Ишенбай Мансуров: Талгак

  • 25.02.2024
  • 3735

АҢГЕМЕ

Бактын бутактарындагы саргайып өңү өчкөн жалбырактар эчак жерге күбүлүп түшкөн. Талаадагы жайкалган эгиндер чабылып, тегиз кыркылган маялары гана калган. Бозоргон дөбөлөрдө жылаңач куурайлар сороюп, түбүндөгү чөптөр күйүп кеткен. Батыштан суук шамал согуп, тынч жаткан көлдү бийлете кыштан кабар айтат. Балык уулоо мезгили өтүп, балыкчылар туш-тушка тарап кетишкен, калгандары таштуу жээктеги үйлөрүндө жашаганы менен көпчүлүк убактыларын колхоздо өткөрүшөт.

Калың чычырканактуу токойдун чекесинде кичинекей бир бөлмөлүү жапыз тамда жашаган экөө үйлөнгөнүнө үч ай чамасында болуп, сыртка көп чыгышчу эмес. Алар бири-бирин ысык сүйүшкөнү кошуналарына жагып, чатактан тажаган аялдар ал экөөнө суктана карашат. Айлана ээн, мурдагыдай тор жайып бака-шака түшкөн эмгек билинбейт, бирок ал эмгектин издерин айгинелегендей боорун кара май менен майлаган кайыктар кум үстүндө көмкөрүлүп жатат, андан өйдөрөөк тор кургатуучу ача жыгачтар, жиптин чириген кесиндилери.

Үйдүн сырткы кебетеси суук, жаанга эзилген шыбагынан жыгач керегеси оркоюп чыгып турат. Ичинде кызыгарлык деле эч нерсе жок, төркү дубалда айнектин ичине тартипсиз жабыштырылган майда сүрөттөр, терезеде өстүрө баштаган гүлдүн сабагы кылтыят, бурчка эки кишилик керебет коюлган, каршысында чекесин саймага бастырган арзан туш кийиз илинген. Буга карабастан үй ичи жайлуу, таза.

Кооз оюлган шырдактын чекесинде эпейип, үй ээсинин колуктусу Айгүл картөшкө тазалап отурат. Күрөң чыптамасынан борсоюп тиреген көкүрөгү дене түзүлүшүнүн түз экендигин далилдегендей, бирок, ыксыз чубалжыган гүлдүү көйнөгү анчалык жараша бербейт. Мындай караганда сулуу деп айтуу кыйын, себеби жаагы узунураак келип, калбыйыңкы эрдине эп келбейт, көзүнүн астын сепкил басып, жоолук жашырган мойну ийнине жабышып калгандай сезилет.

Ал эки айдан бери боюна бүтүп калганын билсе да күйөөсүнө көпкө чейин уялып айтпай жүргөн. Ден соолугу мурдагыдай болбой, ичкен тамагы жакпайт, бүгүн этти кааласа, эртеси сүт катыкталган жарманы кайдан болсо да таап ичкиси келет. Айгүл талгак болгонун байкады, бирок күйөөсү Сагынга айтуудан ийменди, эмне кыларын билбей кээде айылды кыдырып кетчү болду.

Күндөрдүн биринде ал уста орустун үйүнөн майга куурулган көк чаар балыкты көрдү, ошо замат каңылжарды жарган таттуу жыт көңүлүн кытыгылап, шилекейин чууртту. «Эмне кылсам, барып сурасамбы? Уят ко?» — деп ойго чөмүлдү. Ошондон баштап балыктын, болгондо да жалгыз гана көк чаардын даамы оозунан, басса-турса көңүлүнөн, уктаса түшүнөн кетпей койду. Жылдын бул маалында балык табуу кыйын, көк чаар андан бетер, себеби бул сейрек кезигүүчү балык кышка жакын тереңдеп кетүүчү. Азыр ал ошону ойлонуп отуруп эшиктен күйөөсүнүн киргенин байкабай калды.

Босогодон шырыктай узун Сагын көрүндү. Үстүндө шырыма, бутунда олчойгон кара резинка өтүк. Үйгө кирери менен колуктусунан көзүн албай жагымдуу жылмая колундагы балтасын босогого жөлөп, олдоксон адымдай төргө өттү.

- Эмне кылып жатасың? Тамак даярдасаң тигине, токойдон отун кертип келдим, кемегенин жанында турат,— деди коңур үн чыгарып. Сагынып калгансып жанына барып отурду, оңтойсузданып колуктусуна карады.

- Айгүл, бери болчу?

Сагындын ишааратына Айгүл да эреркеп кетти.

- Эмне, өөп кой деп турасыңбы? Болуптур, эңкей.

Сагын албырган бетин ага тозду. Колуктусунун өпкөнүнө карабай кайра бооруна кысып, көпкө чейин коё бербей турду.

- Болду эми... Тамак даярдайын?

Айгүл жоолугун оңдоп, бычакты кайрадан колуна алды. Сагын көп сүйлөбөгөн жигит, жүрөгү менен тыңдап, бардык капасын, кубанычын, сүйүүсүн ичинен өткөргөн. Шадылуу арык колдорунан тарамышы оркоюп чыгып турат. Өңү сургулжум тартып эрди шамалга кесилип кеткен. Ал өйдө турду. Эсине бирдеме келгенсип колуктусуна бурулду.

- Сен тамак даярдагыча мен кайыктарды бир жолу сыртка чыгарып таштайын, эми кереги деле жок ко?

«Кайык» дегенде Айгүлдүн көзүнө жаңы кармаган көк чаар балык элестеп, каалоосу мурдагыдан беш бетер күчөп, оюнда аны чийки бойдон жеп жиберүүгө да даяр эле. Ордунан тура калып, чыгып бараткан Сагынды колдон кармады.

- Сагын, мен... мен көк чаар жегим келет.

- Азыр көк чаар болобу, кааласаң бир чака чабак таап келип берейин. Кошуна балыкчыларда бардыр.

- Жо-ок, анын кереги жок. Көк чаар жегим келет!

Сагын колуктусуна шектүү карады, заматта белгисиз ойлор пайда болду. «Ооруп калбасын. Өңү да жок, баса, көк чаарга ушунча эмне кызыгып калды?» Колуктусуна үңүлө карады.

- Отурчу, бери. Эмне эле чабакты каалабай, колдо жок көк чаарды каалап калдың?

Айгүл токтоно албай буулуккандай аптыга сүйлөдү.

- Түшүнбөгөн... мен талгакмын!

Айтаарын айтып алып, кайра коркуп кетти, уялганына чыдабай тескери бурулду, көзүнө ысык жаш тегерене калды. Сагын эмне кыларын билбей, жалдырап, колуктусун телмире карады, чочугандай кучактай калды, жанынын бардыгынча тегеретип, балача көтөрдү. Айгүл чабалактап, чачтары жанып кетип, жыгылчудай күйөөсүнүн мойнуна асылып алды. Сагын бир топтон кийин барып аны жерге түшүрдү. Балалуу болоруна жан-алы калбай, өзүн чоң киши катары эсептеп, жүрөгү алып учту.

- Эчак эле эмне айтпадың, жердин түбүнөн болсо да таап бербейт белем?!

Айгүл унчуккан жок, тек гана жылмайып тура берди. Күйөөсүнүн кубанычына ортоктош болуп, эртерээк бала төрөп бергиси келди. Сагындын жүрөгү катуу кагып, колуктусу мурдагысынан эки-үч эсе кымбат сезилип, ичинен өзүнүн байкабастыгын жемеледи. Айланадагы нерсенин бардыгын унутуп койду. Айгүл талгак болбой эле өзү талгак болгонсуп, бактылуу, канат байлагандай эшикке чуркап чыкты.

Алыскы тоо чокуларында томуктай булут көрүнбөйт, асман көмкөрүлгөн казандай көгөрүп, Ысык-Көлгө жамалы жараша калат.

Сагын көлгө чыгууга камына баштады. Сарайчанын ичинен издеп жүрүп челектердин алдынан кайырмактарын таап чыкты, моторун кайыктын артына бекем орнотуп, керектүү буюм-кечелерин арткы орундуктун алдына жайгаштырды. Анан артында турган Айгүлгө карады.

- Мына, бардыгы даяр болду. Кечке жетпей эле келем.

Ал күндөгүдөн көңүлү ачык, ичинен кымыңдап жылмаят.

- Кеч калба, түшпөсө жүрө бер. Уктуңбу?

Сагын кайыктын боолугун чечип, якорун көтөрүп ичине салды.

- Болуптур, келер маалым болгондо сууңду кайната бер. Балыксыз кайтпайм.

Ал сууга тизесине чейин кирип, кайыкты көлгө түрттү, күү менен ага секирип түшүп, калакты колуна алды. Жең алдынан карылуу булчуңдары түйүлө калып, калакты чалкалай тартканда оор кайык акырындап жылып жөнөдү. Колуктусу жумуру колдорун сереңдетип артынан кыйкырып калды.

- Сагын, түшпөсө убара болбо, карачы түш ооп калды. Уктуңбу?

Күйөөсү «макул» дегендей башын ийкеди. Узаганча экөө көздөрүн бири-биринен албады. Бута атым барганда кайыктын артынан боргулданган суунун көбүгү чыгып, мотордун тыртыраган үнү жээкке даана угулду. Кайык түштүккө багыт алып, тумшугу сууну жирей зымырап баратат. Шамалдын дыбышы билинбейт. Чарылдаган ак чардактар чуру-чуу түшүп асманда учуп жүрүшөт. Алар бирде канаттарын эркинче жайып жиберип, кээде чырылдап куушуп ойнойт, кээде көлдүн үстүнө төбөсү менен сайыла калышат да, боору жаркыраган ак чабактарды тиштеп, өзүнүн кылыгына өзү ыраазы болгондой айланып учат. Кайыктын түбүнөн балыктын буруксуган өзгөчө жыты келет, бутунун алдында бооланган жиптин бир учу чубалып жатат, жанында кайырмактын калкытмасы менен консерва салуучу банканын ичинде ак курттар жана чала жан болгон чегирткелер кыбырап жатат. Сагын кыялга чөмүлүп кеткен.

Көк чаар бу тегеректе жок болуш керек. Ошондой болсо да ал аракет кылып көрөт, кандай болбосун Айгүлдү ыраазы кылуу керек, балык кармамайынча ал үйгө кайтпайт. Колуктусу талгак болгонун эмнеге эчак айтпады экен, өзү билгенде сак болуп, эмдигиче бир челек көк чаарды туздап таштамак.

Ушинтип ойдон ой келип, бара-бара жээктен бир далай алыстады. Үйлөрдүн сөлөкөтү бүлбүлдөп, чатырлары гана көрүнүп калды. Көлдүн бул жеринде шамалдын жоктугуна карабастан толкундун сакталып калган калдыктары кайыкты бир кыйла терметет.

Сагын моторду өчүрүп, якорду боолугунан кармай көлгө ыргытты. Тиштүү оор темир сууну чачыратып, жиптин бир жак учун көлдүн түбүнө карай соруп кетти. Мына, ал көлдүн түбүнө токтогон окшоду, жиптин кайыктагы учу суунун үстүндө бош калкып калды. Сагын аны кайыктын тумшугундагы тегерек илмек темирге байлап, кайырмагын жандырды, банканын ичинен эки чегирткени алып чыгып учуна илди, анан коргошун байлаган жагын көлгө чөгөрө баштады. Экинчи кайырмакты да так эле ошондой даярдап аны кайыктын экинчи жагына салды. Бир аз көңүлү жайланган окшоп, бүктөлгөн газетадан айрыды, бир жак чөнтөгүнөн бармактарына тамеки чымчып чыкты да тыкандык менен чылым ороп, ширеңкени чакканда тамекинин түтүнүнө саргарган бармагы даана көрүндү.

Байкабаган адамга бу жигит колуктусун ушунчалык жакшы көрөрүн билүү кыйын, тескерисинче, сырткы кебетеси орой сезилип, өтө эле эркин сүйлөмө адаттары аны назик сезимге кайдигер көрсөтөт. Жетимдиктин каарынанбы, же мурдатан эле өзү ушундайбы, сыр билгизбегени менен жүрөгү дайыма кейигендей болуп, жалгыздыктын азабына жык толгон, колуктусун медер көрүп, балалуу болууну ичинен тилеп жүргөн. Эми күткөн тилеги келип отурат.

Мурда ал Балыкчы кеме токтоочу жайында жумушчу болуп иштеген. Жашынан көлдү энесиндей сүйүп, андагы турмушка аралашып жүрүүнү каалачу. Биринчи жолу Айгүлдү эми эле узаган жээктен жолуктурган, көрөрү менен ага жүрөгү жылып, сүйүп калган. Анда ал катер менен келип туздаган балыктарды жүктөп жүрчү. Ошондон үч ай өткөндөн кийин экөө баш кошуп, Сагын балыкчы болуп кала берди.

Ал тамекисин тартып болуп, суунун үстүндөгү калкымага суроолуу тиктеди. Анда эч кандай кыймыл жок.

«Бу эмне, балык житип кеткенби? Балким тереңирээк жерине барсам кармап жүрбөйүн». Теребелде толкундун шарпылдаган үнүнөн башка тынчтыкты бузган эч кандай жандык жок. Жалгыз гана түтүнүн көккө бүркүп баржа сүйрөгөн кеме чыгыштан батыш тарапка баратат.

Арадан бир саатча убакыт өттү. Сагын якорун алып, моторду от алдырды. Арылаган сайын толкундун мурдагысынан катуураак экенин кайыктын чайпалганынан байкады. Бирок ага көнүп калгандыктан эч кандай маани бербей, тек гана балыктын түшпөгөнүнө ачууланып тынчы кетти. Беш жүз метрдей келгенде якорун таштап, көлгө кайрадан үңүлдү. Көл мостоюп мамилеси суз, колуктусунун каалаганына каршы болгондой кабагын салат. Чын эле эч нерсе кармай албай куру кол барабы? Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес. Ал жок дегенде беш-алтыны кармап анан үйүнө кайтат, болбосо ордунан жылбайт.

Аңгыча кайыктын оң жагындагы кайырмактын калкымасы тартылып калды. Сагын сүйүнүп кетти. Балыкты биринчи кармаганда да ал мынчалык кубанган эмес. Шашкалактап жанынын бардыгынча жипти өзүнө тартты, булкканына караганда, сөзсүз көк чаар деп жүрөгү какты. Кайырмактын учу чыкканда түрпүнүн куйругу бултактап жүргөнүн көрүп Сагындын шаа бою сууй түштү, өмүрүндө биринчи жолу ачуусу келгендей кумсарып, балыкты кайрадан көлгө ачуулуу ыргытты.

Чыдамсыздык менен дагы күтүүгө туура келди. Жайында ал мындан жакын эле жерлерде кайырмак салганда балыктын көптүгүнөн тартууга шайманы келбей калчу. Айгүл эмне үчүн ошондо талгак болбоду экен? Бул суроого ачык жооп таппай ийнин куушурду. Кыларга кайырмактан башка иш болбогондон кийин анын башына ушуга окшогон ар кандай нерселер келе берди. Баары бир кандайдыр бир нерселер менен ойду алек кылуу керек болчу.

Арадан дагы эки саатча убакыт өттү. «Айгүл күтө берип чарчады го. Кой, дагы тереңирээк жакка барайын». Ал ушинтип ойлоду, якорун дагы алып, ортого карай жөнөдү. Күн ылдыйлап калган. Батыштан көрүнгөн кара булут асмандын бетин жаап жылып келатат. Мурдагы ордунан Сагын бир далай ыраак барып токтоду. Бакытка жараша балыктын уюгун тапкан көрүнөт, беш минута өтпөй чоң эмес көк чаар кармап алды. Сагындын сүйүнгөнүн айтпа, колуктусу эркек төрөгөндөй секирип, кайыктан ыргып кете жаздады. Коңүлсүз отурушу тумандай тарап, эми экинчисин кармоого үмүткөр. Тагдыр аны алдаган жок, экинчисин, анан үчүнчүсүн, болгондо да жеңдей көк чаарларды колго түшүрө берди.

Күн булутка кирди, айлана заматтын ортосунда күңүрт караңгылыкка батып, муздак шамалдын илеби келди. Балыктын кызыгына баткан Сагын бул өзгөрүүнү байкабады. Ысык-Көл чочуп ойгонгондой үстүнөн көбүктөнгөн толкундар сүрүлүп баратты. Сагын көлдүн түрүн көрүп, кайтууга кам урду. Анткен менен көңүлү жай, Айгүлгө деген он чакты көк чаар баштыкта жаткан. Якорду көтөрүп, моторду от алгызды, кайык элпек бурулган бойдон жээкке баштанды...

Табыят каарын салды, заматта катуу шамал көтөрүлүп, майда толкундар чоңоюп отуруп, ойлобогон кордукка алып келди. Шамал адам менен эрегишкенсип, мурдагысынан бетер жинденди, көлдүн үстүнөн борошодой кылып сууну учура баштады. Жээк али ыраак, анын үстүнө караңгылыктын канаты айлананы чүмкөп келатат. Сагын бир колу менен баштыкты бекем кармап, эмнегедир аны сууга түшүрүп жиберүүчүдөй битирленди, экинчи колу менен рулду башкарып баратты. Кайык алп толкундардын арасында, бирде көрүнбөй калса, бирде дөбөгө чыккандай болот. Ылайыктуу бир нерсе ойлоп табууга мүмкүн эмес, ошондуктан анын бир ою кайыкты түз кармап, багытынан адашпоо, болбосо толкундун эпкини аны кайыгы менен көмкөрүп кетиши ыктымал.

Катерде жүргөндө мындай толкундардын неченин көргөн, бирок анда мынчалык коркунучтуу болгон эмес. Азыр толкун анын боюнан аша коюп жатат, туура эмес бир кыймыл жасаса эле ажалдын чеңгелине түшчүдөй. Сагын колу талып кеткенин сезди, эмнегедир коркунучтун белгиси катары денесин билинер-билинбес калтырак басты. Буттарын кайыктын бооруна тиреп, боюн түз кармоого аракеттенди. Асман жерге кулап, жер асманга аралашкандай күркүрөө кулакты тундуруп, суу тамчылары үстүнө жабылат.

Сагын жаандын шатырап жааганын, чагылгандын чартылдаганын сезбеди. Ага көл кайнап жаткандай көрүндү. Бир маалда кайык толкундун кырына жетпей, көмкөрүлө тургансып кыйшая түштү. Көзгө сайса көрүнгүс. Ал кайда баратканын билбей, коркунучтун жакын калганын байкап, кайыктын бир жак кырына жабыша калды. Мээ тынымсыз иштеп, капыстан келген шартка ылайыктана калат. Алдыда жаңы күрөштөр, татаал салгылашуулар жаткан сыяктанат. Сагын бараткан багытын, жээкке канча калганын, же артына баратканын билбейт.

«Шамал мени көлдүн ортосуна айдап баратпасын, болбосо жээкке жете турган убакыт жетти го? Баса, балыгым кана?!..» Сагын колундагы балыгын көрүп эс ала түштү. Бир үмүт — толкундун агымы, толкун түпкүлүгү барып жээкке урунат. Демек, анын багыты туура, акыры жээкке жакындашы ыктымал. Үмүттү үзбөш керек, анын аягы жеңиш. Толкун кутургандай ташып, кирген буурадай көбүгүн чачкылайт. Кайдадыр бир жакта жарга урунгандай, күүлдөп барып шарп дей түшкөн толкундун доошу кулакка урунат. Сагындын сезими ал добушту күтүп тургандай илип алды, жээкке жакындаганын билип селт дей түштү.

Коркунуч ушунун өзүндө эле, себеби көл тайыздаган сайын толкун кум-ташка аралашып, кээде кайыктын түбү ага такалып калат, ошондо артта келаткан толкун жолундагы нерсенин баарын жууруп, кучагына ороп алышы мүмкүн. Муну балыкчылар баштатан жакшы билишет. Сагын алдыдагы коркунучту сезген илбирстей комдоно калды, салгылашууга кире турган жоокердей обдулуп, баарыдан мурда балык салынган баштыгынын боосун мойнуна илди. Анан келчү бактысыздыкты чыдамсыздык менен күттү. Көзүнө колуктусунун сүрөтү көрүнүп, чолок ойлордун үзүндүлөрү кинолентанын кадрларындай көңүлүнөн чубуруп өттү.

«Баштыкты жоготпоо керек! Жээкке жетип калдым окшойт?!.» Аңгыча кайыктын мотору өчкөндөй болду, ташка урунгансыган темирдин үнү чыкты, ошол эле замат аны бирөө артынан чапчып алдыга ыргыткандай буту кайыктан тайып, өзү алдыга ыргып кетти. Кулак мурдуна кирген суу муунтуп, оозу шор даамданды. Жан талашып колу таяныч издеп, сууну чапчып, алга умтулду, бирок чөгө баштаганда бутунун башы ташка урунганын сезди, эсине келгиче артынан келаткан толкун үчүнчү жолу аны жеңил топтон бетер уруп ыргытты. Сагын эсинен танып калды.

Бир убакта эсин жыйып көзүн ачты, бирок жакшылап эч нерсени көрө алган жок, чалкасынан сулап кумдун үстүндө жатканын гана билди. Биринчи болуп оюна келгени — балык салынган баштык. Эки жагын сыйпалап таппаганда денеси жыйрылып, жүрөгү солк дей түштү. Куду эмгектеп келаткан жаш баладай сенейген буттарын сүйрөп, майда таштарды сыйпалап баштыгын издей баштады. Мууну бошоп, күрсүнүп катуу дем алышын байкабай, таягын жоготкон сокурдай кумдарды колуна чеңгелдеп, бараткан жагын өзү да билбей, ага жете албай жээк жалап жаткан толкунга жакындады. Кокустан колуна жумшак бир нерсе урунду. Колуна алса баштыгы экен. Кандайдыр бир себеп менен кум чайпап көөмп калган чычырканактын тамырына боолугунан илинип калыптыр. Алтынын тапкан соодагердей жулуп алды боолугун чычырканактан, түшүп кетчүдөн бетер көкүрөгүнө бекем кысып, анан суу болгон өтүгүн чалпылдатып мас адамча батышка теңселе басты. Ушуга чейин ал үшүгөндүгүн ал билген эмес, эми тиш-тишине тийбей калчылдады. Шатыратып куюп жаткан жаанды эми гана билди...

Канчалык аралыкты басканы белгисиз, үйүнүн дүмпүйгөн сөлөкөтүн көрдү бир кезде. Кайыктар жаткан аянтчаны араң тааныды, баягы түш оогон ченде өзү көлгө чыккан жерге келди. Себеби, Сагын ал жерде Айгүлдүн күтүп турарына толук ишенген болучу. Ишеничи текке кеткен жок, өзүнөн үч кадам алдыда турган адамдын кичинекей караанын байкап, ага жакын барды. Айгүл турган ордуна катырып таштаган статуядай көл бетин тиктейт. Толкундун шуулдаган доошунанбы, же коркконгобу ал Сагындын арттан келгенин байкабай, көзүнөн жаан аралаш куюлган жашка бетин жууп, жүрөгүнүн ар бир кагышы ар бир секунданын өтүшү ал үчүн бир жылга барабар болуп турган. Ошондой болсо да Сагындын аман-эсен келишине ишенип, ал кайтпаган күндө да өмүрүнүн акырына чейин ушул жерге келип күтө бермек.

Сагын жакын барып, жыгылып кетчүдөй болуп сенделип, анан оң колун Айгүлдүн ийнине салып, болгон күчү менен колуктусун бооруна кысты. Кысты, деми чыкпай калгыча кысты! Акырында үйүнө өзү араң турса да колуктусун жаш баладай көтөрүп кирди. Айгүл көпкө эсинен танып жатты. Бир убакта гана акырын көзүн ачып акылына келди, чоочун үйдөн уктап тургандай сестенип, маңдайында олтурган Сагынга жалооруй карады. Аны аман-эсен көрүп турганына ишенбей, тагдырга ичинен миң мертебе жалынып, кечээки күткөндөгү азап тартканын унутуп коюп, эң эле бактылуу аялдын сезимин сезип турду. Күтүлбөгөн жерден күйөөсүнүн мойнунан коё бербей асылып, бир ооз сөз сүйлөбөстөн солкулдап ыйлай берди...

Бул түнү көлдүн жээгиндеги кичинекей эки терезелүү үйдө таң атканча чырак күйүп турду. Бурчтагы баштыктын оозун эч ким ачкан жок, андан сарыккан суу полдун астына агып кирип жатты. Таң аткычакты токойдон түндүн бабырганы — мыкый үкүнүн үн салып көзүн жалжылдатканы, ары-бери учуп тынчы кеткени, уясын жоготкон ак чардактардын жаагын жанып чарылдаганы теребелдин тынчын алды. Ташка урунуп талкаланган кайыктын сыныктары кумдун үстүнө туш келди чачылып жатты.

Эртесинде колхоздон акушер кызды шашылыш чакыртып келишти. Айгүл өңүнөн кызылы кетип керебетте кыймылсыз, телмирген көзүн шыптын бурчуна кадап жаткан. Бир сааттан кийин акушер кыз Сагынга колуктусунун боюнан түшкөнүн билдирди. Сагын үстүнө асман урап түшкөндөй жыйрылып, арык жаагынан тоголонгон ысык жаш ууртуна кулады, көксүгөн капасын сыртка чыгарбоого аракеттенип, эрдин кесе тиштенип, кайдыгер албууттанып жаткан көлдүн бетине телмирип карап турду.

1959

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз