Кемчилигибизди салттан издебейли

  • 02.10.2023
  • 4154

Бул макаланы жазууга себептер жетиштүү. Макала эмес, бүтүндөй мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыты катары эсептеп, ага шайкеш, жоопкерчиликтүү иштерди аткарууга жана стратегиялык кадамдарды жасоого өбөлгө түзгөн жагдайларды тана албайбыз.

Кеп оролу элди эл, журтту журт кылган кыргыз салттары жөнүндө. Азыр эле жайдак жерге кокус асмандан түшкөнсүп танып, көктө жүргөнсүгөн айрымдар чанып, билбегендер бурмалап, атайылап жерип жаткан, чындыгында биздин барчылыгыбызды шарттап келген нукура каада-салттарга карата мамиле тууралуу кеп болмокчу.

Ар кандай деӊгээлдердеги жана форматтардагы талкууларда удулу келгенде айта келген сөзүмдү “РухЭш” агартуу айдыңы аркылуу да бир сыйра айтууга мен сыйлаган акылгөй инсан З. Курманов Ормон хан жана Кенесары хан тууралуу макаласында ажаан топ эзелтеден бери келе жаткан, кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш деген бери болгондо олдоксон кеби болду. (Караӊыз: «Во время ночного наступления войск Ормона, он попал в плен к кыргызскому хану, который сначала хотел освободить его из плена как брата. Но вмешались казахские султаны Старшего жуза, которым хан Кене не был нужен живой. Усобица раскалывала и ослабляла и их. Вмешался и кыргызский ОБОН, который оказывается имеет длительную историю происхождения. ОБОН стал давить и проклинать Ормона и он сдался, отдал хана Кене его кровникам, которые только спустя 3 месяца казнили его.». Уроки истории: О трегедии кыргызской усобицы. https://elgezit.kg/2020/10/20/uroki-istorii-o-tregedii-kyrgyzskoj-usobitsy/).

ОБОН (Отряд баб особого назначения) 2005-жылы биринчи ирет ийгиликтүү колдонулган, ыплас саясий технология. Кыргыз тарыхында маселе чечүүнүн жолу катары белгилүү эмес, өөн, адаттан тыш, ыплас көрүнүш. Топтошкон аялдар ызы-чуу менен элдин тагдыры чечилген учурда саясатты аныктаган эмес, чечүүчү ролду эч качан ойногон эмес. Мен тарыхтан андай учурду кездештире албадым, балким урматтуу профессор билеттир, билсе айтсын, далилдеп берсин, анда, аа, кокуй, ушундай да жаман өнөрүбүз бар турбайбы, каршайып деп моюндайлы.

Буга чейин журналист айым мага собол таштаган жайы бар: “Байке, тарыхчы катары айтыӊызчы, “корруциянын тамыр жайышына кыргыз каада-салттары өбөлгө түзөт, анткени “майлап бермей”, “буюм жуумай”, “базарлык дооламай” сыяктуу кыргыз элинин салттуу көрүнүштөрү буга далил” имиш, бул пикирге кандай карайсыз?” – деген соболу түрткү болду. Ой деп айтууга ооз батпай турган ушул сандырак, бирок кесепеттүү жоромолду сыйлыктарга, наамдарга ээ адам саймедиреп айтканын журналист кыздын толкунданганынан улам боолголодум. “Жок, андай эмес, кыргыз салтында коррупцияны даӊазалаган, аны пир туткан көрүнүш болгон эмес, дегеле салт да эмес” деп түшүндүргөнгө аракет кылдым, билгенимди мисалдар менен айтып бердим.

Кыргыз элинде тартуу кылуу ырым болгон. Айрыкча жакшы көргөн, сыйлаган адамына алгыр куш, күлүк ат тартуулаган. Жолоочуну үйгө түшүрүп, даам сыздырып, келаткан көчтү сыйлоо салты болгон. Куш салган мүнүшкөр, аӊ уулап чыккан мергенчи уудан кайтканда жолунан чыккан адамга олжосунан ыроолоп, жолоочу колундагы оокатын берип сыйлаган, кыскасы, экөө теӊ ырыскысын бөлүшкөн.

Булардын баары симметриялык, шайкеш кайтарымдуу негизде, адекваттуу, “сыйга сый, сыр аякка бал” жообу болгон. Мисалы, аӊ терисин тартууласа, тартуулаган кишиге алтын-күмүш, башка буюм, союшка мал ж.б.у.с. ыроолонгон. Эч кандай жаман ою жок, энөө кыргыз жазында айчылык жол менен ар жайлоого көчүп, жакага түшкөнчө көрүшпөгөн сыйлуу аксакалга, кадырлуу байбичеге, кан кудасына, акырет досуна, асылкеч курдашына, жакада калган коӊшусуна, алыс-жакын тууганына, үзөӊгүлөшүнө, сыркоолоп жаткан кишиге жакшы оокатын, колунан келген буюмун тартуу кылган.

Үмүт этсе үмүт эткендир, асты акысына эч нерсе доолаган эмес. Башына иш түшсө керектүү оокатын сураган же сураткан. Балдарга тай энчилеген, отко кирген жаш үй-бүлөгө мал ыроологон. Башка бардык элдердей эле бири-бирине белек кылышкан. Ал эми жаӊы буюмду майлоо, жууп бермей кыргыз турмушуна XIX кылымдын башы менен келген көрүнүш.

Орустардын арабага карата “Не подмажешь, не поёдешь” деп лакап кеби бар. Паракорлук күчөгөндө карапайым орус эли, интеллигенциясы бул лакапты жаман жорук катары шылдыӊ, аллегория маанисинде колдонгон. Ал эми коррупциянын жогорудагыдай кыйын идеологдору өндүрүштүк, тиричиликке тиешелүү лакапты өзү үчүн, өзүнө ыӊгайлуу маанисинде пайдаланып, “мына, орус калкынын эзелки салты бул, сен кандай түшүнбөйсүӊ, мужук” деп акча өндүрүп, бул “эрежесин” фольклордогу мисал менен негиздеп, жалпы коомго жайылтышкан.

Орус империясынын тамырын кыркып, өзөгүн жеп, ыдыроосуна негиз болгон паракорлук, көз боёмочулук күчөй баштаган кез орус адабиятынын классиктеринин чыгармаларында эӊ мыкты сүрөттөлгөн. Башкасын койдук, Гоголдун “Ревизор” менен “Мертвые души” чыгармаларында жемкорлор калктын канын кандай айла-амал менен соргону, шылуун паракордун психологиясы, умтулган идеалы жана жашоо принциптери даана сүрөттөлгөн.

Кыргыз баласы “майлоо”, “жууп берүү” ырымдарын качан турмушта колдоно баштады? Качан гана автоунаага жеткенде, тээ өткөн кылымдын орто ченинде буга чейин көрбөгөн буюмдун урматына бир жарым кылым бирге жашаган орус элинин “майлоосун” күнүмдүк турмушта колдоно баштады.

Акындар коомдун күрөө тамырын кармап турат дешет. Тыштан ооп келген жаман адат катары “майлатуу”, “жуудуруу” совет доорундагы кыргыз адабиятында сатиранын темасына айланган:

“Биздин досубуз Чекмурат,
Ичкиликтен кеп кылат.
Байпак сатып алсаӊ
да,
Майлабайсыӊ
бы деп турат”,- болжолу ушундай тамашалуу саптар эски муундун эсинде болуш керек. Салтка дегеле тиешеси жок жаӊы “ырымды” ошол кездин алдым-жуттумдары кийин кызматка дайындоо, квартира берүү, автоунаа, чет элдик оокат баштаган таңсык товарларды сатуу сыяктуу советтик доорго мүнөздүү окуяларда кеӊири пайдаланышты.

Көрдүңүзбү, окурман? Кандай айла-амалдар менен коррупциянын идеологдору Геббельстин түшүнө кирбеген ыкмаларды колдонуп, паракорлукту ата-баба салтына такап, “канга сиңген, эзели жоюлбай турган салттуу көрүнүш, демек андан кутулууга мүмкүн эмес” деген пикир жараткысы, “эл каалап турса, элге жакса, мен эмне кылайын” деген акчыланган суроо туудургусу келип жатат! Суроо эле эмес, бул – өлкө ичинде байлык менен бийлик талашта алдына киши салбаган «кыйындардын»салтка негизделген эреже түптөө аракети.

Азыркы кыргыз коомунда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат жана кайда баратабыз? Бул өзөктүү суроолордун айланасында кыргыз коомчулугу олуттуу ой калчап, акылга салып талдаганга чамасы жете элек. Кеп биздин коомдун интеллектуалдык дараметинде эмес. Акыл калчамак турсун, суроо коюп-коё электе “устаранын мизинде оодарылган дүйнөдөгү” ыкчам өзгөрүүлөргө туруштук бербей, көр тирликтин түйшүгү төө бастыга алган көпчүлүк да, караңгыда көз, капилетте сөз, кысталышта жол табуу озуйпасы мойнуна жүктөлгөн эл жакшылары, акылмандары, окумал интеллигенциясы да улам пайда болгон окуяга байланыштуу флэшмоб, утурумдук бүйүр кызыткан талкуу менен алек.

Элди эл кылган асыл нарк дөөлөттөрдүн, нравалык, маданий баалуулуктардын айрымдары четке сүрүлүп, дагы бири кадимкидей куугунтукка кабылып жаткан кези. Дал ушундай шартта кыргыз каада-салттары сыноого тушукту. Көөнө үрп-адаттарыбызга, нукура салттарыбызга карата сый-урмат азайып, жерүү, четке кагуу, бурмалоо, өз кызыкчылыктарына ылайык туш келди пайдалануу сыяктуу мамиле калыптана баштады. Азыноолак коомчулук каада-салттарды жандандыруу, урматтоо тууралуу кез-кези менен айткан болот, үзүл-кесил аракеттер жасалат, өзүнө керек учурда бийлик кеп кылат. Бирок кыргыз элинин мыкты салт-санаасына каршы топтор арбын, жигердүү, ал тургай агрессивдүү болгондуктан, нукура кыргыз каада-салттары барган сайын алдан тайып, улагага сүрүлүп, эми айылдан алыс кубалана турган кооптуу кырдаалга жакындай баштадык.

Социалдык-экономикалык ургалдуу өнүгүүгө негизги шарттарынын көбү жетиштүү туруп, эгемендикке ээ болгон бири кем 30 жыл ичинде жакыр өлкө бойдон калышыбыздын эӊ башкы себеби болгон, жарандардын фундаменталдуу укуктарын ишке ашырууга эбегейсиз тоскоолдук жараткан каргашалуу коррупцияны да байыркы кыргыз салтынан издеп, аны ата-бабаларыбызга шылтап жатканыбыз кооптондурат.

Абай салган кишиге ички сезиминде уурулукту, алдым-жуттумду жактырган, каалаган жана тымызын жасаган кишилерге мындай кеп албетте, майдай жагат. Адамдын психологиялык табиятына ылайык, ал өзүнүн кетирген кемчилигин, жасаган жаман жоругун актагысы келет, кайсы бир нерсеге шылтайт же бирөөлөр мурда жасаган ошондой жоруктардын мисалында адалдаштыргысы келет. Бул психологиялык мыйзам ченемдүүлүк.

Андан да жаманы - коррупцияны элдик салтка алып барып такоо коомдун ишеничин кетирет, аны бара-бара түӊүлтөт. Ал эми өзүнө ишенбеген улут улут болуудан калат, келечегинен үмүтү аз эл жетекке бат көнөт, айдаган жагына басат, башкалар айтканды кыӊк этпей аткарат. Акыры мунун баары жазгы ташкын селге айланган сымал улуттук катастрофага алып келет.

Элдин өзүнө болгон ишеничине, эркине жана баалуулуктарына сокку уруу жеңиштин өбөлгөсү экенин билип, демек ар кандай жол менен ошого жетишүү аракеттер эзелтеден бери бул согуштарда колдонуп келген классикалык ыкма. Македониялык Искендер, Чыңгызхан, Наполеон сыяктуу улуу кол башчылар тургай, “дүйнөгө толук ээлик кылабыз” деген фашисттик Германия да улуттук салт-санаалар менен улуттун өзүнө ишенимин алсыратуу жеңиштин негизги фактору экенин жакшы билишкен. Жетекке көнгөн адам индивидуалдуулугунан жана иденттүүлүгүнөн баш тартып, кулчулукка ыктап, ошого моюн сунуп, өз милдеттерин жана эркиндиктерин башкаларга ыйгарууга даяр.

Демек бүтүндөй өлкөлөр, цивилизациялуу деген элдер үчүн бул кесепет экенин Эрих Фромм (“Бегство от свободы”) жана Фридрих Август фон Хайек («Дорога к рабству”) сыяктуу ойчулдар адамзат артка таштаган кулчулук доорунан миң жылдан кийин - XX кылымда кайра-кайра айтууга аргасыз болушкан. Адам, улут, өлкө өз ишенимин жоготуп, өз тарыхын, салттарын, эркиндиктерин жана баалуулуктарын чанып калган кезде өз каалоосу менен кулга айланууга, жашоодогу милдеттерин жана укуктарын бөлөктөргө ыктыярдуу түрдө тапшырып, Хосе Ортега-и-Гассет айткандай, өз вазийпасынан дезертирлик кылат. Окурмандар муну жакшы билет.

Коррупцияны байыркы кыргыздын салтына такоо аракети - кыргыз элинин каада-салттарына биринчи эле жолу урулган сокку эмес.

Дээрлик отуз жыл бою кыз ала качууну “кыргыз салты” деген пикирлер улам коомго таӊууланып, жалпы дүйнөгө ушундай маалыматты жеткирүүгө, “кыргыз сүйүүдөн, махабаттан, кудалашуудан кур жалак эл, кыргыз кызынын пешенесине ала качуу аркылуу турмушка чыгуу жазылган, кыргыз жигити аялзатынынын арзуусуна татыксыз, ошондуктан ала качат, анткени бул кыргыз улутунун эзелтеден келе жаткан салты” деп келатышат.

Ар жылкы отчётторунда гендердик теӊчилик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы алектенген жана алектенимиш болгон уюмдардын басымдуу көбү “кыз ала качуу кыргыз баласы менен кошо жаралган, кыргыз улуттунун мүнөздүү белгиси” деп келишет. Мындай бүтүм-тыянактар “туура, эгер андай болбосо тыйылат эле да, эмнегедир токтободу” деген социалдык тармакта өз атынан жана жалган атка жамынып, жамгырдай жааган пикирлер менен бекемделүүдө. Чын эле ошондойбу? Мага суроо берген журналист кыз айткандай тарыхка кайрылалы.

Кыргыз тарыхы боюнча XX кылымдын орто ченине чейинки чет өлкөлүк жазма булактардын дээрлик биринде да кыргыздардагы кыз ала качуу жөнүндө маалымат жок. Илим казган окумуштуусу, дин жайылткан миссионери, соода кылган кербени, жер кезген саякатчысы, дипломаты же тыңчысы болобу, айтор кыргыз жерин аралап, кыргыз турмушун өз көзү менен көргөн чет элдиктер кыргыздын аларга жаккан жана жакпаган салттарын, кулк-мүнөзүн, табиятын, курал-жарагын, баккан малын, ичкен ашын, айдаган аштыгын, кечирген күнүн, сыйынган кудайын, сыйлаган ыйыктарын, ички-сырткы адаттарын тизмектейт, чечмелегенге аракеттенет, бирок алардын бири да асты кыз ала качуу тууралуу эскербейт, айтпайт, жазбайт.

Педофилия жөнүндө да бир кеп жок. Байыркы, орто кылымдардагы жана андан берки булактардын биринде да кыз ала качуу кыргыз салты катары сыпатталбайт. Ал тургай кыргыздар менен кайсы бир убакта каршылашып, согушуп келген, кезегинде кыргыздарга кастык маанайдагы элдердин бири да “кыргыз элинде кыз ала качуу адаттагы нерсе, аялзаты кордолот, жаш балдарга карата жыныстык зомбулук, бачабаздык, жетимдерге ырайымсыздык мамиле жасалат, карылары журтка ташталат” деп кенедей да маалымат калтырган жок.

Кыргыз санжырасында жана фольклорунда кыз ала качуу кездешпейт. Туура, кудалашкан жигитке эмес, сүйгөнүнө качып чыккан турмуштук окуялар кыргыз элдик адабиятында, поэмаларында, жомокторунда кездешет. Балким ошого кызыккан башка бир адам аны кайсы бир жерден таап чыгаар, бирок да кыз ала качууну даңазаламак тургай, аны турмуштук окуя катары сүрөттөгөн эпизодду мен кыргыз элдик чыгармаларынан кездештиргеним жок.

Буга да шүгүр. Тескерисинче, кызды ала качуу капкалуу шаар бузганга тете оор кылмыш катары жазаланган. Бир гана ошону жасаган адам эмес, бүтүндөй уруу айыпка жыйылган. Кыргыз элинин кадимки укуктук ченемдерине, көндүм адаттарына ылайык, эгер кудалашкан кызды эркинен тыш уурдоо, үзөӊгүлөшүнүн сөөгүн бейжай таштап кетүү, калп айтуу кылмыш болуп эсептелген. Болгондо да элге чыккынчылык, саткындык сыяктуу оор кылмыштардын катарына кирген жана катуу айыпталып, кулагы кесилип, киши катарынан чыгарылган. Кылмышкердин бели сындырылып өлтүрүлгөн, жакындарынын намысына доо кеткидей, эл унутпагыдай жазаланган. Кыргыз баласы саткындарга жана чыккынчыларга жебе же кылыч да ыраа көргөн эмес. Кыргыз эли эркек баланы отко-сууга жумшап бышырган, бирок шагын сындырган эмес, назарын суутпаган. Минген атын башка чаппаган, сууга түкүрбөгөн. Кыз балага сый, аяр мамиле жасалган, ага кырк жерден тыюу салып (Дж. Фрэзер айткандай, маданият ири алдыда табу, тыюу), аруу бойдон турмушка берген. Кыз эрге чыккандан кийин да төркүлөп келгенде төргө отургузулган.

Жогоруда айткандай, байыркы жана орто кылымдарга таандык жазма булактарда кыз ала качуу тууралуу маалымат жок. Борбор Азия үчүн айыгыша кармашып келген Англия, Германия, Түркия, ушул аймакты алардан озунуп ээлеп алган Орус империясынын саякатчыларынын, окумуштууларынын, дипломаттарынын, чалгынчыларынын, аткаминерлеринин жана аскер адамдарынын XVII-XIX кылымдардагы докладдарында, отчётторунда, баяндарында кыз ала качуу тууралуу баяндалбайт, мүнөздүү көрүнүш катары эскерилбейт.

Алгачкы маалымат XX кылымдын орто ченинде кездеше баштайт. Демек бул жорук пайда болгон советтик аномалия деп эсептөөгө болот. Ата-бабабыз билбеген бул терс жорук акырындап жугуп, айрымдардын турмуш куруу ыкмасына айланды. Эми кутула албай убара болуп, эл аралык коомчулукка кеп болуудабыз. “Жок, андай эмес, ата-бабабыз кыз ала качууну, педофилияны, ата-энесин карылар үйүнө таштоону улуттук салт катары бекем туткан, анын тарыхый, документалдык, эмпирикалык, фольклордук далили мына булар” деп фактылар далилдеп беришсин, мен полемиканын эрежесине негизделген же илимий дискуссияга даярмын.

“Ысырапкор, эпсиз тойлор кыргыз элине гана мүнөздүү, эзелки салты” деген кеп үстөмдүк кыла баштады. Тойлордогу ысырапкорчулук кыргыз турмушунда кийин пайда болгон, баалуулуктар алмашып, жалпы коомго өксүк комплекси калыптанып, тамыры жайылган кезде туташ таркаган көрүнүш. Кайдан пайда болду?

Кыргыз элинде намыс - абдан бекем турмуштук императив, нравалык эреже. Намыс үчүн баш кесилмек тургай, кызыл уук болуп чабышып, кыркылышып кеткен учурлар биздин тарыхта арбын баяндалат. Урук-тууган ичинде намыс үчүн колунда жок тууганына кошумча кошуп, аш-тойдо колдогон окуялар боло келген.

Бардык элдердеги бардык императивдер сыяктуу эле алар кээ бир учурларда аша чаап ишке ашат. Намыс императиви, нравалык баалуулугу куру намыс формасына айланган учурлар жок эмес. Дал ошол сыӊары советтик доор кыйрап, идеологиялык боштук пайда болуп, материалдык байлыкка умтулуу, аны далилдөө коомдогу баалуулуктардын баарын артка сүрүп, көч баштаган кезде ысырапкорчулуктун тамыры жайыла баштады. Адамдын статусу анын берген тоюна жараша аныкталган кезде кыргыз эптеп тапкан оокатын элден калбоо аракети менен тойго чачты.

Жаман жоруктардан сактап келген “Эл-журт эмне дейт?” нравалык императиви, адамды алдыга сүрөп турган “элден калбоо” турмуштук мотивациясы тойлорго, акчалуулар ойлоп тапкан ысырапчыл ырымдарга карата актуалдуу болду да калды. Эл турмушу бара-бара оңолуп, интеллектуалдык деӊгээли жогорулаганда тойлордогу жармач ырымдар, ысырапкорчулук азаяр, мазмуну жана формасы өзгөрөр. Бирок ага жеткенче эле туш-туштан чыга калып, кыргыз салтын жаманатты кылып жатканы - кесепеттүү көрүнүш.

Кыргыз каада-салттарына жок нерселерди зордоп жармаштыруу аркылуу аларды дискредитациялоо, тескерисинче, биздин элдин табиятына жат нерселерди таӊуулоо геосаясий атаандаштык улам күчөгөн заманда улуттун келечеги үчүн кооптуу. Компрометация, дискредитация түшүнүктөрү башка терминдер сыяктуу эле бир нече мааниге ээ.

Ишенимден кетирүү, беделине шек келтирүүдөн тышкары, аталган терминдер жокко чыгаруу деген түшүнүктөрдү билдирет. Каада-салттарды дискредитациялоо, компрометациялоо бара-бара аларды четке кагууга, анын ордуна либералдык деп аталган чоочун, диндин атын жамынган регрессчил, экстремисттик идеология жайылтыла баштайт.

Салттар коомдо улуттун иденттүүлүгүн аныктап, жөнгө салуучу, бириктирүүчү, таанып-билүү, тарбиялоо, багыттоо, мыйзамдаштыруу, мамлекеттик масштабда кээде саясий функцияларды аткарат. Конституциясы жок Англияны Улуу Британия кылган, Жапонияны кыйрап кетүүдөн сактап калган, улам бир технологиялык толкундун анабашында келе жаткан кубаттуу мамлекетке айланткан салт-санаа экенин дээрлик бардык окумуштуулар бир ооздон айтышат. Ал тургай салт мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп да келишет. (Б. Андерсон. Воображаемые сообщества. Размышления об истоках и распространении национализма. М, 2001).

Демек, салт-санаа, каада-наркыбызды ичтен жана тыштан агрессивдүү дискредитациялоого туруштук бере алсак, нарк-насилибизди, нравалык баалуулуктарыбызды сактай алсак, глобалдашкан заманда улуттук иденттүүлүгүбүзгө доо келтирген кесепеттерден алыс болобуз.

Алмаз КУЛМАТОВ, коомдук ишмер

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз