Фазиль Искандер: Короз

  • 09.04.2020
  • 4969

АҢГЕМЕ

Мен бала кезден эле короздорго жакпайм. Эмнеден башталганы эсимде жок, бирок, жакын жерде урушчаак короз пайда болду дегиче, сөзсүз “кан төгүлөт”.

Ошол жайда мен Абхазиянын тоолуу айылдарынын биринде туугандарыбыздыкында жашап калдым. Таң эртеңден бүт үй-бүлө – апасы, бойго жеткен эки кызы, эки баласы, - бирөөлөрү жүгөрү отогонго, экинчиси тамеки үзгөнгө ишке кетишет. Мен жалгыз калам. Мага тагылган милдет жеңил, жанга да жагымдуу. Улактарга чөп берүү (жалбырактары шуулдаган жаңгактын чырпыктарынын чоң боосу), түш ченде булактан суу алып келүү, үйдү кайтаруу. Кайтаргандай деле эч нерсе жок, ошентсе да айры куйрук тооктун балапандарын илип кетпеси үчүн, адам барын билгизип анда-санда кыйырып туруш керек. Ошентип турганым үчүн илмийген шаардыктардын өкүлү катары, тоок жаңы эле тууган жумурткадан экини чийкилей ичип алганга уруксат берилчү, аны мен жан дилим менен берилип аткарчумун.

Ашкананын чет тарабындагы дубалда токулган чабыра илинип, тооктор ошого туучу. Алардын чабырага тууш керектигин кантип биле турганы мен үчүн табышмак эле. Бутумдун учтарына тура калып колумду уяга салсам, жылуу жумурткага урунат. Бир эле мезгилде өзүмдү багдаттык ууру жана суу астынан машыккан бермет тапкыч сезип, дубалга чегип туруп шимип алам. Алыс эмес жанымда эле нааразы болгон тоок кукулдайт. Турмуш ойдогудай сонун сезилет. Таза аба, таза тамак-аш – жакшы огороддо, ашкабак ширеге каныккан сыңары, менин да денем күч-кубат сиңире баштагандай.

Үйдөн эки китеп: Майн Риддин “Башы жок чабандес” жана Вильям Шекспирдин “Трагедиялар жана комедиялар” китептерин таап алдым. Китеп каармандарынын аттары азем музыкадай угулат: Морис-мустангер, Луиза Поиндекстер, капитан Кассий Колхаун, Эль-Койот, анан дагы испандык салтанат менен Исиодора Коваруби де Лос-Льянос.

“– Кечирим сураңыз, капитан, - деди Морис-мустангер тапанчаны анын чыкыйына такап.

- О шумдук! Анын башы жок экен!

- Бул мираж! - деди капитан”.

Мен китепти башынан аягына, аягынан башына анан кыйгачынан да эки жолу окуп салдым.

Шекспирдин трагедиялары мага түшүнүксүз, маниси жок бир нерселер сыяктуу сезилди. Анткен менен комедиялары автордун жазуучу экенин аныктап коюптур. Мен маскарапоздор падыша сарайы үчүн эмес, падыша сарайлары маскарапоздор үчүн курула турганын түшүндүм.

Биз жашаган үй, күн-түн дебей жел аргы урган дөбөчө жерде салынып, кургак, кадимки тоолуктардай бекем эле.

Үйдүн серүүсүнүн шыбында чабалекейдин уясы жабышкан. Чабалекейлер серүүгө шуулдап таамай кирип, кулап кетчидей чырылдап, оозун созгон балапандары жаткан уясына күймөнө калат. Балапандардын тамаксоолугу алардын ата-энесинин талыбаган камкордугуна тете. Кээде балапандарына тиштеп келгенин берип, чабалкей бир саамга уянын кырына отуруп калат. Жебедей болгон денеси былк этпей башы гана кыймылдап, айлананы байкайт. Заматта уядан бөлүнүп ылдый кулап, анан түзөлө калып шыптын астынан кайкып жөнөйт.

Тооктор короодо жер тытып, балапандар менен таранчылар чырпылдашат. Бирок шайтан тынч жатпайт да. Менин кыйкырыгыма карабастан, дээрлик ар күнү айры куйрук келет. Кээде тике качырып, кээде кайкып баратып балапанды илип алат, канаттарын оор күүлөп, асманга умтулуп, токойду көздөй каалгып жөнөйт. Бул эми бир укмуш көрүнүш да, мен кээде атайын эле алыстап кеткиче карап туруп, анан кыйкырымыш болуп калам. Айры куйрук илип кеткен балапан жүрөгү түшүп, тагдырына моюн сунган макоо кебетеленет. Эгерде мен убагында кыйкырып калсам, айры куйрук иле албай, илгенин түшүрүп ийет. Андай болгондо коркконунан жинди болуп, көздөрү тостоюп кыймылдабай калган балапанды чөп арасынан таап алабыз

- Бул эми мал болбойт,- деп агаларымдын бирөө башын кесип ашканага жөнөтчү.

Тооктор мамлекетинин кожоюну килейген кызгылт короз эле. Жомоктогу жеке бийлөөчү чыгыш падышалары сыяктуу келбеттүү, көпкөлөң, митаам. Мен келгенден бир аз күндөн кийин эле ал мени жек көрө тургандыгы, кагылыша кеткенге шылтоо издеп жатканы билинип калды. Балким мен жумуртка ичип алганым анын эркектик намызына тийип жаткандыр. Же айры куйруктун чабуулунда жакшы туруп бербегенимби? Менимче, экөө тең себеп окшойт, а негизгиси, анын оюнда тоокторго жеке кожоюндук кылган бийлигин тартып алат деп ойлогон го. Жеке бийлеп көнгөндөргө бул кайдан жаксын. Кош бийлик көпкө созулбашын түшүндүм, анан келечек салгылашууга даяр болуш үчүн анын жүрүм-турумун байкай баштадым.

Корозду коркок дегенге болбойт. Айры куйруктун чабуулунда тооктор менен балапандар чуу түшүп, кукулуктап ар тарапка чачырап качканда, ал короодо жалгыз калып, ачуусу келип кукулдап, өзүнүн коркок гаремин тартипке салуу аракетин көрчү. Ал эмес айры куйрук тарапты карай кадам таштап, тап бергени да байкалчу, бирок жерде басып жүрүп, учкан кушка жетпеси айкын болгондуктан, мунусу жөн эле кур дымак, башкалардын көзүнө көрүнүп койуу аракети болсо керек.

Демейде ал короодо же огороддо өзү жактырган эки-үч “колуктунун” ортосунда, бирок калган тоокторду да көз жаздымынан кетирбей оокат кылып жүрчү. Мезгил мезгили менен моюнун созуп асманды карап калат: кокустук жок болду бекен?

Мына, короодо асманда калкып жүргөн куштун көлөкөсү түштү же карганын каркылдаганы угулду, ал башын көтөрүп, эки жакты байкап сак болгонго белги берет. Тооктор коркуп аны тыңшайт, кээде жашынганга жай издеп чуркап жөнөшөт. Көпчүлүк учурда бул жалган маалымат болуп чыгат, бирок зайыптарын ушинтип коркутуп, жүрөк үшүн алып, ошол аркылуу өзүнө кыңк эттирбей баш ийдирет окшобойбу.

Күчтүү буттары менен жерди тытып, ал кээде даамдуу бир оокат табат, катуу үн чыгарып тоокторду тойлогонго чакырат. Чуркап келген тоок анын тапканын чокуп киргенде, ал кекчейип, бир канаты менен жер таянып, кубанып жаткандай тоокту бир нече жолу айланып да койгонго үлгүрөт. Мындай аракет, демейде зордуктоо менен аяктайт. Тоок байкуш эмне болуп кеткенин түшүнө бербей, өзүнө келиш үчүн күбүнүп, ал болсо жеңишке жеткенине ыраазы, тегерегине манчыркай карайт.

Эгерде кезектеги көзү түшүп калган мекияндан башка тоок чуркап келсе, тапканын коруп же ал тоокту кубалап, кукулдап, өзүнүн жаңы сүйгөнүн чакыра берет. Көпчүлүк учурда ал ак, балапанга окшогон, арык мекиян болуп чыгат. Ал короздун жанына саксына келип, моюнун созуп, шамдагайлык менен короздун тапканын чокуп эле четке тыз коёт, ыраазылык билдиргендин ишараты да жок.

Короз оор тамандарын алмак-салмак таштап, уялбай эле артынан кууп жөнөйт, маскара абалда болуп калганын сезип турса да, аны билдирбейин дейт ко, кекирейип, болбой эле чуркап баратат. Демейде жетпей калат, акыры оор дем алып токтойт, мен жакты кыйгач тиктеп, эс нерсе болуп кетпегендей, жөн эле өзү чуркагысы келген үчүн чуркагандай түр көрсөтөт.

Ачыгын айтканда, көпчүлүк убакта анын тоокторду кукулап тойго чакырганы деле алдамчылык болуп чыгат. Чокугандай эч нерсе жок, тооктор деле аны билет, бирок илгертен эле ургачыларга мүнөздүү, бирдеме укса кулагын түрүп жетип бармай адаты да.

Күн өткөн сайын анын мага карата керсейген мамилеси күчөдү. Мен короодо баратсам, кайратымды сынаганы го, артыман кубалаган болуп чуркап калат. Денем дүркүрөп, далым муздай түшсө да чыдап токтойм, эмне болуп кетерин күтөм. Ал да токтойт, күтөт. Бирок мындай абал бир күнү чартылдап жарылат эле, жарылды.

Ашканада тамактанып аткам, ал кирип босогодо туруп калды. Жеп аткан мамалыгамдан[1] үзүп ыргытып койдум. Бекер кылыпмын. Ал мен берген үзүндүлөрдү чокуп жеп, кержейип, бардык турпаты менен элдешүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес дегенди билдирип турду.

Айла жок. Көсөө менен тап берип калдым эле, ал секирип, моюнун каздарчасынан созуп, чекчейген көздөрүндө жек көрүүнүн жалыны күйүп, мени тиктейт. Мен көсөө менен уруп калдым. Көсөө жанына түштү. Ал да бийигирээк секирип, короздорчосунан мени сөккөн бойдон мага карай умтулду. Оттой күйгөн, жек көрүү чыңалган кызгылт түйдөк мага карай атылып келатат. Отургучту тосо калганга үлгүрдүм. Отургучка тийип, башка жеген ажыдаар сымал жаныма талп дей түштү. Тургуча канаттары чаң чыгара жерди сабап,бутумду уруш талаасынын салкын жели желпип жатты.

Мен турган жеримди өзгөртүп, римдик жоокер калкан менен коргонгондой отургучту алдыма кармап босого жакка чегиндим.

Тышка чыга бергенде мен жакка бир нече чабуул жасады. Ар бир чабуулунда, менимче, көздөрүмдү чокуп салганга аракет кылды. Мен отургуч менен жакшы коргонуп, ал отургучка урунуп жерге кулайт. Тытылган колдорум канап, оор отургучту кармап туруу да улам кыйындап барат. Бирок отургучтан башка коргонуучум жок эле.

Кезектеги чабуулда короз күчтүү канаттарын күүлөп секирип, бирок мен күткөндөй калканыма урулбай, ага конуп алды. Мен отургучту ыргытып, серүүнү карай чуркап,үйгө кире сала, эшикти жаба койдум.

Көкүрөгүм телеграф мамысындай гүүлдөп, тытылган колдорумдан кан куюлат. Мен тыңшап турам: ишенип эле турам, кудай урган короз эшиктин алдында аңдып турат. Так эле ошондой экен. Бир топтон кийин ал эшиктен четтеп, темирдей тырмактары менен серүүнүн полун такылдатып, өзүн кожоюн сезип жүрөт. Ал мени согушка чакырып, мен болсо чепке бекине турганды ылайык көрүп жатам. Акыры күтө берип тажады көрүнөт, серүүнүн тосмосуна секирип чыгып, жеңишин билдиргендей кыйкырык салып калды.

Агаларым короз менен болгон согушумду билип, күн сайын жекеме-жеке кармаш уюштура башташты. Ит жыгылыш болуп, толук жеңишке эч кимибиз жете албай экөөбүз тең тытылып, канталап жүрдүк.

Каршылашымдын эттүү, помидордун кесиндисиндей таажысында таяктын бир нече тагын байкоого болот; анын чатырап, сеңселип турган куйругу да бир топ суюлуп калган, ошого карабай андан бетер керсейгенден керсейет. Эртең менен мен уктап жаткан бөлмөнүн терезесинин тушундагы кашаага чыгып кыйкырган жаман адат таап алды.

Серүүнү болсо өзү багынтып алган аймак катары сезип жүрөт. Кармаш ар түрдүү жерде: короодо, огороддо, бакта жүрүп жатты. Мен инжир же алма алганы бакка чыгып алсам, ал мени дарактын түбүндө аңдып турат.

Анын көпкөнүн чыгармакка ар түрдүү айла-амалдарга барам. Тоокторго жем чачып коём. Мен аларды тү-түлөп чакырганда анын итатайы тутулат, тооктор болсо чыккынчылык кылып заматта аны сатып, мени карай чуркашат. Койгула деп үгүттөгөнү кулактарынын сыртынан кетет. Бул эми боло жүргөндөй эле, куру үгүттөн натыйжалуу пайда өйдө болгонунда да. Мен терезеден ыргыткан бир кочуш жүгөрү жумуртка туучулардын туугандык байланышын, үй-бүлөлүк үрп-адатын жеңип кетип жатпайбы. Айласы кеткенде падыша өзү да келет. Ал ачуусу келип тоокторду жемелеп, алар уялымыш болгону менен, жүгөрүнү чокуганы чокуган.

Бир жолу, апам агаларым менен кашаа сыртында, огороддо жүргөндө экөөбүз кармашып калдык. Ал убакта мен тажрыйбалуу, салкын кандуу жоокер болуп калгам. Эки ача таяк менен куралданып, аны дегээ сыяктуу колдонуп, бир нече убарадан кийин корозду жерге ныгыра басып калдым. Ал каршылык көрсөтүп, күчтүү денеси титиреп, электир тогу сыяктуу, таяк аркылуу мага да өтүп жатты.

Жүрөктүүлүгүмө делөөрүп, каарданып кеттим. Таякты колдон чыгарбай, жерге ныгырганымды күчөтүп эңкейдим да, ыгын келтирип дарбазачы топко секиргендей үстүнө секирдим. Бардык күчүм менен моюндан сыга кармаганга үлгүрдүм. Ал катуу силкинип, канаты менен бетке чаап, бир кулагым тунуп калды. Коркконумдан күчүм ашып-ташып кетти окшойт. Кокосун дагы катуу сыгып атам. Тарамыштай чың моюну алаканымда жулкуна титиреп, жылаан мыкчып тургандай болуп атам. Экинчи колум менен буттарын кучактап алдым, узун тырмактары батыра салганга дене көксөп тарбаңдайт.

Бирок иши бүтүп калган. Түзөлө калдым эле, короз чыйкылдап колумда салаңдап турат. Муну көргөн апам менен агаларым кашаа сыртында каткырып атышат. Өтө сонун! Кубанычтын толкуну каптайт. Бирок чынында, андан ары не кыларды билбейм. Короз шүмшүк багынып бергиси келбей, жини кайнап жулкунат. Коё берсем – кайра асылаары бышык, а кечке кармап да тура албайм. Колдорум талып, жеңиштин кубанычы көпкө созулбачудай.

- Огородго карай ыргытып сал, - деп кеңеш берди апам.

Мен кашаага жакындап келип, огородду карай шилтеп калдым.

Балаа басты! Ал кашаанын ары жагына түшпөй, канаттарын жайып ийип кашаага конуп калса болобу. Заматта өзүнө келип, мага атырылып калды. Айлам куруду. Качып бердим. Көкүрөгүмдөн илгертеден калган, качкан балдардын үмүтү болгон урааны кантип чыгып кеткенин билбей да калдым:

- Ап-аа!

Душманга далысын салган, же жеткен макоонун, же жеткен эр жүрөктүн иши. Мен суу жүрөктүгүмдөн ушундай болуп кетти, ошонун азабын тарттым.

Мен качып, ал улам жетип тээп, чокуп, акыры чалынып жыгылдым. Ал үстүмө чыгып алып, кандуу кармаштын ыракатынан кыркырап ой-да көргүлүк салып жүрөт. Эгерде агам чуркап жетип, кетмен менен аны ыргыта чаппаса, кыр аркамды оюп салат беле... Биз аны өлүп калды деп ойлодук эле. Жок. Кечинде жоошуп, көңүлү чөгүп, байкуш кебетесин кийип, чөптүн арасынан чыга келди.

Менин жараттарымды жууп жатып апам:

- Кыязы экөөң бир ааламга батпай калдыңар. Эртең аны кууруп салабыз, - деди.

Эртеси агам экөөбүз аны кармап жүрдүк. Байкуш, жамандыкты сезди окшойт. Бизден страустан беш бетер ыкчамдыкта качып жүрөт. Огородго уча качып, бадалдардын түбүнө корголойт, акыры жертөлөгө камалып, кармап алдык. Кебетеси запкы тарткандай, көздөрү муңга толуп, мени күнөөлөгөндөй тиктейт. Мага: “Ооба, экөөбүз бири-бирибизге душман элек, бирок бул ачык, адилет, эркектердин согушу эмес беле. Сенден мындай арамзаалыкты күткөн жок элем”- деп аткандай. Мен чыдабай, бурулуп кеттим. Бир аздан соң агам башын керте чаап салды. Короздун денеси секирип, туйлап атат, а канаттары титиреп, жазыла калып кокосун калкалап аткандай, ал жактан кан бүлкүлдөп атып атат, атып атат...

Жашоо коопсуз, бирок... супсак болуп калды.

Анткен менен тамак абдан даамдуу болуптур, жаңгактан жасалган ачкыл чык, менин күтүүсүздөн пайда болгон капачылыгымды жууп кетти.

Азыр ойлосом, ал уруштарга салуучу жараган короз экен, бирок башка мезгилде жаралып калыптыр. Короз уруштурган мезгил эчак өтүп кеткен, а адам баласы менен согушуу – болбогон нерсе.

Которгон Марсел ИСАКОВ


[1] Жүгөрүнүн унунан жасалган коюу ботко.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз