Конфуций: Калптан кам көрүмүш эткендер чоң адамгерчиликке ээ болбойт

  • 10.12.2021
  • 3329

*     *     *

Жакшы адам байкабастан адамгерчиликке жатпаган иш кылып коюшу мүмкүн, ал эми жандүйнөсү пас пенде эч качан адамгерчиликке бара албайт.

*     *     *

Эгер өзүңдү боорукер адаммын деп эсептеп, буга жараша турмушта өз ордуңду издеп жүргөн болсоң, анда бул максатыңа жетиш үчүн ушундай эле мүдөө менен жүргөн башка адамдарга жардам беришиң керек. Өзүң бир нерсени аңдап билүүң үчүн, башка адамга ушул маселени түшүнүүсүнө жардамдаш. Кандай иш болбосун турмуш шарты сеникине окшош адамды өз ордуңа коюп көр. Муну чыныгы жашоодогу адамгерчилик көрсөтүүнүн бир ылаажысы деп койсок болот.

*     *     *

Эгер кайсы бир адамдын көкүрөгүндө адамдарга болгон сүйүүсү болбосо, анда анын туура жүрүм-турум жана кубулжуган музыка жөнүндө кеп кылганында кандай маани бар?

*     *     *

Карапайым элдин алдында көйрөңдөнүү, текебер сүйлөө жек көрүүнү күчөтүү менен катуу каршылыкка кандай алып келсе, адамгерчиликсиз жоруктар үчүн катуу өкүнүү да ошондой эле козголоң жаратат.

*     *     *

"Адамда адамгерчилик сапат бар экенин кантип билсе болот?” деп Фан Чи улуу устаттан сурады. Конфуций мындайча жооп кайтарды: “Адамгерчиликтүү адам биринчи кезекте оор эмгектин акысын төлөйт, ошондон соң гана үзүрүн көрөт”.

*     *     *

Адамгерчиликтин улуу сапаттарына ээ болбогон адам жакырчылыкта узак жашай албагандай эле жыргалчылыкта да көпкө өмүр сүрө албайт. Изги инсан адамгерчиликти сүйөт, ал эми акылман андан пайдаланат.

*     *     *

Баардык эле пенделер байлыкка, мансапка жетүүнү кыялданат. Эгерде кимдир-бирөө буга татыксыз жетишкен болсо, анда мындай жакшылыктарга алар ээ болбошу керек. Көпчүлүк эл жакыр жана бечара адамдардан жүз үйрүшөт, бирок байгерчилик менен бийик кызматка өзүнүн татыктуу эмгеги аркылуу жеткендер кедей-кембагалдарга сабырдуу мамиле кылышат.

*     *     *

Кооз сөздөрдүн аркасына жашынып, башка адамдардын жаркын үмүтү ишке ашышы үчүн калптан кам көрүмүш эткендер чоң адамгерчиликке ээ болбойт.

*     *     *

Калбаат мүнөз, кайраттуу, ак ниет, чынчылдык сыяктуу оң сапаттар жана абайлап сүйлөө маданияты адамгерчилик менен түздөн-түз байланышкан.

*     *     *

– Адамгерчилик деген эмне?

Конфуций мындай деп жооп кайтарды:

– Эгер адам беш жакшы сапатты дайыма алып жүрсө, анда ал адамды адамгерчиликтүү дешке болот.

Цзы Чжан сурады:

– Ал оң сапаттар кайсылар?

Конфуций жооп берди:

– Башкаларга урмат-сый менен мамиле жасоо, адамдын көңүлүн оорутпоо, ак ниет, чынчылдык, боорукерлик жана тырышчаактык. Бирөөгө урмат-сый менен мамиле жасаган адам эч качан шылдың болбойт, бирөөлөрдүн көңүлүн оорутпагандар башкалардын колдоосуна ээ болот, ак ниет адам жакшы жумушка орношот, тырышчаак адам ийгиликке жетет.

*     *     *

Көп окуп-үйрөнүү, көздөгөн максатка жетиш үчүн көшөрүү, жан дилди коюп кызыгуу, анан терең ойлонуу – адамгерчиликтин маңызы.

*     *     *

Адамгерчиликтүү адам эч убакта жалгыз калбайт, анын сөзсүз кыйбас жакындары менен ынак кошуналары болот.

*     *     *

Адамгерчиликтүү инсан каражатын эл ичинде сактайт, бул анын жакшы атын жаратат. Адамгерчиликсиз пенде байлык топтош үчүн жакшы аттан баш тартат.

*     *     *

Чыныгы адамдын жолу жупуну: ал ашыра жегенди жектейт, кулкунун чектейт, сырткы кебетеси жөнөкөй, бирок жылдыздуу, ак көңүл, мүнөзү тарбиялуу. Ал алыскы максатка кеткен жол жакынкы мүдөөдөн башталарын жана бийик дем менен айтылган сөздөр чын жүрөктөн чыгарын, ошондой эле баардык жашыруун нерселер акыры ачыкталарын тубаса акылы менен аңдайт. Ушундай жол менен гана акылмандыктын жакшылык жолуна түшүүгө болорун билет.

*     *     *

Мамлекеттин уюшмалуу кат-кабар жеткирүү кызматы боюнча жөнөтүлгөн көрсөтмөлөргө караганда жакшылыктан жаралган жаңылык элге тезирек таралат.

*     *     *

*     *     *

Асылзаада адам жаратылышты сүйөт жана коргойт, бирок сөзсүз эле ага жанын садага чаппайт; ал өз өмүрүн жөнөкөй элге арнайт, бирок сөзсүз эле аларды сүйбөйт. Туура жашаган киши адамдарды жакшы көрөт, буга жараша карапайым пенделерге адамгерчиликтүү мамиле жасап, табиятты сүйөт.

*     *     *

Адамгерчилик тууралуу айтып жатканда адамды андан бөлүп кароого болбойт. Адамгерчилик менен адамдын биримдиги – бул Даоуну дал өзү.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз