О`Шакир: Иткерчилик

АҢГЕМЕ

Мен да киши өңдөнүп көчөгө чыкканымды айт. Эки колду аркага алып, шашпай, паркта өйдө-ылдый басмак болгонумчу. Балээнинби. Алыстан баягы Ит көрүндү жаланган. Ошобу, башкабы дегиче эле адатынча шыйпаңдап мен жакка келатты. Желип-жортуп алыптыр. Көрмөксөнгө салып, оң жакка кеткен жолго кайрылдым. Көрөйүн деген көзүм жок болчу аны. Ушунчалык көңүлүм иренжип бүтүптүр андан. Жугунду деле татытпадым эле, а эмнеге шыйпаңдайт билбейм. Башкалар сөөк ыргытат экен ага, мен сөөк эмес, таш да ыргытамбы... Мындай ажылдаган итти жакын жолотпосмун.

Узап кеткенче шаштым. Далайга чейин бардым артымды карабай. Ээрчип албасын дедим. Бул Ит кимдерди гана ээрчибеди. Кимдин ити чөп жесе, ошонун артынан калбайт ко, чиркин. Болбой эле шыпылдап келатканын дабышынан сездим. Желкемен туйдум. Шашкан кишидей ылдамдыкка салдым. Болбоду.

Артыман кыңшылады жетип эле:

– Э-эй, досум, – деди, – кайда шашып?

– Сенден качып, бурула калбадымбы, – дедим түз эле.

– Менден эмнеге качасың? Ха-ха-ха... – ары жок неме калп күлдү.

«Кожоюнуңду дагы алмаштырыпсың го. Ошон үчүн көрөйүн деген көзүм жок сени» – деп айтып ийе жаздадым аз жерден. Ооз кымтып, кыртышым сүйбөдү. Тиги туйбады. Жүрүшү жайлап, ээрчий басты. Эки жагымды карандым. Ушул Ит менен жанаша басканымды киши көрбөсө дедим эле даа. «Көрбөсө экен, көрбөсө экен» – ичимден күбүрөндүм. Бүрөө-жарым көрсө, кандектей болгон бул шүмшүк мага жанаша басканына жети өмүрүм жерге кирчүдөй дүйнөм тарыды. Анда эле сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болормун. Ичимен кыжаалат болгонумду айт. «Тааныштарга карпа-күрп кабылбасам экен алдыдан» – санаам ушул.

Баягы үйүгүшкөн иттердин арасына кошулуп кетиптир деген жаманаттыга мен да кабылсам канттим. Тегерек-четтен тааныштар чыга калбаса экен дегенимчи. Элеңдеп туш тарабымды карандым.

Бул итти тааныбаган ким калды. Телевизордон түшпөйт эмеспи. Башында демократ болуп көрүнгөн элге. Эң биринчи саясый төңкөрүштөн кийин эле ушунуку өттү. Ушунун эле заманы ошондон бери. Кожоюндан кожоюн алмаштырат улам. Эки жолку мамлекеттик төңкөрүштө кожоюн алмаштырды тынбай. Мурункусунан ашырып, кийинкисин мактачу болду элге. Таяк жеди каңшылап. Төңкөрүш сайын төбөгө таяк жесе деле жалкыбаган Ит экен. Шимшилеп эле жаңы кожоюнунун тилин табат. Элге жакпаган неме, мансапкорлорго жагат окшобойбу.

Ажылдап, жакшы коргоду кожоюндарын. Жакты баарына. Теледен дамамат көрүнүп, акыйкатты оозунан түшүрбөдү. Аны эл ошонусу үчүн жакшы тааныйт, бирок жек көрөт баары. Ага эбедейи эзилген эле жаңы кожоюндары болсо керек...

– Досум, көрүшпөй кеттик көптөн бери, – дегенине итиркейим келди. Татыктуу башка дос табылбагансып, деле ушундай немелер дос боло калганына намыстандым.

– Сени көрөйүн деген көзүм жок, – мунусунда ачык айттым. А тигил Ит тамашадай көрдү. 

– Дагыле баягы азилдегениң калбайт мени...

– Азили жок эле, – дедим итатайым тутулуп.

– Койчу эми тамашаңды. Сени көрүп кубанганымдан, жакшылыгыма чакырайын дедим.

– Эмне болгон жакшылык?

– Чоң той бермек элем...

– Тоюңа конвертти калың берчүлөрдү чакыр. Мени чакырып эмне... Барчу жериме кечигип атам, – шашып аткан түр көрсөттүм: – Болуптур, аман жүр, – дедим да, шыр эле жөнөп кетер болдум.

Тиги билегиме чап жабышты:

– Тоюма сен катышпасаң болбойт. Адамгерчилик кылып койчу бир...

«Оппа, – дедим ичимден. – Мунун тоюна катышып бергениме адамгерчиликтин кандай тиешеси бар?»

– Адамгерчилик менен иткерчилик эмне экенин билесиңби? – кыйыткан кебиме эмне дээр экен дедедим сынай карап.

– Тоюмду көрктөп бер келип.

– Адамдар сага эмне, маскарапоздордун оюнун көрктөп берер бутафор же декорациябы? – кычыткы сүйлөөгө өттүм.

– Антпечи эми, досум, – десеби, кудайдын боору ооругандай түрү.

«Таза курурат ко, – дедим ичимден. – Бир мандеми бар мунун. Болбосо эмне мынча...»

– Убактым жок дейм тойго! – кыжаалаттанганым сыртыма чыкканын өзүм көрүп турдум. Ал көрбөдү. Өзүмдү өзүм көрдүм: өңүм сур тартып, оозума туздуу сүзмө сугунуп алгандай ачуурканганымды айт.

– Ме эми, сунган колумду суутпай, – колтугуна кол суна калып эле колума конверт сунду. Айла канча, алдым.

«Мейли, мындай басканда ыргытып ийип кутулсам болдубу» дедим оюмда. Алып атып да күңк-мыңк нааразы болдум:

– Жабыштың да, калдың... Болуптур эми.

Конвертин тигинин көзүнчө чөнтөгүмө салып атып, анын калыңдыгы менен салмактуулугун сезгенде эле жүрөгүм бир болк этип алды. «Тобо, бир бүктөм чакыруу кагазы да ушунча калың, ушунча оорбу» деп койдум ичимден. Ангыча болбой ары жактан дагы эки-үч дөбөтү чыкты. Жолумду торогон экөө шап эле билектен алса болобу.

– Эй, силерге эмне болду?! – шаштым кете кыйкырдым.

«Шырк-шырк-шырк» – үч дөбөттүн бири сүрөткө тартып атат мени.

– Алган парасын камерага көрсөт! – Тигилердин бири чөнтөгүмдөн конвертти сууруп чыгып, көзүмө такады.

– Кайдагы параны айтасыңар мага?! – жаалым кайнап кыйкырдым.

– Муну деген чакыруу деп бербедиби?! – айкырык салып, тигил ит турган тарапка ээк кактым. – Тетигил карматты мага!

Анысы мылжыйып четте карап турат. Табалаган түрү бар жылмайган жүзүндө. Жапжашыл сөлкөбайлар экен конверт толо. Ошону менен кесилип кетпедимби. Андан бери... Андан бери элдин жүзүн карай албай жүрөм...  

Азиз окурман, бул окуяны качантан бери дайын-дарексиз көрүнбөй кеткен эски тааныштарымдын биринен уктум...

Июнь, 2021.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз