Ильгиз Талип: Өктөлүү кеп

  • 29.10.2021
  • 3188

АҢГЕМЕ

Жай саратанда айыл ичи үп болуп, куяш тарабынан оорлошкон аба адамды думуктуруп, жан-жаныбар көлөкө качырып калат. Эмгек талаасындагылар мындайда шыйпаңга чогулуп, тамактанган соң арык боюндагы көрүнгөн талтеректин түбүндө солуп жатышат. Ушу маалда жан-жаныбар, паренделер да тынып, жымжырттык өкүм сүрөт. Коларага жарап калган бизге окшогон мадырабаштардын да өз түйшүгү бар.

Бирин-экин кой-эчкини жайытка чыгарып, уй менен музоону аңыз четине аркандап келебиз. Бала деген бала да – ара-чолодо оюнга алаксып, кайтарган малыбыз эгинге кирип кетсе, корукчудан балак жеген күндөрүбүз да болгон... Анткен менен энелерибизге алыбыздын жетишинче жардам берип, улуулардан акарат укпаска аракетибиз күч. Ошол күнү да жайытка чыгарган жандыктарыбызды кайрып келип, бет маңдайдагы жардын түбүнө жуушатканбыз. Мал жалап, жамгыр эзип олтуруп, жардын алды үңкүрдөй болуп оюлуп калган экен. Бул аптапта талыкшыган жаныбарлар аерден айдасаң да чыккысы келер эмес.

Анан аркандалган уй менен музоону да сугарып келип, чоң жаңгактардын түбүнө байлап койдум да адатымча айылдык Кеңештин капталындагы катар өскөн дарактардын бирине чыгып, мөмөсүн терип жегенге кирдим. Мында өрүк да, алма да, тыт да, жаңгак да аралаш тигилгендиктен биринен кийин экинчиси бышып, кеч күзгө чейин мөмө-чөмө дегенден үзүмчүлүк болчу эмес.

Теңтуштарым негедир бүгүн сууга түшүүдөн айнып калышкандыктан менин тапкан эрмегим – албырып бышкан алмадан күйшөө. Баса, бул тогуз жолдун тоомундагы кеңсе менен китепкана, кызыл үй, байланыш бөлүмү, медпункт бирге жайгашып, анын жанында айылдык дүкөн турчу. Булардын бирине болбосо, бирине иши түшкөн киши эрте-кечине карабай келе бере турган. Айылыбыз туш-тарабынан адыр.

Тоолор менен курчалып, ортодогу үч колотко үч колхоз жайгашкан. Ошолордогу балдар да бир мектепке келип окушчу. Ал да кеңсенин бет маңдайындагы дөбөдө. Каникулга чейин опурап-топураган балдардын аягы да буерден үзүлчү эмес. Бири кат сураса, бири китеп алып же дүкөндөн ата-энеси табыштаган буюмун соодалачу.

Чоңураактары колхоз ишине кол кабыш кылса, бизге окшогон чыт курсактар үй тиричилигине жардамдашабыз. Азыр киши-каранын жоктугу ошо жумуштун кычап тургандыгынан жана бул аптапта жолго чыккандан адамдын заарканганынан да болуш керек. Мунун баары биздин турмуштагы көнүмүш көрүнүш.

Аңгыча төмөн жактан аттын дүбүртү угулуп, мүйүштөн бир караан көрүндү. Анын Андаш аке экенин дароо эле тааныдым. Бул, сейрек муруттары сербейген, чүңүр көз, чап жаак, дайыма суз жүргөн киши. Анын кабагы ачылып, дегеле бирөө менен бажакташып сүйлөшкөнүн көргөн эмесмин. Мүнөзү тубаса ошондой беле же ичинде буккан бир сыр жатчубу – мага белгисиз. Кимге болбосун жактыра бербегендей салкын мамиле жасап, кол учун берип учурашчу. Согушта ок жаңылып, сенек болуп калган сол колу үчүн майыптык жөлөк пул аларын билчүмүн. Кыязы, ошонусун сураганы келаткан го деп койдум ичимен.

Андаш аке кеңсенин алдындагы чоң жаңгакка атын аса байлап, өзү байланыш бөлүмүнүн эшигин көздөй басты. Анда эч ким жоктугунан мен тарапка өтүп, көлөкө түшүп турган дубалга сүйөнө олтура кетти. Аптап аны аябай талыкшытып таштаганбы – жем чокуган тооктой улам башын ийкеңдетип үргүлөп коёт. Анан кеңсенин ары жагынан угулган дабыштан улам ошол тарапка кулагын түрө калды. Аркы бурчтан атлес көйнөгүнө кара чыптамасы куп жарашкан, кош өрүм олоң чачы кызыл тору жүзүнө ого бетер көрк берип, жайкала басып келаткан келин көрүндү. Аны да мен жакшы таанычумун, аты – Тажыкан. Өңү-түсү адамды бир супсунта каратчу бул келиндин кандай себеп менен бизден аркы айылдын четинде жашаган Досукул аттуу абышкага тийгендиги табышмак. Ырас, ал адамдын артынан жаман-жуман кеп айтылчу эмес. Жашы өтүп калгандыктан согушка алынбай, чарба ишине да катышып-катышпай өз мал-жаны менен алектенип, оокаттуу жашай турган. Табышмактуу дегеним – Тажыкандын ошол абышкага байбиче үстүнө токол болуп тийгени. Мунун сырын мен кийин билдим. Досукул бир перзент көрүп калсам деп ушу айжамалды алган экен...

Келин Андашты көрөр замат селт эте чоочуп, анан бир адепсиздик жасагандай эки бети албырып, башын жерге салып туруп калды. Ордунан элпек козголгон Андаш:

– Ии, амансыңбы, Такиш?! Күүлүү-күчтүү жүрөсүңбү? Кудая тообо, ушу сени да көрөр күнүм бар экен, ээ? Же бул түшүмбү? – деп кандайдыр кусалыктын бугун, буусун чыгаргандай өрөпкүү менен келиндин колун кармалап жатты. Менин көз алдымда баягы эле түнт, кырс деп санаган Андаш аке заматта жароокер, кичи пейил адамга айланып, бушайман болгонуна таң кала карап турдум. Дарактын башында олтурган мени таңазар алышкан жок.

– Шүгүрчүлүк. Өзүң сак-саламат жүрөсүңбү, Андаке! Аскерден аман келди дешкенин угуп, Кудай тилегин бериптир деп сүйүнгөм... – Келин башын жерге салган калыбында муңайым жооп кайтарды.

– Тилекти бергени курусун! Арзып күтөт дегениң, антын унутуп... – Андаш андан аркысын айта албай үнү буулугуп, муңкана туруп калды.

Келин акырын айыптуудай унчукту:

– Тагдыр ушундай экен, анан өзүңдөн да кат-кабар такыр келбей калбадыбы...

– Сен Зариптин итинче да болбопсуң да. – Андаш бүт таарынычын ушул сөздөр менен бурк эттире чыгарып алгансып, мостоюп туруп калды.

Андан аркы сөздөр менин кулагыма илинген жок. Өз атамдын, анан айылда аңыз катары айтылып калган итибиздин икаясынын оозго алынышы эсимди эңги-деңги кылып, капкайдагы ойлорго чумуп кетипмин.

Аскерге кетелегинде атам Зарип айылдык байланыш бөлүмүндө почточу болуп, шаардан кат-кабар ташып келе турган. Арабча, анан анча-мынча латынча жазууну билгендиктен, аны ушул кызматка дайындашкан. Бийик адырларды ашып, ээн капчыгайларды аралап, а кезде жалгыз-жарым адамдын шаарга каттоосу да кооптуу эле. Ал эми керегеден кар жааган кышында болсо, өзү чыйыр салып жол ачса да кыйналдым-кысталдым дечү эмес. Бир сапар атам шаардан койнуна күчүк салып келди. Аны аердеги орус досу белек кылып берген экен. Атам ошол досунукуна айран-сүт апарып, бастырмасына атымды байлап жүрөм дечү. Анан досум берип ийди деп, бөлкө нан, кант, токоч да ала келчү.

Күчүк түрөгөй иттин эмес, накта овчарканын тукумунан экен. Бат эле жетилип, башкача баамчыл болуп чыкты. Эртели-кеч ар «өнөргө» үйрөтүп, агам экөөбүздүн эрмегибиз ошол ит боло турган. Анын баамчылдыгы ушунда – бир көрсөткөнүңдү дал өзүндөй аткарчу. Баарынан да айдактап койсоң жайылган малдын алдын кайрып, эгинге жакындаганда дыргаяктатып кууп чыкчу. Муну көргөн айылдаштарыбыз: «Ой-тобоо, иттин да ушундай акылдуусу чыгат экен, ээ?» – деп айран калышчу. Айтор, Учар барда «малыңарды карабайсыңарбы!» деген зекүүнү укчу эмеспиз.

Атам шаарга күн алыс каттай турган. Ал жөнөөрдө Учар узатууга даяр болуп, токулган аттын жанында күтүп турчу. Анан айылдан төмөн жактагы кыя жол менен атам адырдын орто чениндеги тайпаңчага жеткенче ээрчип барып, ошоерден эч бурулбай үйгө желип келчү. Кечинде атамдын кайтаар маалы болгондо Учар эшиктин алдында туруп, үч-төрт ирет арсылдап үрөр эле да, Ак-Кыяны көздөй атып жөнөчү. Анда апабыз: «Атаңар келаткан экен» – деп калчу. Биз иттин ат чабым жерден ээсинин ис-жытын кандайча туйгандыгына таңданып, ал сырды апабыздан сурайбыз. Ал Кумайыктын тукумунун көзү ачык болот, алар көп нерсени адамдан артык сезишет деп коёт.

Атамдын барып-келишип турган эки жакшы досу бар эле. Алар согуштун башталган күндөрүндө эле кан майданга кетишти. Өзүнө чакыруу келбегендиктен военкомго барса: «Ашыкпа, сага да кезек келет» – деп коюшуптур. Ошентип сентябрь айынын аягы болуп, бакчалардагы жашылча-жемиш бүт бышып жеткен учур эле. Атамдын бир досу дайыма коон-дарбыз эккен баба дыйкандын бири болчу. Анын жубайы бизди жаңы түшүмдөн ооз тийип кетишсин деп атайы айттырып ийиптир. Анан атам менен апам өздөрү минген эки атка агам экөөбүздү учкаштырып, аттанып чыгышкан.

Бакчанын четиндеги жолум үйгө түшүп, коон-дарбыздан каалаганча жеп, улуулар арман-азреттерин айтышып, бешимге жакын кайра жол алдык. Бу сапар аттарга коон-дарбыз толтурулган кап артылгандыктан агам экөөбүз гана минип, атам менен апам жетелеп келатышты. Эки айылдын ортосунда бөксө белдер боло турган. Ошонун баарын ашып, үйүбүздүн үстү жагындагы жонго чыкканыбызда төмөн жактан сүлүктөй кара атты алка-шалка терге түшүрүп бирөөнүн чаап келатканы көрүндү.

– Бул баягы военкомдун чабарманы. Кезек мага да келген экен, – деди атам аргасы куруган адамдай жүүнү бош. Эртеден берки элкин маанай заматта өчүп, өзгөчө энемдин жүзүн касирет пардасы каптай калгансыды. Атам жаңылбаптыр, чабарман жетип келери менен повестканы карматты да:

– Эртең саат 11де военкоматта болушуң керек! – деп эскертти.

Эртеси баягы эки ат менен төртөөбүз таң атпай жолго чыктык. Бул сапар да Учар бизди ээрчип, баягы Ак-Кыянын белиндеги дөңчөгө чейин жетип, атам менен коштошкондой үч-төрт жолу арсылдап үрдү да очоюп олтурду. Мунусу да таң каларлык эле – адатта ал ошоерге жеткенде эле артын көздөй чу койчу. Азыр дале кеткиси келбей кыйылып турат. Ошондо мен итти кайрылып караган атамдын көзүнө жаш айлана бергенин көрүп, балалык сезим менен аяп кеттим...

Аттарыбызды атамдын досунун бастырмасына байлап, военкоматтын кеңсесине жетип барсак, бака-шака түшкөн элден тим эле баш айланат. Мынчалык көп элди өмүрүмдө көрбөгөн мен оозумду ачып эле карап калган окшобоймунбу. Агам колдон силке тартканда гана эсиме келе түштүм. Көрсө, анда үч-төрт райондун азаматтары бүт ушуерден аскерге жөнөтүлчү экен. Атамдарды түштөн кийин гана топ-тобу менен станцияга алып келип, эски эшалондорго шыкап жатышты. Кыйкырык, ызы-чуу, ыйдан башың айланып, тим эле жер көчүп жаткансыйт. Биздин акыркы коштошуубуз ошол болгон экен.

Атамдын аманчылыгын Кудайдан тилеп, жолду ката атың өчкүр согуш, ага кеткен айылдаштарыбыз жөнүндө гана сөз кылып келдик. Анда менин эси-дартым эле баягы атамды тоскон адатынча биздин алдыбыздан да Учар чыгар бекен, жок бекен деп убайым тартып, сабыркоодо болчу. Ал бизди узатып калган дөбөчөгө жакындаганыбызда түн кирип, теребелди капкачан караңгылык каптап, айылдагы бирин-серин үйлөрдүн гана жарыгы бүлбүлдөп турган. Аңгыча иттин аянычтуу каңшылаганы угулду. Көрсө, ит эртең мененки ордунан жылбай эле олтурган экен.

– Олдо байкушум ай, макулук болсо да ээсин жоктоп, кайгы тартып жатканын карагылачы! – деп апам жашып кетти. Агам аттан секирип түшө калып, Учардын мойнунан кучактады да жана өзү жебей койгон жарты нанды бешмантынын чөнтөгүнөн алып, ага сунду. Ит нанды тиштеген бойдон алдыга түшүп, үйдү көздөй жортуп жөнөдү. Керели-кечке кезерип, жол карап олтурса да нанды бурдап ийбегендиги да таңгаларлык эле.

Ошентип, башкалардыкындай эле биздин үйдө да алааматтын кээри урган убайым, түйшүктүү турмуш башталып, көр тиричилик менен аралашып калдык. Энебиз кары-картаң, катын-калач менен таң заардан чарбанын жумуштарына кетип, кол арага жарап калган агам үйдү башкарат. Өзүн командирдин солдатындай сезген мен анын тапшырмаларын алымдын жетишинче аткарууга аракеттенем. Бассам-турсам агамдын «энеңерге жакшылап жардам бергиле. Эми силерден башка таянар тоосу, тутунар тууганы жок. Анткени силер эркексиңер! Атанын атына акаарат кеп айттырбаган азамат балдардан болгула!» дегени эсимде турчу.

Жумуштан чаалыгып-чарчап келген энебиз агам экөөбүздүн ишибизди мактап, алкап киргенде төбөбүз көккө жеткенсичү. Ошентип көкөй кескен көйгөйлүү турмушту кечирип, арадан бир жылдай мезгил да өтүп кетти. Атамдан анда-санда келген каттарды ал тытылганча агама окутабыз. Тууган-урук, коңшу-колоң келе калса окутканыбыз аз келгенсип, кечкисин кемеге боюнда үчөөбүз ыкташып олтурганда да кайра алып чыгабыз. Анда төртүнчү классты аяктаган агам китепти гана эмес, кол жазманы да шыдыр окуй турган. Катка ушунчалык зээн коюп укканымданбы же бардыгы бирдей эле жазылгандыктанбы, агам алаксып, башка иш жасай калганда каттын уландысын мен жатка айта баштачумун. Ырас, «бизди башка фронтко таштады, бул шаардын жанында жарадар болдум, мында дарыландым, эми бул жерде салгылашууга катышам» дегенин түшүнбөй, эмне үчүн бир эле жерде согушпай ары-бери сүрүлүп жүрөт дечүмүн.

Бир жылга жетпей эле үйлөргө түн түшүрүп, каргашанын кабарчысы болгон кара кагаздар келе баштады. Тигинден да, мындан да өкүрүк чыгып, жесир калып кара кийген, жетим калып жүрөгү зилдегендер арбып баратты. Жатсак-турсак: «Оо, Кудай, атабыздын жанын сактай гөр!» – деп тилейбиз.

Август айынын аяккы күндөрү. Айыл чарбасында эгин орулуп, аңыздар бошоп калгандыктан эми бирин-экин малыбызды ээн-эркин коё берип калганбыз. Бар болгону кечинде гана Учар аларды короого дүргүтүп айдап келет. Адатта дегеле жаныбыздан калбаган ит бир күнү эле алдына койгон аталага да карабай арыктын кырына узунунан түшкөн калыбында жылбай жатып калды. Чакырганыбыз гана эмес, жонунан сылап эркелетсек да башын көтөрүп койбойт. Көзүнөн кээде мөлт этип, бир тамчы кулап кетет. Таза аргабыз куруп, кандай даба табарыбызды билбей бүлүндүк. Ал бизге атабыздан аманат, үй-бүлөбүздүн бир мүчөсү катары кымбат эле.

Ошентип эки күн сулк жаткан ит үчүнчү күнү кайып болуп кетти. Бирөөлөр аны бир дартка чалдыккан, жакшы ит эмеспи, айыкпасына көзү жеткен соң өлүгүн көрсөтпөй кеткен тура дешти. Айтор, ичибиз куйкаланып, күйүтүбүздөн жер сабагандай болдук. Кур дегенде анын өлүгү кайда экенин билсекчи. Эртеси күнү атамдын ордуна почточу болуп калган Айдаралы аттуу бүкүр абышка:

– Итиңер Ак-Кыянын белиндеги дөңдө өлүп жатат! – деп кыйкырды жолдон өтүп баратып. Муну уккан соң агам экөөбүз дүрбөлөң түшүп, дароо жөнөгөнү калдык.

Апам айтты:

– Жаныбар айбандардан артыкча акылдуу эле. Жакшылыгын аябай көп көрдүк. Иттин да арбагы бар чыгар, ыраазы болсун. Чуңкур казып, адегенде оозуна май тамызып, анан аспиеттеп көөмп койгула, – деди.

Айткандай эле Учар баягы атамды узатып калган дөбөчөгө жетип, ал кеткен тарапты баштанып жан берген экен. Кабыландай кабелтең ит үч күн ичинде ичтери кабырылып, сууткан тайгандай боло түшүптүр.

Кыйышпас досубузду жерге берип жаткансып, чуңкурду казып бүтүп, аны көмгүчө көздөн жашыбыз кылгырып турду. Акырында иттин бейити тебелендиде калбасын деп тегерегин таш менен корумдап да койдук.

«Аттиң! – деди агам, – атабыз аскерден кайтканда Учардын ушуерде аны күтүп жатып, жан бергенин билсе, кандай ыраазы болор эле!» Бирок андай болбоду. Он-он беш күнгө жетпей атамдын Ростов-на Дону алдындагы салгылашта баатырларча курман болду деген кара кагазы айылга жетип келди. Карасак, дал баягы иттин көз жашын тамызып, баш көтөрбөй аза күткөн күнү атабыз каза тапкан экен. Апамдын баягыда «Кумайыктын тукумунун көзү ачык болот» дегенине ошондо дагы бир ирет ынанган элем. Ошентип, биздин Учарыбыз жөнүндө аңыз айылда айтылып, далайларды шыпшынткан икаяга айланган эле...

Эми минтип тагдырдын катаал өкүмүнө кайыл болуп, атадан айрылганыбызга аргасыз көнүп, Учарды да унуткансып калганыбызда Андаш акенин сөзү капыстан баарын эске салып олтурбайбы. Анын эмне үчүн айтылгандыгы гана менин жандүйнөмдү мыжып, алай-дүлөй түшүрүп жатты. Анан шырп чыгарбай дарактын башынан түштүм да жүгөрүнү аралай үйгө жетип бардым. Апам кайра жумушка кеткени камынып жаткан экен, ага жанагы укканымды кайталап, Андаш акенин кебинин астарында эмне сыр бар? – деп сурадым.

– Балакатым, ал сырды чоңоё түшкөндө элден угарсың, азыр башыңды оорутпа, – деп энем чекемден өптү да жумушуна жөнөдү.

...Көрсө, Андаш аке аскерге кеткенге чейин Тажыкан менен аябай ынак болуп, ана-мына баш кошобуз деп турган экен. Бул аруу тилекке согуш каргаша болуп, эр жигит майданга аттанганда асылкечи өлгүчө күтөм деп ант берген экен. Псков алдындагы бир катуу салгылашта биздикилер чегинүүгө аргасыз болуп, өлгөндөр менен жарадарлардын көбү майдан талаасында калат. Ошондо кыштактагы бир орус аял үч-төрт чала жан жоокерди түндөп жер төлөсүнө сүйрөп келип, фашисттерден катат. Жараларынан эрте тыңып, жүрүүгө жарагандары эптеп биздикилерге жетиш үчүн кетип турат.

Ал эми Андашты алты-жети айдан соң чабуулга кирген армиябыз бошотот. Аны дайынсыз жоголду деген кара кагазы ошондо келип, Тажыкандын тагдыры чечилген тура. Бирок өктөлүү кеп адилет айтылды беле – ал азырга чейин жүрөктү өйүйт...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз