жатасың, сендей аял бул дүйнөдө жок. Ушуну билип ал. Биз сенин балдарың болгон үчүн бактылуубуз. Биздикиндей эне кимде бар экен? Мына ошондой”. Кемпир эмне деп жооп айтаарды билбей туруп калчу, айылда мындай назик сөздөрдү эч ким угуза айтчу эмес. Анын балдарын андан башка бирөө төрөй албасы белгилүү дечи, эмне аны сөзсүз эле кыйкырып айтыш керекпи? Анын кимге кереги бар эле? Энеси чочулап Таньчоранын тизесине башын жөлөчү. “Сен баарынан узак жашайсың, анткени сен баарынан жакшысың, биз сени эч кимге бербейбиз, карытпайбыз”. –  “Көп келжирей бербечи, акмагым!” – дечү кемпир Таньчораны тыйып. “Мен келжиреген жерим жок, чын эле сен жок болсоң биз кантип жашайбыз, элестете да албайм”. Кемпир мындай жан-дүйнөсүн кытыгылаган жылуу сөздөрдөн көздөрүнө жаш тегерене түшчү, ал шашкалактап тура калып: “Болду ай, бүгүнкүгө жетишет. Биз минтип эркелешип олтурабыз, а иштин баары калды”.

Кемпирди мындай сөздөр чочулатчу, бирок бул дайыма эле боло берчү эмес, болгону бир-эки жолу болду. Бирок бул колуктунун биринчи түнкү чочулоосундай, жагымдуу, адамды жоошуткан чочулоо эле. Энеси ал сөздөрдү капыстан угуп, эстей калган сыяктуу жүрөгүнөн өткөзүп алар эле, а чындыгында ал сөздөр керек учурда жан-дүйнөсүн жылытууга эс-тутумунун тереңинде катылуу турчу. Чынында эле – мындай сөздөргө кандай эне кайдыгер кала алат?  Ар дайым ага жылуу, назик мамиле жасап, теңтушу сыяктуу, ар бир эле кыз энесине айтып бербеген ичиндеги сырын жашырбай айтып берчү Таньчорасына энеси ишенбей коё алат беле?  Ал эмес күйөөгө тиерде да ал кат аркылуу энесинин батасын сураган болчу, канчалык ичи ачышып турса дагы, ал кимге тийип жатканын көрүп-билбей туруп батасын берген, батасын бербей коюшка батына алган эмес.

Мына ошол Таньчорасы кеткен боюнча бир кайрылып келген жок.

Акыркы кездерде буга кызын эмес өзүн күнөөлөчү болгон. Ал өзүнүн күнөөсү кайсы экенин деле түшүнчү эмес, өзү эмес, акылы да жетпеген алыс жердеги кызына баргандай алы жок эле, бирок ал башка нерсени жакшы түшүнчү: энесине өзүнүн кызына мынчалык көп убакытка чейин бир барбай коюуга болбойт эле, бул элдин алдында ыңгайсыз болсо, кызынын алдында уят болчу. Анан ушунчалык көпкө чейин ажырашуунун азап-тозогун дың этпей кандай эне көтөрө алат эле, демек, ал мээримсиз мерез эне экени жалганбы? Таньчорага жолугуш үчүн ал эмне аракет жасады? Күткөндөн башка эч нерсеге жараган жок. Жок дегенде ойлонгон да жок. Ойлонгондо эмнени ойлош керек эле? Оо кудай, жок дегенде бирөө акыл айтса боло.

Люсяга кемпирдин санаасы тынч болчу, ал анын эч кимге жемин жедирбесине ишенчү, ал ошондой адам; а Варвараны тескерисинче ким болбосун таарынтып салышы мүмкүн, бирок ал жакын жерде, көз алдында болчу; Илья – ал эч кимге кор болбойт, Таньчорасы эле, жүрөгүнүн толтосунан үзүп ыргытып алган бир кесим эт сыяктуу, кемпирдин жанын кейитип, күнү-түнү эсинен чыкчу эмес. Кудайым, ай, аны жок дегенде жылчык аркылуу болсо да шыкаалап, анын кандай абалда экенин, чоочун жерде, чоочун элде энеси жок эмне күндү көрүп, эмне кылып жашап жүргөнүн бир көрсөтүп койсо, арманым болбос эле. Сүйлөшпөсө да жүзүнөн эле көп нерселерди билип алмак, ошондо кемпир кызынын жашоосуна кубанарын же ал үчүн кудайга жалынарын билмек. Мына ошон үчүн да Таньчораны өлөр алдында бир көз ирмемге болсо да көрүп калса, ага барып бир жолуга албаган күнөөсүнөн арылып, кудайдын алдына таза барып: мына, мен, Анна кудайдын кулумун, өзүңдүн алдыңа жүзүм жарык келдим демек.

Бирок бүгүн акыркы мөөнөт болчу: эгерде, түн киргенче Таньчора келбесе, демек, үмүттүн үзө берсе болот. Таньчоранын сөзсүз келерине ишенип, бир аз гана чыдаш керек экендигин, ага уламдан-улам жакындашына тоскоол болуу кереги жоктугун ойлоп, жеңилдене түшкөн кемпир үргүлөп, уйкуга кетти, – адегенде уктап жатканын эсинен чыгарбай, шыбырт эткен үнгө кулак төшөп, уйкусу сак эле, бара-бара дайыма боло жүргөндөй эле, өзүн колдон чыгарып жиберип, керебетке бош капты таштап коюп, өзүн таппай калды. Анын кайда кетип, эмне кылып жүргөнүн бир да жан билбейт эле.

Аны бул абалдан алыстан, кайдан чыкканы белгисиз бирөөлөрдүн түшүнүксүз бир нерселерди сүйлөшүп жаткан үндөрү кайырып алды. Анын угуу сезими биринчи козголду, бирок анысы да алсыз болчу, түшүнүксүз, бирөө сууга таш ыргытып жибергенсиген булдураган үндү эшитти. Кемпир баягыдай эмес эле, оорубай соо жүргөн кезинде ойгонор замат ордунан ыргып туруп кетчү, эми болсо минтип кулагы, көздөрү, акыл-эси, деги койчу, денесинин ар бир бөлүгү бири-биринен ажырап ар жерде калып, өз кызматтарын унутуп коюшкандай, аларды чогултуп, ордунан козголуш үчүн эле оңбогондой күч керек болуп жатпайбы, караң калгырдыкы.

Ал көзүн ачып, бирок дароо көрө алган жок: бөлмөгө терезеден күңүрт жарык түшүп турган, бирок караңгы түн өзүнүн милдетин аткарууга белсенип кирише баштаган болчу. Караңгыны жарып чыккан Люсянын басыңкы чыккан үнү даана угулду:

– Уялбайсыңарбы? Апам араң жан болуп жатат, силер эмне жиндисиңерби! Кемпир дароо түшүнгөн жок, ал Михаилдин үстөлдү жазданып жатканын, ар жагында олтурган Ильяны көзү чалды, ал Люсяга бир нерсе деп жооп берүүгө даярданып калыптыр, кемпир көрүп, түшүнө электен мурда уулдарынын уу кошулган каймакка түшүп алышып тырмалаңдап чыга албай жатышкан чымындар сыяктуу, арактан чыга албай жатышканын сезди.

Кемпирдин бут жагында демин болушунча чыгарып, Варвара катуу үшкүрдү. Люся ага көрүнгөн жок, анын үнү оң жактагы икона илинген бурчта турган тумбочка тараптан чыгып жатты. Ушул жерден капыстан кемпирди коркунуч ээлеп алды. Керебетинде түйүлө түшүп, кыйкырып жиберди, анын үнүнөн бирөөгө берилген суроо эмес, анын жанына келишин талап кылып чакырган ачуу кыйкырык байкалды:

– Таньчора!

Кемпирди эңкейип карардан мурда Варвара үн катты:

– Апабыз ойгонду.

– Таньчора! –  деп кыйкырды кемпир кайрадан, акыркы демине чейин чыгарып.

– Ал дагы эле келе элек, апа. –  Аңгыча электр жандыргычтын үнү чыгып, бөлмөнүн ичи жарыкка толуп чыкты. Люся кемпирдин түшүнбөй калганын көрүп, кайра кайталады: – Таньчора келе элек апа.

Алар алакандары менен жарыкты тосушуп, көздөрүн жүлжүйтүп алышкан. Кемпирге алар андан жашынып жатышкандай көрүндү, анткени чындыкты айтышпай жатышат, ал аларга ишенген жок; башын чайкап, мына-мына ыйлап жиберчүдөй жалооруп тигилерди айланта бир карап алып, тоонун чокусуна жетип, аягын шилтешке алы калбай солуп жыгылган немедей шалдырай түштү, анын мындай аянычтуу көз карашына Люся гана туруштук бере алды.

Таньчора бул жерде жок эле, кемпир аны көзүн ачканда эле түшүнүш керек болчу: Таньчора келсе таптакыр башкача сүйлөшмөк. Уйкусу ачыла элек экен да. Ал өзүнө да, тигилерге да ишенбей дагы эле башын чайкап жатты – башы жаздыкта кайыр сураган ачка кыздын башындай титиретип, Таньчорасына арнаган мээриминин бир тамчысы да сыртка чыга албай, көкүрөгүн ныгырып келип, колкосуна тура калган катуу сезим, демин кысып бара жатты. Арткы бетин караңгы түн каптаган терезе, күзгү сымал электр жарыгын чагылыштырып, сырттан кирген бир тамчы да жарык жок. Кемпир чыканагына таянып алдыга жүткүнүп, керебеттен кулап кала жаздап барып токтоду, чыдамы кетип, аянычтуу үнү менен жалбарып жиберди:

– Кайда? Ал Кайда? Ал, жоопту кимден күтөрүн билбей, тигилердин ар бирин көз жазымынан чыгарбай, көздөрүн чоң ачып, кыймылдабай тыңшап калды.

– Кайда экенин билсек айтмакпыз да, сенден анын эмнесин жашырмак элек, – деди Люся жайбаракат – Түшүнсөң, өзүбүз эч нерсе билбейбиз.

 Кудай урсун, апа, биз аны көргөн жокпуз – деди Варвара, ишенимдүү болуш үчүн колун көкүрөгүнө коюп.

– Келет, – деди Илья ишенимдүү, ал сөздүн нугу Михаил экөөнөн башка жакка бурулганына сүйүнүп кеткен эле. –  Келет, бүгүн келбесе эртең келет, ооба, ошондой.

 – Кечээ деле ушинтип айтпадыңар беле, анан кана?

– Аны биз айта албайбыз, Келгенде кайда жүргөнүн өзү айтып берет.

– А кечээ деле ушинтип айтпадыңар беле, кана анан? – деп кайталады кемпир жөөлүп жаткандай, ал өзүнүн эмне деп сүйлөп жатканын билген жок, берген суроосуна жооп ала албаган соң, кайрадан өзүн күнөөлөй кетти. Кайра-кайра сурай бергенде эмне? Сурап эмне кылам? Эми ал жакшы билет: болду, ал келбейт. Күткөндөн пайда жок. Таньчорасы келбей калды. Ага берилген мөөнөт аяктап баратат. Кызын көрбөй кала турган болду. Ал башын жаздыкка коюп ыйлап жиберди.

 – Мына – деп бурк этти Илья – Башталды.

 – Апаке! Апаке! –  Варвара кошо ыйлай баштады.

– Капыстан кемпирдин ички дүйнөсүндө бир нерсе кыска, онтоо сыяктуу үн чыгарып жарылып барып, үзүлүп кеткендей болду, анан ал үн күтүүсүздөн кыз кезинен бери эсинде сакталып келе жаткан чиркөөгө кечки сыйынууга чакырган коңгуроонун бири-бирине улай, жумшак чыккан үнүнө айланды. Кемпирдин ага тартылуусу ушунчалык күчтүү болгондуктан, ал каршылык кылуу тууралуу ойлогон да жок. Адегенде ал жакын эле жерден чыгып жаткан, бирок акырындап алыстап, тунук жана даана чыккан үнү менен аны бара турган жагынан адаштырбай кайдадыр бир жактарга ишенимдүү жетелеп жөнөдү. Ал бир аз мурда эле бир нерсеге капа болуп, бир чоң жоготууга учурагандай күйүп-бышып ыйлап жатканын элдир-селдир эстеди, а азыр ал капасын унутуп, коңгуроонун жагымдуу добушунун артынан ээрчип, бардыгы жакшы бүткөнүнө кубанып ыйлап жаткан.

Кемпир көзүнүн жашын капталдарында кыймылсыз жаткан колдору менен сүрткөн жок. Ачык турган көзүнөн тамган тунук тамчылар, бетинен ылдый жай тоголонот. Ал кыймылсыз жатып, үн чыгарбай ыйлап жаткан. Жаш чайыган бети эч нерсе болбогонсуп мостоюп, бир караган кишиге күлкүлүү көрүнөт. Кемпирде болуп жаткан нерселер бири-бирине караманча коошпой, ушунчалык үрөйдү учургандыктан энесинин жанында олтурган Варвара эсин жоготуп коё жаздады, – бакырып барып кемпирге эңкейип, анын ийининен жулкулдата баштады. Люся да ага жакын келди, карындаштарынын артында мойнун созуп Илья карап калды. Михаил обдулуп барып, тура албай ордуна кайра олтурду.

Кемпир онтолоп кирди. Люся Варвараны жулкуп тартып, анын карышка түшкөн колдорун кемпирдин ийининен араң чыгарды. Кемпир ага тийбе дегендей башын чайкамыш этти. Өзүн кармаганды билбеген Варвараны апасына жакындатпаштын амалын кылган Люся кемпирдин жанына барып олтурду, кемпир алаканы менен көзүнүн жашын сүртүп, кыздарынан дубалды көздөй жылып койду.

– Апа, сен биздин жүрөгүбүздү түшүрүп салдың да? – деди Илья кайрадан үстөлгө олтуруп жатып. –  Мен сага айттым го, ал бүгүн келбесе эртең келет, ооба, ошондой. Кичине күтүш керек.

– Ар кандай тоскоолдуктар чыкпай коймок беле, – деди Люся агасына кошулуп, ал өзүнүн айтканына ишенбей чекесин тырыштырып койду – Күтөбүз да, кайда шашып жаттык элек.

Кемпир алардын айтканын тыңшап жатканы менен, эч нерсе уккан жок; ал алардын ага көңүл үчүн айткан сөздөрүн, ким сүйлөп жатканын, кимдин үнү экенин бардыгын угуп жатты, бирок эмне жөнүндө сүйлөп жатышкандарын түшүнгөн жок. Ал сөздөр анын кулагынын сыртынан кетип жаткан. Ал бозоргон бош көздөрү менен алдын жалдырай тиктеп, ичи өрттөнүп бара жаткансып ысып чыкканын сезип турду, жана азырынча бул жерде алиге өлгөнгө үлгүрө элек үчүн эле жатканы эсинде эле. Анын бул жерде калышына эч бир себеп жок болчу. Эми ага ушул убакка чейин күтүү жана үмүт менен жашап келген жан-дүйнөсү, кайрадан тазарып, кемпирди жоготуулары менен кабыл алып, аны көргөн азап-тозогунан арылтып, наристедей таза кабыл алышын чыдап күтүүсү эле калган. Ал боло турган нерсе сөзсүз дал ошондой болорун билип турса да, көз ирмемде эле бошонуп кетишти каалаган жок, ансыз деле аны тагдыры жеткен чегине чейин кубалап келип, эми токтой турган учурга алып келип такаган эле.

Алар сүйлөй беришти, сүйлөй беришти, апасы алардын көңүл жубаткан сөздөрүн угуп жатат, ага баштагыдан жеңил болуп калды деп ойлошкон. Кемпир аларга жооп берген жок, бирок Таньчоранын атын уккан сайын, ал жактан, жалгыз калган жеринен улам-улам артка кайтып келип жатты. Аны электрдин жарыгы таң калтырды, бирок ал Таньчорасы келип жетишпей калган жарыкты, эми эч кандай электрдин күчү менен артка кайрый албай турган жарыкты эске салды. Ага кайрадан жүрөгүн мыкчыган сарсанаасы кайтып келди. Чымырканып көзүн ачты, мына балдары жанында турушат: Люся, Варвара, Илья, Михаил...Таньчорасы жок болчу. Анын болушу да мүмкүн эмес эле.

– А-га бир нер-се бол-со ке-рек, – ал бирөөнүн артынан бул сөздөрдү кайталап жаткансып көрүндү, кайталап алып, чочуп кетти. –  А-га бир нер-се бол-со ке-рек, – деп кайталады бул жолу ал катуу жана өкүм сүйлөп. Силер мага айтпай жашырып жатасыңар. Мен билем. Силер мени алдап жатасыңар.

– Сен эмне деп жатасың апа!? –  таң кала түшкөн Люся, таарынгандай керебеттен тура калды. –  Сени ким алдамак эле?! Биз эмнени жашырып жатыптырбыз?! Эмне деп алдап жибердик?!

– Алдап жатасыңар, алдап жатасыңар. Кемпир башын көтөрүп өйдө боло баштаганда, башынан жоолугу желкесине шыпырылып, саксайган суюк ак чачтары көрүндү.

– Мен билем, силер алдап жатасыңар. Менден бирдемени жашырып жатасыңар. Эртең, эртең дейсиңер, болду мындан кийин мага эртең деген жок. Силер мени таптакыр эле акылынан айнып калды деп ойлоп жатсаңар керек, эч нерсе түшүнбөйт дейсиңерби. Саксайган чачты, беттеринин титирегени чын эле аны жинди болуп калган немеге окшоштуруп турган.

– Таньчорага бирдеме болбосо биринчи ошол учуп жетмек. А мен аны кичинекей балага окшоп күтүп жатам, күтүп жатам...

– Койчу апа, токтотчу! –  үнүн катуу чыгарды Люся. –  Эмне айтып жатканыңды ойлосоң? Сени эч ким алдаган жок, алдайын деген оюбуз да жок. Биз сенин Таньчораң эмне кылып жүргөнүн кайдан билебиз?.. Люся бул сөздөрдү ушунчалык ишенимдүү жана бекем айткандыктан ага баш ийип укпай кою мүмкүн эмес болчу, баары унчукпай катып калышты: кемпир чочуп кеткендиктен ачылган оозу-башы титиреп, эриндери кымтыйын десе да кымтылбай бир паска далдырай түштү.

– Ага бирдеме болсо, көрүмдө да тынч жата албайм, – деди кемпир ыйламсырап.

 – Ага бирдеме болгонун, же болбогонун биз да билбейбиз.

Кемпир кайрадан жаздыгына башын койду. Жүзүнөн каны качып, барган сайын өң-алеттен кетип, кубара баштады. Тынчтыкты Варваранын кышылдап дем алганы гана бузуп турду.

 – Ал жашаган жерде согуш болду беле? – деп сурады кемпир Люсяны карап, бир нерседен чочулагансып төшөктө жаткан жеринде бүрүшүп кичирейип кеткенсиди. Ага Илья жооп берди:

 –Киевдеби? Киевди немистер алган, ооба, ошондой. Мен муну даана билем.

– Ошондой дейм да, – Деги ал кандай неме? Эмне ал элден уккан эмес беле? Аякка эмне барат дейм да? Бул деги кимди тартып калган? Өз башын кантип сыйыртмакка салып берет? Ойлобойбу?

– Токтой тур,  апа, – деди Илья анын сөзүн бөлүп. Сен эмне айдан түштүңбү? Согуштун бүткөнү качан?

– Баары бир да.

 – Эмне “баары бир”?

– Анан канакей? Ал эмне үчүн келбей жатат?

– Кайра эле “ал кайда”, апа кайра эле башынан түшө беребизби.

– Болду эми жетишет. –  Михаил үстөлдү алаканы менен бир муштап, теңселип өйдө турду. – Таньчораң келбейт, аны күтпөй эле кой. Мен ага келбей эле кой деп телеграмма уруп жибергем.

 Кемпир селт эте түштү. 

– Бул эмне деп жатат? – деди ал ишенбей.

– Телеграмма уруп жибергем деп жатпаймынбы. Ал келгенде эмне кылмак эле.

– Сен эмне кыл-ган-сың? – деди Варвара алаканын шак чаап.

– Кайсы убакта уруп жибердиң? –деди Люся таң кала.

– Апам ойгонгондо эле барып ургам.

– А эмне үчүн ушул убакытка чейин айткан жоксуң?

– Мас болуп жүрүп, эсимден чыгып кетиптир.

 – А сен телеграмма урганыңды даана билесиңби?

– Билем.

– Балким, мас болуп жүрүп түш көргөндүрсүң?

 – Жок, телеграмма  ургам, ишенбесеңер почтадан барып сурап алгыла. Азыр силер сүйлөшүп жатканда эсиме келе түштү.

– Көрдүңбү апа, Таньчораңа жаман эч нерсе болгон жок, – деп кубанып кетти Илья, ал аман-эсен жүрөт, бизге да ошону каалайт, ооба, ошондой. А сен өзүңдү кыйнаганың аз келгенсип, бизди да кыйнап жатасың. Айтпадым беле, шашпа деп, баары ордуна келет дегем. Дайыма ошондой. Негизгиси – шашпай, күтө билиш керек.

Кемпир анын айткандарын уккан жок.

– Бул чындап эле ушундай кылдыбы? – деп шыбырады ал, анын жүзүнөн бир убакта эле аргасы түгөнүү менен ишенбөөчүлүктүн, издерин көрсө болот эле. –  Чындап эле ал ушундай кылдыбы? –деди ал башын чайкап, Михаилге ишенер-ишенбесин билбей, андан Таньчорага эч кандай экинчи телеграмманы урбаганын мойнуна алышын сурангандай жалдырап жиберди.

– Сен чын эле ушундай кылдыңбы Михаил?

 – Чын элеби, чын элеби... Сен жакшы болуп калганда бекер эле чыгым болбосун дегем.

– Мен анын караанын бир көрүп калсам деп зарыгып күтүп жатпаймынбы. Сен чындап эле ушундай кылдыңбы? – ал ызага муунуп жөтөлүп жиберди. –  Ал менин жанымда бир аз олтурушун самагам. Анын үнүн уккум келген. Мен талаада жүргөн бирөө эмесмин, аны тууган энесимин. Мен аны менен коштошуп калайын деп жанымды оозума тиштеп, күтүп жатпаймынбы, мен мындан ары аны көрө албайм да. Сен деги кандай немесиң? Мага андан эч нерсенин кереги жок, белегинин да, башкасынын да кереги жок болчу, аны бир көрсөм, үнүн бир уксам дегем...Кемпир ыйлаган жок, бирок анын үнү мына эми ыйлап, токтобой боздоп жиберчүдөй аянычтуу чыгып жатты. –  А сен эмне кылдың? Сен менин акыркы кубанычымдан айырдың, акыркы үмүтүмдү үздүң. Өлүм алдында Таньчорасыз калтырдың. Мени аяган жоксуң. Мен аны күтүп, ушул күнгө чейин өлбөй жатканымды билбедиң.

– Чындап эле, Михаил эч кимибиз менен кеңешпей туруп баарын өзүм билемдикке салганга сага ким укук берди? – бул жолу Люся Михаилден жөн эле сураган жок, аны суракка ала баштады. Михаил бүрүшө түштү. –  Ал кезде сен соо эле эмес белең, өзүңдүн эмне кылып жатканыңа түшүнүшүң керек эле да.

– Уят-сыйытты билбейт турбайбы бул! –  деп ага кошулду Варвара.

Кыздарынын болушканы кемпирге дем берди, эми анын ачуусу келип чыкты.

 – Бул аны атайылап жасады, – деди ал жай, эмне айта тургандарын эстеп жаткансып, акырын жөлөнүп өйдө болуп олтурду. Анын жылаң баш башындагы чачтары саксайып, керебеттин темирин арык колдору менен мыжыга кармап алды. –  Сен муну атайын жасадың, мен билем. Менин жиниме тийгиң келди. Өлүм алдында жатканда өчүңдү алайын дедиң. Таньчораны пайдаланып, мени шылдың кылгың келди, туурабы?

– Кайдагы немени айтпачы апа, Мен эмнеге атайыламак элем – дагы эмнени ойлоп таптың?!

– Атайлап жасадың, Атайладың. –  Кемпир күйүгүп сүйлөй албай, колдорун көкүрөгүнө алып ушалап койду. –  Сен мени унчукпай калат дедиңби? Мындан кийин менин корко турган эч нерсем жок. Ал менин өлүмүмдү эчактан бери күтүп жүрөт, мен буга ашка жүк, башка жүк болдум. Менин буга эмне пайдам бар? Колумдан эч нерсе келбей суналып жатам, – ошон үчүн менден кутулуштун амалын кылып, түрдүү кылыктарын көрсөтөт.

– Ой, апа, эмнени ойлоп таап жатасың, – Михаил керебетти көздөй бир кадам таштап токтоп калды, анткени Варвара кыйкырып жиберген эле:

– Жакындаба! Жакындаба деп жатам! Мунун кыйынын кантейин. Жолобо!

 – Ойлоп таап жатамынбы? – деди кемпир Михаилди талашка чакырып. Ал бөлмөнүн ортосунда ыргалып турган.

– А мени кантип коркутканыңды билесиңби?

– Эч нерсе билбейм, эсимде жок.

 – Бир жолу мас болуп келип: “Жатасыңбы апа?”—деди.

– Жатам, өлүмүмдү күтүп, – дедим мен. Ал мага:

– А сен билесиңби, биздин өлкөдө  азыр жетимиш жаштан эле жашашат, андан ашык жашаганга болбойт.

– Кантип болбойт экен? – өлүм келмейинче бул жашоодон ким кубалап чыкмак.

– Мурда жашашкан, а азыр болбойт, гезиттен окудум.

 – Бул биздин өлкөдөгү орточо жашоону айтып жатса керек – деп болжолдоду Люся.

 – Ал кандай?

– Кантип түшүндүрсөм... Апа Ар ким кудай берген жашты жашайт. Туурабы? Бирөө аз, бирөө көбүрөөк. Аларды карап эсептеп көрсө биздин өлкөбүздө орточо көрсөткүч жетимиш жаш болуп чыккан. Мына сен токсонго чыгасың дейли... 

– Мага сенин токсонуңдун кереги жок – ага чыкканча качан?

– Мен мисал катары айтып жатам. Экөөбүзгө бөлсөк жетимиш жаштан болуп чыгат. А биздин өлкөбүздө жалпы көрсөткүчүбүз жетимиш жаш. Сен мени түшүнүп жатасыңбы?

– Түшүндүм, сенчилеп айтып берсе түшүнбөй эмне болуптурмун, анда силерге арызданып айтпайт элем да. А мен Мирониханын жанын койгон жокмун. Мен ага Михаилден укканымды айттым. Ал мага коркпо деп койгон менен ал менден да жаман корккону билинип турду. Коркту, аябай коркту, – бир нерселерди кобурашып титиреп коркуп олтурдук. Мен ага:

– Мага караганда бутуң соо эмеспи, тиги Егоршага барып окутуп кел, ал бул гезиттерди башына жаздап коюп окуйт деп уккам – дедим.

Ал барыптыр. Оңбогон Егорша оң жооп бермек беле? Ал ага мындай дептир:

 – Мирониха, сен дүкөндө кара самын жок экенин билесиңби?

– Ооба, чынында эле жок, билем.

– Көрдүңбү, мындан кийин болот. Жетимиштен ашкан кемпирлерди этке өткөзүп, алардан самын чыгарыш керек, антпесе кирдин баары жуулбай калды, –деген буйрук чыкты, дептир. Ага Мирониха айтыптыр:

– Егорша, сен менин мээмди тегеретпе, мен сенин Натальяң эмесмин.

Ал аны ого бетер коркутуптур:

– Ишенбесең, ишенбе, жакында өзүң көрөсүң. Ключтагы кемпирлерди кечээ чогултуп кетишиптир, жакында бизге да жетип калышат.

Көрдүңөрбү, эмнени ойлоп тапканын. Мына, ошонун баарын жашырып жүрөм, эч кимге айтпай. Мирониха экөөбүздүн кокконубузду сурабагыла, ал үйүнө кеткенден коркуп жатты. Кимдин эле ажалынан мурда өлгүсү келсин. Биздин деле кудайыбыз бар го.

 –Кылгандарын карачы, эмнени гана ойлоп табышпайт! –  деп алаканын жайып бышактады Варвара: – Апабызды шылдың кылганын карабайсыңбы, – бул дүйнөдө деги эмне болуп бара жатат.

– Качан мен ошентип айттым эле апа? – Михаил темтеңдеп, чекесинен чыга түшкөн терин алаканы менен аарчыды. Ал теңселип араң турган. Башы айланып, кускусу келип жатканы көрүнүп турду. Кечээки, бүгүнкү ичкени улам оозуна чейин келип окшутуп, ал аны күч менен кайра жутуп жаткан. Белин бүкүрөйтүп, бир бутунан бир бутуна оодарылып, ортодо турду, ал жөлөнүп олтурган үстөлдөн өзү туруп келгенин же аны бул жерге сүйрөп чыгарышканын эстей албай койду. Энеси арбак сыяктуу көз алдында бир көрүнүп бир көрүнбөй калып жатты, ал анын жылаң баш, чачтарын саксайтып жүргөнүн ушул убакка чейин бир да жолу көрбөптүр, ал андан коркуп турду, Бирок эжелеринин бири көзүнө чалдыкканда, бөлмө өз калыбына келгендей катый түшүп, энеси керебеттин үстүндө пайда болуп, кайра эле бир аздан кийин өйдө көтөрүлүп, абага аралашып кеткенсип көрүнбөй жок болуп кетип турду, бөлмөнүн бурчтары кычырап, азыр урап түшүп басып калчудай тегеренип жатты. Бирок кемпирдин айткандары аны ушунчалык таң калтыргандыктан, Варвараны бир карап алып, анан энесине кайрылды:

– Апа, качан мен ошентип айттым эле?

– Бул качан айтканын да билбейт. Айтты да унутуп калды. А мен жинди болуп кала жаздадым.

– Кудай урсун, эсимде жок.

– Бул эмне кылганың Михаил? Люся эркелетип жаткансып жай баштады да, анан капыстан үнүн катуу чыгарып уруша баштады:

– Бул эмне деген айбандык! Ушунчалык да чектен чыгасыңбы? Бул кылганыңды эмне деп айтаарымды да билбей турам. Оюңа келгенди жасай бересиңби?! Сага аны шылдың кылганга ким укук берди! Ким? Апа, эмне үчүн ушу убакка чейин чыдап айтпай жүрөсүң?  Сени эмне коргоп алар эч кимиң жок беле? Ал жалгыз балаңбы? А мен силер жакшы жашап жүрүшөт деп ойлоп көңүлүм жай жүрбөймүнбү.

– Апа, уксаң мени, апа – деп Варвара бир жагынан чыкты, Люся туура айтат. Мунун кутурганын кара! Бул мага эч кимдин алы жетпейт деп жүрсө керек? Андай болбойт, болбойт андай, берекем. Сенден кыйындар да болушкан. Көргөнбүз, андайлардын далайын.

– Анын мындай кылыктарына чыдап жүрө бербей айтсаң болмок да. Сени шылдың кылганга эч кимге, болгондо да өзүңдүн каныңдан чыккан балага жол бермек эмеспиз. Ал сени баккысы келбесе эле багылбай калмак белең.

 – А эмнеси бар экен? Балким аны бирөөң алып кетээрсиң?!  Кана, кимиң алып кетесиң? Уйду кошо берем. Кана кимиң аласыңар? Ал кемпирди карай колун сунуп, ачуу жылмайды. Кана айтпайсыңарбы? Уйду берем. Кимиңер апамды жакшы көрөсүңөр? Алып кеткиле. Эмне ойлонуп калдыңар?  Мен шүмшүкмүн, силер жакшысыңар. Ал Люсяга бурулду:

– Сенби? Алып кетесиңби энеңди? Аны сен багасыңбы? Уйду сатсаң көп акча болот. Апама көптүн деле кереги жок, көрдүңбү жеп деле жарытпайт. Уйдун акчасы жетмек тургай ашып калат. Ага сенин акыйкаттыгың керек.  Сен биздин баарыбыздан чынчылсың, акыйкатсың, баарын билесиң. Апамдын көңүлүн сен эле таба аласың. Алдына ак шейшеп салып, китеп окуп бересиң. Алып кет, башкалары алып кете электе, эмне карап турасың?!

– Сага жин тийдиби? – деди Люся. –  Сен даана жинди турбайсыңбы! Кайдан-жайдан Надя кирип келип Михаилге кыйкырды:

– Токтот! Болду токтот! Элге шерменде болбо! Бар сыртка чыгып кет!

Ал аны түртүп жиберди:

– Сен эле жетишпей жаттың эле.

– Аны укпай эле койгула, укпагыла! –  деди Надя – анын айкандарын көңүлүңөргө албагыла.

Михаил кайрадан каткырып күлдү, кыйнап турган баш оорусун унута түшүп, көңүлү көтөрүлүп, бийлеп да жиберди:

– Мен жинди болуптурмун –баары түшүнүктүү. Апама жинди менен калганга болбойт. Балким, сен алып кетерсиң? – деп Варварадан көңүлдүү сурады ал. –  Сага уй ашыкча болбойт. Сенин чоң үй-бүлөңдө апам зерикпейт. Сеникинде анын көңүлү тынч болот, апасына кыздарыныкында болгону жакшы, кыздар биз сыяктуу арак ичип келип тынчын албайт. Эмне макулсуңбу? Эмне жооп бербейсиң?

– Мен алып эле кетмекмин, үйүбүз тар. Сонька да кайра дагы төрөгөнү турат.

– Үйдө орун жок дейсиңби, Уйду кайда багарыңды билбейсиңби?

–Жок, уйду бадага кошсо деле болмок.

–Уйду бага аласың, а энеңе орун табалбайсың да ээ? Энеңди бадага кошо албайсың да. Беш-алты жылдан кийин бул келет да – ал Люсяны көргөздү, – чектен чыгып кетиптирсиң деп айтат. А мен ага кошулам. Ооба, мен апамды бадага кошконго жол бербейм. Мага да ал адамдай жашаганы керек. Ал Ильяга карады.

– А Илья сен буга эмне дейсиң? Балким, апамды сен алып кетип жүрбө? Аялыңа алып барып берсең, бапестеп багып алат. Антпесе, баарыңар жумушта жүрөсүңөр, аны менен сүйлөшкөнгө киши жок. А биздин апабыз, өзүң көрүп турасың, аз сүйлөйт, аялыңа жагат. Менден кийин эс алып алсын. Алып кетесиңби?

– Сен ашыкча ичип алдың Михаил –деди, кыжаалат боло түшкөн Илья – эмне деп  жатканыңды өзүң билбейсиң, ооба, ошондой. Эртең сүйлөшөлүк.

– Сен эмне, азыр апамды ордунан козгогонго болбосун түшүнбөйсүңбү? – деп бакырды Люся.

– Демек, эч кимиңер алып кеткиңер жок экен да? – ал ордунан тегеренип, тигилерди жаман көзү менен бир сыйра карап өттү. –  Эч кимиңер каалабайт экенсиңер да? Уйдун да эч кимге кереги жок турбайбы?  Түшүнүктүү. Ал чоң дем алып алды да ызырынып кирди:

– Анда эмесе, билесиңерби, кайда бараарыңарды...Мага тигиндей, мындай деп акыл үйрөтүп, итче арсылдаганыңарды уруп да койбойм. А апа сен, унчукпай жат да уктай бер. Жаткан жериңде жөн жата бер. Алар сени бул жерде жаткан кезде жакшы көрүшөт. Түшүнүш керек да. Ал сыртка чыгып кетти. Баары, сүйлөбөй жымжырт болуп олтуруп калышты. Тынчтыкты кемпирдин жалынып-жалбарган үнү бузду

– Оо, кудайым, мени алып кете көр, ажалыңды жөнөт, мен даярмын.

10

Кемпир ушул түндөн  калбай өлүүнү чечти. Эми анын бул дүйнөдө кылар иши калган жок, ошондуктан өлүмүн ары жылдырыштын кажети жок болчу. Андан көрө балдар бул жерде турушканда эл катары көөмп кетишкени жакшы, кайра-кайра келип убара болушканда эмне. Ошондо Таньчора да келип кетер, Михаил айла жок дагы бир телеграмма жиберет да. Баары бир көрүшө албай калганын түшүнгөн кемпир, Таньчора жөнүндө баштагыдай күйүп-бышпай, жөн гана ойлоп койду. Жөн эле үмүттөнүп, башкаларды да, өзүн да кыйнаган экен. Эмдигиче жаны жай алып, – бул дүйнөдө болгонун, жашаганын, баардыгын унутуп, бардык түйшүктөн кутулуп калмак. Албетте, Таньчорасын көрүп өлсө армансыз кетмек. Болору болгон соң, жаныңды кыйнап, уулантыштын кереги жок, аны тазартып кетишти ойлош керек. Бара турган жерге кылчактабай барганы жакшы. Убакыт жетти. Кемпир керебетинде үйдөгүлөрдүн тынчышын күтүп жатты, анткени ал ажал көп адамдар жүргөн жерден коркуп качарын жакшы билчү. Алар бүгүн Михаил салган чуудан кийин тез эле жатып алышты, бирок тыбырчылап, улам үшкүрүнүп уктай албай жатышкандай.

Анын айткандарын тез эле ойдон чыгарып, унутуп салуу мүмкүн эмес эле, – аны унутуу бул электр жарыгы сыяктуу өчүрүп күйгүзгөн баскычы бар неме эмес эле да. Кааласаң басып өчүрүп караңгыда кал, кааласаң дагы бир жолу басып күйгүзүп жарыкта олтур дегендей. Балким, Нинка эле уктап жатса керек, бирок ал дагы уктап жатып бир нерсени соруп жаткансып оозун чопулдатып алды, же оозундагы момпосуюн жутпай жатып алганбы же күндүз аны көп жеп, тилин таттууга чылап алып, эми ошону соруп жатабы, ким билсин.

Кемпир өлүм жөнүндө көп ойлончу, аны өзүн билгендей эле жакшы билчү. Акыркы жылдары ал аны менен жакшы курбу болуп алган, аны менен көп сүйлөшчү, ажалы болсо четте, анын шыбырын түшүнүү менен тыңшап, үшкүрүп олтурчу. Алар кемпирдин жанын түн ичинде, бардыгы уктап жатканда алмак болуп келишим кылышкан: ал адегенде ажалды ачык калган жансыз көздөрү менен чочутуп албас үчүн, кадимкидей эле уйкуга кетет, андан кийин тигил акырын келип андан бул дүйнөнүн кыска уйкусун алып, ага түбөлүктүү тынчтык тартуулайт.

Бардык эле адамдарга бир эле ажал, – сөөктөрүн шалдыратып, чалгы көтөргөн каардуу кемпир келет деген туура эмес. Муну бирөөлөр балдар менен жиндилерди коркутуш үчүн чыгарышкан. Кемпир ар бир адам туулганда өзүнүн ажалы кошо туулат, ал өзү кандай болсо дал ошондой болот деп ишенчү. Алар эгиздер сыяктуу, адам канчада болсо, ажалы да ошончо жашта, бул дүйнөгө бир күндө келип, бир күндө кетишет: ажал адамды күтүп алып, аны менен биригет да, ошол боюнча түбөлүккө ажырабайт. Адамга бир эле өмүр берилген сыяктуу, ажал да бир өлүм үчүн жаралат. Адам мурда жашап көрбөгөндүктөн, жалгыз өмүрүн болор-болбос нерселерге коротуп, орду толгус жоготууларга жол берип, толгон-токой жаңылышуулар менен жашагандай эле, ажал да тажрыйбасы жоктугунан улам, өз ишин ойдогудай жасай албай, өзү каалабаса да адамдын жанын кейитип, кыйноолор менен коркунучка кептеп алмайы бар.

Бирок кемпир өзүнүн өлүмү жеңил болорун билчү.  Ал экөөнүн башкалар кандай жашап, кандай өлүшкөндөрүн көрүп, билгенге убактылары жетиштүү эле болду, эми жашоолорунун аягына чыккан кезде бири-бирин кыйноого салуунун кереги деле жок болчу, – чындап келгенде ага ал-күчтөрү деле жетпей калган. Кемпир тырышып каршылык көргөзбөйт, тиги аны ушунча жылдан бери ээрчитип жүргөнүнө ачуусун келтирбейт: кемпир аны атайын жасаган эмес жана өлүмдөн корккон күндөрү да болгон жок, – балким жаш кезинде, жаштыгына салып эле койбосо, ал ажалды бул дүйнөнүн азап-тозогу менен абийирин төгүлүп, шерменде болуудан сактоочу катары көрүп, аны кадырлап сыйлачу. Эгер ал аны ушул күнгө чейин чакырбаса да, өзүнөн алыс кубалаган да эмес, башкалардан көп жашайын деп ойлочу да эмес, – тагдырына канча жаш берсе, ошончо жашайм деп ойлочу. Мына эми чакыра турган мезгил келди. Жетишет.

Кемпир бир гана кичинекей балдар эмне үчүн өлүшөрүн түшүнчү эмес. Ал ата-энелердин кичинекейлерин жерге бергенин күнөө деп билчү, ал күнөөнү кудайга оодарууга даяр эле. Кичинекей балдардын ажалы да өзү сыяктуу жаш, байкабай ойноп жатып ага тийип алып, – эмне кылып алганын өзү да билбей калат болуш керек деп ойлочу.

А кудай ал кезде кайда жүрүп, аны кантип көрбөй калды? Жаңы эле жарык дүйнөгө келип, эмне үчүн бул жарыкчылыкка келгенин гана эмес, курсагы эмне үчүн ачкачылыкты сезерин айрып биле электе, бир тамчы күнөөсү жок туруп, баланы бул дүйнөдөн кетишке мажбурлоо чоң күнөө эмеспи. Анда эмне үчүн аны алдашты, – эмне үчүн төрөштү? Эмне үчүн жарыкчылыкты көргөзүп, сен да адамсың деген түшүнүктү берди?

Ал өзү беш баласын удаа-удаа жерге берип, жалгызсырашпасын деп жанаша койгон болчу. Төртөө бир аз ооруса да, бешинчиси сопсоо туруп эле өлүп калган. Кечинде эле сонун жатып, түнүчүндө башка балдары сыяктуу эле эмчек издеп энесин чакырып кыйкырып ыйлаган. Аны бешиктен чечип алып эмчегин эмизип жатып үргүлөй түшкөн эле. Тынчып калганда ойготуп албайын деп дагы бир аз олтурган, анан жаткызайын деп туруп бара жатып, бирөө капталга сайгандай боло түштү: а эмне үчүн анын денеси муздап калган? Караса оозу ачылып, көздөрү тунарып эбак өчүп калыптыр. Көрсө, курсагы ачып эмчек сурап жатат десе, жалгыз коркуп, энесинин жанында өлгүсү келген экен. Аны кайсы күнөөсү үчүн алды? Башкалардын баскандарын карап жатканы эле болбосо, өзү же баса албаса, бирөөлөрдүн эркелеткенин түшүнсө түшүнүп, балким түшүнбөй карап жатып, өзү ооз ачып сүйлөй албаса анда кайдагы күнөө? Уктап ойгонуп эмчек эмгенден башка эч нерсе билбесе, аны да бул жактан жана өз эрки менен үйрөнбөсө, андан мурда өзү суранбаса да түйүлдүктөн адам баласы болуп өсүп чыкса, – анын эмне күнөөсү бар?

Кемпирдин берген кудай, кайра алды деп өзүн-өзү соороткон күндөрү көп эле жолу болгон. Бирок бул ал сөздү айтар учур эмес эле. Эгерде жакшылап ойлонуп көрсө, бере элек нерсени, чала-була көрсөтүмүш болуп туруп кантип кайра ала алат? Андан дагы – кичинекей наристеге анын адамдын баласы экендигине ынандырып коюп, бул дүйнөдө биле элек нерселерди үйрөнүп, көрө элек нерселерди көрүп, чоңоюп, акыл киргизүүгө камдап алып, – анан кантип аны жаңыдан байлап келе жаткан тамырынан бери кыркып жулуп салганга болсун? Бул күнөө, күнөө.

Дагы үч баласына топурак салганга да буюрган жок, – аларды согуш өлтүрдү. Алардын өлүмүн өз көзү менен көрбөгөнү, кайсыл жерде көмүлгөнүн билбегени ага башка бир жазаны чыдап көтөрүүгө мажбур кылчу: ал аларды өзүнүн шалаакылыгынан, жакшы карабай койгонунан жоготуп алгандай сезчү. Аларды сактап калыш үчүн эмне арга кылыш керек эле, аны ушул убакка чейин түшүнчү эмес, бирок эки колду жайып, деңиз качан тынчыйт деп аба-ырайын күтүп олтура бербей бир аракет көрүүгө тийиш болчу. Олтура берип, акыры үч кара кагаз алып жаны тынды. Келишкен үч жигитти жөнөтүп, ордуна алакандай болгон үч кагаз алды: бири көк, экинчиси кызыл, үчүнчүсү кара сыя менен жазылган болчу.

Кыскасы, кимден кетип, кимге барары белгилүү. Балдарынан тышкары, ал жакта атасы, апасы, эже-сиңдилери, ага-инилери да бар. Атасынын чоң үй-бүлөсүнөн ал жалгыз калган, акыркы агасы мурдагы жылы каза болгон. Абышкасы да согушка кеткен, Бирок ал өз ажалы менен өлдү: аны тылдагы эмгек армиясына алышып, ал жерден ооруп калгандыктан, ошол мезгилдин мерчеминде жакшы өлүм менен, үйүнө келип жайында каза болду, тууган жеринин топурагы буюрду. Кемпир чалынын өлүмүн тагдырдын башка салган нерсеси катары кабыл алды. Ага чейин эле оокаттарын өздөрү жасап көнүп алышкан эле. Алардын чогуу өткөзгөн жашоолорун жаман деп деле айтканга болбойт, андан миң эсе жаман жашагандар деле толуп жүрүшпөйбү, бирок жакшы жашадык деп деле мактана албайт.

Жок, ал иччү эмес, бирок ичсе балким жакшы болмок: адамдын жинди кыялы чөөгүндүн түбүнө туруп калган кебер сыяктуу нерсе, аны да бир нерсе менен тазалап турбаса болбойт, аракты ченеми менен ичсе дары сыяктуу: ичип алып жыргап-куунап ырдап, оюңа келгенди кылып бууңду чыгарып ал да, – жеңилденип алып андан аркы сапарыңды улант. Анын кара буусу ичинен чыкпай дайыма буулугуп жүрөр эле, – тигини кылсаң да жакпайсың, муну кылсаң да жакпайсың, акырын бассаң аксак дейт, катуу бассаң таскак дейт дегендей эле болчу. Ал кээде өзүнүн анын күндүр-түндүр көрсөткөн көр жемесине кантип чыдап жүргөнүнө таң калар эле. Анан эле бир күнү ал кыялы өзгөрүп, жарым жыл бир ооз да сүйлөбөй тултуюп калчу. Жакшы жери ал үйдө дайыма болчу эмес: кээде аң уулап кетсе, кээде иш издеп кетчү, а кышкысын шаардан сельпонун товарын тартып келер эле, ал кезде машине жок, араба менен жолдо көпкө жүрүшчү. Ал баарынан да анын кан күйгөн согуштун жанында, ажал араанын ачып, чекесинен бирин да аябай алып жаткан мезгилде, андан кутулуп, үйүнө жетип, өзүнүн тынч ажалы менен өлгөнүнө таң кала берчү. Ал мында катылган бир сыр бардай көрүп, чалынын кылыктарын кечирип койгон эле. “Оо, кудайым, биздин жасаган күнөөлөрүбүздү кечире көр...” – деп келме келтирген ал көз жумганда. Ал менин күнөөлөрүмдү деген эмес, биздин күнөөлөрүбүздү деп айткан. Анын кайгысы да, көз жашы да чын дилинен болчу. Кандай болгондо да ал бардык балдарынын – өлгөнүнүн да, тирүүсүнүн да атасы эле да.

Чындык деген чындык: анын кимден кетээри да, тигил жакта күтүп алары да бар. Кемпир тыңшап калды: терезенин ар жагынан уйдун мойнуна тагылган коңгуроонун үнү угулду, үйдөгүлөрдүн дем алганынан уктаганы же уктабай жатышканы билинбейт. Жок, али эрте, шашпай турганы жакшы.

Кемпир мурда өлүп көргөнсүп, өзүнүн кандай өлөрүн жакшы билип турду. Бирок кептин баары ошол өлүп көрбөгөнүндө эле, ошентсе да эмнегедир кандай өлөрү көз алдына даана тартылганы кызык болчу. Балким, өлө турган адамдын бардыгына эле, ал эс-акылын  жогото электе өзүнүн өмүрүнүн акырын, ар бир көз ирмемине чейин көрүп алууга мүмкүнчүлүк берилип жүрбөсүн. Башталышын ага ата-энелери айтып беришкен, анан анын кандайча аяктарын билбей кетиш акыйкаттыкка жатмак эмес.

Бул жолу кадимкидей уктаган боюнча эч нерсе билбей калбайт, ал акыл-эсин жоготпой кайдадыр ылдый көздөй улам бир тепкичке шашпай түшүп, токтой калып астыда дагы канча тепкич калганын санап жүрүп олтурат. Акыры саргайган саман төшөлгөн жерге жеткенде биротоло уктаганын түшүнөт, анын маңдайынан жанагыдай эле тепкичтен аны көздөй дал өзүнө окшогон арык кемпир түшүп келип колун ага сунат, ошондо  ал ага алаканын бериши керек. Коркконунан, ошол эле убакта кубанганынан улам, үнүн чыгарганга шайы келбей, кемпир кадамын майдалай таштап сунулган колду көздөй жөнөйт, ошол учурда капилеттен  бет маңдайынан жамгырдан кийин тазарган асмандай, жарыкка толгон таптаза жана кенен мейкиндик ачылат.

Кемпирдин жаны тыбырчылап, шаштырып, ылдамдай басат. Баса турган аралык аз эле болгондуктан, ал тез эле жеткенин көрөт. Акыркы көз ирмемде буттары өздөрү алып бара жаткан жерден кайра артка кеткиси же айланып өткүсү келет, бирок ал андай кыла албай, дал керектүү жерге барып токтойт, анан өзүн токтото албай учурашуу үчүн колун сунат, колунун башка жагымдуу, күчтүү колго мээлей кийгенсип эркин кирип, ширелишип бир бүтүнгө айланып, алсыз денеси жандана баштаганын сезет. Ошол кезде оң тараптан коңгуроо кагылат.

Адегенде ал илгерки заманда падышанын көптөн күткөн мураскору туулганын кабар кылгандай катуу кагылса, аз-аздан ашык чыккан үндөр азайып, кемпирдин башынын үстүнөн ырга айланган добуштар каалгып уча баштайт. Кандайдыр бир түшүнүксүз толкундоого туш болгон кемпир тегерегин карап жалгыз калганын көрөт: берки кемпир жок болуп кетет. Ошондо ал жан-дили менен эч коркпостон, өзүн бактылуу сезип, оң жакка – коңгуроолор кагылып жаткан тарапка жөнөйт. Ал андан ары улам арылап бара берет, бара берет, кимдир бирөө анын ордунда калып, кемпирдин өзүнүн көзү менен анын кетип бара жатканын карап тургансыйт.

Аны үнү барган сайын басаңдап бара жаткан коңгуроонун үнү алга жетелеп барат. Ал көрүнбөй калар замат, аны карап турган көз жердеги төшөлгөн самандын арасына тоголонуп түшүп жоголот. Тепкичтер да кийинки жолкуга чейин жыйналып жок болот. Жер тегизделип, таң атат. Чыныгы таң.

Жок, ал өлгөндөн коркпойт, ар нерсенин өзүнүн орду бар. Жетишет, жашарын жашады, көрөрүн көрдү. Эми анын корото турган эч нерсеси калган жок, баарын пайдаланып бүттү. Түбүнө чейин кургагыча жашады, акыркы тамчы бууланып бүткөнчө кайнады. Өзүнүн жашоосунда ал эмнени көрдү? Бир билгени балдары болду, алардын курсагын ачтырбай тамак жасады, кийинтти, кирин жууду, эртеңки күнү ачка калбас үчүн азык-затын камдады.

Анын ыргытып жибергенден башка эч нерсеге жараксыз болуп калганына караганда сексен жаш бир адамга көптүк кылат окшобойбу, бирок ал жылдарга азыркы өзү келип жеткен өлүмдүн босогосунан көз жүгүртсө, ал жылдардын бардыгы окшош эле болгон экен, – алар бири-бирин кубалашып, шашкалактап өтүшүптүр: кемпир күнүгө он жолу башын көтөрүп күндү карап, дайыма карбаластап калчу: – оо, кокуй, күн көтөрүлүп калыптыр, катыгүн, күн батканы калыптыр, алигиче бүтө элек иштери дагы эле арбын. Дайыма ошондой: балдар бир нерсени бүлдүрүп салышкан, малды караш керек, огороддо жумуштар бүтпөй турат, талаадагы, токойдогу жумуштар, колхоздун жумушу, – токтоп бир азга болсо да айланага, өзүңө көңүл буруп эс алып алганга убакыт табылбайт. “Ылдам, ылдам” – деп ал өзүн бир иштен экинчи ишке, экинчисинен үчүнчүсүнө кубалап жүрүп деле эч нерсенин аягына чыга алган жок. Ушинтип жүрүп өмүрү өттү, мындай карасаң көп жыл жашагандай, канча жылдарды кемпир өзүнө алып коротту, а эстей келгенде эч нерсе жок: бир жылы, бир жылына, түйшүгү, түйшүгүнө окшош.

Кемпир айдын нуру менен олтурган убактарды да билип калды, анан ал керосин чырактарына кантип өтүшкөнүнө күбө болду, а көптөн бери электр жарыгын колдонуп жүрүшөт, – мунун баары бир сөз менен айта койгон сыяктуу бат эле боло койгон жок, Бирок булар кемпирге кудайдын жарык күнүндө жетише албай калган, бүтпөгөн иштерин бири алсыз, бири андан жарыгыраак кылып көрсөтүп турчу. Чоң үй-бүлөң болсо мындан башкача болбойт. Качан гана карылыгы жетип, төшөккө жатып калганда жылдар да мамилелерин өзгөртүштү, биринен-бири узун уйку баскан кыштын узак түндөрү кемпирдин башынан айланышып, ага – карагын кемпир, карап ал да мындан ары бир жылдан экинчисин узак же кыска деп айтпагын, андай жылдардын сен далайын башынан өткөзбөдүңбү дешкенсийт.

Бирок ал өзүнүн жашоосуна эч качан нааразы болгон эмес, андай кылыш оюна да келчү эмес. Башкаларга тиешеси жок, жеке өзүңдүн гана үлүшүңө тийген нерсеге кантип нааразы болосуң? Кандай өтсө, ошондой өттү, баары бир кайра башынан жашай албайсың. Ошондуктан бир адамга бир өмүр жетиштүү, эки өмүр берсе балким ашып калмак.

Кемпир жөнөкөй жашоо өткөздү: төрөдү, иштеди, эртеңки күн келгиче төшөккө жатып уктап эс алды, эртең менен кайра турду, ошентип жүрүп карыды, – бардык жашоосу бир жерде, кайсы жерде туулса ошол жерде өттү, бир жерде туруп көгөргөн токойдогу дарактай, сыртка чыккан жок, энеси кандай иштерди жасап жүрсө ал дагы ошол эле иштерди жасады. Башкалар дүйнө кыдырып, жаңы нерселерди көрүштү, окушту, үйрөнүштү – ошентсе да андай адамдарга жолукканда алардын кызыктуу аңгемелерин кунт коюп угуп, алардын айткандарына таң калды, анан өзү да тигилерден кем калышпай жер кыдырышкан балдарды төрөдү, бирок анын башына ошолордун биринин ордунда болсом, ошолор көргөндү өз көзүм менен көрсөм, алардын кылгандарын кылсам деген ой бир да жолу келген эмес. Өз териңди сыйрып таштап, сойлоп кеткендей жылан эмессиң да. Ал башкалар кандай гана жакшы жашабасын, кандай гана сулуу болбосун, эч качан бирөөлөргө ичи тарып, көрө албастык кылган жан эмес, – бул ага чоочун бирөөлөрдүн энеси же башка ата-эненин бакма кызы болууну каалагандан айырмасы жоктой көрүнчү. Өзүңдүн жашооң – өзүңө кызык.

Анын да эч кимге алмашкыс кымбат, эң бир бактылуу өткөзгөн күндөрү болгон, ошондой эле барган сайын баасы өсүп, эти менен эт болуп ажырагыс болуп алган, көр турмуштун көйгөйлөрүнө көмүлүп калуудан сактап келген унутулгус кайгылуу учурлары да жок эмес; ар бир келген кырсыктардан кийин ал өзүн чачылып калган эски сөөктөрдөн кайра чогултуп, мүрөктүн суусун чачып тирилтип, анан алдыга сүрөп жиберчү: бар да өз жолуңа түш, сенин ордуңа сенсиз эч ким жашабайт. Таптакыр жыгылып калганча жаша – башкача болбойт. Жашоо аны бирде кубантса, бирде кыйноого салчу, ал экөөнүн кайсы убакта биригип, кайсы убакта ажырашаарын, кимиси ал үчүн көбүрөөк пайда алып келерин билчү эмес, ал аларды өзүнө, өзү үчүн, өзүнүн жашоосун андан ары улантуу үчүн, анын көрүнбөгөн отуна жылынуу үчүн сиңирип алчу.

Кемпир жатып алып тыңшап жатты –  ал үйдүн ичи жылдыздардын сыйкырдуу күңүрт  нуру менен жарык болуп, дем алып жатканын, үйдү жонуна көтөрүп үргүлөп жаткан жердин күңгүрөнгөн үшкүрүгүн, үйдүн үстүндө бийиктикте жаркырап айланып жүргөн асмандын шыбырын, туш тараптан соккон желдин шуудурун тыңшады, – мунун баары биригип келип анын өзүн сезип, өзүнүн ички туюмун угушуна, анын денесин жеңилдетип, бош калтырып биротоло кайрылгыс болуп түнкү мейкиндикке сиңип кетип жаткан нерселерди сезип, билишине себепкер болуп жатты.

Анан аңдоосуздан эле өзүнүн жашоосу жеңил, ийкемдүү жана ийгиликтүү өткөндөй сезим жаралды. Башкалардыкына салыштырып да болбогондой ийкемдүү. Адам бул дүйнөгө тукум калтырып, андагы жашоону улантуу үчүн жаралып жатса, анан бардык өмүрүмдү балдарга бердим деп кейиген деги  туура болобу? Ал Михаилдин тун уулу Володька туулганда айткан сөзүн эстеди. Ал анда мас эмес эле, ал өзү жапжаш болуп туруп ата болуп, адамзаттын тукумунун уланышына катышып жатканына жетине албай да, таңданып да турган:

– Карасаң апа, мен сенден, менден бул, мындан дагы бирөө. Анан көзү ачылып, сырдуу жана ачуу чындыкты жаңы ачкан олуяча:

– Эзелтеден бери ушундай болуп келе жатат – деп кошумчалап койгон.

Ал жашоо ушинтип адам жаралгандан эле уланып келе жатканын, мындан ары да кылымдардан кылымдарга, акыр заманга чейин улана берерин, бул эч кимден кыйгач өтпөгөн чындык, ага да жетип, ага түбөлүккө үзүлбөгөн чынжырдын бир шакекчесин мойнуна илгенден кийин түшүнгөн. Ошондо эр жеткен киши катары, өзүнүн башка адамдар сыяктуу эле убагы келип, ажалы жеткенде өлөрүн, бул дүйнөдө жер менен асман гана түбөлүккө турарын аңдап билген. Анан бул билгени жанын жай алдырбай, энесине келип анын эчак эле билген, аны да билет деп ойлоп жүргөн чындыкты ага айтып жатпайбы.

Кандайдыр бир көз ирмемде кемпирге ал терезелери ичинен бекитилген эскилиги жеткен үйдө жаткансып, өзүнө арбаган жылдыздардын жаркырагы дубалдар менен чатырды көзөп өтүп үйдүн ичине кирип жаткансып сезип кетти. Ар бир терезе – балдарынын ар бири жөнүндө эскерүүлөрү: бул жерде Люся жөнүндө, а бул жерде Варвара жөнүндө, Илья, Михаил, Таньчора жөнүндө. Өйдөрөөктө тактай менен уруп бекитилген майда терезелер, аларга тийиштин да кереги жок, – алар бул дүйнөдөн өтүп кетишкендер жөнүндөгү эскерүүлөрү. Кемпир элирме менен ооруган немедей аркасында көлөкө калтырбай улам бир терезеден экинчи терезеге барып, кайсынысын ачышты, кимисин тандашты билбей кыдырып жүргөнсүйт.

– Бардык жашоосу, ушул терезелердин ар жагында тургансыйт. Канакей, кемпир кааласаң ачып алып карай бер, кандай жашадың, сенден кийин калган кайсы эскерүүлөр дарыянын жээгинде өскөн мөмө-жемиштерди, кайыңдын бутактарын ыргалтып, кимдир бирөөлөргө жыпарын чачып, жөн жерден эле аларга тынчсызданууну жаратат. Мына, жаңыдан эле токойдогу бийик дарактын бутагынан уктап кеткен кичинекей чымчык кулап түшүп, жерге бир аз жетпей канаттарын жайганга үлгүрүп учуп кетти, бирок бул сенин жашооң, сенин эскерүүлөрүң шыбыртка, шыбырга, кайдандыр-бир чыккан түшүнүксүз үндөргө айланып, анын уйкусун бузган жок, аны сенин эскерүүлөрүң эмес, аны башкалардыкы чочутту.

Кемпир уюп калган денесин жазгысы келип кыймылдады эле, бөлмөдө уктап жатышкандардын бири анын эмнелерди ойлоп жатканын сезгендей, мени да унутуп калба дегенсип, кошо кыймылдады. Эмнегедир кемпир кыймылдаган Илья деп ойлоду, ал бүгүн үйгө жаткан эле.

Мына Илья...Ал жөнүндө аны да, өзүн да капага салбас үчүн балдарынын бир дагы кылык-жоруктарын эч качан унутпаган эненин эс-тутумдагы сакталган окуялардын кайсынысын тандап алса болот? Бүгүнкү эскерүүлөрү жалаң жакшы, жагымдуу нерселер болушу керек; мурда болуп өткөн туура эмес иштери, уятка калтырган жоруктары, ушул кечтеги эң акыркы эскерүүсүнө кокус аралашып кеткени дурус эмес. Аз калды, мөөнөтү аяктап бара жатат.

Мына Илья... Илья бир жерде тынчып тура албаган кыймылдуу, бирөөдөн бир нерсени аяганды билбеген колу ачык бала болуп чоңойду: өзүнүн огородунда толуп турса да, башка бирөөнүн огородуна кирип кетмейи, өзү ачка жүрсө дагы колундагы акыркы сындырым нанын бирөөгө берип салмайы бар эле. Анын кийинки мүнөттө эмне кылып жиберерин биле албайт эле.

Бирок кемпир азыр башка нерсени эстеди. Ильяны да согуш аяктардын алдында армияга алышкан, бирок согушка катышпай калды: аларды согушка үйрөткүчө, кудай жалгап согуш аяктап калган. Албетте, узатып жатышканда мындай болорун билишкен эмес.

Кыштын алдындагы муздак шамал соккон күндөрдүн бири болчу; арабалар көчөдө күтүп, жол баштыктын оозу байланып, дарбазалар ачылып, – коштошууга убакыт жетти; Кичинекей бойлуу, чыкчыйып, алыскы согушка кетип жатканына эрдемсип, толкунданып алган, а негизгиси ушул акыркы мүнөттөрдө жарым-жартылай бөтөн болуп калгансыган Илья энесине басып келди. Ал аны чокундуруп, батасын берди, ал унчукпай апасынын батасын кабыл алды. Илья мурда мындай нерселерге ишенбегенин, андан боюн жаа бою ала качарын жакшы билчү, бул жолу апасынын көңүлүн кыя албай баш ийип туруп бергени, бир аз чочулап, кайрадан үмүткө толуп жадырай түшкөн көздөрүнөн көрүнүп турду. Ошондо кемпирдин уулунан санаасы тына түшкөн. Бул окуя башка бир нерсени эске салды, – булар эки башкача окуялар болгону менен кемпирдин эсинде дайыма чогуу сакталчу.

Люся шаарга жайында, кеме менен кетти. Кеме келе электе эле эрте келип алышкан эл, канды кактабай соргон калың чиркейден коргонушуп, ачуу түтүн чыгарган кургак чөп менен түтөтүп жатышты. Люсяны анын кетип жатканына ичтери ачышкан, ичтери күйүшкөн курбулары тегеректеп жүрүштү, аларга Таньчора да кошулуп алган, кемпир алардан окчунураак жердеги айланасын чөп басып жаткан кургак карагайда, капаланганын билгизбей, аралдын үстүнөн кеменин түтүнү качан көрүнөт деп карап олтурган. Кеменин келе жатканын көрө коюшкан көзү курч кыздар, карбаласташып, биринен сала бири Люсяга бир нерселерди айтышып, чуру-чуу боло түшүштү. Кемпир унчукпай, көңүлсүз олтурду.

 Кеме келип токтоп, Люся курбулары менен кол алышып коштошту, энесине баары менен коштошуп бүткөндөн кийин келип колун сунду. Кемпир анын ысык, абдыраган алаканынан кыса кармап коштошту да, бар эми деп ийнинен түртүп койду, өзү да топураган элдин арасынан чыгып, кемеге түшкөн эл жакшыраак көрүнө турган жерге барып турду. Кеменин тепкичин тез жыйнап алышып, кеме акырындап кыймылдап, Люся аны менен кошо жээктен алыстай баштады. Люся ак темир тор тосулган кеменин кырында туруп алып, курбуларына кол булгалап жатты, – эмнегедир ал эки-үч жолу кыйкырса да апасын көргөн жок. Кемпир ошондо чыдабай кетип, кызынын көзүнө чалдыгыш үчүн жинди болгон немедей эки колун улам өйдө көтөрүп, турган жеринде секире баштаган эле.

Бир жагына кыйшайып, кыры сууга малынып кала жаздаган кичинекей кеменин жүргүнчүлөрүн башка капталына кубалай башташканда Люся да көрүнбөй калды... Кемпир ыйлаганга даяр эле, аңгыча жээкке акыркы жолу бурулуп караган Люся ээ жаа бербей, көк ала көйнөкчөн матрос жигитти түртүп жиберип жулунуп чыкты да, башындагы жоолугун жулуп алып энесине булгалады. Ал коркуп, жүзү кубара түшкөн экен, көздөрүнөн жаш агып ыйлап алган. Кемпир аны көздөй жүгүрүп, тизесине чейин сууга кирип барып токтоду, кеме сууну шалпылдатып, ылдамдыгын болушунча көбөйтүп, жээктен алыстап бара жатты, анын артынан көздү уялткан күндүн нуру кубалап жетип, аны жаркыраган оюнчукка айлантып салды. Ошондо кемпир кызы менен биротоло коштошуп жаткандай сезимде болгон.

Капыстан балдары жөнүндө эскерүүлөрүн тээ, алыста калган дагы бир күн бузду, – бул дагы дарыя менен байланыштуу болчу.

Жаңы эле, капыстан эле чыга калган тердиктей кара булуттан кыска, нөшөрлөп, чакалап куйгандай шатырата куюп жиберип, заматта ачылып кеткен жайдын жамгыры жаап өтүп, талаалар кайнаган ачык казандай бууланып, дарактар менен бадалдардын жалбырактарынан тунук, оор тамчылар жерге кулап, чөптүн арасынан коңуздай жөргөлөгөн шүүдүрүм жылт-жулт этип көзгө урунат, дарыя алигиче көбүктөнүп, көбүгү күнгө чагылышып акак шурудай жаркылдайт, салкын аба аңкыган жыттарга, безеленип сайраган куштардын үнү менен дарыянын шарпылдап аккан шоокумуна толуп чыккан. Жер жамгырга мас болгондой, ачылып-чачылып, жылаңачтанып, көкүрөгүн кере дем алат, үстүдөгү түпсүз асман кайрадан чайыттай ачык жана көпкөк эле. 

Ал кезде ал толуп турган жаш кыз болчу. Тегереги да өзүндөй эле солкулдап жапжаш, келишимдүү, сулуу эле. Ал жаандан кийинки булоолонгон жылуу дарыяны бойлой аркасында көбүктөнө калып, көз ирмемге жетпей көбүкчөлөрү биринин артынан бири жарылган толкундарды калтырып суу кечип бара жаткан. Жапыз жээктеги кесек кум каралжын тартып, тике маңдайындагы аралдын булуңунан суунун шарылдаган үнү жаңырат. Узун өзөндөгү мелтилдеген терең дарыя күч-кубатын ичине катып, жазы тасмадай созулат.

Ал эмнеге баратканын, кайда баратканын оюна да албай, суу кечип бара берди, бара берди, акыры жээкке чыгып, өзүнүн ийкемдүү, булчуңдуу сулуу, жылаң аяк бутунун таманын жылуу кумга матыра басып из калтырды да, анан анын кайдан келген, кимдин изи экенин биринчи жолу көрүп жаткансып таңыркап көпкө карап калды. Суу болгон узун юбкасы чатырап толуп турган балтырына чапталышып жабыша калып жаткандыктан, аны түрүп келип белине кыстарып койду. Анын азыркы кебетесин эч ким көрбөгөнүнө өкүнүп, ал оюна мыйыгынан жылмайып койду. Ошол кезде ал аябагандай бактылуу эле, айланасындагы сулуулукка суктана карап, күрүлдөп-шарылдап бардык аракеттери бири-бирине шай келген түбөлүктүү жашоонун чак ортосунда туруп, ага туруштук бере албай башы бир аз айланып, толкунданганынан көкүрөгүн бир нерсе баскандай көөдөн жагы акырын сыздап чыкты.

Азыр аны эстегенде да кемпирдин жүрөгү ошол күндөгүдөй дүкүлдөй түштү: ооба, дал ошондой болгон, буга кудай өзү күбө.

Анын оюнда: чынында эле ошондогу ал көргөн ажайып сулуулук, ал бул дүйнөдө жашап өткөн убактан бери, ошол күндөн ушул күнгө, өңү өчпөй, өзгөрүлбөй, ошол боюнча адамдарга керемет ырахат тартуулап келе жатабы? – деген суроо жаралды. Ал азыр дарыянын аркы өйүзүнө сүзүп өтүп, ошол барган жерине барса, ал көрүнүштү ошол боюнча, эч өзгөрүүсүз таба алар беле? Ошол кубанычын кайрадан жолуктура алар бекен? Жер шарында канча өзгөрүүлөр болду, – чынында эле ал мурдагыдай калдыбы?

Ал бир аз капаланып, кайгыра түштү да ошол замат өзүн уяткарды: деги кудайды карасаңчы, сен эмне, сени менен кошо бүткүл дүйнө бирге карып, чогуу өлүшсө жакшы болмок дейсиңби?

Бир жолу Варвара кичинекей кезинде анын тар көчөдө тизелеп олтуруп алып карагайдын чамындысы менен же чукулап олтурганын көргөн.

– Сен бул жерде эмне олтурасың? – деп сураган андан апасы.

– Казып жатам.

 – А эмнеге?

– Бул жерди тоок казып жаткан, анан ит келип аны кууп жиберди. А мен көрдүм. Сен мени кубалабайсыңбы?

–Жок, кубалабайм.

– Анда дагы казып көрөйүн. Кемпир күлүп басып кеткен. Варька үйгө келгенде эмне болгонун сурады:

 – Жанагы жерден бирдеме таптыңбы?

 – Мен эч нерсе издеген эмесмин, жөн эле казып көрүп жаткам. Мени бука келип сүзөм дегенде качып кеттим. Барып аны кубалап жиберип сен казып көрсөң.

– А эмнеге казам?

– Жөн эле, каза берсең көрөсүң да.

 – Эмнени көрөм?

– Билбейм. Иши кылып бир нерсе көрөсүң да. Кызык да.

Мына азыр, андан бери көп жылдар өтсө дагы кемпирге бир жерге олтура калып, Варька сыяктуу жерди кызыгуу менен бүт дитин коюп чукулап, эмне издеп жатканын билбесе да эч ким билбеген бир нерсени издеп тапкысы келип кетти. Эки адам гана чындап күлө алышат: бири карыган адам, экинчиси жаш бала, бирөө акылынан айнып калган, экинчиси акылына кире элек. Туура, ушул экөө гана күнүгө өзүнүн айланасында ар бир кадам сайын болуп жаткан нерселерге чын дилинен таң калганга жөндөмдүү.

Түн биротоло күчүнө кирип, анын муздак илеби терезеден өтүп, дубалдарга өтө баштады.

Кемпир ушул убакта асмандагы жылдыздар кумардуу жымыңдашып, жаңы жаңырган ай жакын эле жерден канышадай каалгып өтөрүн, а жердеги бардык нерселер сыйкырлап койгонсуп, кыймылсыз, терең уйкуга киришерин унута элек болчу.

Кемпир бир силкинип алып чечим кабыл алды: убакыт жетти. Жылдыз толуп, түндүн бир оокуму болду, мындан ары күткөнгө болбойт. Азыр бардыгы катуу уктап жатышат, эч ким, эч нерсе укпайт, тоскоол болушпайт. А түн көңүлдүү, кайра ошонусу жакшы, аны ошол узатып коёт.

Кемпир шашылбай, коркпой-үркпөй камдана баштады. Бир нерседен баштоо керек эле, ал төшүндөгү төшөктү сыйырып салды, акырын үн чыгарбаска аракет кылып, денеси менен керебетти силкилдетип көрүп, ашык эч нерсе жогуна көзү жетти, бүттү ал даяр. Ал өзүнүн денесинин абада калкып жүргөнсүп, салмаксыз калганын сезип, ага таңданганга үлгүрдү. Ал азырынча бул жерде болчу, ал жүрөгүнүн токтобой согуп, денесине жиберип турган токту сезип жаткан. Бутун сунуп түзөп алды, мына ал денесинин башка бөлүктөрү менен бирдей абалга келди, эми ал башкалардан биринчи кетип жатам деп кыйналбайт. Ал канча жолу алардын күнөөлүү эмес экендигин, өзү жүгүрүп жүрүп аларды кыйноого салганын айтпады дейсиң, бирок алар түшүнүшчү эмес. Эми түшүнүшөт, түшүнбөгөндө кайда барышат эле.

Көздөрү дагы эле ачык болчу, анда дагы эле айдын бозомтук нуру чагылышып турган, – бул анын акыркы көрө турган нерсеси болчу. Мейли, ал көздөгү мурда көргөн нерсенин баарын көргөзбөй үстүнөн каптап алсын, ошондо өйдө жактан түшкөн караңгылыкты оңой кабыл алат.

Кемпир сексен жашка чыккыча алдында дайыма кандайдыр бир убакыт боло турган, азыр капысынан эч нерсе жок боштукка туш болгонун ойлой коюп, үрөйү учуп, бүткөн бою муздай түштү. Азыркы көз ирмемде анын алдында келечек деген неме жок болчу, аны менен өткөн өмүрү гана калып, жашоо бир тараптуу жолго түшкөн, а кийинки көз ирмемде тигиниси да мунусу да жок болмок. Анын көзү өткөндөн кийин бул дүйнөдө балдары калат, а кемпирдин өзүнө эч ким да, эч нерсе да калбайт. Кызык, анын жашоосу кайда калат болду экен? Ал бул дүйнөдө жашады, жашаганы эсинде, бул нерсе жакында эле болбодубу.  Баштаган иштерин жаманбы, жакшыбы аягына чыгарган сыяктуу, жашап бүтүргөн өмүрү кимге калат?

Ооба, андан кол кап тиге албайсың дечи, – бул чындык. Анда-мында эскеришет, анан өз иштери менен жүрүп унутушат. Бара-бара эскербей да калышат. Бул да чындык. Ага дагы эмне керек? Жок дегенде эмне үчүн жер бетинде таманы тешилип, аркандай эшилип, эмне үчүн турмуштун мойнуна илген оор жүктөрүнө чыдап көтөрүп жашап келгенин билсе кана. Эмне үчүн? Өзү үчүн элеби же ал билбеген дагы бирөөнүн башка максаттары барбы? Кимдин, кимдин кызыкчылыгы үчүн жашап, кимдин оюнчугу болуп жүрдү? Өзүнөн кийин артында тукум калтырганы жакшыбы же жаманбы? Ким айтып бере алат? Ким көзүн ачат? Эмне үчүн?

Бул суроолорго түшүнүксүз, даана айтылбаган жооптой, караңгы бурчтан кыйчылдаган үн чыкты, кемпир селейе түштү: бул ага келди.

Капыстан эле, баары бүтөөрдүн алдында ага бул жашоодо мурда да бул жарыкчылыкта жашап кеткендей туюлуп кетти. Мурда ким болгону, жөргөлөп жүрдүбү, басып жүрдүбү, учуп жүрдүбү анын эсинде жок эле, бирок бул дүйнөдө биринчи жолу эле болбогондугун түшүнүксүз бир нерсе туюндуруп тургандай болду.

Тигине, куштарды карабайсыңбы, жарыкчылыкка эки жолу келип жатышпайбы: адегенде жумуртка болуп туулушат, анан жумурткадан балапан чыгат. Демек, мындай укмуштар болушу мүмкүн жана бул кудайга шек келтирбейт.

Бул илгери-илгери болгонсуйт, түнүчүндө күн күркүрөп, асманда чагылган чартылдап, күн чакалап куюп, нөшөрлөгөн жаан жаап жаткан.

Мындай коркууну ал мурда башынан өткөзүп көргөн эмес: балким ошондо ал чагылган тийип өлгөндүр, анткени ага чейин эмне болгонун да, андан кийин эмне болгонун да билбейт, болгону чагылгандуу жаан кандайдыр бир башка бирөөнүн эскерүүсү сыяктуу жылт этип барып жоголду.

Ал акырын чокунуп алды: туура эмес болсо кудай өзү кечирип койсун, бирок ал мындай чакырылбай келген эскерүүлөрү менен эч кимдин жинине тийгиси келген эмес, ал алардын кайдан келип, ага кантип жеткенин билбейт.

Бул ирет кемпир акыркы жолу, коштошордо тегерегине көз жүгүртүп алууну ойлобостон көзүн дароо жапты. Жумулган көздөрүндө солдон оңду карай майда тунук шакекчелер түтүн сымал жылып өтүп жатты. Денесине түбөлүктүү бейпилдик алып келүүчү кытыгылуу, биринчи таттуу жолугушууну күтүп, созулуп, кыймылдабай калды. Мына, адам болуп жаралып, кудайдын бийлигинде да болуп көрдү. Оомийин.

Ал акыл-эси тумандап, колдору уктап бара жатканын сезди. Балким, ага ошондой сезилгендир, ал өзү ошону каалап жаткандыр? Жерде бийик орнотулган коңгуроолор убада кылынган обонун кагып жатышты.

Мүнөттөр биринен сала бири өтүп жатты – бирок эч нерсе өзгөрүлгөн жок.

Кемпир дагы эле ким экенин, кайда экенин, эмнеге жатканын унуткан жок. Ажалы эмнегедир шашылбай, бир нерсени күтүп жатты. Кемпир өзүн баштагыдан да үңүлө карап изилдей баштады. Анын бардык мүчөлөрү аткарып жүргөн милдеттерин таштап кетише электей. Бул буйдалуунун эмне кереги барын түшүнбөй онтолоп жиберди: мен бул жердемин. Балким ажал мени даяр эмес деп ойлоп жатса керек – жок, билип ал, мен даярмын.

Ишенимдүү болуш үчүн ал дагы бир жолу онтолоп, аянычтуу, жөөлүгөн сыяктуу үн чыгарып түнкү тынчтыкты бузду: келе бер, коркпо, мен даярмын.

Анын көңүлү чөгүп, бир жамандыкты сезе баштады. Ал ажалын кел деп какшанып суранып жатып, аны таптакыр тажатып алган жокпу? Канча жылдан бери ээрчитип жүрүп, жок тагыраагы ээрчитип эмес, жанына жакын жолотпой кубалап жүрүп алын кетирип алышы ажеп эмес. Балким, чынында эле ажалдын ага жеткидей алы жок, а кемпирдин ага көтөрүлүп жетишке дарманы жетпей жатсачы. Демек, ал бүгүн да өлө албай калабы? Жок, жок мындай болбош керек. Туула электер гана өлө алышпайт. Себеби таптакыр башка нерседе болсо керек. Ажал өзүнө тапшырылган иштин аягына чыкпай койбойт.

Кемпирдин дем алышы жаман эле. Жаңы эле, тазаланып өлүмгө даярданып алса, мына эми баарын кайрадан башынан баштоо керек.

Ал ойлоно баштады: тынч алып, эсин жыйыш керек. Өлөм деп жатып, бир нерсени туура эмес кылып алдым окшобойбу. Ажал андан качкан жок, андан көрө ал ага өз ишин кылышка тоскоол болгон көрүнөт, курган жаным анын жумушуна кийлигишип эмне кылам дейм да. Бул кимге жакмак эле? Сексен жылдан бери өзүнүн бир эле жолу болчу салтанаттуу учурун күтүп жүрсө, эмнеден кийин эмне кылышты ондогон жылдардан бери кайра-кайра ойлонуп жүрдү да. Анан менин аралашканым ага кантип жаксын? Чын да.

Ал укташ керек деп чечти. Түндү кудай уктасын деп берген. Кемпир көрбөй, укпай тынч уктап калса, ажал ага тартынбай келет да, кемпирдин эл менен, жер менен байланыштырып турган эң орчундуу тамырларын үзгөн соң, акыл-эси менен кетсин деп ойготуп коюшу мүмкүн. Таң аткыча көп бар, эртең мененкиге чейин али үлгүрөт.

Эми кемпир төшөгүн кымтылап, буга чейин жүздөп, миңдеп уктап жүргөн кадимки уйкусуна кетүүгө камданды. Көзүн ошол боюнча ачкан жок, жарык жөнүндө ойлонбой, кыйналып, кысталбай эркин жаткысы келди. Жарыктын ага азыр кереги жок эле.

Аркасын керебеттин кырына такап өзүн терметкиси келгендей денесин ары-бери чайпап, бешик ыры сыяктуу бир нерсени болор болбос үн чыгарып кыңылдап кирди. Ал өзүн жогото баштады, ага аны бирөө жумшак бозомтук кездемеге ороп жаткандай, анын, жылуу, жумшак кучагына жана жагымдуу шуудуруна жаңы эле магдырай баштаганда, бир нерсе артка кайтканга мажбурлап, анан баары кайра-кайра кайталанып, төбөңө таамай жана тынбай тийген тамчыдай, тажатып аёсуз кыйнай баштады.

Уйкусу качты. Кемпир эмне болуп жатканын боолголоду: ал ушул убакка чейин Таньчорны ойлой берип чыйралып, таштай катып, кыймылсыз жана эч нерсе кулагына кирбеген дүлөйгө айлана түшкөн экен, ага бул абалдан чыгыш канчалык кыйын болсо, сырттан бирөөнүн кириши андан да кыйыныраак эле. Ал бир адам үчүн убара болуп кайра кайта койбос, ага жабыша бергенден пайда жок. Башкача кылбаса болбойт. Жаткандан башка эч нерсени ойлобой, эч нерсени талап кылбай жөн гана жата бериш керек, – балким ошондо бекерчиликтен шалдырап, уктап калгысы бардыр, ал ким экенин тааныбай, өзүнүкү экен деп ойлоп алып кетер. Ошондой болсо жакшы болмок.

Шашылыштын кереги жок, алдыда дагы убактысы көптөй, түн жаңы эле башталгандай түр көрсөтүш керек.

Ал даярдана баштады: денесин бош таштап, демин ичине алды, төшүн керип, ага колун ыңгайлуу кылып кайчылаштырып койду. Ойлогону ордунан чыгып, аны дароо эле жагымдуу, эркелеткен толкун кучагына алып, жан-дүйнөнү магдыраткан тынчтык өкүм сүргөн жайга мына эми жетерине көз ирмемдер калган, – аңгыча айылдын ичин жаңыртып, катуу кыйкырган короздун уятсыз үнү чыкты. Бул күтүүсүздөн жана кереги жок учурда болгондуктан, кемпир айласыздан онтоп жиберди, көздөрүн ача калып, шашкалактап кайра жумганча шашты, Бирок кеч болуп калганын, кечтен берки аракети текке кеткенин түшүндү. Бардыгы бекер кетти. Кете албай калды. Алып кетчү неме жаңы эле жанында болсо, эми ал алыска кетти.

Биринчи короздун артынан, экинчиси, үчүнчүсү, төртүнчүсү кыйкырышып ызы-чуу эле түшүп калды, – түндүн соо жерин калтырбай, тамтыгын чыгарышты, эми кемпирге тынчтыкты эч ким кайрып бере албайт болчу.

Бүттү, бардык аракети бошко кетти. Кемпирдин үмүтү биротоло үзүлдү.

Эми корко турган эч нерсе калган жок, андыктан көзүн ачты, ал уялып жатты. Мындай уятка калып көрө элек болчу: коштошту, акыркы сөзүн айтты, акыркы эскерүүлөрү менен өзүн сооротту, көздөрүн биротоло жумуп, мына эми кеттим дегенде – кайра айтка кайтты. Ким ушундай кылат?

Жок, ал коркуп кеткен жок, ал эч качан андан корккон эмес, өзүңдү алдоонун кереги жок. Ал өлгөн соң, анын кыймылдоого жөндөмдүү күнөөкөр, коркок жаны кимдин жашоосу менен жашап, кимдин дем алуусуна барып кошулары ага баары бир эмеспи.

Таң агарып, тараза жылдыз батты, айдын нурунун өңү өчүп, асманга сиңип көрүнбөй баратты. Короздор да кыйкырып басылышты, алардын ызы-чуусунан кийин түндүн шаабайы сууп, кайдадыр бир жактарга кеткиче шашты. Бул убакта жылдыздар мурдагыдан да бийик көтөрүлүшүп, чарчаңкы тартып, өңдөрү бозоро түшкөн. Мунун баары капкагы жабылбай ачык, унтулуп калган идишке окшогон кемпирдин сезимине өзүнөн-өзү, эркинен тышкары кирип жатты.

Ал кыймылдаганга дарманы жок, бир жерди тиктеп жалдырап жаткан, эми ал бул дүйнөнү топон суу каптап келе жатса да ордунан козголбойт болчу.

Ошол калыбында күн чыкканча жатты. Таң толук атып, бөлмөнүн ичи жаңы чыккан күндүн нуруна толуп чыкканда ал эсине келди, төшөгүн үстүнөн сыйырып салып, акырын жөлөнүп-таянып жатып олтурду. Эти качкан буттарына жийиркеничтүү карап алып, байпагын кийди, керебеттин жанында жаткан тапичкени бутуна илди. Ал буларды кечээ эле жасап үйрөнгөн. Бирок бүгүнкү таң менен кечээки таң бирдей эмес эле. Кечээ күнү ал туруп алганына кубанган, Таньчораны ойлоп, аны келет деген үмүтү бар эле. Анын күткөндөрү ишке ашкан жок. Түн да ага жардам кылгандан качты, уйкусуз калтырды, башкасын койгондо да, анда мындай байлык бардык убактарда, баары үчүн жетиштүү эле. Кемпирди гана куру калтырды. Ал баарын тажатып бүтүптүр, эч кимге кереги жок экен – бирөө да аны сыйлабаса, анда өзүнүн сыйлаганын эмне кереги бар?

Керебеттин кырын кармап туруп көрмөк болду. Буттары сынып кетчүдөй ийиле түштү, бирок ал аларды аяган жок: өлгүңөр келбейби, айтканды аткаргыла, калп эле байкуш болуп калбагыла, баары бир силерге эч ким ишенбейт. Колдору менен керебетке тартынып, тырышып жатып буттарын түзөдү да, таң каларлык чыдамкайлык менен алдыга кадам таштады. Өлгүңөр келбесе – тирүү адам сыяктуу баскыла, сынып калабыз деп ойлоп да койбогула, какмарлар!  Бас-кы-ла! Анын ар бир сөөгү кычырап, жанын жеп сыздап ооруп жатты, бирок ал да аны токтото албады. Каалашыңарча кычырай бергиле, бирок токтобогула. Силерди угуп жатып тажадым, эми силер мени уккула. Ал дубалга сүйөнүп, буттарын сүйрөп жылып баратты.

Сырттан караган кишиге ал дубал менен сойлоп бара жаткансып көрүнмөк, – ал эки колун жайып алып дубалга жабышып, кармай турган эч нерсе таба албай сыйпалап, акырын жылып бара жаткан. Кармай турган нерсе жок болгондуктан, босогодон төрт буттап жөргөлөп өттү.

Чыга бериште тигиден жапызыраак дагы бир босого бар болчу, кемпир жанагы боюнча итке окшоп, төрт буттаган боюнча сыртка жөнөдү, кааласаң үр, кааласаң улуй бер. Алы кетип, эптеп жылып, болгон күчүн жыйып, тепкичтин өйдөкү баскычына жетип олтура кетти.

Таң шаңкайып ачык эле. Асман, айрыкча кемпир көрүп жаткан бөлүгү күн чыкканча эле көпкөк болуп, таңдын акыркы бозомтук нурларын өзүнө сиңирип бара жатты. Алигиче эрте болгону менен токой уйкусунан ойгонуп, жасанганга үлгүрүптүр, туптунук, таза абада дарактар түнүчүндөгүдөй бири-бирине жабышпай, өз-өзүнчө, жалбырактарын жумшак желге дирилдетип, бой керишет. Кампанын арт жагынан тууган тоок жерге секирип түшүп, бир силкинип алып кукулуктаган боюнча, жылынгысы келгендей шыпылдай басып, жерди чокулап, жем издеп кирди.

Чындыгында эле салкын эле, дарыя тараптан түнү бою уюп калган нымдуу аба желге айланып, муздак илеби менен уруп, огороддогу жалбырактарда жылт-жулт эткен шүүдүрүмдүн тамчылары көзгө урунат. Бирок таң тез өзгөрүп бара жатты, жаңы эле үргүлөп, тургусу келбей ыкшоолонуп, бозоруп турса, эми боюн түзөп, таттууну күткөн наристе баладай күндүн чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жаткан, – аңгыча, кемпирдин көз алдында асманда адегенде ичке, түркүн түстө куюлушкан тилке-тилке нурлары көрүнүп, анын артынан жарк этип күндүн өзү чыга келди, жер бетин бакыт чайып, жадырай түштү.

Кемпир сыртка эмнеге чыкканын өзү да билген жок. Балким, жаман оюнда өзүнө мынчалык оор жүктү көтөргөндү унута баштаган жүрөгү, чыдабай жарылып кетип, түнү менен бүтүрө албаган иштин аягына чыгармын деп ойлогондур. Жок, ал ою да ишке ашкан жок. Кудай албай эле олтурат. Ал эч нерсе менен иши жок, айланасына кайдыгер тиктеп мелтейип олтурду, огородду, токойду карап олтурса да, көзүнө эч нерсе урунбады, эч нерсе көргөн жок. Ал күндүз көчөгө күйгүзүп койгон шам сыяктуу, эч кимге кереги жок эле. 

Бирок чыккан күн ага таасирин тийгизди; ал жука түнкү көйнөгү менен болчу, калтырап үшүп жаткан, аз болсо да жылуулук берген күндүн нуру, ага керек учурда тийди. Кантсе да дөңгөч эмес, адам да, жылуу менен суукту дале болсо сезет экен. Баары бир бул күн ал үчүн, ашык, бөтөн болчу, ал андан башында эле коркуп жаткан: эгерде түнүчүндө өлбөй калса, анда күндүз сөзсүз дагы бир нерсени көрөт. Жөндөн жөн эч нерсе болбойт. Мына, эми ал күтүп олтурганга мажбур.

Короодон сүт сааган чаканын калдыраганы угулуп – Надя чыкты. Ал бул жерден кемпирди көрөм деп оюна да келген эмес, чочуп, аз жерден чалкасынан кете жаздады.

– Апа! –  келини аны апа дечү. –  Сенсиңби? Ушул жерге отуруп алдыңбы?

Кемпир бурулуп карап ооба дегендей башын акырын ийкеп койду.

– Кантип чыгып алдыңыз?! Үшүп кеткен турбайсызбы. Жүрүңүз, үйгө киргизейин.

Кемпир барбайм деп башын чайкады.

– Бирок эмнеге...

Надя үйгө жүгүрүп кирип, кемпирдин керебетин бир карап алды, анда чынында эле эч ким жок бош болчу, кийим илгичтен кемселди алып келип кемпирдин жонуна жапты.

– Кантип мындай кылдыңыз? – ал дагы эле эсин жыйнай албай жатты. – Бардыгы эч нерсе билбей уктап жатышат, аларды ойготоюнбу?

– Кереги жок, Тим кой. Уктай беришсин. Уюңду саай бер. Мен бул жерде олтура турам.

Короого кирип бара жатып Надя кайын энесин эки же үч жолу бурулуп карады –олтурат!

Күн токойдон өйдө көтөрүлүп, бир аз оң жакта, өзүнүн кечээ, мурда күнү, он, жыйырма жылдан бери өтүп жүрчү даяр мейкиндигине чыгыптыр. Ал азырынча  күчүнө кире элек, ачык тийгени менен көздү уялта албайт. Шүүдүрүм баштагыдан да көбөйүп кеткен сыяктуу, огородго тийген күндүн нурун учкун кылып чачып ойноп жатышкансыйт.

Айыл ойгоно баштады, морлордон түтүн созулуп чыгып, көчөдө жерди оё басышкан малдар чубуруп, каалгалар кыйчылдап, анда-мында эрте турган адамдардын үндөрү чыгып жатты.

Ушундай адамдар бири-бириникине кирип айылчылай турган убак боло электе кемпирдин алдында күтүлбөгөн жерден, жерден чыга калгансып Мирониха пайда болду.

Адатынча, алдын карабай, бутунун учун карап басып келе жаткан Мирониха аз жерден эшиктин алдында олтурган кемпирди жөөлөп кете жаздады, ал таң калганынан олтура калып алаканын шак чапты:

– Ой, сенсиңби, алжыган кемпир, же сен эмессиңби?

– Мен, – деди кемпир. Ал Мирониханы көргөнүнө деле кубанган жок, суроосуна араң, кыбырап чыккан үнү менен кайдыгер жооп узатты.

– Сыртка чыктыңбы?

– Чыктым.

– Алжыган кемпирчем, балким мени менен тиги кырга чыгып жүрбө? Экөөбүз чыксак көңүлдүү барабыз.

– Жок, ушул жерге, бирде жөргөлөп, бирде сойлоп атып араң чыктым.

– А мен Надядан энең бүгүн кандай жатты деп сурай кетейин деп кайрылгам. А бул керебеттен мынча узап, боштондукка чыкканын көр.

– Өлгөн жокмун, – деди кемпир.

– А эмне сурандың беле?

– Сурангам.

– Демек, убактың келе элек да.

– Дагы кандай убакыт керек? – кемпирдин үнүнөн бүгүн биринчи жолу анын сезими угулду, ал таарыныч болчу. Балдарым мени көпкө күтө алышпайт. Убактысы жеткен. А мен дагы эле олтурам.

– Кемпирчем, баарыбыз кудайдын көз алдындабыз, ал кандай кааласа ошондой болобуз.

– А мен жөн жүргөн жокмун, мен анын алдында сойлоп калдым. Сойлоп чыгып, ажалымдын көзүнө көрүнөйүн дедим, антпесе ал адашып, мени таппай жүргөнсүйт. Батыраак таап алсын деп ойлодум.

– Болбогон сөздү айтпасаңчы.

Кемпир бул мааниси жок сөздү уланткысы келген жок; Мирониха түндө аны менен болгон жок, адамдын өлөр алдында эмнени сезерин, анан кетүүгө даяр болуп калганда, ажал алдап албай кетсе кандай абалда каларын бирөөгө түшүндүрүп бере аласыңбы? Ошондуктан кемпир сөздү башкага бурду:

– Балдарыңдан кат барбы?

– Ой, кечээ эле сурабадың беле, – деп таң калды Мирониха.

– Ал кечээ болчу, балким бүгүн алгандырсың – мен кайдан билейин?

– Ооба, таң аткыча укташпай, мага арнап бир дептерди толтуруп жазып чыгышыптыр. Кантип окуп бүтөм билбей жатам. –  Мирониха балдарына ачууланган да жок, алардан үмүтөткөн да жок, болгону өзүн шылдыңдагансып сүйлөдү. –  Аларга кайсы оору тийиптир – мага кат жазгандай?

 – Мурда кандай эле – деди кемпир. –  Кайсыл жерде туулса, ошол жерде пайдасы тийчү. А азыр бир жерде тура алышпайт. Кыдырып эле жүрүшөт, кыдырып эле жүрүшөт, кайда, эмне издеп жүрүшөт адам билбейт?

– Кемпирчем, биз эч нерсе түшүнбөйбүз.

– Балким түшүнбөйбүз. Илгерки кемпирлерден экөөбүз эле калбадыкпы. Башка жок. Бизден кийин кемпирлер да башка болот, – билимдүү, акылдуу, дүйнөдө эмне болуп жаткандын баарын түшүнүшөт. Биз адашып жүрөбүз. Азыр башка кылым, биздики эмес.

 – Туура айтасың кемпирчем, бул сөзүң ак сөз.

– Эмнеси туура эмес? Дал ушундай. Менин сөзүмдү эстеп кой. Алар унчукпай калышты. Мирониха үшкүрүнүп алып тура баштады.

– Сени менен отурганым жакшы, бирок барбасам болбойт.

– Бир аз олтура турсаң болмок.

 – Өлөт алган уюм дагы эле жок. Эркектер кырдын ары жагында кимдики экени белгисиз эки уй жүрөт дешти. Айла жок, чуркаш керек.

 – Ай селки, сен ал жакка жетпейсиң.

– Жетемби, жетпейминби барыш керек. Анан кимди жиберем?

 – Ал жакка жыгылып каласың.

– Балким жыгылып калармын, кайда жыгылганымдын айырмасы кайсы. Бул жерби, тиги жерби баары окшош. Жатып калсам суу бере турган эч ким жок.

– Аларга өзүң жазсаң болмок.

– А эмне деп жазмак элем? Алар эмне менин жетимиш бешке чыкканымды билишпейт дейсиңби. Жок кемпирчем, жазасыңбы, жазбайсыңбы...Экөөбүздүн билимибиз да бирдей.  Келбегенине, жазбагандарына караганда жашоолору жакшы болуш керек. Кыйналышса жазышмак.

– Ооба, андай болсо жазышмак.

– Мына, ошондой.

Мирониха бир бутунан бир бутуна которулду, ага бир жерде кыймылдабай туруш кыйын эле.

– Сен эми олтура бер, мен чуркайын. Эч нерсени ойлобо. Келгенде кайрылып кетем. Дагы кобурашып олтурабыз.

– Жыгылып калбай кел.

Кемпир коштошкону колун сунду, Мирониха капыстан жашып кетти, башын ылдый кылып, кемпирдин алаканын бир колу менен жаагына такап, экинчи колу менен назик сылап койду. Кемпирдин көзүнөн жаш ыргып кетти. Ал турайын деди эле, Мирониха аны тургузбай ийнинен акырын таяп ордунан тургузган жок, тез бурулуп дарбазаны карай жөнөдү.

Ал өзүн бат басып, баспай эле жүгүрүп бара жатам деп ойлосо керек, дымагы күчтүү болгону менен чындыгында анын ар бир кадам сайын буттарын кыйынчылык менен шилтеп араң бара жатканы сырттан караган адамга даана көрүнүп турган. Көзүнүн жашын сүртүп жатып, кемпир түндө өзүнүн өмүрүндөгү жалгыз курбусу Мирониха менен коштошпой калган үчүн, өлбөй калган окшойм деп ойлоп койду. Түндө жок нерсе, – кыйышпас эски достордун өмүрүнүн акырында биротоло, ачык жана жүрөгүңдү тазалап, көңүлүңдү тындырган коштошуусу, – эми андай нерсе бар болчу.

Кемпир аны менен акыркы жолу жолугуп жатканын билип турду.

11

Дагы бир күн ашыкча, кереги жок күндү жашашка туура келди. Аны үйгө Надя колуна көтөрүп киргизди, кемпир өзү баса албай койду. Ал керебетте күнөөлүү көздөрү менен айланасында эмне болуп жатканына акырын абай салып көңүлү суз жатты; ага бул дүйнөдө болуп жаткан нерселерге анын эч тиешеси жоктой, аны караганга да, укканга да укуксуздай сезилип, – баары бир жактан уурдап келген буюм сыяктуу туюлуп жатты.

Эртең менен турушканда Надядан апасынын туруп эшикке өзү чыгып кеткенин угуп алышып бардыгы ахалап, охолоп таң калышты, анын барган сайын жакшы болуп бара жатканына кубанып кулжуңдап алышты да, анан аны жалгыз калтырып акырындап тарап кетишти. Бирок бат-бат келип карап кетип жатышты, бирде Люся келсе, бирде Илья же Надя келип карап коюп чыгып кетет. Ильянын эми апамдын бийлегенин күтүп, кол чапканга даяр болушубуз керек деп тамашалап айткан сөзү бардыгына жакты, ал тургай Люся да күлүп жиберди, а Варвара анын айтканын, кемпирдин жакшы болуп өзү баса баштаганын кошуп туруп, айылдыктарга сүйүнчүлөп кыдырып кетти.

Илья ал убакка чейин сеп этип алганга үлгүрүптүр, башын кызартып, айланасына жылуу нур чачыратып, көздөрү күлүңдөп көңүлдүү жүргөн. Ал бирдеме жасагысы, бир нерсеге катышкысы келип, жанын коёрго жер таппай жатты, бирок ал кыла турган иш жок эле, ошондуктан ал энесине кайра-кайра келип тамашалагандан башка эрмек тапкан жок:

– Жатасыңбы апа? Жат, жат, эс ал. Бийлегиң келгенде сөзсүз бизге кыйкырып кой. Көрөбүз, ооба, ошондой. Биз сенин бийлегиң келип жатканын билебиз, апа, – каршы болбо бийлеп бересиң.

Кемпир ага чочулаган, анын минтип айтпашын суранган көз караш менен карап жатты.

Ага баарынан кеч Михаил келди; кемпир жалгыз жаткан. Ал кечээ ызы-чуу чыгарардын алдында олтурган отургучка келип олтуруп, тамекисин күйгүзүп бат-бат соруп алды. Анын жүзү баштагысындай эмес, карайып, көздөрүнүн алды шишимик тартып, жүдөй түшкөн экен. Тамекисин түтөтүп, кыйпычыктап, эмне деп жиберет дегенсип апасын астыртадан карап, анын энелерге тиешелүү кең пейилдүүлүгүнөн, кечиримдүүлүгүнөн үмүт кылгансып шылкыйып олтурду.

Түтүн кемпирге жетип, ал көкүрөгүн колу менен басып ыкшып жөтөлүп кирди: тык-тык эткен кургак жөтөл, анын тамагын айырып кетчүдөй токтобой жатты. Михаил шашкалактап тамекисин өчүрүп, сыртка чыккыча шашты. Алар бири-бирине бир ооз сөз да айтышкан жок.

Жөтөлү басылып калган кезде Нинка кирип келди, кемпир аны көрүп сүйүнүп кетти. Колун көтөрүп аны кучактап, далысынан сылады, небересинин денесинен чыккан өзгөчө бир жылуулук, анын жан-дүйнөсүн балкытып, эт-жүрөгү эзилип баратты. Ырахатка батып көзүн жумуп, магдырай түштү.

Нинка кириш сөзсүз эле маселени кабыргасынан койду:

– Сенин Люся эжең калпычы экен.

– Чын элеби?

– Ооба, ал мага конфет сатып берем деп айтты беле? Айткан. Баарыңар уккансыңар. А өзү сатып берген жок. Калпычы экен.

– Сен ага сатып бер деп айтпайсыңбы?

–  Жок, мен андан корком. Өзүң айт ага.

– Андан эмне коркосуң? Ал эмне айбан беле, тиштеп албайт.

–Тиштебейт дечи, бирок баары бир. Ал мени караганда эле коркуп кетем. Карабасын ал мени, ошондо мен андан коркпой калам.

– Жөн эле бир нерселерди айта бербечи, акмагым.

– Кел, мен аны чакырып келейин, сен ага айтып кой.

– Кереги жок, чакырбай эле кой. Кечээ кечке ансыз деле оозуң тыйылбай таттуу жедиң. Дагы каягыңа жейсиң?

Нинка таарынып, анын колунан жулунуп чыкты.

– Сен андан өзүң коркосуң, – деди ал, анын намысына тийип. –  Эгерде коркпосоң айтмаксың. Сен калп эле баатыр боло бересиң.

Кемпир күлөйүн деди эле, бирок эриндери кыймылдамыш болгону менен күлкүсү күлкүгө окшогон жок.

Ал бир аз көзү илинип кетсе керек, Люсянын киргенин байкабай калыптыр. Көзүн ачса жанында Люся аны карап турган экен. Көздөрү жолугуша түшкөндө ал апасынан сурады:

– Кандай болуп калдың апа?

– Жакшы элемин, – деди кемпир, ал эмне деп жооп беришти билбей турду, ага жакшы же жаман деген абалды ажырата билген убактан өтүп кеткенсип туюлду, мурда соо жүргөндө деле ал жакшы же жаман эмне экенин таңазарына албай, оорубай сообу, же ооруп жатабы, чарчадыбы, же чарчаган жокпу, колунан келеби же келбейби, мына ушуларга көбүрөөк көңүл бөлчү.

– Кечээкиден жакшысыңбы? –деп тактады Люся.

 – Люся, сен Михаил менен жараш, – деди кемпир күтүүсүздөн сөздүн нугун башка жакка буруп. –  Жарашып алгыла. Бири-бириңер менен чатакташкан болбойт. Баарын мен кылдым: ага кыйкырып чыкпадымбы. Ал чыдабай кетти. Таарына түштү да. Эми, кайсалаңдап эмне кыларын билбей жүрөт.

 – Ал  чыдабай кетет экен, а мен чыдашым керек экен да?—деди кызууланып Люся. –  Мына, кызык. Ал бизге айтпаганды айтып жатса, биз кайра андан кечирим сурашыбыз керек экен да. Сен эмне деп жатасың апа?  Байболгур, ага болушпай эле койчу, мен азыр ал жөнүндө уккум да келген жок.

Кемпир мукактана түштү.

– Мен ага болушкан жокмун, – деп түшүндүрө баштады ал. –  Жок, мен аны күнөөсү жок деп айтпайм. Ал башка, сен башкачасың. Кандай болгон күндө да ал сенин иниң. А мен кандай болсом да силердин энеңермин, – сенин да, анын да. Мен силердин ынтымактуу болушуңарды каалайм. Мени аясаң, аны менен жараш Люся. Силер жарашсаңар көңүлүм жай, өлүмүм жеңил болот. Мен азыр ошону эле күтүп жатпаймынбы.

– Кайра эле ошенте бересиңби апа? Мына кудай буюрса жакшы болуп калдың, ал тургай баса баштадың, анан кайра эле өлүм жөнүндө айтасың. Эмне башка сөз сүйлөсөң болбойбу?

Кайдан-жайдан сааттай болуп Нинка жетип келип, сөздөрүн бузуп жиберди.

– Бар, ары бара кой, ары барып ойноп кел, – кемпир аны өзүнөн ары ийининен түртүп. –  Бар, анан кел, мен сени күтүп турам.

– Сенин Люся эжең калпычы, – деди Нинка балп эткизип, кеткиси келбей кетенчиктеп, көзүнүн кыйыгы менен Люсяны карап койду.

Кемпир ага жооп кылбаска аргасы жок калды:

– Чын элеби?

– Ооба. Ал мага конфет сатып берем деди беле? Убада берген. А ал сатып берген жок. Алдап койду.

– Эй, сен эмне деп жатасың!? –  деп таң калды Люся. –  Эмне үчүн мени менен минтип сүйлөшөсүң?

– Мен сени менен сүйлөшкөн жокмун, мен чоң энем менен сүйлөшүп жатам. А сен укпай эле кой.

– А ким сага мени сен деп айт деп үйрөттү? Мен сенин теңтушуңмунбу? Сен эмне улууларга сиз деп айтыш керек экенин билбейсиңби? Эч ким сага түшүндүргөн жок беле?

– Кечирип кой де, – деп шыбырады кемпир Нинкага.

– Макул, –  Нинка, мурдун тартып, ыйлаганга камынып калды.

– Ыйлайм деп ойлобо, – деди Люся аны убагында токтотуп. –  Сенин ыйлаганыңдан эч ким коркпойт. Кандай тарбия көрбөгөн кызсың. Мен тарбиясыз балдарды жаман көрөм. Мени менен орой сүйлөшкөндөрдү жактырбайм. Карабайсыңбы, мунун кылганын.

– Ал мындан кийин антпейт, – кемпир акырын болушуп койду.

– Токтой тур, апа. Силер ушинтип тарбиялайсыңар: мындан кийин антпейт, минтпейт мындан кийин. Ал өзүнүн кылганына жооп берсин да. Бул силерге дагы далайды көргөзөт, көрөсүңөр го. –  Люся Нинкага бурулуп карады:

– Эгерде, конфет керек десең, Албетте  сатып берем, бирок бул белек эмес, бул опузалап тоноо. А сен опуза, тоноо деген эмне экенин билесиңби?

Нинка шашкалактап башын ийкеди, анын каалаганы орундалмай болду: сатып берет.

Люся сыртка чыкканда Нинка артынан кетти. Аны дарбазанын ары жагынан аңдып турмай болду окшойт, же дүкөнгө барып, ошол жерден ыңгайлуу учурду күтүп туруп, элдин арасынан чыга калып текчени сөөмөйү менен көрсөтүп:

– Люся эжеке, мен тиги конфетти жакшы көрөм – дейт эмеспи. Ал энесине да, атасына окшобой өтүмдүү, буюрса эч кимге жемин жедирбеген мыкты адам болот.

Кемпир кайрадан шалдырап барып уйкуга кетти, ал көзүн ачканда бөлмөнүн жарымына күн тийип туруптур. Ал анын керебетке тезирээк жетишин каалап да, коркуп да турду. Ага бүгүн, ушул, анын жашоого укугу жок күнү, ага тирүү кезиндеги ачылбаган бир купуя сыр ачылчудай сезилди; ал көзүн чоң ачып, үйдүн таманына түшүп турган күйүп турган жазы такка кадала карап, андан кандайдыр бир купуя сырды билдирген сүрөттү көрүүгө же бир үндүү угууга үмүт кылып жатты. Азырынча ага окшогон эч нерсе байкалган жок, күн керебеттин оң тарабынан сойлоп, уламдан улам кемпирге жакындап келе жаткан. Кемпирге капыстан эле башына бир ой келди: күн аны жаман чүпүрөктөр менен эптеп жабылган кар кишини эриткендей эритип кетиши мүмкүн. Ал ага жылынып, эркелеп жатып, бара-бара азая берет, азая берет, бир кезде андан эч нерсе калбай калат. Эл келип караса эле керебет бош калган болот. Алар аны кайрадан сыртка чыгып кетти деп ойлошот. Кемпир дал ушинтип ойлоду: эл деди, өзүбүз же чоочун деп бөлгөн жок.

Акыры жүрүп күн керебетке тийди, кемпир ага алаканын тосуп, денесине жылуулук чогултуп кирди.

Ал жылуулук менен кошо алсыздык кошо агылып келип жаткандай көрүндү, бирок кемпир корккон жок: ал жумшак, жагымдуу алсыздык болчу. Кемпир уктагысы келген жок, мейли болчу нерсе анын акыл-эси кете электе болсун.

Кайдадыр бир жактарда Варвара бирөө менен сүйлөшүп жатты, кемпир кайрадан унутуп калган дагы бир нерсесин эстей койду.

Кыйналып жатып кемпир Варвараны чакырды, бирок ага эч ким жооп берген жок: анын үнү эптеп эле чыгып жаткан, алыска угулмак эмес. Кемпир бул жолу катуурак кыйкырды. Варвара угуп, шашкалактап кирип келди:

– Апа эмне болду?

– Олтур, – кемпир көздөрү менен өзүнүн жанына, керебетке отур деп белги берди.

– Эмне болду апа?

– Токтой тур. –  Кемпир күчүн жыйнап, айтар сөзүн камдап жатты.

 – Мен өлөм…

– Антип айтпачы апа, – деп бышактады Варвара.

– Мен өлөм, – деди кемпир кайталап: – Мага кошок кошушуң керек.

– Эмне кылыш керек?

– Кошок кош. Антпесең болбойт. Азыркылар бешик ырын ырдап бала уктатканды да, кошок кошуп маркумду татыктуу узатканды да билишпейт. Бир үмүтүм сенде. Азыр мен сага үйрөтөм. Ыйлаганды өзүң билесиң. Жөн эле бакыра бербей кошок айтып ыйлаш керек.

Варвара түшүнгөндөй болду, анын жүзүндө чочулоо пайда болду.

 – Угуп тур, мен өзүмдүн апамды ушинтип узаткам, эми сен мени узат, уялба. –  Кемпир көзүн жуумп, канча жылдан бери унтулуп, пайдалануудан калган сөздөрдү эстеп, иретке салууга аракет кылып кирди, анан ичке үнүн созуп баштап жиберди:

– Сен менин ак куудай болгон апакем,
кагылайын алтын апакем...

– Апа-ке! –  мындай кыла албайм дегенсип Варвара башын чайкады.

 – Сен жөн эле бакыра бербе, – деп токтотту аны кемпир:

 – Сен жакшылап угуп, сөздөрүн үйрөн. Азыр ыйлабай эле кой. Көз жашыңды эртеңкиге калтыр. Бирөө укса келип тоскоол болот. Кел акырын олтуруп, жакшылап ук. Ал Варвара тынчтанганча күтүп туруп, кайра баштады:

 – Сен менин ак куудай болгон апакем,
кагылайын алтын апакем...

– Сен менин ак куудай болгон апакем,
кагылайын алтын апакем... –  деп токтоно албай шолоктоп, ый аралаш кайталады Варвара.

– Жасанып кайда барасың,
кай жакты көздөй жөнөдүң?

– Жасанып кайда барасың,
кай жакты көздөй жөнөдүң?

Кемпир башын көтөрүп олтуруп, Варвараны ийинин кучактап сооротуп кошогун улады. Анын үнү ишенимдүү жана катуурак чыга баштады:

Кайсы алыскы өлкөгө, сапар алып жөнөдүң?

Жалгыз аяк жолго түшүп, жашыл токой аралап.

Кудай үйү кең чиркөөдөн, кел бери деп,

Күңгүрөнүп, коңгуроо үнү чакырат,

Бара жатам ошол үйгө, бара жатам, сабалап.

Анан ошол куттуу үйдөн, жер эненин, кирем муздак койнуна,

Бүгүн түштүм түбөлүктүү, бабалардын ошол узак жолуна.

Жаркырап ачык тийген кадимки күздүн башталышында боло жүрчү ысык, абаны өзгөчө, ачуу аптабы менен горчицадай куйкалаган дагы бир күн уланып жатты.  Асман баштагыдай эле көпкөк, дарыянын үстүндө, күн батыш тарапта гана бир аз чел кабык каптагансып, аба-ырайын бузуш үчүн эмес, атайын көздүн жоосун алып сулуулугун көрсөтүп мактаныш үчүн келгенсип, оюнчуктай болгон кичинекей булут каалгып сүзүп жүрдү. Төбөдөгү калган мейкиндик таптаза, терең боюнча калып, анын алдында күн нуруна чайынып жыргалда жаткан жердин бейпилдигин чагылдырып жаткансыйт.

Михаил жанатадан бери кампанын астында, алаканы менен ээгин таяп, тамекини үстөккө-босток соруп, жапа чегип олтурган. Жанына Илья келип олтуруп:

– Бүгүн башыңды жазган жоксуңбу? – деп, сурап койду. Михаил башын чайкады.

– Мен бир аз ичтим. Кичине, маанайды көтөрүш үчүн. Апамдын туруп алганын уктуңбу?

– Уктум.

– Ал жакында бийлей баштайт. Ооба, ошондой. Аны ажал оңой менен жыга албайт. Ал күлүп койду.

– Жүрү, бир аздан ичпейлиби. Алыс деги барбайбыз, жаныбызда турат.

– Жок, – деди Михаил. Жетишет. Кечээкибиз эле жетет.

– Ооба, кечээ сен бир аз ашык ичип койдуң. Баарына кыйкырып, апам менен уруша кеттиң.

– Мен аны менен урушкан жокмун.

– Ал сага катуу таарынды, ооба, ошондой. Бөтөнчө Таньчораны айтканда. Алы жетсе сени сабаганга даяр болчу. Ал кайрадан күлүп койду, эсине келе калып сурап калды:

– Баса, сен Таньчорага телеграмманы кайсы убакта уруп жүрөсүң? Бул күндөрү экөөбүз чогуу эле жүрдүк эле го. Кайсыл убакта үлгүрдүң?

Михаил тамекисинин калдыгын, чертип жиберди эле, жакын жерде жүргөн тоок канаттарын каккылап секирип ары кетти, ал агасынын көзүнө тике карап бурк этти:

– Мен эч кандай телеграмма урган эмесмин.

– Кантип урган жоксуң?

 – Ошентип эле урган эмесмин.

– А сен урдум деп айтпадыңбы? Кечээги уруш-талаштын баары ошондон чыкпадыбы. Эмне, эсиңде жокпу?

– Эмне үчүн эсимде жок. Эсимде. А эгер антип айтпасам апам эмне болмок билесиңби? Жөн эле күттүргөндөн көрө калп айтып койгон жакшы.

– Анда...Таньчора кайда?

– А мен аны кайдан билейин.

– Мына сага! Тамаша деп ушуну айт!

– Бирок сен муну эч кимге айтпа, мейли мени телеграмма урган экен деп ойлой беришсин – деп шашып кетти Михаил, анткени дарбаза тараптан аларды көздөй Люся келе жаткан. Ал башын ылдый шылкыйтып, камданып калды: азыр башталат. Кечээкини, мурда күнкүнү, илгерки болгон, болбогон нерсенин баарын эстейт. Аны уяткаргандан азыр пайда жок, ал анысыз эле өзүн өзү уяткарып алат, бул биртоп пайдалуураак, анын сөгүшүн угуш, – кускуңду келтирет! Анысыз да бир жакка качып кеткиси келип араң турат.

– Илья! –  деп баштады ал сөзүн аларга жете электе эле. Анын толкунданып алган түрү бар, чечкиндүү кыймылдаганына караганда бир маанилүү нерсе болгондой. Михаилдин андан күтүп жаткан жагымсыз сөздөрү бул эмес эле.

 – Илья, сен бүгүн “Ракета” кетерин билесиңби? Кетерине аз калды. Кийинкиси үч күндөн кийин болот.

Илья карбаластай түштү:

 – Анда эмне кылалы дейсиң?

– Сен өзүң бил, А мен кетишим керек. Менин мындан ары күткөнгө убактым жок.

– Кетиш керек – деп Илья башын ийкеп Михаилди карады. Апам жакшы болуп калды көрүнөт.

– Күтө турсаңар болмок, – деди Михаил чечкинсиз. Ага эч ким жооп берген жок.

Алар үйгө, кемпирдин бөлмөсүнө чогуу баш багышып, күтүүсүздөн кыймылдабай катып калышты. Аларды көрүшкөн жок. Варвара энесине эңкейип, анын көкүрөгүнө башын жөлөп алып бышактап ыйлап жатыптыр, а кемпир көзүн жумуп алып, адамдын зээнин кейиткен обонду кыңылдап созуп жаткан экен. Бирок ошол кезде анын жүзү жадырап-жайнап турган эле.

Алар тыңшап калышты. Кемпирдин көөдөнүн жарып чыккан сөздөр бир жагынан эркелеткен, экинчи жагынан кайрылгыс кеткен өмүрдү жоктогон, ичине катылган сыры жок, ачык айтылган сөздөр болчу:

Урунарга тооң бүтүп, урушаарга жооң бүтүп,

Ичээр сууң, көрө турган, күнүң бүтүп, ак куу болуп,

Учуп кеттиң келбес жайга апакем...

– Бул жерде эмне болуп жатат? – Люся тигилерди шылдыңдагандай катуу үн катты. –  Бул эмне деген концерт? Кимди өлтүрүп, кимди көөмп жатасыңар?

Варвара менен кемпир унчукпай калышты. Варвара ордунан тура калып апасын көргөздү:

– Апам эле...

– Көрүп жатабыз, атаң эмес экенин, – Илья каткырып жиберди.

– Мен өлөм, – актангансы келгенсип кобураган кемпирдин үнү аянычтуу чыкты.

– Апа, ушул өлүм жөнүндө сөзүң тажатып жиберди. Кудай урсун. Кайра-кайра эле ошол сөз. Аны уга берүү бизге жагымдуу дейсиңби? Ар нерсенин чеги болушу керек да. Сен буга өзүңдү ишендирип алдың. Андан башка сөздү айта албай да калдың окшобойбу. Сен дагы көпкө жашайсың, бирдемелерди ойлоп таба бербе. Мунуң туура эмес.

– Сөзсүз жүзгө чыгасың апа, ооба, ошондой, – деп ага кошулду Илья.

Кемпир кайдадыр дубалды тиктеп унчуккан жок.

– Өзүң түшүнөсүң да апа, сен жакшы болуп калдың, кудай берген жашоонун ырахатын көрүп жашай тур. Кадимкиңдей бол, өзүңдү тирүүлөй көмө бербе. Тирүү турасыңбы, тирүү адамдай жаша. –  Люся бир аз тынып, анан эркелеген, жумшак үнү менен сөзү улантты:

– А биз бүгүн кетмей болдук. Ушундай болуп калды, апа.

– Силердин бул эмне кылганыңар? – деп кыйкырып жиберди Варвара.

Кемпир ишенбегендей башын шашкалактап чайкап алды.

– Ушундай кылышыбыз керек, апа, – Люся күлүп, жумшак бирок көшөрүү менен өз сөзүн кайталады.

– Бүгүн “Ракета” кетет. А кийинкиси үч күндөн кийин болот. Биз көпкө күтө албайбыз.

– Жок, жок, – кемпир деп онтолоп жиберди.

– Бүгүн апамды таштап кеткенге болбойт, – Варвара чыйпылдап жиберди. Өгөй энеңер эмес го. Силерди эч ким кубалаган жок. Өзүңөр ойлобойсуңарбы. Кантип таштап кетесиңер.

– Жок дегенде дагы бир күн коё турсаңар болмок, – деп Михаил Варварага кошула кетти.

– Апа биз өзүбүздү өзүбүз билбейбиз да, эмнени кааласак ошону жасай алгыдай башы  бош адамдар эмеспиз.  Люся тигилерге жооп бербей апасын карап сүйлөп жатты:

 – Жумуш деген бар. Сенин жаныңда жумалап деле жыргап жашап жүрө бермекмин. Иштен бошотуп жиберишет. Эмгек өргүүсүндө эмесмин да. Туура түшүн апа. Бизге таарынба. Шарт ошондой.

Кемпир ыйлап бир Люсяны, бир Ильяны карап, сөзүн кайталап жатты:

– Өлөм, мен өлөм. Көрөсүңөр го. Бүгүн өлөм. Бир аз күтө тургула. Мага башка эч нерсенин кереги жок. Люся! Илья! Кетпей коё тургула. Мен силерге айтып жатам го. Бүгүн өлөм.

– Апа, кайра башынан түштүңбү. Биз сага жашоо жөнүндө айтып жатсак, сен өлүм жөнүндө айтасың. Азыр өлбөйсүң. Антип айтпачы, бай болгур. Сен дагы көп-көп жашайсың. Мен сени көргөнүмө кубанычтуумун, эми кайтышым керек. Жайында келебиз. Сөзсүз келебиз. Мен убадамды берем. Анда шашпай көпкө жүрөбүз.

– Кайдагы жай! – деп сөзгө аралашты Илья. –  Жайдан мурда эле көрүшөбүз. Апам жакшы болсо, биздикине конокко барса да болот. Биздикине кел апа. Циркке барабыз. Мен циркке жакын жашайм. Маскарапоздор бар. Күлүп жатып бооруң эзилет.

– Бир күн эрте, бир күн кеч, – эмне айырмасы бар –  деди Михаил тигилерди түшүнө албай. Люся от ала түштү:

– Бул жөнүндө сенден сурабайм. Эмне айырма бар экенин мен сенден жакшы билем. Же сен дагы эле апам жакшы болгуча күтүп, аны алып кетишсе деген турасыңбы?

– Жок, анткен жокмун.

– Ошонуңа да рахмат.

Алар шаша-буша жыйнала башташты.  Кемпир эми ыйлаган жок, эч нерсени сезбеген кишидей селейип, тагдырына баш ийип бергендей. Ага бирдемелерди айтып жатышты, ал бир да сөздү уккан жок. Оту өчүп бара жаткан көздөрү гана бул чакчелекейди ээрчий тиктеп, жалдырайт. Надя тигилерге дасторкон жаюуга камынды эле, алар аны токтотуп коюшту. Тамак ичкендей убактылары жок болчу. Илья Михаилдин кулагына шыбырады:

– Жолго чыгарда жүздөшүп алсак кандай болот? Ажырашар аяк. Ооба, ошондой.

 – Жок. –  Илья макул болгон жок. –  Ичким келген жок. Жетишет.

Варвара дагы эле унута элек экен, ал Люсяга кайрылды:

 – А көйнөкчү?

– Эмне дейсиң?

– Сен бул жактан тиккен көйнөкчү. Таштап кетем дебедиң беле?

Люся сумкасына бүктөп салып алган көйнөктү алып, жактырбагандай Варвараны көздөй ыргытты.

Акыркы көз ирмемде Варвара капилет чечим кабыл алды:

 – Мен деле силер менен кете берсемби деп жатам. Баарыңар кетсеңер мен калып эмне кылмак элем. Чогуу жолдо көңүлдүүрөөк болот.

– Варвара, – кемпирдин үнү онтолоп араң чыкты.

– Апаке, мен жокто балдарым үйдү өрттөп жибериштиби деп коркуп жатам. Аларды карабай калтырыш опурталдуу. Мен жокто бир балээ кылып жиберишпесе эле болду.

– Кете бер, –деп колун шилтеди Михаил. –  Баарыңар кеткиле.

Коштошо башташты. Люся апасынын бетинен өптү. Илья колун кысты. Варвара ыйлады.

– Тез сакайып кет, апа. Өлүм жөнүндө ойлобо.

– Сен азаматсың апа, ооба, ошондой.

– Апа, мен жакында келип кетем. Балким кийинки жумада.

Михаил узатып чыкты. Кемпир терезеден алардын узап бара жаткан дабыштарын укту. Илья бир нерсе айтып күлүп калды. Анан тынчып калды, кемпир көзүн жумду.

Аны Нинка келип түрткүлөгөндө көзүн ачты.

– Чоң эне, ме муну ал. Нинка ага конфетти сунду. Кемпир анын колун акырын ары жылдырып койду.

– Алар жаман экен, – деди Нинка кетип жаткандар тууралуу. –  Кемпирдин эриндеринин же күлгөнү же жылмайганы белгисиз, кыймылдатып койду.

Анан Михаил келип анын жанына олтурду.

– Эч нерсе эмес апа, деди ал бир топко чейин унчукпай олтургандан кийин үшкүрүп алып:

– Эч нерсе эмес. Аларсыз деле жашайбыз. Мурда кандай жашасак, дал ошондой жашайбыз. Сен мага таарынба. Албетте , мен сенин акылсыз, жаман уулуңмун, бирок кандай болсом, ошо бойдон калам. Кайра оңдой албайсың, кеч болуп калды. Көп ойлонбой жат, апакебай. Мен келесоомун. Ой, мен кандай келесоомун! –  ал көзү жашылданып ыйлап жиберчүдөй онтолоп, ордунан туруп кетти.

Кемпир анын айткандарын унчукпай угуп жатты, ал ага жооп бере аларын же бере албасын билбей турду. Анын уйкусу келип жаткан. Көздөрү жабышып бара жатты.

Ал кеч кирип караңгы болгуча, каякка барып келгенин эстөө үчүн, кыска-кыска убакытка көздөрүн дагы бир нече жолу ачты.

Түнүчүндө кемпир каза болду.

01.04.20 0:41

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Валентин Распутин 1937-жылы 15-мартта Иркут облусунун Усть-Уда айылында туулган. Иркут мамуниверситетинин тарых-филология факультетин бүтүргөн. Ондогон повесть, аңгеме, эсселердин автору, чыгармаларынын негизинде бир катар кинофильмдер тартылган. Алгачкы чыгармалары менен эле адабий коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, «Акыркы мөөнөт» (1970), «Эсен болуп, эстей жүр» (1974), «Матёра менен коштошуу» (1976), «Өрт» (1985) ж.б. повесттери менен дүйнөгө таанылган. Көптөгөн адабий сыйлыктарды алган, анын ичинде СССР мамлекеттик сыйлыгына арзыган, «Социалисттик Эмгектин Баатыры» наамына татыган. Кийин жазылган «Ивандын кызы, Ивандын энеси» повести үчүн Кытай мамлекеттик сыйлыгына татыган. 2015-жылы 15-мартында өзү туулган күнүндө каза болуп, сөөгү 19-мартта, Иркуттун Знаменский монастырында жерге берилген.

Абыкаев Абийрбек 1956-жылдын 2-декабрында Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Тегирменти айылында туулган. 1974-78-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетинде окуп,  финансы-экономикалык факультетинин азык-түлүк товарларын сатууну уюштуруу (товаровед) адистигин алган. Үй-бүлөлүү, 3 уул 1 кыздын атасы. 9 неберенин чоң атасы.

Жазган ырлары, макалалары республикалык басылмаларда жарык көрүп келет. 2016-жылы “Улуу Жантай санжырасы” аттуу көркөм-тарыхый китеби жарык көргөн. Акыркы жылдары орус, казак тилдеринен которгон котормолору “РухЭш” сайтында байма-бай жарыяланып келет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз