Иван Крыловдун тамсилдери Аман Токтогуловдун котормосунда

  • 14.09.2020
  • 5401

КҮКҮК МЕНЕН БҮРКҮТ

Бүркүт Күкүккө алып берди,
Булбул деген наамды.
Күкүк эми өзүн сезип бараандуу,
Талга кайкалап конуп, болгон талантын
Көргөзмөй болуп калды.
«Кү-үкүк» дегенде эле баары туш-тушка уча качты,
Бири шылдыңдап күлсө,
Бири сөгүп жатты.
Күкүктүн маанайы пас, капаланды:
«Куш-паренделериңдин баары ит экен,—
Деп даттанып Бүркүткө барды.
– Мына өзүң колдогонсуң, калыстыкка салгын,
Бүт токойго Булбул деп жарыяландым,
Эми мен сайрасам күлгөнү кандай буларыңдын?!»
Анда Бүркүт айтат: «Мен падышамын; —
Кудай эмесмин, ошо жагын ойлон,
Тагдырыңа жазылганды мен эмне кылып оңдойм.
Ырас, Күкүк дебей Булбул деп чакыргыла дедим,
А Күкүктөн Булбул жасаш кайдан келет колдон».

ПАРНАС

Кууп чыгышканда Грециядан кудайларды,
Элге таратышты алар ээлеген бардык жайды,
Кимдир-бирөөнүн энчисине Парнас тоо тийди.
Ал аерге эшектерин айдап барып салды.
Эшектер кайдан уккан, айтор, билишет экен,
Биерде мурда Музалар кылганын мекен.
Өздөрүнчө сөз кылды:
«Бу Парнаска
Бизди апкелген жок бекеринен;
Бүт дүйнө жадаган да Музалардан,
Дүйнө эми ыр уксам дейт Эшектерден».
«Ал эмесе,— деп кыйкырды бирөө,—
Мен баштайын, артымдан сүрөгүлө!
Атасынын көрү, бүжүрөбөгүлө!
Эшектер үйүрүн дүңгүрөтөбүз,
Музыканы тогуз Музадан өткөрө көтөрүп,
Өз хорубузду түзөбүз!
А бирок орнотолу момундай тартип,
Биздин тууганча биримдик бузулбасын десек:
Эшектикиндей кооз үнү жоктор биерге жолобосун.
Парнаска алынсын жалаң гана Эшек».
Ушундай Эшек гана айта турган,
Сырты жылма, түбүндө былык сөздү
Эшектер бир добуштан туура дешти.
Ал анан угуп алгын ырчыларды:
Миңдеген майланбаган арабанын,
Таш жолдо кайч-куйч этип баратканын,
Бир саамга элестетип көрсөң барбы —
Дал ошондой бир балээ үн чайылдады.
Не болду мындай укмуш хордун аягы?
Кожоюн чыдабастан бүт эшекти
Парнастан малканага кууп салды.
-------------------------------------------
Чычалабай эле койсун кемпай пенделер,
Мен бир мындай месел кеп айтсам эгер.
Өз башыңа тагдыр мээ бербеген соң,
Мээ таап бербейт сен ээлеп олтурган жер.

КАРЫШКЫР МЕНЕН КОЙЛОР

Карышкыр койго күн көргөзбөс болду.
Акыры бул маселени
Айбандардын өкмөтү кабыргасынан койду,
— Коргош керек деди койлорду.
Бул үчүн чоң Совет түзүлдү.
Көпчүлүгү ага Карышкырлар кирди.
Жаналгыч эмес да карышкырдын баары.
Маселен алардын бир даары
Мал-сал түбүндө оттоп жүрсө дагы
Тиймек турсун карап да койбойт —
Эгерде лыкыйып ток болсо курсактары.
Бир эмес, көп эле көргөндөр бар аны!
Анан Советке кантип киргизбейсиң аларды?
Ооба, коргош керек койлорду.
Бирок карышкыр куурасын деген сөз эмес да бу!
Ошентип түнт токойдо Совет чогулду.
Айтылды, талкууланды, ойлонулду.
Акыры бир законду алышты кабыл,
Ал закондун айтып турганы бул:
«Эгер Карышкыр тентектик кылса,
Оторго келип койду таарынтса,
Анда Кой анын көзүнө карабасын,
Шак эле желкесинен алсын,
Жанаша турган токойдун ичине
Түптүз сотко сүйрөп барсын».
Туптуура закон, эчтеке дей албайсың.
Бирок ушу күнгө чейин мен,
Карышкыр катуу кысылып калды деген менен,
Жоопкер болобу, доочу болобу,
Айтор Кой Карышкырды эмес,
Карышкыр Койду сүйрөп жүргөнүн көрөм.

МЫШЫК МЕНЕН АШПОЗЧУ

Бир ашпозчу башы толо билимге,
Чуркап кетти арак саткан жерге.
Өзү динди катуу туткан неме
Өлгөн досун эскермекчи болгон эле.
А үйдө тамак-ашты чычкандан
Кайтарсын деп коюп кетти Мышыкты.
Кайра келип көрбөс бекен кызыкты.
Пирог желип, калганы жерге чачылган
А Васька (уксус челекке жашынган)
Кырылдап, бышкан жөжөгө кирип калган.
Ашпозчу ошерден уяткарды Васьканы:
«Ай, тойбогон опкок! Ай, оңбогон ант урган,
Адамдан болбосо да, уялсаң боло дубалдан.
(А Васька урубатат, эч түрү жок уялган).
Сени баары ак жүрөк Мышык деп билет,
А түгүл үлгү катары көрсөтүп жүрөт.
Сенин бу эмне кылганың, түгөт!?
Бүт кошуналар эми:
«Васька алдамчы! Васька ууру!»— дейт сени,
«Кой короого жолотпогондой бөрүнү,
Муну да ашканадан кылыш керек жат,
Жоготуу парс короодон алыс айдап,
Бул бир балээ, бул ооруу, бизге келген азап»,
Дешип баары албетте, сөзсүз айтат.
(А Васька угуп коюп, урубатат).
Насаатчым айтып-айтып акыры,
Нуска сөздүн аягын таппай калды.
Ал саймедиреп олтурганча
Васька акең бүт баарын мойсоп салды.
----------------------------------
А мен айрым ашпозчуларга момундай,
Дубалыңа жаз дээр элем кеп:
«Колдончу жерде, былжырап олтурбай:
Колдончу бийликти колдонуш керек».

БООРУКЕР ТҮЛКҮ

Жазда Чымчык мерт болду мергенчиден.
Бүтсө кана бул кырсык ушу менен,
Үч кызыл эт балапан өлмөй болду,
Ойдо жокто айрылып энесинен.
Үч макулук аны билбейт,
Ачкалыктан оозун ачат,
Сууктан калтырашат,
Жок энесин издешип чыйпылдашат,
Карачы калышканын кандай күндө,
Үч байкуштун бул кейпин көргөнүңдө,
Кантип кайгы зилдебейт жүрөгүңдө? —
Деп айтып ошердеги парендеге
Түлкү отурду таш үстүндө,
Уя турган дарактын дал түбүндө.
— Кароосуз таштап үчөөн кетпегиле,
Бирден таруу болсо да апкелгиле,
Уяга бир тал чөптөн таштагыла,
Бул үчөөнүн өмүрүн сактагыла,
Мындан ыйык милдет жок бул дүйнөдө!
Күкүк, сен түлөп жүрсүң ансыз деле,
Уянын алдын жумшак төшөгөнгө,
Сооптукка жүндөрүңдөн бер биртике,
Ансыз да түшүрөсүң ар кай жерге.
Ойноп-дуулап асманда а сен, торгой,
Бекердиктен башмалдек атканды кой,
Тоо-талааны кыдырып жем алып кел,
Мынабу үч бечара жетимге бер.
Бактек, сенин чоңойгон балапандарың,
Таап жешет ар кими өз тамагын,
Сен уяңды жайына ташта дагын,
Биерге келип, үчөөнү бооруңа алгын,
Эчтеме эмес, кудай сактайт,
Жүрүшөөр өз балдарың.
Сен болсо, Чабалекей, чиркей карма,
Эң сонун тамак болот байкуштарга.
Булбул, болсо, берекем, ырга чебер,
Булардын терметкенче уясын жел,
Магдыратып үчөөнү сен ырдап бер.
Ушундай боорукерлик менен гана биз,
Үч жетимди кор кылбайбыз.
Ошентип бар экенин далилдейбиз.
Токойдо боорукер ...» деп келатканда,
Үч кызыл эт үчөө тең,
Ачкалыктан чыдабай талпынганда,
Кулап түштү түлкүнүн так алдына.
Түкөң үчөөн шарт эле сугунду да,
Чыкпай калды сөзүнүн аягына.
-----------------------------------------
Окуучум, эч таң калба!
Ак көңүл киши жакшылык кыларында,
Унчукпай-жасачусун жасап коёт.
Ал эми ооз көптүргөн боорукерлер,
Эчтемеси жатпаган соң короп,
Бирөөнүн эсебинен жоомарт болот.
Иш жүзүнө келгенде андай немелер,
Тиги Түлкүдөн да өткөн митаам дей бер.

ЧИРКЕЙ МЕНЕН УЙЧУ

Көлөкөдө уктап жатты уйчу, иттерине ишенип,
Бадал ичинен жылып чыкты жылан муну көрүп.
Келатат ийрелеңдеп, тилин сунуп жиберип.
Бир аздан соң уйчу берет беле жанды,
Карап туруп боору ооруган Чиркей,
Уйчуну «тыз» чагып алды.
Ойгонор замат Уйчу өлтүрдү жыланды.
Бирок уйкусуроо менен чаап жиберип,
Чиркей бечаранын изи да калбай калды.
-------------------------------
Аз эмес мындай мисал:
Алсыз алдууга ак дилин чачып,
Коймок болсо чындыкка көзүн ачып,
Чиркейдей таап ажал Калышы бар.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз