Эркин Сазды жайлап бек,
Ээн-элкин чардап тек.
Чылым чегип көлчүктө,
Чымын учса кармап жеп.
Жыргап жүргөн нака алар,
Жыйын курду Бакалар.
Тостойтушуп көздөрүн,
Толгой таштап сөздөрүн.
Азап тарттык деп айтты,
Азаттыктын өздөрүн.
-- Эсеп-кысап такталбайт,
Эчким бизди башкарбайт.
Эмне десең баары эле,
“Эркиндик” деп тастаңдайт.
Уйга жүгөн катчубу,
Ушул дагы жакшыбы?
Бузду көндүм жашоону,
Бул замандын кастыгы!--
Дешти дагы чурашты,
Сууга чулп-чулп кулашты.
Чурулдашып Кудайдан
Бир падыша сурашты.
Өстүрөт деп ким элди,
Өтүнүштү, тиленди.
Кудай анан аларга
Бир Падыша жиберди.
Ал түшкөндө кылкылдап,
Жер огунан кылтылдап.
Чөгө жаздап токтоду
Саз өлкөсү былкылдак.
Бакалардын жүрөгү,
Баты кетип жүдөдү.
Коңулдарга жашынып,
Коркконунан үрөйү,
Анан барып кыбырап.
Баш көтөрүп жыбырап,
Падышага акырын
Баа беришти шыбырап:
--О, Жараткан канагат,
Жан экен го салабат!
Кең экен го кенебес,
Кен экен го керемет!
Алп десеңиз алп экен,
Акылгөйгө карк экен!
Жүзү Күндөй жагымдуу,
Жүргөнү салт-нарк экен!--
Деп Бакалар жайгарып,
Демин басып жайланып.
Жолу шылуун далайлар,
Жолой албай айланып.
Көрсөк дешип дүрбөшүп,
“Көрсөт?”--дешип, “Жүр?”--дешип.
Көрүп алып паашанын
Көздөрүнөн сүрдөшүп.
Кан болду деп үмүттүү,
Кайра алдык деп күйүттү.
Камыш баскан көлчүктөн
Карай коюп жүрүштү.
А чынында адиңкү.
Дөө-шаа деген Падыша,
Даңгөч болчу кадимки.
Асманда жок жерде бар,
Айбанда жок элде бар.
Адам колу жетпеген,
Бул дүйнөдө эмне бар?
Жүрө бербей жашынып,
Жүрөктөрү басылып.
Бакабайлар паашага
Барып жатты баш уруп.
Айрымдары кыйгачтап,
Арзыматтар жылжактап.
Эргулдары түз эле,
Ээрчип алды шыйрактап.
Зың-зың этип кенебей,
Зыл ташындай ченебей.
Болк эткен жок Падыша,
Боло жүргөн немедей.
Күүлөнүшүп нака алар,
Күчөдү анан Бакалар.
Падышанын башынан
Секиришип таза алар.
Оюн-куюн билишти,
Ойда чардап киришти.
Оң-тескери мойнуна
Ой келгендей миништи.
Сонуркашты, карашты.
Соодалары өткөн соң,
Сонундары тарашты.
Соолубаган эмне жок,
Соолуганда тажашты:
-- Баттык көлчүк, ылайга,
Бакага кыл бир айла.
Сайпана экен Падыша,
Салды бизди убайга.
Жакшыраагын бергин деп,
Жалынышты Кудайга.
Кулдарынын арманы,
Куюн болуп арбады.
Кутултайын андан деп,
Кудай бирөөн камдады.
Кар бууланып, чөп өстү,
Каптады ным сөгөттү.
Калыс Кудай аларга
Каркыраны жөнөттү.
Падышалык баркына,
Жетмек болду Каркыра.
Жашыл көлдүн жээгинде
Жарлык кылды жалпыга.
Күнөөлөнү кармады,
Күнөөсүз жан калбады.
Күндө үч маал бакканын,
Күлгүн этин жалмады.
Чардагандар азайып,
Чатак болду Саз анык.
Камыш түбүн Каркыра,
Карайт күндө кашайып.
Барган сайын кысып жейт,
Баратканда учуп жейт.
Бака көргөн жерден ал
Баса калып тытып жейт.
Кайгы каптап буркурап,
Калың Бака чуркурап:
--Туйсаң боло, о Кудай,
Тукумубуз кыркылат.
Суудан чыкпай башыбыз,
Сугат болду жашыбыз.
Каркыраны жоготуп,
Кайгыбызды басыңыз?
Жогортодон тим эле,
Жооп болду бир эле:
-- Жооп Падыша жиберсем,
“Жогот!” деген ким эле?
Залим дейсиң мунусун,
Заадиң Бака курусун.
Жаалымда алсам мындан да,
Жаман болот жумушуң!
Которгон Шайлообек ДҮЙШЕЕВ