Кыял Тажиева: Бүрсүгүнү

  • 04.03.2022
  • 2463

(Сатиралык аңгеме)

- Эй, сен дагы деле уктап жатасыңбы? Тур эй!

- Эй, жө-жө-жөн турчу!

- Тур дейм!

- Эк, турганда кайда бармак элем?

- Тур, мен кетип атам.

- ...

- Кетип атам дейм.

- Уф! Каякка?

- Шаарга.

- Хм. Чокуң!

- Тфуй-ата!

- Жапчы эй, үшүп атам.

- Тур, тур!

- Өх! – аялы өйдө турат. Кайра жатат. – Ки-ичине жата турайынчы?

- Э кой, мен кеттим.

- Каякка?

- Кыргызстанга.

- Кыйраттың!

*    *      *

Министрликтин имараты. Топурап ого эле көп киши жүрөт.

- Быйыл отуз жылдыкка жарым миллиард сом бөлүптүр.

- Чоң майрам курат экенбиз.

- Майрамдын сценарийине конкурс болгон.

- Мен да бир ай мурун жөнөткөм.

- Меники да өтүптүр.

Колдоруна папке көтөрүп, баштарына калпак кийинген, көбүнчө орто жаштан өтүп калган кишилер.

Ак көйнөк, кызыл үбке кийип, чачы өрттөнүп кеткендей сары анан тырмактары соконун тиштериндей, шыпыргыдай жыш, оор кирпиктерин араң ирмеп, узун такалуу тупилийине чалынып араң басып келген отуз жаштагы бир кыз:

- Кириңиздер! Жыйын он беш мүнөттөн кийин башталат, - ары бурула берерде жедеп эскилиги жетип сыры кеткен полду жаап-жашыруу үчүн салынган эски килемдин самсаалап чыгып калган четиндеги жиптерине тиги курган тоодактай сулуунун бийик такасы илинип, мүдүрүлүп жыгылды. Элдин баары дуу түшүп аны карап калышты. Ал сыр бербей жай турду да, эч нерсе болбогондой жамбашын чайкап мурунку басыгынан да башкача чоёктоп, оштоңдоп экинчи кабатка көтөрүлүп кетти.

Жыйындар залы. Орто бойлуу, курсактуу, бир аз кышылдап, энтеңдеп баскан министрдин орун басары Камгакбаев Күлдүр келип трибунага турду. Анын башы трибунадан бир аз эле чыгып турду. Микрофонду болушунча ылдый тартып алып мына мамындай деди:

- З1-августка карата Кыргызстандын келечеги жөнүндө чыгармаларга конкурс жарыялаганбыз. Конкурстан өткөндөрдү бүгүн өздөрүнүн көркөм окуусунда угабыз.

Биринчи болуп орто жашап калган көз айнекчен бирөө чыкты. Мурутун улам сылай берет экен.

- Кагылайын, кыргызым! – ураан чакырып жаткандай зор дем менен, ишенимдүү сүйлөдү. Андан ары токтоосуз окуп кетти.

“Аа, чыгармасынын темасы турбайбы, элге кайрылып атабы деп коём” – ичинен күбүрөнүп, Тиги көзүн жүлжүйтө, жаагын таянып, укканга даярдангандай ордунан копшолуп, оңдонуп отурду.

Күпүлдөп, бир токтобой укмуш окуп жатат. О деги токтото ала турган эмес эч кими. Колдору кээде асманды көздөй серпилип, бирде трибунаны тарс этип бир чаап алып...

“Оо, жок, жок, кыргызды мен бу кишичелик сүйө албайм, карачы! Көздөрү жайнап, улам көкүрөгүн да ургулай калып жатпайбы?” – башын чайкап, чыдабай кетип жанында угар-укмаксан болуп, калемин эки колунун учу менен тегеретип ойноп, башын жерге салып, ойлуу отурган, арыкчырай, чапжаак кишини акырын түрттү.

- Бу ким?

Оюн бөлгөнгө жини кайнап кеткендей, Тигини жаман көзү менен карап:

- Ыя?

- Укмуш патриот экен ээ? Бу ким?

- Тааныбайсызбы? - таң калып, мурдуна түшкөн көз айнегин жылдыргысы келбей, көзүнүн төбөсү менен башынан ылдый жекире карады.

- Ыкы, - Тиги чын-дили менен башын чайкады.

- Оо бул деген атактуу драматург ко, Мусакул Жээнбаев.

“Муну билбесең бул жерде чокуңа отурасыңбы?” дегендей Тигинин алды жагында турган блокнотун, папкесин өз астына жылдырып алды.

“Бу куурагырлар кудай ургандай ырымчыл болушат, мунун мындай дөөпөрөстүгү мага да жугуп калбасын” деп атат окшойт деп Тиги жанындагы жаңы адамга бышкырып күлүп жиберди. Жаңы адамы тигинин кылыгынан уялгансып, эч ким байкаган жокпу бу келесоону дегендей тегеректи айланта бир карады дагы, “мени тааныбайт экенимди эл билсин” дегендей, таптакыр сыртын салып ары карап отурду.

Тиги ого бетер боору эзилип, булардын кылыгы ага кызык боло баштады. Калп айткан менен болобу, буларга Тиги аябай эле ыраазы болуп отурду. “О бу кыргызды ойлоп, жанын бере тургандар көп экен го, мен тээ коктуда жатып алып эле өзүмчө депрессияда жүрө берген турбаймынбы” деп ичинен сүйүнүп, көңүлү көтөрүлө баштады.

Ортодо беш-алты жазуучу өздөрүнүн чыгармаларын кыскача түшүндүрүп бергенге жетишти. Бир маалда жыйырма жаштардагы жигит шартылдап учуп чыкты. Кезегин чыдамсыздык менен күтүп атса керек. “Кыргызстан 30 жылдан кийин!” – деп ишенимдүү, абройлуу үн менен баштады.

- Во молодец! – Тиги ордунан тура калды. Жанындагы Тигини жалт карап, мурдагыдан да билингидей отурчу дегендей жекирип карады.

“Оуу, ой бу жашабай жатып бу дүйнө кыдырып келгенге жетишкен го, Малайзия, Сингапур дейби? Пай, пай, пай! О чын эле бунун билбегени бит окшойт...”

Күпүлдөп атат. Кара! Оо, ал акыл үйрөтүп атат. Акыл!

Тиги жаагын таянып, сөзгө ынтаа коюп угуп отуруп, ойго батты: “Кыргызстандын отуз жылдык жашоосун башынан өткөрбөй туруп, отуз жыл кийинки тагдыры жөнүндө айтууга мүмкүнбү?”. Айланасын карады. Аны уккан деле эч ким жоктой. Бири телефонун карап отурат. Бири блокнотуна бир нерсе жазып атат. Илхамы келип кеткендей... Бири көзүнүн төбөсү менен “Сен эле калдың эле” дегендей түрдө кыжырдуу. Бири уялбай эле бирөө менен телефондо сүйлөшүп атат.  

Жаш жигит сценарийин окуп бүтүп, трибунадан түштү. Бу улуулардын мамилесин карап отуруп, “Жок дегенде Кыргызстандын отуз жылдан кийинки тагдырын ойлой турган болсо, ушуну эле Президент кылып албайт белек” – деп улутунду.

Тиги булардын чыгармаларын уккан соң, өзүнүкүн окуса уят эле болот ко. Кой, ушунчамда үйгө кайтайын, тынч оокатымды кылайын деп ичинен ойлой баштады. Он жылдан бери улам жазганын улам оңдоп, он ойлонуп, тогуз толгонуп жөн эле убара болуп жүргөн тура. Ойго бата түшүптүр.

“Мобу Камгакбаев Күлдүрү не деп атат? Баары окулуп бүттү дейби? Мени чакырган деле жок ко... Э мейли, кудай жалгасын. Ансыз деле булардын көзүнчө уят болмок экенмин” – Тиги өзүн-өзү жооткотту – “Аялым туруп чай бербегени абийир болгон турбайбы”.

- Эми урматтуу жазуучу ага-эжелер! Сиздер болбогондо кыргыздын келечеги кандай болмок, ким билсин. Биз сиздердин кыргыздын сүйгөн жүрөгүңөрдүн жалынына жылынып жашап келатабыз. Бүгүнкү чыгармаларды угуп отуруп, чынында көзгө жаш тегеренди. Ушундай улуу сөздөр жаңырып турганда кыргыз өлбөйт! – деди министрдин орун басары.

Мунун айтканына ишенип, толкунданып Тиги тура калып кыйкырып жиберди:

- Кыргыз!

Эч кими унчукпай баары анын күнгө тотуккан капкара жүзүнө үңүлүп, “Эми бул эмне болуп атат?” дегендей түр менен баары карап калды.

Тиги туура эмес кылдымбы дегендей тайсалдай түштү. Бир кызык абалга тушугуп калгандарын дароо сезген Күлдүр, күлүмүш этип,

- Кыргыз! – деди.

Анан калгандары баары ордунан тура калып “Кыргыз!” деп кыйкырып жиберишти. Тигинин чекесинен тер чыгып, жүрөгү дүкүлдөп кетти. Баарынан да аны уят кылбай, булар коштоп кеткендерине аябай ыраазы болду.

Ызы-чуу боло түшкөн буларды токтото албай, Күлдүр үнүн бийик көтөрүп, муну сүйлөдү:

- Бирок, бирок, биз! Биз бир нерсени сиздерге эскертпей калыптырбыз. Албетте, эми бул биздин деле эмес, жаңы жумушка кирген катчы кыздын күнөөсү болуп калды, – деп үнүн пас чыгарды.

Баары кабактарын түйүп, дагы эмнесин баштаганы турат дегендей көздөрүн жүлжүйтө карап калышты.

- Тендерде көрсөтүлгөн акча жок болчу негизи, – деди акырын.

- Анан? – үнүн өктөм чыгарып, кекете сүйлөдү атактуу мурутчан драматург.

- Катчы кыз билбей эски буйрук боюнча маалыматты сайтка жүктөп салыптыр.

- А ал акча каякка кетти? – шляпачан жазуучу аял жанындагы жазуучу курбусун түртүп, “булар эмне деп атат” дегендей мурдун чүйрүдү.

- Өзүңөр деле көрдүңөр, өлкөдө кандай оор күндөр өттү. Коронавируска кеткен. Анан ошо быйыл...

Баары дуу ордуларынан тура калып эле Күлдүрдүн сөзүн аягына чейин укпай бири-бири менен кажылдаша сүйлөшө башташты.

- О кой, булардын ит адаты кайра башталды.

- Убактыбызды неге алат ай булар?

- Биз эмне буларга шылдыңбызбы?

- Жетишет эй, бизди булар жөн эле кол жоолук кылгандарын токтотпой коюшту!

- Министрликтин шиши толду, бул жакка реформа керек!

Баары ызы-чуу түшүп, жыйындар залынан чыгып баратышты.

“Кагылайын кыргызым!” деген кишини алардын арасынан издей баштады Тиги. Ал кетпейт болуш керек деп ойлоду. Жок, ал биринчи чыга качкан окшойт, кыскасы, баары эле кетип атат эй.

Баягы күпүлдөп аткан жаш бала эмне кылар экен деп Тиги аны сырттан карап турду. Ал телефон менен терезе жакта сүйлөшүп турат. “Оо, мына азамат! Айтпадым беле, калса ушу калмак!” Тиги ичи ысып жаш жигитти тиктеди. Ангисче сүйлөшүп атабы?

Тиги ордунан жылбай отура берди. Күлдүр шаабайы сууп, алдындагы барактарын чогултуп атат.

- Значить, деньги не будет да? – Күлдүрдүн жанына келип, телефондон башын албай, ага сүйлөдү жаш жигит.

- Ошондой болуп атпайбы, эми бул убактылуу кыйынчылык да.

- Короче, это моя визитка. Может быть возможность будет еще, позвоните, – кычыраган кастумунун төш чөнтөгүнөн төрт чарчы кичине баракты Күлдүрдүн астына таштап, ай-буйга келбей, коштошконго жарабай эле шарт бурулуп чыгып кетти.

Тиги уккан кулагына ишене албай атып, эми көргөн көзүнө да күч келгендей болду. Э кокуй, бу кетип баратпайбы? Кыргызстанды 30 жылдан кийинки тагдырына шашып баратабы? Атаңдын көрү эй! Күпүлдөп эле атышты эле... Тобоо, каратып туруп, чын эле кетип калышты ээ?

Тиги башын жерге салып, унчукпай отура берди.

Эки колу менен жаагын таянып, шалдырап отурган Күлдүр, Тигини эми көргөндөй таң кала тиктеп:

- Сиз... Эмне жумуш менен?

- Менби? Мен дагы чыгарма окуюн деп келгем.

- Анан окудуңузбу?

- Чакырган жоксуңар го?..

- Берсеңиз? – башын чытып, колун сунду.

- Мен... негизи муну... Он жылдан бери жазып жүрөм.

Күлдүр оор үшкүрүнүп, Тигинин сөзүн укмаксанга салып: Та-ак, “Бүрсүгүнү” дейби?

Хм! – күлүп жиберди, - Аксакал! – колун күрөктөй түз кылып, ары-бери калчап, кыжырлана сүйлөдү – Сиз түшүнгөн жоксузбу? Бизге 30-жылдыкка мамлекеттик деңгээлдеги чыгарма керек, - үнүн өктөм чыгарып, жанагы кол шилтеп басып кеткен улуу жазуучу сөрөйлөрдүн кылыгына болгон жинин Тигиден чыгара сүйлөдү. Барактап, барактап үстөл үстүнө тарс таштады да, чалкалап отура кетти. Тигини кете берсең болот дегендей мамиле менен эки колун көтөрүп, керилип, эстеп жиберди да, эми эмне кылыш керек дегендей башын катуу чайкап, чачтарын уйпалап жиберди.

Тигинин супсуну сууй түштү. Жетим баладай түрткүнчүк көргөн чыгармасына жаны чыгып кете жаздады. Ордунан тура калып, Күлдүрдүн алдындагы чыгармасын жини менен колуна алып, бооруна кысты:

- Биринчи окуп чыгыш керек да. Билбей эле ыргыта бересиңерби? – чыгарманын барактарын түздөгүлөп, ызалана түшкөнүн билдирбегенге аракет кылып, эшикти көздөй басты.

- Э мейли, таштап коюңузчу, көрөбүз, - жумшара түштү Күлдүр.

Тиги кайра артка кайрылды. Унчукпай келип үстөл четине чыгармасын койду.

- Жазуучулар, тажаттыңар силерчи. Көрдүңүзбү? Сүйлөсө булардын жанына киши тура албайт. А кылгандары тиги!

Тиги унчуккан жок. Баарынан көңүлү кала түшкөнүн билдирбей, аман эле болгула силер деген ыза менен кол шилтеп тышка чыкты.

Ох! Башы тим эле чыңалып чыгыптыр. Ушу кагаз, эреже, кызматтан башка ырысы жок бу жайдан анан эмнени күттү эле. Туура эле ооруп атат башы. Өзү келесоо да, эмнеге келет, эмнеге?

Айылына барганча көңүлү үч көчкөндөй, өзүн коёрго жай таппай ызаланып барды. Көкүрөгүндө көп нерсе мени тышка чыгар деп мунун жанын жегенсийт. Эмне кылат эми, кайда барат? Кимге кайрылат? Мындайда Баягы досуна барып, бугун чыгарып алчу эмес беле? Анын өлгөнүнө эки жыл аяк басты. Ошондон бери өзү менен өзү.

Жайлоого жеткенде эле аялы Тигинин жөн эле тентип шаарга кетип, эки мурдун колуна тыгып келгенине аябай жинденди. Бирок эмне кылсын кайра эле, чекесинин терин сүртүп, “Жүрү, бээ саайлы!” - деп жаркылдап келип калбаспы. Ошентип Тиги өзүнүкү дейин десе өзүнүкү эмес же бирөөнүкү дейин десе өзүнүкү болгон бир кызык тирилигине кайра кирип кетти.

Ошентип, күтүрөгөн күз келип, балдарын окууга кирер маалы болуп, балдарына кийим кечекке тыйын-тыпыр таап бергени Тиги айылга түшүп келди. 31-август болчу.

Телевизор тиктеп отурган. Тобоо, көргөн көзүнө ишенген жок. “Бүрсүгүнү” деген чыгармасын сахналаштырышыптыр го. Сүйүнгөнүнөн ордунан тура калды. Айтайын десе жанында киши жок. Укмуш чечекейи чеч болуп, жаны жыргап кетти. Ысып, тердеп турганда аны бирөө чоң дарыяга түртүп жибергендей эле апкаарып, жаны жыргап да, коркуп да баратат. Көзүнө жаш айланып кетти.

“Мен ишенгем, мен! Мен ишенгем! Акыры ушундай болуш керек болчу” – дей берди ичинен.

Бир маалда бою пасыраак, мурутчан, чачы бир аз түшүп калган бирөө сүйлөдү:

- Бул идеянын жаралып калышына негизи ушул карапайым калктын бүгүнкү тирилиги, жашоосу, кыргыздын улуу тоолорунун касиети себеп болду. Мен өзүм айылда чоңойгом. Анан ушу күнү бүгүнкүгө дейре айылдын уюткусун унутпайм. Хотя, шаарга келгениме көп жыл болду. Бирок эми айылга балдар менен бат-баттан барып турабыз да. Ошол айылга барган сайын “Биз айылдын турмушун оңдомоюнча Кыргызстан деги өнүгө албайт” – деген эле бир азаптуу ойлор менен кайтам. Ушул 30 жылдык мааракеге элиме бир жакшы эмгек тартуулагым келип, ушундай жакшы иштин жарчысы болуп калдык. Кыргызым өссүн! Кыргызстан, алга!

Атаңдын көрү эй мобу эмне деп атат эй? – жаны чыгып кете жаздады.

Ал киши сүйлөп бүткөн соң, дилбизордо режиссёр Каргабаев Кунуч деп жазылып турду. Аябай ачууланды. “Бул акмактарың көз боёмолоп көнгөн жандары, бу кыргыздын колундагы болгон ырысын жеп бүтүп эми, ички дүйнөсүн карактай башташкан экен да ээ?!”

Режиссёр ого бетер мунун кыжырына тийип, токтобой эле сүйлөп атат:

- Кыргыз эли байыркы эл, биз эртеңди гана эмес, бүрсүгүнкү жашоону ойлоп жашаганга...

Колундагы пультту жини менен ошол режиссёрдун башына катуу чаап жиберди. Дилбизордун дагы, режиссёрдун дагы жаагы жап болду.

Тиги ызаланып, эмне кыларын билбей ары-бери баса берди. Эртеси кайра шаарга бармай болду.

Эки күндөн кийин Камгакбаевдин камгактай кабинетинде отурду.

- Эмнеге менин атым аталбайт? Мен ушуга түшүнгөн жокмун.

- Мындай да, - Күлдүр акылдуусунуп, колуна тамекисин күйгүзүп, Тигиге көзүн жүлжүйтө карап, башын чайкады, - сиз көп нерсени түшүнбөйсүз.

- Көрдүм силердин түшүнүктүү экениңерди, – ызырынып, көзү чакчайып кетти.

- Не-егизи, негизи, - Тигини кекете сүйлөп, жанына басып келди, - сиздин чыгарма коюлмак эмес.

- Анан кантип коюп калдыңар?

- Мм, эми сюжети режиссёрго жагыптыр, бирок бизде режиссёр коём десе эле коюла калбайт да, Өкмөттөн уруксат алыш керек.

- Анан?– өздөрүнөн өздөрү эле, өздөрү түшүнбөгөн нерсеге азап жеп, олуттуу болуп,  ары-бери кагаз ташып, билбегенине деле билгениндей мамиле кылып жүргөн шордууларды элестетип алып Тигинин күлкүсү келе баштады.

- Эгер долбоорго сиздин фамилияңызды кетирсек, анда өтмөк эмес.

- Эмнеге, алар окуп чыкмак да.

- Уф! – башын чайкады, - эмне алардын ал чыгармадан башка иши куруп калыптырбы? Окуп чыкканга убакыт болбойт аларда, – колун түптүз күрөктөй какайтып, силкилдетип жиберди.

- Анан? – ичинен “Тфуй ата!” деп сөгүнүп алып, Тигинин ичи ого бетер кайнай баштады.

- Слушайте, Өкмөт деген келесоо эмес да, - колун асманга серпе, – мамлекеттик деңгээлде иш-чара болуп атса, көчөдөн келген эле бир жазуучунун чыгармасын койгонго уруксат бере бермек беле? – аябай акылдуу кыйкырды.

- Койдуңар го? – үнүн басаңдатып, көзүн жүлжүйтүп, ызалана ага тике карап, ордунан тура калды.

- Койдук, койдук, - бет тырмаак үн менен ого бетер тажаалдана, – сиз бизге ырахмат айтыңыз андан көрө... Мына биздин күчүбүз менен коюлду керек болсо, - көкүрөгүн муштап жиберди. -  Момундай айтайынчы сизге!

- Ээ? Ырах-мат! – салмактуу кекээр башын ийкеди, -  Аябай көрөгөчтүгүңөргө та-азим! – какшык аралаш күлдү. Күлдүр түшүнмөксөн болуп, өзүнө маашырлана, жаркылдай жакшы сүйлөй баштады.

- Биздин шеф негизи акылдуу киши да, – мадырая калды, - Эч кимге айтпаңыз, – үнүн пас чыгарып, ага жүткүнүп, башын жакындатып шыбырады, - сиздин чыгарманы долбоорго кийирип, аягына бир атактуу драматургдун фамилиясын коюп койгон да, ошого Өкмөт анан мейли койгула деп акча бөлүп бербедиби,  - мактанычтуу аны коркута карады.

- Ээ? Ушуну ойлобопмун... – күлкүсү келгенин араң катып, - Аябай сонун нерсе ойлоп таапсыңар ээ? – күйбөгөн жерде күл болуп кетти.

- Ээ, эмнесин айтасыз, болбосо, майрам да өтпөй калма-ак, - башын ары алып, чалкалай отуруп, үнүн бийик чыгарып, - чыгармаңызды айтасыз да, - калем сабын алып, үстөл тыкылдатып, - керек болсо майрам да өтпөй калмак. Көрдүңүз го өткөндө эмне болгонун. Эмне, биз эле жыргап атыптырбызбы?

Тиги оор үшкүрүндү.

- Мм де? – көзү чалырайып, булардын тапкан акылына ыйлаарын же күлөөрүн билбей туруп калды.

- Ушунда-ай! Только, аксакал, эми муну эч кимге оозуңуздан чыгарбаңыз.

Тиги Күлдүрдү ойлуу тиктеп, анан мунун акылдуу сөзүнө кыжыры кайнап, бирок билдирбей, бырс күлүп жиберди.

- Эч кимге айтпай эле коёюнбу ээ?

- Ии, эч кимге!

Оор үшкүрүнүп, “силерге айла жок экен” дегендей түр менен башын чайкап өйдө ордунан турду да:

- Өкмөт иштебейт, иштебейт эле дешет, укмуш эле айлакерлик менен иштейт турбайсыңарбы, азаматсыңар!

- Хе, хе, хе, хе! Опут көп да байке, - өзүнүн тапкан айласына өзү аябай кубанды Күлдүр.

- Макул эми. Жакшы иштегиле! – башын ийкеп Күлдүрдү сырдуу теше тиктеп коштошуп, эшикке чыкмак болду. Өзүн-өзү кубаттап Күлдүр кагаздын чаңы жыттанган кабинетинде олуттуу бойдон, эч нерсеси коробой коштошуп калды.

Тиги ызырынып, туталанып бат-бат адымдап басып барат. Экинчи кабаттан ылдый түшө берейин дегенде экинчи кабатты көздөй баягы дилбизордон көргөн Кунуч деген режиссёру көтөрүлүп келатыптыр.

Тиги бир аз буйдала түштү. Режиссёр мындай тур мен өтүп баратпаймынбы дегендей түр көрсөтүп, өтө олуттуу бараткан экен. Тиги жол беримиш болуп, токтоп калды:

- Ас-салоому алейкум! - мурда таанып жүргөн кишидей ийилип эки колун берди тиги.

- Алейки салам! – режиссёр таң калычтуу Тигини карап, колун берди.

- О байке, куттуктайм! Отуз биринде койгон чыгармаңыз гениальный!!! – башын чайкады.

- Аа, рахмат!

- Укмуш! – эмне дейсиң буга дегендей режиссёрго көзүн теше карады.

- Аа, аракет кылдык! – колун көкүрөгүнө алып, көзүн сүзүп, аябай ыраазы боло. Андан ары жолун улап, жогору көздөй буйдалбай кете берди.

Тиги уккан кулагына ишенбей туруп калды да, башын чайкап ылдыйды көздөй салмактуу боюн таштап басты.

Экинчи кабаттын таш полунда басып бараткан режиссёрдун такасынын үнү так-так-так этип Тигинин кулагына жаңырып баратты.

Тиги эшикке кантип атып чыкканын билбейт. Таза аба каңылжаарын өрдөп, эми бир аз эсине келе түштү окшойт. Министрликтин “изданиесинин” маңдайындагы аллеяга бат-бат басып барып, отургучка отура кетти. Башын жерге салып, эки колу менен чекесин басып, бир өзүн токтото албай бүлкүлдөп күлөт. Башын чайкап жетишпей каткырат келип...

Эс ала түштү көрүнөт. Отургучка чалкалай отура кетти. Анан ызалуу ойго батты.

- Аа пенделер! Пенделер! Адамды апенди кылгандан ырахат алып жашайсыңар ээ? - Министрликтин “изданиеси” тарапты карады. “Мен эч нерсе көргөн жокмун” - дегендей местейип турат ал. - Шордууларым!.. – “изданиени” карап турган  эстеликтер да, чындык чыркыраганда, көрбөй-билбей калган, жумушуна өтө алагды интеллигенттердей, билмексен тартып, артты карап алып, унчугушпайт, “Издание” да, УШУ эстеликтер да эч нерсе дегенге жараган жок. Бир чети БУЛАРды да аяп кетти. “Байкуштарым ай, байкуштарым. Силер эмнени гана көрбөдүңөр, эмнени гана үшүнтүп жеңбедиңер?!”.

Көзүнүн кычыгында жылтылдап күндөн уялган жаш турду. Муңайып күндү карады. Күн күлгөнүнө деле, үргөнүнүнө деле, билгенине деле, билбегенине деле күлүп турат.

Ичинен ызасы ого бетер күчөп кетти. Ордунан тура калды... “Эй Күн, бул жерде не жүрөсүң темселеп тегеренип. Сенин буларга бир тыйынча керегиң жок. Сен чыга электе муногу уяларына кирип кетишет да, сен баткандан кийин чыгышат. Ааламда сен асман-жерге кандай кызмат кылып жаткандары менен түк иши жок. Кайсы бир учурда тийген учуруң үчүн алек. Бүгүн эмес же эртең эмес. А сен керегиң жок экенин билсең да тегерене бересиң, тегерене бересиң... Кептин баары сенде! – башындагы калпагын алып, жинденип, кайра отургучка отура кетти. – Эмнеге сен баарына бирдей боло бересин айтчы, эмнеге? Эмнеге сен бирөөнүн артынан жан баккандарга тийбей койбойсуң. Эмнеге сен аларды жазалай албайсың. Мадырайып сени эч нерсе болбогондой караса, сен да эч нерсе болбогондой жалжаясың. Эмнеге? Эмнеге сен акыйкат эмессиң? Бас кеттик! Бас!” – Тигинин көзүндө аран турган мончок мөлт деп бооруна тамды, колун шилтеп, өйдө турду да чыгышты көздөй бет алды.

Жол. Өзүнүн көнгөн уюткулуу айылына барчу жолдо баратты.

Автобуста терезесинен кырка тарткан улуу тоолорду көздөй зуулдап барат.

Бир кезде эл катарына кошулуп, адам болгусу келип ушул шаарга келгенин эстеди. Оо анда атасы тирүү. Айылда башкарма болуп турган убагы. Үч күн араң чыдап, анан артын карабай кайра качып кеткен. Атасы ошондо: “Эл катарына кошулуп адам болот экен десе” –деп нааразы болгон.

Шаар адамдарды эмне кыларын ал ошол үч күн ичинде эле түшүнгөн. Бири-бири менен иши жок, бир көчөдө кетип баратып учурашканга жарабаган адамдарга да кошулуп болобу деги. Ошону бирок атасына түшүндүрө алган эмес. Атасы ошондон кийин ага жини келип, сарайын берип, мал бак деп тоого кууп жиберген. Ошондон бери тоодо жашайт. Бир да ирет шаарды да, айылды да эңсегени жок. Бийиктиги да, улуктугу да, чындыгы да, жүрөгү да, табияты да ушул тоодо, чоң атасынын изи калган жерде экенине ишенет. Мектепте жакшы окуп бүтүргөн. Бала кезде эле гезиттерге аңгеме, ырлар жазчу. Ал өзүнчө окуп, өзүнчө жазганын токтоткон жок. Кийин заман өзгөрдү. Мунун чыгарма жазганы менен кимдин иши болду дейсиң. Өздөрүнүн аттарын таппай калды го. А шаардыктардын жашоосу мурункудан да өтө аянычтуу абалга кептелип калганын шаар аралабай эле Күлдүрдүн күлдүрөгөн кебетесинен эле жакшы түшүндү.

Бу шаардыктарың өзү жакшы өтүп жаткан жашоону бузуп, чачып алып, анан ошону жыйнаганды “искусство” деп атап алышып, убара турмуш менен жашашат. Бир өмүрү бириндеп, кайда калганы билбей, кызыктай эле өтүп кетет. Оо буларың бир ирет тээ таза шамал урган чокуга чыгып, маашырланып мандаш токуна отуруп алып, кымыздан кере жута алды бекен? Дүйнөгө бийиктен көз чаптырып, улуу ойлорго бата алышты бекен? Кайда-ан. Кабинетте отуруп эле ошол чоку жөнүндө бир китептен окуп алып, өзү көрүп келгендей сүйлөгөндү жакшы көрүшөт экен ай, БУЛАР! Анан бири куурап, сүрөтүн тартат ошол чокунун, бири кабинетте отуруп узун-туурасын ченейт. Бирөөсү аны картон менен жасап алып, чокуга чыгып келгендей чочоюп жанында отурат. Ой боорум ай! Укмуш ой жоруп, өзү эле азап жеп тынып калбай эми, аны жаштарга да үйрөтөт экен. Жугуштуу оору менен ооругандай. Деги койчу, буларын жиндиканадан эмне айырмасы?! Акыл-эстүү бирөө эч кимге аласа-бересеси жок көзү менен карап көрсүн да.

Өзүнүн ошол чокуга бир күндө үч чыга ала турган эркин, күчтүү, дымактуу, аруу, өзүнөн башка эч кими да сезе албас, биле албас тагдырына негедир аябай өзү тамшанып, ушу белгисиздигине ыраазы болду. Кашайып өзүң жазбаган чыгарманы сеники деп окуп жатышса, а сен “жок, меники эмес эле” деп айта албай жүрсөң...

- Тфу-уй! - кантип минтип жибергенин өзү түшүнбөй калды. Автобуста жанында отуруп бараткан бала чочуп кетти.

“Ошондо шаарга калып калбай, кудай бир сактаган экен” – деди ичинен.

Кыштакка жетери менен дароо агасынын үйүндөгү карагерин минип, жайлоону көздөй сыздырып жөнөдү.

Күздүн кечки жумшак коңур жели, батып бараткан күн баары-баары Тигинин ушу кезин көптөн бери күтүп жүргөндөй көңүлү куунак. Жүрөгүн бир ушунчалык сонун сыймык ээлеп, атынын үстүндө кайкып учуп бараткандай... Баягы жол, баягы камыштар, баягы таштар, баягы асман, баягы булут. Карагер менен кошо жарышып шамал менен чоң суу да алеп-желеп чуркап баратышат. Булар баары каякка баратканын эми жакшы билишет. Эртеңкиге эле эмес, бүрсүгүнкүгө! А жолдогу арчалар, караган бутактар, ТИГИге кол чаап, “Азаматсың, ушундай болорун биз да билчүбүз” деп кыйкырып калып жатышты.

Он жыл, он жыл оңойбу? Он жыл бою өзүнөн бөлөк эч кимге кереги жок эмгеги бир мамлекеттин керегине жарады го.

Байкаса кадыры өсө түшүптүр. Өзүн-өзү токтото албай ойлору удургуп, сүйүнүчү менен кошо жарышып кыйкырып сүйлөп барат. “Оо улуу тоолорум, ыйык булактарым, бийик асманым, булуттарым, камыштарым, таштарым, чексиз жолум бүгүн силердин майрамыңар! Майрамдагыла! Он жылдан бери мени менен силер да көп азап чектиңер. Силер да толгондуңар, ойлондуңар, жалгыз калдыңар! Эч кимге эч нерсе айта албай буулуктуңар! Эч кимге эч нерсеңерди түшүндүрө алган жоксуңар! А бүгүн биздин мүдөөнү бүт кыргыз түшүндү, бүт кыргыз укту! Оо менин элим да, тегим да, жаным да, сүйүүм да эми силерсиңер! Менин силерден башка кайрылаар эч кимим жок! Силер өлбөгүлө, чогуу жашайлы!”

Карагерин чапчу эмес, ушул ирет ал өтө эргип чаап кетип баратты. Тигине Бала-Бейиттен бурулганда эле өзүнүн конушу. Ушул ирет буга обочодо, коктуга тигилген боз үйү бу дүйнөдө болуп жаткан мыкаачы азаптардан коргоп ала тургандай ТИГИНин жанын жай алдыра түштү.

Аялы ары булактан суу көтөрүп келатат ана! Ана жашоо!

ТИГИ өтө бир эргиген сезимдеринен чыга албай келатканда:

- Эй сенин мээң иштейби? – деп кыйкырган аялынын үнү баарын бузду, - койду кайтарбай кайда кеттиң? - көзүн чакчайтып, колундагы чакасын жерге койду.

Тиги кичирейе түштү бир паста. Дердеңдеп келаткан демин бир заматта таппай калды.

- Эмне кылмак элем... “Бодо малдарга” көз салып жүрдүм, – оор үшкүрүп, күлүп жиберди.

- Кыйраттың, коюң тигине Качынын коюна кошулуп кетиптир! - колуна чаканы көтөрүп, арты кесилген көлөшүн оңдоп кийип, алдыга түштү, - Араң бөлдүк. Бир кой жок.

- Анан?

- Ушу Качы эле катып койду окшойт, ары коктуга төрт бутун байлап, таштап койду да.

- Койсоңчу, - деп атынан түштү Тиги.

- Шерине бермек эмес беле бүрсүгүнү. Ошого семиз козу таппай атат деп аткан аялы.

- Мейли эми... Эгер уурдаса унчукпа!

- Эмне? Мобу сообу, эмнеге унчукпайм?!

- Унчукпа! – башын чайкады.

- Ооба сага, эк, ушинте эле берет, - колун шилтеп тура калып боз үйүнө кирип кетти.

Тиги маңдайдагы кырка жаткан тоолорду ойлуу тиктеп, белиндеги кемер курун эки колу менен бекем кармап, куду Манас атабыздай какайып, эки бутун талтайтып, терең дем алып турду.

- Аялы кымыз алып чыкты. Тиги көк шиберге мандаш токунуп отура кетти. Нак кымыздын чертилгенин карап, маашыркана, дем албай туруп бир кесе кымызды жутуп жиберди да:

- А кандай айырмасы бар ким соёт, эти бизге буюрса болду да.

Айткандай эле бир күндөн кийин кошунасыныкында шеринеде отурушту. Аялына куйрук, ТИГИГЕ жамбаш тартылды.

11-февраль. 2022-жыл. Бишкек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз