Тарбия: Балдарга «өзүнө ишенүүнү» үйрөтүү туурабы?

Ата-энелердин эң чоң каалоосу – балдарынын өзүнө ишенүүсү. “Өз ишеним”, же дагы “өзүнө ишеним” аталган тарбия ыкмасы туурабы? “Өзүнө ишенген баланы кантип тарбиялайбыз?” темасындагы көптөгөн сырттан келген котормо эмгектер биздин тарбия эрежебизге ылайык келеби? Же ошентип өзүнө ишенген баланы тарбиялоого болобу?

Батыш педагогдору тарбия жагынан үлгүлүү баланы сөз кылып жатышканда, “өз жашоосун улантып кете алган, жашоосунун калган бөлүгүн эч кимден көз карандысыз жашап кете алган эр жүрөк балдар туура тарбияланган балдар” деген түшүнүктөрдү колдонушат. Өкүнүчтүү нерсе, азыркы убакта бала тарбиялоонун максаты дал ушул түшүнүк аркылуу жөнгө салынып келет.

Жашоосун жеке өткөрүү адамды чарчатат

Университет жылдарында “Балдар психологиясы” сабагынан берген голландиялык профессордун сөздөрүн эч унутпаймын: “Балдарыбызга өз жашоосун жашап кетүүсүн үйрөтүп жатып, тилекке каршы, чоң катачылык кетирдик. Бир нерсени туура ойлоно алган жокпуз, азыркы адамдар өздөрүнө ашыкча ишенип, бир нерсени жасагандан коркушпайт. Эч уялышпайт. Мына ушундан улам жан дүйнөлөрү жакыр адам болуп калыптанып жатат. Жашоо күрөшүүдөн башталат деген түшүнүктөгү жаштарды тарбияладык. Дал ушул себептүү, адамдар жашоодо тың жашап кетүү үчүн бири-бири менен согушуудан тартынышпайт. Менин клиникама келген бейтаптардын көпчүлүгү - өз жашоолорун өткөрүү үчүн күрөшүп жатып чарчап, максатынан баш тарткан жана жан дүйнөсү жабыркаган адамдар.

Алгачкы көз караш менен алганда өзүнө ишенген адамдын үлгүсү кулакка жакшы угулат, бирок турмуштук тажрыйбамда көргөнүмдөй, өзүнө ишенүү адамды мезгилинен эрте чарчатып, бул чарчоо адамды белгилүү бир мерчемине келгенде акыл ооруларына чейин чалдыктырат. Мисалы, мен ден соолугу чың сергек адамды “өз жашоосун гана өткөрүп жаткан адам эмес, башкаларга да жардамдашып, өз жашоосун туура өткөргөн, адал, мээнеттүү адам катары эсептеймин...”

Бул акылман сөздөр татыктуу эс алууга чыга турган, бардык өмүрүн он миңдеген рух ооруларына арнаган, психиатриялык клиниканын тажрыйбасы мол, карыя адисине таандык эле.

Демек, ата-энелер балдарын тарбиялап жатканда, аларды келечекте көтөрө алгыс оор жүктөрдү артынууларына түртпөөлөрү керек. Жалгыз жашоо өткөрүүнү үйрөтпөстөн, социалдык чөйрө менен аралашып, жардамдашып, ишенип жашоолорун өткөрүшүн үйрөтүү зарыл.

Жеке баш көтөрө алгыс жүк жүктөлгөн, жашоону күрөшүү менен гана өткөрүп жеңе билүү катары тааныган балдар тегерегиндегилер менен коркуу, санааркоо жана күмөн саноо аркылуу мамиле түзүшөт. Ар убакта азап тартып алданып, жок болуу коркунучунда болуп, тегерегине шек саноо менен карашат. Ар убак эле ушундай “тузакта туруу” акыры келип акылдын бузулушуна чейин алып барат.

Өз жашоосун жеке өткөргөнгө аракет кылган баланын абалы, кемеде деңиз сапарына чыккан жалгыз жолоочунун акыбалына окшош. Мисалы, бир адам алыскы жолго чыгуу үчүн кемеге түшөт. Эч кимге көзкаранды болбой, жеке өзү гана сапарын улантарына ишенет. Эч кимге ишенбегендиктен жонундагы таңылуу жүгүн жерге түшүрбөйт. Жолоочунун кызыктай мүнөзүн көргөн башка сапарлаштары: “Өзүңө жамандык жасап жатасың, жонуңдагы жүктү жерге кой, барар жерибиз алыс, эс алып отур”,- дешсе, анын жообу: “Жок, мен буюмдарымдын жоголушун каалабайм. Эки бутум менен эркимдин күчтүүлүгүнө гана ишенемин”,- деп жооп берсе, бул канчалык деңгээлде туура?

Мына, ар бир адам ошол жолоочу сыңары бул ааламыбыздагы турмуштун узак сапарына чыгат. Кеменин жетекчилигине ишенүүсү зарыл. Жонундагы жүктү жерге коюп, кемедеги сапарга чогуу чыккандар менен таанышышы керек. Болбосо мындай жолоочу белгилүү чекке жеткенде, жонундагы жүгүн ташый албай жерге жыгылышы мүмкүн.

Мына, жогорудагы айткан психиатр адистин: “Балдарыбызга эч кимге муктаж болбой өз алдынча жашоосун үйрөтүп жатып, тилекке каршы, чоң ката жасадык. Жан дүйнөсү оорулуу жаштарды тарбияладык. Толкундоо, ыйбаа кылуу жана ишеним сезимдери жок адамдарды чоңойттук”,- деген сөздөрү, жонуна арткан жүгүн түшүрбөстөн коркуу жана күмөн саноо менен турмуш сапарына чыккан жолоочунун абалын айтып жатат.

Голландия мамлекетинин Эсеп-чарба институтунда жасалган изилдөөлөр боюнча 8-11 жаштар чамасындагы балдардын 7 пайызы оор категориядагы психологиялык дарттарга дуушар болуп жатышат. Ошол эле уюмдун жасаган изилдөөсүндө айтылат: туура эмес тарбиялоодон улам жапа чегип, катуу сокку алган балдардын курагы 8 жашка туура келиптир. Дегинкиси, өспүрүм чагына жете элек балдар үчүн жашоо кызыктуу жана шаңдуу оюн ааламы сыяктуу болушу керек эле. Жашоосу жаңы калыптана баштаган алгачкы жылдарда эле, балдар эмнеликтен оор психологиялык кыйынчылыктарды баштарынан кечире башташты?

Адам – социалдык бүтүндүк. Өз алдынча жашоосун өткөрө албайт. Эң күчтүү адамдар да эң жөнөкөй зарылчылыгын канааттандырып, керектөөлөрүн жалгыз жасай алышпайт.

Ойлонуп көрөлү!.. Бардык адамдар жерди таштап Марска кетип калышса, дүйнөдөгү бардык нерсени сизге ташташса... Бардык машиналар токтогон жерлеринде турса жана анын бардыгы сиздики болсо... Өлкөңүздүн падышасы же ханышасы сиз болсоңуз. Дүйнөдөгү акчалар сиздики гана болсо... үйлөр, имараттар... Кыскасы, көзүңүзгө көрүнгөн бардык нерсе сиздики болсо... Мына сизге өз алдынча жашап кетүү үчүн берилген байлык, кудурет! Бирок сизден башка бир дагы адам жок! Ошондо бактылуу боло аласызбы? Ушул бардык мүмкүнчүлүктөр сизде болсо, дем алыш күнү базарга барып соода кыла аласызбы?

Майрам күнү эрте туруп ошол күндүн бактысына ээ боло аласызбы? Жашай албайсыз... Анткени, адам жалгыз жашоо үчүн келген эмес. Тескерисинче, ар бир зарылдыгы үчүн башкаларга муктаж, көз каранды. Мисалы, темир уста канчалык чебер болгону менен сөгүлгөндү жамай турган тикмечиге, ал эми тикмечи канчалык уз болсо деле ачкычы сынып калса темир устага кайрылууга, анын жардамына муктаж.

Булардын бардыгына саресеп салсак, адам өз алдынча жашаганга аракет кылганында жан дүйнөсү руханий жапа чегүүдөн башка эч пайда таппайт. Жакшы тарбия алган бала “коом менен биргеликте жашаганга көнгөн” бала болуп саналат. Түбү келип жалаң эле чөйрө менен тыгыз байланышта жашоосу гана жеткиликтүү эмес, бизге анча байкала бербеген, бирок абдан чоң маани бере турган “кичинекей абдан маанилүү нерселер” да бар...

Жашоо турмушу абдан жакшы бир баланы алалы, бирок ал жаныбарларды кордойт. Куштардын баштарын жулуп, мышыктардын куйругунан кармап жерге урат. Бул бала жакшы тарбия алган болуп эсептелеби? Албетте, жок! Анда жакшы тарбияланган бала “айлана чөйрө менен да, жаныбарлар менен да жакшы байланышкан бала” десек жетиштүүбү? Албетте, андай эмес.

Анда түшүнүгүбүздү андан ары карай дагы да тереңдетер болсок, “Адептүү тарбия алган бала – коомдук чөйрө менен жакшы жашаганга, айланасындагы жандуу-жансызга бир кылка адилеттүү мамиле кылганга аракет кылган” десек болчудай. Бирок бул түшүнүктү ушуну менен эле чектеп койгон күндө да, дагы деле жыйынтык чыгаруубузга али эрте, али жеткиликтүү эмес. Анткени, адамдын муктаждыктарынын бири болгон түбөлүктүү жашоону каалоо сезими бар. Адам өлгөндү каалабайт. Жок болууну каалабайт. Адам акыры бир күнү жок болорун түшүнсө, ал адам руханий жактан канчалык кеменгер болсо да, мээсинин бир жеринде кемирген “жок болуу коркунучунда” жашайт. Анда, “туура тарбия деген эмне?” суроосуна: “Социалдык чөйрө менен алакада жашаганга аракет кылган, айланасындагы жандууларга, жансыз заттарга туура баа берген, түбөлүктүүлүктү адилет түшүнө билген жана аруу максаттарын алып жүргөн баланы эң туура тарбия көргөн бала” десек болот.

Кемеде жолоочулукка чыккан бирөөнү үлгү катары көрсөткөн элек, эстеп көрөлүчү? Жонундагы жүктү жерге койбостон “өз алдымча бутумда турамын” деп, кыйналып сапарын улантты. Бул түйшүкчүл жолоочуга: “Кеме бир канча убакыттан кийин чөгөт жана баарыбыз жок болобуз”,- десеңиз ал кандай абалга келет? Жашоонун чарчаткан жүгү, максаттарынын аткарылбай текке кетиши, жолоочулуктун оордугу ал адамды акыры жок кылат эмеспи? Мындай жолоочу акырында өзүн мастыкка алдырып, убактылуу болсо да бардыгын унутканга аракет кылбайбы?

Эч нерседен көз карандысыз баланы тарбиялоо, балакеттүү баланы тарбиялоо болуп саналат

Ата-энелер балдарын жакшы тарбиялаганга аракет кылып жатышып, биринчиден өз алдынча жашоого үйрөтүп, экинчи жагынан өзүнө ишенген көз карандысыз адам болгонго да тарбиялап жатышат.

Көп жылдар бою университетте сабак берген психолог мугалим көз карандысыз баланы тарбиялоону “балакетти” тарбиялоо менен барабар дечү. “Жашоонун көңүл борбору менмин деп түшүнгөн балдар качан, кимге, эмне кылары жана кандай жамандык жасаары белгисиз балдар”,- дечү.

  • Мындай бала үчүн жашоо түшүнүгү – жыргалчылык.
  • Жашоо түшүнүгү – эркиндик.
  • Жашоо түшүнүгү - “Мен”.

Анын көз карашы боюнча “кыйынчылыктарды чечүү жана башкалардын дарты менен эсептешүү акмакчылык” болуп эсептелет.

Балалык чакта, ошол мүнөзү жагымдуу болуп кабылданса, бул жамандыгынын акыры кийинки турмушунда ага тоскоол болушу мүмкүн. Айрыкча, чоңоё баштаганда, өспүрүм жашына келгенде көзкарандысыз балдар ата-энесин бирден-бир жүрөк үшүткөн кырдаалга дуушар кылышат.

Мисалы, трассада машиналар канчалык бири-биринен көзкарандысыз болушса да, жол эрежеси ар бир айдоочуну экинчисине көз каранды кылат. Сиз унааңыздын айдоочусу болсоңуз “мен көзкарандысызмын жана эч кимге баш ийгенге милдеттүү эмесмин”,- деп сигнал бербестен кайрыла аласызбы? Кызыл күйгөндө токтобостон жолуңузду уланта аласызбы? Ылдамдыкты азайтып айдоо керек болгон жерлерге келгенде жолдордо “буга эч маани бергим келбейт” деп катуу ылдамдыкта айдап кете аласызбы?

Албетте, анте албайсыз. Андай кылсаңыз жолдун ээн баш жырткычы болосуз. Мына, ошентип чоң трассада кандай көзкарандысыз боло албасаңыз, коомдук жашоодо да эркин боло албайсыз. Эгерде бала ушундай ээн-эркин чоңойсо, анда жолдогу ээн баш жырткыч сыяктуу, коомдук жашоонун жырткычы болот. Мындан эң биринчи болуп эле ата менен эне зыянга учурайт.

Андай болсо, ата-энелер баланы тарбиялоодо максат катары чеги жок көзкарандысыздыкты жана эпсиз эркиндик берүүнү тандабай, абийир жана урмат-сыйлуу мамилени тандашы керек.

Өзүнө өтө эле ишенген бала тарбиялабаңыздар

“Күчтүүмүн”, “дайыма жеңишке жетемин” деген түшүнүк менен жашоого көнгөн балдар, көбүнчө өзүнөн күчтүү адамдардын алдында “кордолуп жаткандарын” сезишет. Баардык нерсени жеке өз күчү жана ийгилиги менен тапкандарын ойлогон балдар, турмушта айрым учурларда кез келген, алар үчүн кабыл алынбай турган кырдаалдарда абдан кыйналышат, туура болуп турса да баш ийүүнү, сыпаа болууну каалашпай, текеберлигинин айынан жан-дүйнөлөрүндө чайналып, руханий сезимдери жабыркап, маанайлары чөгүп, өзүн ашыкча түйшүккө салат.

Жашоо оор. Адам болсо алсыз. Бирок дал ушул алсыз деген адам баласынын каалоолору чексиз. Чексиз каалоонун ээси болгон адамдын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Мына ушулардын баарын адам өзүнө алып жүргөн чектелүү кудуретине ишенбей, Жаратканга ишенип жашоосу – аны руханий жактан бактылуу кылат.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” аттуу китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз