Атеист жөнүндө притча

  • 07.06.2022
  • 2000

Миң жыл мурда бир боз улан чыгат. Атеист болсом дейт. Анткени ошол заманда Мойше деген атеист жөнүндө уу-дуу кептер жайылат. Мойше дегени кандай диний көсөм менен талашпасын, баарынын жаактарын жап кылчу дешет.

Боз улан ошол атеистти таап, анын шакирти болууну эңсейт. Ак эткенден так этип Мойшени издейт. Көрүнгөндөн сураштырат. Таппайт. Көп жыл өтөт, акыры сураштырып жүрүп, баягы шумдук атеист жашаган үнкүрдүн жайын билет. Үңкүрдү да таап барат. Сырттагы дабышты уккан кары кишинин үнү угулат дирилдеген:

– Караңгыда бу ким экен?

– Кечиргейсиз, Мойша-атеист сизби?

– Мен эле болсом керек, кагылайын.

– О мен узак жол басып келдим. Сизди табам деп кыйырдын баарын кыдырдым. Шакиртиңиз болсом дейм.

Карыя таңгалып карайт боз уланга:

– Шакиртимби? А эмине үйрөнөт элең менден? Же мен бир өнөр ээси болбосом, же илимпоз, же саясатчы болбосом.

– Мен сизди улуу атеист деп угамын. Мен да сиздин айткандарыңызды тыңдап, атеист болгум келет.

– Сен балам, атеистсиңби?

– Ооба, мен бир да кудайга ишенбейм. Себеби кудай жок.

– Ой, чунак десе, кызыкты айтып турганын. Библия, Куран же Апокpифти окудуң белең?

– Жок, бирок...

– Карынын кебин бөлбө, балам. Сен бир имам же, же кечил, же поп менен сүйлөшүп көрдүңбү?

– Жок.

– Ыйык жайларга зыяратка бардың бекен?

– Жок, ишенбесем эмнеге барам?

– Сен жер кезип жүргөнүңдө календерлерге кезигип, алардын турмушуна байкоо салдыңбы, сүйлөшө алдыңбы?

– Жок.

– Анда сен эч кандай атеист эмессиң, – дейт карыя.

– Анда мен киммин?

– Ким болмок элең, түркөйсүң!

Которгон Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз