Жебран Калил Гибран: Эркектин жүрөгүн көп аялдар ээлейт, бирок...

  • 28.02.2024
  • 6024

• Сулуулук жүзүңдөгү эмес, жүрөгүңдөгү жарык...

• Аялдардын кичинекей кемчилигин кечирбеген эркектер эч качан алардын улуу сапаттарынан ыракат албайт...

• Поэзия жөн эле айтылган ой эмес. Бул кансыраган жаранын же жылмайган эриндин ыры.

• Жашообузда баары жаман, айланабызда канчалаган жаман адамдар бар жана алардан кандай азап чеккени жөнүндө сүйлөшкөндү жактырган адамдарды көп жолуктурабыз.

• Тескерисинче, айланасынан жакшылык көрүп, өздөрүнүн, айланасындагылардын жашоосуна кубаныч жана позитив тартуулаган жаркын адамдар да бар.

• Сүйүү көптөн берки достуктан жана тынымсыз камкордуктан пайда болот деп ойлоо жаңылыштык. Сүйүү – бул руханий жакындыктын жемиши, эгер жакындык жолугушуудан бир секунддан кийин пайда болбосо, анда ал жылдар өтсө да, муундар алмашса да пайда болбойт.

• Теңир айткан: «Душманыңды сүй». Мен ага баш ийип, өзүмдү сүйдүм...

• Сүйүү менен шек саноо эч качан бири-бири менен келишпейт.

• Кээ бирлерин сүйөбүз, бирок аларга жакындабайбыз. Алар канчалык алыс болсо, ошончолук сулуу, канчалык ыраак турса, ошончолук бийик жана алда канча кымбат.

• Кээ бирлерин сүйөбүз жана алар менен жакындашууга аракет кылабыз, алар менен жашоонун майда-чүйдөсүнө чейин бөлүшөбүз, аларды таштап кетүү канчалык азаптуу экенин сезебиз жана аларсыз жашоону элестете албайбыз.

• Кээ бирлерин жакшы көрөбүз жана алар менен сонун жашагыбыз келет. Биз аларга жолугуу үчүн шарт түзүп, аларды көрүү үчүн себептерди ойлоп табабыз. Биз алар менен чындыкка караганда кыялыбызда көбүрөк жашайбыз.

• Каалоо – жарым өмүр, кайдыгерлик – жарым өлүм.

• Билиши керек болгон нерсенин аягына жеткенден кийин, сезиш керек болгон нерсенин башында болосуң.

• Поэзия – бул кубанычтын, азаптын, таң калуунун жана сөздүктөгү сөздөрдүн кичине бөлүгү.

• Жүрөгүбүздөгү сырларды жүрөгүндө сыр сактап жүргөндөр гана түшүнө алат. 

Жебран Калил Гибран – ливандык жана америкалык философ, сүрөтчү, акын жана жазуучу.

• Берешендик – бул колуңдан келгенден да көбүрөк берүү; а намыскөйлүк сизге керектүүдөн азыраак алуу дегенди билдирет.

• Чыныгы улуу адам эч кимге үйрөтпөгөн жана эч кимден үйрөнбөгөн адам.

• Күн сайын жаңыланбаган сүйүү адатка, ал өз кезегинде кулчулукка жана көнүмүшкө айланат.

• Адамда эки адам бар: бири караңгыда ойгонсо, экинчиси жарыкта уктап жатат.

• Биз ким менен күлгөнүбүздү оңой эле унутабыз, бирок чогуу ыйлаганыбызды эч качан унутпайбыз...

• Эркектин жүрөгүн көп аялдар ээлейт, бирок аны башкара билгендер аз!..

• Коркунуч булагы коркуткандардын колунда эмес, өз жүрөгүңдө.

• Кайгы – эки бакчанын ортосундагы дубал.

• Биздин бүгүнкү кайгыбызда кечээги кубанычыбызды эске алуудан ашкан ачуу эч нерсе жок.

• Өзүңө жардам берүүнүн бирден-бир жолу – башкаларга жардам берүү.

• Биз кубанычыбызды да, кайгыбызды да өз башыбыздан өткөрө электе эле тандайбыз.

• Жашоо – жүрөгүндөгүнү ырдай турган ырчыны таппаса, ал өз оюн айта турган философту төрөйт.

Которгон Абийирбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз