Дүйшөн Керимов: Сакалдынын пахтазарлары

  • 07.03.2022
  • 2484

ЭССЕ

(Жанакем Мурза Гапаровго арнайм)

«Дүйнө алдыга баратат», – деди. – Ооба, – дедим. Ал дайымкыдай эле алдыга баратат, бирок күндү айланып...»
Габриэль Гарсиа Маркес.

– Мой друг Дуйшембек, наши сокурсник, в Кирлитфаке учится. Поэтому он почти по киргизскому говорит. Но не обижайтесь  девушки, он веселый парень. Кыргызча поёт, стихи читает, короче, классный жигит, – деп Абдыганы досум чогуу окуган орус кыздарына бирден кол алыштыра тааныштырды.

– Александра, – деди, узун бой, чачы саргыч тармал, ачык асмандай көпкөк көздүүсү.

– Тамара, – деди, күлмүңдөй, оозунан шакарап жыттанган толмочу.

– Евгения, – деди, илмейген арык, ээрини жупжука аксаргылы.

– Ира, – деди, өзбек кыздай кара көз, узун кирпиктүү, орто бой, шайы көйнөкчөнү, – коркма, мен кыргызча аз-маз биледи...

Ошентип, Ира экөөбүз, өзү айткандай ал кечте аз-маз бара-бара  ымалалашып кеттик.

Эх, атаңдынгөрү, асман чайыттай ачык, толгон ай дал төбөдө жаркып, пахта талаанын четинде, суусу көөлгүй жайма-жай аккан канал жээгиндеги көрпө төшөктөй жумшак шиберде кыздар шыйпаңдан ала келген одеял үстүндө газеттен дасторкон жайып, бөлкө нан кенен, үч айнек банка ашкабак икра, мырза теректердей койкойгон он чакты бөтөлгө “Портвейн” виносу ортодо, дүйнөбүз түгөл шаттуу түн.

- Расцветали яблони и груши...

Боюнда бардай толмоч Тамара эми  эки колун артка таяна, чалкалай аба жара ырдай баштады. Үнү укмуш экен! Кыздар жапырт коштоду. Керемет ыр “Катюша” обого жаңырды. Кыздарга Абдыганы кошулду. Менин боюм ийнине араң теңешээр тартайган узун бойлуу достун саал кополураак баритон үнү төрт бийкечтин жагымдуу аванын ыксыз жөөлөй, жапырт чыккан үн ай-талаага жаңырып, өзгөчө мен үчүн бул отуруш бир ажайып көрүнүш, жаңылык, көркөм учур эле да. Бүт аалам – ыңкыган пахтазарлуу талаа, тыт дарактар, электри жылмыңдаган шыйпаңдар, асмандагы ай, жылдыздар бизге гана назарын салып турган керемет көз ирмем эле. Анын үстүнө мындай отуруш мендей элеттикке таптакыр жаңылык турбайбы, анан да үчүнчү курска өтсөк да баягыдай кысынуу, кыздардын жанында өзүңдү комсоо сезүү түшүнүктөр али кете элек учур окшобойбу.  

«Расцветали яблони и груши,
Поплыли туманы над рекой.
Выходила на берег Катюша,
На высокий берег, на крутой.
Выходила на берег Катюша,
На высокий берег, на крутой…»

*      *      *

– Сейчас Дуйшембек поёт! – деди, Абдыганы тост айтылып, вино ичилер замат. – Кыздардын оозун бир ачыр эми...

– Кой эй, буларың менин ырымды түшүнбөйт да.

– Эмнеге түшүнбөйт экен, эң сонун түшүнөт. “Үкөйдү” ырда. Это про любовь, старая песня. Давай досум, башта!

Качарга арга жок. Вино ичти кызытып, бир жактан “Катюша” эргитип-элирте, көздөрү тунук винодой кылгырып, менден бир укмушту күтүп отурган перизаттардын үмүттүү деми дем берди окшобойбу, качанкы заманда өткөн авам, айылдаш бабам кайран Боогачынын аманат мурасы “Үкөйүмдү”, өз көзүн көрүп, авазын угуп калган айылдаштарымдын айтканындай сүтбото тайлактын боздогонундай алда-кайда угуза созгон ашыглыктын айжаркын ырын ырдай баштадым...

Алалуу гана жылкы эй элде бар, эй,
Ашыктык гана илдет менде бар.
Армандуу гана болдум жете албай,
Үкөйүм, аз милдетим сенде бар.

Алтындан чачпак эй, сооруңда,
Ар күнү турат оюмда.
Асылдан бүткөн Үкөйүм,
Тээтиги ай тийбес тоонун боорунда.

Кара бир тоонун эй, бетинен,
Кашкалдак куштай үн салдым.
Кадырлуу Үкөй дартинан,
Кантейин карышкырдай түн каттым...

*      *      *

Танапис башталып кетти. Вино али көп.

– Дуйшен, жүрүң, аз-маз басып келейли, – деген, Иранын сөзү не керемет, капилет канымды дүргүттү. Жетектеги тайдай жүрүп бердим. Ат-Башыда кыздар мындай дебес... Сакалды не ажайып аймак! Төмөндө Өзбекстан тарап электр нуруна жаркыйт. Тоо тарапта өзүбүздүн Арстанбап опол тоосу асманга чейин дүпүйө комдонуп жатканы.

Ээндеги тыт түбүнө жеткенде Ира капилет кайрылып: “Мой Шаляпин!” деп, шап кучактады да, мойнумдан өөп жиберди. Куду кинодогудай болуп кетти. Аялзаты берген дымакты ошондо сезгем. Пахта теримде берилчү буфайкени шарт эле жонумдан жулуп алып, Ираны орой салдым. Өзү да куштай ийкемдүү жан, не десем көнө берди. Тыт түбүндөгү калың шиберде ооналактай эзилишип  кирдик. Капырай, кыз баланын мындай эркиндигин биринчи сезгеним. “Кыз баладай койнубузда эркелеп...” Улуу Алыкулдун ушул сабындай бала болуп башыма жүн чыкканы мага али белгисиз аялзатынын чектелүү чегараларынан өтүп кетип бараткансыдым...

– Ниже пояса запрет, дорогой... Но это после свадьбы... –деди, Ира энтиге шыбырап

– Макул, макул, мен сага үйлөнөм.

– Мой Шаляпин, мен да сени жаксы көрем. Бирок, бизде обычья ушундай гой, жаным...

*      *      *

Мен буга чейин “Манасты” окугамын, күйөлөп барган Букарда кайран Канышынын койнуна капыс кол салам деп, каруусунан канжар жеген канкор Манас бабабызды айт! Улуу Мухтар Ауэзовдун «Абай жолунда» эпопея романындагы буура төө агызаар кирген дарыядан айбыкпай арзуунун рахатын таткан Абай менен Тогжанчы... Канчалаган көңүл кайт учур, таарыныч өтсө да капыстан көрүшкөн жерден эле бири-бирин кыя албай, ээрчишип кайрадан эзилишкен, гениалдуу Михаил Шолоховдун «Тынч Дон» шедевриндеги кайталангыс каармандар Аксинья менен Григорийди айт...

Ошондо мен үчүн ачып койгон Ира кыздын ак төшү, андай апакай аркар төш кайра болсо, кайдан табылаар, аттиң...

*      *      *

Узак отуруштан чаалыккан узун-кыскалуу эки дос Сакалдынын чети – өзбек мале деп, аталаар көчөсү менен эптеп шыйпаңга жетер мерчемде келаттык эле, бурулуштан “күр” этип эле беш-алты мотоцикл фаралары көздү уялтып чыга түштү. Өзбек туугандардын коргондору бийик, атчан, төөчөн адамдардын да бойлору жетпейт го. Мотоциклдер ал кезде “Ява” дей турган кубаттуу, куштай ыкчам жүргөн мотолор бизди жөөлөй өтүп баратканда, Абдыганы алдындагысын ары итерип жиберди. Чаң-будуң түшүп эле баардыгы токтоп калды. Дуулдаган жигиттер учкашкандары менен ондон ашык – алдындагы узун бойлуусу менен Абдыганы жекме-жек тиреше түштү.

Абдыганы кетенчиктеп, тиги жигит улам ыкыс берип, бирок бири-бирине кол сала албай тирешип баратышты. Абдыганы да спортсмен-боксер эле, марашып баратып “Дүйшембек, кач!” – деди. Кайда качмаксың... Ороп келаткан жигиттерден жан айласы кылып, бийик дубалга ыктай кетенчиктеп баратып, капыстан эле калиткага колум илинди да түртсөм, ичкери кирип кеттим. Кызык ошондо башталды. Жарык чарпаяда үч-төрт өзбек кишилер аялдары менен аш жеп отурушкан экен, кожоюн өзбек ордунан тура калды да. “Бу ким өзи?” – деп, аялын акырая карап калды. Аялы айласы куруп, актана баштады. Ошондо эки оттун ортосунда калгандай болгон мен айлам куругандан: “Эй тага, бизди орустар өлтүргөнү келатат!”, – деп, жибердим. “Сизди ким үлтиреди?!”, деп, ал бычагын ала жүгүрдү. Мен чөп түбүндөгү бешиликти ала жүгүрдүм.

Калиткадан чыксак, орустар дуу коюп жөнөп кетишти. Арыдан эч кимге алдырбаган Абдыганы дос күлүп чыга келди. Ошондо өзбек ашынамдын айтып турган жери: “Эй, үка, бу сцанарийиң чынбы же калппы?”. Көрсө, ошол кийин ашына болуп кеткен Алим ака өзү да мугалим киши экен. Жолукканда күлүп, сыйлашып жүрдүк.

*      *      *

Биз анда шыйпаңга аман-эсен жөнөп кеткен элек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз