САРДАРБЕК РЫСКУЛОВ: САТЫЛГАН МҮНҮШКӨР

  • 27.03.2024
  • 4366

Кудайберген Сатылган мүнүшкөр менен катыш болчу. Анын өтө чебер, кыл тапкөй экендигине кызыгып жүргөн. Сатылган Аламүдүндүн капчыгайында төрөлүп, ошол жерлерди мекендеп, ошол жерде өскөн адам. Ал жалаң гана мүнүшкөр эмес, куш күйгөн саятчы да болгон.

Бир жыл Кудайберген Сатылгандыкына күзүндө келип, жазында араң кетти. Аны жипсиз байлаган — Сатылгандын мүнүшкөрлүгү, куш салгандын кызыгы. Кетеринде Сатылган менен убадалашты: «Келерки жылы Кочкорго көчүп кел. Кышта. Эрмектешип куш салалы. Аты-тонуң, согумуң менин мойнумда болсун. Көңүлүңө биздин эл-журт жагып калса туруп каларсың. Бул жерде деле жакын ага-иниң жок экен. Жалгыз түтүн турбайсыңбы. Кокус, Аламүдүндүн капчыгайын сагынсаң кайра көчүрүп, жеткирип коём».

Сатылган макул болду. Убадасы боюнча ошол жайда унаа жиберип аны Кудайберген көчүрүп алды. Сатылган Кочкорго кур кол келген жок. Өзү менен кошо үч куш ала келди. Бирөө жаңы түлөк көк куш. Тоодакчыл. Муну тоодактан башка илбесинге көргөзбөйт. Экинчиси, дагы бир боз куш. Аны эмнеге болсо сала берет. Үчүнчүсү, уядан жаңы учкан татынакай кыпкызыл чүйлү. Бул кекилик, чил, өрдөк, кыргоолдун токмогу. Атайын ошол үчүн кол менен жасап койгондой.

Кыш бою Кудайберген менен Сатылган ителги, куш салып жүрүштү. Кудайбергенде бүркүт да бар эмеспи. Анда-санда Кара-Тоого, Туздун ак чаптарына барышып, бүркүт агытышат.

— Сатыке, — деди Кудайберген бир күнү аны менен өз үйүндө чай ичип жай олтурганда. — Мен сизден уялып, бир жашыруун сырымды айта албай жүрөм.

— Айта бер. Эмнеге уялат элең?

— Менин тигил кызыл кушум деле тоодакчыл. Шамдагай. Тоодакты ордунан учурбай жетет. Бирок ошондой болсо да экөөбүздү бир тоодак ыза кылып жүрөт. Анын кордугу кушумдун да, менин да жаныма батты.

— Э, ботом, ал кандай тоодак, ошончо тоодактын ичинен бөлүнүп, силерге эрегишип калган.

— Жо-ок. Ал жалгыз жүрөт. Жалгыз оттойт.

— Кайда?

— Босто. Кочкор-Атанын сайында. Өгүнчөрөөк сиз үйдө жокто кушумду эки-үч жолу салып, алдыра албай койдум. Дегеле жакындатпайт, караанды көргөндө шекшинет да, капкайдан – алыстан учат. Шилтесең куш өксүп, жетпейт. Өтө чоң тоодак. Балким, тоодактын эркеги болсо керек.

— Андай болсо ага аракет кылып көрөлү. Бир жакка жер которуп кетип калды го.

— Жок… Кетпейт, кеткендей, куш менен кармашып, запкы көрө элек. Кечээ эле көрдүм, жүрөт.

Эртеси күн аркан бою көтөрүлүп, чоң шашке болуп калганда Кудайберген менен Сатылган Кочкор-Атаны бет алып бастырышты. Сатылган колуна алиги көк кушун кондуруп, Кудайберген салт чыкты. Ал ойлоду: «Баары бир менин кушум ала албаган тоодакты мунун кушу алмак беле».

Булар Кочкор-Атанын санына жакын келгенде баягы жалгыз тоодак мойнун койкойтуп, алда кайдан көрүндү:

— Тигине, — деди Кудайберген, — бизди көрдү.

Сатылган кушун оң капталына далдалаган болду эле, куш жерди көздөй жулунду. Анткени, куш тиги жалгыз тоодакты булардан мурда көрүптүр. Кушту жерге таштап жиберди Сатылган. Анан Кудайбергенге карап: «Биз көрмөксөн болуп, кыбыратып бастыра берели. Колубузда куш жок болгондон кийин ал бизден шектенбейт. Куш кандай аракет кылар экен, ошого алыстан көз чаптыралы» деди.

Сатылган айткандай, баягы койкоюп турган жалгыз тоодак мойнун жерге салып оттой баштады. Буларды өзүнчө кетип бараткан көп караандын бири деди көрүнөт, жайланып калды. Атчандар алыстаганда, көк куш ордунан көтөрүлүп учту. Аны көрүп, тоодак да койкоңдоп, шектенгендей эки жагын каранды. Куш кулаалыча салпактап, бир түп алтыгананын үстүнө, же жерге конбой, же сызып учпай, калкактап туруп алды. Анда-санда эки канатын эпеңдетип, назвайчы күйкөчө бийлеген болот. Тоодак кушту кулаалы экен деди окшойт, капарына албай, кайра оттогонго кирди. Ошол учурдан пайдаланып, көк куш тоодакты көздөй жакындап сызды.

Кара тоодак дагы баш көтөрүп, ары-бери койкоктоп уча турган болгондо, куш мурунку калыбындай кулаалы кейпине келе калды да, тоодакка жакын жердеги топ куурайдын арасына талп этип түшүп калды. Тоодак анын чычканчы шалпылдак «көк кулаалы» экендигине эми даана көзү жетти окшойт, мурункусундай тынч алып, жайбаракат оттой баштады. Куш менен тоодактын аралыгы өтө чукул, аркан боюндай эле калган.

Куш өлчөөсүнө жете түштү көрүнөт, тоодак башын жерден көтөрө электе куурайдын арасынан типтик жогору атып чыкты да, жаанын огундай зуулдап, тоодакты түптүз качырып сала берди. Чукул кирип келген куштун сүрүнөн апкаарый түшкөн тоодак, же уча албай, же чуркап кача албай акылынан адашып, карбаластап калды. Баятан бери шектенип олтурган «көк кулаалы» эмес, көк куш экенин билгенден кийин тоодактын жүрөгү кабынан чыгып, оозуна каптала түштү. Оңуттуу жерден кол салган жоо аячубу, көк куш тоодактын далдайган төшүнө чап жабышаары менен баштан алды. Куштун ороктой иймейген учтуу текөөр тырмагы тоодактын оң көзүнүн алдыңкы кычыгына бата түшкөндө, көздүн кареги үзүлгөн мончоктой мөлт этип, сыртка чыга түштү. Оозун кошо капшыра кармагандыктан, тоодактын бакырарга чамасы келбеди. Тоодак башын куштун курч тырмактарынан бошото албай жанталашып, булгалактай берди. Кармаш көпкө созулду.

Тоодак кушту шыпыргыдай далдайган канаттары менен чапкылай баштаганда мындайдын неченин башынан өткөрүп, жедеп машы чыккан көк куш эки канатын мүрүсүнө чейин бек кысты да, тоодактын бир колтугуна башын катып, бооруна кирип кетти. Тоодактын кушка каршы аракети эч нерсеге арзыбай калды. Анын далдайган канаттарынын сабоодой чалгындары куштун денесинин бир жерине тийбей, куру жерди чаңдатып, сабай берди. Ансайын көк куш тоодактын башын катуу кысып, алкымын кыйкылдатып, муунтуп олтурду.

Буларга алыстан көз чаптырып турган Кудайберген менен Сатылган аттарын сабаган бойдон жетип келишип, ат үстүнөн экөө тең учуп түшүштү. Биринен бири кутула албай топурак-чаңдын арасында кызык-ала болуп тытышып жаткан тоодак менен көк кушту экөөлөп жатып араңдан зорго дегенде ажыратышты. Тоодак куштун колунан бошонору менен мүрдөмгө келбей жан берди. Куштун курч тырмактары анын бакалоорун эзип коюптур. Куш да эки канатын шалк жерге таштап жиберип, далайга чейин акактап, көптөн кийин эс-учун жыйды. Тоодак болжолсуз чоң экен. Бери болгондо төрт-беш кар баскан көрүнөт. Текөөрлөрүнүн жоондугу адамдын бармактарындай. Буттарынын арыштары карыш-карыш. «Тоодактын эти — токтунун эти, улардын эти — улактын эти» дегендей, Кудайберген байланып бастырганда тоодак жагы кадимкидей салмактанып турду.

*     *     *

Түн ортосунан ооп, үркөр жамбашка кыңкайып калган. Асмандагы жыбыраган эсеп жеткис жылдыздар кек темирдин бетине чебер уста чегелеп каккан күмүш мыктардын бөркүндөй жаркырайт. Үлп эткен жел жок. Түн караңгы. Тынч. Кудайберген чапанын желбегей жамынып, кепичин бутуна коңултак илип алып, эшикке чыкты. «Сан жылдыздын жарыгы жалгыз айча болбойт» деген чын эмеспи. Кудайберген жылдыздуу асманды тегерете имерип көз жүгүрттү да, анан тамынын артындагы жапыс ноолусун бир айланып барып келди. Ноолунун ичинде түп-түп чыккан жапан талдар бар. Ошол талдардын бирөөнүн түбүнө жыгачтан жамай салып, акыр жасап, ага согум бээсин байлап койгон. Ар түн сайын таңга жакын же андан мурунураак туруп алып, ноолуну бир сыйра айланат да «караан-параан көрүнөбү» деп жат көздөн алакчылап, ошол бээсине көңүл бурган болот.

Бир себептен анысы да туура. Күзгө жакын ууру-кески болуп калышы да мүмкүн. Айрыкча согум учурунда. Көбүн эсе уурусун күчөтүп турган өз туугандары. «Билинсе ордуна тай-тулаң кылып, ит жеминдей бирдеме берип тынаарбыз. Бизди Кудайберген эмне кылмак эле. Уй мурдун сасык деп кесип салбайт. Жамандыкка кете алабы. Билинбесе жегенибиз жеген» деп тобокелге салып, эрдемсип кетмейлери да бир эмеспи, алардын.

Кудайберген кадамын жай таштап, үйүнө жакындап калганда кошунасы Сатылгандын үзүк-туурдугунун тамтыгы чыгып бараткан кара алачыгынын жыртыгынан жылтылдап от чыгып жатканын даана көрдү. Көпкө чейин ойлонуп, токтоп калды: «Чунак киши. Түн ортосунда от жагып жатканы эмнеси. Ууру кылабы? Койчу, кантип ошого барсын. Ууру кылыш колунан да келбейт эле. Болду-болбоду бул кишинин бир жашыруун сыры бар».

Кудайберген жакындап барып, Сатылгандын үйүнүн жыртыгынан шыкаалап, үй ичине көз жиберди да, үйдүн булуң-бурчун тегерете карады. Абайласа, үйдүн оң капшытында көйнөк-дамбалчан, жыңайлак, жылаңбаш, көк кушун оң колуна кондуруп, сол колуна топтолтура суусу бар аякты куштун ээк астына кармап турган Сатылганды көрдү. Куш аяктагы суудан ууртап алып, тамагын былкылдатып, асманды карап мойнун созуп, кадимкидей ичип жатат. Кудайберген таң калды. Сатылгандын бул жоругу кандай, түн ортосунда туруп алып кушка суу бергени?

Эртең менен чайда олтурганда Сатылгандын түндөгү жоругуна кызыгып калган Кудайберген сурады:

— Ээ, Сатыке, түн ортосунда туруп алып кушуңузду сугарып жатыпсыз, бул өнөрүңүзгө жол болсун? — деди.

— М… анан сугарбаганда, анын эмнесине таңыркай турган иш. Куш кечээ тоодак менен катуу кармашты. Чарчап-чаалыгып, жүрөгү катуулап согуп, көкүрөгү какшып ачышты. Анын үстүнө семиз тоодактын ич эттеринен лакыя тойгузуп койдук. Анан түнкүсүн акактап ал суусабаганда ким суусайт. Анан ошо маалда туруп суу бербесе куш кызыл май болуп семизинен бузулган жылкыдай канат-куйругунан ажырап, тоголонуп калбайбы?

Кудайберген Сатылгандын тапкөйлүгүнө ыраазы болуп, ага баш ийип, моюн сунду.

— Баракелде, Сатыке! Баракелде! Мына ушул өнөрүң меникинен ашыгыраак экен.

Күз кирип келди. «Анжиянда куш базары да бар, анда куш аттан кымбат» деген имиш-имишти Сатылгандын кулагы көптөн бери чалып жүргөн. Соодагерлерге кошулуп, Сатылган да Анжиянга жөнөп кетти. Бетине кармаганы жалгыз көк куш. Көк куштун тоодак алышы кийинки жылдарда улам кемчил чаап бараткан, картайгандыкы го.

Анжияндын базары чындыгында чоң базар экен. Алуучусу да көп, сатуучусу да көп. Кой базары бир бөлөк, уй базары бир бөлөк. Жылкы сата турган базар өзүнчө бир башка. Сатылган куш базарына кирди. Куш деген неме батпайт. Бери болгондо жүздөн ашык. Кушка кардарлар капкайдан келет экен. Бул жолку базарга түшкөн куштардын көпчүлүгү жаңы кармаган жаш куштар. Алар бат эле өтүп кетти. Сатылгандын көк кушун сураган бир да жан жок. Көрүп алып тескери басышат: «А… Көк мыкый. Картаң. Мунун колунан эч нерсе келбейт». Сатылган эмне кыларын биле албай, кайсалап калды. Анан ошердеги жергиликтүү анжияндыктардан сурады:

— Бул силердин жерде тоодак болобу?

— Болот.

— Кайда болот?

— Мына ушундан ары барсаңыз күрүчтүн аңызы бар. Ошол аңызда оттоп жүргөн тоодактар чымчыктан көп, — орто жашап калган быжыгыр кара сакал карыя кол жаңсап, күн батыш тарапты көрсөтүп койду. — Бул кушуңуз тоодак алабы?

— Алат.

Эртеси Сатылган кечеки карыя айткан жакка чапкан бойдон барып, көк кушка эки тоодак алдырып жетип келди. Анжияндын тоодактары баёо куш көрбөгөн тоодактар болот экен. Жанына жакын бармайынча учушпайт. Сатылган кыйналган жок. Кушун кыргыйча шилтеп салып, эки тоодакты бөдөнөдөй илдирип алды. Экөөнү эки жагына салаңдата байланып, көк кушун кондуруп Анжияндын бир чоң көчөсү менен келатканда көчөнүн аркы өйүз, берки өйүзүндөгү элдин бири калбай Сатылгандын артынан түшүп, чууруп жүрүп олтурушту.

— Ушул куш алдыбы?

— Мага сатыңыз.

— Жок, мага сатыңыз.

— Жыйырма сом берем.

— Отуз сом.

— А… анын үстүнө мен он сом коштум.

Ошентип, биринен бири ашып олтуруп, кечээ базарда он сомго чыкпаган көк куш, кырк сомго барып токтосо болобу. Аңгыча ар жактан эки этеги учунан тилик, көк бейкасам чапанынын сыртынан үч-төрт чаар жоолукту кабат-кабат курчанган, узун бойлуу, карасур жигит басып келди да, жабалактаган элди токтотуп Сатылганды үйүнө ээрчитип кетти. Ошол түнү сырттан барган он жолдошу менен Сатылганды коноктоду. Эртеси онуна он чапан жаап, он топу кийгизип, Сатылгандын алдына кырк сом коюп, көк кушту алып калды.

Комментарий калтырыңыз