Шамс Тебризи: Сүйүү жүрөктүүлөргө жарашат

  • 19.01.2022
  • 2855

Мавлана Шамсулхакк ва-ад-дин Мухаммад ибн Али ибн Маликдад Тебризи же кыскача Шамс Тебризи деген ат менен таанылган диний аалым, суфий, философ жана ойчул 1185-жылы азыркы чыгыш Ирандын Тебриз шаарында төрөлгөн. Көр дүнүйөгө маани бербеген Тебризи жер кыдырып жүрүп Мевланага жолуккан. Үч жыл ичинде Мевлананы динди сүйүүнүн туу чокусуна жеткирет. Бул тууралуу Мевлана төмөнкүдөй пикирин калтырган: “Анын жарыгы тийгиче мен жөн гана жансыз чиймедей элем.”

Кийинчерээк Шамс Тебризи жоголуп кеткен жана кайда өлгөндүгү тууралуу так маалымат жок. Болжол менен 1248-жылы Конья шаарынын айланасында көз жумган.

* * *

Жыпар жыттуу гүлдү, керемет түндү, чыныгы досту ар бир адам каалайт. Бирок барынан маанилүүсү – гүлдү тикени, түндү сыры, ал эми досту арманы менен сүйүү керек.

* * *

Бир гүл сыяктуу сулуу бол; бирок тикениндей залим болбо. Бирөөнө айткан сөзүң менен, же жашаткын, же өлтүргүн; бирок эч качан жаралуу таштаба.

* * *

Эй адамдар, Каф[1] тоосундай бийик болсоң дагы, кепинге баткыдай кичинесиң. Унутпа... бардык нерсенин акыбети бар, азап тарттырсаң азапка кабыласың.

* * *

Сүйүүгө ылайык болбогонду эстей берип баркын арттырба. Кайрылгысы келсе, мүмкүнчүлүк бербе. Унутпа, сүйүү жүрөктүүлөргө жарашат.

* * *

Тузун, суусун татпаган көңүлдү койнуңа алба! Болбосо, “качып кетер эчкилерге” чабан боло албайсың...

* * *

Тайыз сууларды эң жеңил шамал толкута алат. Түбү терең деңиздерди бир гана сүйүүлөр. Түшүндүм; терең жана сырдуулар ар дайым үн катпайт. Үн катпаган ар нерсе терең жана айбаттуу. 

* * *

Дос күйдүрүп айтат дешет эмеспи? Күйдүрсө дос дегенге болмок беле! Сени жактырбаган күйдүрөт, ал эми досторуң канчалык оор болсо да, сага бал тилин салып айтат.

* * *

Илим үч нерсе: сүйлөгөн тил, шүгүр кылган жүрөк, сабыр кылган дене.

* * *

Адам баласынын адептен насиби болбосо - адам эмес. Адам менен айбанды айырмалаган жалгыз нерсе – адеп.  

* * *

Жашап жүрүп түшүнбөгөн баалуулуктарга, өлгөндөн кийин түшүнүү эч кимге пайда алып келбейт. Сүйгөндөрүңүздү тирилтүүнүн жолу – жашоонун чындыгын моюнга алуу жана айтып берүү.

* * *

Сөздөр акыйкат эмес – ооздон чыккан жел. Акыйкатты билүү үчүн сөзгө ишенбе, жашаш керек.

* * *

Эй, махабат! Сени жылдар бою чоочун колдордон, сенек тилдерден издедим. Чынында өзүмдө экенсиң, билбептирмин.

* * *

Ойлобогун: махабат акыл иши деп. Гүл – көңүлдүн жол көрсөтүүчүсү. Бирөөнү жытына мас кылса, бирөөнө тикенегин матырат.

* * *

Жолдун аягы каякка барарын ойлоо пайдасыз. Сен бир гана шилтей турчу алгачкы кадамыңды ойлоого милдеттүсүң. Калганы өзүнөн-өзү жолун табат.

* * *

Жүрөк рухка айтат: Мен сүйөм, ашык болом; бирок негедир азабын сен тартасың. Рух жооп берет: Сен сүйгөндү уланта бер.

* * *

Жашоодо бардык нерсе боло аласың, бирок маанилүүсү жашоонун ичинде “АДАМ” болуу.

* * *

Жүрөк бекен адамга сүй деген, же жалгыздыкпы жетелеген? Чын эле сүйүү деген эмне; бир шамга от жагуубу, же алоолонгон жалынга кол тийгизүүбү?   

* * *

Бир нерсе кыл, кооз болсун. Өтө кыйынбы? Анда жакшы сөз айт. Мойнуң жар бербей атабы? Андай болсо жакшы нерсени кара же жакшы нерсени жаз. Колуңдан келбейби? Дегеле болбой баратса жакшы нерсе башта. Дайыма жакшы нерселер болсун. Анткени ар бир адам акыры өлөт...

* * *

Жашоого чокудан карасаң, адамдардын төбөсүн гана көрөсүң. Жашоого дайыма адамдар жүргөн жерден кара. Ошондо адамдардын жүзүн көрүп, жүрөгүн тыңшайсың.

* * *

Эмнеге көөдөнүңдү көтөрүп чоңсунасың. Төрөлгөнүң бир тамчы суу, өлүмүң бир ууч топурак.

* * *

Адам кудайдан башкага муктаж эмес экенине ишенсе, кудай дагы аны эч кимге жалдыратпайт.

* * *

Музыканын ритминде кандайдыр сыр сакталат; эгер аны таап алсам дүйнө астын-үстүн болмок. Шарият айтат: сеники – сеники, меники – меники. Дербиш айтат: сеники – сеники, меники да сеники. Өнөр айтат: меники да жок, сеники да... Чындык айтат: сен жоксун, мен дагы.

* * *

Ар бир жолдун адеби бар. Кудайды сүйүүнүн да адеби бар...

* * *

Дербиш бир гана көңүлү жумшак, саякатчы суфий эмес.       

* * *

Бардык нерсе көп болгон сайын арзандайт. Ал эми адеп тескерисинче, көбөйгөн сайын баасы көтөрүлөт.

* * *

Сүйүүнү калем жазбайт, китептен издебе.

* * *

Өзүңө тиешелүү эрежелериң болсун, бирок аларды башкалар үчүн колдонбо.

* * *

Чынчылдык – бир чоң шаар, мен дагы ошол шаардын султанымын. Анда өзүм жашайм, өзүм өлөм, өзүм коргоном.

* * *

Күндү кароого батына албаган, көлөкөдө калат. Көлөкөдө калган, көлөкөнү жарыкчылык деп тааныйт.

* * *

Кээде адамдар кайдан келгенин унутпоо үчүн аркасына кылчайып кароо керек.

Кыргызчалаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

 

[1] Каф тоосу – көбүнесе фарс мифологияларында мааниге ээ, дүйнөнү курчап турган, жиндер менен перилер жашаган, изумруддан куралган тоо.   

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз