Антон Чехов: Жылкы аттуу фамилия

  • 17.01.2022
  • 2894

АҢГЕМЕ

Отставкадагы генерал-майор Булдеевдин тиши ооруп калды. Ал оозун арак менен да, коньяк менен да чайкады, ооруган тишине тамекинин күлүн, апийим, скипидар, керосин, кулагына спиртке чыланган кебез да коюп көрдү, жаагына йод сыйпады. Деги койчу, эмнени гана кылбады, баары жардам берген жок, атүгүл айрымдары кускусун келтирди. Тиш доктур келип тишин чукуп көрүп, хина жазып берди эле, мунун да шыпаасы тийбеди. Сууруп салайын дегенге генерал көнгөн жок. Үйдөгүлөрдүн бардыгы – жубайы, балдары, үй кызматчысы, ашпозчу Петька өз билгендерин сунушташты. Кала берсе сыртта жүргөн приказчик Иван Евсеич келип, эмдесе жакшы болорун айтты.

– Биздин үйөздө, улуу урматтуум, – деди ал, – он жыл мурда акцизчи Яков Васильич деген кызмат кылган. Ооруган тишти эмдечү. Колу умай эненин колундай дешчү. Арыдан-бери эмдеп койсо бүттү, сен көр, мен көр айыгат.

– Азыр каякта?

– Акцизчиликтен айдап жибергенден кийин, Саратовдо кайненеси менен турат. Азыр тиш менен оокат кылат. Бирөөнүн тиши ооруп калса келип, жардам берет... Бейтаптарды үйүндө көрөт, башка шаардагыларды телеграф аркылуу. Алакандай кагаз жөнөтсөңүз болду... Алексия кургурдун да тишин дарымдаганча. Дарылаган акысын почта менен жөнөтүп коёбуз.

– Болбогон сандырактык! Көз боёмочулук!

– Бир жолу аракет кылып көрүңүз, улуу урматтуум. Арак дегенде жантыгынан жата калат. Аял эмес эле тажаал бир неме менен жашайт. Кыскасы, колунун шыпаасы бар десе болот.

– Жөнөтүп койчу, Алёша! – деп зайыбы жалбарып ийди. – Сен ишенбей атасыңбы, мына мен өзүм көргөм. Ишенбесең да жөнөтүп койчу, колуңа бир нерсе болмок беле, бай болгур.     

– Жарайт, – деп макулдугун берди Булдеев. – Акцизчиге шайтан алган дилгиремин жөнөтүш керекпи? Ох! Аның каякта жашайт? Эмне деп жазыш керек?

Генерал үстөл чекесиндеги отургучка көчүк басып, колуна калем алды.

– Саратовдо аны итинен бери билет, – деди приказчик. – Жазыңыз, улуу урматтуум, Саратов шаары, урматтуу Мухтар Убайдуллаевич... мырзага. Убайдуллаевич...

– Анан?

– Убайдуллаевич... Мухтар Убайдуллаевич... фамилиясы... Фамилиясы эстен чыгып атат!.. Убайдуллаевич... Шайтан алгырдыкы... Ким эле фамилиясы? Жакында эле келип кеткен, билчүмүн...

Иван Евсеич башын шыпка чалкалатып, эринин кыбыратты. Булдеев менен зайыбы чыдамсыздык менен күтүп жатышты.   

– Таптыңбы? Тез ойлон!

– Азыр… Убайдуллаевич… Мухтар Убайдуллаевич… Такыр эстен чыгып атат! Жөпжөнөкөй эле фамилия… жылкынын аталышындай… Жылкыбаев? Жок, Жылкыбаев эмес. Коё тургула… Жылкыбеков эмес беле? Жок, Жылкыбеков эмес. Жылкы атынан коюлган фамилия экенин анык билем, эстен чыгып атканын карачы…

– Торутаев эмеспи?

– Жок, андай эмес. Коё тургула… Кашкабаев… Кашкатаев… Кунантаев… Байдөбөтов…

– Жылкынын эмес эле, иттин атын айта баштадың го? Туякбаев болуп жүрбөсүн?

– Жок, Туякбаев эмес… Жалдуубаев… Качыров… Куутаев… Жо-ок, булар да эмес!

– Анан кантип ага жазам? Ойлон!

– Азыр. Мамыев… Кошкулаков… Чандырбаев…

– Чаткаяковчу? – деп генералдын зайыбы сурады.

– Жок, андай эмес. Чылбыров… Жок, ал дагы эмес! Эсиңе жара чыккыр!

– Билбесең айтпа да, кудай урган! – генералдын ачуусу келди.– Желкемдин чуңкуру көрсүн сени!

Иван Евсеич жыла басып сыртка чыкты, генерал болсо жаагын басып үй ичинде аркы-терки баса баштады.

– Ой, тишим! – деп онтосо үнү кудайга жетет.

Приказчик бакка чыгып, башын көккө каратып, акцизчинин фамилиясын эстей баштады:

– Жээрдеев… Жылкычыев… Акбозов… Жок, ал эмес! Саралаев… Айманбозов… Эркеторуев… Даңканов…

Бир тынымдан кийин аны чакыртышты.

– Эстедиңби? – деп сурады генерал.

– Жок, эстей алган жокмун, улуу урматтуум.

– Балким Чалкуйруков эмес беле? Атчыбековчу? Жок?

Үйдө да бардыгы биринен-бири озунуп, фамилия ойлоп таап башташты. Жылкынын бардык асыйын, эркек-ургаачысын, тукумун, жалын, туягын, жабдыктарын биринин артынан бирин эске түшүрүп жатышты. Үйдө, бакта, ашканада чекелерин тырмап аркы-терки басып жүргөн эле киши.

Приказчикти үйгө тынымсыз чакырып коюшат.

– Үйүрчүев эмеспи? – деп сурап коюшат.– Айтуяков? Укурукчуев?

– Жок, андай эмес,– деп Иван Евсеич жооп берип, өйдө жакты карап үнүн чыгара ойлонуп жатты.– Чабандесов… Чабарманов… Кошканатов… Суржоргоев…

– Ата! – деп балдар бөлмөсүнөн кыйркырышты.– Тушаров! Тушамышов!

Короонун тынчы кетти. Эчкидей чыдамы жок генерал фамилияны тапканга беш сом берүүгө убада кылды. Иван Евсеичти үркөрдөй топ ээрчип алышты…

– Чааров!– дешет.– Чабдаров! Бозчааров!

Кеч кирди. Фамилия дагы да табылбады. Телеграмманы жөнөтпөстөн жатууга кам урушту.

Генерал үкүдөй болуп түнү менен чырм эткен жок, бурчтан бурчка басып онтосо жүрөк сыздайт… Таң агара электе үйдөн чыгып, приказчиктин терезесин тыкылдатты.

– Кишенегенов эмеспи? – деп ыйламсыраган үн менен сурады.

– Жок, Кишенегенов эмес, улуу урматтуум,– деп Иван Евсеич күнөөлүү күрсүндү.

– Балким жылкынын атына окшобогон таптакыр башка ат болуп жүрбөсүн!

– Калп айтып жаныма эмне күч келиптир, жылкынын атына окшош, улуу урматтуум… Муну эстен чыгарбай калайын.

– Эсиңе жара чыккан кудай урган десе... Бул фамилия өмүрүмө татый турган болду го!

Таң эрте генерал дарыгерге кайра киши чаптырды.

– Сууруп салсын! – деп чечти ал. – Чыдай турган алым жок…

Дарыгер келип ооруган тишти жулар менен оору басылып, генералдын жаны жай алды. Жасачусун жасап, алчусун алып дарыгер тырашманкесине отуруп үйүн көздөй жөнөдү. Дарбазанын сыртынан Иван Евсеичти жолуктурду... Приказчик жолдун чекесинде туруп алып, бутунун учун карап ойлуу турган экен. Чекесине чогулган бырыштардан, көзүнөн улам ойлогону олуттуу экени байкалып турду...

– Будуңов… Ээрчибаев… – деп күбүрөндү.– Улакчыев… Көрпөчөев…

– Иван Евсеич! – деп дарыгер ага кайрылды. – Сенден төрт-беш кап сулу сатып алсам болобу, айланайын? Биздин мужуктар мага жөн эле жем сатышат…

Иван Евсеич дарыгерди түшүнбөгөндөй кандайдыр жапайы жылмая карап, лам дебестен, колун шилтеген бойдон короо-жайды көздөй ит кубалагандай чуркап жөнөдү.

– Таптым, улуу урматтуум! – деп кубанган түр менен генералдын иш бөлмөсүнө учкан октой атып кирди. – Таптым! Сулубеков! Акцизчинин фамилиясы – Сулубеков! Сулубеков, улуу урматтуум! Сулубековго дилгирем ургула!

– Ме, сага! – деди генерал жек көрүү менен турмугун[1] көрсөтүп. – Кереги жок сенин фамилияңдын!

Которгон Эрмек ШОРУКОВ

2015-жылдын 7-июлу

[1] Турмук – баш бармагын эки манжанын ортосунан чыгарып көрсөтүү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз