Иван Крылов: Эр тандаган колукту

Иван Крылов: Эр тандаган колукту

Күйөөгө чыкмак болду бой жеткен кыз,
Айып жок анысында деп коюңуз.
Айыбы — алакөөдөн адаттан тыш:
Болсун дейт менин күйөөм акылы мол,
Ары жаш, атагы чоң, бир укмуш,
Телегейи тептегиз эч кынтыксыз.
Кимде бар, бирок андай бейиш турмуш?
Анан да сүйсүн мени, кызганбасын,
Деген чоң талабы бар деп туруңуз.
Ошентсе да буйрук экен:
Келибатты эр жигиттер
Мен мыктымын деген нечен.
Бирок да сынга толуш оңой бекен?!
Балким мындай келишкен жигиттерге
Башка кыздар жан деп макул болор беле,
Биздин сулуу баарына колун шилтейт.
Күйөө чалыш деп булар бир күйөө эмей эле.
Анан калса кимисин теңине алсын?!
Бири орденсиз, а бири карапайым,
Биринде кызмат бар да, акчасы аз,
Биринин муруну чоң, биринин кашы калың.
Кыскасы, бири мындай, бири андай,
Биздин селки таппады самаганын.
Жигиттер да тыйылды.
Жылга жыл тоголду.
Эми көрсөң мындайраак эле бир
Жүргөн немелер жуучу жиберчү болду.
«Ары жок ко булардын! —
Дейт кызыбыз,— ушуларга чыгамбы?
Кезинде мен дегендин канчасын
Барагой деп короодон чыгардым.
Эми ушуларды өзүмө тең кыламбы?
Мен, эмне, күйөөгө шашып жатты белем,
Кыз бойдон эле жыргап жүрө берем.
Күнүм күлкү, түнүндө уйкум бейкут,
Күйөө деп жулунганым эрээн».
Кийинкилер да жоголду ошо менен.
Улам “жок” деп жооп уга беришип,
Сейректей баштады жуучулардын келиши.
Дагы бир жыл ала салды.
Эми эч ким келбей калды.
Жана эки жыл катары менен учту,
Жуучулардын чыкпай калды дайыны.
Биздин кыз болуп калды кара далы.
Оюна түшөт олтурса эле курбулары,
Аларды эстегенден башка иши барбы;
Бирөөсү небак эрде, бири да тийген тур
А биздин кызды ойлогон киши барбы?!
Көкүрөгүн сулуунун басты санаа,
Күндө күзгү көргөзөт өзүн ага:
Бир кездеги кайран көрк, кайран келбет,
Кетип барат карасаң бара-бара.
Кызылы өчкөн бетинин, көздө нур жок,
Ууртуна жарашкан чуңкур кана?
Күлкү-шаттык, эргиген жаш кез кайда?
Эки-үч ак чач жармашкан саамайына.
Чөктү санаа — басты балаа!
Бир кезде ансыз өтпөй оюн-зоок,
Жигиттер этегине кылчу тооп.
Карта ойнунан башкага чакырылбай,
Эми ал кездин бири да жок!
Кой, деди, мына ошондо көпкөн сулуу,
Ойго келди эртерээк эрге чыгуу.
Калды быякта асманга колду сунуу.
Эркекти карайт жаман көзү менен,
Бирок кыйын жүрөктүн дарты деген...
Кемпир болуп кемшейип кала электе,
Чечим кылды дүйнөдөн так өтпөскө;
Ал аңгыча бир майып сөз айттырды,
Ай-бую жок сулуубуз келди кепке,
Тийип алып төбөсү жетти көккө.

Которгон Аман ТОКТОГУЛОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз