Алмаз Кулматов: Дүйнө өзгөрөт, адаттарыбыз кантет?

  • 06.08.2020
  • 4147

Кыргыз өлкөсү буга чейин туш болгон, азыр баштан кечирип жаткан жана келечекте кезиге турган чакырыктар, эски жана жаңы, тааныш жана бейтааныш кубулуштар тууралуу эссе даярдап жаткан кезимде геосаясаттай заңкайбаса да кенедей көрүнгөнү менен билгенге маанилүү бир маселеге көӊүлүм бурулду. Кыйгап өтпөй турган маселедей сезилди.

Көӊүл бурбай да коё албаган көрүнүш улам жайылып бараткан соӊ орошон акын Элмирбек Иманалиев төккөндөй жана дипломат Муратбек Иманалиев айткандай, ишибиз азырынча ушул тура, эл-журтка айтышыбыз керек экен. Айтып турган кербезим.

Азыркы туташ жайылган илдет дүйнөнү өзгөртөт, пандемиядан чыкканда дүйнө калкы кыйла өзгөрөт, башкача жаӊы кубулуштар, көрүнүштөр жаралат, социалдык-экономикалык структуралар алмашат, айрым баалуулуктар аласалат деген пикирлер арбын. Ооба, балким ошентээри анык. Илдеттин тике жана кыйыр таасири сөзсүз тиет. Бирок адамзаттын тарыхый өнүгүү жолунда илдет гана өзгөрүүнүн жалгыз фактору эмес. Экстремалдык кырдаалдар дайыма улуу ачылыштарга жол ачкан. Жаратканды тааныбай, ким экени жадысынан чыга баштаган пендезат, эсирип кеткен киши коому бул ирет чындап үрөйү учту, турмуш оӊолду деген сайын кыйналып бараткан карапайым ого бетер мүңкүрөдү, кыйналды, тилекке каршы. Көпчүлүк алапайын таппай, дүрбөлөӊгө түштү, атаганат.

Апаатка туруштук берген өлкөлөр сейрек, боору бүтүн эл аз. Тескерисинче, апааттын жетегинде калган, илдетке таажы кийгизип, өзү беткапка чүмкөнгөн, муӊ баскан, ызага алдырган, ачууга жеӊилгендер арбын. Айрым мамлекеттерде айласыз баатыр каманга чабат болуп, илдет, аны жараткан жана жайылткан себептер менен күрөш ордуна ашкереленип калуудан коркуп, элдин жаалынан буйтаган, үрөйүнөн чочулап, актанган, иштемиш эткен да жетиштүү. Бул түшүнүктүү. Коомдук башкарууда саясаттын бир нече түрү бар.

ҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,REUTERS

Эң кеңири тараган түрү - бул реактивдүү саясат, башкача айтканда, болгон окуяга же түзүлгөн кырдаалга жооп иретиндеги аракеттер. Көбүнесе коомдук пикир үчүн, популисттик мүнөздө болот. Утурумдук мааниге ээ.

Стратегиялык же превентивдүү саясат - бул келечек болжогон ырааттуу, максаттуу аракеттер тутуму.

Реалдуу саясат (Realpolitik)- кырдаалга жараша, бирок келечекти мелжеген, кандай да болсо көздөгөн максатына жетиш үчүн эч нерседен кайра тартпаган өжөр, пландуу саясат.

Пандемия реактивдүү, утурумдук, алдастама саясатты, популизмди алдыга чыгарды. Бирок мындай саясаттын натыйжасы аз, маселенин өзөгүнө жетпейт, көйгөйдү чечимиш болгону менен кээде келечекке терс таасирин тийизери бышык. Мисалы, кээ бир мамлекеттерде реактивдүү саясат илдетке кабылып, азабына чыдабай ачуууланган элдин жаалынан чочуган бийликтегилерди алдастатты, ал тургай массалык түрдө чөгөлөттү. Бир кезекте аземге байланыштуу окуяларга мүнөздүү этикет жөрөлгөсү болгон, ритуалдык мааниге ээ тизе бүгүү саясий модага айланды, АКШда айрым штаттар эреже деп тапшырды кызматкерлерине.

Батышта азыркы мамлекеттерди кубаттуу мамлекет кылган тарыхый инсандарга жана окуяларга арналган эстеликтерди сыйыртмак салып сүйрөп кулатышты. Эстеликти кулатып койсо эле көксөө кандыбы, тарых жокко чыктыбы? Жок. Эстеликтер тургай бүтүндөй калаалар кыйрап кеткен менен ошол калаа калкынын урпактары, алар курган руханий дөөлөттөр жана аны курган инсандардын иши тарыхый өнүгүүнү аныктап келет. Адам унуткусу келсе да анын баскан жолу жол, жадысынан чыгарса да кечирген өмүрү өтмүш өмүр бойдон калат, анын учур чактагы барчылыгын, келечегин аныктайт. Эстеликти кыйратуу менен эзелки окуядан кутулабыз деген ой көзүн жумса эле нерсе жок болуп кетерине ымыркай бөбөк ишенгендей баёолук, энөөлүк.

ҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,GETTY IMAGES

Саясат, экономика, алака, геосаясий кырдаал алмашат. Өзгөрөрүн го өзгөрөт. Абалкы мыйзам бул. Биздин башчылар, акылгөйлөр, журт тагдырына жооптуулар, дегеле баарыбыз бул маселелерди терең ойлонууга тийишпиз. Сыноо ушуну менен токтоп калбаган соң эмкилерине даяр болуубуз абзел. Ал тууралуу кеп өзүнчө болот. Кенен сөз кылабыз.

А элдин кылык-жоругу, каада-салты кантет? Нелер калып, нелер оожалат да кандай жөрөлгөлөр пайда болуп, кай адаттар таӊууланат. Илдетке жамынып, анын шылтоосусу менен кирип келип, анан төрдөн орун алып, кадимкидей баалуулукка айлануу дараметине ээ жосундарды кантебиз? Ошол жосундарды кымбат тутчулардын катмары пайда болсо канттик? Психологиянын мыйзамына ылайык акыл-эс жүрүм-турумду башкарат, бирок акыл-эсти башкарган адаттар, ырым-жырымдар бар. Аны адам өзү да байкабай калат. Анткени акылга сыйбаган айрым көрүнүштөр, жүрүм-турум эрежелери, кыймыл-аракеттер жамааттык бейакылдык (коллективноё бессознательноё) деген зор күчкө таянат. Андан тышкары, кишинин коомдогу кыймыл-аракетине таасири күч конформизм деген өжөр, универсал мыйзамченемдүүлүк бар.

Адамдар ортосунда мамиледе аныктооч мааниге ээ, вербалдык эмес коммуникациянын зарыл түрү болгон физикалык аралык эми кантээр экен. Кай бир элде адамдар ортосунда аралыктын жакындыгы коммуникациянын негизги формасы, кучакташуу, көкүрөгүн тийгизип же өбүшүп учурашуу, коштошуу этикеттин башкы эрежеси. Азем, салтанат окуяларда зарыл ритуал. Аралыкты илдет учурунда сактагандар да бар, сактабагандар да бар.

Социалдык дистанцияны сакташ керек дегенден бери кээ бир өлкөлөрдө, анын ичинде айрыкча кыргыз коомчулугунда муштум кезеп учурашкандар, чыканак такап көрүшкөндөр арбыды. Бизде. Ушул кезде. Мага өөн учурайт, дегеле кабыл ала албадым. Илдеттен арылганда кетип калаар, токтоор деп өзүбүдү сооротсок болот, бирок чочулатчу жагдайлар бар.

Мурда тээ жаш өспүрүмдөр түрмөсүнөн кай бир тентек балдар коомго сүйрөп келген, сүзөөнөк кочкордой баш сүзүшүп учурашмай жосуну парламентке, бийлик бутактарына, чыгармачыл чөйрөгө, өзүн элита эсептеген катмарга чейин ушуну этикет деп кабыл алды. Ушуга көндү. Өөн учурабайт, эрээн-төрөөн албайт көпчүлүк. Көчөдө, кеңседе, коомдук жайларда ушинтип учурашмай кадимкидей адатка айлана баштады.

Учурашуу бул байыркыдан калган сырткы ритуалдык эреже гана эмес. Ал ири алдыда ички ниеттин, чыныгы мамиленин белгиси, көп маанилүү символу. Килейген китепке батпаган маани бир ирмемге сыйган, бир нече мегабайт текст бир көз карашка, ишаратка, жестке баткан.

Муштум - дээрлик баардык улуттарда орой күчтүн, кастыктын, эрегиштин белгиси. Муштум такамай, муштум тийгизмей, тебенээк тайдай тебишүү учурашуунун ызаат формасы катары белгилүү дечүлөр болсо, бизге да айтып койсун, билип алалы. Ааламдын кай бир бурчунда кайсыл бир элде учурашуу эрежеси катары болгондур, кездешээр балким, дүйнөдө 2 миӊ ашуун этнос бар, баарын кайдан билели. Демек учурашканда эле душмандыкты билдиргибиз келеби (караӊыз: чоӊ муштум, муштум түйүп, муштумун кезеп, муштумун такап, капталга муштап, "Айла менен жеӊбесеӊ, жыга албайсыӊ муш менен" (Барпы) "Жаманга айткан насаат кеп, жаакка тийген мушка теӊ" (макал)). Жок, андай маани жок, контакт болбоонун аракети, сактануу ыкмасы деп оозубузду аппак кылса, анда муштумдар тийишкенде контакт болбойбу. Муштум тийиштирген сыйбы, ызаатпы, урматпы. Бар беле бизде, бар экен кайсыл элде?

Түйүлгөн муштумду койдум, колдун сырты сыйдын белгиси эмес. Азыр жүдөнкү тартып турганыбыз менен, бир кезде Борбор Азиянын кен аймагында ат ойнотуп империя курган жана андан ажыраган, жеңиш салтанаты менен жеңилүү ызасын башынан кечирген, Улуу жибек жолунда бирин бири алмаштырган цивилизациялардын, маданий дөөлөттөрдүн мураскору болгон кыргыз тургай Азия жана Европада, Африка жана Америкадагы көп элде муштум тургай, колдун сыртын тийгизип учурашуу эрежеси жок, тескерисинче, кастыктын, сыйлабастыктын, оройлуктун белгиси. Сыртын салып калыптыр деп нааразычылыктын же араздашуунун белгиси катары эсептелчү.

Ажал тооруп, жоо кубалап келатса да кайтпай турган салттар бар. Аларды бир жолку келген илдетке шылтап, садага чабабызбы. Кол кармашып, кол беришип учурашпагыла, бирок муштум тийгизип учурашкыла, гигиенага ушул ылайык дегенди мен уга элекмин, окуй элекмин. Угуп, окуй элек болгон менен муштум кеземек тургай, муш тийгизип учурашкан модага айланды. Модалуу көрүнүш бара-бара салтка, көнүмүш адатка, нравалык, социалдык, саясий жана экономикалык баалуулукка айланат. Мисалы, чакан топко таандык сөз кийинчерээк улуттук тилдин лексикалык корпусун толуктаган, жапырт колдонгон лексемага айланат. Тескерисинче, экономикалык, турмуштук зарылчылык кийин эстетикалык функция аткарат. Мисалы, көчмөндөрдүн үзөӊгүгө такаат берчү такасы кийин шиштакага жана аял-эркек дебей бут кийимдин көбүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланды. Тээ байыркы-байыркы доордогу алгачкы диний ишенимден улам денеге тартылган сүрөт кийин модалуу татуировкага, символикалуу мааниге ээ дене чиймеге айланды. Байыркы доордогу тумар моюнга такма кооздук элементи бүгүн.

Учурашуу формасы ири алдыда ниетти билдирет. Элдик протоколдун анабашы, дипломатиялык эреже. Семантикага ээ, маанини чагылдырат, мамилени туюнтат. Учурашканда аралыкты сактап, ошол эле учурда мамилени, ниетти, сый-урматты билдирүүнүн, этикетти бузбоонун муштумдан башка альтернатив ыкмалары толо турбайбы. Башка улуттар сыяктуу эле кыргыз элинде да кай убакта кош колдоп салам берет же кимиси озунуп учурашат, алик кантип алынат, жакшы кабар менен келгенде чабарман жигит кай тизесин бүгүп, кайсы колун көкүрөгүнө такап, отурган көпчүлүккө кантип угузат, кай убакта сол тизесин бүгүп ийилет, кай убакта ыр же комуз күүсү менен туюнтат, качан жөн айтат, кыскасы баардык кырдаалдарда, жай шартта жана өзгөчө учурда, салтанатта же кейиштүү жагдайда мааниге ээ, мазмуну анык, ой туюнткан, мамиле билдирген этикет эрежелери иштелип чыккан. Көпчүлүк билет. Бирок билген башка да, аны аткарган башка кеп.

Такыр эле этикеттик кырдаалды билбесе, салттан кабары ныпым жок болсо да баш ийкеп учурашпайбы. Ийилип учурашпайбы. Алыстан кол жаңсап учурашпайбы. Оозеки салам айтып, алик алып, сөз менен учурашпайбы. Этикет талап кылса, албетте, абалга, кырдаалга, коммуникативдик жагдайга, шартка жараша муштумдан башка толтура формасы бар го акыры. Этикеттин, коммуникативдик ритуалдардын карым-катнаш функциясынан тышкары менталдык, психологиялык, саясий, символикалык, протоколдук, тарбиялык функциялары бар.

Мунун баары маданият. Маданияттан ажыраганда иденттүүлүккө шек келет. Жашаган аймагы бир болбосо да, улуттук аӊ-сезим кала берет. Улутту улут кылган, анын башкалардан айырмалап гана эмес, бириктирүүчү нерсе - бул маданият, улуттук аң-сезим. Кылмышкерлердин адаты коомго сиӊсе, бейакыл деӊгээлде кийинки муун жүрө-жүрө ошону эреже деп түшүнөт. Учурашуу эрежелери өзгөргөн соӊ көөнө кыргыздын учурашуу эрежелери тургай башка каада-салттары, салт артында жаткан баалуулуктары өөн учурайт кийинки кыргыз аталган балага.

Четке сүрүлгөн баалуулуктар, аларды чагылдырган салттар менен кошо элдүүлүк кемийт. Ал адегенде түшүнбөйт, ага чоочун сезилип, жерий баштайт. Анан ким болот? Иденттүүлүгүнө доо кетет, улуттук белгилери азаят, алсырайт, анан Айтматовдун болочок манкуртуна айланат. Жок, такыр эле эс-тутумун жоготпойт. Бөлөк нерсени ушул меники экен деп тааныган, башка текти тегим деген, башка адатты ыйык туткан, кай бир сахабаларды атам деп, жети атасынын ордуна кримтөбөлдөрдү иерархиясы боюнча санап берген катмар, топ, тайпа пайда болот. Мисалы, тигил авторитеттин балдарыбыз, баланча сахабанын урпактарыбыз, түкүнчө шайыктын жолун улоочуларбыз, ыйыктар жолундабыз дечүлөр каптайт. Муун алмашпай койбойт. Ошолор келе баштайт. Адегенде аздап аралаша баштайт. Анан көбөйөт. Акыры бийликке келет. Казынаны колго алат, кенди ээлейт, кенчти басат. Эл-журтту башкара баштайт. Анда канттик. Кантебиз деп сураганга шайыбыз келеби, суроого жооп тапканга чамабыз калабы. Катыгүн, адегенде кыргызсын, оруссун, казаксын, ушул өлкөнүн жаранысың, тээ баланча бабаңдын урпагысың, баланча атанын уулусуң, түкүнчө журттун кулунусуң, анан барып "либералсыӊ", "анархистсиң", "йакынсын", "хизбисин", "жакабасың", "девасын", "ааламдын айгырысың" деп айтчулар азыркыдай башын катып, чүмкөнүп жатып алса канттик. Ошондо бийлик дезертирлик кылып, жайына койсо не кылдык.

Интеллигенция деп аталган коомдун алдыӊкы акыл-эси, уюткусу жана көркөм дөөлөтүн жаратуучулары, көркөм өнөр ээлери негедир үн катпады. Бирин-серин болбосо, кыйчалыш кезде, сенейген элди селт эттирген, муң тарткан элге дем берчүлөр, ачуулуу элди акылга келтирген акылгөйлөр, улут намысын коргоочулар азыраактай. А балким алардын үнүн башка өктөм добуш, ач айкырык, куу сүрөөн басып кетип, угулбай баратабы, кашайып.

Эгерде муштум такап учурашкан кетет деп кенебестик кылган менен эртең өткөндөгүдөй тышка барсак муштум такап тосуп алса, эмкиде тыштан келген мейман муштумун такаса кандай айла кылабыз. Биз өзүбүздү өзүбүз барктабаган менен, кымбат нерселерибизди баалабасак да, атпай журтту, айлана-тегерекке абай салып, аңдабаган менен өзгөлөр бизди жети муун ары жиликтеп, жети муун бери иликтеп, нени кадырлайт, эмнени чанат, неге зар, нени кор тутабыз, кыскасы баарына илгиртпей көз салып турат.

Силер ушинтип учурашат экенсиңер деп айтса-айтпаса да биз антчи эмеспиз деп кайым айтышабызбы, кантип далилдейбиз. Эгерде расмий адамыбызды, ал аркылуу өлкөбүздү басынткысы келсе, билмексен болуп муштум кезесе не дейбиз. Аттан түшөөрүн түшүп, кол бербей, муштум кезеген үй ээсине нааразы болуп, улагадан кайтабызбы. Тыштан бирөө-жарымы жылмая карап, жакындыкты, урматты билдирген сыйчыл киши болумуш этип, сүзүшкөн сымал ишараат кылса же муштумун кезесе не демекчибиз. Тентек балдарды туурап кээде ушинтип учурашабыз, а негизи бизге азыраак окшош ата-бабабыз минтип учурашчу, ата салтынан кээде тайып кетмейибиз бар деп түшүндүрүп киребизби. Кезеген муштумга макул болуп босого аттап, бирок төргө өтө албай кайтабызбы.

Эгерде биз кырдаалга шылтап, азыр ушинтип туралы деп кайдыгер карасак, мындай терс көрүнүштөр жайылат, тамырлайт. Анан тарыхый логикага ылайык, коомдун маданий иммунитети алсырайт, маданияттын жаман адаттарды кабыл албоо, четке кагуу функциясы кемийт, бара-бара бул милдетти аткарбай калат.

Маданият идентификациялык милдетин аткарбай калганда улуттун жүзү, ички белгилери, менталдык сапаттары азаят, жоголот, өзөгүнө доо кетет. Улуттун өзгөчөлүгүн гана эмес, өзүн сактоо инстинктине балта чабылат. Албетте, сырткы түспөлү, анптропологиялык белгиси, этностун аты калганы менен заты бөлөк жамаат, топ, тайпа жаралат. Заты бөлөк жаран, топ, тайпа мамлекетке атын берген, өз алдынча мамлекет болууга, эл катары татыктуу жашоого тарыхый укугу бар улуттун чыныгы урпагы, анын анык мураскору болмогу кыйын.

Көп мамлекеттерде дезинтеграция, деидентификация жана деориентация тенденциялары күүгө кирип, улуттук, мамлекеттик, жарандык, атуулдук жана башка тамырларын кыйып, камгак сымал жашоо маанайы бекемделе баштаган кезде азыраак сандагы журтпуз, бизди биринчи ойлонтууга тийиш.

Кет Бука айткан кезге туш болуп, ал какшап эскерткен улуктарга үч ирет алдатып карайлаган, ырыс издеп туш-тушка чилдей таркап бир өксүгөн кыйчалыш заманда, бай-кедей болуп экиге айрылган, саясий, маданий, экономикалык идеалдарга жана кызыкчылыктарга жараша нечен топко ажырап, түркүн динге, дин ичиндеги агымдарга кирип эсепсиз бөлүнгөн татаал шартта элдин иденттүүлүгү тарых далилдегендей, илимде эбак аныкталгандай, кенедей нерседен улам кемий берет.

Мамлекет кандай аталса ошондой аталсын, тойдум суверенитетке, башка мамлекеттин курамына кирип, улагасында отурсак да эптеп оокат кылалы, акыры өз турмушум жакшы болгой эле, кардым ашка тойгой эле деген жашоо философиясын туу туткан, ушундай пендезат өмүр парадигмасына ооп алган калын катмар түптөлбөйт деп ким кепилдик берет? Маа демектен халифаттык түзүлүш болсун деп мамлекеттик түзүлүштү аласалдырчу экстремисттерди ээрчигендерге алдырып жибербей, эл эмне болсо ошо болсун, карандай башым бакытка чөмүлгөй эле деп атуулдук миссиясынан жана журт жоопкерчилигинен качкан дезертир муун жаратып албоо озуйпасы турат алдыбызда. Бул озуйпабызды ар кимибиз бир да окуяда, бир да көз ирмемге, баардык жерде жана ар дайым унутпашыбыз зарыл.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз