Ата-энелерге кеңеш: Балаңыздын ачуусун токтотпоңуз

  • 02.06.2020
  • 8168

Тилекке каршы, азыркы убакта баланы тарбиялоодо туура жана туура эмес тарбиялоо эрежелери бири-бири менен абдан аралашып кеткендиктен, туура жүргөн адамдарда болуучу кээ бир таалимдерди да жоготконго аракет кылып жатышат. Булардын бирине азыркы күндө балдардын жүрүм-турумунан такыр жок кылууга аракет кылынган “каардануу, ачуу келүү” сезими кирет.

Ачуулануу – төрөлгөндөн баштап адам баласынын табиятында сөзсүз түрдө болуучу, ар кандай коркунучтарга карата адамдын коргоно билүүсү үчүн берилген рефлекстик жүрүм-туруму. Каардануу, ачуулануу ар бир адамда сөзсүз боло турган кадимки сезим.

Күчтүү менен күчсүздүн эч бир айырмасы жок, ачуусу келген убакта адам денесинен бөлүнүп чыккан гормондор, өзүнөн күчтүү бирөөнү жерге жыга чапкыдай дараметке ээ кылган күч булагы болуп саналат.

Табиятындагы ачуулануу сезимдин жардамы менен адам өзүн коомдогу жашоодо ишенимдүү сезет. Ачуусу келгенде намысын коргогонго аракет кылат. Каарданганда болсо намысына тийгендерге каршылык көргөзөт.

Каардануу, ачуулануу рефлекси жок адам, китептин башында келтирилген мисалдагы канаты кыркылган шумкар сыяктуу коркок жана амалсыз болот. Мээримдүү, бирок билимсиз аял эркин учкан шумкарды эмне кылган эле? Эр жүрөк кушту коркок каргага айланткан болчу.

Мына, ачуусу токтотулган бала да өзүнө келе турган коркунучтарга карата канаттарын ача албайт. Үнүн өткүр чыгарып, душманына каршы тура албайт... Ушундай адамдагы терс, бирок бир жагынан пайдалуу болгон ачуулануу, тилекке каршы, бала тарбиялоодо ата-энелер тарабынан “балам каардуу болуп жатат” деп аны токтотууга аракеттер жасалат. А негизи ачуулануу баланы коркунучтардан коргогон шумкардын тырмактары сыяктуу.

Ачуулануу жашоодогу терс көрүнүштөрдү аң-сезим менен тартипке салат

Бир ууру өзүнөн алсыз кыздын сумкасын тартып алгандан кийин эмне кылат? Же уурулар колдорунда курал болсо да, акырын жашыруун түрдө уурулукка барышат? Ал эми баланы кордогондор эмнеге шашпай, сабырдуу болуп ойлорун ишке ашырышат.

Мына жогорудагы айтылган, ууру менен кылмышкерлердин айбыгуусунун негизги себеби, “каардан” коркуу болуп саналат. Коомдун жана жабырлануучунун каарынан корккон ууру, наадандык зулум ойлорун ишке ашырууда бирөөнүн каарына калбоого аракет кылат. Адам баласы байкаса да, байкабаса да, өзүндөгү ачуулануу сезими менен коомдук жашоонун бир калыпта болушуна салым кошот. Каар ар бир адамда боло турган, адамды коркунучтан коргоочу калканч болуп саналат.

Ачуулануу - балдарды күч колдонуудан коргогон курал

Изилдөөлөр жана ар кандай тажрыйбалар көргөзгөндөй: күч колдонууга дуушар болгон балдардын күч колдонуучунун колунан кутула албагандыктарынын эң негизги себептеринин бири “баланын ачуулануу сезимин колдоно албашы” болуп саналат. Тилекке каршы, ата-энелер балдарын тарбиялоодо билип-билбей алардын табийгый коргоочусу болгон “ачуусун” токтотуп, аны жок кылууга же колдонбогудай абалга алып келишүүдө. Ачуулануунун пайдалуу жагына карабастан, зыяндарына гана көңүл бурулган тарбия ыкмалары, балдарды жаман адаты бар адамдардын тузагына кабылышына мүмкүнчүлүк берип жатат.

Күч колдонулуп, кордолгон балдар боюнча жасалган изилдөөлөрдө: “Эмнеге каршылык көргөзгөн жоксуң?”- деген суроого, балдардын көпчүлүгү: “Каршы болсом мага жини келет деп корктум”,- деп жооп беришиптир. Чынында, ачуулануу мына ушундай убакта колдонулушу керек эле. Балдар эгер кимдир-бирөө тарабынан кордолгон болсо, ошол ачуусун кармабастан, кыйкырып, айланадагы тынчтыкты бузуп, ызы-чуу кылышы керек болчу.

Өкүнүчтүүсү, балдар ачуулануу рефлекстерин колдоно алышпагандыктан куш сыяктуу зулумдарга жем болушат.

Зордук-зомбулукка кабылган балдардын үй бүлөлөрүнө анализ жасалганда, үй бүлөдө психологиялык жана руханий басым көрсөтүлүп жашагандыктары көңүлдү бурдурбай койбойт. Мындай үй бүлөдө ата-эне балдарынын ачуулануу рефлексин колдонушуна тоскоол болушканы ачык эле көрүнүп турат. Болбосо, үй бүлө чөйрөсү гимнастикалык зал сыяктуу. Бала ошол жерде өзүн машыктырат, ошол жерде өзүн жашоого тарбиялайт.

Шумкардын окуясы сыяктуу туура эмес берилген тарбиянын кесепетинен балдар үй бүлөдө “тумшугу кесилип, канаттары жулунуп жана тырмактары кыркылса”, өзүнө келе турган коркунучтарга каршы тура алышпайт.

Ачуунун алдын албаса зыяндуу болбойбу?

Бала тарбиялоо менен алектенген ата менен эненин оюна жогору жактагыларды окугандан кийин мындайча суроо келиши мүмкүн: “Балдардын ачуулануусунун алдын албасак, бул эртеңки күнү балага жана айланасындагыларга зыян алып келбейби?”

Бул суроого жооп катары: “Ооба, зыян алып келет”,- десек болот. Эгерде бала тарбиялоодо бала ачуусун кантип колдонушу керектигин үйрөтпөсө, анда албетте, тегерегиндегилерге да, өзүнө да зыян алып келет.

Ошондуктан бул жерде коюлган суроолор:

“Ачуулануудагы калыстык кантип жөнгө салынат?”

“Ачуулануу сезими пайда болгондо, ачуулануунун керектүү жерде колдонулушун балага тарбия берүүдө кантип жеткирүү керек?”

“Дегеле ачуулануунун кандай учурда пайдасы тиет?”

Ачуулануу сезими... Акыл ачууну башкарганы менен, баары бир ачуулануу чын-чынына келгенде акылдан ашып түшөт. Ошондуктан ачууланып жаткан адамга “акылыңа кел”, “сабыр кыл” дегендик эч кандай деле таасир бербей, “ачууланып жатканда терең дем ал, ичиңден онго чейин сана” деген кеңештер турмушта маанилүү деле болбой калышы мүмкүн. Мындай кеңештерди бала тарбиялоодо колдонууга болбойт. Ачууну көзөмөлгө алып, тең салмакты кармайм деп айтуу – көпчүлүк адамдардын катачылыгы.

Ачуулануу сезимин басуудан мурда, аны тартипке келтирчү акыл сезимдерин башкара билген жакшы. Анда ачууну жоготпостон, аны ички дүйнөдө бир калыпта кармап турган сезим кайсы?

“Ачуу”- уу, “абийир”- ууну алсыз кылуучу зат

Бала тарбиялоодо ачуууланууну жөнгө салууда “абийир” сезиминин колдонулушу чоң мааниге ээ. Ата-энелер 4 жашынан баштап балдарын жакшы, намыстуу, абийирдүү болууга тарбиялоодо ар кандай тарбия эрежелерин колдонуп, аларды жөнгө салуулары керек. Муну менен гана чектелбестен, балдарынын намыскөй болуп калыптануусун жана абийрдүү адам болуусун көзөмөлгө алуулары эң маанилүү.

Абийир менен ачуунун теңдиги

Ачуу өсүп өнүгөт, ал эми абийир деген бийик нерсе аны менен катар жүрбөй унутулса, ал бала келечекте башыбызга үйүлгөн балээ болуп калышы ыктымал.

Мына ошондуктан, балдардагы ачууну түп тамыры менен жоготуу талабын койбостон, абийирди, ыйманды кантип өнүктүрүш керектигин сөз кылуубуз пайдалуу. Ушул кепке байланыштуу ата-бала диалогун мисал келтиргим келет:

Атасы менен уулу түркүн-түстүү гүлдөр менен курчалган бийик тоодо саякаттап жүрүшүптүр. Бала кокустан ташка чалынып жыгылып түшөт. Жаны ооруган бала бутуна чалынган ташка ачууланып бакырат:

- Жараткан сени жок кылсын!

Бала жаңырган үндү укту:

- Жараткан сени жок кылсын!

Бала коркуп кетип:

- Ким бул кыйкырып жаткан? Эмнеге мени кайталап кыйкырып жатасың? - деди.

Бала жаңырык чыккан жакка карап дагы кайрылды:

- Сен кимсиң?

Кайра жооп келди:

- Сен кимсиң?

Бала таштарга жашынып, кайталап чыккан үндөн коркуп жинденип кайрадан үн салды:

- Сен коркоксуң, коркок болбосоң жашынбайт элең, чык ортого, кана!

Кайрадан чыккан үндүн баш тарткыдай түрү жок, ал да балага кайрылгандай:

- Сен коркоксуң, коркок болбосоң...

Буга түшүнө албай бала коркуп атасына карап:

- Ата, ким бул? Эмнеге мага кыйкырып жатат?

Атасы токтоо гана жылмайып, үн чыккан жакка карап:

- Сени абдан жакшы көрөмүн, - деп кыйкырды.

Каршы тараптан ошондой үн келди:

- Сени абдан жакшы көрөмүн!.. Бала таң калып:

- Ата, бирок ал адам эмне үчүн мага жаман сөз айтат да, сага жакшы сөз айтат?

Ачуулануу сезими... Акыл ачууну башкарганы менен, баары бир ачуулануу чын-чынында акылдан ашып түшөт.

Атасы баласынын чачын сылап жылмайып жооп берди:

- Муну “жаңырык” дейт, уулум, сен эмне сүйлөсөң, андан ошондой жооп аласың. Эгерде сен ага жакшы сөз айтсаң, сен да андан ошол эле жоопту угасың. Эгерде сен ага кыйкырсаң, ал да сага кыйкырат, - деди.

Бала уялды. Анткени, жаңырыкка биринчи болуп ал өзү жаман айткан эле. Эгерде жаңырык ал жаман сөздү укпаганда, өзүнө жаман жооп бербейт эле. Бала ошол күндөн баштап эч кимге жаман сөз айтпаганга өзүнө сөз берди.

Бала - ата-энесинин жаңырыгы

Балдар – ата-эне жаңырыгы. Ата-эне балдарына кандай кайрылса, жогорудагы мисалдагыдай, балдар да ата-энесине ошондой жооп берет, туура эле жогоруда келтирилген мисал сыяктуу.

Балдар айрыкча алгачкы 4 жашында ата-энелерин туурап, көргөн-билгендерин үйрөнүшөт. Жаңы төрөлгөн бала ата-энеси басып жүргөндүктөн эмчек эмгенди таштап, басканга аракет кылат. Апасы сүйлөгөн убакта оозун карап, өзү да ошондой үн чыгарганга аракеттенет. Бардык жаңы төрөлгөн балдар адам болуу жолунда уккан-көргөндөрүн тынбай кайталап, ушул өзгөчө убакыттын этабына тез эле өтүшөт жана алгачкы төрт жашка чейин үйрөнгөн адаттарын өнүктүрүп, өмүр бою колдонушат.

Бала бул тууроо убакыт аралыгында ата-энеден сүйлөгөндү, басканды гана үйрөнбөстөн, ар кандай турмуштук окуяларга мамиле кылууну да үйрөнүшөт. Мисалы, апасы буту менен кумурсканы баса жаздап: “Ах, Кудайым, кумурсканы баспайын, буттары сынып уясына бара албай калат”, - деп баласына ушундай аяр мамилесин көрсөткөн болсо, бала  бул адатты дароо кайталайт. Балдар ата-энесинин жүрүш-турушун гана эмес, абийирлерин да эс тутумуна сактап калышат.

Ата-эненин абийири – балдарынын абийиринин жемиши

Балдардагы абийир сезиминин өнүгүшүнүн алгачкы жана негизги шарты – ата-энедеги абийирдин тазалыгы. Ата-эненин абийири канчалык таза болсо, балдар ал абийирди өз абийирлеринин үлгүсү катары көңүлдөрүнө сактайт. Ата-эненин абийири канчалык төмөн болсо, балдар да ошол абийиринин жемиши сыяктуу, ата-эне ушундан улам өз абийирлеринин канчалык деңгээлде экендигин өлчөшөт.

Айрыкча бала тарбиялоодо маани берген ата-эненин өзүнөн сурай турган суроосу төмөнкүдөй:

“Менин абийирим канчалык таза?”

Бирок эч кимдин колунда абийир таразасы жок эмеспи, кимдин канчалык абийирдин ээси болгонун кантип билебиз?

Жер жүзүндө адамдар өзүнө: “Мен абийирсиз адаммын” деп эч качан айтышпайт. Кимден сурасаңыздар да, өз абийирлеринин таза экендигинен гана сөз кылышат. Бир адам өлтүргүч өзү өлтүргөн адамдын балдарын көргөндө жүрөгү сыздап: “Бул балдарды көргөндө абийир чыдабай жатат”- деши мүмкүн...

Ууру уурдап алган акчаларынын жарымын жолдо жолуккан бирөөгө бериши мүмкүн жана берип жатып: “Ушул адамдарды көргөндө жүрөгүм ооруйт?”- деши мүмкүн. Мисалга кененирээк токтой турган болсок, ачууланган убакта апасына бакырган балага апасы: “Тез чыгып кет бөлмөдөн, сени көргүм келбей жатат!”- деши мүмкүн. Апасынын эмнеге мындай кылганын сурасак: “Анын жакшы болуусу үчүн кылдым, тарипти үйрөнүшү керек”,- деп жооп бериши мүмкүн.

Адам өз абийирин таануусу – эң маанилүү. Апанын: “Мен анын жакшы болушу үчүн ушундай кылдым”,- деши өз абийрин жабуунун шылтоосу гана. Абийир ал шылтоону канчалык терең кабыл алса, ичинде болгон башаламандыкты ошончолук азайткан болот.

Адам өлтүргүч бир адамды өлтүрүүдөн мурда абийирин басаңдатуу үчүн шылтоолорду издегенге аракет кылат: “Бирок ал адам мага жамандык кылып жатпайбы...”, же “Бирок ал адамдын жашашы коомго зыян да...”, “Бирок...бирок... бирок...”.

Шылтоолор абийирди өлтүрөт

“Абийирим канчалык таза?” деп кызыксаңыз “бирок” деген сөздөрүнүзгө көңүл буруңуз. Канчалык көп шылтоо таап, канчалык “бирок” деп көп колдонсоңуз, кээде ошол “бирок” сөздөрүнөн кийин өз абийирибизди жоготуп жатабыз.

5 жаштагы баланын тарбиячыдан темир таяк менен токмок жегенин ойлонуңуз. Бул токмоктон кийин бала эси ооп калышы мүмкүн жана дагы бул жорук ар бир адамда ар түрдүүчө таасир калтырат. Абийир сотуна берилген баа, окуяга себепкер же күбө болгон адамдын өз абийирин жабыш үчүн айткан шылтоолорунун негизинде азаят.

Мисалы, таяк жеп, эси ооп калган баланын чындыгында канчалык шок, тентек болгондугун башка мугалимдин: “Мындай окуяны эч качан туура деп эсептебейм, бирок бала абдан шок болчу”,- деп айтканына күбө болосуз. Мына ушул, “бирок” дегенден кийин айтылган сөздөр абийирдин сыздаганын азайткан “шылтоолор” болуп эсептелет. Шылтоолор – адам абийиринин үнүн токтоткон убактылуу алдамчы “акыл сооротору”. Өсүп-өнбөгөн абийир – шылтоосуз абийир. Эч нерседен таасир албастан, ыйбаа кылып койбостон чечим чыгарат. Абийирден чыккан үн төмөндөгүдөй болушу керек: “Баланы токмоктоп эсин оодаруу, акмакчылык!”,- деши гана керек.

Адам өз абийирин өлчөп жатканда окуяларга карата болгон мамилесине, бул таасирлерге берген жообуна көңүл бурсун.

“Сиз тынымсыз шылтоо тапкан адамсызбы?”

“Сизге берилген ар бир суроого “бирок” сөзүн кошуп жооп бересизби?”

Анда чоң кооптуулук менен өзүңүзгө жана абийириңизге акыйкатсыз мамиле жасап жатасыз. Ушундан улам бала тарбиялоо менен алектенип жаткан ата-эне өз абийирин абдан жакшы билиши керек. Ар бир окуяга канчалык “бирок” сөзүн колдонуп жооп берүүдө негизги көңүлдү бурушу керек.

Унутпаңыздар, көз алдыңызда болгон ар бир окуяда өз абийриңизди жабуу адатына көнсөңүз, анда ошол абийириңиз балаңыздын абийиринин жемиши. Балаңыздын абийирсиздик менен жаңы жашоого кадам ташташын каалар белеңиз?

Дин абийирди өстүргөн күрөө тамыр (жоон тамыр), жаман жүрүш-туруш – бул тамырды жаап салат

Дин – абийирди өстүргөн “аорта”. Абийир тамырдан өткөн кан менен азыктанып олтуруп күчтөнөт. Диндик сезимдердин жапа чегиши, ошол эле убакта абийирдин да жапа чегишин түшүндүрөт. Үй бүлөсү, айланасынан туура таасир алып, бирок диний сезимдер өнүкпөй, адепсиз жүрүм-турум менен чоңойгон баланы жакшы абийир ээси деп айтуу туура эмес. Ата-энелер балдарынын балалык чагына жакшы көңүл буруп, алардын жан-дүйнөсү диний баалуулуктар менен сугарылышына терең маани бериши керек.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз