Күлгүн түс кыз балага жарашат, бирок...

  • 22.06.2020
  • 4897

Түстөр адам баласынын жашоодогу бир кызыкчылыгы болуп саналат. Ар кандай түстөрдүн жок болгонун, айлананын бирдей түстө болушун элестетүү да кыйын.

Ойлоп көрсөк: жер, асман бирдей түстө деп... Дарактар, гүлдөр да окшош түстө. Ал эле эмес күзгүгө караганда дене да бир түстө: уялганда кызарбайт, корккондо саргарбайт...

Түстөрсүз дүйнөдө жашоо албетте кызыксыз, ал эми ошол эле убакта түстөрдүн эң эле башаламан берилиши, адам психологиясын жабырлантат. Элестетели: Суу – жашыл, сүт – сары. Бир кулагыңыз – жашыл, бир кулагыңыз – көк.

Жубайыңыздын көздөрү кызыл. Кошуналарыңыздын тиштери кара...

Мына ошондуктан, адам баласы анын психологиясына таасирин тийгизген түстөрдү ар кандай кабылдайт.

Ансыз деле азыркы учурда балдарга билим берүүдө түстөрдүн адам баласынын психологиясына тийгизген таасирин кылдат кароодо. Мисалы, кызыл түс адамга жандандыруучу, көкүткөн, толкунданткан, делебени козгогон таасирлерди берет. Көкүтүүчү бул түс тамак-аш тармагында колдонулганда адамда “курсагы ачуу” сезимин пайда кылат. Ошол себептен кээ бир эң чоң фирмалар (Coca Cola, Pizza Hut, MC Donalds, Burger King) өндүрүш тармактарында дизайн жагында кызыл түстү колдонушат.

Кызыл түс адамды ар кандай ойго тез багыттайт, узак убакытка чейин кызыл түс колдонулганда адам жинин келтирет, анын сезимин чыңалууга алып келип, стресске кабылууга жол ачат. Ушул себептен оорулууларга кызыл түстөгү буюм, кийимдерди колдонгонго жана оорукананын бакчаларына кызыл гүл өстүргөнгө болбойт. Кызыл түстү узак убакыт кийген адамдын кан басымы көтөрүлүп, кандын чуркашы тездеп, сабырдуулугу жоголуп, ачуусу бат келет.

Кызыл түстүн эң белгилүү өзгөчөлүгү жыныстык мамилени арттырат. Ошондуктан эротикалык журналдар жана эротикалык интернет сайттары кызыл түстү тандашат жана кызылдын ар бир түсүнөн ушундай нерселерге пайдаланганга аракет кылышат. Айрыкча жыныстык каалоолордун таасиринен, напсисин кармана албаган адамдар үчүн кызыл түстүн өзүнө тартуучулук укмуш касиети бар.

Балдарыңарды отко таштабагыла

Кызыл түс адам психологиясындагы сезимдерин ойгото турган таасирлерин жогоруда айттык. Анда гүлгүн түсчү? Күлгүн түс – кызыл түстүн ичинде 1/3 пайыздуу көк түс кошулуп, жеңил көккө жакын түс. Кыскача айтканда, күлгүн түс, кызыл түскө жакыныраак десек да болот. Кызыл түстө да дал ошондой эле. Күлгүн түс жандандыруучу, көкүтүүчү өзгөчөлүктөрү бар. Андай болсо ата-энелер кыз балдарына кызыл, күлгүн түстөгү кийим кийгизип жатканда бир жолу эмес, бир нече жолу ойлонушу керек.

Ата-энелер балдарына мээримин арнагандыктан кызыл жана күлгүн түс абдан сонун жарашканын көрүшөт, бирок бир нерсени эч качан унутпоо керек: ал баланы караган ар бир көздө эле эненин мээрими болбойт.

Мынчалык көкүтүүчү өзгөчөлүгү бар түстөн тигилген кийимдерди кийген кыз бала “акылсыз адамдардын курманы” болуп калышы мүмкүн. Унутпоо керек, баласына көздүн карегиндей караган ата-эне тобокелге салган түстөгү кийимдерди кийгизип, балдарын отко таштабоолору керек.

Макул, анда кыз балдарга кайсы түс тандалышы керек?

Сары түс кыз балдарга ылайык. Сары түс “мээрим, тынчтык, жакындык жана ырайым кылуу” сезимдерин жаратат. Мунун кызык жагы сары өңдүү кыз балдарда “мээрим, жакындык жана ырайымдуу” сезимдеринин болгонун көрөбүз.

Дагы бир жасалган изилдөөлөргө карасак, кыздардын сезимтал, мээримдүүлүк жана ата-энеге жакындык сапаттары эркек балдарга караганда ашыкча күчкө ээ. Сары түс кыз баладагы табийгый сезимдерди да артыкча абалга келишин жөнгө салат. Сары түс кийген кыз бала, кызыл жана күлгүн түстө кийинген кыздар сыяктуу айланасына көкүтүүчү сезимдерди эмес, мээрим, ырайым кылуу сезимдерин тартуулайт.

Ошол себептен, ата-энелер бул маалыматтарга таянып, кыз балдарга кызыл жана күлгүн түс тандоодо, дагы бир жолу ойлонуп чыгуулары керек.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз