Урматтуу Умай-Энелер, эжелер, карындаштар! Сиздердин майрам ар таңда, ар кечте улана берсин. Күндүн атканы менен батканы бейпил болсо, баарыңыздар үчүн майрам ошол тура. Жер энебиздин үстүндө жана сиздердин жүрөгүңүздөрдө бейпилдик болсо, ар күн сайын майрам ошол экен.
Күндөн сурашыптыр: «Дүйнөдө сенин табыңдан өткөн тап барбы?» «Бар, – деп жооп кайтарыптыр Күн. – Ал – эненин сүйүүсү менен мээрими». Бул кеп – калетсиз чындык. Бекеринен Күндүн нуру Эненин мээрими менен салыштырып айтылбайт. Күндүн нуру баарына тегиз болгондой, Эненин мээрими да, сүйүүсү да ар бир баласы үчүн бирдей. Күн асмандан нурун төксө, Энелердин жүрөгү жер үстүнөн нур жаадырып турат. Жүрөгүнөн нур жанган, тилинен бал тамган энелер баарын жаратат. Ошондуктан «ата – билек, эне – жүрөк» дейт элибизде. Себеби Жаратканыбыз күч-кубатты энелердин жүрөгүнө берген. Наристесин жүрөк мээрими менен өстүргөн энелер гана чыныгы адамзаттын тарбиячылары.
Кайсыл доордо, кайсыл элде болбосун энелердин тилегени тынчтык. Кайсыл заманда болсун эл-жерин жоо каптаган элдердин энелеринин көз жашы, кайгысы, убайымы окшош. Адамзат жолунда энелер гана согушту жек көрүп келген. Согуш апаатына кабылган кайсы бир эл тыптыйпыл кырылып, Энеге да кезек келет. Эне болсо жалгыз уулу менен жалгыз кызын бапестеп багып, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрчү экен.
— Сени эмес, кийин бизден өч алуучу уулуңду өлтүрөбүз! — дешет душмандар.
— Жок, уулум үчүн мени өлтүргүлө! — дейт эне.
— Анда уулуң үчүн бир көзүңдү, кызың үчүн экинчи көзүңдү оюп алабыз! – дешет.
Эне буга макул болот. Ырайымсыз канкорлор эненин эки көзүн оюп жатса да уулу менен кызы аман калганына сүйүнүп, ууртунан жылмайган экен...
Мына, урматтуу Энелер! Силер бала үчүн жаныңарды да аянбай тургандыгыңар! Бала үчүн Эне баарына даяр экени ушул эмеспи. Канаттуу куштар да жырткычтын алдында өз балапанын чыркырап коргойт. Мунун өзү энелик касиет эмес бекен.
Бул дүйнөдө Энени кимдер гана даңаза кылбаган! Кайсыл диний китепте, кайсыл философиялык трактатта же пайгамбарлардын насыятында болбосун, баары, баары – Энелерди даңазалайт. Не бир улуу акындар, не бир улуу сүрөткерлер эч бир айтып бере алгыс касиет Сиздерде гана бар, урматтуу ЭНЕЛЕР!
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR