Икая: Караңгы эл дөөпүрөс падышага татыктуу

  • 01.06.2022
  • 2047

Качандыр бир заманда эки дос узак сапарга чыгыптыр. Арып-азып өтө узак жолду басып өтүшөт. Акыры чарчагандан дүпүйгөн эски дарактын түбүндө эс алмак болушат. Колдо болгон жол азыктарын тең бөлүшүп жеп, кобурашып отурат. Бири экинчисинен сурайт:

– Агер падыша болуп калсаң, не кылат элең?

– Агер мен падыша болуп калсамбы?.. Өз өлкөмдө темирдей тартип орнотмокмун. Баардык жайда адилеттик өкүм сүрмөк... Элим эмнени кааласа, баарын аткармакмын! А сенчи?..

– Мен падыша болуп калсамбы?.. Эл сөрөйдүн баарын чөгөлөтмөкмүн. Анык көргүлүктү көрсөтүп, жондорунан кайыш тилмекмин. Өлгөндүн үстүнөн көмгөн эмне экенин көрсөтмөкмүн...

– Эмне анча таш боор болуп?

– Себеби, эл сөрөй дегениң – күнөөгө батып бүткөн, аларың жакшылыкка да, жамандыкка да татыксыз.

Эки дос эртеси да сапар улайт. Узак жол жүрүп, чоң бир шаарга токтошот. Карашса, кансарай алдында эл котолоп жыйылып, ар кимиси колунда бирден кесим эт көтөрүп, баары асманда учкан кушту жалдырап тиктеп турушкан болот. Тек жайын териштирсе, бир күн мурда шаарды башкарган падыша жалган дүйнөдөн өтүп кеткен экен. Артында бийлик тагын ээлей турган туягы да болбоптур. Ошол себептен билермансынган көсөмдөр кеңешип, падышанын карт бүркүтүн туурунан бошотуп: куш кимдин башына консо, ошону падыша кылуу чечимине келишкен экен. Бүркүт болсо макулук ко, котологон элдин башынан айланып-айланып учуп, Теңирдин буйругу менен баягы канкор падыша болгусу келген жолоочунун башына конот.

Бирок чогулган эл капкайдагы бейтааныш жолоочунун падыша болгонун каалабай, бүркүттү кайрадан асманга учурушат. Бүркүт болбой эле кангүсөп келаткан жолоочунун башына кайрадан конот. Тагдырдын жазганынан ким кайда бармак. Ошону менен канкорлукту каалаган жолоочу падышалык такка отурат. Баягы айткандары айткандай келет: калк башына катаал турмуш буюрат. Салык төлөөдө көргүлүктү көрөт эл, адилетсиз катаал заман күчөйт.

Каржалган калк акыры падышанын шаарга чогуу келген досун издеп табышат: "Досуңа айтып, элге ырайымдуулук суранчы, кагылайын" деп жалынып-жалбарышат. Адилетчил жолоочу падыша досуна барат. Тиги да күлүп-жайнап тосуп алат. Бирок эл таламын талашкысы келген досунун сөзүн оозунан жулуп алат:

– Менин ишиме кийлигишпең, – дейт баркылдап. – Эмне деп кеп кылганыбыз эсиңдеби? Ооба, мен бул элди адилетсиз кыйноого салып атам. Муну өзүңө зыяны тиет дээрсиң? Мейли, тийсин! Бирок эл дегениң келесоо. Ошонүчүн менден жакшылык да күтпөсүн. Болбосо алар кудайдын кудуретине ишенип, башыма куш конгону үчүн эмнеге мени такка отургузушту? Караңгы эл дөөпүрөс падышага гана татыктуу. А акылдуу эл акылдуу падышага татыктуу экенин унутпа! – деген экен.

Которгон Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз