Бексултан Жакиевдин Качкынбай жөнүндө азилдери

  • 05.05.2021
  • 3181

*      *      *

Качкынбай Осмоналиев жөнүндөгү анекдоттордон эстегендеримин бир-экөөнү айта өтсөм чекилик болбос. Москвада орусча сүйлөп, орусча жүргөн туура деген түшүнүктө Качыке Горький көчөсүндө баратса, аз жазса да саз жазган, тамашалуу ырлардын чебери Абзий Кыдыров алды утур келатыптыр. Кыргыздын салтында кичүүсү улуусуна салам айтат эмеспи. Абзий Качкынбайдан кичүү, жай сүйлөп, жай жүргөн жигит, «дагы баса түшүп, салам айтайын», «дагы эки кадам аттап, салам айтайын», «эми бир кадам аттап, салам айтайын» дегиче болбой Качкынбай озунуп:

– Траствуй, Абзий! – деп жиберет.

– Здравствуй, Качкынбай! – дейт Абзий.

– Как дила? – дейт Качкынбай.

– Ничего, – дейт да Абзий: – А как у тебя дела? – дейт.

Качкынбай «сеникинен түзүгүрөөк» дегиси келип:

– Ничего подобного! – деп компоюптур.

*      *      *  

Качыке Фрунзедеги аялы Фатимага кат жазат: «Траствуй, торогой Патима. Фрунзе как? Москва карош. Дети как? Я карош. Тиги-бу, тиги-бу деп келип, «кыздардын бетинен өп» дегенди: «Девучки селуй лицо» деп жазат. Төртпү, бешпи кызы боло турган эле. Балдардын эң кенжеси үч жашар уулу Билгазынын «чочогунан өөп кой» дегенди жазууга келгенде, орусча эмине дээрин билбей туруп калат. Ары ойлонот, бери ойлонот, сөздүктү карап да таппайт. Чоң кишиникин го билем, баласыныкын эмне дейт? Кудая тобо, улуу, бай тил деген орус тилинде ушу жок болсо, анын эмнеси улуу да, эмнеси бай? И-ии, баса, чоң кишиникине «чик» дегенди кошуп айтса эле баланыкы болуп калат да деп, Качыке ойлоп тапканын Фатимасына жазган катына улай: «Силую твоя любимая Качкынбай» деп бүтүрөт.

*      *      *  

Качкынбайдын бети-башын көгала кылып, Фрунзеде хулигандар сабап кетиптир. Чыныгы табыппы, чала кодура табыппы бирөө: «Кыз баланын заарасын сүйкөсөң көгаласы, шишиги тез таркайт» дейт. Качыке кыз баланыкы тез айыктыра албаганда: «Баланыкы күчү аз, чоң аялдыкы тез айыктырат болуш керек» деп, Фатимасыныкын сыйпай баштайт. Бир күнү айылдан бир теңтушу келип, түнү бою катуу ичишет. Уктап турса, эртеси Качыкенин тили оозуна батпай каны катып калган экен, кайсалап барып муздаткычты ачса, айнек банке толтура туруптур: «Оо, кайран Патимам, ушундай жөн билги, пиво сатып койгон тура» деп жутуп алат. Бир маалда аны-муну көтөрүнүп, Фатимасы базардан келет. Качкынбай опурулуп: «Ушинтип эле шишип-көөп жата беремби! Жанагы эмеңди берип, анан кетсең өлөсүңбү!» дейт. «Мен коюп кетпедим беле» дейт Фатима. «Кайда коюп кеттиң эле?» дейт Качкынбай. «Холодильникке» дейт Фатима. «Түү, ошондой дейм да, былжырап даамы жаман эле» дептир Качыкең.

*      *      *  

1991–1992-жылдар болсо керек эле. Качкынбай Осмоналиевдин жашы 60тан өтүп кеткенине жыл маалы болгон. Кечигип болсо да Качыкеге, дагы бир акынга «Эмгек сиңирген ишмер» наамын ыйгаруу өтүнүчү Ак үйгө түшүптүр. Анда мен Кыргыз Республикасынын Президенттигинин гуманитардык иштер боюнча мамлекеттик кеңешчиси болчумун.

Алиги экөөнүн тең эч наамы жок эле. Ошол кездеги Өкмөт башчынын орун басары Осмонакун Ибраимов жетектеген комиссия түзүлүп, өтүнүчтү карай турган болуп калдык. Осмоналиевдин 60 жаштан өткөнүн, берки акындын 60ка жакындап, экөө тең тез-тез эле калжайган чал болуп каларын айтып, «Эмгек сиңирген» наамды аттатып, «Эл жазуучусу», «Эл акыны» наамдарын, алардай эле жашы өөдөлөп бараткан, «Эмгек сиңирген» наамы бар Мар Байжиевди да кошуп, «Эл жазуучусу» наамын ыйгарууну сунуш кылсам, Төлөгөн Касымбеков менен Осмонакун Ибраимов дароо колдоду. Каршы чыккандар болбоду.

Ибраимов Жазуучулар союзунун биринчи секретарына телефон чалып, үчөөнө «элдик» наам ыйгаруу жөнүндө өтүнүч жөнөтүүнү табыштады. Үчөөнө «элдик» наамдар берилди. Экинчи «бирөөнүн» атын атабаган себебим, комиссиядагы сунушту укканда: «Мага «народный» наамды комиссия-момиссиясы жок эле Аскар Акаевич мени баалаган үчүн кыраакылык кылып, указ чыгарган!» деп туталанып зирпилдеген болчу, атын атап алып, дагы нервине доо кетирбейин дедим.

Качыкенин көзү өтүп кетти. «Көчмөндөр кагылышындай» таланттуу да, таасирдүү да тарыхый роман жазган, мүнөзү ачык, жайдары, анекдотко ылайыктуу калемдешибизди өзүнө татыктуу наамдан куру о дүйнөгө узатып ийсек, бетибизге чиркөө болмок.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз