Жылкычы Жапиев: Муундар кагылышы

  • 22.02.2022
  • 3485

АҢГЕМЕ

Бул чакан айыл кылымдап келаткан ыйыктыгы менен белгилүү. Ал жерди булгоого тыюу салынат: аялдар төрөөгө уруксат жок, көр казып, өлүк коюлбайт буерге. Адамдар отурукташкандан бери нечен кылым өтсө да айылга тийиштүү мүрзөсү жок. Булардын бардыгына тыюу салынган.

Буерди жердегени адеп келген адамга Кудай аял төрөбөйт, мүрзө казылбайт деп айтыптыр. Ошондон бери Кудайдын ошол айтканы эки боло элек. Аялдар төрөрдө башка жакка кетишет, өлүк бул айылдан бөлөк жерге коюлат.  

Адеп айылды түптөгөндөр кимдер, канчоо экенин эч ким билбейт. Кудай ал буйругун өзү көзмө-көз келип айтканын же башкалар аркылуу айттырганы да белгисиз. Айыл тургундарынын бир билгендери Кудайдын ошол айткандарын аткаруу. Буйрукту сындоого же өзгөртүүгө эч кимдин акысы жок. Кудайдын ошондогу айтканынан улам ал айылды ыйык катары санашат.

Кудайдын буйругун аткарбай, баш тарткандарга буерде орун жок. Андай неме бүт айылдын тургундарына жек көрүмчү болуп, куулуп кетет. Ал тууралуу айылда түрдүү уламыштар айтылат.

Мурунку муун өкүлдөрү улам кийинки муунга ошол ыйык салтты тыкыр аткарбай жаткандарына нааразы болушат. Ыйык осуятты бузгандардын кесепети бир айылга гана эмес, бүт дүйнөгө зыян алып келерин айтышат. Ал осуяттын эмне үчүн айтылганы менен эч кимдин иши жок, болгону аткаруу гана керек. Аны иликтөө Кудайга шек келтирүү менен барабар. Айрым нерселер боюнча айыл тургундары өз ара кыжылдаша кеткен учурлар бар. Кудайдын осуятын толук аткарбай, жаап-жашырган окуялар да кездешет. Ал окуя убагында билинбей калганы менен кийинчерек шардана болгондо муундар ортосундагы тирешке алып келет. Дүйнөдөгү бардык элдердей эле бул айылдын тургундарынын мурдагы өкүлдөрү да кийинки муундун көз караштарына ыраазы болбой, ата-баба салты бузулуп жатканына нааразы. Төмөндөгү ошол тирештердин бир шиңгили...

Энеси оорудан көз жумган. Карыган оорулуу атасы менен бир буту шал жигит жашачу экен бул айылда. Атасы оорудан бери карай албасына көзү жетип, мени азыртан эле бөлөк айылдын көрстөнүнө жеткиртип салгын, кийин сага салакам тийбесин дейт. Бирок атасынын ал суранычы уулунун кулагынын сыртынан кетет. Ал эки-үч курдай айтат, абалы жакшы эле көрүнгөндөн уулу макул да, жок да дебейт. Атасы ошол түнү өлүп калат. Уулу аны уктап жаткан экен деп, күн чоң шашке болгуча тийбейт.

Атасынын сөөгүн мүрзөгө алып барбай, эл көрбөгөн там артына эки күн катары менен ороо казып, ошерге көмүп, эч ким шек санабасын деген ой менен үстүнө гүл олтургузуп коёт.

Айылдагылардын мүрзө казуу салты боюнча демейде көр терең казылат. Буту шал жигит күнү-түнү тыным албай, балдаксыз бир буту менен такандап тура албай, бирде олтуруп, бирде жатып алып казган.

Абышканын жакын туугандарынан эки үй-бүлө айылдын этек жагында, суунун аркы өйүзүндө жашачу. Суу кирген кезде өйүз-бүйүздөгүлөр катташа алышайт. Суу тартылганда катташ кайра уланып, адамдар бири бирине жолугуп, эсен-амандыгын билишет.

Булардын мүрзөсү аталган айылга улай жайгашкан айылда. Эки айылдын ортосун чоң кара жол бөлүп турат. Берки айыл да суунун өйүз-бүйүзүнөн орун алган. Мүрзөлөрү да суунун өйүз-бүйүзүндө. Бир өйүздөгү эки айылдын өлүктөрү өз-өз мүрзөлөрүнө коюлат.

Кеч күздөгү суу тартылганда бир бутунан шал жигиттин ортодон эки ата өткөн жакын туугандарынын бири атайын учурашканы келет. Ал тууганы жигиттин атасынан бир аз кичүү, келген сайын абышка менен майып баласына тамак-аш, жаңы кийим-кече, акча-тыйын берип кетет. Абышканын катуу ооруп жүргөнүн билчү, жаман айтпай жакшы жок, кокус көзү жумулуп кетсе, тажиясынын чыгымын көтөргөнгө даяр болучу. Бул жолу да атасы менен уулуна күнгө чагылышкан алтын түстүү окшош узун көйнөк, кооз сайма түшүрүлгөн тик турган эки ак топу алып келиптир.

Ал үйгө кирери менен тууганы жок экенин көрүп, абышка бир жакта жүргөн окшойт деди оюнда.

– Атаңды чакыр, мени учурашканы келди деп.

Жигит эмне жооп айтарын билбей, кайсалактай түштү.

– Балдак менен барып келгениң сага бир топ түйшүк жаратарын билем. Шашылбай, өзүңдү кыйнабай секин барып кел. Мен шашкан жокмун.

Жигит балдагына салмагын салып, үйүнөн чыгып, көчөгө түштү. Ал келген тууганына эмне жооп айтарын билбей, башына чалды-куйду ойлор келип-кетти чубалжып. Чубалжыган ойлордун келгенинен кеткени бат болду. Алардын бирин да кармап калган жок, себеби бири да майып жигитти жоопкерчиликтен кутултууга жараксыз экенин түшүнүп турду. Жигит үйү көрүнбөй калганча тез жүргөн болуп, анан токтоп, бир топко турду. Мында да ынанарлык жооп тапкан жок. Атасынын сөөгүн үй артына көмүп салганын айтса, чоң чатакка кептелерин ойлоду. Анда эле Кудайдын айтканына атайлап каршы чыккан бузуку катары майыптыгына карабай, айылдан кууп жиберишери бышык. Табияттын ар кандай кырсыктары ушул майып жигит кудайдын буйругун аткарбагандыгынын айынан болуп жаткандай күнөөгө батат. Мындай күнөө кечирилбейт, кечирүүгө адамдардын акысы жок. Кечирүү, кечирбөө, Кудайдын колунда. Анын ажытын  айылдагы дин кызматчылары да ача албайт, деген менен Кудайдын айткандарын аткарбаган адам чоң күнөөгө батары айылдын карыларынан балдарына чейин дайын. Бул кылымдап келаткан салт айыл тургундары үчүн ыйык. Буерге жакын аймакта жашаган адамдар жана бул чөлкөмгө ар кандай шарт менен келгендер Кудайдын каарына калгандан чочулашат. Ыйыктыкты адеп уккандар эмне үчүн мындай болуп калган деп сурашканда Кудайдын буйруктары пенделер тарабынан эч качан талкууга алынбайт, буйруктарды кынтыксыз аткаруу милдет деген жооп алышат.

Атасы боюнча болгон окуянын чынын айтуудан бөлөк арга калбагандай. Балким таппай койдум, сураштырсам көргөн эч ким жок деген шылтоо оңдуу болуп жүрбөсүн. Адегенде «балким өзү келип калар» деп айтып, ананкысын көрө жатармын...

– Там артындагы гүлдөрүң бир сонун экен, кийин, күздө уругунан бер, – деди бала үйүнө келгенде тууганы чын пейилден.

– Алыңыз, алыңыз... – Атасынын дайнын сурабаганга бала жеңилдей түштү. – Эмдиги жылы калган бош жерине дагы гүлдөрдүн түрлөрүн көбөйтсөм дейм...

– Туура, туура кыласың, уулум, – деди тууганы коштоп. – И, атаңы таптыңбы? – Бул суроо майып жигитти атайылап сынап жаткандай туюлду.

– Сураштырсам эч ким көрбөптүр, балким өзү келип калар деп жүрө бердим. – Жалганын билдирип койбоюн деген ой менен тууганынан көзүн ала качты.

– Балким сага апа алып келейин деп жүрбөсүн... – Ыхылап күлүп койду. – Же сага колукту караштырып жүрөбү... – Дагы ыхалап жасалма күлдү, энесиз калганын эсине салып койдумбу деп оюна жамандык кетпесин деген кыяста.

Жигит суроосун жоопсуз калтырды. Сөздү башка жакка бурайын деп ойлоду, бирок мындайда адам башы маң болуп, тили күрмөөгө келеби, эмне айтарын билбеди, болгону желкесин кашып тим болду. Ушул тапта турган жери жарылып, жер түбүнө түшүп кетсе, бул балээден оңой кутулмак. Кудайдын каргышына калган ушул айылда туулуп калганын карачы! Ата-жотосу мындай жосундуу айылдан илгери эле башка жакка, жок дегенде кошуна айылга көчүп кетсе эмне, өздөрүн, укум-тукумун кыйноого салбай.

Ал өзүнүн майыптыгын, алсыздыгын мурда мынчалык сезген эмес. Эгерде он эки мүчөсү толук, соо болсо, мындай азапка туш келбейт эле. Анда атасынын сөөгүн айылдын маркумдарды көмгөн мүрзөгө алып барып, тутунган дининин салт-санаасы менен жерге берүүгө каражаты жетмек. Эл атанын баласына ыраазы болмок. Маркум атасы тиги дүйнөдө тынч жатканына өзү да ишенич артып, кабатырланбайт эле. Ал атасына жасаган жоругу менен кудайдын каарына калып олтурат. Айыл мурда мындай окуя болгонун угуп да көрбөгөн.

Бирок ал өз кереметинде айылдагы аталган салтка анча ишене бербеген. Кудайдын бар экенине ишенич артса да, анын бул айылдыктарга карата айткандарын уламыш, жомок катары кабыл алган. Анын оюнда көп суроолор бар болучу. Бул айылдын башкалардан эмне айырмасы бар? Айыл чын эле касиеттүүбү? Касиеттүү болсо, эмнеси менен? Жериби, суусубу, адамдарыбы, өсүмдүктөрүбү? Асманы, Күнү, Айы, жылдыздары жалпыга тийиштүү. Балким бул айыл Кудайга жакпаган кандайдыр бир жосунсуз жоруктары үчүн ымыркай төрөлүүгө тыюу салынгандыр? Айылга мүрзө казылып, өлүк коюлбаганы маркумдар тирүүлөрдүн эсебинен чыгып калгандан кийин бул айылдын мүрзөсүндөгүлөрдү тиги дүйнө кабыл албай, алар орто жолдо калышабы? Деги Кудайдын айтканы аталган айылды коргогонубу же каарына калганыбы? Айтор, бул майып баланын баш айланткан суроосу көп. Ал суроолорду өзүнөн башка жан билбейт, атасына да айткан эмес. Бир курдай апасынан сурап көргөн. Анда апасы балким каңырыш угуп калдымбы деген ой менен кайталап сураган.

– Силер ишенген Кудайдын айткандары айылдын касиетиби же кудайдын каарына калганыбы?

Апасы муну укканда ысык нерсе төбөсүнөн таманына чейин денесин солк эттирип, өтүп кетти. Энеси дароо ээгин тиштеп, баласына үнүңдү чыгарба деген белги жасады. Бала түшүнгөн жок, апасы суроосуна түшүнбөй калдыбы деп кайра кайталады. Бул жолу эне баласынын оозун алаканы менен бекем баса калды. Сөөмөйү менен ортон манжалары баланын кош таноосун кошо баскандан ал дем ала албай, башын булкуп, бошонуп кетти.

– Мунуңду менден бөлөк эч ким укпасын, – деди эне эңкейе калып, баланын кулагына шыбырап. – Кудайга күнөөкөр болосуң. Кудайдан кечирим сура.

Бала кантип кечирим сурарды билчү эмес.

– Эмне деп сурайм?

– Кудай, мени кечир дегин.

– Ошентсем кечиреби?

– Кудай, мени кечир дегин!

– Кудай, мени кечир. Болдубу?

– Сен шайтандардын азгырыгына кирип кетипсиң.

– Кудай бардыгынан кудуреттүү болсо, шайтандарды жок кылбайбы? Же Кудайдын күчү адамдарга эле жетеби? – Бала көптөн бери чече албаган суроосун берди.

– Тарт тилиңди! Кудайге шек келтирбе! – Эне олтура калып, эки колун көккө жайып, асманда тиктеп: – Оо, кудурети күчтүү Кудайым, шайтан мойнуна минип алган пендеңдин айтканын кечирегөр... – Көзүнөн жаш куюлду салаалап.

Майып бала апасын аяп кетти. Апасынын ыйлаган үнү угулбаган менен көз жашы ээгинен ылдый көкүрөгүнө тамчылады. Бала апасынын мындай чабал, жашык абалын көргөн эмес.

– Кудай, мени кечир, – бала апасынын тизесинен кучактады. Эки-үч тамчы жашы баласынын башына тамды. Апасы баланы өйдө көтөрүп, бооруна бекем кысып алды.

– Апа, ыйлабачы, – деди баланын үнү буулуп. Эми анын көз жашы эненин көкүрөгүнө тамды.

– Алтыным, – деди эне жоолугунун бир учу менен көзүн аарчып, баласынын мойну-башынан искеди, – алтыным...

– Апа, мындан кийин сурабайм... – Бала энесинин жагдайына түшүндү.

– Ошент, алтыным. Алтын балдар мындай суроо бербейт.

Ошондон кийин бул суроону эч кимден сураган эмес. Ал көкүрөк тереңинде катылуу болучу. Көкүрөгүнүн ошол тереңинде жата берди, мезгил өткөн сайын унутулбастан, кайра жаңырды. Мурда жаңы көчөт сыяктуу бир эле чырпык болсо, көкүрөк тереңинен бутактанып, өнүп-өстү. Ошол бутактанган суроолорун сыртка чыгаргандан чочулады. Анткен менен ал суроолору көкүрөк түпкүрүнө нур берип, ишенимин арттырды.

Анан ал бир паска жер тиктеп калды. Бул тапта тыш дүйнөдөн таптакыр кол үзүп, көкүрөк түпкүрүндө нур чачып, ишеним арттырган суроолордон башка эч нерсени сезбеди. Анын акыл-эсин, жан дүйнөсүн ошол нур ээледи. Нур кубаттуу болучу, түндөй караңгы эрип, жок болуп кеткенден чочуп, нурга жакындабай качып жүрөт. Нур уялаган жайга караңгы жолобойт. Ошол нур эми майыптын тулку денесин ороп алды. Майып бутуна кубат кирип, түзөлүп, соо буту менен жарышканга даяр болду. Нур кубаттуу болучу.

– Атам тиерде, – деди ал гүл өсүп турган жерге кашын кагып.

– Атаң экөөлөп отургуздуңарбы? – Абышка каңырыш угуп алды.

Баланын оюна астын-үстүн нерселер келип-кетти... Алардын бири башын ийкеген «ооба», бири башын чайкаган «жок» болучу. Баланын оозунан бирине бири каршы ушул экөөнүн бири чыкканга даяр болуп, ооз учуна келип калганда ал тапта абышка озунуп кетти:

– Гүл өстүргөндүн өзү жакшы да... көңүлдү көтөрүп...

Бала чымырканып айтты:

– Атам ошол гүлдүн астында. – Денеси коргошундай салмактанды, көкүрөгү менен мээсинде бирдеме ысып-күйүп алай-дүлөй түштү.

– Кийин мүрзөңө ушу гүлдү өстүрөм дегин атаңа. – Абышка бу жолу да бөлөкчө түшүндү.

Бул кезде баланын көкүрөгүндөгү чымырканганы тарай элек эле.

– Атам азыр ошо гүлдүн алдында жатат...

– Эмне дейт?! – Баланы жалт карады!

Бала башын жерге салды.

– Эй, айбан, өзү келип калат дебедиң беле, издеп барып!

– Жалган айткам. – Бала буркурап ыйлап жиберди.   

– Элден жашырсаң да, Кудайдан жашыра албайсың, айбан десе! Ата-бабабыздан бери буерге мүрзө казылган эмес... Сен Кудайдын айтканына каршы чыктың, айбан! Кудай бардыгын көрүп-билип турат...

– Кудай, мени кечир... – Бала эчкирип ыйлап, кичине кезиндеги апасы менен болгон окуя эсине түштү.

– Ушундайыңан Кудай сени майып кылып жараткан экен да! – Абышка баланын көңүлүнө карабай балп эттирди. – Бутуң соо болгондо буерде турмак эмес экенсиң айбан десе!

Тиги мелтейип жерден башын албады.

Экөө түндүн бир убагында маркумдун денесин жерден алып чыгышты.

– Мен сени коргойм деп Кудайга күнөөкөр боло албайм, – деди абышка. – Эртең элге жарыя этем. Эл өзү чечсин. – Бир аздан соң: – Эл сенин башыңан сыламак беле...

Тиги унчуккан жок. Мелтейип тура берди. Абышка анын түрүн көрүп, ичинен аяды. Бирок Кудайга жалганчы болгуча жашоодон кечип кеткени артык болучу. 

Эртеси кошуна айылдагы мүрзөгө маркумду жерге беришти. Майып жигиттин тууганы тажия башында турду. Тажияга келген адамдар маркумдун майып уулуна көңүл айтышты, баарыбыз Кудайдын колундабыз, табияттын мыйзамы ушундай, бири өлөт, бири туулат, өлбөгөн адам жок, кайрат кылгын дешти. Анан бул айылдын эли нечен кылымдардан бери Кудайдын айткандарынан жыдыбай келатканын, эгерде кимдир-бирөө качандыр бир кезде туура эмес иш кылса, ал чоң күнөөгө батып, Кудайдын каргышына каларын айтышты.

Маркумдун жакын тууганы болгон окуяны тажияга келгендерге нечен ирет айтмак болуп, оозун таптап барып, майып баланы аягандан батынып айта албады. Ал окуя оозунан чыкты дегиче ансыз деле табиятында кем туулган немени айылдан жөндөп кууп салышпай, ташбараңга алышары бышык эле.

Ошо бойдон ал окуя экөөнүн гана ичинде калды. Экөө тең Кудайдын каргышына калгандарын билишет. Өзгөчө абышкага катуу таасир этти. Жатса-турса Кудайга жалынып, күнөөгө батканын мойнуна алып, кечирим берүүсүн өтүнөт. Өтүнүчү Кудайга жетпей жаткандай сезет. Ал аябай чүнчүп кетти, сарсанаа жеп коймой болду. Түшүнө айылдаш маркумдар кирчү болду. Көп жыл мурда өлгөн атасы менен энеси биздин үйгө каттабай койдуң деп таарынышат. Барам, колум тийбей жатат, колум бошосо эле барам дейт түшүндө. Ойгонуп кетип, көрөр күнүм, ичер суум аз калса керек дейт ичинен. Ошонусу чын болду. Алиги окуядан бир ай өтпөй кечинде жаткан боюнча уйкусунан ойгонгон жок. Ошол боюнча жерге беришти. Бул окуя майып жигитти катуу ойлонтту. Эмки кезек меники деди ичинен. Анан баягы жылы тестиер кезинде апасы үйрөткөн Кудайга өтүнүчүн көп кайталачу болду.

Ал ортодо дагы бир окуя айылды дуу көтөрдү. Четки үйлөрдүн бириндеги келиндин толгоосу капыстан кармап, төрөп салыптыр. Адатта боюнда бар аялдар ай-күнүнө жетип калганда толгоосун күтпөй, кошуна айылга кетип, ошояктан төрөп келишет. Эки айылга орток төрөт үйү бар аерде.

– Бул келинди баласы менен айылдан кууп салыш керек! – дешти кээлер.

– Үй бүлөсүн кошуп куулсун!

– Ата-бабасынан бери ушерде жашаган немелер кайда бармак?

– Кайда барса, айда барсын, Кудайдын каргышына калды алар!

– Үй-бүлөсүндө эмне жазык, тууп салган күнөкөр аял өзү да. Жаш немелер билбей калышса керек.

– Биринчиси төрөт үйүнө жетпей, боюнан түшүп калган.

– Ал катын азыр кайда экен?

– Кайда болмок эле, үйүндө!

– Чакыргыла, бери чыксын!

Үйдөн адегенде күйөөсү, артынан апапак төшөккө оролгон ымыркайын көтөрүп, келинчеги чыкты.

– Ыйык жерди булгады! Баарын үйүнө камап туруп өрттөш керек!

– Кудайга каршы чыкты, кесири тиет эми баарыбызга. Укум-тукумубузга доо кетет.

– Кесири кара башына тийсин!

– Аялды чачынан сүйрөп барып, баласы менен сууга ыргытып салуу керек!

– Наристеде жазык жок. Күнөө тууп салган катында!

Айылдыктар келинди күйөөсүн кошуп айылдан кууп салыш керек деген чечимге келишти. Буларды угуп, майып жигит демин ичине тартып калды.

– Мен эч жакка кетпейм! – деди ымыркайдын атасы.

– Сен кетпесең катының кетсин баласын алып!

– Кетпейт!

– Эч жакка кетпейм! – Аял үн катты.

Майып жигит чыйрала түштү.

Ушул кезде ымыркай ыйлап жиберди. Энеси ороодогу баланы оңдоп көтөрүп:

– Эч жакка кетпейбиз, каралдым, – деди, – ыйлаба...

Аялдын үнү буулуп, көзүнө жаш толду. Колундагы баланы силкилдетип, алдейледи. Ошол наристе энесине опол тоодой тирек болду. Наристесиз энеси айылдагы салтка каршы чыга алмак эмес. Наристе атасы менен энесине мурда болуп көрбөгөндөй кайрат, кубат берди тыптырмактай болуп алып.

Майып жигит ымыркайдын жүзүн көргүсү келди. Көкүрөгүнө ошол ымыркай менен жанаша турган ата-энесинен ашып-ташкан кайрат келип жатты. Ал оюнда ымыркайга, анын ата-энесине тилектеш болуп турду. Ага так кесе айткан жооптору жакты. Бул жубайларды майып жигит күндө болбосо да, күн алыс көрүп жүргөн. Эри дайыма жөнөкөй, жоош, атүгүл бирөөгө өйдө карап сүйлөбөгөн бир аз коркок мүнөз сезилчү. Майып жигит ичинен «мен адамдарга туура баа бере албайт турбаймынбы» деп ойлоду.

Кылымдап келаткан салтка бул үй-бүлөнүн каршы чыгышы айылдыктарга жапайы көрүнүштөй сезилди. Жаалдаган көпчүлүк эми буларга катуу жаза көрүшөт деп ойлошту айрымдар.

– Ташбараңга алуу керек!  – деген кыйкырган үн чыкты.

Ал кыйкырыкты иретсиз чыккан үндөр коштоду.

– Ташбараңга алуу керек!

– Кудайга күнөөкөр болушту!

– Ташбараңга алуу керек!

– ...алуу керек!

– ... алуу керек!

– ... алгыла!

Жаалдаган көпчүлүк сел болуп каптап кетчүдөй толкуду.

– Жакындабагыла! Атып салам! – Наристенин атасы үйүнөн мылтык алып чыгып, адамдардын селин карай сунду. Мылтыктын сүрү селди токтотуп салды. Тымтырс. Кыйкырык, ызы-чуу кан буугандай токтоду. Кылт эткен кыймыл болсо мылтыктын тарс эткен үнү жаңырчудай болду. Майып жигитке жаалдаган элден мылтыкчан адам алда нече кубаттуу, карааны чоң жана эч кимдин алы жетпестей туюлду.

Ошо менен жамагат бир тарап, мылтыкчан эркектин үй-бүлөсү бир тарап болуп бир паска үнсүз-сөзсүз турду тунжурап. Анан боштукта салаңдап илинген тынчтыкты мылтыкчан эркек бузду. Ал мылтыгын котолоп турган айылдаштарын көздөй ыргытып:

– Балдарыма, балдарымдын энесине тийбегиле, күнөөкөр мен. Мени ташбараңга алгыла, туруп берем, каршылык кылбайм! – деди да беш-алты кадам артка жылып, көйнөгүн чечип салып, эки колун бооруна алып, элди карап туруп берди. Сербейген көкүлүнө жел тийген сайын күндүн тике тийген нуруна чагылышып, Кудайдын кудурети менен табияттын бир сыйкыры жигитке күндөн кубат бергендей. Аны ташбараңга чакырык салгандардын бардыгы өз көздөрү менен көрдү.

Ушул кезде кылайган тагы жок аппак төшөктө оролуп жаткан наристенин чыйылдап ыйлаган үнү чыкты. Анын үнү толкуп-толкуй албаган адамдарды жапырт селт эттирди. Бардыгы ошол жакта карашты. Аял наристени көтөргөн калыпта топ адамдарды айланып өтүп, эринин катарына барып турду. Наристенин үнү тып басылды. Энеси наристени күндөн коргоп, коомайлап бетине үлбүрөк тор чүпүрөк жаап койду.

Элдин арасынан суурулуп, балдакчан майып жигит тигилерди көздөп жөнөдү. Ал да көйнөгүн чечип, кош балдагын эки колтугуна таяп, наристесин көтөргөн келинди ортого ала катарга барып турду бир бутуна такандап.

Эл аң-таң. Күбүр-шыбыр:

– Тигил чолокто эмне жок десең...

– Таңгөрү, жүрөгү тоо экен...

– Мындай жигиттер турганда бизге жоо даап келе албас!

– Ата-бабабыз баатыр тукуму деген чын экен!

Майып жигит көпчүлүккө кош балдагы эмес, кош асканы таянган алп болуп сезилди. Ага эч бир жандыктын алы жетпечүдөй, дөөлөрдүн дөө падышасы алдына чөгөлөп, кызмат көрсөтчүдөй элес берди. Анын мындай эрдигине өзгөчө жаш жигиттердин көөдөнүн сыймык тээп турду. Сыймык көөдөнүн жара тепкендер бирден чууруп, тигилердин катарынан орун ала баштады. Эч ким үн катпады. Наристенин катары уламдан-улам көбөйө берди. Анан алар төрт-беш катарга турушканда итапкан узун жерди ээлеп калышты. Катар уламдан улам өсө берди. Бир кезде мурдагыларга караганда жаңы катардагы адамдар эки-үч эсе көбөйдү. Мурдагы топто карыган, көпчүлүгү улуу муундун өкүлдөрү калышканы билинди.

– Кылымдап келаткан салтка каршы чыгат деген эмне!?

– Биздин убагыбызда ыйман бар турбайбы.

– Муундар алмашканда дайыма ушундай окуялар болуп турары ырас.

– Цивилизация деген ушул. Ар нерсеге көз караштар өзгөрөт.

– Бул деген түшүнүктөрдүн, илим-билимдин, мамилелердин, ишенимдердин кагылышы.

– Эми дүйнөгө кудайсыздар үстөмдүк кылабы?

Ар ким өз көз карашына жараша ар кандай жоруп жатышты. Ал ортодо наристени колдогон адамдардын катары ансайын көбөйгөндөн көбөйө берди. Алардын катары узаргандан узарып, айылды ороп калды.

2020-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз