Жорж Карлин: Сүйүүгө убакыт табыңыз

  • 16.12.2021
  • 4148

"Биздин замандын парадоксу ушунда; имараттарыбыз бийик, бирок сабырлуулугубуз төмөн, жолдор кенен, бирок көзкарашыбыз тар. Көп коротобуз, бирок аз карманабыз, көп нерсе сатып алабыз, аз кубанабыз.

Чоң үйлөрдө жашайбыз, бирок үй-бүлөбүз чакан, жакшы шарттарыбыз бар, бирок убактыбыз эч нерсеге жетпейт. Жакшы окуу жайларыбыз бар, бирок акылыбыз аз, жакшы билимибиз бар, кырдаалды баалаганды билбейбиз, эксперттерибиз көп, бирок ошого жараша проблемабыз да көп, саламаттык сактоо деле бар, а ден соолук жок. Көп ичебиз, көп чегебиз, көп ысырапкорчулук кылабыз, бирок өтө аз күлөбүз. Авто-унааны тез айдайбыз, тез жинибиз келет, кеч уктайбыз, чарчоо менен ойгонобуз, өтө аз окуйбуз, телевизорду көп көрөбүз, Кудайдан өтө аз тилейбиз.

Керектөөлөрүбүздү көбөйттүк, бирок баалуулуктарыбызды кыскарттык. Көп сүйлөп, аз сүйөбүз, өтө тез жек көрөбүз. Кантип өлбөй калууну билебиз, а жашоону билбейбиз, адам жашоосуна жылдарды кошконду билебиз, бирок жылдарга жашоо берүүнү билбейбиз. Айга барып келдик, бирок жолдон өтүп жаңы кошуна менен тааныша албайбыз. Аалам боштугун багындырдык, бирок көңүл боштугу кала берди. Чоң иштерди кылабыз, бирок жакшы иштерди кылбайбыз. Абаны тазалайбыз, бирок жан дүйнөнү булгайбыз. Атомду өзүбүзгө баш ийдирдик, бирок ичтеги жаман ойлорду башкара албадык. Көп жазабыз, бирок аз үйрөнөбүз. Көп нерсени пландап, аз эле нерсеге жетишебиз. Шашылганды үйрөндүк, күткөндү унуттук. Жаңы, акылы күчтүү, нуска көчүрүүчү компьютерлер чыкты, бирок баарлашуу азайды.

Азыр тез тамактануунун жана начар иштеген ашказандар заманы, чоң адамдар менен майда жан дүйнөлөрдүн заманы, бат кирешелердин жана татаал мамилелердин заманы. Үй-бүлөлүк кирешелердин, ажырашуулардын өсүп турган заманы. Кооз үйлөр менен бузулган коломтолор заманы. Кыскарган жолдордун, тар көөдөндүн, бир түндүк мамилелердин заманы. Ашыкча салмактын жана бизди толкундатчу, эс алдырчу, өлтүрчү жана баарын кылып берчү дарылардын заманы.

Ушул катты сизге жеткизүүчү технологиялардын жана сиз бөлүшүп койосузбу же "Delete" деп басып коёсузбу деген заман.

Эсиңерде болсун, сүйгөнүңүзгө, жакындарыңызга көбүрөк көңүл бөлүңүздөр, анткени алар ар дайым жаныңыздарда калбайт. Эстеп калыңыз, жакын адамыңызды бекем кучактап алыңыз, анткени сүйүү деген жападан жалгыз сиз чын жүрөктөн бере алчу, бирок бир да тыйын турбаган чоң байлык.

Эсиңизде болсун, сүйгөнүңүзгө "сени сүйөм" деп айтып жүрүңүз, бирок оболу ал нерсени чын жүрөктөн сезиңиз. Эгер сүйүү менен көөдөнгө кысып бекем кучактоо чын дилден болсо, ал ар кандай мүчүлүштүктү оңдойт. Эстеп калыңыз, кол кармашып бирге жүргөн убакытты баалай билиңиз, анткени жаныңыздагы адам бир күнү жок болушу мүмкүн.

Сүйүүгө убакыт табыңыз, маектешүүгө убакыт табыңыз, айткыңыз келгендин баарын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк табыңыз. Анткени өмүр дем алуу жана дем чыгаруу менен эмес, жандүйнөнү толкуткан учурлар менен өлчөнөт."

Белгилүү сөзмөр, сатирик Жорж Карлиндин жубайы каза болгондо, ушул, азыркы учурда да актуалдуу жана өз ордун тапкан макаланы, 80-жылдары жазган экен.

Которгон Данияр ӨСКӨНБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз