Сардарбек Рыскулов: Арманда калган ак куш

  • 15.04.2020
  • 4606

АҢГЕМЕ

Кадыркул колуна бүркүт кондурган жок. Ал эми ителги, куш, чүйлү, кыргый, ылаачын, жагалмайдан тартып, турумтайга чейин армансыз эле салды. Бирок алгыр канаттууларды таптоо жагынан Кочкор боорунда Кудайбергендин алдына чыккан бир да мүнүшкөр болгон эмес. Көбү Кудайбергенден үйрөнгөн. Ошолордун бири — Кадыркул. Айылы алысыраак болгону менен кыргый, куш, ителги салганда Кудайберген экөө бирге жайылышаар эле.

Комузчу Самсаалы менен Кадыркул жаны бирге курбу болчу. Самсаалы комузду Кудайбергенден үйрөнгөн. Анын шыгы комузга жакын экенин билген Кудайберген Самсаалы колуна кыргый кондуруп жүргөнүн көрүп: «Сен, кыргыйды ташта, комуздун артынан түш.

Мүнүшкөр боло албайсың. Мүнүшкөрдүн түйшүгү кеп болот. Тоо-тоонун башын кыдырып, салпактап бүркүт кондуруп жүргөнгө сенин жөндөмүң жок, ага чыдай албайсың» деп тыйып койгон. Ошондон кийин Самсаалы анда-санда гана күзгү бөдөнөнүн мезгили келгенде кыргый кондура койбосо, башка алгыр канатууларды колуна албады. Ал эми көп учурда кыргый, куш, ителги салгандарды ээрчип, кызыкка батып, көңүл ачаар эле.

Кадыркул менен жакын курбу болуп калганынын дагы бир себеби, Кадыркулдан дамамат бир жакшы жорго үзүлчү эмес. Самсаалы жорго салдырганда ээрдин үстүндө ары-бери кыйшалактай берип жоргонун күчүн кетирбей, каккан казыктай бепбекем, жарашыктуу, түп-түз олтуруп, тизгинди туура башкара билип, жоргосун жаздырбай алып жүргөнгө өтө чебер адам болгон. Көп мелдештерде Кадыркулдун нечен жорголорун салдырып, байге алып берген Самсаалы.

Бир күнү Самсаалы менен Кадыркул куш жайышып талаага чыгышты. Кадыркулдун чоңунан келген ак кушу бар эле. Күздөн тартып, кыш бою салып жүрүп, тоодактан башка илбесинди көп алдырды. Ал күнү да алдынан качкан коёнду, барпырап учкан кекилик, чилдин тобунан бирин-экисин куткарышкан жок. Үйлөрүнө жакындаганда иттин өлүгүнүн тарпында олтурган кузгунду көрүп куш Кадыркулдун колунан талпынып улам темине берди. Самсаалы Кадыркулга минтип айтты:

— Имере тартып келип урсаңчы.

— Жок, болбойт.

— Эмне үчүн?

— Кузгундун тумшугу жаман, эки миздүү шаптан да курчтук кылат! Кокус кушту алкымдан тартса мууздап салбайбы?

— Мууздабай кара жерге кирсин. Ал камданганча бул баштап салбайбы. Куш көңүлдөнүп турат. Шилтесеңчи?!

Ошол учурда куш ого бетер ыкшып кайра-кайра талпынып «коё бер колумду» дегендей мушташкан кишиче жулунуп-жулкунуп жатты. Кадыркул да көңүлдөнүп кузгунга жакындап айланып келип кушту шилтеп калды. Кузгун ордунан типтик көтөрүлө бергенде куш шак жетип, анын бооруна тырмак матырып тегереткен бойдон бакыртып жерге алып түштү. Кадыркул да, Самсаалы да ат үстүнөн кулашып, будалашып жаткан кузгун менен кушка жетишти. Куш эчак эле кузгундун башын мыкчый кармап, бир колу менен эки балтырын бириктире бекем кысып турган экен. Кузгундун Кадыркул айткан шаптан курч тумшугу кушту кекиртектен мууздамак мындай турсун, асты-үстү бири-бирине кабыштыра кармалып, уурттарынан кан чууруп, оозун ачууга чамасы келбей калыптыр. Курк этерге кудурети жок. Жан соогалап, тула боюнан каруусу качып, кош канатын солгун чапкылап, жүрөгү болк этип кабынан жарылып, дени өлүп жанынан коштошуп бараткан тулкусу дирт-дирт этип, шайманы бошогондон бошой берди.

Шамдагай куш анын абалына боору ачымакпы. Жоо менен кармашканда көз ирмем убакыт текке кетпейт эмеспи, тигилер келгенче, албарстай курч, ороктой иймеккей тумшугун мууздоодогу жумшак алкымга эки-үч кайталап матырып-матырып кузгундун кекиртегинен кан алып жиберген экен.

Моюндун күрөө тамыры үзүлүп, даңгыл жерге жылуу кара кочкул кан жая-жая берип жатыптыр. Кузгун былк эткен сайын куш болоттой курч, ийнедей өткүр тырмактарын күчүнүн бардыгынча тереңирээк жиберип кыса-кыса мыкчып, үстөккө-босток ныкып-ныкып жатты.

Кадыркул менен Самсаалы кузгундун төш этин жарып, кушту жылуу кандуу жаш этке тоютун кандыра тойгузуп коюшту. Куштун кузгунду чымчыкча көрбөй чаңыртып алганына кубанышып, бул куш тоодак алчудан экен го деген чоң үмүттө болуп калышты. Андан кийинки күндөрдө да бул кушка кузгун, коён, өрдөк, кыргоол алдырып жүрүштү, бирок тоодакка көрсөтө алышкан жок.

Бир күнү экөө акылдашып кушту Кудайбергенге алпарып сынатууну туура табышты. Канча кылган менен Кудайберген булардын устаты. Жалаң эле устаты болбостон мүнүшкөрлүгү жагынан да көп артыкчылык кыларын булар билет эмеспи. Кудайбергендин алдына бүркүтчүлөр, ителгичилер, кушчулар нечен келип, кондурган алгырларын сындатканда, айтканы айткандай, дегени дегендей болгонун бул экөө кулагы менен гана укпастан, көздөрү менен да көрүшүп, анын билгичтигине нечен жолу таң калышкан. Канаттууга калганда Кудайбергендин жумур баштууда жок айтып берчүсү бардай бөтөнчө «олуя» экендигине суктанып жүрүшчү.

«Бул бүркүтүң түлкүдөн башкага жарабайт, чоңго алы жетпейт. Түлкүгө да бир жумада бир, же эки көрсөт, көп салсаң түлкүдөн да чыгарып аласың. Анан коён уулап каласың. Коёнду куш эмес жакшы чүйлү деле алат. Анан сен колтойгон бүркүттү калдактатып кондуруп, коён уулап жүрсөң эл-журтка уят болбойсуңбу. Андан көрө боосун чечип, томогосун шыпырып агытып жибергениң жакшы. Эптеп бечара талаа-түздөн жемин таап, оокатын кылып жанын багып кетсин» деп койчу. Дагы башка бүркүт алып келгендер болсо колуна кондуруп сылап-сыйпап туруп, бүркүттүн өлчөөсүнө жараша «Бул бүркүттүн табын билсең — кыраан. Карышкырды да, каманды да алат. Кеп өзүңдө. Таптап салышын билет» дээр эле.

Тоодак алчу куш, ителгилерди көрсө: «Коён, кекилик, чил, өрдөк, кыргоол, таан-паандан башкага жарабайт» деп так кесер сүйлөп койчу. «Кудайберген олуя дейсиңби, ал менден артык бекен» деп куш, ителги, бүркүттөрүн алы жетпегендерге салышып өлтүртүп алган начар мүнүшкөрлөрдүн далайы болгон.

*   *   *

Самсаалы менен Кадыркул боз кушту кондуруп Кудайбергендикине келип түшүштү.

Кудайберген ошол күнү үйүндө эле. Кире бериште боз үйдүн оң босогосунан өйдөрөөк капшытта бир кызыл-чаар, ак көз, кызыл куш туурунда олтурган экен. Туурдун алдында жүндүү кара талпак түгүнөн жайылган. Куш талпынганда талпактын бетине барып түшүп, талпактын уйпаланган жумшак коюу тыбытчаларын чала-була тытмалап кайра туурга секирип конот да, канат-куйругун шалдырата күбүп, тумшугу менен өз ордуна туура келбей чыгып калган майда жүндөрүн калыбына келтире коёт. Кудайберген тиги салам айтып удаа кирип келген Самсаалы менен Кадыркулду көрүп кырданган калыбынан өйдө обдула: «Келгиле, балдар, тигиндей өткүлө» деп үйдүн аркы капшытын көрсөттү. Кадыркулдун колундагы далдайган ак куш Кудайбергендин туурдагы кызыл кушун көргөндө ошого карата анда-санда жулунуп талпына берди.

Кадыркул кушун кайра-кайра серпип, жемсөсүнөн жөлөп тынчыта албай алек болуп жатты. Аны көргөн кызыл куш «албууттанган акмак неме экен, ушуга теңелмек белем» дегенчелик кылдыбы, өз туурунда коймаарек тартып, ок саадактуу токтоо өңдөнгөнсүп, көшүлүп олтуруп калды. Бир аз тынымдан кийин Кудайбергендин аялы заңкайта оролгон ак элечеги менен эңкейип ийилген болуп боз үйдүн эшигин чоң ачып, шалп эттирип кайра таштап кирип келди.

Кудайберген аялын карап:

— Бүбү, бул кайнилериңе чай алып кел, — деп ишаарат кылды. Көп кечикпей чай да келди.

Самсаалы менен Кадыркул чай ичкенче Кудайберген боз кушту өз колуна алып канат-куйругун сылап-сыйпап кондуруп олтурду. Ортодо көп сөздөр сүйлөндү. Дасторкон жыйналгандан кийин Кадыркул, Самсаалыдан мурун Кудайберген кеп баштады:

— И, келипсиңер, мырзалар?

— Куке, ушул кушту сизге сынатып алалы деп алып келдик. Тоодакка жарай алабы, жокпу деген ойдобуз?

— Буга чейин чоң илбесинге көрсөтүп көрдүңөрбү?

— Эки-үч жолу кузгун алдырдык.

— Кузгунду онуна келсе куш эмес чүйлү да алат. Жапан казга салдыңарбы?

— Жок.

— Аңыргачы?

— Жок.

— Аңыр менен жапан каз алган куш тоодакты оңой эле алып коёт.

— Ал кандай? Алар тоодактан күчтүүбү?

— Кеп кичине-чоңунда, күчтүүлүгүндө эмес. Аңыр топтоп болуп жүрөт. Уя салаарына жакындаганда экиден боло калат. Жапан каздар да ошондой. Кокус топ-топ болуп жүргөн жапан казга кушуңду шилтеп калсаң, куш бирин илип алып олтура калганда, калганы тобун жазбай имерилип келип сен жеткенче канаттары менен чапкылап кушту өлтүрүп ташташат. Ал эми эки аңырдын бирөөнү куш алса экинчиси айланып үстүнө түшө калат да, экөөлөп кушту сабап өлтүрүп жиберишет. Аңырдан канаттары менен чапкакы балбан кишинин алаканынан да катуу тиет. Ошолорго моюн бербеген куш тоодак алат.

Кадыркул менен Самсаалы мындай окуяны биринчи угушуп, Кудайбергендин оозун аңырайып таңыркап карап калышты. Кудайберген болсо башынан өткөндөрүн айтып жаткан. Акырында Кудайберген колунда кондуруп олтурган боз кушту карап сүйлөп, сынынын жыйынтыгын чыгарды:

— Тоодак алчу куш коён алганда, барганыңча өлтүрүп коёт. Карышкыр алчу бүркүт да ошондой болот. Түлкү алганда, ажыратканыңча ал да өлтүрүп таштайт. Бул куш тоодак албаса, анда мындан башка куштар тоодак албайт. Мунун теңиндей болгон тетиги момпоюп олтурган менин кушум да тоодакчыл. Көп алдырдым. Бул кушта кыраан куштардын көп белгилери бар экен. Он эки кашка куйруктун он экисине тең жейрен туяктын наары түшкөн. (Кыраан болчу куштардын он эки кашка куйругунун үстүнө кадимкидей жейрендин ача тегерек туяктарындай кара тактардын белгиси түшүп калат). Куйруктун учтары менен канаттын чалгындарынын учтары тепетең. Көздөрү бүркүттүкүндөй туптунук. Кап-кайдагыны көрөт. Буту-колунда, тумшугунда айып жок. Жүндөрү үкүнүкүндөй уяң эмес, кайраттуу. Өзү эркек куш экен. Далылуу, балбан. Тегерек, туурасы жоон. Канаттуунун субагайы, узунураагы ургаачы болот. Тоголок келип тууралжын болсо эркек болот.

Куштун устатынын мактаганына кубанып, Кадыркулдун бүткөн бою дүүлүгүп, жүрөгү түрсүлдөп алеп-желеп болуп эки бети жарылып кетчү анардай кызарып, ичи оттуу жалынга айланып жалбырттагандын үстүнө жалбырттап өрттөнүп баратты. Төбөсүнөн бучкактарына чейин ысып-күйүп, албырган беттери менен кашкайган маңдайынан тартып тула боюн сүйүнүчтүн ымшыган тери басты. Самсаалы балдырап тили келегейирээк киши эле, анда-санда кепке аралашкан болуп, Кудайбергендин оозунан чыккан сөзгө кунт коюп назарын төшөп, зор ыкласын салып угуп олтурду. Анан Кудайберген колундагы кушту Кадыркулдун өзүнө берип жатып бул сөздөрүн кошумчалады:

— Тоодакка быйыл салбагыла. Түлөтүп туруп келерки жылы көрсөткүлө. Эгер быйыл салсаңар бул кушуңар андан кийин түбөлүк тоодакты карабайт. Кийинки жылдарда тоодак эмес аңыр, жапан каздарга да көңүлү чаппай калат. Ушул сөздү унутпагыла!..

— Жарайт-жарайт, Куке, — дешип Самсаалы менен Кадыркул Кудайбергендикинен шаша-буша аттанып жөнөп кетишти. «Эмне үчүн быйыл салса тоодак ала албайт?» Бул суроону кайрылып бере алышкан жок.

Кудайбергендин билгичтигине, бөтөнчө канаттууга калганда көзү ачыктай сынчылыгына, анын ичине кирип чыккандай айтып тургандыгына, айрыкча айтканы айткандай, дегени дегендей келгендигине таң калышып, бул экөөнүн кеби-сөзү түгөнбөй чечекейи чеч. Жолду-жолдото Кудайбергенди биринин оозунан бири жулуп алышып, анын жакшы мүнөздөрүн ого бетер күчөтө-күчөтө, ого бетер жерине жеткире макташып жүрүп олтурушту.

Бечелдин жалгыз бейитинен өтүп, Ортоктун тоосун карай төш таянган катар-катар тизилген желээ дөбөлөргө жакындаганда куш ормоңдой баштады. Колдон түшө каччуудай жулунуп, улам артка силкип кондурганга карабай, бирдеме көргөн немече колго токтободу. Кайта-кайта кагынып-теминип, Кадыркулду убара кыла берди. Ал алаар илбесинин, же качкан коён-поёнду көргөндө ушинтип жулуна берме адаты бар эле. Самсаалы тизгинин жыйып: «Токточу, алдагы бирдемени көрсө керек. Абайлап эки жакты тегерете карап көрөлү» деп тиги жулунган куш менен алек болуп келаткан Кадыркулду карады. Аңгыча экөө тең көрүп «аа» дешти.

Эмнеге эле мынча жулунуп калды десе?! Алар абайлаган эмес экен, куш эчак эле көрүптүр, ортоңку желээ дөбөнүн шилисиндеги боздо бир жорго тоодак журөт. (Жорго тоодак деген да тоодактын бир түрү. Топ тоодактарга кошулбайт. Көбүнчө жалгыздап, кээде экиден боло калат).

Көрсө куш баятан бери жанын таштап ошону көрө калып, урунуп-беринип жаткан тура. Тоодак анчалык алыс эмес. Көптөн бери ошол желээ дөбөлөрдү байыр алып, жалгыздап оттоп жүргөн көрүнөт. Беркилерден шектенип анчалык качыңкырабады. Аны көргөн куш колдогу жеминдей ого бетер ыкшып, улам-улам ылдый куланып Кадыркулдун колуна токтобой жулунгандын үстүнө жулуна берди. Бир кезде Самсаалы куштун ышкысын көрүп чыдабай кетти көрүнөт:

— Коё берсеңчи, тимеле колуна өлүп бергени турат, — деди.

— Кой, кудай урган, балдыраба. Кукем быйыл салбагыла дебедиби.

— Ээ... Кукең айта бербейби. Алдагы куш тим эле тигини чымчыктай көрбөй турат ко?

— Э, кой, салбайм!

— Салбасаң мага берчи, мен салайын? Аны жөн эле бөдөнөдөй илип алган турат.

— Кой-кой-кой!..

— Э, берчи?!

— Кой дейм! Жинди болуп турасыңбы? Ушу экөөбүз Кудайбергенден кыйын билебизби?!

— Ой, куш өзү жалынып-жалбарып жатпайбы. «Коё бергиле колумду» деп.

— Быйыл салсаңар эмдиги жылы албайт дебедиби.

— «Быйыл да алам, эмдиги жылы да алам» деп жулунуп жатат. Сен куштун оюн билбей жатасың.

Кадыркул менен Самсаалы далайга чейин тартышты. Акыры Кадыркул тажап кетти окшойт.

– Э, мечи! Мен салбайм, салсаң сен сал, – деп кушту Самсаалыга кармата берди.

Самсаалы:

– Алдагы карагер жоргоңду кошо бер, менин атым ыкшоорок, карагер жорго өкүм. Тоодакка куш менен кошо барып бир тием, – деди. Кадыркул карагер жоргосунан да түшүп берди.

Самсаалы кушту кондуруп тоодакты имере тартып алдын тороп жөнөдү. Кушту тоодакка көрсөтпөй аттын оң капталына далдалап, өзү оодарыла ошо жагына кыйшая тартып баратты.  Кадыркул тоодакты алаксытып колуна жем салган куш баштыгын колуна кушча кондурган болуп анын ылдый жагы менен кыйгач бастырды.

Тоодак ары-бери жорголоп, канат күүлөп тигилерден шек ала баштады. Бир кезде көтөрүлүп уча турган болду. Дал ошол учурда туура тушуна жакындай түшкөн Самсаалы эки согончогу менен карагер жоргонун такыр колтуктарын ыкып койду эле, жорго атып кетти, Тоодак да жерден далбалактап көтөрүлө баштады. Антип-минтип тоодак күүлөнгөнчө шамдагай куш тоодакты далдайган төштөн кучактап келип чалкасынан салып жерге көтөрүп урду. Тоодак бош калган кош канаттары менен кушту эки-үч жолу чапкылагандай болду. Куш башын калкалап тоодактын бир жаккы колтугуна катты. Көкүрөккө жабышкан эки колунун бирин бошотуп, тоодакты таштайын дегенчелик кылды эле, ага куштун ою келген менен чамасы келбеди.

Тоодак чалгын канаттарынын күчүнө салып, куштун эки жаккы капталын чапкылап мөңкүгөндөн мөңкүй берди.

Самсаалы карагер жоргону учурган бойдон келип, тоодак менен куштун жанына кулап түштү. Жоргонун тизгинин коё берип, тоодактын тиги далбактап жаткан эки канатынын биринин мүрүнө колунун учу жуп жетерде, тоодак «барр-р» деп учуп алып кете берди. Куш бүткөн боюн силкинген болуп, ордунда окуюп олтурган бойдон калды. Ар жактан бакырып-өкүрүп, кокуй-алатын кошо айтып Кадыркул чаап келип түштү.

— Деги куш аманбы?

— Аман.

— Кокуй-кокуй, катыгүн, салбай эле коёлу десе. Мына сен ушуну кылмаксың! Эми элдин бетин кантип карайбыз. Эми журттун бетин кантип карайбыз?! Эми Кукеме эмне жооп айтабыз?!..

Самсаалыда кулда кулак, кыңк эткен үн жок. Бир кушту карайт, бир жерди карайт.

Асанкайгы, көр жемечи Кадыркул Самсаалы байкушту кокуй алатын айтып олтуруп жеп салды. Көрсө куш деле өлбөптүр. Тоодак деле аны канаттары менен чаап кыйратпаптыр. Чоңунан келген балбан куш ага тоотобу? Кадыркул кушту тоодак өлтүрө чаап кеткен экен деп бакырган экен. Андай эмес. Кышты кыштай коён, башка илбесиндерге көп салынып жүрүп куштун курч тырмактары мултуюп түгөнүп калган. Качан гана куш тоодактын төшүнө жабыша жерге көтөрүп келип урганда жедеп курчу түгөнүп калган тырмактарынын мултуйган учтары, анын кабатталган опойгон калың коюу жүндөрүнүн арасынан тереңдеп өтпөй, тоодактын эти менен терисине матыра кирип, батыра салынбай калган тура.

Эти оорубаган соң тоодак жулунган топ жүнүнө карайбы? Алкынып-жулкунуп, мөнкүчүктөп-тоңкочуктап Самсаалы жеткенче куштун колунан бошонуп кете бериптир. Куш тигинин жүндөрүн топондой уучтаган бойдон ордунда жалдырап олтуруп калган тура.

Кадыркул менен Самсаалы кушун кондуруп жолго чыкканда өзүлөрүнчө чолок акылга келишти:

— Эми муну Кудайбергенге билгизбейли. Тоодакка салдык деген сөз ким-кимибиздин болсун оозубуздан чыкпасын. Кудайберген эмес, жан кишиге угузбайлык. Экөөбүздөн башка алдыбызда бараткан эки ат менен ак куш гана билсин. Келерки жылы түлөгөндөн кийин кушту эч бир илбесинге көрсөтпөй туруп Кудайбергенге алып баралы. Сен кандай дейсиң? Ушул эле туура го? — дешип экөө макулдашты. Убаданы бек кылышты.

*   *   *

Ак кушту Кадыркул муздай тунук түлөттү. Бир күнү Кадыркулдукуна Самсаалы комузчу да келди. Экөө кушту кондурушуп Кудайбергендин айылын бет алып жөнөштү. Кудайберген үйүндө экен. Кушу үйдүн оң капшытындагы өз туурунда олтурат. Бир аз учурашып жайланышкандан кийин Кадыркул сөз баштады:

— Мына, Куке, баягы боз куш. Түлөткөнүмдө өөн жок ко. Жапанындай эле болду го деп ойлойм. Кайрып тапка келтире элекмин. Бүгүн гана колго алып Самсаалы экөөбүз сизге көрсөтөлүчү деп үйдөн бастырдык. Былтыркы сиз айткан боюнча тоодакка салган жокпуз.

Ошондон кийин бир аз күнү коён-поёнго салып, анан түлөккө олтургузгам. Быйыл тоодакты кекилик, чилдей алат ко деген үмүтүм бар. Эми сиз кандай дейсиз, байкап көрүңүз?

Кудайберген муруттары бириндеп, өңү бузула баштады. Бакырайган көздөрүн чанагынан чыгарып, Кадыркул менен Самсаалынын чекесине кадады эле, алардын шилисине чыга түшкөндөй болду, Булардын алдында дагы бирөөлөр менен урушуп, ызырынган ачуусу жазылбай турган кишиден бетер бууракандап кирди:

— Калпты кимге айтып жатасыңар?! Былжыраган эки акмак! Тур, бастыргыла! Жолуңарга түшүп жөнөгүлө! «Тоодакка көрсөткөн жокпуз» деп... Мен ошого ишенемби? Алдагы куш өзү айтып жатпайбы! «Тоодакка салышкан, мен токтото албай калгам» деп. Балким ошол күнү биздин үйдөн кетип баратып салсаңар керек. Былтыр тиги туурда олтурган менин кушумду колундагы белен жемдей көрүп, улам ыкыс берип турган. Азыр кушуңар кайра тигинден коркуп, момурап олтурат. Чоңдон көңүлү калып калган да. Былтыр тоодакка салбагыла дегеним — буттарындагы курч тырмактардын учтары түгөнүп, кишинин колундай болуп турган. Ошол тырмактар кантип тоодактын калың жүнүнөн өтүп, терисин тепчип этине батсын. Опойгон жүндү уучтап олтуруп калды да кайран неме. Мына быйыл салсаңар алмак. Жакшы түлөптүр. Тырмактары жапан куштукундай ийнече сайылып турат. Болду эми мындан ары чоңго барбайт. Баягы көнүп калган коён, кекилик, чилиңерге сала бергиле. «Арманда калган ак куш» деген ушул.

Кадыркул менен Самсаалы калпын карматып кайра жолуна түшүштү. Кудайбергендин үйүнөн кеткенче шашышты. Ал экөө Кудайбергендин жемесине теригишпеди. Анткени, экөө тең Кудайбергенден бала кезинен баштап тарбия көрүп калган немелер. Бирөө комуз боюнча (Самсаалы) бирөө мүнүшкөрлүк боюнча (Кадыркул) шакирттери.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз