Бексултан Жакиев: Ашым өлбөйт болчу

  • 01.05.2021
  • 3680

*      *      *

Өлсө да кийин, башка учурда, ажалы жеткенде өлмөк. Ажалы жете электе өлтүргөн «врач» сөрөйдүн ач көздүгүнөн болгон нааданчылык. Ошол учурда мен Беш-Күңгөйдө дача салып аткам. «Жал» кичирайонунда үй-жай куруунун сырын билген иним Имаш жашайт, эрте мененки саат 6да алып кетмекмин.

Имаштын квартирасы биринчи кабатта. Эшиги ачык экен. Имаш туруп, телефондон сүйлөшүп атыптыр, мени көрө сала: «Мына келди!» деди. Жүрөгүм шуу дей түштү. Трубканы алсам, аялым Сабира экен: «Түндө түн ортосунан кийин Ашым байке кыйналып, скорый чакыртса, төртүнчү больницага алпарыптыр. Отурган «врач» сөрөй акчасыз дарылап баштабасын айтыптыр. Күкүн кургур шашканынан жанына акча салбай чыгыптыр, «анан алып келип берейин» деп жалдыраса, тиги неме көнбөптүр. Күкүн эптеп үйүнө жетип, сени сурап чыркырады, больницага кеттиби, үйүндөбү?..» деди Сабира күйүп-бышып. Мен «Жалдан» Алымкул Үсөнбаев-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ашымдын үйүнө чаптым. Бир кыйла жол.

Келсем Күкүн больницага кетип калыптыр. 4-ооруканага «Жигули» кандай жеткиргенин билбейм, учкан бойдон жетип барсам, Күкүн жете элек экен. «Жакыпбеков ушердеби?» дедим отурган немеден. «Сиз эмнеси болосуз?» деди тиги. «Досумун» дедим мен. «Кандай досусуз? Жакын досусузбу?» деди тиги такып. «Адамды эзбей айтчы тез, балээ болдубу?!» деп жиберипмин. «Ошондой болуп калды, өтүп кетти» деди тиги. «Сволуч! Акчадан көзүң каттыбы?! Сендейди атыш керек!» деп алка-жакадан алдым. «Мен эми эле келдим, мага чейинки дежурду айтып жатасыз го» дегенде, шалдая түштүм да, короонун оозун карай жүгүрдүм. Күкүн келатыптыр, көзү алаят байкуштун. Каңырыгым түтөп баратса да кармандым: «Авалы оор экен, киргизбей койду, турганда эмне, үйгө баралы» деп тиштенип, «Жигулинин» эшигин ачтым. Азыр угузганда Күкүндү боздотуп, кантип жеткизем?!

Ашымдыкына Улан келип калыптыр, Кымбат чалса керек. Мен диванга отуруп баратып, кармана албай калдым, эчкирип ыйлап жибердим. Үйдөгүлөр бакырып коё берди. Ботодой боздодук. Соороткон жан жок. Анан кошуналар кире баштады. Шаардагы курдаштарыбызга, жакын санаалаштарга кабар берүүгө кириштик. Жатар жайын акылдаштык: өзү айтып калчу эле: «Ала-Арчадагы» арбактар менен жөөлөшпөй ээн жатсак» деп. Анысын оюн-чындан айткан тамашасы дечүбүз. Баары бир ошону эстеп, Байтик көрүстөнүнөн орун алып, акчасын төлөп коюп, бешим ченде келсем, жоро-жолдоштор, жазуучулар, киночулар, «Манас – 1000дин» кызматкерлери, аяштарыбыз үйдө, короодо жүрүптүр.

Шекерден Абдыбек байкенин чалганын айтышты: «Сөөктү Шекерге алып кетебиз» дептир. Кечке жуук көк беде салынган чоң машине айдатып, эки жигит менен өзү келип калды. «Ашымды айылга алып кетебиз» деди. «Уктум, – дедим мен. – Байке, балдары, Күкүн, небереси быякта, барып гүл коюп, куран окутуп турушат эле го, Шекерге кантип жетет?» десем: «Керээзи бар экен, Шекерге көмгүлө деген, Уланга айтыптыр» деди. Уландан: «Чынбы?» десем, «Чын. Жумабек экөөбүздү (Илешпектин Улан менен жашташ уулу) жанына отургузуп алып айткан» деди Улан. Керезди аткарыш керек. Ашымды Шекерге алып кетишти. Кымбаттын кайната-кайненесин «Жигулиге» салып, Сабира төртөөбүз эртеси артынан бардык. Топурак салар күнү кинохудожник Сагын Ишенов өзү жалгыз барып, жетишип калды. Сакеңе дайым ыраазымын.

*      *      *  

Өмүр өтө берет тура. Улан эстелик жасай турган усталар таап, көрсөткөнү мени ээрчитип барды. Күндүр-түндүр жаны тынбай чапкылап жүрүп, атасынын эстелигин бүтүрттү. «Эмне жардам берейин?» десем, «Керек болсо айтам» деп койчу. «Жардамсыз бүтүрсө сообу тиет» дегенди билип алганын карабайсыңбы! Ашынан кийинкиге калтырбай эстеликти Шекерге жеткирип орнотууну да көздөптүр. Өзү машине таап, Уланыбыз атасынын эстелигин бир-эки досу менен жеткирип, орноттуруп келди. Аны баласынтып жүрсөк, киши болуп калыптыр. Атасынын көзү өткөн соң, ал «улгая» түшкөнсүгөн. «Буюрса, Ашымдын атын өчүрбөйт» деген ишенимде жүрдүм.

*      *      *  

Кийин-кийин Улан ишиме келиптир: «Бутан ата (кичинекейинде «Бексултан атага» тили келбей ушинтчү), Америкага барып, иштеп акча таап, мамамы бакпасам кыйналып кеттик» деди. «Алишердин фирмасычы? Ал эмне кууп чыктыбы сени?» десем, «Банкрот болду, бүт тарттырып ийди» деди Улан. «Сендеги «Жигулини» да алдырдыбы?» десем, «Баарын!» деди Улан. «Америкага сени бирөө чакырдыбы?» дедим. «Жок, сиз кат жазып берсеңиз оңой өтүп кетет элем» дейт. «Кимге?» дедим таңыркап. «Американын посольствосуна» дейт. «Мага эле көнө койгудай ал эмне посольство өзү? Болбос сөздү сүйлөбөй, болор сөздү айтчы» десем, «Менин бир досум кат жаздырып барып эле өтүп кетти, Нью-Йоркто заправкада иштеп атат» деди Улан. «Досуң атактуу кишиден кат алпарса керек» деп келатсам эле, «Жо-ок, Бутан ата, жөпжөнөкөй эле илимий сотрудник!» деп тызылдап жиберди.

Баланын шагын сындырбай жазса жазып берейин деп, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигине кат жазып, Уланга карматтым: «Жакыпбеков Уланбек Ашымович является внештатным сотрудником Государственной дирекции «Манас – 1000». Он начитанный, с высшим образованием молодой человек, любит трудиться, порученные дела исполняет вовремя и качественно, но, при этом, ему не хватает культура общения американских граждан с людьми, а Уланбеку она крайне необходима, так как его постоянная работа связана не только с соотечественнниками, но и с гражданами зарубежных стран. За него я ручаюсь. С глубокой признательностью, лауреат государственной премии Кыргызстана имени Токтогула Б. Жакиев». Кудая тобо, менин катым ишке жарадыбы, же дагы колдоо болдубу, Улан өтүп кетти. А кезде арзан виза сатып алып эле Америкага оңой өткөндөр көп болгон.

*      *      *

Азамат Алтай абага телефон чалып, Уланды табыштадым. «Теңири Манастан» кабары бар эле: «Бердирип жибер» деди. Уланды тосуп алды, ата-баладай катташып турду. Улан Азамат Алтай абанын Нью-Йорктогу жээни Гүлнар менен кол үзүшпөйт. Арасы алыс эки башка штатта жашаса да барып-келишип, майрамдарда куттукташып турат. Азамат Алтай аба тирүүсүндө «Теңири Манасты» англисчеге которуу далалатын жакшы эле жасады, бирок үлгүрбөй калды. Которуунун түйшүгүн азыр Улан өзүнө алыптыр.

*      *      *  

Америкага барганы Улан мамасына такай акча салып турду. Ашымдын квартирасы чоң, ошону сопсонун ремонттоткондой каражат жиберди. Бир күнү Күкүн: «Сүйүнчү!» деп телефон чалды. «Болсу-ун!» дедим өзүнүн созуп сүйлөгөн жай интонациясына окшото сүйүнүп. «Улан үйлөнгөнү жатыптыр» деп телефондон акырын күлдү Күкүн. «Негр кызгабы?» деп тамашаласам, «Жо-ок! – Күкүн чочуп кетти. – Ошоякта иштеген кырк-казыктык эжелүү-сиңдилүүлөргө жолугуптур» деди Күкүн. «Экөөнү тең алат бекен?» деп дагы тамашаладым. Күкүн каткырып: «Бирөөнө эле» деди. «Быяктагы келинчегичи?» десем, «Аны менен ынтымакта бүтүшүптүр, бир комнат квартирасы бар эмес беле, аны бериптир. Айсалкын экөө мурункудай үйгө келип турат, эч чатагы жок бүтүштү» деди Күкүн.

Бир пас унчукпай турдум да, баягы тамашалуу интонацияга салып: «Күкү-үн, – дедим, – сен эми баягы кенен-кесири келип аткан долларды көп эле эңсей бербе-е». «Эмнеге-е» деди Күкүн. «Кырк-казыктык келиниңдин да эне-атасы ба-ар, өздөрүнүн тирилиги ба-ар» дедим. Ушундайда алдын-ала жоошутуп коюшту туура көрдүм, антпегенде таарынчылар болуп кетиши мүмкүн. Күкүн кийин телефон чалып, сөзүн күлүп баштады: «Бексулта-ан, баягы сен айткан келди-и» деп. Албетте, келген доллардын суммасы азайды, бирок жардам токтогон жок.

*      *      *

Бир күнү Күкүн биздикине келди. Күлүмсүрөп, көңүлү жакшы. Чай-пай ичип, анча-мынча ал-жай сурашкан соң: «Улан миң доллар жибериптир, кырк-казыктык кудагыйдын сүт акысына. Куда башы болуп сени барсын дептир, Бутан атасы» дегенди укканда, Кудай бар, сыймыктана түштүм. Анан Абдыбек байке эсиме келе калды: «Куда башына ошо киши бар да!» дедим. «А киши төшөктөн турбай калган» деди Күкүн. Шекерге кайрылып, Абдыбек байкенин, Ашым менен Күкүндүн тууган-туушкандарынын батасын алып, Кырк-Казыкка куда башы болуп, Күкүн, Илешпек, дагы үч-төрт киши менен барып, океандын аркы өйүзүндөгү уул-келинибиздин көңүлүн көтөргөндөй болдук. Буйрук экен, небере-чөбүрөлөр чоңойгончо Күкүн кырк-казыктык кудалары менен сыйлашып турам деген ниетте эле, андай болгон жок, көзү өтүп кетип, «аппагынын» жанына жатып калды.

*      *      *  

Улан кеткен тейинче Америкада, турмушу жакшы, Кымбатка каралашып турат, эмгектенген жагынан америкалыктардан ашса ашат, артта эмес. Кырк-казыктык келинчеги Мирадан бир кыз, бир уулу бар. Айсалкынын да алдырып алган. Жердин түбүндө жүрүп, Уландын «Манаска», кыргыз тилине, тарыхка кызыкканы күчөсө күчөгөн, кемибептир. «Балдарыңды кыргызча үйрөт, кыргызсың деп тарбияла» десем, «Кыргыз экенин билишет, бирок кыргызча сүйлөткөнгө алыбыз жетпей жатат» дейт Улан. «Өзбектерче жоксуңарбы? 1991-жылы Нью-Йорктон төрт-бештеги уулу менен өзбекче сүйлөшкөн эне-атаны жолуктургам. Туристтер го десем, америкалыктар экен. Ошоякта туулуп, Өзбекстанды көрбөгөн баласына өзбекчени үйрөтүп коюшуптур. А еврейлерчи? Канчалык запкы көргөн доорлорду башынан өткөрсө да, балдары эненин ичинен түшөр замат «сен еврей деген ынтымактуу, акылдуу элдин тукумусуң» дегенди кулагына куя берип, жер бетин ээлеп алды. Кыргыздар баркыбызды билели, Уланым» деген элем телефондон сүйлөшүп. Албетте, айлана-чөйрөсү бүт англисче сүйлөгөн өлкөдө тил үйрөнүү оңой эмес. Оор жумуш. Ошондо да балдарын «кыргызча сүйлөткөнгө алы жетпей жатса», кыргыз дилин, кыргыз ниетин, кыргыз духун, ар-намысын уул-кыздарынын жүрөгүнө сиңире тарбияласа болоруна ишенем.

*      *      *  

Киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсун бүтүрүү кечесине барбай калып, күнөөлүүдөй жүргөм. Кечени 1962-жылдын жайында СССР маданият министрлиги уюштуруп, ага министр Е. Фурцева, атактуу кино ишмерлер катышыптыр. Кече көңүлдүү болгонун укканда, түшүмөн чочуп барбай калганыма катуу өкүндүм. Кесир кылсам керек деп ойлойм. Бүтүрүү кечесине жөнөп кеткенимде, мүмкүн, бутум сынбайт беле деген кыжаалат көңүлүмөн чыкпай келаткансыйт. Жогорку курсту аяктаганым жөнүндөгү күбөлүктү алганы кайсы бетим менен Москвага барам деп жүрсөм, завучубуз Елена Абрамовна Магат өзү Бишкекке келип тапшырып кеткен. А киши бизге энедей болуп калганын ошондо түшүндүм. Киностудияда иштеп атканыма ыраазы болгон. Айлыгым 100 эле сом экенин айткан эмесмин, атайы ахвалымы билгени келген жетекчибиз санаасы тыныңкы узасын дегем.

Таякчан жүргөнүмө: «Жашсыз, таякты таштап, кадимкидей басып кетесиз» деп көңүлүмү көтөргөнү унутулбай эсимде.

*      *      *  

Партияга өтө турган оюбуз жок эле. 1965-жылы Төлөмүш, Мар үчөөбүз акылдашып, партия уюмуна арыз жаздык. Мансапка жутунгандан эмес, аргасыз болдук. Анын жөнү мындай. «Кыргызфильмде» иштечүбүз. Киностудиянын баштапкы уюмундагы партия мүчөлөрүнүн көбү чыгармачылыкка тиешеси жоктор экен, жыйналышы болгон сайын алар бизди «ойноп жүрүп акчага туйтунган» немелер деп, шыбагандарын укчубуз. Чыгармачыл тагдырыбызга чыгармачылыкка жат адамдардын адилетсиз кийлигишүүсүн токтотолу дедик. Баштапкы уюмдан өттүк. Андан аркы маселебиз Ленин райком партия комитетинин бюросунда чечилмей болду. Бюрого чейин райкомдун кайсы бир комиссиясынын сыноосунан өтүшүбүз зарыл экен, эмнегедир комиссиясы чогулбай күндө «эртеңге» жыла берди. Ошентип жүргөн кезибизде Кыргыз драма театрынын башкы режиссёру Жалил Абдыкадыров «жолугушалы» деп телефон чалды. Жолугуштук.

– Март айында, буюрса, Кремль театрына гастролго бармай болдук. Башкы режиссёру Баратов үч спектакль тандап кетти: «Атанын тагдыры», «Король Лир», «Саманчынын жолу». Баратовдун сага замечаниеси бар: Оңолкандын заарына келини Зуура эмне чыдап жүрөт, аны кармап турган кандай күч бар, пьесада ошол ачылбай калган деди. Мүмкүн, кыргыз көрүүчүлөрүнө аны түшүндүрүп отуруунун кажети жоктур, а москвалыктар түшүнбөй кыжаалат болот деди. Автор ушуну эске алсын деди. Ойлонуп эбин тап, – деди Жалил.

Кремль театрынын көркөм жетекчисинин келгенин уккан да, көргөн да эмесмин. Айтып койбогондоруна таң калдым. «Баратов айттырган жок» деди Жалил. Мүмкүн, Баратов ошентсе ошенткендир, аны териштирип отурбай Кремль театрынын башкы режиссёру айткан пикирди туура көрдүм да, пьесада жок жаңы каарман Бошкойду жаздым. Ал Оңолкандын уулу, Зууранын кийинки күйөөсү. Бошкой Зууранын көңүлүн оорутпайт, аны аяйт, жакшы көрөт, энесинин каарына катуу каяша айта албаса да, Зуурага жан тартканы, Зууранын уулу Жеңишбектин да камын ойлогону үчүн Зуура Бошкойду сыйлайт, аны кыйбайт. Кийин жазылса да Бошкой пьесанын окуясына жиги билинбей кирип кетти.

Анын төрт жарым жылдан кийин кошулганын театр сынчылары да байкабай калган. Оңолкандын каарына чыдап жашаган Зууранын тагдыры Москва көрүүчүлөрүнүн суроосун козгобоптур. Биздикилердин Кремль театрындагы гастролунун жыйынтыгында Москванын дөө-шаа ишмерлери, сынчылары катышкан талкуунун сценографиясында ой-пикирлер кенен жазылган. «Атанын тагдыры» жогору бааланганын окуп, Москвага барбаганыма өкүнгөм. Талкууну угуп отурбаганыма ичим күйгөн.

*      *      *  

Кремль театрынын башкы режиссёру жана көркөм жетекчиси Баратов Кыргыз мамлекеттик драма театрынан «Атанын тагдыры», «Король Лир», «Саманчынын жолу» спектаклдерин тандап кеткенден кийин анча-мынча күн өтпөй маданият министри Күлүйпа Кондучалова министрликте жаңы түзүлгөн Бириккен репертуар боюнча редакциялык коллегиянын алгачкы башкы редактору кадимки Касымалы Жантөшевди кабинетине чакырып: «Токуш өпкөлөп келип кетти. Кремль театрына телефон чалдым, «Абийир кечирбейтти» кошкула десем, Баратов дегени кеп жебеген неме окшойт, гастролдун программасына үч спектакль бекип калган деген жок шылтоону айтып, көнбөй жатат. «Атанын тагдырын» «Абийир кечирбейт» менен алмаштыргыла десем, «Атанын тагдыры» болбосо гастролуңарды уюштурмак эмесмин деди. Каске, Токуштун чыгармасы барбай калса эл эмне дейт? Карамагыңызда Афанасьев, орусча тили буудай куурган Мар бар, менин атыман кат даярдатыңыз, «Абийир кечирбейт» кошулбаса болбойт, телеграмма жөнөтүп жиберели. Өзүм да сүйлөшөм дептир» деген имиш-имиш чын чыкты. «Абийир кечирбейт» да Кремль театрына бара турган болуптур. «Айтылган сөз айтылган жерде калсын» деп көп убадалашкандырбыз, бирок кимибиздин оозубуздан «айтылбачу» сөз чыгып кеткенин өзүбүз байкабай калганыбыз кызык.

Ошондон улам «кыңыр иш кырк жылда билинет» деген бекеринен айтылбаса керек. Кыргыз драматургиясындагы атактуулардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан Борбордук партия комитетинин мүчөсү, Жазуучулар союзунун жетекчиси, дагы далай наамдардын, даражалардын ээсин катардан калтыруу адепсиздик болмок. Партиянын талабы бу, жазылбаган этикасы. Көнгөнбүз ошого. «Атанын тагдырынын» ордуна министрдин башка пьесаны сунуш кылганын укканда, мени баласынтып барктабагандай, а түгүл кемсинткендей ызалангам. Анан Абийир атамын «жаман киши таарынчаак болот, таарынчаак киши кекчил болот, кекчил болбой жүр» дегенин эстеп, сабыр токтотком. Министр кантсин, милдетине тууралап иш кылат да.

Министр Кондучалова мени кемсинтсе кемсинткендир, «Атанын тагдырын» кемсинтмек эмес деп ойлодум. Минтип ойлогонумун жөнү бар. «Атанын тагдыры» сахнага коюлган күндөн кыргыз калкына абдан жакты. Спектаклди кайра-кайра көргөндөр көп болду. Атайы автобус жалдап, алыскы райондордон уюшуп келип көргөндөрдүн аягы үзүлбөдү. Мактаган макалалар тынбай жазылды. Ошону менен бирге кесиптеш жазуучулардын арасынан ичи тар, көрө албастар четтен чыкты. Чыгарманын кемчилигин айтса мейли эле, идеялык калпыстык бар деген жалаа менен пьесаны сахнадан алдырып таштоонун жолун издеп күйүккөндөр болду. Ушундай кыжаалат «пикир» ачык да, жабык да айтылып турган кезде министр Кондучалованын «ооба», же «жок» деген бир ооз сөзү гана пьесанын тагдырын чечмек. Менимче, министр «дипломатиялык» сабырдуулук менен унчукпай пьесаны сактап калган.

Дегеним, пьесага асылгандардын айтканын министр «туура» деп эле койсо, пьеса репертуардан ыргып кетмек, ал эми пьесаны жактырган оюн айтса, министр өзү оңбой калмак. «Дипломатиялык» токтоолук менен кийин Ч. Айтматовдун «Бетме-бет», М. Байжиевдин «Төрт адам» спектаклдерин да коргоп калган. Адабиятка алгач аралаша баштаганымда эжеге мен жөнүндө «хулиган» деген мүнөздөмө жеткенин билчүмүн. Андай-андайга чычалап, териккенден пайда жок. Тилекке каршы, андайлар боло берет тура, адамзат акты кара, караны ак дештен арылбайт окшобойбу. Мага, пьесама асылгандарга өчөшпөй тим болгонго көнгөм. Кондучалованын сүрүнөн эле коркуп жүрө бербей оң жактарын, баалуу сапаттарын байкоону ниеттендим. Деги эле ким болбосун адамдын жаман жагын издебей ир алды жакшылыгын табууга аракеттенсек, өзүбүздүн да ниетибиз таза болмок. Баамымда, Кондучаловадагы эң баалуу касиет: колунан иш келген чыгармачыл, уюштургуч кадрларды акылдуу-акылсыздыгына, тентек-жоошуна карабай, жөндөмдүүлүгүнө көзү жетип турса, андайларды иштете да, коргой да билген.

Кадр тандоону, кадрлар менен иштешүүнү, аларга кам көрүүнү колго алган дегеним бул. Кондучалованын Кондучаловалыгы ушунда! Ал искусство адиси болгон эмес, бирок искусствонун, маданияттын ролун мыкты түшүнгөн. Маданиятсыз өлкө өнүкпөсүн билген. Ошондуктан Кондучалованын тушунда театр, кино, музыка, сүрөт өнөрү, жалпы эле искусство жогорку деңгээлге көтөрүлүп, элдин эстетикалык муктаждыгы болуп калганын айтып жүрөбүз. Бул чындык. Кептин баары кадрды тарбиялап барктоодо экенин турмуш көрсөтсө да, бүгүнкү күндө аны элес албаган жайыбыз толтура. Маселен, маданият министрлигинин башына, театрлардын деректирине сөзсүз эле артисттерден, режиссёр, драматургдардан койгонду эрежеге айлантып алдык. Бул жаңылыштык. Андайлардын баары эле кыйратып иштеп бербейт экен, чеке жылытпайт экен.

Башкаруу маданияты тайкы, дээринде жетекчилик, уюштургуч жөндөмү жоктор иштин көзүн таппай карайлап, башкаларды да карайлатып, ашынган куу чирен болуп отургандарын көрүп келатабыз. Кадр тандоодо Кондучаловадан өрнөк алсак жаңылыштыгыбыз аз болмок. Ушу ченде баягы жылы гезитке чыккан чоң макала эсиме түштү. Анда: «Же комуз чертпесе, же бийлебей жыйырма жыл жөн эле маданият министри болуп отурду» деп Кондучаловага бирөө тийишкен болчу. Театрга жыйналышка барсак, Күлүйпа эже тартайган бойлуу кези, алты-жети аял менен фойеде туруптур. Макаланы билмексенге салып тымпыйып өтүп кеткенди туура көрбөдүм. Мындайда тамаша көңүлдү көтөрөт. Жалпы салам айттым да:

– Эже, бир «подругаңыз» сизди бийлебей министр болуп жүрдү дептир. Бийлебей туура кылыптырсыз. Ушу кебетеңиз менен тарталаңдап бийлеп жүрсөңүз ким эмне демек... – десем, баары каткырды. Эже жыргап күлгөн.

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз