Балам шокпу же ашыкча кыймылдуубу?

  • 19.06.2020
  • 3998

Азыркы күндө “ашыкча кыймылдуу” деген сөз ушунчалык жайылды, бала кичине чуркап койсо, оңго-солго чуркап жатса, ата-энелер дароо карбаластап, “Биздин балабыз көп кыймылдуубу?” деп санааркашат. Негизи ашыкча кыймылдуу балдардын көпчүлүгү ADHD эмес (тарбиядагы көңүл буруунун жетишпестиги, кыймылдын чектен чыкканы, бузулганы эмес), ал жөн гана бала аттуунун баардыгында тең бирдей эле, алардын кадимки табиятында сөзсүз түрдө болуучу тентектиги.

Көпчүлүк балдар тар үйдө, эмеректерди айланып ары-бери чуркап, кичинекей аянтка оюн куруп, тамак иче турган үстөлүнүн асты-үстүндө жаны жай албайт. Мындай балдар, эч кандай ADHD эмес, денесиндеги артык баш энергияны сыртына чыгара албаган тентек балдар. Анткени ADHD балдар тентек эмес, андай балдар түшүнүксүз, кызыктай жүрүш-туруштагы балдар болуп саналат. ADHD бала Аутистик жана Даун синдромдуу балага таандык келген белгилери окшош болбосо да, психологиялык жактан жапа чеккен бала болуп саналат.

Ашыкча кыймылдуулук деген эмне?

Дүйнөдө көптөгөн балдардын жан сыздаткан бул жапа чегүү психологиялык оорусу – Attention Deficit and Hyperaktivity Disorder (ADHD) болуп саналат. Түрк тилине көңүл буруунун жетишпестигинен ал ашыкча бузук кыймыл деп которулган. Голландиядагы үй-бүлөлөрдүн 3%ы, Америкадагы ата-энелердин 5%ы, Англиядагылардын 1%ы балдарынын бул ооруга чалдыгышынан жапа чегишип, аны менен күрөшүп жатышат. Туркияда болсо бул 5%ды түзөт.

ADHD баланын жүрүш-турушу “нормалдуу” балдардыкындай болбогондуктан, Европада мындай балдар “майып балдар” үчүн ачылган атайын мектептерде окутулуп, адис психолог жана атайын тажрыйбалуу педагогдордун жардамы менен билим алып чыгууга аракет кылышат.

ADHDдин белгилүү өзгөчөлүктөрү эмне?

ADHD болгон баланын эң биринчи белгилери, өзүн токтото албай дайыма кыймылдуу болушу. Бала денесиндеги айрыкча кубаттуу энергиядан жеңилдеш үчүн ар дайым бир нерселерди жасап, бирөөлөр менен урушуп, бир ордунда турбай чуркап, секирип, отурган ордунда да эң эле жок дегенде колу-бутун кыймылдатып турганга муктаж болот. Бала заряддуу оюнчук машина сыяктуу, качан жерге койсоң, эки жакка жүгүрүп, тынбай кыймылдайт. Мына ушундай абалды ашыкча кыймылдуулук дейбиз. Ал эми баланын жөн гана чуркап, апасын чарчатышын ашыкча кыймылдуулук деп айта албайбыз.

Ал эми ADHD балдар – көңүл буруусу эң начар жүрүш-турушка ээ болгон балдар. Мисалы, алты жаштагы бала кадимки шарттарда өзү кызыккан бир нерсеге 20 минутадай көңүл бура алат, ADHD бала мындай узагыраак байланышты жасай албайт. Бир темага көңүл койгусу келсе да, дайыма ою башка жакта. Же айланадагы ар нерселерге тез-тез алаксыйт, оюна келгенди үчүн ошол чөйрөдөн алыстайт же темага жок бир суроо берет.

Бирок бул жерде көңүл бурар дагы бир нерсе, мисалы, кээ бир балдардын айрым сабактарды жактырбашы же мугалим менен ата-эне балдардын сезимин жана кабыл алуусун түшүнө албашы, мунун натыйжасында шайкештиктин жоктугунан баланын ошол сабакка жакшы кунт коё албашы... Буларды ADHD белгилери катары карабайбыз. Мындай абал баланын күнөөсү эмес, тарбиядагы жетишсиздиги.

ADHD болгон баланын дагы бир белгиси – анын тажаалдыгы. Ал дайыма ким менен болсо да урушууга даяр. Айланасындагылар менен эч качан тил табыша албайт, адамдар менен достук мамиле да кура албайт.

ADHD кандайча пайда болот?

Балада ADHDдин пайда болушуна төрт негизги себеп бар. Булардын бирөөсү эненин боюнда бар кезинде башынан өткөргөн окуялары. Төрөттө баланын 2, 500 граммдан аз салмак менен төрөлүшү, эненин боюнда бар кездеги убактысынын 32 жумадан аз болушу, эненин боюнда бар кезде тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди колдонушу, жатындын зарыл функцияларды толук аткарбашы баланын ADHD белгилери менен төрөлүшүнө себеп болот.

Боюнда бар кезинде баланын өсүшүнө эненин таасир эткен терс жоруктарынан сырткары, бала төрөлгөндөн кийин ыймансыз, адеби жок үй бүлөдө чоңоюшу ADHDдин пайда болуу тобокелчилигин көбөйтөт. Баланын үй бүлөдө беймаза болушу, өзүн барксыз сезиши жана балалык кадырын сезе албоосу, мээримдин жетишпестиги сыяктуу көрүнүштөр ADHD жүрүш-турушунун балада пайда болушуна себеп болот. Андан тышкары, баланын кичинекей кезинде телевизор, компьютер менен эртелеп таанышышы ADHD белгилерин жогрулаткан факторлордон болуп эсептелет.

ADHD себептеринин үчүнчүсү, балдардын жеген тамактарына байланыштуу. Айрыкча, химиялык кошундусу бар чипсы, шоколад, тоңдурулган жемиштер, химиялык заттар кошулган суусундуктар балдардын мындай ооруга чалдыгышына себеп болот. Ошондой эле балдардын жеген тамактарында гормондун бузулушуна түрткү болгон элементтердин болушу ADHDге жол ачат.

Айрыкча ADHD балдарга карата жасалган изилдөөдө бул жапа чегүү укумдан-тукумга өтөрү айтылат. Бир убакта балалык чагында өздөрү ADHD болгон ата-эне да баласына бул жапа чегүүнү берет.

ADHDди дарыласа болобу?

ADHDди дарыласа болот, бирок бул жерде көңүл бура турган башкы нерсе – ата-эненин ADHD менен ооруган балдарын дарылоо ыкмасы. Көпчүлүк ата-эне кээ бир дарыгерлердин туура эмес жол көрсөтүүсүнүн натыйжасында, медициналык дарылар менен дарылаганга аракет кылышат.

Өкүнүчтүүсү, азыркы убакта кунт коюунун жетишпестигинен жана ашыкча кыймылдуулуктун жапа чеккен башталгыч класстагы он миңдеген окуучу балдарга пайдасыз алдын алуучу дарыларды жана депрессияга (табийгый мүнөздөгү адептен тышкаркы жүрүм-турумга) карата медициналык каражаттарды колдонуп жатышат. “Пайдасыз колдонот” дейбиз, ооба, анткени ADHD толук түрдө аягына чейин изилденген эмес. Психология илиминде эч бир балага “сен сөзсүз ADHDге чалдыктың” деп айта албайт. Алгач мындай жапа чегүүнүн көрүнүшүн эске алсак, пайдасыз жерден балдарга дарыларды берүү канчалык ката болгондугу көз алдыбызга элестейт.

ADHD диагнозу коюлган балдарга “риталин” аттуу дары берилет. Риталин – кокаин сыяктуу таасир берген жана атайын рецепт менен сатылган дары. Бул дары ордунда тура албаган баланын жээликкенин токтоткондуктан, дарыгерлер тарабынан күмөндүү дарылардын тизмесине киргизилген. Айрыкча Европа өлкөлөрүндө балдарга берилген наркотикалык таасири бар дарыларга көз карандылык болгондуктан, этикага жатпаган мындай амал менен дарылоону азайтууга жасалган аракеттерге карабастан, Туркияда бул жөнүндө жеткиликтүү маалыматы болбогон үй-бүлөлөр (тилекке каршы) дарылоонун орунсуз жолун таңуулаган, ушул ооруга эпсиз мамиле кылган адистердин бейтап кардарлары болуп калып, буга окшош дарылар колдонулуп келүүдө.

Хоустон Рак борборунда рак менен оорулуу 12 балага риталинге байланыштуу жасалган изилдөөдө, риталин колдонгон балдарда рак менен ооруп калуу тобокелдигинин, риталин колдонбогон балдарга караганда 3 эсе көп болгону байкалган.

Ушул факторлорго таянсак, так диагноз коюлбагандыктан жапа чеккен балага жаш чагында наркотикалык дары берилиши туура эмес.

Европада дары менен айыктыруу жолу кеңеш кылынбаган ADHD балдар үчүн дарысыз психотерапия меттоддору колдонулат.

Акыркы кеңеш

Балдарында ашыкча кыймылдуулукту байкаган ата-эне дасторконго койгон тамак-ашка маани беришин кеңеш кылабыз. “Технологиялык” жол менен өстүрүлгөн, бирок экологиялык таза өстүрүлгөн жер-жемиш катары баалашкан, а негизи жасалма жолдор менен тоңдурулган же консерваланган үрөндөр, түрдүү химиялык заттар (Е заттары) жана жасалма даам менен жыт берген чипсы, шекердүү жемиштер, химиялык боёктор менен боёлгон жана газдалган шире суусундуктары... Буга окшош жер-жемиштер, азыктар түбү келип балдарга жогоруда айтылгандай жапа чегүүлөрдү алып келерин ар убакта эстен чыгарбоо зарыл.

Педагог Адам Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз