Сардарбек Рыскулов: Бир олоң

  • 17.04.2024
  • 4149

АҢГЕМЕ

Карымшак Боомдун капчыгайын өрдөп жалгыз келатат. Ал мындан бир жума мурун бүркүт издеп Чоң-Кеминге барган. Кеминде бүркүт, куш күйгөн саятчылар көп деп уккан. Саятчылардын көбү көп экен, бирок куш-чүйлүдөн башка ителги, бүркүт кармай алышпаптыр.

Карымшактын аяктан жолу болбой кайтты. Өзүндө бүркүт болсо, Чоң-Кеминге ага суутуп коюптурбу. Өзүндө жок. Көп жылдан бери салып жүргөн түлкүлүк бүркүтү бар болучу. Мындан төрт-беш ай мурун анысы кагынып өлгөн. Ошондон бери бүркүт издеп жүрөт. Колунда алгыры болбогондон кийин «мен мүнүшкөрмүн» дегенге ким ишенет. Ал катардагы жөнөкөй адамдын түгөйү да. Кесиби мүнүшкөр болгон адам канаттуусуз кур кол тура албайт эмеспи. Карымшак да ошолордун бири. «Баланча элде, баланча деген киши бүркүт кармаптыр» дегенди укса болду, ошо жакты көздөй чү коёт Карымшак. Ал жакшы бүркүтпү, жаман бүркүтпү, бербейби, сатабы, сатпайбы, аны менен Карымшактын жумушу жок. Иши кылып ошого жетиш керек.

Жанында жолдошу болбогон жалгыз жолоочуга жол арбымак өзүнчө бир балакет, азап эмеспи. Карымшак анда-санда үн чыгарып, кыңылдаган болот. Анысынан деле анчалык пайда таап жарыбады. Анан жаратылыштын жарашыктуу көрүнүштөрүнө кызыгып, Боомдун кооз капчыгайынын аркы өйүз берки өйүздөрүнө көз жүгүрттү. Салаа-салаа канжыгадай тилинген узун-узун жылгалар, кокту-колоттор. Ошол жыбыттардын кыйгач беттеринде майда желдин илебине урунуп, билинер-билинбестей ары-бери чайпалган бетеге, шыбактар... Кокусунан бир кайберен аралап кеткени эле болбосо, арасында бүрү түшкөнү көрүнбөйт. Адам кызыгып жегидей. Сары каймак тартып, бири-бирине сүйөнүп, эзиле бышып ыргалып турат. Кээ бир калың жерлери текши баш алган эгиндей кара кочкул тартып, көйкөлүп-жайкалат.

Карымшак андан жогору көз жүгүртүп, асманды курсакка сайып турган учтуу чокулары бар бийик тоолорду карайт. Аскалардын кырына маңкайып чыгып алып, мүйүздөрүн калжайтып, ойдогу өзөндүн жээктерин тиктеп турган дардайган зор текелерди көргүсү келет. Алар бая күнү Кеминге баратканда бар болчу, жүргөн. Бүгүн жок. Кайда кетишти болду экен? Борчуктардын көлөкө түшкөн түбүндө көптү көрүп, көп жашаган карылардан бетер узун сакалдарын жайкалтып, анда-санда кепшеп коюп, жуушап жатышкан чыгар. Болбосо тиги чоку-чоку, кыр-кырлардан карааны көрүнөт эле го.

Кеч күзгө чейин мөңгүсү эрибеген бийик тоолордун ала моюн кыл чокулары алыскы бийиктен бүлбүл көрүнөт. Ошол чокуларды айлана чалып, канаттарын ирмебей жок карагансып эки зор бүркүт сызып учуп жүрөт. Карымшактын көзү ошол экөөнөн өтүп кетти: «Баракелде, зор бүркүттөр көрүнөт! Атаңдын көрү, экөөнүн бирөө колго тийбеспи! Жолборс алдырар элем. Бая күнү мен өтүп баратканда көргөн эчки-текелер ушул экөөнөн чочулашып, бир жерде бугуп жатышкан экен го?»

Карымшак алдындагы атына айтып жаткандай, өзүнө-өзү кобурап баратат. Анда-санда айланган эки бүркүттү карап, чокунун баштарын тиктейт. Бир оокумда ошол эки бүркүт тоонун аркы бетинен чети чыгып келаткан калың булуттун арасына сүңгүп кирип, жок болуп калышты.

Карымшак мойнун кайра бет алдына буруп, талыган көздөрүн алыскы чокудан ылдый тартып алды. Ээк алдында билегинен каруусу тайыган балбанга окшоп, капчыгайдын ыгына жараша ийрилип өзөндүн тунук суусу таштан ташка урунуп агып жатат. Ал жакында эле күчтөн тайыды. Өгүнчөрөөк кирген учурунда андан албуут, андан өжөр, андан долу, балбан жок болчу. Түптүү талды түбү менен жулуп алып, качкан жоосун артынан кууп жетчүдөй урунуп-беринип, кой-айга келбей, бет алдынан чыккан караан-параанды аңтарасынан салып, ыргыта коюп, жулунуп-жулкунуп жаткан. Эми карачы, ал-күчтөн ажырап арыктаган оорулуу адамдан бетер ичкесине тартып, шылкыйып калыптыр. Келме кезек, терме тезек деген ошол. Оомалуу-төкмөлүү дүнүйө. Бирде өйдө, бирде ылдый...

Карымшак капчыгайдын жаратылышына алаксып олтуруп, Байдам-Талга келгенин билбей калды. Байдам-Тал түп-түп болгон калың чычырканак, өзөн жээктеген шуудураган камыш. Ар кайсы коноктой баш алган жашыл жекендер менен жыш. Булар күзгө тартканда бөтөнчө кооз көрүнөт. Өзөндүн өңүн ачып көрккө келтирет. Саргайып бышкан чычырканактын мөмөсүн чокуп олтурган канат-куйругу, жүндөрү кооз татынакай чымчыктарды, шакылыктап сайрап, бирде жерге, бирде талга коно калып жаткан карала бачайыдай сагызгандарды, кызыл, жашыл, ак тамак, көк тамак кооз кыргоолдорду башка жерге караганда Байдам-Талдын токоюнан көп көрөсүң. Байдам-Тал дал ошондой кооз жер. Өзөндүн өзөгүн жарып, шаркырап агып өткөн кашкайган тунук суусу бар. Эки капшытын көк асманга чейин тиреп, бийик тоолор жел киргизбей калкалап камтып турат. Мезгили келгенде бороон-чапкын капчыгай өндүрү менен өтпөсө, оң-солунда жылчык жок. Күн бүркөктө да чырпык башын былкылдатчу желпинген жели жок. Мемирейт да, турат.

Өзөндүн оң жаккы өйүзүндөгү калың токойдун арасынан чыккан бүркүттүн алсыз үнүн салмактанган башын жерге салып бараткан Карымшактын кулагы чалды. Ал тизгинин жыйып, тык токтоду да, даанабы-бүдөмүкпү дегенсип, мойнун шак буруп, ошол жакка кулагын дагы төшөдү. Даана. Бүркүттүн шаңшыган үнү. Дагы тыңшады. «Кил-лак-киллак-киллак». Даана. Болгондо да быйыл уядан жаңы учуп чыккан бала бүркүт. Балапан бүркүт менен чоң бүркүттү шаңшыган үнүнөн тааныбаса, анда Карымшактын мүнүшкөрлүгү кайсы? Атка мингенден тартып, жыйырма жылдан бери бүркүт менен алпурушуп келатпайбы. Бүркүттүн шаңшыганы Карымшак үчүн жылкынын кишинегениндей, жаш кулундун үнү менен энесинин же айгыр аттын кишинегенин ким да болсо так ажыратат эмеспи.

Токой жактагы бүркүттүн шаңшыган үнүн Карымшактын кулагы дааналап угат. Улам токтой калып тыңшайт. «Киллак, киллак, киллак». «Түнт токойдун арасына бүркүт турбайт эле. Кыр-кырга, бийик зоолордун чокусуна, чоң-чоң таштардын башына барып конмок. Болду-болбоду бул колго түшкөн балапан же эки канаттын биринин мүрүнөн ажырап учалбай калган шордуунун бири. Үнү кыраандын үнүндөй кайраттуу чыгат. Бат-бат шаңшыйт. Анысына караганда ата-энесинен бөлүнүп өзүнчө жем таап жей элек көрүнөт. Уядан учаарына жакындаганда бүркүттүн балапандары көп шаңшыйт эмеспи. Мунун үнүнөн да ошол бала мүнөзү сезилип турат. Өтө ачка го, бечара, көптөн бери наар сыза элек окшойт. Шаңшыган сайын үнү муңдуу, ачуулуу чыгып жатпайбы».

Карымшак өз ичинен сүйлөнүп баратты. Бүркүттүн үнү чыккан дүпүйгөн топ-топ талдар өзөндүн аркы өйүзүндө болчу. Карымшак ошол талдардын тушундагы тайыз кечүүдөн кечип, суунун аркы жээгине чыкты. Мына калың тал. Арасы ачылып, аттуу кишиге жол берчүдөй көрүнбөйт. Жапыз өскөн майда чычырканактын бүрүнүн арасындагы ийненин учундай түп-түз учтанган тикенектери этек-жеңин мындай турсун, жапан мышыктын тырмагына окшоп, жакындасаң бетиңди да тытып, кызыл-ала кылчудай кылтыйып турат. Сырттан угулган добушту сездиби же чарчагандан атайы өзүн өзү токтоткусу келдиби, бүркүттүн шаңшыган үнү лып басылды.

Карымшак атынан түшүп, суу жэгиндеги жалгыз түп талга аттын чылбырын ары-бери күрмөй салды. Анан тиги бүркүттүн үнү чыккан калың талды аралай кеткен жөө кишинин жолу менен тикенек-чырпыктардан жазганып эңкейип басып баратты. Туура жагынан шырп эткен добушту кулагы чалганда, оңго бурулду эле, үй ордундай ачыкта куураган талдын дөңгөчүнүн үстүндө канат-куйруктарын жайып жиберип, жалгыз олтурган балапан бүркүттү көрдү. Курушуп аткан катуу кайыштан боо тагып, бир бутунун билегинен байлап коюптур байкушту. Кайыштын бир учу казыкка окшош талга чие байланган.

Карымшак балапанды көпкө чейин тиктеп турду: «Чечип алып кетсемби, мунун ээси кайда кеткен. Өмүрүндө тооктон башка канаттуу көргөн адам эмес ко. Кантип ушу бүркүттү музоо аркандагансып бир бутунан байласын. Тиги боосун кара. Курушкан шири. Кайран неменин билегин өйкөп койгон тура кызартып, эгерим май көрбөгөн катуу кайыш. Эми эмне кылсам муну же ээси көрүнбөйт. Жөн эле чечип алып кете берсем, ал сөзгө келбеген айбандын бири болуп, аке-жекеге карабай чоку талаштыра бир салса «тырак» этип өлүп калбайын. Анын үстүнө жолдошум жок, жалгыз-жарым болсом».

Туш-туш жагын тегерете карап, эмне кылаарын биле албай көпкө чейин ойлонду Карымшак.

— О-ой, аттын ээси ким? Кайда кеткен бул аттын ээси? — колдураган жоон үндү угуп Карымшактын жүрөгү «болк» дей түштү. Анан үнүн жай чыгарды.

— О, мен! Быяктамын.

— Бери чык, ким болсоң да.

— Мына баратам. — Карымшак мурунку келген жолу менен токойдун арасынан жылып чыкты. Атынын жанында жайбаракат малдаш токунуп отурган керилген кер муруттуу, тармал кара сакалчан, кара сур жигитти көрдү. Жигиттин жанында узун саптуу ак балта жатат. Үстүндө жаргак кемсел, жаргак шым. Бутунда кайыш чокой, колунда тери мээлей, башында малакай.

Ала-сала көргөндө чочуп кетти Карымшак. Балтанын сүрү, жигиттин сүрү. Анан экөө учурашкандан кийин ал-жай сурашып, жайланыша калышты. «Жылкы кишинешкенче, адам сүйлөшкөнчө» деген. Карымшак Чоң-Кеминге жолоочулап барып келатканын, өзүнүн кочкорлук экенин айтып берди. Берки жоон кара сур жигит Ак-Бекеттик үй жыгаччы болуп чыкты. Байдам-Талга келип уук-кереге болчудай түз талдардан тандап кыркып жүрүптүр.

Келгенине бир айга жакын болгон окшойт, ошондон бери үй-жайын көрбөптүр. Өзүнөн башка дагы эки жолдошу бар экен, алар тал тандап жогорулап кетиптир.

Тиги шаңшыган балапанга акыл-эсин алдырып койгон Карымшактын ичи уйгу-туйгу болуп, ою бир жерге топтоло албай жатты. Анан жүрөгүнүн опкоолжуган дикилдеги басылгандан кийин кеп-сөздү узарткысы келбеди. Карасур жигиттин бутунун башынан тартып, төбөсүнө чейинки тула боюна дагы бир сыйра сыдырып көз жүгүрттү да, анан анын колунан жамандык келбей турганын билген соң, байлоодогу балапан бүркүттүн жайын сурап кирди. Жигит малдаш токунган буттарын жазып жиберип, далдайган далысын ары бир, бери бир куушуруп, анан асман мелжиген тоолордун учтарына көз жиберип, жайбаракат сөзүн баштады:

— Бир жумадан ашты, кайда он-он беш күн өттү окшойт, тээте-тиги бийик чокудан төрт бүркүт айланып учуп чыгып, көпкө чейин бирин-бири ээрчите көктө калкып жүрүштү. Дал чак түш ченде тиги эки жолдошум үчөөбүз тамактанып жатканбыз. Биздин жогору жагыбызда бийик чыккан коюу калың камыш бар болчу. Ал мындан да бир топ жогору, — деп колун көтөрө шилтеп, өзөндүн суусунун жогорку агымын көрсөтүп койду карасур жигит, — аңгыча болбой ошол айланган төрт бүркүттүн бирөө типтик куушурулуп, бизди көздөй сала берди. Түптүз эле качырып келатат, шукшурулган бойдон. Чочуп кеттик. Колубузга кыйган талдан бир-бирден кармап, ордубуздан тура калдык, а тиги камыштын арасына сайылган бойдон келип түштү. Эмне болгону билинбей, ың-жыңсыз болду да, калды. Кайра учуп чыккан жок. Камыштын арасы уйгу-туйгу болуп, чаңы асманга көтөрүлө түштү. Биз ойлодук, «коён-поён алып жеп калды го» деп. Көптөн кийин тиги асманда айланып турган үч бүркүттөн бирөө бөлүндү. Ал дагы типтик сайылды. Анын артынан дагы бирөө келатат. Алдыңкысы топ камышка жакындап калганда арткысы жете келип тигинисин камышка түшүрбөй, шак илип алып, кайра асманга чыгып кетти.

Карымшак ичинен күбүрөндү: «Алып чыгып кеткен энеси болуш керек». Карасур жигит токтолбой сөзүн улай берди:

— Анан көктөгү жалгыз калган бүркүт эки бутун салаңдатып, күркүрөгөн бойдон катуу келатат. Ал бүркүт камыштын арасынан торпоктой болгон бир кара немени тыбыраткан бойдон көтөрүп чыгып, бийиктей түшкөндө колдору талып кеттиби же атайылап таштап жибердиби, иши кылып таштап жиберди. Ал кара неме топ камышта обочо жерде жаткан уйдай кызыл таштын үстүнө келип тийип «былч» дей түштү. — Карасур жигит сөзүн токтоткон жок, дагы улады: — Биз үчөөбүз айран-таң калдык: «Бул эмнеси болду экен? Барсакпы, барбасакпы? Кокус бүркүттөр бизге да тийип жүрбөсүн? Эмнеси болсо да сабыр кылып туралычы...» деп дүрбөп чочуп калдык, аңгыча болбой асманда айланып жүргөн үч бүркүт, тиги «былч» этип ташка келип тийген кара неменин үстүнө биринен сала бири жабалакташып конуп жатышты. «Бүркүттүн ачуусу келсе, кишини да алып жеп коёт» дегенди укканбыз бала кезибизде, чыны даап аларга жакын бара албадык. Корктук. Алар тиги карарган немесин таштап жиберип, үчөөбүздү басып калчудай көрүнүп туруп алды көзүбүзгө. «Эмнеси болсо да бүркүттөр кеткенден кийин барып тарпынан тааныйбыз» деген акылга келдик.

Үч бүркүт бизден айбыгышкан жок. Канаттары калдаң-кулдаң болуп, үксөңдөп-саксаңдашып, кара немени бат эле үзүп-жулкуп талап жеп жиберишти. Анан эки чоңу мурунураак чыгып төш таяна далбактай басышты. Экөө эки чоң таштын үстүнө барып, жайланып олтурушту. Таранып-силкиништи. Далайга чейин орундарынан козголушкан жок. Сыягы тиги жалгыз калганын күтүштү окшойт. Ал карарган тарптын артканын жеп эле атат, жеп эле атат, тойбой койду. Анан тигил экөө биринен сала бири шаңшып, алыстап айланып учуп кетишти. «Тойгондон кийин артыбыздан түнөөчү жерибизге келет» дештиби, артына кайра кайрылышкан жок. Анан биз «Эми тиги жалгыз бүркүт эмне кылаар дейсиң» деп жанына басып бардык. Ошондо да колдорубузда бирден союл. Мына коркконду мындан билиңиз, бүркүт көрбөгөн жаныбыз.

Тиги артта калган бүркүттүн төшү кичине казандын түбүндөй салаңдайт. Башын ылдый салып жөргөлөп калыптыр. Боорун көтөрүп уча албай койду. Үчөөлөп кармап алдык. Тарптын баш сөөгүнө чейин мүлжүлүптүр. Аркайган кабыргалары, этинен ажыраган чоң-чоң жиликтери жатат. Териси дал-дал тытылган. Жүнүнөн тааныдык, жапайы каман экен. Биринчи келип түшкөн бүркүт эмне болду деп барсак, ал өлүп жатат. Каман эки бөлүп таштаптыр. Анын тумшук, буттары да ушунукундай көк, канат, куйругу карала экен.

— Ал дагы балапаны тура, — Карымшак кейигендей, өлгөн бүркүткө жалооруй түштү.

— Кайдан билдик. Бүркүт менен ишибиз эмне? Бизге үй жыгачтык тал керек да.

— Ошо бойдон тиги эки бүркүт кайрылган жокпу?

— Күнүгө бир-эки маал келип, көпкө чейин айланып жүрүп анан кетишет. Калың талдын арасынан тигинин өзүн көрө албай шаңшыган үнүн угушат окшойт. Алар да шаңшыйт. Сыягы, баамдоодо «бери чыкпайсыңбы» деп чакырышат окшобойбу. Бул бечара болсо байлоодомун деп жооп береби? Түнкүсүн тынч. Күндүзү жаагын жанып шаңшыйт да, шаңшыйт. Эки-үч күндөн бери алар көрүнбөйт, жок. Сыягы мындан түңүлүшүп, алыстап кеткенби. Эми бир келишсе агытып жиберейин деп турам. Жогорулап кетип, буга да карабай калдык. Анын үстүнө талга алагды болуп, кол бошобой да койду. Он-он беш күндөн бери эчтеке жей элек. Ачка өлө турган болду, байкуш.

Карымшак карасур жигиттин сөзүн угуп олтуруп ичинен жылмайды. «Буга тиги бүркүттөн көрө бир ууктук түз тал өйдө тура».

— Бүркүтүңдү агытып ийгенче мага бер?

— Тигине бир бутунан байлануу турат, керек болсо алып кет. Албасаң азыр агытам.

— Жолдошторуң бирдеме деп жүрбөсүн?

— О, кокуй, алар «какшатпай агытсаңчы, бечаранын убалына калбай» деп жүрүшөт.

Кокус тиги карасур жигит «Атыңды бер, болсо бербейм» десе да Карымшактын ааныйы жок эле. Атын ээр-токуму менен кармата берип, бүркүттү жөө көтөрүп кете бермек.

Карымшак ордунан туруп атынын жанына басып барды да эки канжыгасын чечип келди. Анан тиги карасур жигитти далдайтып ээрчитип алып бүркүткө барды. Балапандын жалгыз бутунда байланган катуу кайышты бошотуп жигиттин колуна карматты. Ал жедеп сууга тийип катып калган, кайыш чокойдун эски боосу экен. Анын ордуна жумшак кайыштан кабаттап боо тагып алды: «Бүркүт табылып калабы» деп өзү менен кошо ала жүргөн мээлейин койнунан сууруп чыгып, карала балапанды кондурду. Көптөн бери ачка тургандыктанбы, жоошуп калыптыр. Жулунуп чыр салган жок. Тапка келген бүркүттөй колго омоктуу отурду. Аттын жанына келгенде Карымшак тиги карасур жигитти жайдары жылмая карап: «Эми баатыр, балапан бүркүт экен, бирдемеге жараса жараар, жарабаса жарабас, өзүң деле агытып жибергени жатыпсың, бүркүттү кур алып кетишим болбостур. Жанымда акча-тыйыным да жок. Болбосо чайлык бирдеме берет элем, эми кур калба, мынабу олоңумду чечип берейин, ырым кылып алып кал» деп чаболоңун төнөлүгү менен чечип берди Карымшак.

— Рахмат, жумшак жазы кайыш экен, кур кылып алайын,— жигит култуңдап сүйүнүп калды.

— Ошент, баатыр, ыраазы бол.

— Ыраазымын, ыраазымын.

— Эмесе, кайыр кош, «эки тоо бирикпейт, эки адам биригет» деген, аты-жөнүбүздү сурашып тааныштык. Дагы айтып коёюн, атым Карымшак. Мени айылдагылар Карымшак молдо дешет. Молдолугум деле анчалык эмес. Арапча окугам бала кезимде. Эскиче чала моңол кат билем. Кочкордун Тармал-Сазынан болом. Уругум Азык. Сенин атың Сулайман экен. Ак-Бекеттик өзүктөрдөн болот турбайсыңбы. Буркүт кыраан чыгып калса, сага кабар кылам. Чакырам, болбосо атайы сени издеп айылына бир кайрылып барам. Кантип унутуп калайын, мен да адаммын.

— Кош-кош.

— Кош-кош, аман бол.

Карымшак атына минип, карала балапанды кондуруп жолуна түштү. Карасур жигит чаболоңду оң колуна кармаган боюнча Карымшактын артынан ээрчий карап Байдам-Талдын токоюнда кала берди.

Экөө жакшы ажырашты.

*     *     *

Карымшак үйүнө келгенде бир коюн союп, айыл арасындагыларга түлөө өткөрдү.

Бүркүтүнүн атын «Бир олоң» койду. Мунусу да бир себептен туура ат. Кур алганым уят, ырым болсун деп чаболоңун чечип бербеди беле баягы Байдам-Талдагы жыгаччыга. «Бир олоң» аты жөнүрөөк болгону менен кыраан бүркүт болду. Ар ким-ар ким: «Молдоке, бул бүркүтүңүздүн атын которуңуз, «Бир олоң» деген ат кантип болсун» дегендерге катыра жооп берип жүрдү Карымшак: «Алп кара куш» коён менен чычкан ала албаса, анын эмне кереги бар. Жетет ушу «Бир олоң» деген ат».

Бир олоң түлкүнү коёндон оңой алып жүрдү. Кай бир убактарда алган түлкүсүн кырдан ашырып бөктөрүп кетет. Качуу деген караманча оюна келбейт. Бала да. Төрт-беш жылга чейин караласы тараган жок. Кыраан бүркүттөрдүн белгилери ошондой болот. Түлөгөн сайын карала бачайындай кооз болуп келип, качан гана бир барчын болгондо караласы суюлат. Бир олоң кийик жаатынан эликтен тартып аркар, тоо эчкиге чейин алды. Качырганын куткарган жок.

«Бөрү алгандын тукуму тирилебей түлкү алат» дегендей, канча кылган менен каман алган бүркүттүн балапаны эмес беле. Карышкыр менен түлкү колдогу жеминдей болду. Бир олоңдун бүркүттөрдөн башка дагы бир өзгөчөлүгү — эмнеге болсун томогосун тартып коё бергенде, жер менен жер болуп сызып жөнөчү. Асмандап бийик көтөрүлүп уччу эмес. Башка кыраандардай жогортон тике сайылып куушурулуп кол салчу эмес. Турумтайдай чимирилип жер каймактап сабап жүрүп олтуруп, жердин үстүңкү кыртышына тиер тийбес, тиер тийбестей болуп барып, анан чап этип жабыша түшчү. Мейли карышкыр, мейли түлкү болобу, алар мунун кайдан жетип келгенин билбей калышчу. Качан гана эшик төрдөн жакын кирип келип, анын канатынын шамалдай шуулдаган илеби урунганда билишчү. Ошондо качаарга кабак, кирээрге чуңкур таппай айласы кетип алактап шашып калышчу. Анан Бир олоң аяң-буяң, аки-чүкүсүнө карап олтурабы? Бой аягын жыйдырбай, мерчемдүү жеринен капшыра кармап, шыпырып олтура калчу. Алгыр канаттуунун кыраанынын көбү ошондой болот. Ала турганына караанын жашырып барып тиет.

Карымшак кечкисин үйгө кайтаарда Бир олоңду бет келди жерге таштап атып жүрө берчү. Бүркүттүн оордугу канчалык. Аны калдактатып көтөрүп, кечки суукта шалпактап жүргөнчө салт бастырса үйүнө эрте келет да. А Бир олоң болсо Карымшактан мурун же кийин келип, бирде короосунун кырына, бирде боз үйдүн чамгарагына келип конуп олтуруп алчу. Уя баланын баарынан ушунусу артык да. Торго камалган карт бүркүт болсо балакетти келсинби. Ошондон ары жоголбойбу.

Бир олоң мурун үйгө келсе, Карымшак келаткан экен деп билишет үй-бүлөсү, кошуна-колоң, айыл-апасы. Карымшак мурун келсе Бир олоң артта тура ал дагы эми удаа келип калат деп турушат.

Бир олоң кыраан чыккандан кийин томогосуна күмүш чаптырып, эки кыска боосунун учтарына күмүштөн чакан төңөлүк тактырып таштады Карымшак. Буларды колунан көөрү төгүлгөн зерге уста Букарбай жасады. Акысына тебетейлик үч күрөңдүн бирин алды. (Калтардан кийинки жүнү жакшы түлкүлөр үчкө бөлүнөт: ара күрөң, кызыл күрөң, мадыл күрөң болуп).

Күмүш боо, күмүш томого Бир олоңго ого бетер куп жарашып, көркүнө көрк кошту. Мурун эле сындуу неме ошондон тартып кооз бүркүт болду да калды.

«Ушул бүркүтүмдөн Кудайбарген өөн табар бекен, таппас бекен» деген ой менен аны сынатыш үчүн күндөрдүн биринде Бир олоңду кондуруп Кудайбергендикине келди

Карымшак. Кудайберген Карымшакты жакшы көрчү: «Ителги, куш, башка алгыр канаттуулардын табын билбейт, анан бүркүткө калганда Карымшак менден жогору десе жогору» дечү. Карымшактын колунан Бир олоңду өз колуна алып кондуруп олтуруп:

— Молдо, бул бүркүтүңдө өөн жок, телегейи тегиз келиптир, жалгыз гана бир айыбы — тумшугу кыскараак экен, — деди Кудайберген. Карымшак да туура сөздү сая кетирбей өз учурунда айтып калганды жакшы көргөн киши эле. Токтолгон жок.

— Канжарлуу мурдуңдун учун салаңдатып чымчыктан тартып бүркүткө чейин асылгандан башка сен эл үчүн эмне керекке жарадың? Чолок мурдун быйпыйтып бизди Сарыбай эле бийлеп жатпайбы! — десе болобу.

Канча кылган менен жакшынын иши жакшы да. Кудайберген Карымшактын сөзүнө териккен жок.

— Байбиче, сөзгө жыгылып калдык ко, — деп маңдай-тескей олтурган чыгдан тараптагы улуу аялы Шаарканды карап борс-борс күлүп койду. Үйдө булардан башка да Кудайбергендин ага-инисинен үч-төрт киши олтурган. Алар Карымшактын сөзүнөн кийин бири-бирин алдыртан кылыйып карап тиктешип калган. Анан Кудайберген тигинтип жылмайган соң баары Карымшактын сөзүн кубаттап кыраан-каткы күлүштү.

*     *     *

Бир олоңду Карымшак үйдө жокто бир күнү баласы Зайнидин алып чыкты. Зайнидин Корумдунун катмар кырларын кыдырып, түлкү жатактарды кагып келаткан. Кечке маал болуп күн сууктап кетти. Жолу болбой бараткан Зайнидин үйгө кайткысы келди. Аңгыча аркы өйүздөн капталдын таштары шыгырап, бир жоон топ аркар үрккөн бойдон кыр аша турган болду.

Алысыраак, өтө эле алысыраак. Зайнидин Бир олоңдун томогосун тартты. Бүркүт колдон атып кетти. «Бар, тобокел, эмне болсо ошо болсун». Коё берди. Кетти. Кеткенде да капталды капталдай салып, адатынча боору жерге тийчүдөй болуп сызып бараткан. Аркарлар ашкан кырга жакындап аша берерде бүркүттүн оң канаты артына кыйраң эте түшүп, анан андан ары мурунку калынбындай кетти. Зайнидиндин аты тың эле, чуркаганда жер таянбаган жүгүрүмдүү кабелтең болчу. Артынан удаа жетти. Кырга чыга калса аркардын бирин чабуудан көтөрүп жерге урган экен, бычакка келбей жан бериптир. Бүркүт аркарга тийбей, анын жанында акактап солуп турат. Качан Зайнидин жеткенде аркардын үстүнө басып келип конду. Аркардын чабуусу жарылып, бычак менен тилгендей иче-карды эшилип жатат. Зайнидин аркардын жаш этинен бүркүткө анча-мынча чокутуп чала тоют кылып койду да, калганын бөктөрүнүп алып үйдү көздөй салды. Бүркүттү ошол ордуна таштады. Бүркүт Зайнидинден мурун келиптир. Үйдө атасы аны кондуруп олтурган экен. Шып кирип келген Зайнидинге орой көзү менен карады.

— Э балам, мунун оң бутунун боосундагы төңөлүгү кана?

— Эмне экен? Жок бекен?

— Бар болсо мени кесип алды деп турасыңбы?

— Бар эле болчу!..

— Акмак. Бүркүт салгандан кетесиңби? Бутундагы боосун карабагандан кийин.

— Бар эле болчу.

— Аркарды алган жерде байкаган жок белең?

— Бар эле болчу. Ошондо эле экөө тең бутунда жүргөн. — Зайнидин калп айтып жатат. Ал жанагы аркардын этинен чокутарда бүркүттү жерден алып колуна кондурган, ошондо эле төңөлүк жок болчу. Аны тиги алактап, аркар алдырганына сүйүнүп жүрүп байкабай калган. Эми атасынан коркуп: «Бар болчу» деп олтурбайбы уялбай.

— Бар болсо анда бүркүт жолдон жолуккан бирөөгө чорт кесип алып, сатып ийген го.

Зайнидин караманча танып мойнуна албай койду. Атасы: «Бүркүт салганды билбегенден кийин мындан ары жанына жолобо» — деп катуу жемелеп таштады.

Таң атканча Зайнидин санааркап чыкты. Акыры байкуш бала жаман акылын бир жерге топтоду окшойт. «Атам мени мындан ары мен жокто бүркүткө жолобосун деп бир бутундагы күмүш төңөлүгүн өзү кесип алган экен. Анткени бүркүт үйгө менден мурун келбедиби. Аны атам кондуруп олтурган тура? Мындан ары бүркүтүнүн жанына жолобосом жолобой эле коём».

Эртеси таң заардан Зайнидинди ээрчитип Карымшак кечеки бүркүт салган жерин көргөнү жөнөдү. Кайсы жерден аркарлардын качканын, кайсы кырдан бүркүттү коё бергенин Зайнидин атасына туура көрсөтүп жүрүп олтурду. «Анан тетиги кырды аша берерде бүркүттүн оң канаты кыңыраңдай түштү эле» деди Зайнидин. Ата-бала ошол кырга келишти. Ал жерден куураган шилбинин дүмүрүн табышты. Аттан түшө калып карашса, ошол дүмүрдүн иймейген кыска жаракасынын башында кайыштын бир эли үзүгү менен күмүш төңөлүк жаркырап турат.

Төңөлүк баткан чыпалактай иймекей шилби темирден да катуу экен. Мына таң кала турган тамаша. Бүркүт капталдай салып боору менен жер шыпырып учуп баратканда төңөлүк ошол дүмүрдүн жаракасынын учуна тупа-туура тушташ келип илингенин кара. Ошондо да буйдалбастан оң канаты кыңырая түшүп жап-жаңы кайыш боону тарс үзүп, бараткан күүсүнөн жанбай учуп кете берген бүркүттүн күчү эмне деген күч?!

*     *     *

Бир олоңду Карымшак он төрт жыл удаа салды. Бүркүт карууга толду. Он төрт жылдын ичинде Бир олоңдун алган карышкыр, түлкүсүнүн териси Карымшакты орто байлыкка жеткирди. Келин алды, кыз узатты. Ошолордун бардык тасмиясы Бир олоңдун табылгасы менен бүтүп жатты. Карымшак акыркы он бешинчи жылы Бир олоңду муздай тунук түлөттү. Анан түлөктө отургандагы семиз этинен басаңдатты. Кайра кайрып мурунку тап этине келтирди.

Ошол жылы күзгү боз кыроодон баштап эрте сала турган болду. «Быйыл камандан да кайра тартпайт, оңуна келсе, аюу, жолборско да чабар кези келди» деп турганда Бир олоң болбогон жерден кокусунан өлдү.

Карымшак бир күнү кечке маал Бир олоңду үйүнөн обочороок кондуруп чыгып, чыргаанын үстүнө жем бергиси келди. Мүнүшкөрлөр бүркүттөрүн түлөткөндөн кийин, салаардын алдында эки-үч күн мурун чыргаа бастырып, жемди ошол чыргаанын үстүндө берет.

Алардын бул амалы, бүркүтүм чыргаасына көзүн үйүр алдырсын дегени. Алыстан атасы кыйкырды:

— Зайнидин, чыргаа тарт!

Зайнидин үйдөн чыргааны алып чыгып сүйрөп жөнөдү. Карымшак ат үстүнөн томогосун шыпырып коё берди. Бир олоңдун баягы адаты турумтайдай зыпылдап жер менен жер болуп баратат. Бирок чыргаага жеткен жок. Көтөрмө бою чукул калганда тарс эткен катуу үн чыкты. Күү менен келаткан бүркүт маңдайынан бирөө далдап туруп союл менен чапкандай жалп дей түштү. Ары жактан Карымшак чаап келди. Бери жактан жүгүрүп Зайнидин жетти. Чалкасынан түшкөн бүркүт кайра аңтарылып жер кучактап, эки канатын үзүктөй жайып, балт-балт кара кан кузуп жатат. Ата-бала ары-бери ала салдырышты. Болгон жок. Бүркүттүн көздөрү сүзүлүп өлүк сыны кирди. Араңдан зорго оозун бир ачканга жарады. Бүттү, жаны чыгып кетти.

Жер каймактап катуу келатканда музоо аркандай турган кагылуу казыкка төшү менен келип тийген экен. Казыктын башы чорт сыныптыр. Сыягы бүркүттүн да жүрөгү үзүлүп кетсе керек. Бир олоңдон кийин Карымшак бүркүт салган жок.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз