Алмаз Кулматов: Үзөӊгүлөштүк салты

“Кутбилим” гезити журналисттердин бир нече муунун тарбияласа керек. Кесипкөй журналисттер жетпей калгансып, тарыхчы болсок да Арслан Койчиев экөөбүз да коом, саясат, тарых тууралуу оюбузду билдирип, илимий-популярдуу макала жаза калчубуз. Анан баяндамачы деген статус ыйгарылып, 1-2 жыл гезитте калем жондук, тарбияландык, журналистиканын күӊгөй-тескейин көрдүк.

Арслан 1996-жылы ВВСнин Лондондогу кеӊсесине иштеп кетти. Кыргыз адабиятында орошон орду бар “Мисмилдирик”, “Айта бар менин кебимди” жана “Бакшы менен Чыңгыз хан” романдарынын автору Арслан азыр эл-журттун руханий таалайына жаралган бараандуу жазуучу.

Бир нече жыл мурун “Кутбилим” менен кызматташкан Арслан Койчиев, Бакыт Орунбеков жана башка бир тобубуз гезиттин баш редактору Кубат Чекировдун чарпаясында жолугуп, анын мындан ары да “Кутбилимден” кол үзбөгүлө деген сунушун угуп, ынаганбыз. Ал убадабызды шартка жараша аткарып келебиз. Ошол жолугушууда Арслан Койчиев сунуштаган, баарыбыз макул көргөн дагы бир шартнааманы бирибиз да аткарбай келебиз. “Энелер жөнүндө айтпаган, жазбаган киши жок, аталар тууралуу коомдук айдыӊда кеп кылган учур сейрек экен, аталарыбыз тууралуу бирден кыска эскерүү жазалы” деген Арсландын сунушун ошондо баарыбыз туура таап, ооба, жазалы чын эле дегенибиз менен бирибиз да ишке ашырбаптырбыз.

Жайдын ысыгында таякем менен эки ата өткөн агам катары менен улуттук кардиологиялык борбордо дарыланып жатты. Экөөнү улам бир бөлүмдөн издеп, аптапта акактап убара болуп ачууланып, жалакайлык кылганымда атамдын окуясы эсиме келди, курдаштарым менен макулдашкан эскермени эми жазмакчы болгондогу кербезим.

Атамдын кесиби мугалим болгондуктан, 1-сентябрь билим күнүнө карата анын тагдырынан бир үзүм окуяны балким нравалык мааниси бардыр деген астейдил ниетте баяндагым келди. Ал мындайча болгон экен.

Ошол окуя тууралуу мага атамдын теӊтушу ыраматылык Вадим Карпеков аксакал 2008-жылы айтып берген эле. “Атаңды көргөндү сен көрсөң – чоң бакыт, Окиндин бир жоругун айтып бермекке атайы келдим” деп баштады аксакал кебин.

Окуя 70-жылдардын башында болуптур. Вадим Карпеков аксакал анда Нарын обкомунун үгүт-насаат бөлүмүндө иштеп туруптур, атам Окин Кулматов Кочкор райкомунда 3-катчы экен.

“Жай мезгили, эмгек өргүүсүнөн жаӊы ишке чыккам кезим эле. Бир убакта Окибай телефон чалып, “Вадим, кандай, ишке чыктыӊбы, партиялык тапшырма бар. Жакшылап уккун, мыктап аткарасыӊ, сенин колуӊан келет” –деди. “Ай, Окибай, мен обкомдо иштейм, сен райкомсуӊ, кантип мага тапшырма бере аласыӊ деп тамашага чалып, каяша кылсам “обком тургай Борбордук комитет да билет, обкомдун катчысына азыр кирип такта, анан тапшырманын чоо-жайын айтам” деп так кесе айтты. Шиберге койсо өрт кеткен, шилтеген жагы мүрт кеткен кылычтай курч, өткүр жигит эле, акыры ошол сапаты түбүнө жетти көрүнөт.

Атаӊ ошол кезде таасирлүү, терең билимдүү, чечен, кашкөй, кыскасы азыркы силердин тил менен айтканда харизматичный жетекчи катары оозго алынып калган. Дагы не болуп кетти деп обкомдун секретарына кирдим. Ооба, Окин Кулматович суранып жатат, республикага чейин макулдашып коюптур, биз колдодук, тапшырманы аткарып келиӊиз, эртеӊ эрте чыгып, Кочкорго жетиӊиз, калганын ошол жактан угасыз деген кыска нускама угуп, табышмак жанбай эле, санаам арта баштады.

Теӊтуш болгон соӊ Окинге кайра чалып, эмне болду, деги тынччылыкпы десем, баары жакшы, чоӊ миссия бар, сени ардактуу ишке чегерип жатам, бир жумага иш сапары менен Фрунзеге барарымды айтты. Ошону менен Кочкорго келип, атаӊа жолугуп, айткан ардактуу миссиясын угуп, чалкаман кеттим. Көрсө, Фрунзеге бир жума ооруканага жатышым керек экен. “Ой, Окибай, бул эмне деген кордугуӊ, отпускадан эми эле келдим, ден соолугум мыкты, курортуна да, жайлоосуна да бардым, ооруканаӊды мага угузба деп чырдай баштадым. Ыраматылык атаӊ “улуттук киноматографияда таланттуу жаӊы актёр пайда болду, Сүймөнкул Чокморов деген. Республика эле эмес, Союзга да аты угула баштады. Бизден эки-үч жаш улуу, мыкты адам, сүрөткер, менин жакшы курдашым. “Караш-карашта” башкы ролду аткарган. Ошол катуу ооруп, бейтапканада жатат. Мен жакында барып, көрүп келдим, бир-эки күн жанында болдум. Оорусуна байланыштуу палатада жалгыз экен. Сени чоӊдоруӊа, республикадагы жетекчиликке айтып сурап алдым. Кымыз, козуӊ, унааң даяр, жаныӊа тыйыныӊ мына. Оорукананын врачтары менен макулдаштым. Сенин милдетиӊ күндүзү Сүймөнкулдун палатасында билмексен болуп жатып, зериктирбей, санжырадан, фольклордон, адабияттан, кызыктуу окуялардан, айылдагы тамашалардан кеп салып, 4-5 күн болуп, келе бер. Өзү деле ошондо чыгат, буюрса.

Ар күнү кечинде достордун улам бири кезектешип алып кетип, сени сыйлап турат, аларга да табыштап койдум. Ооруканадагы кишинин жалгызсыраганы кор болгону, көӊүлү ачылса, айыкканы. Куйма кулак, окумал жансыӊ, анын үстүнө теӊтушум эмессиӊби, кыйбайт ко деген ой менен сени тандадым, барып бер, ишке жара, досум” деп мени ынандырып, айда мактап, аттап-тондоп жөнөтүп жиберди. Ошентип атаӊдын аркасы менен куландай соо туруп бир жума ооруканада жатып чыккам. Болгондо да Сүймөнкул Чокморовдун жанында жатып, ага эрмек болуп бергем. Көрсө кайран атаңдын Сүймөнкул менен жолдошчулук мамилеси бар экен. Кийин Чокморов элдин сүймөнчүгүнө айланып, даӊкы таш жарган кезде “Сүймөнкул мени жакшы тааныйт, экөөбүз керек болсо апта бою бир палатада чогуу жатып дарыланганбыз, далай тамашалашканбыз” деп мактанып жүрдүм, сыймыктанып кеп кылар элем ылайыгы келгенде.

Окуянын чоо-жайын айтсам таӊ калгандары да, ишенбегендери да, баалагандары да болду. Не деген камкордук! Жасаган атаӊ кызык, ага макул болгон партия андан да кызык. Атаӊдын ушул окуясын көзүм тирүүсүндө өзүӊө айткым келип, көптөн бери көксөп жүргөм, эми кайтайын, атайы ушуга келдим эле, башка жумушум жок” – деп кебин аяктады Карпеков Вадим аксакал.

Атам тууралуу жакшы кептерди эл оозунан көп уктум, эмдигиче эшитем. Бирок ушул окуя катуу таасир этти. Кандай кадам. Кайран адам. Эсил кишилердин асыл сапаттары, адамгерчилик сабагы, жолдошчулук жолу, үзөӊгүлөштүк салты, аталардын бизге окуя аркылуу калтырган нарк осуяты...  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз