Чоңдор үчүн жомоктор

  • 26.05.2022
  • 4502

Имидж

- Демек, алар сага каалаган адам менен турмуш курууңа тыюу сала алышпайт турбайбы? – деп сурады Жезкемпир.

- Ооба, тыюу сала алышпайт, - деп жооп берди ханзаада. - Падышанын жарлыгы боюнча анын бардык уулдарына каалаган кыздарына үйлөнүүгө уруксат берилген... Атакебиз бул буйрукка кол койгондо: «Балким, жолуңар болуп калар!» деп кошумчалаган.

--Анан кандай, жолуңар болдубу? — деп сурады Жезкемпир. – Бактыңарды таптыңарбы?

- Кайдан, - деп үшкүрдү ханзаада. – Апама жага албайсың! Улуу агам мырзанын кызын алган, анын себи начар, ортончусу соодагердин кызын тандаган – ал тексиз. Эч нерсе боло электе эле көзүнө жаш алат: "Кайдагы бир немелерди таап алдыңар, апаңардан кеңешин укпайсыңар, анан кайдан жакшылык болсун!" Эки келини бир сөздү айтуудан коркушат. Жакында ханышанын туулган күнү белгиленди, бири ага белекке көйнөк тигип, экинчиси нан бышырып берди. Апам бул жерде да жөн калган жок: нан чала бышыптыр, көйнөгү начар тигилген... Бир туугандарымдын көргөн күнү курусун, апамдын айынан күн сайын уруш-талаш, чатак, - Ханзаада үшкүрүп, колун шилтеп койду.

– Менден эмнени каалайсың? — деди Жезкемпир көңүлү чөгүп, шөмтүрөгөн коногунан.

- Мен үйлөнгүм келет, – деп үшкүрдү ханзаада кайрадан, – мен буга чейин колуктумду тандап алгам... бирок бир туугандардын жашоосун карасам, көңүлүм айныйт!

Жезкемпир ойлонуп туруп, тилин шакылдатып алды да, буйура сүйлөдү:

-- Ушул жерде күтүп тур.

Анан ал кепени айланып ары кетти.

Бир кезде ал саздын ылайына булганып, колу чыканагына чейин суу болуп кайтты.

- Карма, – деди да, Жезкемпир жаңы кармалган баканы ханзааданын колуна карматты.

– Мен муну эмне кылам? – деди таң калган ханзаада, тигининин жаса дегенин жасап, баканын мыкчып кармап алды, бака жинденгенсип бак-бак деп үн чыгарды.

- Апаңа айт, мен ушуга үйлөнөм де, — деп түшүндүрдү Жезкемпир.

– Бакагабы?

– Ооба.

– Ушуга үйлөнөйүнбү?!

- Ооба, - Жезкемпир баш ийкеди. - Каныша эмне десе да, айтканыңдан кайтпа. Мен мындан башканы сүйө албайм, бир гана ушул бакага үйлөнөм, мен башка эч нерсени уккум келбейт дегин.

Ханзаада башын мыкчып кармоого аракет кылды, бирок анын колунда болочок аялы болгондуктан, анын мурдуна суук, нымдуу баканын буттары чалп дей түштү. Бака эки эсе катуу бак-бак деп үн чыгарды.

– Бүткүл падышачылыкта чоң уу-дуу болот!

- Ал сөзсүз болот, - деп макул болду Жезкемпир, - бирок сен айтканыңдан чегинбе. Ал эми той күнү келгенде, сүйлөшкөн кызыңды сарайга алып кел... Аты ким?

- Василиса...

- Аны сарайга алып бар, бул бака сулууга айланып калганын баарына айт. Улуу жана керемет сүйүүнүн күчүнөн ушундай болду де. Баарын туура кылсаң апаң келини бака эмес адам болуп калганына кубанат. Көйнөк менен нанды тандаганды ойлоп да койбойт... Ооба, ага эгер сиз андан болбой эле кемчилик таба баштасаңыз, ал чыр-чатактардан Василиса кайра бакага айланып кетиши мүмкүн деп кыйытасыз.

- Түшүнүктүү, - деди ханзаада.

– А тойдон кийин баканы эмне кылам?

- Кайра алып кел, -- деп жооп берди Жезкемпир. – Сак-саламат болсун, эч жерине зыян кылба. Ага жакшы мамиле кыл, кантсе да келинчегиң эмеспи! Ал эми ынандыруу үчүн биз дагы бир нерсени кошобуз ... Албетте, иллюзия, бирок эң негизгиси – бул имидж, ал жакшы таасир калтырат...

Жезкемпир манжаларын тырсылдатып, этияттык менен баканын башына кайдан-жайдан пайда болгон кичинекей алтын таажыны кийгизди.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз