Фазиль Искандер: Чолок

  • 04.04.2024
  • 4341

АҢГЕМЕ

Бала кезде бир жолу түндө, туугандарыбыздын үйүнө баратып ачык көргө түшүп  калып, өтүп бараткан бир дыйкан чыгарып алганча менден мурда түшүп кеткен эчки экөөбүз, бир нече саат чогу бир көрдө болгонубуз тууралуу жазган элем. Бул окуя согуш мезгилинде болгон.

Ошол түнкү окуядан көп өтпөй, биз – апам, эжем жана мен ошол айылда жашап калдык. Башында апамдын эжеси – таежемдердикинде туруп, кийин бир үйдүн бөлмөсүн ижарага алып көчүп бардык.

Бул үйдө согушка чейин агалуу-инилүү үч бир тууган жашаган экен. Азыр үчөө тең аскерде. Алардын бирөө үйлөнгөнгө үлгүрүп калган экен, үй ошонун жаш, сулуу, шайкелең колуктусуна калыптыр. Жалындуу жаштык деген сөз айрыкча ошондой адамдарга абдан жарашат окшойт, себеби алар учкундун өзүн эмес, атын угуп эле жалындап кетмей адаты болот экен да.

Биз жашап жүргөндө үчөөнүн бири – ошол үйлөнгөн жигит келип калды. Эмнегедир абдан эле тынч, жылма келди. Бир күнү эртең менен ашканада очоктун жанында отуруп жүгөрүнүн сотосун шишке сайып, согушка чейинки жаштыгын эстеп жаткансып отко кактап отурат. Үйүнө кайтып келбесе жакшы болмок экен. А балким эрте үйлөнбөй турса андан да жакшы болор беле, колуктусун сагынгандан эле келип калган окшойт.

Бир жумача бакта өчү бардай эле дүгдүңдөп бир нерселерди жасап жүрдү, анан жоголуп калды, кийин укканыбызга караганда ал аскерден качып келип, кармап кетишиптир. Кандай тынч келсе, кармап кеткени деле жылма, тынч болду.

Акырындык менен жаңы турмушка көнүгө баштадык. Эжем колхозго эсепчи болуп орношуп, бизге да тилке жер бөлүнүп, ал жерге жүгөрү, коон өстүрдүк. Ашкабак да айдадык. Андан бөлөк бадыраң, помидор айдап жүрдүк. Ал кезде бардыгыбыз эле ошентип жер тытып жан сактап калганбыз. Бизден алыс эмес жерде мен түшүп кеткен мүрзөдөгү көрдүн “ээси” жашайт экен, көр ошол кишиге арнап казылыптыр. Көр тууралуу айылдыктардын айтымында, ал аңгекке көп эле киши түшүп чыгыптыр, кимге арналып казылса ошол адам гана эмдигиче түрүү, аман-эсен эле эл арасында экен. Анын тарыхы да чаташкан узун. Көргө коюлуучу адам Чолок деген каймана аттуу абышка – Шаабана Ларба, сокур ичегиби, же куяңбы – шаардын ооруканасында жатпайбы. Ошентип Чолокко операция жасашат, ал өзүнө келип жатат, жакшы болуп калган, анан күтүлбөгөн жерден эле ооруканадан селсеветке бироо телефон чалып, жердешиңер өлүп калды, эки күндөн бери өлүкканада жатат, тезинен алып кеткиле, - деп айтпайбы.

Ошол убакта мына-мына айыгып чыгат деген ой менен ооруканада туугандарынан да эч ким жок экен. Айылдашы Мустафа, ошол күндөрү өз иштери менен шаарга барган экен, жердештер ага ооруканага кирип: “Эмне көпкө жатат, сокур ичеги, куяңынан башка чолок колун да айыктырганы жатабы?” – деп сурай келүүнү тапшырышкан экен. Аңгыча эле жанагындай суук кабар.

Туугандары салт боюнча кошуна айылдарга киши чаптырып угузуп, короого аза күтүү чатырын тигип, ал эмес, мүрзөгө жанагы көрүн да казып койгонго үлгүрүшөт. Согуш мезгилиндеги каатчылыктан улам сөөктү өздөрү алпкелген кыйын, колхоз жалгыз машинесин бөлүп, бир сөз менен айтканда бардыгы шайма-шай, даяр болуп калышат. Даяры даяр болду го, бу кудай албаган Шаабан Ларбадан башкасы, ал тирүүсүндө эле эч кимге тынчтык берчү эмес эле, эми өлгөнү да башкача болуп кетти.

Суук кабар угулгандан кийинки күнү өлдү деген адам типтирүү эле келди. Мустафага таянып машинеден түшүп, сөгүнүп короосуна кирди. Анын кыжырын келтирген өлдү деген кабар эмес, чатыр тигип аза күтүүгө даярдык да эмес, короого кирери менен байкаганы – чатыр тигип жатканда алманын эки бутагын араалап коюшкан экен, ошого сөгүнүп, алманын бутагына тийбей чатырды кандай тигиш керектигин үйрөтүп да жүрөт.  

Анан чогулгандардын ар бири менен учурашып, менин өлгөнүмдү, анан кайра тирүү экенимди кандай кабыл алып жатканын көздөрүнөн билмекке элди аралап жүрдү.

- Андан кийин сенек болуп, жыйырма жылдан бери майып болуп калган колун маңдайына такап, эч нерсе билбеген, алар эмнеге келгенин түшүнбөгөн киши болуп, кошок кошкону келген аялдарды тиктеп:

- Ой, силер эмне? Эмнеге чогулдуңар!?

- Жөн эле, – дейт тигилер эмне деп айтаарын билбей, - сени жоктоп кошок кошкону келдик эле...

- Анан баштабайсыңарбы, - дейт жакшылап угуш үчүн колун кулагына такап. Аңгыча бирөө чогулган аялдарды андан бөлүп кетти.

Туугандары алып келген кошумчаларын байкап көрүп Чолок бир азга ойлонуп калды. Бизде мындай да, ушундай жамандыкты чоң бир шаң менен өткөрөт, анын бардык чыгымын жамандык болгон үй-бүлө өзүнө алса, эртеси эле тентип кеткенден, же ачкадан өлгөндөн башка айла жок.

Ошондуктан бардык туугандары, кошуналары кошумча кошот. Кошуна айылдагы туугандарынын бири “кыркылыгына” деп торпок жетелеп келген экен, ошого Чолок ыраазы болуп турду. Айта кетчи сөз, көрдү да ошол тууганына ченеп казышкан экен, анткени тууганы Чолоко түспөлдөш экен да. Көр казган балдар аны жип менен ченеп жатканда ал нааразы болуп, ал Чолоко анча деле түспөлдөш эмес экенин, андан да түспөлдөш кишилер бар экенин, ал Чолоктон бийигирээк, Чолок андан семизирээк экенин айткан имиш.

Ошентип айтып денесин ала качып, ченетпей убара кылган го. Бардык көр казгандар сыяктуу эле тамашага жакын жигит болбой эле ченеп, эми Чолокко семиздиги деле опаа боло албайт, көр Чолокко туура келбей калса сага деле кереги тиет, беребиз деп тамашалаптыр. Бул тамашага күлүмүш болгону менен тууганы таарына түшкөн көрүнөт, чогу келген айылдаштарынын арасына барып, кабагы бүркөлүп, кашаага байланган торпогун карап турат бозоруп.

Кошумчалардын бардыгын көз алдынан өткөрүп, Чолок чогулгандарга кубанбай койо турушун, ал дагы эле өзүн жаман сезип жаткандыгын, ооруканадан ошол жерде өлүп калбасын деп эле чыгарып салышканын, анткени ал жакта өлүп калса, колхозчуларды жаман иши үчүн жаза тарттыргандай эле, догдурлар да жаза алып калышары мүмкүн экенин жарыялап жиберди. Ошентип туруп төшөк тартып жатып алды, көрдү болсо кайра тегиздебей, даяр кармап тургула деп койду. Туугандары ыргылжың болушуп, араң тарады дешет. Айрыкча жанагы торпок жетелеп келген тууганы. Бирок Чолок аны жооткотуп, көп деле капаланба, аз калды, торпогуңду короодон чыгарбаган күндө деле, арыктап кеткенге үлгүрбөйт деп айткан имиш.

Чолок бир жумача төшөктө жатты. Келгенинен эки күндөн кийин өзү да кызыгып, анын өлүмү тууралуу ар түрдүү кепке кулак түрө баштады, анткени айылда Чолок ооруканада өлүп, жолдо келатканда тирилип, өзүн койгону өзү келиптир деген күбүң-шыбың кеп жүрө баштады. Дагы бирөөлөрү ал өлбөй эле катуу уктап калган экен, догдурлар ойгото албай, жолдо келатканда машиненин силкилдеткенинен ойгонуп кетиптир деп жүрүштү.

Башында Чолок өлүп, кайра тирилген кишинин ал-абалын сурап, көргөнү келишкендерди жакшы эле кабыл алып турду, айрыкча кур кол келбегендерди. Анан жини келе баштады, башкарма да жумушка чык деп...

Ошо да, анан дарбазанын кычыраганын угаар замат тышка чурка чыгып, “Тарт! Кеткиле бекерпоздор! Итти агытып жиберем! - деп кыйкырчу болуптур.

Баса, анын өлүп кайра тирилгендиги тууралуу имиштер андан ары өркүндөп улана берди. Бир жылдан кийин кошуна айылдан Чолок ооруканадан келатканда эмес, аны койгондон бир нече күндөн кийин көрүндө тирилип, туруп келиптир дегенди өз кулагым менен уктум. Анын көрүндө кыйкырганын адашкан эчкисин мүрзөдөн издеп жүргөн бала угуп, казып ийген экен, Чолок туруп келиптир. Чолоктун үнү ошондой ачуу болбогондо ачкасынан, же суусагандан деле кайра өлүп калмак окшойт, анткени көрүн кургак, жакшы жерден казышкан экен.

Чолок ошентип өз өлүмүн башынан кечириптир, жерге көмдүрбөгөнү менен, көрүн даяр сактап, өзүнө калтырып койгон экен.

Чолокту тирүү көргөн айылдыктар, башында, селсеветтин катчысы тамашалап койгон го деп ойоп жүрүштү, анткени ооруканадан телефон чалган же ооруканадамын деген эме менен ошол сүйлөшкөн эле да. Аны уккан селсеветтин катчысы:

- Мен кантип ошентип тамашалайын... согуш жүрүп атса.. – деп койду.

Айылдагылар ошого ишенип калышты. Согуш жүрүп жатканда антип тамашалоо селсеветтин катчысы үчүн деле келесоолук болмок. Акыры ооруканада жаңылышып калган экен деп чечишти. Ал жакта дагы бир, башка эле абышка өлсө керек, балким аты-жөнү да окшош болгон чыгаар, анткени биздин Абхазияда Ларба дегендер иттин кара капталынан эмеспи,- дешти.

Биз жанагы шайкелең келиндин үйүндө жашап калган биринчи күндөн тарта эле Чолоктун өзүн көрбөсөм да, үнүн уга калып жүрдүм. Түш ченде колхоздун жумушунан түштөнгөнү келатып, үйүнө үч жүз метрдей калганда эле кемпирин урушуп, мамалыга даяр болдубу деп кыйкыра баштайт.

Анын кыйкырыгына кемпири андан да ашып түшкөн кыйкырык, каргап-шилөө менен жооп берет, алардын үнү күчүн да, даана-тактыгын жоготпой жакындашып келип алым-сабак айтышка айланат да, анан басылат. Бир аз убакыттан кийин кемпиринин үнү тынчтыкты бузуп, жеңиш кай тарапта экендигин билгизгендей шаңдуу чыгат, абышка унчукпайт. Кийин, мен алардын үйүнө барып калгандан кийин, Чолок эмнеге унчукпай калганын түшүндүм, абышканын оозу тамактан бошобой калат экен да. Дегинкиси ал кандай каар менен урушса, ошондой эле каар менен тамакка киришет экен - бир эле мезгилде эки нерсени кантип аткармак.

Кечкисин жумуштан келатып, ошондой эле үн менен өзүнүн аты, башка малы, небереси Яшка, кайрадан эле кечинде желүүчү мамалыгасы тууралуу маалымат талап кылып, кемпиринен жообун алат.

Кийин ошол Яшка менен таанышып достошуп алдык. Чоң атасы сыяктуу эле ачуу үндүү, кыйкырчаак, бирок болбурап ак көңүл. Демейде, аны мектепке атына учкаштырып алып Чолок алпарчу. Анда да жөн барбай жолду катар ушул макоону мектепке алпарам деп убактысы кетип жатканын айтып сөгүнүп барат. Яшка уялып эки жагын каранып, унчукпай күлүмүш болуп, чоң атасынын курун кармап келе берет.

Чоң атасы болбой калган күндөрү, ошол эле ат менен чоң энеси жеткирет. Бирок Яшка мектепке жакындаганда эле түшүп калат, балдардан уялат да. Биз, мен таң эртеңден болсо ал түштө болуп, эки башка мөөнөттө окудук. Мектептен келатканымда аларды жарым жолдон жолуктурчумун, анан Яшка башын буруп мени көпкө карачу эле, анда эле Чолокко кошумча сөгүнгөнгө шылтоо табылат. Яшканы мектепке ат менен жеткиргендигинин себеби, мектеп үч километрдей жерде, Яшка болсо абдан унутчаак, баратып эле кайда баратканын унутуп, башка жакка кетип калган күндөрү болгон.

Башында, мени көчөдөн көрүп, Чолок сенек колу менен көзүн күндөн калкалап:

- Эй, кимдин баласысың? – деп сурачу.

Мен атамды айтып, ал өзү бала кезинен тааныган апамды кошумчалап койчумун.

- Аның ким? – деп кыйкырып, майып алаканынын астындагы көздөрү менен ого бетер теше тиктеп.

- Ал Мексут жездемдин аялынын сиңдиси, - деп түшүндүрө кетем, ал билип эле туруп сурап атканын билсем да.

- А-а, жанагы шаардык жатып ичерлер силер турбайсыңарбы? - дейт ал башы менен биздин үй тарапты жазгап.

- Ооба, - дейм мен, ошол үйдө жашаганыбызды жана “шаардык жатып ичер” экенибизди ырастап.

Чарчы бойлуу, чымыр, жоон кызыл моюндуу адам мени таң калгандай, тикчийген көздөрү менен теше тиктеп турат. Мени таң калгандай баштан аяк теше тиктеп, ошол эле убакта кашаанын артындагы чарбагындагы жүгөрү, андагы шуудураган, башка үндөргө кулак салып, өзү эле түшүнгөн белгилер аркылуу чарбакта, короодо, ал эмес үйүндөэмне болуп жатканын билип аткандай.

- Менин көрүмө түшүп кеткен сен белең? – деп күтүүсүздөн эле сурап, чарбагында эмне болуп жатканына кулак түрүп, анда жагымсыз бир нерсе болуп кеткенин сезип, ошондон улам бир жак уурту тартылып ыржыят.

- Ооба, - дедим чочулап, ал бир жарылып кетүүчү күчкө чыңалып баратканын сезип.

- Кандай экен?- дейт ал, дагы эле кулак салып, ал жакта болуп жаткандардан улам тынчы кетип, өзүнчө күбүрөнүп: - Өлүп калганбы бул кемпир... Көзүң кашайгыр... Тонотуп жиберет ко бул карыган мастан...

- Жакшы, - дедим, меймандостугу үчүн ыраазы экендигимди билдирип. Канткен менен көр аныкы эле да.

- Жакшы көр, кургак, - деп мактана кетип, чарбагында болуп жаткан окуяларга чыдабай кетти көрүнөт, күтүүсүздөн эле кемпирине айкырык салып, ордунан, күүлөнбөй туруп дарылдап коё берди: - Эй, огороддо эмне кырчылдап атат, кырчылдап атпайбы! Кулагыңа кум куюлгур! Укпайсыңбы! Ылайым сени жуткулар – чочко! Чочколор жүрөт ко!

- Ылайым сен көрүңө ала жаткыр! Качан болсо чочко көзүнө элестейт! Кайдагы чочко! – ошол замат кемпиринен жооп келет.  

- Ой мен угуп атпаймбы – шалпылдап карчылдатып, кырчылдап шалпылдатып жеп атпайбы! – деп кыйкырат, мени унутуп, экөө айтыша баштайт, кемпиринин кыйкырганын учунан кармап,  чубап бараткансып, дарылдап урушканын жазбай үйүн карай баратат.

Акырындык менен анын ачуу үнүнө да көнүп, көңүл бурбай деле калдык, ал эмес ал бир жакка бир нече күнгө кеткенде, кулак-мурун кескендей жымжырт, бир нерсе жетишпегендей кулак чуулдайт.

Кемпири, бойлуу, андан узун, абдан арык кемпир, чалы жокто апам менен сүйлөшкөнү биздикине келип калат. Кээде колуна бир тоголок сыр, же бир табак жүгөрү унун, же жыты шилекей агызган ышталып сүрсүгөн эт кармай келет. Кысылып, күлүмүш болуп, алып келгендерин көрсөтпөй катып алууну, алкыш айтпай эле коюубузду, тиги бакырчаак чалга билгизбешибизди өтүнөт.

Апам экөө сааттар бою бир нерселерди сүйлөшүп, Чолоктун кемпири биринин артынан бирин ороп тамеки чеге берет. Күтүлбөгөн жерден Чолоктун үнү чыгат. Ал өз үйүн карап алып бир нерсе деп кыйкырып атат, кемпири анын үнүнө кулак салып, күлкүсүн угуп калбасын дегендей, абышкасы ал отурган тарапты эмес, башка жакты карап кыйкырганын шакаба кылгандай ичинен бүлкүлдөп күлөт.

- Ой эмне, мен бул жактамын! – дейт бир маалда.

- А-а, арам тамактар! Издешпей табышкан экенсиңер! Экөөңдү тең кумхозго киргизиш керек! Кумхозго иштетиш керек! - деп кыйкырат, кемпиринин мындай басып кеткенине чыдабай нес боло түшкөндөй бир азга буйдала түшүп.

Бир жолу атчан, биздин үйдүн жанына келип, мешок алып чыгышымды, демейдегидей эле кыйкырып калды.

- Бул жатып ичерлерге чайнап бербесең жута албайт, - деп сөгүнүп жатып жарым мүшөк ун салып берди. Берип жатып деле өзүнүн атын кыйнап тегирменге жүгөрү артып барганын, анан эле бирөөгө берип жатканын айтып сөгүнүп, калган унду атына бөктөрүп кетип калды. Кетип жатып кемпирге ун тууралуу айтпоону, ансыз да анын кыйкырыгына тоюп бүткөнүн бакылдап салды.

Убакыт өтө берди, Чолок болсо өлүп калганды ойлоп да койбой жашоосун улантып атат. Чолоктун жашоосу уланган сайын анын кыркына келген торпок улам чоңоюп, торпок чоңойгон сайын анын мурдагы ээси жанын койорго жер таппай кайгы жейт. Акыры торпок тууралуу кыйытып көрбөйсүңбү деп, Чолоко киши салыптыр.  Сени жакшы көргөн жакын тууганың катары, сенин кыркыңа союлсун деп торпок берди эле, кудайга шүгүр, тирүү калдың, торпокту кайра бериш керек ко”, - деп айттырыптыр.

Чолок болсо тигинин кыйытканын угуп:

- Жумуртка берип тоок алайын деген экен, - анан бир аз ойлонуп: - Ага айта бар, эгерде мен жакында өлүп калсам, кошумчасыз эле келсин, а эгер ал өлүп калса, мен жакын тууганы катары, ушул торпоктун музоосун алпарып байлап берем, - деп айткан имиш.

Чолоктун тууганы анын шартын угуп таарынып калган экен, эми кыйытпай эле:

- Мен өлгөндөн кийин музоосунун кереги жок, ал торпокту жакын тууганы катары кыркына союлсун деп алпаргам. Чолок болсо өлбөй калды. Демек, торпокту ээсине кайтарыш керек. Чолоктун үйүндө мени жип менен ченеп келеке кылышты эле, ошого карабай Чолок эми чындап өлөр болсо, ошол торпокту кайра эле алпарам, - деген имиш.

- Торпогум эле торпогум деп атып мени чындап көргө киргизмей болду, - деген имиш Чолок тигинин айтканын угуп, - Айта бар, - деп кошумчалаптыр, - эми аз эле калды, байкуш малды ары-бери кубалап убара болбой эле турган оң.

Ошол сөздөн бир нече күн өткөндөн кийин Чолок өз чарбагынан алпарып, өз мүрзөсүнө эки шабдалы көчөт отургузуптур. Балким аларды жакында өлө тургандыгы элдин эсинен чыгып кетпесин деп отургузгандыр. Яшка экөөбүз жардам бердик. Бирок эки шабдалы жетишсиз деп ойлогон окшойт. Бир нече күндөн кийин түндө колхоз чарбагынан тунг[1] дарагын казып келип, эки көчөттүн ортосуна отургузуптур. Анын бул кылганын билип, колхозчулар Чолок тунг дарагынын мөмөсү менен бардык өлгөндөрдү ууландырайын деген го, - деп күлүп жүрүштү. Чолоктун бул кылганына эч ким деле маани берген жок, тунг дарагын ага чейин деле, андан кийин деле эч ким уурдаган эмес, анткени анын мөмөсү өтө уулуу болгондуктан дыйкандарга анын кереги да жок, ал эмес кооптуу да.

Чолок мүрзөсүнө тунг дарагын отургузгандан кийин анын өлөрүнө ишенип калдыбы же анын тунг дарагынын уругунан да уулуу тилинен чочудубу, торпоктун мурдагы ээси да унчукпай калды.

Баса, Чолок жаш кезинде, өзүнүн ушул тилинин айынан Чолок атка конгон дешет. Окуя мындай болуптур.

Ушул жердик князь, бир топ адамдар менен бирөөнүн короосунда мейман болуп отурган имиш. Отуруп алып күмүш чынжырлуу кичинекей маки менен кабыгын тазалап, шабдалы жеп отурган экен. Күмүш чынжырлуу кичинекей макинин кийинки окуяларга дегеле тиешеси болбосо да, окуяны айтып берген адамдардын бардыгы ушул макини кыстара кетишет. Мен да ушул окуяны айтып берерде күмүш чынжырлуу кичинекей макини кошпой эле койоюн дегем, бирок эмнегедир кошуп койдум, мында кандайдыр бир чындык бар, ансыз окуя жасалма болуп, бир нерсе жетишпейкалчудай, эмнеси жетпей каларын өзүм да билбейм.

Ошентип князь шабдалы жеп, телегейи тегиз, турмушундагы кубанычтуу окуяларды эстеп отурат. Короону көзү менен ченей карап, манчыркап:

- Мен билген аялдардын бардыгын чогултса, ушул короого батмак эмес, - деп дөөгүрсүгөн имиш.

Чолок жаштыгына карабай ошондо эле тапан, көөдөнүн курулай көтөргөндөрдүн сазайын окуткан бала экен, кайдан жайдан чыга калып эле:

- Кызык, анда бул короодо канча эчки маарап турмак эле, - деп салбайбы.

Улгайып калган князь аял жандуулугу менен атагы чыгып, эл оозунда байыркы гректердин күнөөсүнөн да куру эмес деген шыбыш жүрчү. Ошол күнөөнү гректер баштаганы чын болсо деңизчи. Мен өзүм бул күнөөнүн башатын мал менен тиричилик кылган кайсы улут болсо да жабыштыра берсең болчудай. Бардык эле улут өз өнүгүүсүндө мал чарбачылыгынан өткөнүн, айрымдары дагы эле ошол чарбачылыкта жүргөнүн эске алсак, мен тарбыя көргөн, улуттардын бирин өйдө, бирин төмөн санаганды жек көргөн адам катары, бул күнөөнү бир эле улутка ыйгарып коюу туура эмес, аны кайсы улут болсо да баштап коюшу мүмкүн деп эсептейм.

Мейли анда, улгайган феодалга кайрадан келели. Жердештерине бул князь мөмөнүн кабыгын аарчыган кылдаттыгы менен мактанып, кандай мөмө болсо да ал тазалангыча үзбөй, кабыгын тасмадай кылып тегиз жонуп чыкканга маш эле дешет. Анын мындай кылдаттыгы уйкудан калып же түнү менен ичип чыкса да өзгөрчү эмес экен. Канча жолу алаксытып, жаңылтканга канча аракет кылышса да, ал өз кылдаттыгынан жазбайт. Кээде ага атайын эле көркү шумдуктуудай бузулган, ой-чуңкуру көп мөмөнү кармата коюшчу экен, бирок ал мөмөнү шашпай карап, күмүш чынжырлуу макисин алып чыгып, эч жаңылбай, мурдагыдай эле тегиз тасма чыгарып аарчып салчу дейт.

Демейде ал түрмөктөлгөн узун кабыкты өйдө көтөрүп, элге көрсөтүп, эгер сулуу кыз турса, аны чакырып алып кулагына сөйкө кылып илип койчу экен.

Менимче княздын ушул кылдаттыгы Чолоктун жинин келтирчү. Тасма бирде болбосо бир күнү үзүлөт деп, аны көптөн бери аңдып жүрчү го деп да ойлойм. Балким Чолок тасманын үзүлүшүш ушул күндөгү шабдалынын кабыгынан күткөндүр, а князь эч жаңылбайаарчыганы аз келгенсип, аялдарын айтып мактанып, а элдин айтымына караганда жакшынакай эчкилерди деле көз жаздымынан кетирчү эмес экен. Анан Чолок жарылып кетпей эмне болуптур, анын үстүнө жаш болсо.

Мындай сөздөн кийин князь кызарып-татарып, сөз айта албай муунуп, көздөрү чанагынан чыгып Чолокту карап калыптыр. Оң колунда аарчылган, ширеси куюлуп аткан шабдалы, сол колунда баягы күмүш чынжырлуу маки.

Чогулгандардын бардыгы үрөйү учуп катып калышыптыр, князь болсо көзүн чакчайтып Чолокту тиктеп, шабдалы кармаган колу гана ушундай мезгилге назик шабдалы жарашпай турганын, шабдалыны кармап туруп, аарчылган шабдалы болсо, кындагы тапанчаны алуу да мүмкүн эместигин билдиргендей өйдө-ылдый сереңдеп атыптыр. Колу шабдалыдан кутулуш үчүн жерге эңкейип, бирок тарбыя көргөн кол болгондуктан тазаланган шабдалыны жерге таштаганга даабай, кайра көтөрүлүп кетип атты дейт.

Ошол кол кайрадан көтөрүлүп, кыйналып жок табакты издеп, бирөө табак койот деп үмүттөнүп кайсалактап, бирок коркконунан баары катып калган, эч ким колго ошол жылаңачтанып алган шабдалыдан кутулганга жардам бергенди ойлоп да койбойт. Ошондо жардамга Чолок өзү келген имиш.

- Оозуңа тыга сал! – деп кыйкырыптыр.

Меймандар биринчи ээн баштыктан өздөрүнө келе албай жатканда экинчиси кошулуп, княздын шерменде болуп жатканына күбө болушуптур. Ал чакчайган көздөрүн Чолоктон алалбай, ширеси чууруп жаткан шабдалыны шашыла оозуна тыгып жатты дейт. Акыры шабдалыдан эптеп кутулуп, кол тапанчанын кынына карай сунулган экен. Чанагынан чыккан, жеп жиберчидей чакчайган көздөрүн Чолоктон айырбай, унчукпастан белиндеги тапанчанын кынын тытмалайт экен, бирок катуу ачууланганданбы же дагы бирөөлөр айткандай, шабдалынын ширесинен улам майланып калганданбы, кол жылмышып кындын капкагын чече албай жатты дейт.

Балким бирди-жарымы эсине келсе, балким князды колунан кармап калат беле же жок дегенде ал тарапка ок чыгарууга болбой турган, башкаларга ок тийип калышы коркунучу болгон жакка Чолокту ыргыта тээп салат беле... Бирок ошол тынчтыкта кайрадан эле Шаабандын үнү акыркы болуп жаңырган имиш. Ошол кыйкырыгы акыркы болуп, андан кийин сүйлөбөй калды деген мааниде эмес, тескерисинче, анын үнү мурдагыдан бийик, мурдагыдан да ачуу болуп, ошондон кийин Шаабан аты өчүп Чолок атка конду деген мааниде.

- Тигил жакта, бул укмуш эле чечсе керек, - деген имиш, - эчки күтмөк беле, качып кетет да...

Муну ал акырын, салмак менен, угуза ойлонуп жаткандай айтты дейт. Акыры картаң князь кынды чечип тапанчасын сууруп чыгып, атып калыптыр, аялдар чуу түшүп, түтүн тарагандан баштап Шаабан Шаабан болбой, Чолок деген атка конгон экен. Кийин андан эмне үчүн биринчи шылдың менен чектелип калбай, князды дагы шылдыңдай бердиң деп сурашпайбы.

- Өзүмдү токтото албай калдым, - деген экен Чолок.

Кийин, князь меньшевиктер менен кетип, биздин жерде Совет өкмөтү орногон кезде Чолок князь экөөнүн ортосунда башкача, партизандык маанидеги өч болгонун, а тиги болуп өткөн окуя башка бир маанилүү иштердин шылтоосу же ошонун натыйжасында болгон деп ишендирип жүрдү.

Бир сөз менен айтканда, колундагы княздын огуна карабай Чолок бардыгын эле шылдыңдап, тамашалаганын уланта берди. Анын тамашасы менимче, тамашага окшобой шылдыңдагандай чыкчу.

Айылда мен аны тамеки, же чай өстүргөн тилкеден, же жүгөрү талаасынан көрүп жүрдүм. Маанайы жакшы болсо бир нерселерди сүйлөп, тегерегиндегилер жыргап күлүп калар эле.

Тааныш айылдаштарынын, айбандардын үнүн так өзүндөй туурап, айрыкча короздордун кыйкырганын укмуш келтирчү.

Жүгөрү талаасында кетменине жөлөнүп, корозчо кыйкырып калат, ошол замат жакын үйдүн короздору жооп берет, эл күлүп, жакынкы үйдүн корозу дагы эле басылбайт. Чолок болсо кетменин кайра колуна алып: “Сен эмнени билмек элең, жинди”- деп койот.

Биздин элде, башкаларда деле ошондой болсо керек, короздун кыйкырыгын ээсинин тагдырын билдирип турган төлгө катары эсептешет, Чолок ошол короздорду - айылдык “көзү ачыктарды” ашкерелеп койгону го. Сенек болуп калган сол колуна карабастан Чолок абдан катуу иштечү. Бирок, кээде заемге жазылуу, же айылдагы калган эркектерди токой кыйганга алышат деген шыбыш чыкканда, ал майып колун таза, кызыл жоолукка ороп, мойнуна асып алаар эле. Менин оюмча кызыл чүпүрөктүн жардамы деле тийбейт болуш керек,заемге жазылууга кантип тоскоол болот эле, бирок талашып-тартышканга, какшыктаганга, шылдыңдаганга кошумча мүмкүндүк берүүчү го.

Кызыл түстөгү чүпүрөккө таңып алганынын себеби ал ошол майып колу аскердик-партизандык иштерден болгон дегенди көрсөткүсү келсе керек. Башкармалыкка чакырып калса саксынып, колун кызарта таңып, атына минип жөнөп калчу. Атчан, бурка жамынган, колу кызыл жоолукка асылган анын кебетеси чындап эле аскердик-партизандык кебетеге окшоп калар эле.

Бардыгы жакшы эле жүрүп жаткан. Бир күнү эле селсеветке Чолокту каралаган тоголок арыз түшүптүр деп угулуп калды. Анда өз мүрзөсүнө тунг дарагын отургузуп, Чолок жаңы техникалык өсүмдүктү келекелеп, анын тирүү колхозчуларга кереги жок, ал дарактын орду мүрзөдө экенин айткым келген деп жазылыптыр.

Селсеветин төрагасы ал катты колхоз башкармасына көрсөткөн экен, Чолокко мүрзөгө тунг дарагын отургузганга башкарма тапшырма берсе керек деген ой менен, менден шек санап калышы мүмкүн деп, жүрөгү түшүп калыптыр. Мен ал кезде такыр эле түшүнбөй жүрдүм, эмнеге бардыгы үрпөйүп коркуп атат, ошол катка чейин деле андан кийин деле Чолок өз мүрзөсүнө тунг дарагын отургузганын билишчү эле да. Ал кезде кат – бул документ болуп саналарын, а документтин артында сурап алары болорун, ал үчүн жооп берип калыш мүмкүн экенин билбептирмин.

Чынында селсевет төрагасы бул катты жаап салса деле болмок, бирок ал Чолокко өчөшүп жүргөн, ошон үчүн колхоз башкармасына көрсөтүп койду деп да жүрүштү. Кыскасы, ошол кат шылтоо болду, бир күнү ошону териштиргени райборбордон бирөө келди. Чолок мунун бардыгын тамашага айландыргысы келгени менен коркуп турганы билинип калды, анткени таза кырынып, майып колун кызыл жоолукка арчындап, ошол колу мына-мына жарылып кетип өзүнө да, тегерегиндегилерге да сыныгы чачырап кетчүдөй аяр тиктеп, сак болгула дегендей жүрдү.

- Ишиң бүткөн экен, - дейт саяпкер Мустафа, Чолоктун эски досу жана түбөлүк каршылашы, - эми өзүңдүн тунг дарагыңдын мөмөсүн аша да өзүңдүн көрүңө жат, болбосо Сибирге айдап жиберишет.

- Сибирден коркпойм, ушу сени менин көрүмө ээлик кылып калабы деп, ошондон корком, - дейт Чолок.

- Сибирде итти унаа катары пайдаланышат дейт, - деп коркутат Мустафа, - өзүң менен нокто ала кеткенди унутпа, ал жактан бир ит үйрөтүп аларсың. Аны минип да аласың, ал сага үрүп да берет.

Мустафа менен Чолоктун ортосунда аттар маселеси боюнча илгертеден бери келаткан эрегиш бар экенин айта кетиш керек. Экөөнүн тең өздөрүнө тийиштүү эрдиктери жана оңунан чыкпай калган жоруктары бар. Чолок илгери бир кездерде Мингрелдеги ат чабышта көп миңдеген адамдардын көзүнчө (чынында адамдардын саны анча деле болбосо керек), атактуу айгырды алып кетип, өзүнө өлбөс-өчпөс даңк жараткан экен. Ошол күнү Чолок элдин күлкүсү келгендей бир жүдөгөнкырчаңгы ат минип жүргөн экен, атактуу айгырдын ээсине келип, айгырыңдын басыгын байкап көрөйүн деп суранган имиш. Айгыр Чолокту жыгып кетип, элге күлкү болот, менин атагым чыгат деген ой менен ээси уруксат бериптир.

Чолок жүдөгөн атынан жылмышып түшүп, тизгинин айгырдын ээсине сунуп:

- Экөөбүз ат алмашалык, - деген экен.

- Болуптур, - дептир тиги күлүп, кырчаңгынын тизгинин кармап.

- Эң негизгиси башында эле шыпырылып калбайын, сен да сак бол, тебелеп кетпесин, - дейт Чолок айгырга келип.

- Макул, - деп күлүп, Чолок айгырга минери менен артта турган жигитке белги берип, тигиниси айгырды камчы менен тартып ийген экен.

Айгыр мөңкүп, Ингури тарапка жөнөйт. Көрүп тургандарга Чолок айгырдын үстүндө, чуркап бараткан эшекте отурган мас молдого окшоп шылкылдап баратат дейт.

Мына-мына жыгылат деп бардыгы күтүп, а Чолок дагы эле жыгылбай баратат, ат чабылуучу айлампанын бурулушуна жетип, бурулбай андан ары дарыя тарапка учуп кетип атканын көргөндө айгырдын ээсинин оозу ачылып калыптыр. Айгыр ала качып, Чолок тизгинге ээ боло албай, бурула албай калды деп, дагы бир нече мүнөт күтүп, анан барып болуп көрбөгөндөй куулук менен айгырды алып кеткенин түшүнүшөт.

Он беш минуттан кийин ондон ашык атчан артынан кууп жөнөйт, бирок кеч болуп калган эле. Чолок чаап келатып эле жардан алыс дарыяга секирип, кууп келгендер жарга жеткенде - тиги жээкте, суу болгон айгыр жылт дей түшүп калың бадалды аралап кетиптир. Артынан атылган ок максатына жетпей, жардан алыс секиргенге эч ким даабай кала беришиптир. Ошондон бери ошол жер Чолоктун жары деп аталып калыптыр. Чолоктун өзү менин көзүмчө бул окуяны айтканын уккан жокмун, бирок башкалар айтып жатканын жыргап угуп, толуктап турар эле. Угуп, толуктап атып Мустафа ошол жерде болсо, ал тарапты карап көзүн кысып, а Мустафа укпай тургандай түр көрсөтүп, бирок акыры чыдабай кетип, анын эрдигин жокко чыгарып, шылдыңга айландырганга аракет кылар эле.

Мустафанын айтымында бир колуна ок тийип сенек болгон адам - адам сынын жоготкон адам, ошондуктан анын куулугу опурталдуу, тобокелчил эрдик эмес, эмнеси кетип атты эле. А жардан секиргени, коркконунан секирген, андан башка эмне кыла алмак, колго түшүп калса атып салышмакэле да.

Кыскасы, аларда илгертеден берки эрегиш, мурда жаш кездеринде талашты ат жарыш аркылуу чечип келишсе, азыр карыганда ооз жүзүндө гана тартышат, ошондуктан улангандан уланып, чиеленип, баш адаштырат.

- Эгер сени бирөө тигил жактан атып жатса, а сен, айталы, тетиги жалгыз аяк жол менен баратсаң, тегеректе бир да дарак болбосо, мылтыктын үнүн укканда атыңды кайсы жакка бурасың? – дейт бирөө.

- Айталы, сен өр талаштыра чаап баратасың дейли, артыңдан кубалап келатышат. Алдыда - он жагыңда сейрек токой, сол жагыңда - терең кокту. Атыңды кай тарапка бурасың? – дейт экинчиси.

Бул талаштар кечинде кетменин же балтасын ийинине коюп, иштен чарчап үйгө келаткан эки адамдын талашы эле. Бирөөнү атып салмай эчак жоголгон, бул экөөнү атайын деген деле киши жок, ошентсе да талаш көп жылдардан бери уланып келет. Адамдар эми өч алгысы келсе коопсузураак ыкманы таап алган көрүнбөйбү. Ошол ыкманын бири - так ушул тоголок арыз, ошого кайрылалы.

Райборбордон келген адам, абышкага тунг дарагын отургузуунун анык максатын, а башкысы, аны отургуз деп ким үйрөтүп, ким тапшырма бергенин айттырам деп аракет кылып жатты. Чолок болсо эч ким үйрөтпөгөнүн, биздин аймакта мурда өспөгөн дарак ага жагып калып, өлгөндө да ошол дарак мүрзөмдө турсун деп отургузуп койгонун айтат. Тигил ишенбейт. Анда Чолок, тунг дарагынын мөмөсү эле эмес, анын тамыры да уу болсо керек, алар көр ичиндеги мени жечү курт-кумурскаларды өлтүрүп, мен өлгөндө таза, тынчырак жатайын дегем, ансыз да бул жашоомдогу бүргөлөрдөн тажап жүрөм деп мойнуна алат.

- Анда тиги, сени тажаткан бүргө дегендер кимдер? - деп сурайт имиш.

Чолок болсо:

- Бүргө дегеним кадимки эле иттин бүргөсү, аларды тооктун бити, же буйволдун канталасы менен чаташтырганга болбойт, алар тынчымды албайт, мага зыяны жок. Тынчымды алган аттын көгөнү, күн ысыкта бир ууч суперфосфатты куйругунун астына салып койсо, колхоз андан кемип калбайт, а ат болсо эс алып калат, - дейт. Келген “чоң” бул жагынан Чолокту жеңе албасын сезип, тунг дарагы тууралуу кайрадан баштайт.

Бир сөз менен айтканда, Чолок канчалык буйтактаганына карабастан, абалы оордошо берди. Кийинки күнү райборбордон келген жолдошко чакырышкан жок. Байкуш бардыгына даяр болуп, башкармалыктын короосунда, тыт дарагынын көлөкөсүндө, колун кызыл таңгычтан чыгарбай, дембе-дем тамеки соруп, өзүнүн кийинки тагдырын күтүп отурат. Аңгыча селсевет төрагасы, колхоз башкармасы, райондон келген чоң кеңешип жаткан жерге, Мустафа келип калган имиш. Өтүп баратып Чолокко карап:

- Мен бир нерсе ойлоп койдум. Ал жардам бербесе, айла жок, алдагы турган турпатың, кызыл менен таңылган колуң менен кошо, көрүңө өзүң эле барып жата бер, а тунгдун мөмөсүн үстүңө мен туурап берем, - деген экен.

Мустафанын бул сөзүнө Чолок унчуга албай, улутунуп эле майып колун кейиштүү тиктеп, мен го болуптур, кандай жаза болсо да даярмын, а бул байкуш кол, ансыз да меншевиктердин огунан жапа чеккен кол, эмнеге азап тартыш керек деген мааниде.

Мустафаны акылдуу, колхоздогу бардыгынан бай адам катары, жергиликтүү чоңдорго баркы бар адам экендигин айта кетүү абзел. Үйү айылдагы үйлөрдүн бардыгынан көрктүү, кенен, ошондуктан жогору жактан чоңдор келсе Мустафанын меймандос үйүнө жаткырышат.

Мустафа жөнөкөй эле, бирок өтө натыйжалуу нерсени ойлонуп коюптур. Райборбордон келген чоң абхаз экен, а абхаз болгондон кийин район эмес Эфиопиядан келсең да, Абхазияда жек-жаатарың табылат.

Көрсө Мустафа түн ичинде айыл аксакалдарын жашыруун чогултуп, сыйлап, алардын жардамы менен райборбордон келген жолдоштун жек-жаатын кылдат изилдеп чыгыптыр. Бардык жагын кылдат изилдөөнүн натыйжасы райборбордон келген жолдош, өзүнүн эки ата өткөн чоң энеси аркылуу жана учурда Мерхеулы айлында жашаган мурдагы шаардык кыз аркылуу, Мексут аке менен жакын тууган болуп чыгат. Мустафа бул натыйжага абдан ыраазы болуп турду.

Чолоктун жандап өтүп, чөнтөгүндөгү ушул көзүр менен чоңдор отурган жерге барбайбы. Мустафа изилдөөнүн натыйжасын айтканда райборбордук жолдош кубарып кетип, мерхеулдук чоң эне, айрыкча Мексут аке менен тууган экенин тана баштайт. Бирок капкан жабылып калган да. Мустафа анын кебине мыйыгынан күлүп:

- Тууган болбосоң, эмне кубарып кеттиң?

Башка сөз айтпай бөлмөдөн чыгып кетиптир.

- Эмне болмой болду? – деп сурады Чолок Мустафаны көрүп.

- Кеч киргенче чыдай тур.

- Тезирээк чечкилечи, болбосо бул таңуудан колум такыр эле жансыз болуп калмай болду.

- Кечинде көрүшкөнчө, - деп Мустафа кетип калды.

Ачыгын айтканда, райборбордон келген жолдош тууган экендигинен баш тартканы, Мексут акенин намысына тийип, өлгөндөй таарынтып койду. Ал эч кимге эч нерсе айтпай, атын токуп минип, Мерхеулга жөнөп кетти.

Кечинде көл-шал тердеген аттан башкармалыктын алдынан түшүп, тизгинин өз тагдырын күтүп отурган Чолокко карматты. Башкарма Чолокту карап, айланадагы табигатка суктанып, серүүдө тамеки соруп турган эле.

- Кир, - деди төрага Мексут акени көрүп.

- Азыр, - деп Мексут аке, кирерден мурун Чолоктун колундагы кызыл таңууну жулуп алып, унчукпай кайра чөнтөгүнө солоду. Чолок ошол майып колун көтөргөн бойдон дагы эле шекшигендей, ушул шарттуу белгини кабыл албагандай катып отурат имиш.

Мексут аке райондон келген жолдоштун алдына саргарып, үбөлөнүп кетчүдөй болгон революцияга чейин эле, ошол кездеги Сухуми уездинин нотариалдык конторунан берилген мерхеулдук чоң эненин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн таштаптыр.

Күбөлүктү көргөндө тиги жолдош да кубарып кетти, бирок баш тарта албай калды дешет.

- Же чоң энеңди атка артып келейинби?- дейт Мексут.

- Жок, чоң энемдин кереги жок, - дейт райондук жолдош. Үнү араң эле чыгып.

- Портфелиңди аласыңбы же күйбөс шкафка салып койосуңбу? - деп сурайт Мексут аке.

- Ала кетем, - дейт райондук жолдош.

- Анда кеттик,- Мексут аке экөө ээрчишип чыгып кетишти.

Ошол күнү кечинде Мексут акенин үйүндө даам сызып, ойлонуп жатышты. Эртеси эртең менен Мексут акенин үйүндө көпкө талкуу жүргөндөн кийин, алар айтып, менин өзүмө орус-кавказ-канцелярия тилиндеги маалымат жаздырылды.

- Акыры бул арам тамак да керекке жарамай болду, - дейт Чолок, мен сыя челекти жакын алып, айткандарын жазууга даярданып калганымды көрүп.

Маалыматты колхоз жетекчилери райондон келген жолдош менен талкуулашты. Чолок кунт коё угуп, ар бир сүйлөмдү абхаз тилине котортуп берүүнү талап кылып, азыр мен түшүнүп жаткандай, бир нече жерге өз ишмердигин, социалдык ордун жогорулатуу боюнча толуктоолорду киргизди.

Анын сенек колу тууралуу маселе абдан көп талаш жаратып, Чолок, князь кийин меншевиктерге кошулуп кеткенин эске алып, анын колу меншевиктик желдеттин огунан жапа чеккенин жазууну талап кылып жатты. Райборбордон келген жолдош так болууну өтүнүп, анткени ал өз туугандарын урматтаганы менен, андан да сурай турган чоңдору бар экенин айтып башын мыкчыйт. Акыры бардыгын ыраазы кылган маалымат жазылды.

Маалымат жазуу абдан узакка созулуп, мен аны жазып жатып жатка билип калганга да үлгүрдүм. Жазылып бүткөндөн кийин окуп беришимди талап кылышып, мен үнүмдү катуу чыгарып, дааналап окуп бердим. Ошондон кийин көчүрүп жазганга селсеветтин катчысына беришти. Маалымат мындай жазылган эле.

“Кийин меншевик болуп кеткен княздын огуна байланыштуу Чолок деген каймана ат алган Шаабан Ларба карыя, колхоз биринчи уюшулган күндөн баштап сенек болуп калган колуна карабай (сол кол) артелде жигердүү иштеп келет.

Чолок каймана аттуу Шаабан Ларба карыянын учурда Мекен үчүн фронтто салгылашып жүргөн, малекеттик сыйлардын ээси болгон уулу бар (кашаанын ичинде талаа почтасынын дареги берилген).

Чолок каймана аттуу Шаабан Ларба карыя улгайганына карабастан, жогоруда айтылган жапа чеккен майып колун аябастан, ушул согуштун каат жылдарында колхоз талаасында талыкпай эмгектенип келет. Жыл сайын төрт жүздөн кем эмес эмгек күн табат.

Бул адам тунг дарагын өз мүрзөсүнө революцияга чейинки сабатсыз чалдарга окшоп жаңылыш отургузуп алган, ал үчүн селхозартелдин жобосуна ылайык жаза тартат деп колхоз башкармалыгы, селсевет төрагасы менен бирге ишендирет. Колхоз башкармалыгы тунг дарагын колхоз талаасынан мүрзөгө отургузуу, ал эмес өз жеке чарбактарына отургузуу жалпы мүнөздө болбогондугун, сабатсыздыктан бир гана жолу болуп кеткендигин билдирет.

Колхоз башкармалыгы Чолок каймана аттуу Шаабан Ларба карыя колхоз иштери боюнча эч качан жаман айткан эмес, а шайыр, абхаз мурчу сыяктуу курч мүнөзүнө ылайык, айрым адамдарды колхоз талааларында дагы эле жолуга калган мите баатырларды, тырмакча ичинде, өз чарбагында болсо эпкиндүүлөрдү, тырмакча ичинде эмес, шакаба кылат. Бирок биз мындай баатырлар жана эпкиндүүлөр менен аёосуз күрөшүп, селхозартелдин жобосуна ылайык колхоздон чыгарып, жеке чарбагын алып коюу аркылуу, арабыздан жоюп келебиз жана жойо беребиз.

Шаабан Ларба карыя өзүнүн элдик талантына ылайык, жергиликтүү короздорду туурап, абдан зыяндуу саналган мусулмандардын эски салтын шакаба кылат, ошондой эле талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай колхозчулардын көңүлүн ачат”.

Маалыматка мөөр басылып, колхоз башкармасынын, селсевет төрагасынын колу коюлган.

Иштерин бүтүрүп, меймандар серүүгө чыгып, ал жерде аттанар аяк, “изабелла” стакандары ичилип, райборбордон келген жолдош, башкармалыктын бир мүчөсү аркылуу Чолок корозду кантип туурай тургандыгын уккусу келгенин кыйытты.

Чолок маалкатып отурбай, ошол замат өзүнүн атактуу колун оозуна алпарып шумдуктай бир ку-ка-ре-куну берди дейсиң, тегеректеги короздордун бардыгы байлоодогу иттей эле чуу көтөрүп калышты. Алдамчылык болуп атканын өз көзү менен көрүп калган ошол үйдүн корозу гана, мындай бетсиздикке чыдабай катып калып, анан ушундай бир кукулуктап кирди эле, райборбордон келген жолдоштун кулагынын кужурун албасын, анын сөзүнө кедерги болбосун деп, огородго кубалап жибергенге аргасыз болушту.

- Бардык эле короздор ушундай кабыл алабы же жергиликтүү короздор элеби? – деп сурады райондук жолдош, корозду кубалап жибергенден кийин.

- Бардыгы, - дейт Чолок, - кайсы жерде болбосун сынап көрүңүз.

- Чынында эле элдик талант экен, - деди тигил, ошону менен Мексут аке менен коштошуп баары чыгып кетишти. Мексут аке аларды дарбазага, андан арыраак узатып келди.

Колхоз башкармасы маалыматта жазылганды так аткарып, Чолокко жыйырма эмгек күн айып салды. Тунг дарагын кайрадан колхоз чарбагына отургузуп, мал түшүп кетпесин үчүн көрдү көмүп коюуну буйурду. Чолок даракты казып алып колхоз чарбагына отургузган менен, ары-бери көчүргөндөн кыйналган байкуш көпкө оңолбой, жарымы куурап турду.

- Менин колумдай болуп калды, - дейт Чолок. Көрүн болсо көмгөн жок, айланасын того салынган эшиги бар, жапыз, кооз кашаа менен курчап койду.

Тоголок каттын ызы-чуусу бүткөндөн кийин баягы тууганы киши салып, торпогу тууралуу каңкуулап көрдү. Чолок болсо ага жалаа жаап, эл алдында шерменде кылып коюшту, азыр күндөп-түндөп ошол чагымчыны издеп жүрөм, ал эмес жумушка да мылтык көтөрө барам, торпок тууралуу ойлоп, баш ооруткандай мезгил эмес. Ошол кишини жерге сулатмайынча тынч жата албайм, анын көлөмү мендей болсо өзүмдүн көрүмдү да аябайм, берем, - деп жооп берип, тууганы тегерегиндегилерге кулак салып, байкай жүрсүн, шеги билинип калса мага, Чолокко кабар берип койсун, Чолок эмне кыларды билет. Ошондон кийин гана өзүнүн Эркектик Намысын аткаргандан кийин гана Чолок жакын туугандар ортосунда боло жүрүүчү торпок, андан башка майда маселелерди чечүүгө киришет,- деп кошумчалап койду.

Ошондон кийин тууганы торпоктон үмүтү үзүлдү көрүнөт, экинчи сөз кылган жок, Чолок менен жолугушуудан да качып жүрөт деп жүрүштү. Болбой эле бир тойдо жолугушуп калышты. Бир топ ичилгенден кийин түндө, ырдын сөзүн анча-мынча бурмалап койгонго мүмкүндүк берген дасторкон үстүндө ырдалуучу ыр мезгилинде Чолок бир нече жолу кайталап калды:

О, Райда снуада райда, эй,
Торпок үчүн саткан тууган ай...

Ал тууганын карабай эле ырдай берди, ошондон улам тиги тууганы соолуга баштап, акыры чыдабай кетип маңдайында отурган Чолоктон:

- Муну менен эмне айтың келип турат? - дп сурап ийиптир.

- Эч нерсе, - деп жооп берип, аны ченеп жаткандай карап, - жөн эле ырдап атам, - деп койду дейт Чолок.

- Ооба, бирок бир кызыктай ырдап атасың, - дептир тууганы.

- Биздин айылда, - деп түшүндүрө кетиптир Чолок, - бир кишиден башкасы, бардыгы ушинтип ырдайт.

- Кайсы киши? - дептир тууганы.

- Ойлонуп көр, – деп койду дейт Чолок.

- Ойлонгум да келбейт, - деген имиш тууганы колун шилтеп.

- Анда мен өзүм айтам, - дептир Чолок.

- Айт! – тууганы жөөлөп кирген имиш.

- Селсеветтин төрагасы.

- Эмнеге ырдабайт экен?

- Өкмөттөн маяна алып жаткандан кийин, шек билдирип койгонго акысы жок да, - дептир Чолок.

- Далилдей аласыңбы?

- Далилим жок, ошон үчүн азырынча жөн гана ырдап жүрөм, - дептир Чолок кайрадан тууганын ченеп аткандай карап.

Уулунун Кызыл туу ордени менен сыйланганына арналган тойду бузуп коюшабы деп тынчы кетип, үй ээси алардыулам карап коёт. Ыр кайрадан жаңырат, бардыгы ырдап, Чолок да бардыгына кошулуп ырдап, ырдаганда да башкалардан айырмаланбай, “шайтанын карматпай” ырдайт, үй ээси чочулап атканын сезип турат да. Анан бир маалда үй ээси тынч алып калганда кайрадан:

О, Райда снуада райда, эй,
Мүрзөсүн кашаа менен тосуп койдум...

Ошентип ырдады. Бирок үй ээси угуп калган экен, мүйүздү виного толтуруп туруп аларга келиптир.

- Чолок! – деп кыйкырат, - өлкөнү коргоп, кан кечип жүргөн балдарыбыз үчүн экөөң ушул дасторкон үстүндө түбөлүккө элдештик деп ант бергиле!

- Мен торпокту унуттум, - дептир тууганы.

- Эчак эле ошентсең болмок, - деп Чолок үй ээсине кайрылып: - Биздин балдарыбыз үчүн жанымды берүүгө даярмын! Сен айткандай болсун, оомийин!

Чолок ушуну айтып, отургандардын ичкенге жардам берип “Уро, уро, уро у-ро-о деген сүрөөсү менен, бир литирдик мүйүздөгү винону оозунан үзбөй улам башын чалкалатып жатып ичип койду дейт. Анан дасторкон үстүндөгү ырдалчу ырды баштап ийди, а тууганы болсо саксынып, качан сөзүн бурмалап жиберет деп күтүп атат дейт. Качан Чолок:

О, Райда снуада райда, эй,
От кечип жүргөн баатырлар үчүн...-
деп ырдаганда айтылган ырдын маанисине жетиш үчүн бир топко ойлонуп, акыры ал өзү от кечкен баатырга окшобогондугун түшүнгөндөн кийин эс ала түшүп, ырдагандарга кошула кеткен имиш.

Күзүндө өзүбүзгө бөлүнгөн жерден жакшы түшүм алып, шаарга жүгөрү, ашкабак, жаңгак, ар түрдүү мөмөлөрдүн кургатылган кагын арбын алып кайттык. Андан бөлөк да жыйырма бөтөлкө бекмез[2], алманын ширесинен жасалган бал даярдап алдык. Бул иштер бригадир менен сүйлөшүп, эски алма бактын алмасын жыйнап, жарымын колхозго, калганын өзүбүзгө калтыргандан болду. Колхозчулар негизги деп эсептелген чай, тамеки, тунг менен алпурушуп, алма жыйнаганга кол жетпейт экен.

Алма тергенге макулдук алар менен, апам айылдан көп алыс эмес жерде иштеп жаткан жумушчу батальонунун үч адамы менен, алар бизге алма терип, кесип, кайнатып бекмез жасаганга жардам берсе, биз алган пайданын жарымын бергенге сүйлөшүп коюптур. Бир жумадан кийин бул опперация ийгиликтүү аяктап, келерки кышта кант ордуна жеп чыккан, жыйырма бөтөлкө салмактуу, уюган алтындай  бекмездүү болдук (таза киреше).

Ошентип айылдыктарга коммерциялык айлакерлик боюнча сонун ыкма көрсөтүп, айылдан кеттик, Чолоктун үнү угулбай калды.

Бир топ жылдардан кийин аңчылаганы баратып, кайрадан ошол айылда болуп калдым. Мен барчу тарапка машине күтүп, колхоз башкармалыгынын жанында мен бала кездеги тыт дарагынын көлөкөсүндө отурам. Августун ысык күнү. Ээн калган мектеп имаратын, калың чөп басып кеткен короону, качандыр бир кезде биз отургузган эвкалип дарагын, ар бир танаписте чуркап барчу эски турникти карап, жаш кездин жытын, салтка айланып айтылып жүрчү кусалыкты сезип жатам. Көчөдөн өтүп калгандар, айылдын салты боюнча учурашып коюшат, бирок мен аларды, алар мени тааныбайт. Бир кыз башкармалыктан эки графин менен чыгып кудукка келип, чыгырыгын эрине айландырып суу алып жатты, чаканы жай тартып алып, жыгач текчеге коюлган эки графинге бир  мезгилде суу куюп, графиндерден ашып, төгүлүп жаткан суунун салкынына суктанып тургандай. Чакадагы суунун калганын чөпкө чачып, суу графиндерди алып, эрине басып кайта жөнөдү.

Кыз тепкичтер менен чыгып барып эшикти ачканда, ал жактан элдин кобур-собуру агылып чыгып, эшик менен кошо жабылды. Мага ушунун бардыгы мурда болуп өткөндөй сезилип кетти. Дат баскан, кыйчылдаган велосипедчен жигит жанымдан өтүп барып, катуу ойлонуп жаткандай түр менен кайра бурулуп келип тамеки сурады.

Велосипеддин багажнигинде эки бөлкө нан байланып турат. Мен тамеки берип, Чолоктун небереси Яшканы билесиңби деп сурадым.

- Билбегенде, - деди ал, - Яшка почточу. Ушул жерде туруп тур, ал демейде ушул жерден мотоцикл менен өтөт...

Жигит жер айдаган дыйкан сокону кармагандай, рулду бекем мыкчып, буту менен түртүлүп, тамекисин бурулдатып, кыйыктанган, аянычтуу кыйчылдаган велосипедин айдап кетти. Ушул аптап, майланбаган велосипед, ал эмес багажнигине байланган эки бөлкө нан, ошол жигит кандай болсо да жеңип чыккысы келген, эч ким түшүнбөгөн бир мелдештин шарты сыяктуу сезилди. Жолду байкап турам. Чындап эле бир аздан кийин мотоциклдин үнү угулду. Албетте, аны күтүп тургандыктан гана тааныдым. Кичинекей мотоциклде ал балдардын велосипедине минип алган Гулливердей эле болуп калыптыр.

- Яшка! – Ал мен жакка карап, мотоцикли корккондой токтоп калды. Андан кийин ал менимче, жерге ныгырып басып салды көрүнөт, мотоцикли такыр эле өчүп калды.

Яшка аны өз алдынан түртүп салып, биз көчөдөн бурулуп он беш минуттан кийин папоротниктин көлөкөсүндо жаттык. Чоң, эттүү, өңүндө маңыроо жылмаюу кетпей, чоң атасына учкашып, айланасын маңыроо тиктеген мурдагы эле Яшка менин катарымда жатат. Бир аз мурда ал бригадир болгон экен, бирок бир калпыстык кетирип, азыр почточу болуп калыптыр. Ал муну мурдагыдай эле жылмайып, өзү айтып берди. Мектепке окуп жүргөндө эле анын мансапка кайдигер экендиги билинип турчу.

Кыязы, чоң атасы тукумуна арналган албуут кайраттуулук, айлакердиктин бардыгын өзү коротуп, Яшкага эч нерсе калбай калган көрүнөт же чоң атасы Яшка албуут болбосун деп атайын өзүнө коротконбу... Айырмасы эмне – бригадир болсо бригадир, почточу болсо почточу. Үнү чоң атасыныкындай жоон, күчтүү, ачуу айкырыгы гана жетишпей жумшак күлдүрөп эле турганы болбосо... Мен албетте, чоң атасы тууралуу сурадым.

- Эмне, чоң атам тууралуу эч нерсе уккан жоксуңбү? – деп таң калып, чоң, тегерек көздөрү менен кадалды.

- А эмнени?

- Ал окуяны бардыгы билишет, сен кайда жүргөн элең?

- Москвада.

- А, анда Москвага али жете элек экен, - деди Яшка, Абхазиядан Москвага чейинки аралыкка моюн сунуп. - Мындай окуя эмдигиче Москвага чейин жете элек болсо, демек бир топ эле алыс экен.

Яшка папоротниктин жаш сабактарын астына төшөп, башына ыңгайлатып сомкесин коюп, чуугуйду чоң атасынын акыркы окуясын айтып берди. Бул окуяны мен башкалардан да уктум, бирок Яшкадан биринчи жолу уккан элем.

Кыялымда Чолоктун акыркы чуулгандуу жоругуна суктанып турсам, күтүлбөгөн жерден...

- Жужуна, Жужуна! – деп ордунан да турбай, күтүүсүздөн эле кыйкырып калды.

- Эмне-е? – кайдандыр бир тараптан кыздын үнү.

Мен өйдө болуп, тегерегимди карадым. Папоротник бадалдарынын ары жагынан, анча чоң эмес бук токойчосу көрүнөт. Дарактардын ары жагында кашаа, кашаанын артында жүгөрү талаа. Кыздын үнү ошол жактан угулат.

- Кат бар, Жужуна, кат! - Яшка дагы кыйкырып, мага көзүн кысып койду.

- Калп элеби? – дедим.

Яшка кубангандай башын ийкеп, талаа жакка кулак түрүп турат.

- Ал-дам-чы-и-й! – кыздын үнү, мен почточу - бугунун, түгөйүн чакырган үнү, маралды ордунан козгоп койгонун сезип калдым.

- Бачым бол, Жужуна, кетип калам, күтө албайм, Жужуна! – дейт Яшка элжиреп, өзүнүн үнүнөнбү же кыздын ысымынабы, мас.

Мен кетишим керектигин түшүнүп, коштошо баштадым. Тигил жакка кулак түргөнүн койбой, Яшка мени бир түнгө болсо да калуумду өтүнөт, бирок мен болгон жокмун. Шашканымдын себеби өз туугандарымды таарынтып алат элем, аларга кирген жокмун да, ошон үчүн шаштым. Эгерде бул жакта бир түнгө калсам, аңчылык тууралуу ойлобой эле койгон оң, өзүңө келиш үчүн эки-үч күн кетет.

Жалгыз аяк жол менен көчөгө чыгып баратып кыздын үнүн дагы угуп калдым, бул жолу даана угулду.

- Кимден эке-ен, айтсаң келе-ем!

- Келсең, анан айтам, Жужуна, Жужуна! – августун аптап күнүндө бул эңсөө-чакырык акыркы жолу угулду, мен байкалбаган, эл ичинде ич күйдүлүк деп аталган кусалык менен, айылдын четиндеги ээн көчөгө чыктым.

Кандай болсо да, Чолок баштап кеткен айлакердик дагы эле өлө элек экен деп койдум. Жарым сааттан кийин жөнөп кетип, ошондон бери ал тарапка каттай элекмин. Бирок ал жакка баруу көңүлүмдө турат, эң кур дегенде Яшка менен Жужунанын чакырыктары эмне менен аяктаганын билиш үчүн болсо да барыш керек.

Чолоктун акыркы жоругу менин эсимде кандай сакталып калса, ошондой кылып айтып берем. Чолок, согуш бүткүчө чыдап, уулун аман-эсен тосуп алып, жашоосу жакшы эле болуп жаткан дешет. Бирок мындан бир жыл мурун жашоо мөөнөтү акырына келип, эми чындап эле өлмөй болуп калган имиш. Ошол күнү демейдегидей эле короодо оттоп аткан атын карап үйүнүн серүүсүндө жаткан дешет. Аңгыча Мустафа келиптир. Ал аттан түшүп, серүүгө көтөрүлүп, ага отургуч алып чыгышып, Чолоктун жанына отурат. Алар адатынча өткөн-кеткенди эстешип, Чолок мезгил мезгили менен эсин жоготуп койобу же уктап кетеби, бирок эсине келер менен токтогон жеринен кеп учугунан жаңылбай улантат экен.

- Эмне чындап эле бизди таштап кетейин деп атасыңбы? - дейт Мустафа эски досун, түбөлүк атаандашын тиктеп.

- Чындап эле, - дейт Чолок, - эми ал жактын аттарын, ал жактын суусунан сугарып...

- Бардыгыбыздын барар жерибиз ошол, - дейт Мустафа жооткотуп, - сени биринчи кетет деп ойлогон жок элем...

- Сен ат жарышта деле мен биринчи болорума ишенчү эмессиң, - деди Чолок даана сүйлөп, анын жанында бакмалап турган туугандары угуп, оозун алаандары менен басып, бүлкүлдөп акырын күлүп калышты, өлүп бараткан адамдын жанында, ал адам айтылуу Чолок болсо да, катуу күлгөн жакшы жорук эмес да. Мустафа таарына түштү, өлүм алдында жаткан адам менен талашууга да болбойт. Бирок өлөйүн деген адам соо кишиге күлүп атса, айрыкча жаман, анткени өлүп баратып сага күлүп атса, сен андан да жаман кокуй, андан да жаман бечара абалда экениң ошол да.

Талаша кетиш жакшы эмес, бирок бир нерсени айта кеткенге оң. Ошентип айтып берди.

- Сен кетип аткан соң, мен сага бир нерсени айтып калбасам мойнумда тагылган жүк болуп калат, - деди Мустафа Чолокко эңкейип.

- Жүк болуп калар болсо, айт, - Чолок башын бурбай, ал короодогу атын карап койду. Ушул анча-мынча калган жашоосунда атын карап турган ага кымбат болсо керек.

- Мага капа болбо, Чолок, илгери ооруканада сени өлүп калды деп, колхозго мен телефон чалгам, - деди Мустафа, ушул азыр да ошондой жалган кабар таратып жибергенге досунун абалы мүмкүндүк бербей калганына кейигендей.

- Кантип, аны орусча айтышты дебеди беле? – Чолок таң калып, аны карап калды. Мустафа орусча билчү эмес, оокатка тың болгон менен такыр эле сабатсыз, көп кырдуу чаташкан аласа-береселердин эсебин, ага карыз адамдарды каттоодо, өзүнө гана белгилүү, өзү ойлоп чыккан иероглифтерди пайдаланчу. Чолок ошого, андан да орусча сүйлөгөнүнө ишенбей жаткандагысы.

- Өзүм жанында туруп, шаардык жээниме айттыргам. Сенин жакшы болуп калганыңды көрүп тамашалайын дегем, ансыз машина да жиберишмек эмес да, - деди Мустафа, ошол оор жылдарды эске салып.

Чолок көзүн жумуп, көпкө унчукпады дейт. Анан көзүн акырын ачып, Мустафага карабай:

- Мен эми билдим, сен мага караганда айлакер саяпкер жана чабандес экенсиң.

- Ошондой болуп атпайбы, - Мустафа кичи пейилдик менен мойнуна алып, Чолоктун жакындарына карады.

Жакындары чыдабай бышактап ийишти, анткени Чолок өмүрүндө биринчи жолу жеңилгендигин мойнуна алып, бул өлө электе эле өлүп калды дегендик да.

Чолок аларды тыйып, аттарды карап баш жаңсап:

- Аттар суусаган экен, сугарып койгула, - деди.

Кыздардын бирөө чака алып сууга кетти. Булактын суусун алып келип, короонун ортосуна койду. Чолоктун аты чакага келип суу иче баштады, Мустафанын аты да чылбырын чоюп сууга умтулат. Кыз атты чечип, ат суу ичип жатканда чылбырдан кармап жанында турду. Аттар моюн созуп суу ичип, а Чолок аларды суктана тиктеп, өзү суу ичип жаткансып кокосу кыймылдайт.

- Мустафа, - деди досуна карап, - сен мага караганда жакшы саяпкер экениңди мойнума алдым, бирок мен да аттарды жакшы көрүп, алар тууралуу бирдеме билем, ушуга ишенесиңби?

- Албетте, ал бардыгыбызга маалым эмеспи! – Мустафа кең пейилденип, серүүдө чогулгандарды карайт.

- Бүгүн эртең мен өлөм, - деп улантат Чолок, - табытым тетиги чакалар турган жерде болсун, жаназам окулгандан кийин сенден суранарым...

- Эмне кыл дейсиң? – Мустафа чурулдай түшкөн Чолоктун жакындарын тыйып, ага эңкейди. - Акыркы керээзин айтайын деген окшойт.

- Менин суранганым... Бетимди жаба электе, табытымдын үстүнөн ат менен үч жолу секиртип өт, үстүмдөн өткөн аттын добушун сезип узайын. Аткарасыңбы?

- Салтта күнөө деп эсептелбесе, аткарам!

- Күнөө деле болбойт ко, - Чолок көзүн жумуп, уктап кеттиби же эсин жоготуп койдубу, тынчып калды. Мустафа серүүдөн акырын түшүп, досунун акыркы керээзин ойлоп, аттанып кетти.

Кечинде Мустафа үйүнө айыл аксакалдарын чакырып, Чолоктун өтүнүчүн ортого салды. Аксакалдар бири бири менен кеңешип:

- Акыркы керээзи болсо аткар, сенден өткөн чабандес жок, өзүң секирт, - дешти.

- Мен биринчи чабандес экенимди өзү мойнуна алды, - деп Мустафа кыпчып койду.

- Ал күнөө болбойт, жылкы баласы эт жебейт - ошондуктан чыккан деми таза, жылкы секиргени күнөөгө жатпайт, - деп чечишти аксакалдар.

Ошол эле түнү аксакакалдардын чечимин Чолокко угузушуп, ал ыраазы болуп, эки күндөн кийин өлүп калды. Айылдарга баягы согуш жылындай болуп, кайрадан кабар айтылды.Бул кабардан шек санагандар да болду, ал эмес баягы биринчи угузушканда торпогун алып келген тууганы ишенбей, аны учтуу таяк менен сайгылап текшериш керек эле, чындап эле өлдүбү же дагы башты оорутуп жатабы, - деп күмөн санап турду.

- Сайгылап кереги жок, - деди кабарчы, - анын табытынын үстүнөн Мустафа аты менен секирет. Маркумдун акыркы керээзи ошондой экен.

- А, анда барса болот экен, - деди санаасы тынып тууганы, - тирүү Чолок башынан алыс секиртмек эмес.

Чындап эле өлүптүр деп угушса керек, маркумдун жаназасына мурдагыга караганда эл көп келди дешет. Көпчүлүгүн табытын үстүнөн ат секиртмеги, маркумду узатуунун жаңы түрү кызыктырды. Эки теңтуштун ортосундагы улуу эрегишти бардыгы билчү. Чолок жөн багынып бербейт эле, дагы бир шумдукту ойлоп койсо керек деп шекшип турушту. Кийин бир топтору Мустафа короосунда столдорго чылапчын коюп алып, аты менен секирип көнүгүп жатканын өз көздөрү менен көргөнүн айтып жүрүштү. Бирок Мустафа Чолоктун жаркын элесине татыктуу деңгээлде ачууланып, столдорго чылапчын коюп, аты менен секирип көнүгүү жасаганын мойнуна албады. Анын айтымында, аты менен дарбазадан деле каргып өтөт имиш, а Чолоктун табытынан секирип өтүш, маа десе секирип атканда Чолок өзүнүн атактуу сенек колун көтөрө койсо да түккө турбаган нерсе.

Чолок өлгөндөн төртүнчү күнү бардык жакындары, жердештери коштошуп бүткөндөн кийин, Мустафа кайгы тартып, ошону менен бирге чыдамы кетип, өз саатын күтүп табыттын жанында турду. Кезеги келип, маркумдун нускалуу өмүрү тууралуу кыска баяндап өттү. Чолок каймана аттуу Шаабан Ларбанын үзөнгү тээп биринчи минген атынан акыркы атына чейинки эрдиктерине токтолуп, маркумдун акыркы керээзин кошуп айтты. Өзү белгилегендей жаштар билсин деп, айгырды алып кеткендеги жардан алыс секирген эрдигин эскерип, эгерде секирип кетпегенде абдан жаман абалда калат эле деп кыйытып койду. Муну кыйытып жатканы Чолоктун эрдигине шек келтирүү эмес, жаштар кыйынчылык башка түшкөндө чечкиндүү кадамга баруу жеңишке жеткирерин билип алсын үчүн айтып атам деди.

Андан кийин чогулуп турган аксакалдарга кайрылып, үнүн бийик чыгарып, маркумдун акыркы керээзине жана өз калоосуна ылайык, маркумдун табытынын үстүнөн ат менен секирген күнөө болбойбу деп сурады.

- Күнөө болбойт, анткени жылкы баласы эт жебейт - ошондуктан чыккан деми таза, жылкы маркумдун үстүнөн секиргени күнөөгө жатпайт, – дешти аксакалдар.

Ошондон кийин Мустафа ат байланган жерден чечип алып ыргып минип, камчы басып, табытка барчу багытты ачып эки жаат каз катар элди бойлой, табытты карай чурады.

Мустафа атына карай баратканда эле ат тебелеп кетпесин үчүн табыттын артындагылар кийин болуп, бардык тоскоол болчу нерселерден тазалап коюшкан. Бирөө ат туягынан күбүлгөн топурак бетине түшпөсүн, бетин жаап койолу деди эле, аксакалдарды бири:

- Маркум бары бир жерге берилет, бетине топурак түшкөнү күнөөгө жатпайт, - деп жаптырбай койду.

Анан ошол айткандарына караганда Мустафанын аты табытка чейин чурап барып эле секирбей тык токтоп калган имиш. Мустафа кыйкырып, оңду-солду камчы басып атса да башын ала качып, кошкуруп, секирбей койгон экен. Мустафа атты буруп артка кайтып, аттан түшүп басмайылын оңдоп тартып, кайрадан минип, шукшурулган бойдон табытка карай чапты дейт. Бирок ат кайрадан эле табыттын жанына жеткенде тык токтоп, Мустафа канча камчыланып теминсе да болбой, секирбей койуптур. Бир минөттүк жымжырттыкты камчынын шакылдаганы, Мустафанын кышылдаганы гана бузуп турду дешет.

Ошондо аксакалдардын бирөө:

- Өлүктүн үстүнөн ат секирбейт окшобойбу?! – деген экен.

- Ооба, - деп эстей кетет дагы бир аксакал, - жакшы ит өз ээсине тиш салбагандай эле, жакшы ат өлүктүн үстүнөн секирбейт эмеспи.

- Түш аттан, Мустафа, - деди колхозчулардан бирөө, - Чолок сага караганда аттын мүнөзүн жакшы билээрин, сага караганда мыкты чабандес, мыкты саяпкер экенин далидеп койду! - деген экен.

Мустафа атын буруп, жарганактаган элди аралай, унчукпай короодон чыга жөнөгөн имиш. Ошондо жаназага келгендердин арасында ушундай бир күлкү жарылган экен, андай каткырыкты өлүк койгон жерде эмес, үйлөнүү тойдо да сейрек угасың дешет.

Каткырыкты уккан селсеветтин катчысы колунан мөөрүн түшүрүп ийип:

- Кудай урду, Чолок табытынан туруп кеткен окшойт!- деп чочуган имиш.

Чолокту өзгөчө шаң менен коюшту. Анын өлгөндөн кийинки тамашасы эртеси эле бардык Абхазияга тарап кетти. Кечкисин Мустафаны Чолоктун ашына келүүгө көндүрүштү - өлгөн адамдын үстүнөн ат секирткен күнөө болбогон менен, өлгөн адамга таарынуу чоң күнөө эмеспи.

Биз тарапта улгайган адам каза болсо, аны узатуу өзгөчө бир шаң менен өтөт. Адамдар вино ичип, күлкүлүү окуяларды эстешет. Салт боюнча мас болгончо ичкенге жана ырдаганга гана болбойт. Кээде бирөө адашып, дасторкон үстүндө ырдалуучу ырды созуп калса, аны тыйып, оозун басып коюшат.

Улгайган адам каза болгондо, менимче, өзгөчө шаң, шат менен узатуу деле туура. Эгерде адам өмүр жолун улап отуруп улгайганда, бизде айтылгандай, мөөнөтү бүткөнчө жашап туруп, анан каза болсо, демек артында калгандар ошол адамдын башка салган ар түрдүү оор сыноолорду жеңип келип, мөөнөтү чыкканча жашагандыгын майрамдашы туура.

Келесоолукка чейин жеткирип ийбесе, сөөктү шаң менен узатуу деле жөн жерден пайда болгон жок. Бул: эбегейсиз окуя болду – адам бул турмуштан өтүп кетти дегендик, эгер ал жакшы адам болсо аны белгилешет, ошол көпчүлүктүн эсинде узакка сакталып калат. Өмүр бою айланасына күлкү чачып, эмгеги менен жерди саймалап жашаган, а акыркы он жылда өзү жатчу көрүн да тим койбой, шабдалынын түшүмүн жыйнаган Чолоктун жаркын элеси, элдин эсинде калганга татыктуу экендиги жалганбы.

Чындап эле өз мүрзөсүнөн өзү шабдалынын түшүмүн алганды ким көрүптүр, ошондой аракет кылгандар да болгон, бирок аларга Чолоктукундай курчтук, аныкындай акыл болбогондон, мүдөөсүнө жеткен эмес ко.

Ал өзү тирүү кезинде айткандай, көрү кургак, жакшы жерде казылды эле, ылайым эле жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Которгон Марсел ИСАКОВ


[1] Тунг дарагы – тропика, субтропика райондорунда өскөн дарак. Мөмөсүнөн техникалык май алынат.

[2] Мөмө, жемиштин ширесинен жасалган коюу, таттуу татымал.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз