Токтогул сыйлыгынын интригасы жөнүндө Жакиевдин эскерүүсү

  • 08.02.2022
  • 3176

*      *     *

Бул жашоодо адабиятта болобу, театр, кино, музыкадабы – көркөмдүгү жок өлүмсөл чыгарма сөрөйлөрүн өткөрө салып, акча өндүргөн шылуундар четтен чыгат. Ош кыргыз драма театрындагы котормо репертуарга кол салган театр сынчыларына мындан ары котормо берилбесин министрликтин коллегиясында айткан элем. Алардын котормосу халтура болгондуктан ошентүүгө аргасыз болгом.  

Таланттуулардын чыгармачылыгында көркөм котормо эргүү, изденүү, ыракат болсо, халтурщик үчүн халтура капчыгын опоңой толтуруп турган арам акча. Оңой акчасынан ажыратып салсаң балээге калдың. Сындап койсок уялып калат ко дечү элем аларды, андай эмес экен. Арам акча адамды бузат, пейилин, ниетин, ыйманын иритет. Андайлар кекчил болорун өз башыма тийгенде билдим. Гонорар төлөгөн жерде иштесең, душманың көбөйөрүн Маданият министрлигине башкы редактор болуп барганда даана билдим. Ошо кезде мага акидей асылып, менин жер менен жексен болушуму эңсегендердин бирине да үн катып, акийнек айтышпадым. Андан бери көп жыл өттү, эми айта берсем болот...

Мага душмандык кылып, карасанагандардын баарынын атын атоону туура көрбөдүм. Бала-бакырасынын көңүлүн иренжитпейин дедим. Кайсы биринин аты-жөнүн жашырганым жок. Өткөндө менин пьесаларымын баарына, «Атанын тагдырынан» бери «советтик түзүлүштү кара боёк менен сүрөттөгөн» деген идеологиялык оор айып таңуулаган жалаяктай чоң макала «Кыргызстан маданияты» гезитине жарыяланганын айтып токтогон элем. Мындай жалаа менен мурдагы заманда далай азамат атууга кеткен. Азыр деле ошондой заманды эңсеген кызыл бычактар арабызда жок эмес. Алиги менин пьесаларыман кара боёкту гана көргөндөр мендейлердин көзү тазаланып кетсе дегенде ак эткенден так эткендер. Идеянын «бузуктугуна» алар элди, бийликти ишендирсек дегенде эки көзү төрт, а түгүл сегиз экенин макала көрсөттү.

Мага кантип тийишерди билбей араң турганда, алардын чырагына башка бир окуя май тамызды. Ал окуя мамлекеттик Токтогул сыйлыгына барып такалат. Токтогул сыйлыгын ыйгаруу комитети төрт секцияга бөлүнгөн: адабият секциясы, театр жана кино секциясы, музыка секциясы, архитектура жана сүрөт секциясы. Ар бир секция жанрына жараша сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармаларды талкуулап, чечимин чыгарат. Секция жаратса кийинки турга өтөт, жаратпаса өтпөйт. Жобо ушундай. Жобо боюнча сыйлыкка кийинки үч жылда жарык көргөн чыгармаларды көрсөтсө болот. Адабият секциясынын мүчөлөрү Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Азиз Салиев, Сүйүнбай Эралиев, Токтоболот Абдумомунов, Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев. Секция жетекчиси Жазуучулар союзунун биринчи секретары Теңдик Аскаров.

Адабият боюнча сыйлыкка Шүкүрбек Бейшеналиевдин «Кычан» повести орус тилинде, Казат Акматовдун «Мезгил» романы көрсөтүлүптүр. Сыйлык ыйгаруу жакындап калган күндөрдүн биринде Теңдик Аскаров: «Келип кетчи» деп телефон чалды. Барсам Аскаров жалгыз эмес экен. Жазуучулар союзунун кенже секретарлары Муса Жангазиев, Бакы Өмүралиев үчөө отуруптур. Учурашып, а-бу дешимиш болгон соң: «Сыйлыкты кимге ыйгарабыз?» деди Аскаров. «Талкууда билинет да» десем, Теңдик: «Оюңда бирөө тургандыр?» деди. «Аны талкууда билесиң» дедим жактырбай. «Бейшеналиев эле татыктуу деп атышат секция мүчөлөрү, сен деле макулсуң да» деди Аскаров чала-була күлгөн болуп. «Теңдик, алдын ала үгүттөшкө акың жок экенин билесиң, тем более, экөөнүн көзүнчө, же буларың комитетке мүчө болбосо» дедим да сөзүбүздү бүтүрдүк.

Эки күндөн кийин секциянын жыйналышы болду. Ш. Бейшеналиевди А.Токомбаев менен Т.Аскаров экөө колдоду. Калган алтообуз: Т.Сыдык беков, Ч.Айтматов, А.Салиев, Т.Абдумомунов, С.Эралиев, мен К.Акматовго добуш бердик. Эртеси М.Жангазиев мага телефон чалды: «Саат үчкө сени Кулматов чакырып атат» деп. Кеңеш Кулматов Борбордук партия комитетинин идеология боюнча секретары болчу. Кулматовдун кабылдамасына киргенимде, эшик тоскон секретары бирөөгө телефон чалып: «Он уже пришел» деди да, мени бир паска күттүрүп туруп: «Пожалуйста, заходите» деп Кулматовдун кабинетинин эшигин ачты. Мен жаңы эле башбакканымда Борбордук партия комитетинин бөлүм башчысы У.Орозова кирип келип, отура калды. Кулматов аны чакырбаса керек, Орозованы тиктеп, сөз баштабай турду.

– Айта бериңиз, – деди Орозова блокнотун жазчудай белендеп. Кулматов мен киргенде эс алчу бөлмөсүнөн чыгып, отура элек болчу. Мен да отурбай туруп тургам.

– Эмне болуп атасыңар, эмгиче сыйлык ыйгарылбайт? – деди Кулматов кабарып.

– Мен эмне силердин доносчигиңерминби? Эмне болуп атканыбызды айтып берчү кишиңер бар да. Анын аты Аскаров Теңдик, секция башчысы, – дедим эле, Кеңеш Кулматов оңтойсуздана түштү да:

– Пикириңи угалы дедик... – деди.

– Жобону бузбай, татыктуу чыгармалар сыйланса деген пикирдемин, – деп келатсам, Орозова:

– Бейшеналиев татыксызбы? – деди сурданып.

– Бейшеналиев жөнүндө кеп жок. Автор талкууланбайт, сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармасы талкууланат. Бейшеналиевдин «Кычаны» 25 жыл мурда жазылыптыр. Жободо акыркы үч жылда жарык көргөн чыгарма көрсөтүлөт деп турат. «Кычан» мурда да көрсөтүлүп, өтпөй калган, – дедим сөз бүттү го деген ойдо. Сөз бүтпөптүр.

– Мурда жарыяланган чыгармасына автор отуз процент өзгөртүү киргизсе сыйлык ыйгарылат деген да жобо бар, – деди Орозова мени кекеткенсип.

– Ооба, андай бар, – дедим жиним келгенден: «Отуз процент өзгөртсө эле сыйлык бере салбайт, сапатына карайт». – Бу саам «Кычандын» орусча котормосу көрсөтүлгөн, Бейшеналиев өзгөртүү киргизген эмес.

– Орусчасы эмне болбойт бекен?! – Орозова менин кың дебей моюн сунуп бергенимди көздөп турганын түшүндүм.

– Сыйлыкка котормочу талапкер болсо бир жөн. Котормодо автор көрсөтүлбөйт. Анын үстүнө котормочу 5 процентке жетпеген өзгөртүү, өзгөртүү да эмес, кыскартуу киргизиптир. Маселен, кыргызчасында жаратылыш эки-үч бетке чубалжыта сүрөттөлсө, орусчасында бир же жарты бет. Айтор, «Кычанды» сыйлыкка көрсөткүдөй кенедей илинчек жок, – дедим тигилер мага ынана койчудан бетер.

– Бейшеналиевде өчүңүз барбы? – деди Орозова кыжырлана.

– Бу эмне дегениңиз?! Же сиздин да менде өчүңүз барбы? – ызаланып кеттим.

– Болуптур, пикириңи билдик, бара бер, – Кулматов мени Орозованын мазактаган эзүүсүнөн куткарып калгандай болду.

Партиялык жооптуу кызматкер, аял башы менен оозу-мурду кыйшайбай туруп: «Бейшеналиевде өчүң барбы?» дегени аябай ыза кылды мени. Бу эмнеси? Жазуучу менен жазуучуну касташтыруубу көздөгөнү? Андан тапкан пайдасы кайсы? Жазуучунун душманы жазуучу эмес. Ушуну түшүнсөк. Жазуучунун душманы – өзү, ич тарлыгы, көрө албастыгы, талантсыздыгы. Адабияттын душманы – халтура. Халтураны колдоо – күнөө. Аны түшүнгүсү келбей өлүп-талып жетекчисинин алдында акчыланып, тапшырма аткара албаган айыбы үчүн кимдир-бирөөнү садага чаап кутулмак болгону кимге жаксын? Халтураны көкөлөтө мыкты чыгармага теңеп, сыйлыкка көрсөткөндөрдү колдосок, Кудай да, эл да бизди кечирмек эмес.

Жазуучулук атакты автордун дээринен, талантынын бар-жогунан издебей, чабалдыгын башкалардан көргөнү наадандык жосун. Жазуучуну Сталин: «Инженер человеческих душ» дегенин билебиз. Аны кыргызча: «Адам жанынын инженери» деп которуп жүрдүк. Менимче, «жазуучу адам ыйманынын инженери» десек туура болмок. Ырас эле көркөм чыгарма адамды таза жашоого, ыймандуулукка, адамкерчиликке үндөгөн образдуу чакырык, күрөш. Ыймансыздык кыйчалыш кырдаалда, чалгында же согушта бир кадам аттаса эле чыккынчылыктын жолуна кирип барат. Орозовага мен мурда эле жек көрүндү болуп калгам. Үч-төрт ай мурдараак болсо керек эле, Кыргызстан Кинематографисттер союзунун пленуму болуп, Москва, Ленинграддан А.Баталов баштаган белгилүү киночулар, Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин секретары К.Кулматов жана бөлүм башчысы У.Орозова катышкан.

Сүйлөчүлөрдүн тизмесинде мен да бар элем. Мага сөз берилердин алдында Кулматовду жогору жактан бирөө чакырды окшойт, Кинематографисттер союзунун председатели Чыңгыз Айтматов экөө чыгып кетти. Сөзүмү экөө укса деп самаган элем, укпай калгандарына көңүлүм бузулду. Ошондо сүйлөгөн сөзүмүн чордону мындай болчу (пленум орусча өтүп жаткан): «В настоящее время бездарные в литературе, кино и в театре активизируются. Они в союзе с дилетантами, говоря военным термином, вышли на разведку с боем против талантливых людей. А ответсвенные работники не только творческих союзов, но и в ЦК делают вид как будто этого нет». Ошондо калдым балээге. Орозованы түшүнүктүү жетекчилерден го деп жүрчүмүн, чоң жаңылыпмын. Экинчи ирет мени ага жек көрүндү кылган Токтогул сыйлыгынын «Кычанга» тийбей калганы болду. Көрсө, кимдерге мамлекеттик сыйлык ыйгарууну Кыргызстандын биринчи адамы Борбордук комитеттин бөлүм башчысына көзөмөлдөтчү экен. Андай тапшырманы секция жетекчиси да алчу тура. Тапшырманы аткара албаганда өчтү менден алмай болгондорун түшүндүм. Демейде Токтогул сыйлыгын ыйгаруу боюнча расмий чечим 6-ноябрде жарыяланчу эле. Бу саам бийлик К.Акматовго сыйлыкты ыраа көрбөй, Бейшеналиевдин «Кычаны» жобого туура келбегендиктен секция мүчөлөрү аны колдобой, Комитеттин жыйынтык чыгарар жалпы чогулушу 12-ноябрде гана өттү.

Айтмакчы, Теңдик көндүргөнбү, «Кычанды» колдогон А.Токомбаев менен Т.Аскаровго Сүйүнбай Эралиев кошулуптур. Ошондо да алар үч, биз жак беш, көпчүлүкпүз. Сүйүнбай Эралиев жалпы жыйналыш болордун мурунку күнү мага телефон чалды:

– Бексултан, мени туура түшүн. Шүкүрбек кудам болот. Көңүлүн оорута албай аны «колдойм» деген кат жазып бердим.

– Сүкө, андайле кыйналып баратсаңыз, аркы өйүз-берки өйүзгө өтө чаппай, башынан эле аякка да, быякка да кошулбайм деп, ортобузга туруп алсаңыз болмок – десем, Сүкөбүз:

– Ошону айтпайсыңбы, – деп өкүнгөндөй болгон.

Ошентип 12-ноябрда Токтогул комитетинин чечүүчү жыйынына чогулдук. Жыйналыш дароо башталган жок.

– Президиум болуп атат, – дешти.

Токтогул сыйлыгын ыйгаруу комитетинде «Президиум» жок болчу. Качантан бери болуп калганын билбегеними өзүмдү өзүм күнөөлүү сезип отурдум. Бөөдө эле ошентипмин, мурда да, кийин да «Президиум» болбогону ошол эле күнү билинди. Эптеп «Кычанды» сыйлыкка илинте койсок деген ниетте «президиумду» ойлоп таба коюшкан экен, ал деле «ишке жараган» жок. Бир маалда «президиумдун» жабык «кеңешмесинен» Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаевдей аттуу-баштуулар, чыгармачыл союздардын комитетке мүчө председателдери чыгып, жыйналышыбыз ачылды. Теңдик Аскаровго сөз берилди. Ал: «Секция мүчөлөрүнүн добушу тең болуп калгандыктан адабият боюнча сыйлык ыйгарылбасын деген чечим кабыл алдык» дебеспи! Мен тура калып: «Кайдагы тең добушту айтып атасың?! Калп сүйлөбө да!» деп күйүп-бышып акыйкаттыкка жетчүдөй күпүлдөп жиберсем, Түкөм (Түгөлбай Сыдыкбеков) маңдайымда отурган, көзүмөн көзүн албай ышкырчудай «шү-шүлөгөнү» мени «тыйыл» деген белгиси экенин түшүнбөпмүн.

Тыйылмак түгүл Теңдик Аскаровду секцияда талкуу баштала электе эле мени үгүттөгөнүнөн бери шылып жатып калдым. Жасалма «президиум» сөрөйдө да «Кычанды» өткөрө албай айлалары түгөнгөндө, «адабият секциясынын маалыматы талкууланбасын» деген «макулдашуу» менен сөздү бүтүрүшүптүр. Аскаровдун «тең добуш» деп калп маалымат берген айыбын ачып, мага асылгандардын чырагына өзүм май тамыздым. Жыйналышта Аскаровдун: «Секция мүчөлөрүнүн добушу тең болуп калгандыктан...» деген жалган маалыматы бекип, адабият боюнча сыйлык ыйгарылбай бир орун бош калган.

Жыйналыш тараган соң Түкөм, Төлөмүш Океев, дагы бирөөлөр болуп Дзержин көчөсү менен көңүлсүз кетип бараттык. Кинематографисттер союзунун төрагасы катары Токтогул комитетинин мүчөсү Төлөмүш Океев да «президиумга» катышып, бийликти сындап, кыйыгына тийип алыптыр. Аны укканда:

– Төкө, – дедим. – Фарисейлерибиздин кирпигин, кабак-кашын көрдүң го. Экөөбүзгө каршы кампания башталышы мүмкүн. Ошого даяр бололу. Кампания менден башталат...

– Эмне үчүн сенден, менден башталбайт бекен, – деди Төлөмүш.

– Сен канча кылган менен депутатсың. Депутатты качырып сала берерден мурда, элди жоошутуш үчүн мага окшогон жөнөкөйлөрдөн баштайт да, – десем, Түкөм:

– Ооба, ошондой болушу мүмкүн, – деп койду. Түкөм тамашалашканды жакшы көрчү эле, бу саам айтканы тамашага окшободу. Ошондон алты күн өткөндө Төлөмүш үйгө телефон чалды:

– Сенден башталбайле менден башталыптыр. Көрдүңбү?

– О, койчу?!

– «Советская Киргизияны» оку. «Золотая осень Океева» деген статьяда мен тарткан фильм «Золотая осень» жөнүндө эмес, Океевдин өмүрү, творчествосу күздөй саргайып бүттү деген жаман ойду жазыптыр! – деди Төлөмүш.

Дагы жети күндөн кийин «Кыргызстан маданияты» мени советтик түзүлүштү кара боёк менен сүрөттөгөн, идеясы бузукка теңеген жалаяктай макаласын жарыялаганын анча-мынча айткан элем. Аны Нарын театрынын Фрунзеде жаңы эле болуп өткөн гастролу жөнүндөгү чоң макаланы терилип жаткан жеринен гезиттен алдырып салып, ордуна мени, редактору Исабек Исаковго ээлик кылдырбай, орун басары Ш.Бейшеналиевдин иниси жарыялаткан. Сыйлыктан мен кур калтыргансып, агасынын өчүн жок дегенде менден алгандагы кербези бул. Сыйлыктан кур калтырган биз эмес, сыйлыкка көрсөтүлгөн «Кычандын» татыксыздыгы.

Сыйлык ыйгарууда авторго болгон симпатия, антипатия эске алынбайт. Алиги макала сыйлык ыйгарылбай калган «Кычандын» автору үчүн өч алуу эле эмес, мурункулардын уландысы. «Атанын тагдыры» театрга коюла элек кезинен: «советтик көрүүчүгө зыян пьеса бул, мында жалгыздык даңазаланган» деген идеологиялык жалаа жабылганын айткан элем. Кандай жалаа болсо да жооп бербей кутулчумун. Бирок көрө албастардан кутулууга болбойт экен. Аларга теңелгим келчү эмес. Алиги макаланын жарыяланарын «Кыргызстан маданиятында» иштеген таланты курч кадимки Жолон акын үйгө телефон чалып:

– Беке, эртең сиз жөнүндө бир чоң макала чыгат, – деди.

– Чыкса чыгат да, – дедим эчтемеден капарым жок.

– Демейдегидей мактоо деп турасыз го, өтө жаман макала... Бизге окутушкан эмес. Редактордун орун басары машинкеден чыгартып, типографияга алып кеткенин эле угуп калдык. Эртең окуп алып, инфаркт болуп калбаңыз, – деди. Жолонго кошулуп Меңди да: «Жаман макалага даяр болуңуз, Беке», – деп калды.

Мага жан тартып аягандарына ичим жылыды. Жолон менен мамилем жакын эле: ага-инидей дейбизби, а түгүл курдаштардай пикирлеш болдук, сыйлашып жүрчү элек. Сөздү узартпай, мен элүүгө чыкканда Жолон ыр арнаган. Аны гезитке бастырткан эмесмин, анткени ошонун алдында мени ЦКга чакырып: «Элүүгө чыгып атыпсыз, өткөртпөңүз, юбилейлерди тыйып атабыз» деген болчу. «Ач кулактан, тынч кулак. Мен үчүн жемеге калышыңы каалабайм, Жоке» десем, ырын өзүмө белекке берген. Эмесе, Жолондун ошол ырын чогуу окуп койсок жаман болбос. Жокебизди да эскерип алабыз.

Согуш көргөн балалыгың шашууга
Себеп болуп, тез жетипсиң ашууга.
Зор чыгармаң «Тагдырындай атанын»
Коюлуптур сен он тогуз жашыңда. 

Ата ролун Мукем эңсеп ойносо,
Ал оюнду калың кыргыз колдосо,
Ошондо эле чыгыпсың да элүүгө,
Паспортуңда жылың башка болбосо.

Элүүдө элең «Миң кыялды» жазганда,
«Алтын аяк» көшөгөсүн ачканда.
Элүүдө элең «Чоочун киши» чок басып,
«Күттүргөн жаз» күлүп келе жатканда.

Беке, дайым Сизди көргөн убакта
Мен ой жоруйм ишенип да, ынап да:
Ысык-Көлдүн бир минуттук толкуну
Талант үчүн бир кылымдык кубат да!

Жүрсүн кербен, үрсүн иттер келесоо,
Бүгүн Сиздин билекте күч, дене соо.
Бекем тутуп калем деген найзаны,
Келечекти багынта бер эмесе!
Жолон Мамытов
09.02.1986

Туулган күнүм – 16-январь. Жолон ырына 9-февралды коюптур. Анын жөнү бар. Кыргыз драмтеатрынан бир күнү: «50 жылдыгыңа кече даярдап жатабыз, келип көрчү» деп Бообек Ибраев телефон чалды. «ЦК өткөрбөгүлө деген» десем, «Бизге да эскерткен» деди Бообек. Барсам театрлаштырылган кече даярдап жатышыптыр. Кызыкканымдан мен да кошо даярдашып, аралашып кеттим. Элүү жылдык жөнүндө ооз ачпайлы деп убадалашканбыз. Кече даяр болуп, 9-февралда элге көрсөтүлүп атканда Күйүкова эже байкоостон: «Элүүгө чыктың» деп айтып ийсе болобу, ошону бирөө көбүртүп-жабыртып жеткирген экен, эртеси эле мени ЦКга чакырып: «Айтпадык беле!» деп кекете баштаганда: «Туулган күнүм январда өтүп кетсе, февралда кайдагы юбилей. Ушакчыларды укпай, өзүңөр барып көрбөйсүңөрбү» десем, аргасызданбы же чын элеби, ынангансып калган. Жолондун ырына февраль жазылганынын жөнү ушундай.

Макала жарыяланарын Жолон эскертип койбогондо, кокустан окуп алсам, жарылып кетмек окшойм. Эртеси үйдөн чыкканча, гезитти сатып алганча шаштым. Ишке барарым менен ордума отура электе окуп баштап, күйбөгөн жерим күл болду. Буркан-шаркан түштүм. Урушарга жоо таппай, менде иштеген редакторду: «Бузукулардын ичинде сен да барсың!» деп каарып өттүм. Ачуум менен макалага катышы бар дагы бир тобунун атын атап жибердим. Бекер атабапмын, кийин билинди. Токтоно албай, Театр коомунун жетекчиси, Жазуучулар союзунун секретарлары, маданият министринин орун басары – баары биригип алып, жөн жаткан жери жок. Редакторум уксун деп атайы айттым муну. Айтканым ичинде калабы же бирөөлөргө жеткирип барабы? – билгим келди. Минтип сынаганым, балким, туура эмес пендечиликтир? Бирок ачууга алдырып турган адам өзүн башкара албай калышы ыктымал.

Аңгыча Абийир атам эсиме келди. Мен кыйналган кезде, өзүмө өзүм ээ боло албай турганымда, Абийир атам дайым эсиме келет. Кубат берет. «Бирөө жамандык кылса, кек сактаба» дечү эле атам. Ачуум канчалык тез келсе, ошончолук тез таркайт. Бул мага мүнөз болуп калган. Соолуга баштадым: «Редакторуму бөөдө капа кылып койдумбу?» деген күдүк ойдо кыжаалат болдум. «Кечирим сурасамбы» деген да ойго келдим, бирок бирөөдөн кечирим сураш оңой көрүнбөйт. Батынбадым. Оюм эки анжы. Кечирим сурасам, намысым кетип калчудай тарткынчыктадым. Эки-үч күн өтүп-өтпөй Театр коомунун жетекчиси таяк таянып, ишиме аксап кирди. Мындайын мурда көрбөппүз. Аркы-беркини кобурап, ал-жай сураган болуп отуруп:

– Сен жөнүндө бир макала чыгыптыр деп уктум... – дегенин: «Кантип эле эмгиче окуй элексиз?» деп ийе жаздап токтодум.

– Ооба, чыкканына үч күн болду, – дедим.

– Мени да бар депсиң. Мен андай макала жазбайм!.. – деп капаланып баратты эле, мен:

– Туура, сиз жазбайсыз. Жазгандарды шыктандырып, байрак булгалап турдуңуз да! – деп айта салдым. – Анын далили (редакторумун атын атадым) сизге сөзүмү ташып жеткирбесе келмек эмессиз. Эмне дегеними билмек да эмессиз.

– Эшке чыгалычы, – деди маектешим.

– Мейли, чыкса чыгалы...

Тышка чыктык. А кезде азыркыдай кымгуут зуулдаган машинелер жок. Көчө ээн. Аянт андан бешбетер. Аянтта аркы-терки бастык. Сыртка бекер чакырып чыкпагандыр? Эмне айтарын күттүм. Быйыл жыл – мындай дедик. Аба ырайы – андай дедик. Жөндүү сөзүбүз болбоду. «Мага бирдеме айтайын дедиңиз беле?» дегендей суроо узатышты адепсиздик көрдүм. Тим эле басып жүрдүк. Карасам, таягын таянбай колтугуна кысып алыптыр, аксаганын унуткан окшойт. Күлүп жибердим.

– Эмне күлдүң? – деп калды.

– А-аа... тим эле, тигинде бирөө... – Дайынсыз тарапка ээк кагып койдум. Эстүү адам. Мага айтайын деген сөзү болуш керек, бирок кандай бир себептен улам чечиле албадыбы, басып-басып жүрүп, тарап кеткенбиз. Эмнени айтайын деди экен деп эми деле кээде ойлоп коём.

*      *      *

«Кыргызстан маданиятына» жарыяланган макала мага жамандык издөөнүн башталышы гана экен. Министрибиздин орун басары чакырганынан барсам, кабылдамасында бая мен котормо бердирбей койгон үчөөнүн бирөө отуруптур, эчтемеден капарым жок ичке кирдим. Орун басар кээде мени «сиз» десе, кээде «сен» демейи да бар болчу:

– Үстүңүздөн тоголок арыз түшүптүр. Ошону текшергени келишти, – деп улгайган орус кишини, чачын жигиттердикиндей тайыз кырктырган кыргыз кызды көрсөттү, жаңылбасам фамилиясы Молдошева болсо керек эле, орус киши аты-жөнүн айткан-айтпаганы эсимде жок.

– А-аа, приёмныйда отурганда текшергени келди беле? Тоголок арыз жазгандардын анабашы ошол! Менин үстүмөн арыз жазган неме мени текшеришке кандай акысы бар?! – десем, тиги экөө бирин бири карап, оңтойсузданып калды. – Силерге притензиям жок. Эшиктеги немени чыгарып салып, нормальный бирөөнү кошпосоңор текшертпейм, – дедим.

Орун басар отургандар менен күңк-мыңк болуп туруп:

– Биринчи Май райком партиянын башчысы Акиевге бар. Бизге айткан притензияңы ошого барып айт, – деди мага. Бардым:

– Салмоорбек Калыкович, мени текшерткени комиссия жиберипсиз. Үчөөнүн бирөө менин үстүмөн тоголок арыз жазган неме, – дедим.

– Ким? – деди Акиев. Тоголок арызчынын атын атасам, Акиев:

– Ал – коммунист, – деди.

– Андай коммунистти кууп чыгыш керек! – дедим.

– Сенин оюңча, чистка кылыш керекпи? – деди мазактап.

– Чистка кылса туура болмок. Брежнев съезддеги докладында: «Советтер Союзунда он бир миллиондон ашык коммунист бар, жарымынан көбү коммунистке татыксыз» дебедиби. Чистка кылса туура эле болмок – десем, Акиев:

– Сени орой дейт ко, – деди.

– Чындыкты бетке айтканды орой дейт. Сизди деле орой дешет чындыкты айтып иет турбайсызбы, – десем, Салмоорбек Калыкович жаш баладай элирип кубанып кетти:

– Ой, ырас эле, ой! – Маңдайындагы үч-төрт түстүү карандаш, калемсап салынган стакандын жанындагы дагы бир стаканда пачкасынан чыгарып салып койгон «Беломорканал» бопоросунан бирди ала коюп, ушалап-ушалап туруп үйлөсө, ичиндеги тамеки бүт учуп кетти. Каткырып жибердим.

– Эмнеге күлдүң? – деди Акиев мага олурайып.

– Анан абайлап үйлөбөйсүзбү, – дедим күлкүмү араң тыйып.

Каалганы ачып: «Эл чогулуп калды» деген кызматкерине Салмоорбек Калыкович кол шилтеди. Мурда да эки ирет башпагып, эл чогулуп калганын эскерткен эле. Салмоорбек Калыковичтин жарпы жазыла түштү:

– Жанагыны комиссиядан чыгарып салайынбы?

– Конешно, чыгарып салыңыз, – десем, Акиев:

– Ордуна кимди кошоюн? – деди.

– Өзүңүз билиңиз. Калыс бирөөнү кошуп берсеңиз болду.

– Сүйлөшүп отурсак болот эле көрдүң го, эшикти кайра-кайра ачып... Заседаниебиз бар. Келип тур, болобу? – деди Салмоорбек Калыкович.

– Чакырсаңыз келем. Чакырбасаңыз жөн эле келе беремби. Жакшы калыңыз. – Коштошуп чыгып кеттим.

Тоголок арыз ушуну менен бүткөн жок. Мааниси бирдей жалаа дагы он беш мекеме, уюмду кыдырып чыкты. Күнөө далилденбесе, ушинтип кыдыра берет окшобойбу.

Кылмыш таппай айлалары кеткенде, партияга мүчөлүк акы төлөгөнүмү териштиришти. «Членский взносуңан чатак табылды...» деди текшерип келген жигит. Анын кайдан келгенин, ким жибергенин сурабадым. Сурап кажети жок болчу. Болжолумда ким жибергенин шек алдым. «Кандай чатак?» дедим. Жүрөгүм опкоолжуй түштү. Мүчөлүк акынын чатагынан Кудай оолак кылсын, оңбой калышың мүмкүн. «Ашык төлөп жүрүпсүз» деди. «Кем төлөнсө чатак. Ашык төлөнгөндүн эмнеси жаман?» десем, текшерүүчү: «Жашыруун акча тапкан жайыңыз бар деген ойдобуз. Болсо айтыңыз» деген акылга сыйбаган кычы жообу жанымы кашайтты. Сабыр токтотуп түшүндүрдүм: «Пьесаларым Кыргызстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Каракалпакстандын көп театрында коюлуп жатат, коюлган сайын мага гонорар түшөт. Алар автордук укук аркылуу колума тие электе эле алдын ала төлөп жүрөм. Ошого башыңар катып атса керек» дедим. – «Ашык төлөп жүрсөм, кайра өндүрүп бергиле» дедим оюн-чындан тамаша аралаштырып. Ошондон кийин мүчөлүк акыма тийишпей калышкан.

Ушул шекилдүү «текшерүүчүлөрдү» ким координировать этери айтпасам да белгилүүдүр?

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз