Карел Чапекдин тамсилдери

  • 15.02.2022
  • 2491

КУМУРСКА

Кыязы, бул акмактар биздин жолубуздан башка жерге там салганга жер таппай калган окшойт.

КОРОЗ

Азырынча таң ата элек, анткени мен кабар бергеним жок.

ТАРАНЧЫ

Булбул - улуу куш. Бирок биз таранчылар алда канча көппүз.

ДҮМҮР

Эмнеге мени "Урматтуу дүмүр" дешпейт?!

ТҮЛКҮ

Бардык жандыктар үч категорияга бөлүнөт: душмандар, атаандаштар жана олжолор.

БАКА

Өнүгүүбү? Ооба, билем, билем. Мына, мисалы, мен жөн эле көнөкбаш болчумун.

КОЖОЮН

Мага акы төлөшүңөр үчүн силерди башкарам, силер болсо буйрук берүүм үчүн мага акы төлөйсүңөр.

ШИРЕҢКЕ

Карачы, мен түбөлүк отмун.

ЧЫМЫН

Сүрөттүн рамкасындагы тактарды көрдүңбү? Бул менин жумушум, мен дагы сүрөтчүмүн.

АТИЛЛА

Биз да дүйнөнү сактап калуу үчүн келгенбиз.

КОШУНА

Бул Архимед – коркок жана чыккынчы! Душман биздин шаарга бастырып келатат, ал өзүнүн чиймелери менен алек.

БАШКАРУУЧУ

Менин баатырларым, унчукпагыла!

КИРПИЧ

Туура төрт бурчтук эмне экенин мен гана билем.

АЙНЕК

Сөз мындай: дүйнө биздин фантазиябызда жашайт. Менден тышкары эч нерсе жок.

БҮГҮНКҮ КҮН

Качандыр мен да даңктуу өткөн чак болом.

ЖАҢЫ МУУН

— Жаштарга жол бергиле!

— Канча жылга?

— Дээрлик элүү жыл жетиштүү.

КОЙ

Мууздап сойсо да мейли, карышкыр зыян келтирбесе болду.

САРЫ КУМУРСКА

Кумурскалар эркин болсун!

Дүйнө — кумурскаларга таандык!

Албетте, кара кумурскалардыкы эмес.

КЕЛИШЕ АЛБАСТЫК

Айдоочу. Тиги жөө жүргүнчү койдой тыбырап жатат.

Жөө жүргүнчү. Тиги келесоо айдоочу жиндидей айдап келатат.

КОЁН БАГУУЧУ

Түшүнбөдүм, кантип көгүчкөн багуучу болуу мүмкүн?

БЕРЕШЕНДИК

Жакырчылык жөнүндөгү бекер сөздөрдү токтоткула! Мен азыр бир кайырчыга он геллер акча бердим.

ЖЕЛДЕТ

Мени эч ким баатыр дебейт.

ЧОЧКО ЖАНА БЕРМЕТ

Бр-р! Жуундуга эмне балээлерди кошуп беришти? Бул эмне балиттик?!

МИКРОБ

Мен көзгө көрүнбөгөн кызматчымын.

ИСКАНДАР РУМИЙ

Мен максатыма жеттим: эми Индия да Македониянын провинциясы болуп калат.

АСКЕР БАШЧЫ

Каршылык көрсөткөндөргө каршы курал колдонгула, каршылык көрсөтпөгөндөргө да.

МААЛЫМАТ

Чабуулду күчөтүп, биз дагы бир нече айылды өрттөп жибердик. Аман калган эл биздин жоокерлерди кубаныч менен тосуп алышты.

ДИПЛОМАТИЯ

Биз, албетте, зордук-зомбулукту айыптайбыз, бирок курал жеткирип берүүгө даярбыз.

КОЛОНИАЛИЗМ

Эми тирүү калгандарга аталардай камкордук көрүп жатабыз.

МАРС

Агрессиялык согушка тыюу салуу керекпи? Коргонуу согуштарына жана жазалоочу жортуулдарга тыюу салынбаган шартта гана.

ӨЛҮМ

Эй, аңкоолор, бул менин жеңишим!

ТЫНЧТЫК

Эми биз дагы жайбаракат куралдансак болот.

ТОКТУК

Жакырчылык тууралуу сөздөр апыртма болуп баратат. Чындыгында абал анчалык деле жаман эмес.

ЖУРНАЛИСТ

Мен бекер жашаган жокмун. Мисалы, мен көп адамдарда жек көрүүчүлүктү пайда кылууга жетиштим.

ПАТРИОТ

Сен аны Мекен үчүн күрөшөт деп жатасыңбы? Деги анын чөнтөгүндө жарым тыйыны да жок!

ЧАЛКАН

Картөшкө да отоо чөп болуп саналат.

ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМ

Биз, коёндор тооктор менен бир-бирибизди жебейбиз деп макулдаштык. Карчыга буга эмне дейт экен, көрөлү.

ЭЧКИ

Карышкырлар менен тынчтыкта жашасак, дүйнөдө жымжырттык болот.

КАРЫШКЫР

Кочкордун жаман ниети бар экен – менден жашынгысы келди.

ЧЫЧКАН

Мышык таранчыны кармап алды. Эми биз коркпосок да болот.

КОШУНАЛАР

Кыйын болду: аба дагы кымбаттап кетти.

БАЛА

– Ата, аалам дегени эмне?

– Билбейм. Андай болбогон нерселерди сурап башымды оорутпа.

БҮТСҮН СОГУШ

Биз чындап эле согушту каалабай турганыбыздын далили - биз согуш жарыялабай эле согушабыз.

КАРЫШЫР ЖАНА ЭЧКИ

Экономикалык негизде келишип алалы: мен сенин чөбүңдү жебейм, а сен мага өз ыктыярың менен өз этиң менен камсыз кылып турасың.

КАРЫШКЫР

Мен тойдум. Жогорку моралдык адилеттүүлүк дагы бир жолу даңазаланды.

УУРУ

Ал мени жалдады, а мен өз кызыкчылыгымды коргодум.

ГҮЛ

Мени гүлдөп болду дегени жалган. Мен өсүп жатам.

ДАТ БАСКАН МЫК

Ха-а! Мен анын согончогуна кирдим! Ананчы, мени эч нерсеге жарабайт дешет!

ДАРАК

Айлана-тегеректи алыстан көрүү үчүн бойлоп өсүү керек.

ЧЫМЫН

Ооба, оор күндөр келди. Согуш учурунда кандай сонун өлүктөр болот эле ээ!

БУТАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАЛБЫРАК

Жашасын жашоо!

БИР КҮНДҮК КӨПӨЛӨК

Жүз жаштагы таш бака! Кантип мынча артта каласың?!

КАБАРДАР КУРТ

Ботаникабы? Бул эми менин адистигим.

ДАГЫ БИР ДИКТАТОР

Мен алардын эркиндигин тартып алдым, бирок мен аларга өзүнө ишенүүнү үйрөттүм.

ТАРАНЧЫ ЖАНА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МАСЕЛЕ

Бир топ ат тезеги болсо экен! Дүйнө кайда баратат?

БАЙЛАНГАН ЭЧКИ

Дүйнө ушунчалык да тар болобу?

ТЕРЕЗЕДЕГИ ЧЫМЫН

Жашоонун чеги кайда экенин эми билдим.

БИР КҮНДҮК КӨПӨЛӨК

Тарыхпы? Мен үчүн караңгы.

ДИПЛОМАТИЯ

Бактыга жараша, тынчтык келишими түзүлдү. Келгиле, эми аны кантип бузуу жөнүндө ойлонуп көрөлү.

2200 ЖЫЛ

Кылымдын ойлоп табуусу – дат баспас таштан жасалган замбиректер!

ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР

... Ооба, албетте, биз эч ким менен урушпайбыз – бул биздин ички ишибиз.

ТОКОЙДОГУ ЭКИ ЖОЛБОРС

Биз тынчтыктын кызыкчылыгы үчүн жолугуштук жана эми чогуу аңчылык кылабыз деп макулдаштык.

Которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Карел ЧАПЕК (1890–1938) – ХХ кылымдын атактуу чех жазуучуларынын бири, прозаик жана драматург.

Карел Чапек 1890-жылы 9-январда Австрия-Венгриядагы (азыркы Чехия) Мале Сватоновице шаарында завод дарыгеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1915-жылы Карл университетинде докторлук даражасын алган, ошондой эле Берлиндеги жана Париждеги университеттерде философия менен алектенген. Ден соолугуна байланыштуу аскерге чакырылбай, тарбиячы болуп иштеген. 1917-жылдын күзүндө «Národní listy» («Улуттук гезит») гезитинде журналист жана сынчы болуп иштей баштаган, 1921-жылдан өлгөнгө чейин «Lidové noviny» («Элдик газета») гезитинде журналист жана маданий-саясый редактор болуп иштеген. 1921-1923-жылдары Прагадагы Винохради театрында (Divadlo na Vinoxradech) драматург да болгон.

Ал адабиятка 1916-жылы киришкен (Жаркыраган тереңдик аңгемелер жыйнагын агасы Йозеф менен биргелешип жазган). Ал көзү тирүүсүндө Чехословакияда да, чет өлкөлөрдө да кеңири таанылган: 1936-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгына талапкер, чехословакиялык ПЕН клубдун негиздөөчүсү жана биринчи төрагасы. Улуттар лигасынын адабият жана искусство боюнча комитет мүчөсү болгон. Адабият жана журналистикадан тышкары ышкыбоз фотограф катары атак-даңкка ээ болгон.

Ал чечкиндүү антифашист болгон. Президент Эдвард Бенеш кызматтан кеткенден жана эмиграциядан кийин өлкөдөн чыгуудан баш тарткандан кийин, ал дээрлик толугу менен обочолонуп калган.

Ал 1938-жылы 25-декабрда эки тараптуу пневмониядан каза болгон.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз