Табылды Эгембердиев – кыргыздын эң алгачкы эгемен бизнесмени

Бир аңгеме-дүкөндүн таасиринен улам макала жазам деп ойлогон эмесмин.  А чындыгында макала дегениң да оңой эмес чыгарма.  Бахтияр Шаматов агайдын 2012-жылы,  январда Табылды Эгембердиев жөнүндө жазган орусча интервьюсун “РухЭштен” окуп эле кыргыздын этномаданияты үчүн,  экономикалык сабаттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп,  эбегейсиз эмгек өтөп кеткен бизнесмен-публицист агай жөнүндө жазгым келди.  

Бахтияр Шаматов агайдын маектешүүсү акыйкат күчтүү жазылыптыр.  Анткени акырын  сөзгө тартып отуруп,  билиндирбей таамай суроолорду берип атып эле,  Табылды агайдын дүйнөсүн кашкайтып ачып коюптур.  Адатта респонденттердин интервьюга мынчалык эргүү менен жооп бергени чанда.  Демек,  Бахтияр агай өз ишинин устазы.  Агайга эргүү менен курган маеги үчүн ырахмат айтып,   Табылды агай айтып кеткен даанышман сөздөрдү макаланын этегинде уруксатсыз которуп,  пайдаланганым үчүн кечирим сурайм.  Чакан маектешүүдө ушунча баалуу маалыматтарды камтып  койгон Бахтияр агайга салават.  Азыркы күндө актуалдуулугу илгеркиден бешбетер күчүнө кирген мындай маектешүүдөгү Табылды агай таамай айтып кеткен сөздөр кыргызча жаңырышын да кааладым.  Ошондон улам Бахтияр агай экөөнүн маегинен алынып которулган сөздөр айрым кыскартуулары менен берилди.

. . .  Күнүмдүк жашообуздун күнгөй-тескейине абай салып,  эртеңкибизге дүрбү салып,  өткөндү саймедиреп,  ак-караны ажыратып берген замандаш залкарлардын дүйнөсүн ачкан маектешүүсүн окуганда,  журналист калемгерге ыраазы болобуз.  Мен Бахтияр агайдын орусча жазганын окуп,  чындап ыраазы болдум.  Жакшыны жакшы деп айтып коюш парз.

Журналист дегениң да жазуучу.  Болгону эле адабияттагы көркөм сөз ээлеринен айырмаланып,  журналисттер көбүнесе карандай фактыга таянып жазышы керек.  Болгондо да жүздөгөн кесиптештери деле жазып коёр кадимки материалды эл окуй турган кылып жазышы керек.  Бул оңбогондой оор оокат. Кээде карандай фактыны кайратып, кызыл тилди сайратып,  өзүң дадил чыкты деген материалың деле түккө турбай калышы мүмкүн.  Калемгер атмайдын калеминин учунда Кудай айткан кудуреттин күчү болбосо, баары курумдай далалат боюнча калат.

Мына ушундай күчтүү публицисттердин бири Табылды Эгембердиев болчу.  Агай тууралуу тээ КДК (Кыргызстан демократиялык кыймылы) дегендин аты чыгып,   студент атмай эгемендүүлүк деп ээлигип,  жаңылык окуйбуз деп,  жатып-туруп,  издеп жүрүп атактуу “Асабага” айланган “ Жаштык жарчысы” менен “Кыргыз рухун” окуп жүргөндөн бери билчүмүн.  Жаштарга,  студенттерге а кезде эгемендиктин эпкини менен “дүрт”этип жанган мекенчилдиктин духун ойготкон ушу гезиттер эле.  

... Өзү жаратман киши ар тараптуу болот экен.  Кыргызча айтканда,  бергиси келгенге Кудай аянбай берет экен. Тээ тоодон түшкөн боз улан кыргызча,  орусча суудай  жазган күчтүү публицистке айланып,  өлкөнүн эгемендүүлүгү үчүн салым кошкон алгачкы демократтардын бири,  ак эмгеги менен байыган олигарх  атанып,  улуттун керегине жараган тарыхый инсан атыгып өмүр өтөдү. Табылды Эгембердиев аныгында улуттук бизнестин түбүн түптөп,  жол салып кеткен киши.  Кыргызга а киши “Азыркы алабарман заманда ары-бери чарпылбай,  көрөңгөңө көз сал,  ошол жактан изден,  анан терең билим ал,  ошондо байыйсың”, - деп жол көрсөтүп кетти.  Анткени бирөөлөрдүкүн сонуркап ичип, сонуркап кийип,  ошолорду байытат экенбиз.  А башка элдерге көөнө замандан бери көөнөрбөй келаткан биздей жоокер көчмөн элдин бай дүйнөсү: жер-суусу, тарыхы,  жашоо-тиричилигибизден баштап, өзүбүз кошо кызык экенбиз.  Мынакей,  атамзамандан бери кыргыз атмай ичип келаткан суусундук менен эле Табылды Эгембердиев байып жатып калды. Өзү эле эмес,  элди да байытып кетти.  

Кандайча элди байытып койду дээрсиз? А киши материалдык дүйнө менен рухий дүйнөнү айкалыштырып пайдаланып,  жаңы улуттук баалуулукту жаратып кетти.  Ата-бабабыз мураска калтырып кеткен “Манас” дүйнөлүк маданиятка эбегейсиз салым кошкон бабалардын энчиси.   Көөнө улуттук баалуулуктарыбызды ата-баба жаратып кеткен.  Кооз жаратылышыбыз - Эгем  берген энчибиз.  Ал эми жаңы заманда кыргыздар эмне жараттык? Дүйнө элине жыйырманчы кылымда берген Чыңгыз Айтматов менен мактана алабыз.  Туура.  Андан башкачы? Карап көрсөк,  жыйырманчы  кылымдын акырындагы жаратмандык Табылды Эгембердиевге таандык экен. Рухий байлык менен материалдык байлыкты айкаштырып,  капитализмдин акча санаткан көр дүйнөсүн көркөм табылга менен – бизнеске жаңы этностилди,  этномаданиятты сиңирип,  утулуттук баалуулукка айлантып коюп кетти. Бул жерде кептин төркүнү ушунда жатат – көөнө көрөңгөбүздөн өзгөчө идеяларды сууруп чыгып,  байысак да болот экен,  улуттук баалуулуктарды дүйнөгө таанытсак да болот экен.

Кептин баары мамлекеттин саясий жана социалдык-экономикалык абалына,  жүргүзгөн саясатына карап, адамдардын кудурети заманга жараша ооп кеткенинде экен.  СССР курамындагы Кыргыз ССРнин тушунда агартуу жаатында мамлекеттин жүргүзгөн күчтүү саясатынын негизинде кыргыз эли кыска мөөнөттө билимдүү-илимдүү элге айланганы өлбөс-өчпөс акыйкат.  Эч ким тана албайт бул акыйкатты.  Анан туташ сабатсыздык өкүм сүргөн кезден кат таанып,  илим-билимге  кадам таштагандан туптуура кырк жыл өткөндө эле (1917-ж.  Октябрь рев.  болсо, 1957-ж.  “Бетме-бет” повести жарык көргөн-Р. А. ) кыргыз эли дүйнөлүк маданиятка эбегейсиз салым кошуп,  Чыңгыз Айтматовду берди.  

Ал эми Табылды Эгембердиев “Шоро” компаниясын 1992-жылы негиздептир.  Эгемендик алып, бирок өлкөбүздүн экономикасы эси жок саясаттан улам эңшерилип, эл айлап-жылдап айлыгын албай,  алды орустун токой-талаасын аралап кете баштаганда, кыраакы киши компаниясын түптөптүр.  Туптуура кырк жаштан өтүп калган чагында.  Агай ошо кезде мамлекеттин мүлкүн талап-тоногон аксым төбөлдөргө аралашып кетсе болот беле? Андайга адамдык абийри жол берген эмес.  Ак эмгеги менен баар тапканды артык көргөн акылдуу киши, билимдүү-илимдүү интеллигенциянын алдыңкыларынын бири,  чыгаан публицист,  мамлекеттин бүгүнкү-эртеңкисине кайдыгер эмес коомдук ишмер,  кумурсканын баскан изинен өйдө көрө билген көрөгөч киши…

Көрсө эл эки жакта атын таппай дарбып жүргөндө... Эгемендин эпчил төбөлдөрү элдин ырыскысына эки колун бирдей салып уурулукка өткөндө... Эгемендиктин,  эгемендик менен кошо келген жеке менчиктин эбин тапкан Эгембердиев,  кудум гана 1990-жылы  эки казан максымды  саттырып,  эксперимент жасап,  улуттук бизнестин жерпайын түптөгөнгө киришиптир.  Эч кимдин түшүнө кирбеген идеясын – улуттук суусундукту сатып,  акча табам дегенин 1992-жылы “Шоро” компаниясын түзүп ишке ашырып коюптур.  Анан бу киши гений эмей ким? Аныгында гений да, гений! Сууга ун менен талканды чайып кайнатып,  аны ачытып эле суусагандарга сатып атса шуулдатып...  Акыл керек мындайга... Дух керек мындайды баштаганга… Жигер керек мындайга…

Жыйырманчы кылымдын этегинде билимдүү,  билерман,  көрөгөч кыргыздын кудурети ошентип,  капитализмдин базар экономикасы менен күрөшкөнгө ооп кетиптир.  Кыргыз сабаттуулукка кадам койгон кырк жылдын ичинде Чыңгыз Айтматовду берип, анан социализм системасынын коомдук менчикке ылайыкташкан формасы ойрону чыгып, өлкөнүн чарбасы менен экономикасы бүлүнүп, эл эбин таппай калган кезде... Билимдүү кыргыздан Табылды агай суурулуп чыгып, каарын төгүп келген капитализмдин эбин таап,  эсебин доллар менен берип,  отургузуп коюптур.  Баса, Табылды Муканов жөнүндө жазганыма удаа эле Табылды Эгембердиев жөнүндө жазып калганыма айраң-таңмын.  Эки киши тең Табылды деген табышмак аттуу экени да кызык... Табылды Мукановду жөн эстеген жокмун.

Анткени Табылды Эгембердиев агай кыйынчылык заман келгенде жашоонун жаңы формасына кошуп маңызын таап жаңыча жашоого өткөн,  Табылды Мукановдой жаңы чыйыр тапкан киши. Кандай нерсе болбосун жаңы мазмун менен форма бири-бирин толуктап турганда мааниге ээ болот. Жаратмандык касиет ушунда – эч ким баспаган жолду ачып,  чыйыр салат.  Кыскасы, Табылды Эгембердиев – кыргыз бизнесинин Муканову.  Улуу акын поэзияда чыйыр тапса,  улуг бизнесмен жаңыча жашоо формасына өтүп,  маңызын кошо таап,  чыгармачылык кудуретин ошо жакка үрөп,  жашоого жаңы чыйыр салган киши.  

Капитализм дегениң оңой жоо эмес экен.  Бизнес ачып,  базар экономикасы дегенге кадам таштаганың - эрежесиз эр күрөшкө рингге чыккан менен барабар. Же сени бизнес алып жыгат, же сен бизнести көтөрүп чабасың.  Соккунун кайдан келгенин билбей калсаң,   тийген муштумга туруштук бере албасаң,  нокаут кеткениң ошо.  Ошон үчүн күндө “машыгуу”- эмгектенүү керек… Күйдүргү оокатты күлкү менен айткан оң го дейм.

 Көрсө капитализмдин: убакыт - акча; идея - акча; тобокелдик - жеңишке карай биринчи кадам дегендерин бу билимдүү киши ичип-жеп окуп койгон экен. Көзү жеткенде практикалык кадамга барып, эң минимумдан баштап, абсолютно чыгымы жок,  бир тыйынга күйбөй турган,  келечектеги мультимиллонердин бардык нерсени так өлчөгөн муздак жана кеменгер акылы менен ишти баштаган экен… Мээ болбосоң коё кал!..  Өзү генийлер абсурд көрүнгөн акыйкатты көрө билет даа...

Ушундай идея баарына эле келе береби же кандай? Таң?.. Мындай идея адамзат,  аалам,  дүйнө, мамлекет ж. б.   глобалдуу темалардын масштабында ой жүгүртө алган, андагы процесстерге анализ жасай алган жаратман,  эмгекчил адамга келмек.  “Гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй, жөнөкөй нерсенин баары гениалдуу” деп фашисттердин төбөлдөрүнүн бири Йозеф Геббельс таамай айткандай... Табылды агай жөпжөнөкөй нерседен баштаган экен.

 Кадимки эле  жармадан,  максымдан, чалаптан миллиондорду жасаса болот десе,  эгерде Табылды агай чыкпаганда,  акылдуусунгандын баары айткан адамга карап,  боор тырмап күлмөкпүз го дейм?..

А дегинкиси... Жаратман адам эмгекчил болот экен.   Эмгекчил адам гана жаратманга айланат экен.  (Турмуштан аркы-беркини көрүп калганда ушул тыянакка келдим. - Р. А.) Тынымыз эмгек гана үзүрлүү болот,  натыйжа алып келет.  “Эмгек-адамдын өзүн жараткан” деп Фридрих Энгельс өтө таамай айткан. Эмгек гана адамдын адамдыгын аныктайт.  Акыл эмгегиби,  кара күч эмгегиби - айырмасы жок. Эптеп орусча сүйлөгөн элеттик боз уландын борборго келип, орусча суудай сүйлөп,  орусча макала жазып калганы эле эмне деген эмгекти талап кылды экен! Анткени орус тилдүү окурмандардын дээрлик көпчүлүгү билимдүү-илимдүүлөрдүн жоон катмарын түзгөндөр.  Кылт эткен катага да көңүл буруп окуган сабаттуу аудиторияны камтыйт орус тилдүүлөр.  Мына ошондой аудиториянын табитине ылайык материал жазып,  абройлуу орус тилдүү публицистке айлануу оңойго турбайт эмеспи.

Улуттук бизнестин улугу бренд кылып кеткен “Шоро”,  “Супара” этно-комплекси,  туризмге ылайыкташкан “Супара-Чуңкурчак” менен азыр кыргыз атмай мактана алабыз. Кыргызды өнүккөн социализмден жапайы капитализмге өтөсүң,  базар экономикасын сөзсүз басып өтүшүң керек деп,  “кыйын” экономисттер экономикалык “чудо-юдону” ойлоп таап,   жасалма жолго түрттү эле...  Кыргыз кыйын экенбиз,  кытайдын шаштысын алып, күнү-түнү алардын цехтерин иштетип, жандан башкасынын баарын сатып, Орусия менен Казакстандын шаарларын базарга айлантып,  басып алдык.  Өзүбүз байып,  алтургай жеңил өнөр жайындагы өндүрүштү да жөнгө салдык. А бирок Кытайды да оголе байытып таштадык.  

Мына ошентип,  капитализмдин кайгайы менен көйгөйүн анча даана көрө албаган караламан көпчүлүк базарда алып-сатарлыкты үйрөнүп,  ошого  өткөн элек.

Табылды агай апасына айтып,  1990-жылы эки эчки менен төрт коюн саттырып,  алгач эки казан максым жасатып саттырып, анысы шыр өтүп,  анан төрт казан жасатып... Ошентип атактуу “Шорону” түптөптүр. Жаратмандык дейт муну.  Көрөгөчтүк дейт муну. Бар нерсени көпчүлүгүбүз аңдап көрбөйт экенбиз.  А дээринде көрөгөч,  жаратман адамдар ушинтип көрүп коюшат экен. Табылды агай турган турушу менен даанышман экен көрсө.  Даанышмандыгы ушунда - кыргыз атмайга капитализмде кантип жан багуунун,  кантип байып кетүүнүн жолун көрсөтүп кетти. Улуттук өзгөчөлүгүбүзгө көңүл бур,  көзүңдү ач,  элим деп кетти. Табылды Эгембердиев кыргыздын тарыхында улуттук бизнести түптөгөн эгемен бизнесмен боюнча калат.

Эгемен доорубузда өз алдынча, эч кимге көз карандысыз (инвестиция дебей)  эле улуттук суусундук менен байыган,   эгемен бизнесмендин бири катары тарыхта калат. Бир гана улуттук бизнеске тиешелүү дейсизби “эгемен бизнесмен” дегенибиз?  Жок,  андай эмес.  Улуттук суусундугубуз менен байыган Табылды агай,  кыргыз чындаса өз оокаты менен байып кетерин,  кыргыз мамлекети ушундай жаратмандары барда эгемендүү мамлекет болууга кудурети куп гана жетерин далилдеп кетти.  Кыргызда капыл-тапыл кирип келип карайлата койгон, катаал мүнөз капитализмге да туруштук бере турган күчтүү иммунитет бар экенин көрсөтүп кетти.  Канча кылымдан бери дүйнө элин каалагандай өкчөп келаткан капитализмди,  кыргыз кайраты менен,  жаратмандыгы менен баш ийдирип, байып кетер эбегейсиз кудурет күчү бар экенин далилдеп кетти. Улуттук баалуулуктардын кайсынысы болбосун - жоокер көчмөн элдин жашоо-тиричилигине байланыштуу бардык нерсебизди, барыбызды бардай көрсөтүп,  көрсөтмөк тургай пайдасын да көрсөк болорун көрсөтүп кетти.

Адатта ким болбосун көз карашың төп келген сөздөргө көңүл бурасың.  Баш сөздө кеп кылган Бахтияр Шаматов агайдын орусча маегиндеги Табылды агайдын канча даанышман ойлору жатат дейсиз! Кээ бир сөздөрүн цитата катары, ал эми  айрымдарын  актуалдуулугу үчүн кыргызчалап койдум.  Бүгүн да актуалдуулугун жоготпогон эмне деген даанышман сөздөр!.. Табылды Эгембердиевдин сөздөрү “Моя предпринимательская философия заключается не в личном обогощении...” аттуу Бахтияр Шаматовдун маегинен алынып которулду.

Бизнес жөнүндө

Бизнес да мен үчүн чыгармачылык.

*     *     *

Элге пайдасы тийген,  эл туура, таза деп билген бизнес гана өсүп-өнүгөт.

*     *     *

Эч кимдин оюна келбеген идеяларды ишке ашыргым келет.

*     *     *

Мени баары бай дешет,  мен болсо үч бөлмөлүү эле үйдө турам. Жыйырма бөлмөсү менен чоң үйдө жашагым да келбейт.  Анын мага эмне кереги бар?

*     *     *

Ишкердиктеги философиям – жеке жашоомдун бакубаттуулугу үчүн эмес,  чыгармачылык менен мамиле жасаган ишимдин элге пайдасы тийсе, ошодон ырахат алуу.

*     *     *

Мен эч кимди туурагым келбейт.

Билим тууралуу

Жаштарга айтаарым: жакшы билим алгыла,  ошондо акча дагы, бизнес дагы силерди өзү издеп табат.

*     *     *

Жакшы билим – уурдатып,  жоготуп ийгенге мүмкүн эмес, күйүп да кетпеген (кыйыр маанисинде),  эч кандай инфляция да коркунуч жарата албаган эң баалуу байлык.

*     *     *

Толстойду түп нускасында,  б. а.  орус тилинде 30 жашымда окугам.  Мына ошондо канчалык караңгы,  дүлөй,  сокур болуп жүргөнүмдү билдим.

*     *     *

Толстойду 15 жашымда окусам менден мыкты жазуучу чыкмак.

*     *     *

Турмушту көрбөгөн,  китеп окубаган кишиден жазуучу чыкпайт.

*     *     *

“Чокчолой баатыр”  жомогун окуган кишиден Чокчолой баатыр гана чыгат.

*     *     *

Бир дагы китеп чыгара элекмин. Себеби бирөө эле – мен даяр эмесмин.

*     *     *

Тамгалар эсинде калып,  калем кармагандын баары эле китеп жазып атат.

*     *     *

Чыныгы жазуучулар эми чыга баштайт.

Эне тил жөнүндө

Тил деген - тирүү организм.

*     *     *

Учурда “тилдин нукуралыгын сактайбыз” деген ургаалдын эпкини менен башка тилдерден кирген сөздөрдү которо бергенге караманча-каршымын.  Тескерсинче, эне тилибизди башка тилдерден кирген сөздөр менен байытышыбыз керек.

*     *     *

Эне тилин өстүрүшүбүз абзел. Кыргыз тили абдан бай тил, кээде биздин сөздөрдүн маанисине туура келе турган орусча сөздөрдү таппайсың.  “Манасты” жараткан тил кантип жарды болсун дейбиз. Туура.  Бирок азыркы кыргыз тили дүйнөлүк философиялык трактаттарды чечмелеп берүүгө кудурети жетпей калууда.

Ордо жөнүндө

Ордо-кыргыз спортунун туу чокусу. Дүйнөнүн башка бир дагы эли ордо ойнобойт.  Ордо - биздей  байыркы жоокер көчмөн элдин оюну.  Ушул оюнду ойлоп таап,  бизге калтырып кеткен баатыр бабаларыбызга ырахмат.

Саясат жөнүндө

Мына,  азыр парламенттик башкарууга өттүк,  түшүнгөн адамга бул чоң жетишкендик, эми чиновник атмай бири-бирин көзөмөлдөп турат,  уурдап-тоноого же дагы кыйды-кыңыр кадамдарга жол бербейт. Биз көп жылдан бери күткөн элдик бийлик деген ушул.

*     *     *

Көрөсүң го, азыр бизге сын тагып жаткан коңшу өлкөлөр да ушул жолго түшөт.  Түшүнгөн адамга кудум азыр Кыргызстанда Борбордук Азиянын келечеги чечилип аткан кез.  Ток этер жерин айтканда,  биз кыргыздар – бир короолу койду ээрчиткен эркечке окшойбуз.  Кыйналып атканыбыз менен,  ушундай экенибизге сыймыктанышыбыз керек.

*     *     *

Мейли,  парламентте кызуу талаш-тартыштар,  жаалдуу тирешүүлөр болсун,  бул кадыресе эле көрүнүш,  алтургай жакшы.

*     *     *

Парламентте андай (кызуу талаш-тартыш,  тирешүүлөр) болбосо,  мушташ көчөдө башталат.

Жаңы жылдык каалоосу

Элиме тынчтык менен бакубат жашоону каалайм.  

*     *     *

Жаштарга каалоом: Жаңы жылда жаңы кыялдар менен чоң максаттар келсин.  Максатсыз жашаган адамдын жашоосу,  мейли ал бай болобу, кедей болобу,  макулуктан айырмасы жок.

*     *     *

Ылайым төңкөрүштөр токтосун. Депутаттар акыйкат,  айкын иштесин.

*     *     *

Жаңы жылдын алдында ар бир атуул: “Мен өлкөм үчүн кандай пайдалуу иш өтөй алам?” деп суроо берсин.  Мына ошондо биздин ишибиз өр таяп көтөрүлөт.

Материалды даярдаган Рахат АМАНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз