Фазиль Искандер: Кат

  • 16.06.2020
  • 3884

АҢГЕМЕ

Он беш жашымда мени сүйүп калгандыгы тууралуу кат алдым. Ошол катты окуп жаткандагы жалындуу сөздөр сыя менен эмес алтын менен жазылгандай, азыр да эсимде.

Почточу катты берерден бир минут мурда, үзүлгөн электр зымын кармап, өзүбүздүн эки кабаттуу үйдүн тепкичи менен чуркап келаткан элем. Максат – тепкичтин акырына чейин уруп аткан электр тогунун сырдуу күчүнө чыдап жетүү. Зымдын учу менен тепкичтин темир тосмосун сыдырып, көгүш учкундарды чачыратып чуркап келатам.

Түндө чагылган чартылдап, электр зымы үзүлгөн экен. Токтун күчтүү, кооптуу жагы үйдүн чатырында калып, калганы менен мен ойноп аткан кербезим ушул.

Жаз. Тепкичтин тосмосу толгонгон темир тирөөчтөр менен ашталып, аны андан бетер толгонуп гүлдөгөн глицинанын сабактары чырмап, тепкич артына самсаалап турат. Алар да колумдагы зымдын темирге тийгенде чыгып жаткан учкуну сыяктуу көгүш түстө. Тепкичтин биринчи бөлүгү жарымдап калган жерде комунналдык ажатканага кеткен аянт бар.

Короонун тургундары мезгил мезгили менен ошол жака өтүшөт, алардын колу тосмонун аштоосуна тиери менен мен ток жиберип коём. Адатта алар кыйкырып, же унчукпай  аянтта секирип калышат, ток урганын ар түрдүү кабыл алышкан менен бараткан жагынан баш тарткандар болгон жок.

Зымды колумдан чыгарбай, катты окуп чыктым. Ошол замат эле бул оюндан кызыгым тарап, анын кереги жогун, кыязы, эми мындай оюнга кайрылбасымды сездим, зымды таштап, үйгө кирдим.

Кат кимден экени жазылбаса да ким жазганын билдим. Ал мындан эки жыл мурда чогуу окуган  классташ кыздан эле. Эки жыл мурда бөлүнүп, илгерки классикалык гимназиянын үлгүсүндө балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө мектептерге окуп калганбыз. Ошондон бери ал кызды көргөн да эмесмин, эстебей да калгам. Класстык журналда биз катар катталган элек. Катар жазылганды андай кой, атабыздын аты менен атыбыздын баш тамгалары – инициалдарыбыз да окшош эле. Мындай төп келгендик кантип билинбей калсын. Биз ошондо эле мындай жөрөлгө жөн эле жерден болбой турганын сезгенбиз. Эми мына,  кат.

Алтын түспөлдөгү тамгалар жаркылдап кагазда бийлеп жатты. Катты бир нече жолу кайталап окуп, жазган адамды мен да жактырып калдым, ошол замат майдалап тытып, акыр-чикир салган жашике ыргытып салдым.

Менин бул кылганым улуу патриархалдык намыс, өзүм да толук сезе билбеген, жаңыдан телчигип келаткан жаш социалистин логикасы болсо керек. Ал түшүнүктү, азыр эми мындайча чечмелесе болчудай: мен алган кат – бул зор бакыт, а бактыга чөмүлүш башкалардан өзгөчөлөнүп, ачка адамдардын арасында ток жүргөндөй эле уят иш. Бирок бакыттан баш тартыш кыйын (тактика!), ошондуктан аны башкаларга билгизбей, башкача айтканда башта эле сактап, шек билдирип, далил болчу нерселерди жок кылыш абзел.

Эми ошол кызга жолугуп калсам деген үмүт менен көчө таптап жүрөм. Жолугуп калсам не кыларымды деле билбейм. Оюмда, биринчиден жолугуп, анан ыңгайлуу шарт болуп калганда ал кызга жүрөгүм менен өмүрүмдү тартуулашым керек. Албетте түбөлүккө.

Жолугууну күйүп-жанып, чыдамсыздык менен самап турдум деп деле айта албайм. Жаңыдан телчигип келаткан социалист катары, мен үчүн эң башкысы программа эле, ал болсо тиги кыздын катында абдан ачык белгиленген. Калган бүт өмүр камтылган башкаларында, а он беш жашыңда өмүр ушунчалык зор сезилет, канча коротсоң да кемибейт, аны чачып түгөтө албайсың, ашып-ташып куюлуп турат.

Анан бир жолу досторум менен шаардын негизги көчөсүндө, тагыраак айтканда Генералиссимус көчөсүндө турганда ал кыз эки жолдошу менен жаныбыздан өттү. Мен анын кубакай бетинин кызарып кеткенин, тез-тез шилтенген кадамын, ипичке түспөлүн гана байкап калганга үлгүрдүм. Ушул эки жыл ичинде жаш кыз бой жеткенге айланып, бирок баягы биз жетинчи класста чогу окуп жүргөндөгүдөй эле ипичке түспөлүн сактап калыптыр.

Бир сөз менен айтканда, менин жашымдагы балдардын биринчи сезимин ойготконго негиз болгон назик, кызгылт нурлуу жалын бар. Ушул сезимди башынан өткөргөн ар бир бала же ушул сүйүү сезими менен алгачкы эмделген ар бир бала бул жалынды, анын кол тийгис назик кыялындагыдай кылып, билгичтик менен, ал эмес жапон багбанынын чеберчилиги менен анын чырмалышкан, үлбүрөгөн көксөөсү барын бир эле кызга бириктирип койгон, өзүнүнө гана арналган белек катары сезгенинде го. Бул жаратылыштын табышмагы эмей эмне.

Анын кызарып кеткен бетин көрүп, катты ушул кыз жазганына толук ишендим, бирок жакындап баруу оңой иш эместигин сездим. Бири бирибизди жалт карап, көздөрүбүз чагылыша калган менен, экөөбүз эки жыл мурда чогу окуган жакшы тааныштардай болуп жөн эле учураша албай турганыбызды сездик, анын үстүнө катта айтылгандар да купуя сакталышы керек.

“Жок, жок!” – деп кыйкырып жатты анын чагылыша калган көздөрү, азыр эмес, бул жерде эмес, азыр мени менен учурашып калсаң, менин катым тууралуу досторуңа айтып, анда мен уятымдан өлгөнүм ошол.

Эми тез тез эле жолугуша калчу болуп калдык. Кээде эжеси менен же бир топ кыздар жана мен тааныбаган балдар менен келаткан болот, ага жакындашуу уламдан-улам кыйындашып баратканын сезем.

Баса, жашы бир же эки жашка жогору болсо да эжеси да биз менен бир класста окуган. Эмнеге андай болуп калганын билбейм, менимче, көчпөй калган болсо керек. Элге билинип калбасын үчүн эжеси менен да учурашпайм, анткенимди кыз сезип да койгон жок окшойт. Анткен менен ушул маңыроо чалыш кыз, балбылдаган көздөрү, назик сурмасы, албырган эриндери, апакай өңү менен сиңдисинен чырайлураак болсо керек, бирок балдарга сиңдиси жагат. Анткени андан, сиңдисинен, тынчыңды кетирген, чыдамың кеткиче күттүргөн белгисиз бир майрам, шаттык чагылышып, айлана чөйрөңдү нурга бөлөп турат. Бир сөз менен айтканда, жакындап барыш кыйындагандан кыйындап барат. Бир ыңгайлуу учурду күтүп жүрөм, дегинкиси анча деле шашкан жокмун, эми бардык кийинки жашоом ага, жалгыз гана ошол кызга арналгандан кийин, кайда шашмак элем. Бирок ошол эле мезгилде анын жанында башка кыздар, балдар менен бирге бир аскер адамы, досторум түшүндүргөндөй капитан чининдеги бирөө пайда боло баштады.

Сүйгөнүмө жолугуп калганда, жанында капитан жүрсө, уялгандай, корунуп башын жерге салып калганын байкадым. Анын корунуп калганы мага майдай жагып, бирок өтө эле ашкере баалап атамбы, мени чексиз сүйгөндүгүнүн далили катары кабыл алып жүрдүм.

Ага көз карашым менен, капитан үчүн анча корунбай эле кой, экөөбүздү кандай сыр бириктирип турганын билебиз да, ал байкуш мен сыяктуу кат алган эмес, улгайган жаш курагына караганда, эми андай кат деле алышы күмөн деп ишендирип келем.

Капитан жыйырма жети жаштардагы жигит эле, менин түшүнүгүмдө - сүйүү үчүн өтө эле өтүшүп кеткен курак. Ошончолук өтүшүп кеткен, ыңгайы келсе, төшүндөгү медалдарын ызаат менен сылап туруп, Лермонтовдон:

Айтыңызчы аке, чыныбы же жалганбы
Москваны өрткө чулгап,
Француздар алганбы? – деп сурап койсо болчудай.

Сүйгөнүм көз карашымды туура түшүнгөн көрүнөт, эми жолуга калганда капитан жанында болсо да корунбай калды, эриндери гана жылмайгандай жыйрыла түшөт, мен анысын кытмырланып жатканы деп түшүндүм. Анан кантсин байкушум, бирөөнү сүйүп, бирок башка эле бирөөнүн жабышканына чыдаган да кыйын.

Ошентип, элжиреген маңыроолукта, мезгил мезгили менен сүйгөнүмдү билинбей узатып жүрүп, эжеси жана капитан болуп, шаардык парктагы бий аянтына каттай баштаган жай айларынын ортосуна да жеттим. Парктагы музыканын таасири астында сезимимди анча-мынча ич күйдүлүк аралай баштады көрүнөт.

Өзүбүздүн жана олжого түшкөн музыка агымында бий аянты шалкылдайт. Бийлегендердин арасында капитанды суроолуу тиктеген анын кубарыңкы жүзү көрүнөт. Капитан узун бойлуу, келишкен жигит. Ал кызды өйдөдөн ылдый көңүл кош тиктеп, шайтан алгырдыкы, менин намысыма тийип, жылмайышында мыскыл бардай.

Ал кездеги бий аянтындагыдай ыпластык азыр жок. Дагы эле көз алдымда – ушул асфальталган аянтчада жылдар бою бийде тегеренип, ар бир жылдан, ар бир бийден кийин аялдык, адамдык сапаты күбүлүп атып, ачыккан көздөрүнөн көнүмүштүн бет кабы билинген кара далы кыздар жүрөт. А тиги жалмаңдаган уятсыз өспүрүмдөр, тигил улгайып калган, азыр жай турмуш кечирип жүргөн, бул жерге илгерки жоруктарын эстегени келген мурдагы кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү, акырында эч ким тең келбес, суу ташыгыч сыяктуу кыйшактап, ошол жылдары атактуу деп эсептелген, капталдап жылып, чач тарачта отургандай көздөрүн чакчайтып кыймылдаган биринчи бийчи жүрөт!

Күтүлбөгөн жерден аянттын четинде же ортосунда кичинекей мушташтын айлампасы пайда болуп, ага улам башка адамдар тартылып, кыйкырык, ышкырык, ар жакка качкан кыздар менен коштолуп чуу түшүп калат.

Ушул ыпластыктан уялам, сүйгөнүм үчүн, өзүм үчүн корком. Кооптонуу, ошону менен бирге мушташ, кан чыккан жерде дагы эмне болуп кетет деген кызыгуу, ага кошумча, ушул жердеги абдан орой мамилелерден өзүңдү кем сезип чочулоо, ошону менен бирге ошол чочулап турганыңды жашырып, ушундай жагдайда өз киши экениңди, сөзүнө караганда кылганы көп, бөлөктөр билбеген нерселерди билген адаммын дегендей бир жак ууртуңдан ырсайып турасың.

А негигиси, сен ушул жерге кирип келгениңде эле ыйгарылган, төмөн түшүп кеткен баркың. Өз баркыңды өзүң түшүрдүң, ал да жеткиликтүү болбой бир аз кысылып, өзүңө өзүң жакпай турасың, кысылганыңды деле эч ким туйбайт, ал өзүңө болгон нааразылык да. Бирок өңүңдө нааразылыктын белгиси бар, ошол белги аркылуу, сен туулгандан эле жалгыз бирөөнү көпчүлүк болуп баса калып сабаганды, жөн эле жерден эч нерсе байкабай турган жигиттин же ал жандап жүргөн кыздын артына жаба түкүргөндү, сага коркунуч болбой турганда, коркунуч болуп турганда деле, (коркунуч болбой турганы дурус десеңчи), башка да балит иштерди жасоо колунан келбеген келесоо экениңди дароо эле билип коюшат.

Ушул ойлор кызымдын бийлегенине суктанып жүргөн бир нече күн бою мени чулгап жүрдү. Акыры бир күнү досторумдун бирөө кезектеги бийден кийин кыз, эжеси, капитан болуп олтурган олтургучка түртүп олтургузду. Кысылганымды билгизбей, калп каткырымыш болуп, мындан эки жыл мурда экинчи мектепте, жанагы стадион менен чиркөөнүн ортосундагы мектепте чогу окуган классташы экенимди түшүндүрдүм. Алар ал мектепти ансыз деле унутпайт эле, анткени ошол мектепте окуусун уланткан (бизди – балдарды башка мектепке которушкан).

Ага кошумчалап, биз чогу окуп жүргөндө аты-жөнүбүз бирдей тамгадан экендигин да айтып салдым.

Мен бабырап жатканда кызым бирде башын көтөрүп, өңү бир кызарып, бир бозоруп, көздөрү чатак чыгарбоомду жалбара суранып, бирде өз капитанына бурулуп, бармактарын көкүрөгүнө тийгизип, ушул жеңил наз менен аны тынчтандырып, ошол эле мезгилде мен айтып жаткан мезгилдерден өзүн секин оолактатып жатты. Мен бабырап жатып, көздөрүбүз чагылыша калганда көз карашым менен (тигини көзүмдүн кыйыгы менен көрсөтүп), ал эч качан, кандай күндө болгондо да экөөбүздүн ортобуздагы улуу кат тууралуу эч нерсе билбей өтөт дегенди билдиргенге аракет көрүп жатканымды айтпай калыпмын. Менин чакчелекей бабыраганым, мектептин орун алган жери тууралуу кошуп койгонум деле, ошол кезден бери биздин арабызда эч кандай кат түрүндө тургай ооз эки  байланыш болбогонун капитанга ишендирүү үчүн болгон аракет эле.

Капитан биринчи сөздөрүмдөн кийин мен жөн эле жабышып жаткан жигит эместигимди түшүнүп, тынчтанып калды.

- Костя, - деп колун сунуп тааныштыргандан кийин колумду кыса кармап койду.

Бир аздан кийин кыздын эжеси менен бийлегени кетип, эки-үч бий мезгилинде жаныбызда болгон жок.

Сүйүктүүңдүн жомоктогудай аппакай жүзүн, чегип койгондой мурдун, ичке, узун, келишкен мойнун карап, атырынын жытын сезип, жанында отурган кандай рахат. Мен ал кезде атыр эмне экенин деле билбейм, сүйгөнүмдүн өзүнүн жыты экен деп эле, ошого жыргап отурупмун.

Досторумдун үчөө атайы эле билмексен болуп жаныбыздан өтүшөт. Алардын кабагынан жыргап отурганыма нааразы болгондору туюлат. Көздөрүбүз чагылыша калганда аларга түбөлүктүү болбосо да, жыргалдын туу чокусунда олтурган адамдын жылмайуусун тартуулап койом. Менин бул жылмайганыма алар акшыйа карап, ошол аркылуу бул туу чокудан түшүп, эмне болуп жатканын талкууга алууга чакырат. Кыздын жанына түртүп отургузганда алар менден бир шакабалуу окуяны күтсө керек.

Акыры алардын бири жанагы түртүп отургузганы, кыязы менин ушул кылык-жоругум үчүн чоңураак жоопкерчилик сезип жатканбы, жаныбызга келип кыздан кейкейип кечирим сурап, мени ээрчитип кетти.

Ал Ленинграддан эвакуацияга келген бала эле, ошондуктан биз анда илгерки петербургдуктарга таандык ак сөөктүк бар деп эсептеп, ал да ошонусун баса белгилеп калчу. Биз он кадамдай четке чыктык.

- Сен эмне, жинди болуп калдыңбы? – деди мени жаман көзү менен карап.

Ушул досум өзү мени түртүп барып отургузганын, калганы жөнөкөй жана эң жакшы багытта болуп кеткенин эстеп, өзүм күтпөгөн, ал андан бетер күтпөгөн жерден кучактап калдым. Ал кыжырлангандай силкинип, балдарга басып кетти. Мен артынан карап турам. Узун бойлуу, арык, парламентёрдун так кадамы менен баратат.

Каты тууралуу бет тырмарлык кылып опузалоо оюма да келген эмес, бирок эми экөөбүз жалгыз калганда таза ниет менен жан дүйнөбүздү бириктирген кат дарегине жеткенин билдирип коёюн дедим эле.

- Ой, тытып салыңыз! – деди кат жөнүндө угуп, көйнөгүмдөн кармап, - Мен анда жөн эле келесоолук кылып койупмун...

- Эч качан! – деп калп айтып салдым, ушул абалда ошол айткандарыма өзүм да ишенгендей болуп турам.

Ошол кат ойготкон сезим түбөлүк экендигин, эми аны өзгөртүүгө болбостугун айткым келген эле. Ошондуктан өз калпыма өзүм ишенбедим окшойм. Ал улутунуп колун тартып алды. Мен энегедир кыздын эжесин колтуктап, чынын айтканда, колтуктаганды биле элекмин, отургучту карай келаткан капитанды өйдөсүнүп, мөрөй уткан адамдай карап калдым.

Ошол күндөн баштап тез-тез жолуга турган болдук, эмнегедир, дайым эле төртөөбүз болуп калабыз. Мен капитан эжеси эмес, кызымдын өзүн жактырып жүрөрүн билчүмүн, бирок эч кандай ичи тардык, кызганыч болгон жок. Андай сезим болушу да мүмкүн эмес эле, бул эми оттун жанына отура калып, колун жалынга тосуп жылынган кишиден отту кызгангандай эле кеп да. Салыштырууну дагы улантып тагыраак айтсак, суук түндө капитан сенден мурда эле эскирип калган казанчасын асып коюп, кашыгы менен аралаштырып, сүйүү даамын даярдап жаткан отко өзүң кийин келбедиңби. Ошондуктан сен эмес, оттун жанынан сага орун берди ал, орун бергенин го берди, бирок тиги казандагы даамды дагы эле өзү аралаштырып жатпайбы. Ал отту сен биринчи байкаганың, ал эмес туурасы, от сенибайкап, учкундарын жылтыратып сени өзү чакырса да эмне экен, азыр экөөң тең ошол отко жылынып, анда калаймакан түшкөндөй эч нерсе деле жок.

Убактылуу тең салмактуулукту, ынтымакты сезип, мен ошондой ойлоп жүрдүм. Эртедир кечтир ичи тардык же ошого окшогон бир нерсе болот эле. Болуп кетти. Биз чогу жүргөндө суу ичмей, бал муздак, паркка, киного кирмей сыяктуу, чынында киного анда-санда барчу элек, майда-барат чыгымдар өзүнөн өзү капитан тарабынан болуп калган.

Башында ошондой убактарда өзүмдүн жалгыз бир сомумду алып чыгып калчу элем, бирок кыз болбой эле акчамды кайра чөнтөгүмө солоп, кийин ошого көнүп да калдым. Адам дегениң бекер оокатка тез көнөт эмеспи.

Бир жолу капитан, экөөбүз бирдей сүйгөнүбүздү жүзүмдүн ширеси менен сыйлап жатып, эжеси экөөбүздү карай жаңсап:

- Алгыла, Чарли сыйлайт, - деп койду.

Мага мунусу дөөгүрсүп жаткандай сезилди. Азыр болсо ал ушул айтканы менен мени ыза кылып кемсинтейин деп деле ойлобогонун билем, а ошол убакта жиним келип, ошол жакшы жигитти биринчи жолу душман сезип калдым. Эң башкысы, баш тартып койсом акылсыз, кийин болуп кетүүчү чоң тирештин башталышын сезип, стакандарга куюлуп калган ширеден баш тарта албадым, андан да абдан суусап турганымды кантейин.

А баарынан кейиштүүсү, ушул бай, телегейи тегиз көрүнгөн адамдын - капитандын тамашасына, кыз эрдин стаканга тийгизе жылмайып калды, анын күлкүсү мени кемсинтип жаткандай туюлду. Бул менин намысыма тийди, мен кийин ошол күлкү тууралуу көпкө эстеп жүрдүм, анан акыры эч кандай деле күлкү болгон эмес, жөн эле стакандагы суюктуктан жарыктын чагылышынан улам кыздын эриндерин ошондой көрүнгөн деген бүтүмгө келдим.

Андан да жаманы, биз киного баралы деп сүйлөшкөнбүз, а менде кашайып, бир да тыйын жок. Ошондой абал түзүлүп калгандан кийин анын эсебинен киного киргенге такыр болбойт эле. Бирок ачык эле баш тарткан да жакшы эмес, анткени себеп жок, баш тарткандан кийин аларды таштап баса бериш керек, а менин кетким келбей турат.

Албетте, буга чейин деле дайым эле анын эсебинен пайдалануу жакшы эмес деп ойлочумун, кайталап койоюн, анча деле чоң чыгым эмес болсо да. Бирок мен аларга кошулуп, такай жолугушуп жүргөн биринчи жыргал күндөрдөн бери эле муну эркектер ортосунда боло жүргөн мамиле, бүгүн сен сыйласаң эртең (эртеңим белгисиз мезгилдерге созулуп атса да) мен сыйлайм деген мамиле катары кабыл алып жүрчүмүн.

Андан башка да кээде ушул абалды башкача өңүттөн караган ой да башымда кылтыйа түшөт, мен ал ойдо кичине кытмырдык бар экенин сезип, атайы эле акырына чейин ойлобойм. Бирок болбой эле жеңил сөлөкөт болуп дайым башыма келе берет, ал тууралуу айтпай кеткеним деле туура эмес болор. Анын мааниси, менимче, а балким бир аздан бери ошондой сезилип жатабы, биз, кызым экөөбүз аны өзүбүзгө кошуп алып, ага кең пейилдик кылып жатабыз, ошол кең пейилдикин акысы үчүн болор болбос чыгымдарды көтөрүп жүргөнү адилеттүү эле болот.

Андан ары жанагы айтылган от менен салыштырганды улантып айтса, албетте, менин отума келип отурганына кызганган жерим жок. Ошентсе да ал от мен үчүн жагылган да, жанагы кат ошол жалында күйүп жаткан чырпык менен жазылган эмеспи?!

Андай катты, деги эле сүйүү тууралуу башка катты кызым дагы бирөөгө жазышы мүмкүн деген ой башыма да келмек эмес, менин оюмда андай катты адам өмүрүңдө бир эле жолу жазып, андан кийинки жашоосунда ошол каттын кулу болуп калат, катта жазылган деңгээлди сактап, андан башка нерсеге алагды болбошу керек. Анан эле барын сыйлап атам деген жанагы Чарли тууралуу кеп. Киоскадан жайкы кинотеатрга келаткан жолдо кандай шылтоо таап анын жаңы “жакшылыгынан” кутулуп кетишти ойлоп келатам, шылтоо табылбайт.

Ал жылдары биздин кинотеатрларда көпчүлүк учурда трофейге келген кинолор көрсөтүлүүчү. Демейде алар опера же узун-узун ырлар менен коштолгон турмуштук окуялар же голландиялык уйдай, голландиялык уйлар ошондой болсо деңизчи, эттүү, кең соорулуу кулпурган “герлс” жөнүндөгү окуялар болор эле.

Көп жылдардан кийин ушул трофейге келген фильмдер рейхтин жетекчилерине жаккандан башка эч деле мааниси жок бирдемелер экенин түшүндүм. Так эле ошондой фильмдердин бирин көргөнү баратабыз. Ал семиз, кулпурган үндүү Жильи[1] башкы ролду ойногон “Мени унутпа” деген кино эле. Чет жактагы шаарчаларда жашаган бардык адамдардай эле, бул фильмди көрө элек болсом да, анын мазмунун эл оозунан угуп, билипалгам. Чынын айтканда, экранда эмне болуп жатканына көңүл бурбай уксаң, Жильинин үнү мага абдан жакчу.

Кинотеатрга жакындаган сайын он минуттан кийин дагы бир кемсинүүгө жолугам, ага кантип чыдамак элем деп, айлам кеткенден фильмди жамандай баштадым. Канткен менен да бул “былчыктардын” искусствосу эле да, а андай искусствону, айрыкча ушундай шартта жамандоо, мен үчүн далилдин деле, өзгөчө чечендиктин деле кереги жок. Бул эле фильмди эмес, эми бардык эле немистерден трофейге келген фильмдерге өтүп, алардын анткор ыйлактай бермей мазмуну үчүн сөгүп атам. Мен канчалык фильмди жамандаган сайын сүйгөнүмдүн эриндери кымтылып, өңү бузула баштады. Ал кезде аял кишини көңүл ачкан жайга бараткан жолдон буруу, байыркы римдик люмпенди Колизейге бараткан жолдон бургандай эле опурталдуу болорун кайдан билиптирмин.

“Мени унутпаны” жамандап бүтүп, бардык эле немистерден трофейге келген фильмдерге өткөн кезде, кызым күтүлбөгөн жерден:

- Сен немисче үйрөнүп жүрдүң беле? – деп сурап калды.

- Ооба, эмне экен?

Менимче немис тилин үйрөнүп жатып кайра немис фильмдерин жамандап койгонума шек санап калды окшойт. Бирок суроонун мааниси башкада экен.

- Костя менен сүйлөшүп көрчү, - деп калды, мага кандай көзүр берип жатканын сезбей, - ал эки жыл Германияда жашаган.

- Шпрехен зи дойч? – деп кубанганымдан чырылдап ийдим, таза кандуу немис поленезиялыктарда көп жылдар туткунда болуп, жердешине жолуга калгандай.

- Натурлих, -деп койду оозу бош, менин чабуулумдан тайсалдай түшүп.

Мага болсо кудай берип салды. Ал кездерде чет тилдерди тез үйрөнчү элем, ошондон болсо керек, бир да тилди аягына чейин толук өздөштүрө алган жокмун. Немисче үйрөнүп жатканым эки жылдай болуп калган, немис туткундары менен анча-мынча сүйлөгөнгө жарап, алар так сүйлөт экенсиң деп мактап калышчу. Менимче, мен аларга чылым бергеним үчүн эле болсо керек. (Прима Дойч!)

Тил үйрөнүп жатканда уктап, чоочун тилде тез-тез сүйлөп жиберген элирме абал болуп калат. Сооңдо андай сүйлөй албай такала бересиң, тегерегиңдеги тааныш буюмдар  эки тилде бөлүнүп, ажырап көрүнгөндөй, бир сөз менен айтканда мээң башка тилдин тоскоолдугун ошентип жеңет. Мен анда ошондой абалда элем.

Ошол убакка карай немис макал-лакаптары, революцияга чейинки тил үйрөнүү сөздүктөрүнөн ак сөөктөрдүн сөздөрү, фашизимге каршы ураандар, Маркс менен Гетенин афоризмдери, тил үйрөнүп жаткандар үчүн немис шпиондоруна карата кыраакылыкты күчөтүү делген кыска текстерди жаттап (шпиондор чочуганынан жергиликтүү тургундар менен немисче сүйлөп жиберет дешкени го), бир топ ташыгып калган элем. Андан башка да орусчадан немис тилине которулган патриоттук ырларды, немис классикалык ырларын жаттап алгам.

Ушул күйүттүү мезгилде өктөм салып, ошонун барын жаадырып калдым.

- Сиз немис тилинде сүйлөй аласызбы? – деп туруп эле ага карап, эмки кварталдын башындагы жайкы кинотеатрды карай кадамымды жайлатып да койбой. - Вундербар! – соктуруп атам. - Тилди өзүңүзчө үйрөндүңүзбү же жогорку окуу жайындабы? А-а билдим, сиз тилди Германияда союздук армиянын офицери болуп жүргөндө үйрөнгөн турбайсызбы. Туткунда болгон жок белеңиз? Жок, жок, бул, албетте, тамаша. Карл Маркс тилди түшүнүүнүн эң жакшы белгиси, бул ошол тилдеги тамашаны түшүнө билгенде, а чет тилдерди билүү турмуш үчүн күрөшүү куралы деген экен.

Мен Костяны карап, ал эч нерсе түшүнбөй атканын сездим. Мезгил-мезгили менен өңүндө түшүнгөндөй үмүт пайда боло калып, тааныш сөздүн учугун кармагысы келет, бирок анын артынан тааныш эмес жаңы сөздөр келип адаштырып кетет.

Өзүмдү жеңүүчү сезип атам. Кинотеатрга да келип калдык. Бадалдардын жана сквердин дарактарынын далдасынан элдин кобуру угулат, байкабай ашык билет алып алып аны кайра саткандар жүрөт. Алардын биринчисин көрүп, кубангандан секирип ийе жаздадым.

Сүйгөнүм эрдин тиштеп калды. Кинотеатрга кире бериштеги радиоладан “Вена токойунун жомогу” жеңил музыкасы куюлат.

- Рейндеги күндүн батканы, - деп соктуруп атам, капитанды карап, - Швейцар Альпасында күн чыккандай эле керемет... Бул кыргоолдор биздин үй-бүлөнүн менчик токоюнан. Пробирен зи, битте! Менин токойчум бир кызык адам да.

Ушул жерге келгенде жанынан өтүп бараткан камфор дарагынын башын көрсөтүп койдум. Жанымдагылар таң кала өйдө карап калышты...

- Лимон кайсы аймакта гүл ачаарын билесизби? – деп сурайм капитандан, демейдегидей эле убагында токтоп калганды билбей эрөөлүгөн бойдон.

Капитан унчукпайт.

- Костя, эмне жооп бербейсиң? – мен демимди басып унчукпай калганымдан пайдаланып, тызылдап жиберди биздин сүйгөнүбүз. Кыз капитан үчүн сынып турду.

- Эмне демек элем, - дейт Костя, - Экзаменде ушундай жооп бере алсам кана...

Костя күзүндө Ленинграддагы аскер академиясына тапшыргысы келип жүргөн.Кинотеатрга да келип жеттик. Костя билет издеп эл аралап жүрөт, бирок бекер эле убара, билет жок. Мен кубанып атам, бирок эрте кубандым окшойт, андан да аным ачык эле билинип калды. Жарым сааттан кийин парктагы бий аянтына келдик. Алар адаттагыдай эле бийге түшүп, эжеси экөөбүз отургучта отурабыз.

Ал мезгилде, андан кийин деле мен жакшы бийлей албадым. Бийдин ыргагы көкүрөк чендерде уюп калып эле бутка кечиккен, серпилген түрткү катары өтөт. Ошондуктан эжеси деле мени менен бийлегиси келбейт, жөн эле отуруп бир нерселерди сүйлөшөбүз, андан да жакшысы, унчукпай отурабыз. Чанда-чанда бирөөлөр аны бийге чакырат, сейрек чакырганы аны менин кызым экен деп ойлоп алышканында го.

Ошол кечте да эч нерседен шек албай, ошентип отурат элек, бирок бир бий бүттү, экинчиси, анан үчүнчүсү бүттү, алар жок.

- Алар кайда кетишти? – деп сурайм кыздын көзүн тиктеп.

- Мен кайдан билем? – дейт ийнин куушуруп, маңыроо, торпок  көздөрү менен карап.

- Жүрү карап келели, - дейм бий аянтын жаңсап.

- Мага эмне, жүрү, - деп ийнин куушуруп отургучтан турду.

Силкилдеп жаткан бий аянтын айланып чыктык, бийлеп жаткан ар бир түгөйдү карап чыктым, алар көрүнбөйт. Жүрөгүм сыздап, көңүлүм бузула баштады.

- Балким, тирге киришкендир? – дейм көп ишене бербей.

Кыз ийнин куушуруп, тирге жөнөдүк. Тирде эч ким жок, ээн. Тирдин ээси тосмого далысын салып, күзгүнү карап бутага биринин артынан бирин жабыштыра атып жатат. Мына, төртүнчү огу ондукка тийди.

- Кел, мелдешели, - дейт бурулбай, мылтыгын бешинчи ок менен октоп атып, - мен бир колдоп мылтыкты таябай көтөрүп туруп, сен эки колдоп мылтыкты даяр туруп?

- Жок, - дейм бешинчи окту ондукка тийгизип атканын карап.

Суусундук сатылган жерге келдик, алар ал жакта да жок. Биз издеп жүргөндө алар мурдагы орунга келип бизди күтүп атабы деген да ой кетти. Шашып мурдагы ордубузга келсек да жок. Ушул жерде эле күтө туралык деп чечтик. Алардан дайын жок. Атайын сүйлөшүп алышып мени байкап атышабы деген да ой кетти. Мени келекелеп жатканы билинеби деп, тиги кыздын өңүнө тигилем – жок, оор кабактын астындагы сулуу көздөрү бар баягы эле маңыроо өң. Ал эмес алардын жоголуп кеткенине тынчсызданганы да байкалбайт.

- Балким тигил жакта болуп жүрбөсүн? – парктын караңгы жагын жаңсайм.

Ал унчукпай ийнин куушуруп, парктын ар бир отургучун, булуң бурчун калтырбай аңтара карап жүрөбүз. Ал эмес эстелик түбүнүн жогорку тепкичинде, Сталиндин гранит шинелине жөлөнүп отурушабы деп эстелигинин артын да карадык. Жок.

Акыры, дарактардын жалбырактары жана карагайлардын ийнелери чыпкалап, даңкылдаган музыка басаң угулган парктын эң түпкүрүнө да жеттик. Эч ким жогу көрүнүп турса да, самшит дарагынын түбүндөгү отургучка келдик. Эмнегедир ушул караңгы отургучту карагым келди, дааналап көрүп, көксөөм суусун дедимби... Келип, туруп калдык. Отургучтун жанында пампас[2] өсүп турган экен. Алар ошол чөп түбүндө отургансып, самсаалап турган сабактарын ачып карайм.

- Жок экен, - дедим чөптүн шуудураган сабактарын жапырып.

Кызды карап калдым. Ал ийнин куушурат. Эмнегедир парктын ушул эл жок алыскы бурчу, араң угулган музыка жана моймолжуган, эриндери албырган бойго жеткен сулуу кыз бир бүтүн болуп, көз алдымда чайпала түшкөндөй, колдорум ийиндерине артыла түштү, ошол замат чоң, кейиштүү бир ой мени каптап өттү.

- Алар кайда болушу мүмкүн? – дедим, жанагы каптап өткөн ойго чейинки табышмактуу абалды кайрадан сезип. Бирок кыз да кыялым өзгөрүп кеткенин байкап калды көрүнөт.

- Мен кайдан билейин? – ийнин куушуруп койду, мунусун колдорумдан бошонууга болгон чечкинсиз аракет катары түшүнсө да болчудай.

Мен колдорумду ийинен алдым. Ошол зырп эте түшкөн ой мени ошончолук бийлеп алды, кечтин калганын унчукпай, саат он экилерде кызды үйүнө узатып барып да ошол ойдун туткунунда болдум.

Колдорумду ийинине койгондо анын узун кирпиктүү, бакырайган сулуу көздөрүн жакындан көрдүм, азыр аны өөп жибереримди сездим, бирок ошол замат жан сезимимдеги улуу, кайталангыс, анык сүйүүм нугунан бөлүнүп, оңой эле башка дагы бир тутамдашып кеткен багыт боюнча жүрүп кетиши мүмкүн экендиги оюма зырп дей түштү. Ошондо турмуштун, анын ичинде өз турмушумдун, өз сүйүүмдүн көп кырдуулугун сезип, ал эмес даана көргөндөй болдум. Жашоомдо ушундай чыңалган көз ирмемдерде турмуштун көп кырдуулугу улам билинип, бирок мен ошол көп кырдын бөлүнө түшкөн жаңы багытынан пайдалана албай турганымды, эски нуктан чыга албаган кемдигиме... кейүү сезимде болдум. Анткени мага окшогондорго башка нуктун кереги жок, биз анык кайталангыс, башкы нукта болгонду жактырабыз. Ошол негизги нук үчүн башыбыз жарылып, жан дүйнөбүз бырчаланса да мейли, тутамдашып кеткен башка багыт бизге жакпайт, андай багыттан жийиркенебиз, андайды уккубуз да келбейт, ага жетели деп аракет да кылбайбыз!

Азыр ушул сезимди бир аз өзгөртүп койгонум болбосо, ошол сезим биринчи жолу ошол жакшынакай, жан дүйнөмө бүлүк салып кеткен кечте болгон эле. Алар кайда жоголуп кеткени эсимде жок, ошондуктан ойдон чыгарып эч нерсе айткым келбейт; бир шылтоо айтышкандыр, мен ишенгим келген, ишенсем керек. Кандай болгон күндө да мезгил-мезгили менен жолугушуп жүрдүк. Кээде чыдабай кетем, бирок каныма бүткөн жакшылыкка ишенүү, баягы эстен кеткис кат кайра эле үмүттөндүрө берет. Жанымды коёр жер таппай, үмүтүм үзүлүп, бардыгы жалган, кат жөнүндө жөн эле түш көрсөм керек деген оор минуталар канча жолу болуп өттү.

Бир жолу менин көзүмчө эжеси менен бирге окуп жүргөн жылдар тууралуу сүйлөшүп атып мен жөнүндө:

- Эсиңдеби, окуп жүргөндө кандай эле, азыр кандай...  - деп калды.

- А бул сөздү кейигендей, өкүнгөндөй айтты. Денем муздай түштү, бирок унчуккан жокмун. Бүгүн кечээкиден жакшымын, эртең бүгүнкүдөн да сонун болом деп ишендирмек белең, ошондой экенин далилдегим келип турса да.

Ошол кечте күзгүнүн алдына үмүтүм үзүлүп, малярия соруп саргарган өңүмдү көпкө карадым. Бирок тараза ташы мен жакка оой баштады. Ар бир жолуккан сайын анын бөлөктөргө билгизбей мага ык салып калган мамилесин сездим. Байкуш капитан жаман болуп жүрдү. Акыркы жумада үчөөбүз эле сейилдеп, капитан жолобой калды, ашык болуп калганын сезди окшойт. Тарбыя көргөн жигит болгондуктан, ал тууралуу сураган деле жокмун, жеңиш мен тарапта болгондугун да байкабагандай түр көрсөтөм.

Акыры, кайталангыс, эңсеп жүргөн кеч – экөөбүз эле калдык. Кубангандан эмне кыларымды билбейм. Чынын айтканда, эртедир-кечтир ушундай кеч болорун билгем. Бул менин ырааттуу теориям капитандын, дегинкиси дурус эле жигиттин, жылаңач практикасынын үстүнөн болгон жеңиши эле.

Эмне кыла алат элең, мендей болуп кат албагандан кийин, кыпчылганың деле бекер. Кыпчылба, капитаным, акчаңды чачпа, ушундай албуут деңизге бой таштаар алдында почто аркылуу лоцмандын картасына окшогон бир нерсе - кат алган адамдынкүлкүсүн келтирбе.

Кеч. Биз анын үйүнүн дарбазасынын жанындабыз. Жылтылдак, куюлушкан көк көйнөгү ичке денесине чыпталышып жарашканы укмуш. Үйүнүн терезесинен бизге жеткичекти жүзүмдүн жалбырактарын аралап өткөн күңүрт жарык. Жарык менен кошо кобур-собур үндөр, күлкү угулат. Айдарым жел менен бышып калган жүзүмдүн жыты келет.

Мен анын алдында туруп, ушул күңүрт жарыкта биринчи өбүшүү бышып жетилип калганын сездим. Кандайдыр бир астраномиялык жайчылыкта, бирок сөзсүз болуучу жазмышка тартылып, бетим анын ушул күңүрт жарыкта агарып көрүнгөн бетине жакындай берди. Ал мени элжиреткен, балбылдаган көздөрү менен сынагандай, кызыккандай, анысын сезип турам, уурдана тиктейт.

Мен алдыда болуп кетүүчү кереметти күткөндөн эле эмес, анын натыйжасында уланып кетүүчү маселеден кооптонуп, катуу толкунданып турам. Ушул көз ирмемден кийин эмне деген тагдыр жаралып кетерин бул кыз сезип жатабы, жокпу, түшүнө албайм.

Ал көз карашынан бирде кайрат байлап, бирде жүрөксүп өөп жибергенге даабай турам.

- Өңүң улам өзгөрүп кетип атат, - деп шыбырайт таң калгандай.

- Билбейм, - деп шыбырайм, өңүм улам өзгөрүп турганын билип эле атам, бирок аным кызыма билинип калат деп ойлобопмун.

Катуу толкунданганым кызга билингени жагып турат. Эгерде өпкөнүмдөн уялгандан же жийиркенгенден чочуп кетсе, толкундангандан башымды жоготуп койгонумду шылтоо кылам деп ойлогонго да үлгүрдүм.

Мына, анын апакай жүзү улам-улам жакындап, жылуу толкунга эрип кетүү...

- Кереги жок, - шыкактап, суранып жаткандай шыбырын угуп, эриндеримди сүт, бал жыттанган (балким наристе же андан да мурда эстутумга уюганбы?) бетине батырам.

Убакыт токтоп калды... баш тегеренет... анан эриндерим бетине биринчи тийгендеги булут тарап, сезим курчуп, таттуу... өтө эле таттуу болуп барат. Мына эми кучагымдан суурулуп чыгып, дарбаза... караңгыда көрүнбөй, үйүнө кеткен жалгыз аяк жолдо такасынын тыкылдаганы гана угулат, ананүйдүн астындагы тепкичтеги... анан жарыкта пайда боло түшүп, ачкыла дегендей эшикти тыкылдатып, ыкчам эңкейип, чачы көзүнө түшүп кеткенин байкап калдым, почто жашигин тешигин шыкаалады.

Болуп өткөн окуяга мас сыяктуу, ошол эле убакта анын эч нерсе болбогондой кыймыл аракетине башым жетпей турам: мага жазылган каттан кийин, а эң негизгиси азыркы болуп өткөн окуядан кийин дагы кандай катты күтсө болот эле? Ал эшик ачылгыча бир нече секунд күтүп калды, мен аны карап, өзүмдөгү болуп көрбөгөндөй кубатты сездим, мына азыр ал мен тарапка бурулуп караганын кааласам, ал бурулуп карайт.

Бир нече секунд мен жакты кара деп ичимден өтүнүп, менин өтүнүчүм сөзсүз ага жетет деп аны тиктеп турдум. Эшик ачылды, ал мени карабай кирип кетти. Андай болгонун көп деле этибар албай шаар четиндеги чакан жер аянты бар, чакан үйлөр салынган тынч көчөдө үйдү карай келатам. Ар бир үйдүнкашаа, дубалынын ары жагындагы иттер ажылдап тосуп алып, өз короосунун чегине чейин узатып, мени тынчы кетип күтүп жаткан башка короочуга өткөрүп берет. Иттер мени эстафета сыяктуу бири бирине тапшырып жатышты. Мен аларга көңүл бурбадым. Эркектин же көптөгөн жаңылыштардан кийин сыйкырдын биринчи тажрыйбасын өткөргөн алхимиктин өзүнө корстон болуп турган сезими бийлеп турат. Колумдан бардыгы келчүдөй, өзүмдү теңдешсиз кубаттын ээси катары сезип турам. Айрыкча катуу ажылдаган ити бар кашаага токтодум. Ит жарып салчудай тажаалданып, арткы буту менен жер тытат.

Тизелеп кашаанын жыртыгынан анын жинденгенден эч нерсе түшүнгүсү келбеген көздөрүн тиктеп, сүйүү, жакшылык бул дүйнөдө бардыгын жеңет, мен кааласам – ажылдаганыңды токтотуп, кубанганыңдан кыңшылап колумду жалап каласың, анткени мен азыр, мен сени да жакшы көрүп турам, келесоо, макоо дөбөт, - деп айтып атам. Ит чындап эле келесоо окшойт, айткандарымды түшүнбөй ажылдап үрүп атат.

Эртеси дагы эле кечээги жолугушканыбыздын таасиринен айрыла албай, анын ар бир көз ирмемин ийне жибине чейин кайра-кайра эстеп, а эң негизгиси өзүмдү ошол окуяга чейинкиге караганда дегеле башкача, өйдө сезип, деңиз жээгинде сейилдеп жүрөм.

Кийинки жолугушуу бир күндөн кийин болмок. Кечээ бүгүн дажолугалы деп жакшы эле сурангам, үйдө жумуш көп деп такыр макул болбой, азыр эми күн аттатып жолугугушуу деле жаман эмес деп ойлоп турам.

Кечээки болгондорду ойлоп жээкте жүрөм. Күн ачык, бирок анча ысык эмес. Күтүлбөгөн жерден Костяга жолугуп калдым. Ал да жалгыз сейилдеп жүрүптүр. Учурашып, мен анын колун мурдагыдан катуурак кысып, ошону менен кыздан айрылып калганына анча капа болбо, сени да бир жакшылык күтүп жаткандыр дегенди билгизгим келди. Ал да колумду мурдагыдан катураак кысып, кечээки өткөн окуяны боолголоп, менин жеңишимди унчукпай куттуктап жатат деп ойлодум. Мындай ак көнүлдүүлүккө жетине албай, колун дагы кыстым. Ал кызга жолугуп, кыз болгонун айтып берсе керек деп ойлодум.

- Сен кызга жолуктуңбу? – деп сурап ийдим.

- Жок, бир топ күн машыгууда жүрүп азыр эле  келдим, бүгүн кетем.

- Кайда?

- Ленинградга,- мени кызыккандай тиктеп, - ал сага эмне, айткан жок беле?

- Балким, унутуп калса керек, - дедим анын көз карашына чыдап.

Анын бул айтканы чагылган ургандай эле болду. Эркимди топтоп, удургуп бетке тепкен канды басаңдатканга аракет кылып атам.

- Ал мени узатканы келет, - деди көнүмүш эле нерсени айтып жаткандай.

Жээкте баратабыз. Ал аттанаар аяк кылып бир жерге отуруп коштошолу дегендей, мага эч нерсе угулбагандай, башыма эч нерсе кирбей, ыңгайы келе калганда эле баса бердим.

Мына сага, көрсө менин жеңишим ошого байланыштуу экен да! Мен жөн эле убактылуу бош калган мезгилди толтурган экемин да! Кийинки жолугушкан күндөрдү кайрадан электен өткөрүп, мага болгон мамиленин өзгөрүшү, көңүл буруулар ал кетип жаткандан гана болгону башыма жетти.

Мен ал академияга окууга кетерин билчүмүн, бирок эмнегедир кийинчирек августун аяк чендеринде болот деп ойлоптурмун, экинчиден атаандашым жөн эле кетип, ошону менен мөрөй мен тарапта болот деген оюма да келген эмес. Ушунун бары башыма жеткенде ыплас нерсеге тийип алгандай көңүлүм муздады.

Ишемби күнү кечинде, порт жактагы көчөдөн эжеси, жолдош кыздары менен жүргөн экен, жолугушуп калдык. Калыптанып калган адат боюнча мен аларга барышым керек эле.

Ал өгүнкү кечтеги куюлушкан көк көйнөкчөн эле, азыр ал көйнөгү мага жылаандын терисине окшоп кетти. Биз баш ийкешип учурашып койдук, бирок мен барган жокмун. Эки бөлөк, ал өз тобунда, мен өз тобумда сейилдеп жүрдүк.

Мени жолдош кыздарынан уялып жатат деп ойлодубу, эжеси экөө бир аз бөлүнүп артка калышты. Анда да барган жокмун. Табам канып, өңүндөгү бушайман болуп, ошол кезде мен ойлогондой айласы кетип атканын сездим. Эжеси мени биринчи көрүп жаткансып кылыя карап,көз карашында урматтоо, кызыгуу бардай.

Бардыгын билип алышкан досторумдун көз караштары өзгөрүп, таап алган эбегейсиз байлыгын кайырчыларга таратып ийип, жарды, бирок ак жүрөк досторуна кайтып келген адамды көрүп жаткандай мамиледе.

Бир топтон кийин эжеси чакырып калды. Өзү жээктеги тосмодо деңизди карап турат. Мен келгенде башын буруп:

- Эмне болду? – деп сурады мени муңайым карап.

- Костя кеттиби? – азыр уялып калат деп ойлоп сурап койдум. Уялган эткени билинбейт.

- Ооба, сага салам айтып кой деген.

- Рахмат, - дедим театрдан көргөнүмө окшотуп, - Андан уурдалган жолугушуулардын мага кереги жок, - деп салдым.

Бул көпкө ойлонуп даярдалган, менин оюмча аны жыга чапкандай сөз эле.

- Ошондойбу? – деп күбүрөдү, өз катасын эми араң сезгендей.

Анан шарт бурулуп, татынакай башын аянычтуу жер тиктеген бойдон, бардык аялдар көз жашын көрсөтпөгөнгө аракеттенгендей эле, менден тез-тез басып алыстай берди.

Артынан чуркагым келип турса да, чыдадым. Шаар ээнсиреп, сейилдөө кызыксыз сезилип үйгө кетип калдым.

Ошол эле күнү кечинде ангина менен ооруп, бир жума ооруп жатканым ажырашуунун күйүтүн басаңдатып, жеңилдеп калдым.

Баса, кийин билингендей, досторумдун бирөө да ар бир жолу бирөөнү сүйүп калса эле ооруп калчу экен. Ооруганда да ошол сүйүп калгандын деңгээлинде, катуу сүйсө, катуу ооруп дегендей, безгектен грипке чейин...

Бирок мага жанагы укмуш катты жазган кыз менен кийин жолуккан жокпуз. Билишимче, ата-энеси ошол эле жылы үйүн сатып, башка шаарга көчүп кетишти көрүнөт.

Биз тааныш болуп жүргөндө эле жанагындай жалындуу катты кыз өзү жаза албайт эле деп ойлой берет элем. Балким, эски романдардан көчүрүп, анча-мынча өзүнүкүн кошуп койгондур. Анысына деле капа болгон жокмун. Мен ал кыз мага өз жан дүйнөсүнүн иероглифи болгон белгисин жиберген деп эсептейм. А иероглифти ким ойлоп тапканы, дегинкиси, анча деле олуттуу мааниге ээ эмес.

А ким билет, балким ага сезим түрткү берип, талантын ойготкондур да, ошол каттан кийин өчүп калгандыр. Ошондойбу, андай эмеспи, бул эми чоң сыр бойдон калды, аны чечмелегим келбейт, бөлөктөрдөн деле андай, мындай деген кеңештеринин андан беш бетер кереги жок. Маа десе укмуштай акылду же ушуну айткан кишини мактаган сунуш болсун, баары бир уккум келбейт.

Которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Беньямино Жильи – италиялык атактуу опера ырчысы, тенор (1890-1957)

[2] Пампас чөбү – бийик 3 м. чейин өскөн көп чылдык чөп.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз