Дилазык: Устаттын насааты

  • 17.08.2021
  • 3554

- Устатым, эгер мен өзүмдүн ким экенимди толук түшүнсөм, акылман болосуң дедиңиз эле, эми аны кантип билсем болот?

- Эң башкысы, башкалардын сен үчүн чечим чыгарышына каршы бол.

- Кантип, устатым?

- Бирөөсү айтат: сен жамансың деп, а сен ага ишенип, көңүлүң чөгөт. Экинчи дагы бирөө сени мактайт, анда сен кубанасың. Сени жамандашат, макташат, сага ишенишет же сатып жиберишет. Сен жөнүндө айтылчу ушактарга же мактоолорго маани берип, эл эмне дейт деп жашап жүрө берсең, өзүңдүн ким экениңди таба албайсың. Элдин ою өзгөрмө, өзүңө өзүң ишенип, өз оюң менен, өз жолуң менен кете алсаң гана өзүңдү табасың.

Эл айтат дебе, өз укугуңду баалай бил, менден да кеңеш күтпө...

Акылман же акмак болуу – ар бир адамдын өзүнөн.

Которгон Эркеайым БОТАЛИЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз