Нуралы Капаров: Аңчынын аңгемеси (көркөм маек)

  • 06.06.2022
  • 2405

Малик ата мени күтөт. Мени менен сүйлөшкүсү келет. Көр тирликтин алегинен бошобой кээде жарым жылда бир, кээде жылына бир жолугабыз.

- Ассалоом алейкум, ата!

- Алейкума ассалоом!

- Мени таанып жатасызбы, ата?

- Нураалысыңбы?

- Ооба, менмин.

- Аа айланайын, үнүңөн тааныдым.

- Ата, кандайсыз? Күүлүү-күчтүүсүзбү?

- Аа балам, былтыркыдан быйыл бөксөрүп калдым. Көз жакшы көрбөйт, кулак жакшы укпайт.

Малик атанын көздөрү чүңүрөйгөнсүп, туруш-турпаты кичирейгенсип, кубатсыз сүйлөгөнү, кыбырап кыймылдаганы чындап эле былтыркыдан быйыл бөксөрө түшкөнүн айтып тургансыйт.

Ал-жай сурашкандан кийин адатыбызча аркы-беркиден кеп козгоп кызуу сөзгө кирип кетебиз.

- Аа балам, эмнесин айтасың, өмүр өтүп жатат, - деп таягынын учу менен жер чукуп көпкө тунжурап ойлонуп олтуруп калат. Ал аңгыча үй тиричилиги менен алектенип жүргөн кемпири да сыртка чыга калат.

- Аа айланайын, келдиңби?

- Ооба, апа, келдим. Өзүңүздөр кандайсыздар?

- Жакшыбыз, айланайын, жакшыбыз. Өзүңөр жакшы жатасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, жакшыбыз, апа.

- Ия абышка, алыстан келген конокту сөзгө алаксытып сыртка тургузуп коёсуңбу? Жол жүрүп ачка болгондур... Үйгө киргиле, чай кайнап турат.

Качан, кайсы убакта келбейин үйү жылуу, оту жагылуу.

Сөз дасторкон четинде уланат.

- Ата, ушунча жыл элимен айланайын, жеримен айланайын деп эли-жериңе жалбарып-жалынып, кагылып-согулуп элиңен бөлүнбөй, жериңен бөлүнбөй жашап келе жатасыз. Деги кыргыз элибиз кандай эл экен?

- Аа балам, кыргыз жарыкты төбөсүнөн алган жылдары бири-бирине байымдуу жакшы эл эле. Качан жарыкты капталынан алган жылдардан тарта жакшысы жаманын жеңе албаган итжыгылыш элге айландык.

- Жарыкты төбөсүнөн алган дегениңиз кандай?

- Боз үйдүн түндүгүнөн жарык алган жылдарды айтып жатпаймынбы.

- Аа-а ошондой деңиз...

Малик атанын туюндуруу ыкмасынын, сүйлөө жөндөмүнүн ачкычын эми тапкандай күрмөмдүн боор топчуларын чечип, кысынбай жеңилденип олтурдум.

- Тоодогу алма-багыңарга барып жатасызбы?

- Буга чейин көлүгүм жок баралбай жүрдүм, балам.

- Миңги бээңиз бар эмес беле?

- Эки жыл удаа кысыр калганынан саттырып жибергем. Ордуна бышты чыкма кунан сатып келишиптир. Өтө эле жука жаныбар экен. Жонуна кылтылдап ээр токтобойт. Анан калса ак эт экен. Кичине эле кыйналып калса түйтөйүп этинен түшүп баспай калат. Өргө бастырсаң ээрди артка таштайт, эңиштеп бастырсаң ээрди алдыга таштайт. Теминсең лөк-лөк этип төөчө желет. Иче-кардың аңтарылып үстүнөн түшө качкың келет.

Коңшу айылда соодагер жээним бар эле, кудай жалгап бир күнү ошол жээним келип калыптыр. “Таеке, кара кашка кунанды эмне минбей жатасыз?” дейт. “Эки капталы кууш немеге ээр кылтылдап токтобой көналбай койдум” дедим. “Анда кара кашканы мага бериңиз, ордуна болук бээ сатып келип берейин” деди. Мейлиң десем эртеси эле жээрде кашканы жетелеп келиптир. Жону жазы, курсагы салык, сөөгү жотолуу, маңдайы жарык, төрт туягын ичин карай майрыйта баскан канжыгалуу жаныбар экен жээрде кашка! “Балдар, токугула!” дедим. Жээрде кашканы оң баштантып, бутумду үзөңгүгө мыктап салып, төгүлгөн жалынан тутамдап аткып, алдыга обдулганымды артка кетирбей, сүйүнүчтүн парманынанбы, кубанычтын кубатынанбы, бул жолу ээрге шап эле чапчаң минсем, жону жазы, курсагы салык болук бээге чатым толуп жыргап эле калбадымбы!

Ээ балам, эмнесин айтасын, баштан көп нерселер өттү, – деп былк этпей олтурган ордунан бир аз копшолуп, кобурап коёт.

Чачы, кашы, сакал-муруту куудай агарганы менен көз чуңкурундагы койгул кара көзүнөн билинер-билинбес жылт-жулт этип нур жанып турганы жашоого али кумары толук кана элегинен кабар берип тургансыйт.

Аркы-беркини айттырбай түшүнгөн сергек-сезимтал жан. Өткөн-кеткенди акыл-эс сыдыргысынан өткөрүп эмне жаман, эмне жакшы деген суроого буйдалбай түз жооп берген акылман адам. Пейил-кую кенен, бир адамдын көңүлүн калтыргысы жок. Орто коңур үнүн жумшак чыгарып кандай окуяны айтпасын ары кызыктуу, ары жагымдуу сүйлөйт. Жөтөлгөндө да какыр сайдан кара темир сүйрөткөндөй “карс! карс!” жөтөлбөй, кийиз чокой менен көк жылгаяк муз тепкендей жумшак жөтөлөт.

- Душман күтүп көрдүңүз беле? – дейм ортодогу тунжураган тынчтыкты бузуп.

- Жок, балам, душман күткөнүм жок. Тынч жашадым. Бирок душмандашкандарды көп көрдүм. - Малик ата бир аз тымып олтуруп калат да: - Ооба, ошондой! – деп өз оюн өзү бекемдегендей башын ийкегилеп коёт. - Орой душмандан коркунуч аз. Орой душман өз башын өзү жутат. Душмандын жумшагы менен макоосу жаман.

- Жумшагы дегениңиз кандай?

- Душмандын жумшагы дегеним – акылдуусун, куусун айтып жатам. Андай душман өлтүрөм, соём, талкалайм деп маңдайыңа туруп алып опурулбайт, жулкунбайт. Эмне ою, эмне сыры бар экенин түк билдирбейт. Тескерисинче, ыгы келе калса төрүнө олтургузуп досундай сыйлайт, далыга таптап тууганындай мактайт. Жакшы сөз, жакшы мамиле менен көзүңдү бууйт. Жүрөгүң элжиреп шектенбей каласың, сактанбай каласың...

- Орой душманчы?

- Орой душмандын ичине каткан сыры жок. Колунан келчүсүн да, келбөөчүсүн да ачык айтып опурулат. - Малик ата адатынча бир тынымга тымып ойлоно калат да кайрадан сөзүн улайт. - Казактын акыркы ханы Кененсары менен анын уулу Ноорузбай орой эл башчыларынан, кол башчыларынан болсо керек деп ойлойм.

- Алардын башын алган Ормон хан деле оңой орой хан болбосо керек эле да.

- Аа-а балам, эки орой душман беттешкенде кимиси биринчи жумшарып кетсе ошол жеңет.

- Кандайча?

- Ким биринчи ачууга алдырбай жумшарса амалкөй, акылдуу жанга айланат. Акыл менен амалга кара күч туруштук бере албайт. Ормон хан Кененсары, Ноорузбайды кара күч менен жеңе алмак эмес. Акыл-айла, амал менен жеңген.

- Ал эми макоо душманыңыз кандай?

- Балам, макоо душман сырттан келбейт. “Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” дегендей макоо душман өз элиңен, өз урууңан же өз бир тууганыңан чыгат.

- Душман душманды толук, тыптыйпыл жеңе алабы?

- Толук жеңиш сейрек болот. Душман душманга убактылуу жеңилет. Душмандашуунун оту өчкөнү менен түбүндө чогу калат. Жүрө-жүрө жандана баштайт, тутана баштайт. От отту жаратат. Өч өчтү жаратат, кек кекти жаратат. Атадан балага, баладан небереге, небереден чөбөрөгө өтөт.

- Демек душмандашуунун жалынын гана өчүрбөстөн чогун да өчүрүү керек турбайбы.

- Ооба, чогун өчүрмөйүн душмандашуу токтобойт.

- Чокту кантип өчүрсө болот?

- Элдешип гана өчүрө аласың.

- Ата, канча жашыңыздан баштап мергенчилик кылдыңыз?

- Он үч жашыман тарта колума мылтык кармадым, балам.

- Кимден үйрөндүңүз, кимди ээрчидиңиз?

- Кеминде Үсөн деген атыккан көзгө атар мерген бар эле, ошону ээрчидим... Бир күнү куш атып ойноп жүрсөм Үсөн аксакал: “Ай балам, бери келчи” деп мени өзүнө чакырып алды.

“Балам сага көптөн бери көз салып жүрөм. Эмитен эле бассаң-турсаң мылтыгыңды колуңан түшүрбөй мергенчиликке кызыгып алгандай түрүң бар, мергенчиликтин жол-жобосун үйрөтүп коёюн, мени менен Кара-Зоого кийиктеп барып келесииңби? – деди.

Мергенчилик десе ак эткенден так этип турган жаным макул дегендей башымды ийкегиледим. Бир күнү Үсөн ата атамдын уруксатын алып мени атына учкаштырып мергенге ала кетти. Түнү менен жол жүрүп, таң куланөөк атканда Окторкой жайлоосунун Кара-Зоосуна жеттик. Минип келген күрөң айгырыбыздын белин бошотуп, жер бетине сойлоп өскөн жапалак арчанын жоон бутагына байлап, мылтыктарыбызды ийинибизге асынып, жайы-кышы мөңгү кетпеген көк заңгелди көздөй коктуну өрдөп жөө жөнөдүк. Күйүккөн демибизди ичибизге тартып, Көк-Заңгелдин түбүндөгү узун-туурасынан жайыла берген торпу-түздү жалама күңгөй беттен бөлүп турган кыраңчанын кырына жете берерибизде Үсөн ата бир нерсени туя калгандай “жалп!” этип жерге кулап түштү. Мага да жат дегендей кол жаңсады. Мен да жата калдым. Үсөн ата кырды карай боортоктоп жа-а-ай сойлоп жөнөдү. Мен да артынан сойлоп жөнөдүм. Ошентип Үсөн ата экөөбүз төрт аяктап боортоктоп сойлоп кырдын кылда четине жеттик.

Тээ илгерки атам замандан бери Кара-Зоонун боорун табы ысык күн жеп, суугу катуу түн жеп, озондоп үнүн баспаган бороону боздоп, бир буулугуп алса айлап жашын тыйбаган жамгыры копшоп, жаалы күчтүү табияттын каарынан тулку-боюн бүтүн турган асканын жан-жагынан жарака кетип, оңун табалбай калган жерлери омурулуп түшө берип, жайын табалбай калган жерлери жарылып түшө берип торпунун түзү жайнаган үйдөй-үйдөй ташка толуп кетиптир. Ошол жайнаган үйдөй чоң таштардын арасында соккон желге дирилдеп канатын каккан жалбырагы жок, аркайып-каркайып жыш өскөн куу жыгачтарды өмүрүмдө биринчи ирет көргөнүмө таңыркап “Ой-и-ий!” деп үнүмдү катуураак чыгарып жиберсем, жанымда жанаша жаткан Үсөн ата “шүк!” деп күрөктөй колу менен желкемен жерге ныгыра басты.

Туура эмес иш кылганымды түкшөмөлдөп түшүнгөн жаным ичимен уяла түшүп, жер караган бойдон бир топко кыймылсыз жаттым. Оо бир топ убакыт өткөндөн кийин Үсөн ата оң колуман сыйда өзүн карай тартып: “Башыңды өйдө көтөрүп торпунун түзүн кара, эмне көрүп жатасың?” деп кулагымды кытыгылаган жылуу деми менен аста-акырын шыбырап сүйлөдү.

- Арбайып-тарбайып жыш өскөн куу жыгачтан башка эч нерсе көралбай жатам, ата, – деп мен да шыбырап жооп узатсам, мындай жоопту күткөн эмеспи, айтор көмкөрөсүнөн жаткан Үсөн ата башын жерден өйдө көтөрө албай эки ийнин бүлкүлдөтүп үн чыгарбай көпкө күлдү. Ичин туйлаткан ысык күлкү шар чыгалбай сызылып чыккандыктан көптө барып дени муздады окшойт, биртопко көмкөрөсүнөн сулк жатты да, анан башын бир аз өйдө көтөрүп сөзүн улады.

- Балам, ошол арбайып-тарбайган куу жыгачтар – эчки-текенин мүйүздөрү. Көзүңдү жакшылап көнүктүрүп, шашылбай карасаң, шагыраган куу жыгачтын астында томурайып жуушап жаткан эчки-текенин караанын көрөсүң, - деп адатынча үнүн пас чыгарып шыбырап сүйлөдү.

Чын эле карегимди жакшылап кадап карасам, арбайган-тарбайган куу жыгачтын астында беймарал жуушап жаткан каралжын күрөң калың эчки-текенин туш тарапты карап жаткан башын, тулку-боюн көрө баштагансыдым. Арасында кедейген, торсойгон улактары да жаткансыйт. Аркайып-таркайып өскөн айрым “жыгачтар” өскөн жеринен оодарылып орун которуп кыймылдагансып коёт.

- Мына балам, дасторкондун үстүнө чачып салган боорсоктой жайын толук жеп чың семирген эчки-текелердин жуушап жатканын көрүп турасың. Жакшылап мээлеп туруп ат десем кайсынысын атаар элең? Тээтиги четкерээк жаткан шаа мүйүз кара текениби? Же ортодогу торсойгон улактыбы? Же берирээк жаткан чебичтиби? – деп Үсөн ата мага суроолуу карады.

- Албетте, чоңураагын, ирдүүрөөгүн атам да.

- Демек тандап атайын деген оюң бар турбайбы.

Ооба дегендей башымды ийкегиледим.

- Мергенчинин баары мына ушундан жаңылат. Балам, тандаганыңды атпай, буюрганын ат.

- Кантип? – калың кийиктен көзүн албай телмирип карап жаткан Үсөн ата тарапты бурулуп карадым.

Ары-бери буралбай тынч жат дегендей Үсөн ата адатынча кежигемен жерге жумшак ныгыра басып койду.

- Ысык демиңди ичиңе алып бир аз күтүп жатсаң алдыңдагы жуушап жаткан калың кийиктин арасынан улагыбы, чебичиби, текесиби, айтор бирөөсү жаткан ордунан чымындап тура калат. Ажал тартканы, сага буюрганы ошонусу – ойлонбой ат! Күткөндөн тажаба, балам. Чымындап тура калганы чыкпаса, жок эле дегенде жаткан жеринен арткы туягы менен кулак түбүн кашып жибергени болот -- ошону ат! А дагы Жараткандын буйругу, белгиси, балам.

- Бир кийиктегенде канчаны атса болот, ата?

- Абдан зарыл болсо экини, колдон келсе бирди эле атканың оң.

- Эмне үчүн?

- Ээ балам, булар дагы Жараткандын амири менен жаралган макулуктар. Булардын да Жараткандын алдында эсеп-чоту, убал-сообу бар. Мергенчи киши кайберенди чектен чыгып кырып жиберсе, кайберендин каргышына калат деген кепти уктуң беле, балам?

Ооба, уккам дегендей адатымча бул жолу да башымды ийкегилеп койдум.

- Ошону эсиңен чыгарба, балам. Кайберен жалаң эле адамдардын тамагы эмес, мынабу салаа-салаа, кокту-колотто өрүп жүргөн жырткычтардын да тамагы. Алардын да өз ырыскысы, өз энчиси бар. Жырткычтардын энчисин тартып жеп койсок, алар да тим жатып калбай короодогу коюбузга, үйүрдөгү жылкыбызга, бададагы уюбузга кол салып, баккан-тапкан ырыскыбызды колдон талашат.

Короодогу коюңду коромжу кылып соё берсең, тоодогу кайберенди каалашыңча ата берсең, корооңдо кой калабы да, кокту-колотто кайберен калабы? Жандыктын тукум курут болуп кетиши алеки сааттагы иш, – деп Үсөн ата оозун жыйып алгыча калың кийиктин арасынан кара күрөң чебич чымындап жаткан ордунан тура калды.

- Ат, балам! Кудайым сага бүгүн ушул чебичти буюруптур! – дегенде октолуу даяр турган мылтыгымды колума алып кара күрөң чебичти такыр колтукка мээлеп туруп атканымда турган жеринен “жалп!” деп жерге кулады. Баягы аркайып-таркайып “өсүп” турган калың “жыгачка” жан кирип көчүгүн жерден жулуп алып, калжайган кара күрөң текелердин башы менен кошо кетти. “Дү-ү-үр!” этип жарым чакырымдай жерге чейин катуу үркүп барышып, жаңырган октун үнүн чын уктумбу же калп уктумбу деп ишенип-ишенбегендей алдамчы туюмга азгырылган кийиктер жарданып токтой калышып төмөндү караганда, төрт аягы тыбырап жаны толук чыкпай канжалап жерде жаткан чебичти көргөндө кайрадан ток ургандай түйүлүп “дыр!” бергенде беш жүзгө чамалаган кийиктин караанынан Кара-Зоонун жалама бети кара туман каптагандай эле көрүнбөй калды.

- Ошентип мергенчилик жолуңузду Үсөн ата ачкан турбайбы?

- Ооба, Үсөн мергенчи ачты. Кийин Турсунбай, Турсунаалы аттуу мергенчилерди да көп ээрчидим.

- Үсөн мергенчи мал бакчу беле?

- Кайдагы мал. Кара-Зоонун кийигин напсиси бузук мергенчилерден кайтарып жүрүп өттү.

- Кантип?

- Кадимкидей эле. Атчанын атчан, жөөсүн жөө төрдөн этекке кубалап түшчү.

- Өкмөттөн алган уруксат кагазы бар беле?

- Кудай-Тааладан алган уруксат кагазы бар болчу.

Малик ата айтаарын айтып алып, үнүн ичине алып бир топко бүлкүлдөп күлдү. Мындай мыкты жоопко мен да кошулуп күлдүм.

- Кийин Турсунаалы, Турсунбай мергендерди ээрчидим дейсиз, аларды ээрчигени Үсөн атаны ээрчибей калдыңызбы?

- Кимисиники оң келсе ошолорду ээрчип жүрдүм... - деп Малик ата бир аз ойлоно түштү да. - Негизи мен Үсөн атаны көп ээрчидим, - деп сөзүн улады.

- Үсөн атанын бою эки метрден саал узунураак, буура булчуң, жотолуу киши эле, жарыктык. Кыштын кыраан чилдесинде да: “Жүр балам, Кара-Зоонун кийиги бизди күтүп калды” деп мени күрөң айгырына учкаштырып кетер эле. Түнү бою жол жүрүп олтуруп как эткен каргасы, кук эткен кузгуну жок Окторкой жайлоосунун төрүнө барып токтойбуз. Минген атыбызды аса байлап, бөктөрүнүп келген көрпөчө, таарыбызды алдыбызга жая салып, Үсөн аксакал үстүндөгү тогуз койдун терисинен ашатып жасалган жылуу ак тонун чечип жамынчы кылып жамынып жатып: “Кана балам, ичине сойлоп кирип кет!” деп бир жеңин мени көздөй ыргытат. Сойлоп кирип кетип таң аткыча боргулданып тердеп жатам.

- Тонунун бир жеңине бир өспүрүм сойлоп кирип кетип кенен-кесир уктаса, Үсөн ата зордун зору болгон го дейм...

- Ооба, зордун зору эле жарыктык киши.

- Үсөн мергенчи экөөбүз ошол тондун убайын көп көрдүк. Бир ирет кеч күздө Кара-Зоого баратып: “Күн кайрадан жылып кетти, ашыкча жүк кылбай азырынча силердин үйгө калтырып кетели, кайра келатканда ала кетебиз” деп күздөөдө олтурган чабандын үйүнүнүн алдына бөктөрүнгөн тонун таштап кетсе, коңшу үч келин көтөрүп үйгө кийире албай, төртүнчү коңшу келинди чакырып келип, төртөөлөп жатып араңдан зорго үйгө кийиришиптир.

- Өзү ал болсо, кийген тону бул болсо, Үсөн мергенчинин минген аты кандай болду экен?

- Ээ балам, Жараткан андай адамга алп денени бергенден кийин алдындагы минип жүргөн көлүгүн да кошо берет экен. Тоодой болгон зоот күрөң айгыры болор эле, мен билгени өмүр бою ошону минди.

- Балбандыгы кандай эле?

- Бу биздин Самансур айылынан чыккан Мойло Узак аттуу Үсөн атанын теңтуш курбусу болор эле. Ошол киши айтчу: “Ээ балдарым, кайсы бирин айтайын, Кеңеш өкмөтүнүн заманында Кыргызстандын көптөгөн аймагында жетекчилик кызматта иштедим. Жаштыгымдын көпчүлүк учуру Суусамыр өрөөнүндө өттү. Айтылуу балбан Кожомкулга үзөңгүлөш жолдош болдум. Менин жеке баамымда бу биздин Үсөн балбан Кожомкулдан кем эмес балбан эле. Кожомкул өз аракети менен кат сабасыздыгын жоюп, эл башкарып өмүр бою кызматта жүргөн акылкөй адам экен, мерчеми келе калган жерден балбандыгын далилдеп тарыхка да жазылып калды. Бу биздин жаман Үсөн Кара-Зоонун кийигин суук көздөн сактайм деп кайгырып тоодон түшпөй жүрүп, адаттан тыш балбан экенин кенедей айылындагылардан башка эч ким билбей да калды, көрбөй да калды, - деп арман кылып калар эле.

- Эми мынча болду, Малик ата ошол Үсөн мергенчинин балбандыгынан бир аз аңгеме куруп бербейсизби?

- А-а-а балам, чынын айтайын, Үсөн мергенчинин тоону томкоргон, ойду омкоргон балбандыгын өз көзүм менен көрө алганым жок. Менден улуу мергенчилерден укканым бар.

- Ошол уккандарыңыздан айтып бербейсизби?

- Айтайын, балам, айтайын, - Малик ата узак сөзгө камынгандай отурган ордунан сол жагына бир ооп, оң жагына бир ооп, кемселинин эки өңүрүн кымтыланып олтурду.

- Бу биздин эки Кеминде Турсунаалы, Турсунбай деген көзгө атаар мерген болор эле. Бир күнү Турсунаалы Турсунбайга акыл салат: “Ыя, Туке, бу бизге Кудай таала Желкилдек менен Желаргынын эле кийигин атып жегиле деп буюрду беле. Желаргыга караганда Кара-Зоонун кийиктери эттүү да, ирдүү да келет деп көп угам. Ыгын таап Кара-Зоого бир кийиктеп барып келбейлиби” – десе – “Кара-Зоого кийиктеп келсек жакшы эле болот эле, бирок ал жакта кышын-жайын Кара-Зоонун төрүнөн түшпөгөн Үсөн деген ээси бар экенин өзүң жакшы билесиң, көрүнбөй-билинбей барып келсек жол болду дей бер, кокус алдыбыздан чыгып калса экөөбүздү тең оңдурбайт ко” десе – “Үсөн! Үсөн! эле дейсиңер, Үсөн эмне Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөн машаяк бекен, качанга чейин Үсөндөн коркуп Кара-Зоонун караанын көрбөй өтөт элек, биз да жөн кишилерден эмеспиз, бара көрөлү, кармашса кармашалы, чабышса чабышалы. Экөөлөп жалгыз Үсөндү баса калбай жаныбыз жокпу!” - деген Турсунаалынын кайраттуу сөзү мени да шердентип койду, - дейт Турсунбай мергенчи.

Турсунаалы өзү айткандай өзү да оңой жигиттерден эмес эле, - дейт Малик ата, – жайын толук жеп, дүгдүйүп чың семирген тай букаларды жалгыз өзү мүйүзүнөн толгой кармап жыгып, койдун бутун буугандай төрт бутун кайчылаштыра бууп, бата тилеп мууздап жиберип, “ал эми калганын өзүңөр жөндөп алгыла” деп жарданып карап турган кичүүлөргө түртө салып басып кеткен балбан жигиттердин бири эле.

- Ошентип Кара-Зоого кийиктеп келгени жөнөп калдык, - дейт Турсунбай мергенчи. – Кара-Зоонун оозуна кире берерде эле эмнегедир жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей опкоолжуй баштады. Өзөндүн суусун кечип өтүп, Кара-Зоонун күңгөйүн көздөй кайрыла берерибизде эле: “А-а-а баатырлар, жол болсун силерге! Акыры келаткан экенсиңер. Эки күн келет ко деп Кара-Зоонун төрүнөн күтсөм келбегениңерден ай эми айнып келбей калышты го деп жакага түшүп бараттым эле, ырас алдыман чыкпадыңарбы! - деп күрөң айгырын жетелеп, күрмөсүнүн эки жеңин чыканагына чейин түрүп алган Үсөн мерген как маңдайыбыздан чыга калса болобу!

Жүрөксүнө түшкөнүбүздү, бүшүркөй түшкөнүбүздү билдирбегенге аракеттенип, тоодой Үсөндү тоготуп койбогондой түр көрсөтүп:

- Ооба, эми араң келатабыз! - деп көзүбүздү ала качпай чакчайып тике карап, экөөбүз жарыша жооп кайтардык, - дейт Турсунбай.

- Келатканыңар жакшы. Кандай кудай адаштырбай силерди менин алдыма айдап келатат болду экен! - деп “карс! карс!” каткырып, кудуңдап сүйүнгөнсүп койду. Үсөн мергендин сөзүнө чыртыя түшкөн Турсунаалы: “Сенин алдыңа эмес, кийиктейли деп Кара-Зоонун алдына келдик”, - Турсунаалы Үсөн мергенге ачык эле кыр көрсөтүп каяша сүйлөгөнгө өттү. Үсөн деген Үсөн да. Турсунаалынын чындап чырга чакырган бул сөзүн кулак сыртынан өткөзүп коюп, убактылуу болсо да өзүн токтоо, басмырт кармап: “Кийиктеп келгениңер жакшы, баатырлар! Минген атыңардын омуроосу ак көбүк атып тердеген экен, атыңар эс алсын, жол жүрүп чарчаган чыгаарсыңар, өзүңөр эс алгыла, кийик кара жерге кирсин, кийик кайда кетмек эле, буюрганы тургандыр, андан көрө биз үчөөбүз бир өрөөндүн тукуму катары кеңешип-таңашып алалы, кимибиз айдап, кимибиз тозотко отурабыз, кимибиз канчаны атабыз аныбызды да кеңешип алалы, чогуу кийиктейли, - деп эңгезердей зор Үсөн үнүн аста чыгарып, кебездей жумшара түшкөнкүн көрүп, Кара-Зоонун кийигине өзүнөн башка бир да жан жолотпой, эч кимден уруксат сурабай туруп эле ай дээр ажо, кой дээр кожо болуп алган жекебасар Үсөнгө ыйман кирип калган турбайбы деп опкоолжуган жүрөгүм ордуна келе түштү. Үсөн деген атты укканда эле кежигеси кер тартып турган Турсунаалыга Үсөндүн ортого салган акылы жакпай калганы чыртыйган өңүнөн билинип турду. Турсунаалынын тор кашкасы менен өзүмдүн кер кашкамды куюшкандарына тизгинин кайчылаштырып байлаштырып бери басканымда эле Үсөн менен Турсунаалы билектешип кармаша кетишти. Бала кезимен кырдан кырга, тоодон тоого кийик кубалап жөө-жалаңдап жүрүп чоңойгон мен да өмүр бою сууткан аттай тапталган оңой-олтоң жан эмес элем, берсең эми ушул буттан бере көр деп Үсөн балбандын бир бутуна эки колдоп жабыша калдым. Үсөн менен Турсунаалы ары жулкушуп, бери жулкушуп, бирине бири үстөмдүк кылалбай жатканда, эки колдоп Үсөндүн бир бутун күчүмдүн болушунча ыйынып-ычкынып, тырышып-тырмышып өйдө тартканымда жарымы жерге матып кеткен чылгый чоюндан куюлган устунду тартып жаткансып, жерден бутун өйдө жулуп алмак түгүл, жарым карыш ордунан жылдыралбай, Үсөндүн буту ары кетсе ары кетип, бери кетсе бери кетип, Үсөндүн өтүгүнө илээшкен самандай чубалып жүрдүм. Көзүм жамандыкты көрбөсүн, айланайын, бир кезде ишенген Турсунаалымдын эки буту сорок деп асманга чыгып, башы тип-тик ылдый карап, анан эле бели бир аз ийиле түшүп, саздак жерге “былч!” деп челектей чабылды. Үсөндүн бир бутуна алым жетпей илээшип жүргөн мени коёнду кежиге терисинен аткый кармап көтөргөндөй бир колдоп кежигемен алып көтөрүп, сулк жаткан Турсунаалынын үстүнө кайчылаштыра басты. Кантсе да чыныгы мерген камдуу жүрөт эмеспи, жан чөнтөгүн сыйпалап шара тилинген канжыганын эгиз кайышын алып чыгып, адегенде менин, андан кийин Турсунаалынын эки колун артына кайрып кайчылаштырып байлап, экөөбүздү боору муздак саздын эки башына көмкөрөбүздөн жаткырып салды.

“Ии Кара-Зоонун гана кийигин самап атып жегиңер гана келет. Желаргы менен Желкилдектин кийиги силерге жакпай калган турбайбы. Бир барганда бештен, ондон атып кетип жатып тукум курут кылаарыңарга аз калса керек да. Кээ күнү кийиктен чыкканыңарда ырымга бир кийик жолуктуралбай тоо-ташты аралап темселеп калган күндөрүңөр көбөйүп калса керек да. Кара-Зоонун койдой тескери жайылган кийигинен көзүңөр өтүп келсеңер керек да. Дагы жакшы, мага кабылып аман жатасыңар, Чоң-Кеминдин Оролмосуна кийиктеп чыксаңар Осоке мергенчинин огу как чекеңерге кадалып: “Бээ көрдөңбү – жок, төө көрдүңбү – жок” болмоксуңар, – деп кадимки Кара-Зоонун кароолчу мергени кара сур Үсөн, сакал-муруту самсаалап сапсайган Үсөн табасы кангандай “карс! карс!” күлүп, как маңдайыбызда турду.

Желкилдекке эле кийиктеп келели десем болбой койгон Турсунаалым, “Үсөн! Үсөн эле дейсиңер, Үсөнүңөр Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөн машаяк бекен?” деп эрдемсип койгон Турсунаалым, эмнеси болсо да бара көрөрбүз, кантсе да жанымда Турсунаалым бар эмеспи деп ишенген Турсунаалымдын төрт буту буулуп, тойго союлчу койчо боортоктоп сазда жаткан кебетесин көрүп сен ушуну көрмөк белең деп каткырып жибергим да келип, сен ушинтип калмак белең деп жинденип бакырып да жибергим келип, жаткан жеримен жарытылуу оодарыла албай, чекемди сазга койгулап булкунган болом.

“Ии жаман арамдар, эми бири-бириңерге ыйманыңарды айтып жата бергиле!” – деп аяк өйдө калың кара тал, чычырканак өскөн дөбөнү айланып, суусу шаркырап аккан өзөнгө түшүп кетти.

Апсыйган гана айбан, бу бизди карга-кузгунга жем кылайын деп жатабы деп Үсөнгө ого бетер жиндене баштадым.

“Бул эмне деген шылдыңы, энеңди гана...” деп аттан түшкөн жерибизде калган мылтыктан көзүм өтөт. Эптеп колумду чечип мылтыкка жетсем, Осокенин оюнун чындап Үсөнгө көрсөтөт элем деп коём.

Мен саздын өйдө жагында, Турсунаалы саздын ылдый жагында жатат. Турсунаалыга эптеп тоголонуп жетип, далыбызды далыбызга тийиштирип манжанын учу менен бири-бирибиздин байлообузду чечсек, анан мылтыгыма жетсем деген оюмдун аягына чыга электе кечки кара көлөкөдөй калдайган Үсөн дөңдү айланып чыга келди.

“Ээ каапыр, мынабунун көзү жаман!” деп бүктөй кармаган табылгы сап камчысынын учу менен көзүмдү чыгара сайчудай тап берип койду. Жиним шакардай кайнап, каным дүргүп башыма тээп чыкты. “Ики, ики муну карасаң, тим эле жеп жиберчүдөй карайт да!” деп артка бурулду.

“Үсөн билбеген балакет жок, Үсөндүн көзү ачык” деген сөздү көп укчумун, ошол сөз чын сөз окшойт, карабайсыңбы тим эле ичиме кирип чыккансып ойлогон оюмду билип жатканын деп бир эсе таң калып коём ичимен.

Мага окшоп эки колу аркасына байлануу, же ыйлай албай, же күлө албай, муздак саздын үстүндө боору менен жаткан Турсунаалынын маңдайына барып, бүктөй кармаган соп камчысынын учун мени карай сороктотуп көрсөтүп:

“Тээтиги шүмшүгүңдүн түрү жаман. Колуна мылтык тийсе мени ит аткандай тырайтып атып салайын деген арам ою бар экен. Экөөңдү эки жакка тал кучактатып “эркелетпесем”, мен кеткенден кийин бири-бириңе оонап келип манжа учу менен эптеп колубузду чечип алалы деген таттуу кыялыңар бар өңдөнөт, ошол таттуу кыялыңарды таш каптырып, биротоло орду-түбү менен омкоруп салайын” деп кара боор май топурак жарга тикелеп өскөн табылгыга эмес, кагыраган какыр сайга тамырын терең сайып, топтошуп шоолап өскөн кучак-кучак кара талга жете барып, мындай шумдугуң кургур балбанды ким көрүптүр, ары бир жулкуп, бери бир жулкуп, анан токтой калып, жайган кучагына толо түшкөн топтошкон талды бала кучактагандай куушура кучактап бир аз өйдө-ылдый копшоп-копшоп келип, демин ичине терең тартып, тартайган эки бутун бир саржандай жерге талтайтып такап туруп: “Ия, Алла!” деп бир кыйкырып типтик өйдө тартканда тула-боюндагы туйлап турган кара күчү көкүрөгүндөгү ысык демине кошулуп өйдө карай талпынганда, жаздын ала-шалбыртында жин ургандай удургуп аккан сел алалбаган, жаз алды жылуу тийген күнгө көчүгү тайып көмкөрөсүнөн башмалдак атып кулаган көчкү жулалбаган топтошкон талдын туш-тушка тарап кеткен тарам-тарам тамыры тарс-тарс үзүлүп, топурак-чымы менен кошо жулунуп чыкканда, чогуусу менен оң жагына бир ооната чаап, сол жагына бир ооната чаап топурак-чымынан толук ажыратып, бир кучак талды эки боого теңдеп бөлүп, адегенде Турсунаалынын колун чечип аркасына бала көтөрткөндөй бир боо талды эки колун артына кайрып кучактатып байлап, экинчи боону мага эки колумду артка кайрып жонума кучактатып байлап салды да: “Эми эр болсоңор бири-бириңерге жакындашып оонап көргүлө!” деп атадынча “карс! карс!” күлүп каткырды да: “Андан көрө тиги дүйнөгө арам кетпей, бири-бириңерге ыйманыңарды айтып адал кетсеңер!” деп же тамашасы, же чын экенин билгизбей кайрадан дөңдү айланып өзөнгө түшүп кетти.

Адегенде бу көрбөгөнү калбаган Үсөндүн тамашасы эле го деп ойлогом. Кайдагы тамаша?! Кара-Зоого күндүн мурду жаңыдан жылтырап көрүнгөндө эле келгенбиз... Күн шашке болду... Үсөндөн дайын жок. Күн чак түш болду... Үсөндөн дайын жок.

Саздын муздак нымы боорума өтүп чыдай албай баратам. Жаткан жеримен которулайын дейм, которулалбайм, оодарылайын дейм, оодарылалбайм. Мындай тирүүлөй азаптын туткунунда калып көрбөгөн жаным саат санап чыдамым кетип баратат.

- Ыя Турсунаалы, – дейм Турсунаалы эле жыргап жаткансып. Жини келгенсип “Ии!” дейт. - Өлөт деген ушул беле? – дейм. Унчукпайт. Көптө-ө-ө барып кайра эле – Ия Турсунаалы! – дейм. Баягыдай эле жини келгенсип: “Ии!” дейт. - Ыйман айтышпайлыбы! – дейм. Биртопко унчукпай жатып:

- Айтышса айтышалы! – дейт. Анын да үмүтү үлпүлдөп өчөйүн деп баратса керек.

Турсунаалы экөөбүз Кара-Зоонун оозунда көгала саздын үстүндө эки колубуз артка кайрылып, бирден боо жапайы эчки тал кучактаган боюнча ыйман айтыша баштадык.

Убакыт кеч бешимден да өтүп баратат. Ичик-тонубуз аттарга бөктөрүлгөн боюнча калган. Жалаңкат бешмант менен үшүй баштадык. Кеч күздүн кыска күнү эртелеп батып, көлөкө коюу түшө баштады. Кара-Зоонун кокту ылдый дуулдап соккон муздак жели коюн-кончубузду аралап, тиши-тишибизге тийбей титиреп үшүп жатабыз. Жаак этибиз карышып ыйман айтышканга да жарабай калдык. Кардыбыз капшырылып ачкабыз. Бар күчүмдү салып:

- Турсунаалы! – дейм. “Сен болбосоң мен бул жерге келмек эмесмин, бар балээнин баарын сен баштадың” деген сөздү айталбай жатканымды алдыртан туйган Турсунаалы: “Ии, сага эмне болду!” деп жинденип жооп кайтаргансыйт.

“Өлөт деген ушу турбайбы, өлөбүз го!” дейм ичимдеги Турсунаалыга болгон таарынычымды түз айталбай.

Турсунаалы унчукпайт.

Күн уясына толук батып, көз байлана баштады. “Болору болду, боёсу канды” дедим башымды муздак сазга койгулап. Аңгыча эле “жарк!” этип күн чыккандай “барк!” этип Үсөндүн тааныш үнү угулду.

- Оо озуңа чычайындар, өлөөрүңөрдү санап жатасыңарбы! - деп эки текени эки колуна жарыштыра сүйрөп келип ортого таштады.

- Экөөң бири-бириңе ыйманыңарды айтып бүткүчө экөөңө эки теке атып келдим. Мындан ашык ырыскыны үмүт кылбагыла, – деп барк-барк сүйлөгөндө буга чейин кара башыма жыйылган кара жиним чар учкандай тарап, караңгылай түшкөн көзүм чайыттай ачылып, кашая түшкөн кара көңүлүм сүт менен жуугандай агара түштү. Үсөн мергенчи маңдайыма келип сыңар тизелеп отура калып: “Кана, мага карачы!” деп эки көзүмө тике караганда көзүнөн көзүмдү ала качпай, бул жолу жаман көрбөй жалооругансып карадым.

“Көзүң оңолуп калыптыр, колуңду чече берсем болот экен” деп эки колумду аркама кайырып бир боо тал кучактатып чымыратып чың байлаган колумдун байлоосун чечип ыргытканда, колум кол болбой эле кан-сөлү жок каткан жыгач болуп калыптыр. Шоруң каткыр Турсунаалы да менден бешбетер оңуп кетпептир. Кан жүгүрбөй калган колун өйдө-төмөн силкип жатып араң оңоду окшойт, – деп Турсунбай мергендин айтып бергени эсимде.

- Үсөн аксакал канча жашына чейин мергенчилик кылды?

- Сексен жаштан өткүчө кийиктегенине өзүм күбө болдум. Чынын айтайын, мен көргөндөн кийин да канча жыл кийиктеди, билалбай калдым.

- Ошол акыркы жолу чогуу кийиктегениңизден айтып бербейсизби...

- Анда кыргыз-казак чек арасы бөлүнбөй жалпы союздун ынтымагында чогуу-чаран жашап жаткан кезибиз. Кеминдин Жаңы-Алыш айылынын туура тушунда казак Кара-Булак деген айылда жашаган Агыбайдын уулу Аскен деген досум болор эле. Берик-Таш кыштоосунун төрүндө көп кийик жатат деп эле угам, Маке, убактың болсо бир кийиктеп барып келбейлиби деп көптөн көп жанымды койбой койгонунан бир күнү макул болуп, кыш чилдеде түнү менен жөнөп, Берик-Таштын төрүнө барып түнөдүк. Союздун учурунда малчылар үчүн атайын чыгарылган чакан таар палаткалар болор эле, ошондон бирди бөктөрүнө барып алдын-үстү кылып жамынып жатып алганбыз. Жол жүрүп чарчаганга катуу уктап калыптырбыз. Кудай бетин салбасын, бир кезде эле ач айкырык, куу сүрөөн салып, дүбүрөтүп ат минген бирөө келатат. Үнүн уккан менен өзүн көралбай, асты-үстү кылып салынып да, жамынып да алган палаткабыздын баш чыгарар ачык жерин табалбай ары бир кетип, бери бир кетип будаланып жатканыбызда: “Оо мергенчи болбой коё калгыла силер!” деп палатканын сыртынан шапалак менен тартып! тартып! жиберсе болобу! Томолонуп-жумаланып жатып эптеп палатканын ачык жагын таап чыга калсак, түлкү тумагын баса кийип, баягы тогуз койдун терисинен ашатып, өңдөтүп тиктирген сары тонун бешмантынын сыртынан калдайта кийип, ак бараң мылтыгын соройто асынып, алдындагы күрөң айгырынын ойдолото оозун тартып, карс! карс! каткырып маңдайыбызда кадимки тоодой Үсөн мерген турат.

“Оо атаңардын оозуна чычайындар десе... Мергенчи киши да ушул убакка чейин уктачу беле? Тур, тургула, кийиктер жайытына камынып калды!” деп биз менен чогуу кийиктеп келгенсип, казак досум экөөбүздү алдына салып айдап алып, оролмо тоонун төрүндөгү торпуга келдик. Айланайын, асты-үстүнүн баары эле күн чыгышка созулган аска-зоонун арасында калдык. “Мынабу, оролмо тоонун күн батышында элүү-алтымыштай эчки-теке жатат. Се-е-ен тээтиги соку таштын кежигесине, се-е-ен мынабу төмөнүрөөктөгү учкашкан таштын түбүнө отур. Кырлап барып кийиктерди мен үркүтүп айдайын. Топтошкон кийик тең жарылып, жарымы сенин астыңан, жарымы тиги досуңдун үстүнөн өтөт. Кудайым буюруп бирден атып алып калсаңар үчөөбүзгө эки кийик кенен жетет деп биздин ак-көк деп айтаар жообубузду күтпөй, күрөң айгырын алкынтып теминген боюнча алып-учуп жөнөп кетти. Үсөн аксакал жөнөп кеткенден кийин жөн олтурбай каршыбыздагы апай бетке дүрбү салып олтурсак, тушубуздагы асканын түбүндө беш-алты кийик бейкапар жуушап жатат. “Жаман шалдын сөзүнө ишенип не отурмуз, ана биздин кийик!” деп Аскен досум жанымды койбой азгырып туруп алса болобу! “Шалдын кийиги үркүп келгиче качан?! Үлгүрсөк келип калабыз, үлгүрбөсөк оногу кийиктен бирден атып алып ошондон ары жоголобуз!” деп Аскен досум асканын астындагы кийикти көздөй азгырып жөнөдү.

“Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ач калат” дегендей, асканын түбүндөгү кийиктердин туура эмес жагынан чыга калып качырып жиберип, ата-а катыгүн ай-ээ мунусунан буюрбай калды, эми тигинисинен буюрсун деп Үсөн ата көрсөткөн тосотту көздөй дикилдеп чуркадык... Таш балээнин үлгүргөнүбү, мына-мына тозотко жете берерибизде жетимиш-сексендей кийик тескей беттен күңгөй бетке дабырап ооп түшүп, так маңдайыбызга келгенде тең жарылып, жарымы мен олтурчу тозоттун асты менен, жарымы Аскен олтурчу тозоттун үстү менен чаң асманга чыгарып дуулдап өтүп кетти.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин Үсөн ата күрөң айгырып жулкунтуп жете келди. Жөн келбей бир чебичти канжыгасына бөктөрүп байлап алыптыр.

“Ии баатырлар, кана, канчасын качырбай алып калдыңар?!” - деп адатынча бак-бак сүйлөп суроо узатканда кандай жооп айтаарыбызды билбей, Аскен экөөбүз уялганыбыздан жер карадык.

“Аа баатырлар, айткан сөздү так аткарбай тиги асканын астындагы жети текеге сонуркап жөнөп кеткен экенсиңер ээ” деп күрөң айгырдын үстүнөн сөөгү каткан кызыл ээк чалдардай таманына бийигирээк таканч болгудай ташка тартпай, кырга тартпай, жүүнү бошоп, мууну бошоп, теңселип-ыргалып шалкы түшпөй, кырк, кырк бештеги жигиттей шайдоот-шамдагай минген атынан ыргып түшүп, “дагы бир айласын жасап кайрып көрөйүн” деп бир күбүрөп алды да, муздак абаны күркүрөтүп ичин көздөй терең тартып “О-о-у-уу, кайт артка!” деп адамда жок күрүлдөгөн күчтүү үн менен өнө-боюн куушуруп түйүлүп кыйкырганда, сырактап качып бараткан калың кийиктен калышпай капталдагы катар-катар асканын ар бирине “О-о-у-уу, кайт артка!”, “О-о-у-уу, кайт артка!” деген үн биринен бирине өтүп жаңырыктап качкан кийиктен алдыга ашып барып маңдайдагы кара зоонун аскасына адаттан тыш күч менен күркүрөп-шаркырап барып Үсөн атанын үнү чабылганда, калың кийиктин алдынан күн күркүрөп, жер жарылгандай жапырт жалт бурулуп үркүп, биз турган тарапты көздөй чаң ызгытып артка жөнөдү. Үсөн ата жонундагы соройгон ого эле мойну узун мылтыгын колуна алып, тартайып туруп алып үрккөн кийик туура тушуна келгенде “ба-а-аң!” эткизип басып алганда бир да кийик жыгылбай чымын-куюн болуп төмөнүрөөктөн өтүп кетти...

“Ата-а, үнүм карый түшкөн экен ээ! Мындан жашыраак кезимде аска-зоону жаңыртып кыйкырганымда качкан кийик түбүмөн өткүдөй кайырчу элем. Үнүмдүн күчү бошоңдой түшкөн экен, кийиктер алысыраактан кайрылып ок жетпегидей жерден үркүп өтпөдүбү” деп армандуу жылмайды да: “Аа балдар, Кудайымдын буйругу ушул экен, кантсе да канжыгада бир чебич бар эмеспи, кур кетпей ошону үчкө бөлөбүз” деп адатынча каалгадай кашка тишин кашкайтып “карс! карс!” күлүп койду.

- Мергенчиликте жүрүп көкүрөккө кармаган дагы кандай сырыңыз бар эле?

- Айта берсе мергенчиликте сыр көп. Ошондой сырдын бири – кокусунан эле ок жаңылбаса эчкинин улагын, эликтин чаарчыгын, аркар-кулжанын козусун атайылап атканым жок. Илгери, илгери Сары-Өзөн-Чүйдө олуя Шамен деген акылман адам жашап өткөн экен. Келген сыйлуу коногу болобу, үй-бүлөсүнүн муктаждыгы болобу, козу-улакка тийгизбей: “Булар деле жардан жарга, таштан ташка секирип ойноп жүргөн оюнкараак наристе бала да, баланы сойгонго кантип даап кол барсын” деп козу-улакты сойдурбай, көрөрүн көрүп бүттү, жашаарын жашап бүттү деп карган кой-эчки сойдурчу экен. Шамен олуянын ошол акылмандыгы мага да жагып, өмүр бою наристе жандыкка атайылап мылтык сунганым жок.

- Мергенчиликтен башка дагы кандай өнөрүңүз бар эле?

- Аа балам, айта берсе өнөр көп. Күлүк таптадым, куш күйдүм, тайган бактым, дары чөп жыйнадым.

- Куш күйгөндү кимден үйрөндүңүз эле?

- Атаман.

- Бүркүттүн балапанын кайдан алчу элеңиз?

- Бизде, бу биздин тескей Кеминде Бүркүт-Уя деген бөксө жайлоо бар. Ал жактын аска-зоосун адаттан тыш бүркүт уялайт. Мен бала кезде атам алчу эле, мен эр жеткенде атам мага үйрөтүп, мен ала баштадым.

- Балапан алуунун да сыры бардыр?

- Балапан алуунун да, күчүк тандоонун да сыры бар, балам. Атам ыраматылык бүркүттүн уясына колун салып бара жатып эле: “Бул жарабайт, бул начар, аа мына ушунусу жарайт, буюрса мунусунан кыраан чыгат” деп уянын ичинен бир балапан тандап сууруп чыгып келатканын көрүп, кимиси кандай болорун атам кантип билет болду экен деп ичимен таң калып койчумун. Кийин, кийин эр жетип калган кезимде: “Ата, уядагы балапандын кимиси кыраан, кимиси начар чыгаарын кантип билесиз?” деп суроо салсам. “– Аа балам, бүркүттүн уясына колуңду жаңыдан сойлотуп баратканда эле канаты менен каккылап, тумшугу менен чокулап ызы-чуу түшүп айбат көрсөтүп кирсе – ал балапандын начары. Ал эми бүркүт уяга колуңду салганда “былк” этип тоготуп койбой жата берген балапан – келечекте кыраан болор балапан “– деп жооп берер эле.

- Тайгандын күчүгүн кантип тандачу элеңиз?

- Тайгандын күчүгүн тандаганды Турсунбай мергенден үйрөндүм. Орловка кыштагында Борис аттуу тайган баккан орус жигит бар эле, тайганың тууса бир күчүгүн мага бер деп Турсунбай мерген Борис менен кыш чилдеде эле убадалашып коюптур.

“Малик, мамыдагы карагер айгырды мине кал да, Бористикине чаап бара кал. Баягы кара тайган тууптур, үчөө тең эркек күчүк экен, бирөөсүн тандап алып келе кал” дегенинен карагерди минип жаңы эле таскактатып жөнөп калганымда: “Ой, Малик, токтой турчу!” деп артыман кол булгап токтотуп калды. “Бу сен күчүктү кандай тандаарыңды сурабай эле таскак уруп жөнөп калдың да?! Деги кантип тандашты билесиңби?”

- Билем.

- Билсең айтчы, кана, кантип тандайсың?

- Чоңураагын, ирдүүрөөгүн тандайм да!

- Тайгандын күчүгүн антип тандабайт!

- Анан кантип?!

- Ит уяга баш баксаң экөө бири-бирине моюндашып чогуу, үчүнчүсү жалгыз жаткан болот. Жалгыз жатканын ал. Сырттан болор тайган күчүк кезинен кыңшылап караан болор түгөй издебей, жалгыз жатат.

Бористикине жетип барсам Турсунбай мерген айткандай эки күчүк моюндашып чогуу, бир күчүк алардан окчун жалгыз жаткан экен, ошол жалгыз жатканын алдым. Баралына жеткенде ал күчүк адамдай акылдуу, көк жалдай жүрөктүү, шамалдай шамдагай сырттан тайган болуп чоңойду.

- Бу биздин Кемин чөлкөмүнөн тышкары дагы кайсы жерлердеги мыкты мергенчилерден кабарыңыз бар?

- Азыркыларданбы же мурункуларданбы?

- Мурункулардан.

- Көлдүн түштүк тарабында Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак аттуу жерлерде жашап өткөн мыкты мергенчилер туурасында жаш болсо да көптү билип, көптү көргөн, куйма кулак санжырачы, манасчы Улам Ысмайыл уулунан укканым бар.

- Алар ким деген мергенчилер экен?

- Эки айылдан айтылуу жети мергенчи өтүптүр. Алардын ичинен Жанай менен Саид өзгөчө мерген экен.

- Мисалы?..

- Мисалы, Жанай мерген кийиги болобу, элиги болобу, кандай кайберен алдынан чыкпасын туура жагынан чыгып атпастан, башынан көчүгүн карай же тескерисинче көчүгүнөн башын карай атчу экен.

- Эмне үчүн?

- Ал учурда азыркыдай курал-жарак, ок-дары дегениң жайнап жатпаган кез. Ок-дары, коргошунду Кашкарга каттаган соодагерлерге пулун, малын берип жатып араң дегенде алдырышчу экен. Баамымда ок-дары, коргошун Кашкардын өзүндө да табылгыс оокат болсо керек деп ойлойм. Кайберенди туурасынан атпаган себеби, коргошун сыртка чыгып кетип табылбай калат дегени экен. Жанай мерген чынында эле жөн билги мерген экенин ушундан бил, кандай аралыкта туруп кайберенди башынан көчүгүн карай атканда моюндун же кыр арканын канчанчы муунагына барып токтоорун, көчүгүнөн башын карай атканда төштүн сүбөсүнүн кайсы жерине барып жай табарын жаңылбай билчү экен.

- Бир да жолу жаңылбаптырбы?

- Жаңылбаптыр. Жанай мерген кийин-кийин карылыкка баш берип калганда аткан кийигин тоо-ташта кызыл-жаян кылып союп олтурбай, артынганын артынып, бөктөрүнгөнүн бөктөрүп, үйүнө бүкүлү алып келип инилерине, коңшу-колоңуна сойдуруп, өзү тикийип көз албай карап турчу дейт. Ок токтогон жерге жеткенде: “Эми балам коё тур, алдагы жерди этият шала, ок токтогон жер, ок түшөт” деп оозун жыйып алгыча теринин үстүнө топ этип коргошун ок түшчү деп эскеришкенин айтат.

- Табылган коргошунду дагы канча жыл атканча жарачу экен?

- Дагы канча атканга жараганын ким билсин? Бир укканым Жанай мерген адатынча кийик атып келип инилерине сойдуруп жаткан экен. Кийиктин ичин жарып, төшүн аңтарасынан сөгүп жатканда: “Акырын, аста-аста...” деп айтып бүткүчө төштүн сүбөсүнөн топ этип тоголок коргошун ок теринин үстүнө түшөөрү менен колуна алып: “Бул отуз тогузунчусу” деп коёт дейт.

- Бир эле коргошундан отуз тогуз жолу ок жасап, отуз тогуз кийик атканын айтып жатабы?

- Ооба, ошону айтып жатат.

- Саид мергендин кандай артыкчылыгы бар экен?

- Ээ, балам, ал учурдагы мергендин баары эле көзгө атар мерген болгон, бирок Саид мерген өзгөчө көзгө атаар мерген болгон дешет.

- Көзгө атаар мерген экенин далилдеген окуясынан уктуңузбу?

- Уктум, балам, укпай анан...

Ысык-Көлдүн түзүнөн Саид мергенге бир бай жолугуп калат. Салам айтып, алик алышкандан кийин эле: “Бу сени жумурай-журттун баары эле көзгө атаар мерген деп макташканын көп угам, чынында эле көзгө атаар мерген экениңди мага бир далилдеп бербейсиңби?” деп калат. “Макул далилдеп берейин” дейт. “Кантип далилдей аласың?” дейт. Ошол маалда калың чийдин арасында анда-санда сороктоп башы эле араң көрүнгөн төө кетип бара жаткан экен, ошол төөнү көрсөтүп: “Мынабу кетип бараткан төөнүн акысын ээсине төлөп берем деп убадаңды берсең, оң көзүнө мээлеп аткан огум сол көзүнөн чыгып кеткидей кылып атып берейин дейт. Бай Саиддин койгон шартына макул болот. Саид ат үстүнөн түшпөй туруп төөнү мээлеп аткан огу оң көзүнөн кирип сол көзүнөн чыгып кетиптир...

Саид Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына чейин өмүр сүрдү дейт. “Ата-а карабайсыңбы, карысың деп аскерге албай жатканын. Согушка барып калсам жанагы кол салган немистерди бирден терип көргүлүктү көргөзбөйт белем!” деп арман кылып өткөн экен.

- Азыр шыгы бары деле, шыгы жогу деле мылтык көтөрүп мерген болуп кетти. Мурунку мергенчилер менен азыркы мергенчилердин айырмасы кайсында?

- Мурунку мергенчилер табият шык тартуулаган чыныгы мергенчилер эле. Алардын көтөргөн мылтыгы начар эле. Алар жөндөмүнө, шыгына таянчу. Азыркы мергенчилердин көбүнүн жөндөм-шыгы жок мергенчилер. Бирок көтөргөн мылтыктары мыкты. Көпчүлүгү көтөргөн мылтыгына таянат.

- Дагы кандай айырмачылыктары бар деп ойлойсуз?

- Мурдагы мергенчилер улам кийинкисине таалим-тарбия берген, өнөр-сырын үйрөткөн мураскер мергенчилер эле. Алар кийикти ченеми менен атышчу. Азыркы мергенчилердин көпчүлүгү эч кимден, эч жерден таалим-тарбия албаган “жапайы” мергенчилер. Кудайым өзү эле ынсап бербесе, колуна көтөргөн мыкты мылтыгы менен канча кийик жолукса ошонун баарын кырып жибергенге даяр...

- Сиз өзүңүз кандай мергенчи элеңиз?

- Мен канча жолу кийиктеп чыкпайын, өңүтү келип турса да бир кийиктен ашыгын аткан жокмун.

- Мергенчиликти качан таштадыңыз?

- Кырк жашыма жетип-жетпей таштадым. Аян алчу элем. Аян түш көрүп, ошондон кийин колума мылтык албай калдым...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз