Коомдук уюмдардын өлкөсү – Финляндия

  • 27.01.2022
  • 3198

Азыркы учурда Финляндияда жарандар тарабынан түзүлгөн 100 000дей уюм бар. Аларга жергиликтүү деңгээлде иштеген кичинекей клуб, жамааттык уюмдар, коомдук бирикмелер, ассоциациялардан улуттук жана эл аралык деңгээлде иштеген чоң уюмдарга чейинки ар кандай бирикмелер кирет.

Аларга социалдык, укук коргоочу, экологиялык, саясый ж.б.у.с. максаттар менен түзүлгөн уюмдар киришет. Ушундай гана уюмдарды англис тилдүү өлкөлөрдө жалпысынан массалык маалымат каражаттарында Бейөкмөт уюмдар (NGO) деп аташат, бирок кээ бир өкмөттүк чиновниктер жана социологдор бул термин менен жарандар тарабынан түзүлгөн баардык ассоциацияларды аташат.

Жарандар өздөрү түзгөн бирикмелерди каттоого милдеттүү эмес. Бирок көпчүлүк учурда коммерциялык эмес уюмдарды финансылык жактан пайдалуу болушу үчүн катташат жана дагы катталган уюмдар бири-бири менен байланышкан уюмдарды түзүшөт. Каттоонун ичинде ассоциациялар келишимдерге кол коюшат, банктан кредит алганга жана жеке менчикти ээлегенге жеңил болот жана дагы ассоциациянын аракетинен ассоциациянын мүчөлөрүнүн жана лидерлеринин жеке жоопкерчилигин коргойт.

Финдердин болжолдуу 80%ы жок дегенде бир катталган уюмдун мүчөсү жана көпчүлүгү бир нече ассоциацияларда мүчө. Бул жагынан финдер жана Түндүк Европанын башка өлкөлөрүнүн тургундары жарандык коомдун дүйнөдөгү эң активдүү катышуучулары жана бул тенденция дагы күчөп жатат. 1996-жылдан 2016-жылга чейин Финляндияда 53 000 ашуун жаңы коомдук уюм түзүлдү.

Активдүү эмес ассоциациялардын мүчөлөрү көпчүлүк учурларда аларды каттоону жокко чыгарууну унутуп коюшат. 2016-жылдан баштап Ассоциациялар жөнүндө жаңы мыйзамга ылайык, Финляндиянын реестри 20 жылдан ашуун активдүү эмес ассоциацияларды жокко чыгарууга акысы бар. 2017-жылдын башында 35 000ден ашуун ассоциация каттоодон чыгарылган. Алардын көпчүлүгү саясый ассоциациялар, жок болуп бара жаткан айылдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, жок болуп бара жаткан кесиптик кошуундардын ассоциациялары жана дагы кызыктуу эмес болуп калган же модасы өткөн кызыгуулардын бирикмелери.

Жарандардын көптөгөн уюмдарды түзүүгө болгон кызыгуусу XIX кылымдын экинчи жарымында же андан да мурда башталган. Ичкиликтен кармануучулар жана эмгек кыймылы, жаштар жана кооперативдик кыймыл сыяктуу прогрессивдик группалар, бирикмелерге кошулууну ар кандай себептерден, өздөрүнүн тилектештик жана өзгөчөлүгүн аныктоо үчүн күрөшүү ыкмасы катары колдонушкан. Мындай кыймылдар бир жагынан улутту жана мамлекетти куруу боюнча интеллектуалдардын күч-аракеттерин бириктирди, экинчисинен бара-бара өзүнчө социалдык класстардын пайда болушуна алып келди, бул болсо кийинчерээк башка өлкөлөргө салыштырмалуу элдин тең укуктуулугун камсыз кылды.

Ал учурда саясый демократия жер-жерлерде жакшы өнүгө элек болгондуктан, ар кандай топтордун жарчысы жана алардын бири-бирине болгон мамилесин жөнгө салуучу катары уюмдар өзүнө саясый функцияларды алышкан. 1906-жылы жалпы шайлоо укугу кабыл алынгандан кийин финдер саясый партиялар системасын жана бир топ ассоциативдик субкультураларды түзүштү. Көптөгөн уюмдар, алардын ичинде аялдардын топтору, жаштар жана балдар клубдары, улуулардын (аксалдардын) уюму, ичкиликтен кармануучулар жана маданий кыймылдар, театралдык ассоциациялар, хорлор, спорт клубдары жана профсоюздар саясый партиялардын жергиликтүү бөлүмдөрүнө киришти. Көбүнчө агрардык же центристтик партияларга, социал-демократиялык кыймылга, андан кийин элдик-демократиялык кыймылга кошулушту.

Албетте, баардык эле уюмдар чоң идеологиялык топтор менен байланышкан эмес. Бирок алар 1960–1970-жылдардагы коомдук жана бейөкмөт уюмдардын дүйнөсүн түзүштү. Экинчи дүйнөлүк согуштун аралыгында жумушчулар өз партияларына добуш гана бербестен, башка дагы саясый партиялар менен байланышкан уюмдардын жана компаниялардын көптөгөн иш-чараларына катышкан. Мисалы, күнүмдүк жашоодо, ырдаганда, ойногондо, окуганда, товар сатып алганда жана сактоого акча салганда ж.б. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин элдик-демократиялык кыймылга байланышкан уюмдар пайда болушту. 1960–70-жылдарда деле көптөгөн коомдук-саясый жана эл аралык маселелер коомдук уюмдарда бышып жетилчү. Өнүккөн өлкөлөрдө солчул уюмдар, жаштардын уюмдары, маданий сын уюмдары, достуктун эл аралык ассоциациялары ж.б. жүздөгөн бейөкмөт уюмдар ар жылы пайда болуп турган.

Бул класстык жана идеологиялык жактан уюмдашкан бирикмелер 1970-жылдарда бузула башатаган. Ал эми 1980-жылдарда финдер кандайдыр бир улуу идеологияга багытталбаган ассоциацияларды активдүү түзө башташты. Бул тенденция 1990-жылдарда күчөгөн. 1990-жылдардын ортосунан кийин пайда болгон уюмдардын 60% маданият, спорт же бош убакытты жигердүү өткөрүүгө багытталган уюмдар. Мындай уюмдарга мүчө болгон адамдар мурдагы идеологиялык уюмдарга мүчө болгонго караганда азыраак берилип, эркин (бош, каалаган убагында) катышат. Мисалы, спорттун жаңы түрлөрү, мотоклубдар, асыл тукум ит же мышык ээлеринин эл аралык ассоциациясы, булар купуя, жеке маданияттын бир бөлүктөрү.

Бул ассоциациялар башка кенен идеологиялык контексттеги, мисалы, жаштардын агрардык уюмдары же аялдардын идеологиялык ассоциацияларына салыштырмалуу эркин ассоциациялар. Алар жаңы мүчөлөрдү өзүнө кошуу үчүн иш-чараларды көп жүргүзүшпөйт же биригишип улуттук деңгээлдеги уюмдарды түзүүгө умтулушпайт. Алар өздөрүнүн ишин эл аралык же ички айланпа боюнча түзүлгөн өз моделдерине негиздеп жүргүзүүгө аракеттенишет. Бул уюштурулуучу моделдер ассоциациялардын чоң топторунан же социалдык тармактардан алынбайт. Алар массалык маалымат каражаттарынан түздөн түз алынат. Эски ассоциациялардан айырмаланып, бул салыштырмалуу жаңы коомдук уюмдар өздөрүнүн ишин туруктуу деп эсептешпейт. Алар өлчөмү боюнча да кичине, байланыштары да начар жана алардын кызыкчылыгы өнөр жай өндүрүшүнө жана эмгек рыногундагы жалпы абалга негизделген эмес. Алардын жалпы кызыкчылыгы жеке кызыкчылыкка же жашоо образына негизделген. Бул коомдук уюмдардын дээрлик баардыгынын максаты аларды курчаган дүйнөнү өзгөртүү эмес, алардын максаты, өзүнүн ар бир мүчөсүнүн дүйнөсүн өзгөртүүгө багытталган.

Мындай багытта өнүгүү уюмдарды саясаттан алыстатат. Анткени адамдар өздөрүнүн дилин жана убактысынын бир аз бөлүгүн гана уюмдарга арнашат, ал эми мурда саясатташкан ассоциацияларда толук дили менен болуп жана көп убактысын кетиришчү. Волейбол клубуна мүчө болгон кишиге трекинг клубуна мүчө болууга каршылык жок. Бирок чалгынчыларга пионер болууга болбойт. Мурдагы уюмдарда болгондой адамдар менен баарлашуу тажрыйбасы болбой, алардын проблемаларын чечүү өтө кыйын.

Бирок бул коомдук уюмдар өлкөсүндө бейөкмөт уюмдардын дагы эле саясый потенциалы бар. Алар бир гана финдердин кызматташуусунун негизги ыкмасы эмес, алар жана дагы саясаттын жаңы түрлөрү үчүн сынчыл маданиятты жана элементтерди пайда кылат, сактайт жана трансформалайт. Көптөгөн альтернативдик кыймыл жана жашоо образы аталган кыймылдар катталган ассоциацияларды негиздешкен. Бирок көптөгөн кыймылдар муну жасашкан эмес. Бул жаңы замандын белгиси болушу мүмкүн. Бул болсо азыркы учурдагы саясаттан алыстаган тенденцияны белгилейт. Жаңы катталган уюмдардын салт болуп калган коллективдүү иш-аракетине шек жаратат. Репрезентативдик иш-аракеттердин ордуна бул кыймылдардын негизин жеке компаниялар жана уюмдардын эркин формасы түзгөн.

XXI кылымда онлайн тармактардын жардамы менен жаңы виртуалдык, өз эрки менен негизделген уюмдарды түзсө болот, булар – салттуу уюмдардын альтернативасы. Уюмдардын мындай формалары жана дагы алар уюштурган демонстрациялар, балким, туруктуу коллективдүү уюмдарды түзүүнүн татаалдыгынан кабар берет. Булар биздин уюмдарга негизделген алдын ала белгилүү болгон корпоративизмден, алдын ала белгисиз жарандык коомго жана саясый системага бара жатканыбызды көрсөтөт, бул болсо саясый жана социалдык термелүүлөргө алып келет.

Бул виртуалдык өз эрки менен түзүлгөн уюмдар бейөкмөт уюмдардын инновациялык ишинин бир бөлүгү болорун же боло албасын келечек көргөзөт.

Ристо Алапуро, Мартти Сиисиайнен – Хельсинки жана Ювяскюля университеттеринин социология боюнча ардактуу профессорлору

Макала “ФИНЛЯНДИЯНЫН 100 СОЦИАЛДЫК ИННОВАЦИЯСЫ: Финляндия кантип саясый, социалдык жана турмуш-тиричилик жагынан инновацияларга бай өлкө боло алды?” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз