Аман Токтогулов которгон Иван Крыловдун тамсилдери

  • 29.10.2020
  • 4498

ТАШ МЕНЕН СӨӨЛЖАН

Талаада жаткан таш жаанды сөктү:
«Ушу шатыраган келесоонуку өттү.
Бу келсе эле баары сүйүнүп калат,
Тимеле кымбат меймандай тосушуп алат,
А кыйратып жиберди эмнени?
Өтөт-кетет быдырап эки-үч сагат.
Андан көрө баалай билсе боло мени!
Мына мен канча кылым тыптынч жатам,
Кайда ыргытса ошерден эч жылбастан.
А бирок ырахматты уктум канча?
Сөгүшөт бул дүйнөнү неге десем,
— Мунуңда акыйкаттык эч жок экен».
Сөөлжан: Оозуңду жап! — деди анда.
— Бул жамгыр аз жааса да,
Чаңкап турган кургакчылыкта,
Суу берди эгин талаага.
Дыйканды кубандырып кетти жана
А сен бир керексиз жүк, жатасың да».
Кезигет кырк жыл иштедим деп төшүн каккан,
Коомго пайда берген жагынан айырмасы жок таштан.

БАКА МЕНЕН ӨГҮЗ

Бака көрүп өгүздү оттоп жаткан,
Теңелмекке ой кылды келбет жактан.
Ич тарлыгы бар эле тагдыр жазган.
Бир ычкынды, ичине толтуруп жел,
Курбусуна үн салат: «Эй, мени көр,
Дардайдымбы өгүздөй?» «Жок, катүгүн...»
«Дагы кара, мынакей, минтсемчи эгер?
Мына чындап ыйындым, кандай болдум?»
«Баягыдай эле балчайып турсуң шордуум».
«А эмичи?»
«Дале ошосуң».
Жел толтуруп оозуна дагы ыйынды,
Ичи көөп, тарсайып зорго турду,
Акыры өгүзгө тең болмок турсун
Чыдабай тарс жарылып, өлүп тынды.
Мына ушундай адамдар чыгат элден,
Өзү өлө албай жүрүп,
Көкүрөгүн керген,
Кылган иши, чама-чаркын билбей,
Оюнда дворяндарга теңелген.

БУЛАК

Жакшы көргөн бир козусу койчунун
Шарына агып кетти эле чоң суунун.
Ичи ачышып, ырдап айтты ал койчу
Мөл булакка шол арманын, шол муңун.
Анын сөзү жаалдантты булакты,
«Канкор дайра! Менин түбүм сыяктуу
Сенин түбүң тайыз болсо эмине!
Ач көздөнүп жутканыңдын бардыгы
Кимге болсун турмак дайым көрүнөө.
Жутуп-жутуп уятына чыдабай
Жерди көөлөп киргенсиң да тереңге.
Сеникиндей мол сууну эгер, аттиң ай,
Тагдыр менин энчиме да бергенде,
Мал-жан тургай, чөпкө зыян эч кылбай
Болмокмун бир жердин көркү көргөнгө.
Агылмакмын эң бир аяр, эң бир жай.
Үйлүү-жайлуу, бак бадалдуу жерлерде.
Мен баарына мөлтүр суудан бөлгөндө,
Өрөөн, шалбаа алкыш айтмак аябай.
Башкаң түгүл, барикти да агызбай,
Тилегеним болуп жалаң жакшылык,
Балээси жок, кырсыгы жок агылып
Көк деңизге жеткичекти күмүштөй
Күн нуруна жатмакмын да чагылып».

Деди булак. Чыны ошондой ой кылды.
Не болду анан? Бир жума өтпөй булуттар,
Коргошундай басып турган ой-кырды,
Төгүп берди жамгырды,
Туш тараптан кыян кылды сел кылды.
Булак суусун дайра менен тең кылды.
Үч, керемет! Жаткан булак кылдырап,
Мөңкүп-туйлап, жээктерин ургулап,
Бет алганын күкүктөнтүп каптады,
Дарак-талдар түбү менен бүт кулап,
Үрөй учкан алааматты баштады.
Кечээ эле сөздөр менен тандалуу
Сөккөн эле дайраны;
Азыр болсо так эле ошол койчунун
Өзүн, малын, үйү менен жайлады.
Булактар көп нугунда тыптынч аккан,
Үнү дагы чулдурап жанга жаккан,
Чамасы чарк, шондуктан жоош жаткан.

ТҮЛКҮ МЕНЕН СУУР

«И секет, кайда шашып, артыңдан жоо куугандай?
Суур сурады Түлкүдөн.
«Пара алды деп каралашып, жок жеринен Сукешбай,
Кетип барам айдалып, болбосо да түк күнөөм.
Билесиң го, турбадымбы тоокканада сот болуп,
Иш дегенде жанды аябай, тыным деген жок болуп.
Түндө калып уйкудан
Ач болуп да, ток болуп,
Акыр минтип ак жеримен күйүп кеттим чок болуп.
Ушак жетти түбүмө.
Өзүң деле ойлоп бак:
Ушак сөздү уккан жерде болчу беле акыйкат...
Пара жейт дейт, ой-тобо, параны жейт кай акмак?
Мына, Сукеш, өзүң болчу калыс сот,
Менден деги зыян тартты кайсы тоок,
Сени күбө кылайын. Эстеп көрүп, берчи жооп.
«Кой,— деди Суур,— мен көргөндөн дегеле
Тумшугуңдан тооктун жүнү кеткен жок».
Кээ бирөөлөр эл көзүнчө үшкүрүшөт,
Жанында бир сом эле калгандай жүрүшөт.
Чынында эле өзүн да,
Аялын да,
Бүт шаар эли таза деп билишет.
А карасаң бүтүндөй кыштакты сатып алышат,
Аста-секин там да салып бүтүрүшөт.
Анча каражатты кайдан жүрүп жыйганын,
Далилдеш кыйын, каерден эмне кылганын,
Бирок кантип айтпай коёсуз жашырып
Тумшугунда тооктун жүнү турганын.

УСТАРА

Жолоочулап келатып, бир таанышыма жолугуп,
Бирге түнөп калдык, экөөбүз чогулуп.
Таңында уйку-суроодо жатсам,
Тигинин үнү чыгат— азапка баткан.
Кечинде күлүп-жайнап, жатканбыз беймарал.
Эмне болуп кетти деп, өзүм калдым аң-таң.
Бирде кокуйлайт, бирде онтоп, үшкүрүнөт,
Шарт ойгонуп сурадым:
«Ой сен ооруп калгандан соосуңбу?» деп.
«Ох-ий... ата... сакал алыбатпаймынбы» дейт.
Койчу! деп бурулуп карасам,
Чын эле көз жашы салаалап аккан,
Терисин тескери сыйрыбаткансып,
Тимеле үңүрөйүп, чеке-башы тырышкан,
Күзгүнү бетине коюп алганын айтсаң!
Түшүнөр замат бул азаптын башын
Айттым ага:
«Эй, бу не деп өзүңдү өзүң кыйнашың?
Дагы жаак экен сенин жаагың —
Устара эмей эле орок турбайбы алдагың.
Анан көзүңө кантип көрүнбөсүн жаның».
«Ох, досум, анык кеп ко аның,
Ороктон да мокок экенин билем устарамдын.
Бизде да акыл бар го, кантип билбей калайын,
Бирок курч устара кесип кетет ко деп,
Ошондон корком дайым».
«Досум, менден акыл ук андан көрөк:
Мокок устара сакал кырабы —
Кесет, тытат— азабың колго берет;
Кучтун иши курч, шарт кырат да коёт —
Этиет уруна билүү гана керек».

Бу тамсилден чыгарам кандай сабак:
Далайларда бар момундай адат:
(Өздөрү моюнга алгандан уялат) —
Акылдуулар менен иш жүргүзүүдөн коркуп,
Жанына жалаң акмакты топтоп алат.

Которгон Аман ТОКТОГУЛОВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз